Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу № 129/20-6
Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жаңы редакцияда бекитүү
жөнүндө
Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын турмуш-тиричилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө шаар тургундарынын тикелей катышуусун камсыз кылуу жана укуктук негиздерди түзүү максатында, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 24-июнундагы №10 протоколунун негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 17-мартындагы № 01-25/78 «Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө» буйругун жетекчиликке алып, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык жаңы редакцияда бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №40/12-5 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4848 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.Т.Тынайбеков |