Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
1-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды даярдоо жөнүндөгү күбөлүктөрдү берүү тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, зарыл болгон билим көлөмүн текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана даярдык жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби (мындан ары – Тартип) 1957-жылдын 30-сентябрындагы Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө Европа макулдашуусунун (мындан ары – ДОПОГ) В тиркемесинин 8.2-главасына («Транспорт каражатынын экипажын даярдоого коюлуучу талаптар») ылайык төмөнкү маселелерди аныктайт: кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды даярдоочу билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо курстарын бекитүү, мындай айдоочулардын зарыл билим деңгээлин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү, ошондой эле даярдык жөнүндө күбөлүктөрдү тариздөө, берүү жана алуу тартиби.
2. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо курстарын бекитүү жана билим берүү уюмдарын аныктоо жөнүндө чечим транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – транспорт чөйрөсүндөгү орган) тарабынан кабыл алынат жана кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын бекитүү жөнүндө күбөлүк (мындан ары – курстарды бекитүү тууралуу күбөлүк) менен таризделет.
3. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды даярдоого уруксат берилген, негизги кесиптик окутуу программаларын (жумушчу кесиптери жана кызмат орундары боюнча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программаларын) ишке ашыруучу билим берүү уюмдары (мындан ары – билим берүү уюму) жөнүндө маалымат транспорт чөйрөсүндөгү органдын расмий сайтында төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жайгаштырылат: а) даярдоо курстарынын тизмесиндеги билим берүү уюмунун каттоо номери;
б) билим берүү уюмунун аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы, билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн жери, дареги жана жайгашкан жери;
в) курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн номери жана берилген күнү; г) ишке ашырылып жаткан даярдоо курстарынын аталышы; д) курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалымат;
е) курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн күчүн жоготуу жөнүндө маалымат.
4. Билим берүү уюмдары билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензияга, квалификациялуу персоналга жана транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан бекитилген окутуу программаларына ээ болууга, ошондой эле жабдылган окуу класстарына, окуу куралдарына, көрнөк-жарнама материалдарына жана техникалык окутуу каражаттарына ээ болууга милдеттүү.
II. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын жана консультанттарын даярдоого уруксат берилген билим берүү уюмдарынын тизмесин аныктоо
5. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын жана консультанттарын даярдоого уруксат берилген билим берүү уюмдарынын тизмесин аныктоо — бул билим берүү уюмдарынын окуу процессинин сапатына жана бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарына транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан коюлган талаптарга ылайык билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тастыктоо процедурасы болуп саналат. Бул талаптар ДОПОГ талаптарына ылайык иштелип чыккан бирдиктүү программалар боюнча кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоону камтыйт.
6. Транспорт чөйрөсүндөгү орган билим берүү уюмдарынын тизмесин аныктайт.
1) Тизмени аныктоонун максаттары:
- билим берүү кызматтарынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу;
- окуу процессинин сапатына көз карандысыз эксперттик көзөмөл жүргүзүү.
2) Окуу процессин аныктоонун негизги принциптери:
- объективдүүлүк;
- компетенттүүлүк;
- ачык-айкындуулук.
3) Тизмеге киргизүүнүн милдеттүү шарттары:
- билим берүү уюмунун кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясынын болушу;
- арыз берүүчү билим берүү уюму боюнча экспертизанын оң жыйынтыгы.
7. Билим берүү уюмдарынын экспертизасы — бул алардын транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан коюлган талаптарга шайкештигин комплекстүү баалоо болуп саналат.
8. Тизмеге киргизүү билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан берилген арыздын негизинде жүргүзүлгөн экспертизанын оң жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылат. Арыз ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык берилет.
9. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү (лицензиянын тиркемеси менен кошо, анда уруксат берилген билим берүү багыттары көрсөтүлөт);
- ушул Тартиптин 2, 3, 4, 5-тиркемелеринде көсөтүлгөн формада окутулуучу курстар, материалдык-техникалык база жана педагогикалык кадрлар жөнүндө маалымат.
Документтердин көчүрмөлөрү билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилиши керек.
10. Экспертизанын максаты — билим берүү уюмунун кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо ишмердүүлүгүн бирдиктүү программалардын мазмунуна жана сапат критерийлерине ылайык сапаттуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо болуп саналат.
11. Билим берүү уюмунун экспертизасын жүргүзүү үчүн транспорт чөйрөсүндөгү органдын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы транспорт чөйрөсүндөгү органдын буйругу менен бекитилет. Экспертизаны өткөрүү мөөнөтү арыз катталган учурдан тартып эсептелет жана эки айдан ашпоого тийиш.
12. Эксперттик корутундунун долбоорун даярдоодо комиссиянын төрагасы комиссия мүчөлөрүнө берилген бардык документтер боюнча экспертиза жүргүзүүнү тапшырат. Зарыл болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн окуу уюмуна барып текшерүү жүргүзүүсү мүмкүн.
13. Экспертизанын корутундусу комиссиянын жыйынында анын жалпы курамынын кеминде 2/3 бөлүгү катышкан учурда бекитилет. Комиссиянын чечими бардык мүчөлөр тарабынан кол коюлган протокол менен таризделет. Эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү окуу уюмуна жөнөтүлөт.
Комиссия билим берүү уюмуна аккредитация берүүдөн баш тартышы мүмкүн, мында баш тартуунун себептери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Терс чечим кабыл алынган учурда билим берүү уюму баш тартуунун себептерин жойгондон кийин кайра арыз бере алат.
14. Комиссиянын оң чечими болгон учурда транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан билим берүү уюмуна кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмесине киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк берилет. Бул күбөлүк мөөнөтсүз берилет, бирок ар үч жылда бир текшерилип турат (ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык).
15. Билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары белгиленген талаптарга шайкеш келбеген фактылар аныкталган учурда, тизмеге киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк мөөнөтүнөн мурда күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн. Бул учурда билим берүү уюмуна күбөлүктү чакыртып алуу жөнүндө чечим жөнөтүлөт. Мындай учурда тизмеге кайра киргизүү үчүн арыз билим берүү уюму тарабынан күбөлүктү мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес берилет. Тизмеге киргизилген билим берүү уюмдары транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бирдиктүү программалар боюнча иш жүргүзүү укугуна ээ болушат.
III. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын бекитүү
16. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын бекитүү жөнүндө арыз (мындан ары – курстарды бекитүү жөнүндө арыз) билим берүү уюму тарабынан транспорт чөйрөсүндөгү органга берилет.
17. Курстарды бекитүү жөнүндө арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
а) транспорт чөйрөсүндөгү органдын аталышы;
б) билим берүү уюмунун толук аталышы (уюштуруучулук-укуктук формасы, билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн жери, дареги жана жайгашкан жери көрсөтүлөт);
в) сунушталган даярдоо курстары (негизги курс, цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс, 1-класстагы заттарды жана буюмдарды ташуу боюнча адистештирилген курс, 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.3-бөлүкчөсү);
г) билим берүү уюмунун жетекчисинин фамилиясы, кызматы, колу жана мөөрү.
18. Курстарды бекитүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет: а) ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча типтик программаларга ылайык иштелип чыккан кесиптик окутуу программасы (программалары), сабактардын күн тартиби жана окутуунун пландалган ыкмалары; б) билим берүү уюмунда менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыздоонун бар экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү жана (же) маалымат;
в) тиешелүү программаларды ишке ашыруу шарттарына ылайык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын тастыктаган билим берүү документтеринин көчүрмөлөрү;
г) курстар өткөрүлүүчү жайлар жөнүндө маалымат (билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө арналган жайлардын менчикте же башка мыйзамдуу негизде бар экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү); д) окутула турган адамдардын максималдуу саны жөнүндө маалымат; е) билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү.
19. Транспорт чөйрөсүндөгү орган курстарды бекитүү жөнүндө арыз катталган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде арыздын туура толтурулгандыгын, анда көрсөтүлгөн маалыматтардын жана тиркелген документтердин ишенимдүүлүгүн текшерет жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- арызда туура эмес жана (же) толук эмес маалымат болсо, аны кайтарат;
- курстарды бекитүү жөнүндөгү арызды кароого кабыл алат.
20. Ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча транспорт чөйрөсүндөгү орган арыз катталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктү берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
21. Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктү берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган транспорт чөйрөсүндөгү орган бул тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумушчу күндөн кечиктирбестен, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен билим берүү уюмун жазуу жүзүндө маалымдайт.
22. Транспорт чөйрөсүндөгү орган ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн туура эмес жана (же) толук эмес маалыматтар берилген учурда күбөлүк берүүдөн баш тартат.
23. Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- каттоо номери жана катталган күнү;
- уюштуруучулук-укуктук формасы, билим берүү жүргүзүлгөн жери, дареги жана жайгашкан жери менен билим берүү ишмердүүлүгүнүн толук аталышы;
- даярдоо курстары (базалык курс, цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс, 1-класстагы заттарды жана буюмдарды ташуу боюнча адистештирилген курс, 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс) (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.3-бөлүкчөсү).
Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүк транспорт чөйрөсүндөгү органдын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилет жана аны берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде билим берүү уюмуна берилет.
24. Транспорт чөйрөсүндөгү орган төмөнкү учурларда берилген курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн аракетин токтотот (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.6.5-пунктунун «d» пункту – бекитүү шарттары аткарылбаса, бекитүү кайтарылып алынышы мүмкүн):
- билим берүү уюмунун билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясынын күчү токтотулган (же убактылуу токтотулган) учурда;
- ДОПОГдун 8.2-главасынын программалары жана талаптары сакталбаганда;
- даярдыктан өткөндү күбөлөндүргөн документтерди тариздөө бөлүгүндө тиешелүү даярдоонун шарттары бузулган учурда.
25. Билим берүү уюмдары окутуу башталганга чейин кеминде үч жумушчу күн мурда сабактардын ырааттамасын транспорт чөйрөсүндөгү органга берүүсү керек.
26. Автомобиль транспорту жана жол чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдүн жүрүшүндө ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталган учурда транспорт чөйрөсүндөгү орган күбөлүктүн аракетин 90 күндөн ашпаган мөөнөткө токтотот. Курстарды бекитүү тууралуу күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндө чечим, транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде себептерин көрсөтүү менен билим берүү уюмуна жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.
27. Билим берүү уюму күбөлүктүн аракетин токтотуу мөөнөтү аяктаганга чейин токтотууга себеп болгон жагдайларды жойгондугу жөнүндө билдирүүнү (мындан ары - арызды) тиешелүү далил документтер менен кошо транспорт чөйрөсүндөгү органга берүүгө милдеттүү.
28. Арызды жана ага тиркелген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча транспорт чөйрөсүндөгү орган 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
а) курстарды бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин калыбына келтирүү;
б) арызды канааттандыруудан баш тартуу.
29. Курсту бекитүү жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун узартуу же арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумушчу күндүн ичинде транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан жазуу жүзундө билим берүү уюмуна жөнөтүлөт.
30. Транспорт чөйрөсүндөгү орган төмөнкү учурларда курстарды бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин токтотот:
- транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан курстарды бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндөгү биринчи чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде курсту бекитүү жөнүндө күбөлүктүн аракетин бир нече жолу токтото куруу;
- билим берүү уюмун жоюу же кайра уюштуруунун натыйжасында ишмердүүлүгүн токтотуу;
- билим берүү уюмунун арызынын негизинде.
Курсту бекитүү жөнүндөгү күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндөгү чечим транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө билим берүү уюумуна жөнөтүлөт.
31. Күбөлүк жоголгон, бузулган же уурдалган учурда анын дубликатын алуу үчүн билим берүү уюму транспорт чөйрөсүндөгү органга төмөнкү документтерди берет:
- жоголуу, бузулуу же уурдалыш жагдайлары көрсөтүлгөн арыз;
- курстарды бекитүү жөнүндөгү бузулган күбөлүк (эгер бузулган болсо).
32. Билим берүү уюму кайра уюштурулган, аталышы, жайгашкан жери же башка маалыматтары өзгөргөн учурда тиешелүү өзгөртүүлөрдү тастыктаган документтер менен кошо арыз берилет.
33. Ушул Тартиптин 31–32-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда курстарды бекитүү тууралуу күбөлүк (же анын дубликаты) арыз катталган күндөн тартып үч жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан берилет.
IV. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын зарыл билим деңгээлин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү
34. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын зарыл билим деңгээлин текшерүү үчүн экзамен өткөрүү (мындан ары – экзамен) транспорт чөйрөсүндөгү органдын чечиминин негизинде түзүлгөн комиссия (мындан ары – экзамендик комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
35. Билим берүү уюму тиешелүү даярдоо курсу аяктаганга чейин кеминде үч жумушчу күн мурда тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзамен өткөрүү убактысын, күнүн жана ордун аныктоо үчүн экзамендик комиссияны жазуу жүзүндө кагазда же электрондук документтин образында электрондук формада (реквизиттерин сактап сканирлөө жолу менен электрондук формага айланган кагаздагы документтер) маалымдайт.
Экзамендик комиссия тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзаменди ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат алынган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө өткөрүүгө тийиш.
Экзамендик комиссия тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзамендин убактысы, күнү жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө билим берүү уюмуна экзамен өткөрүлө турган күндөн кеминде 10 жумушчу күн мурда маалымдайт.
36. Экзамендик комиссия ДОПОГдун 8.2.2.3.2 – 8.2.2.3.5-пункттарында көрсөтүлгөн темалар боюнча экзамендик суроолордун тизмесин даярдайт. Сынактык суроолор ушул тизмеден тандалат. Экзаменге чейин окутуудан өткөн жана кооптуу жүктү ташуучу автотранспорт каражатынын айдоочусун даярдоо жөнүндөгү күбөлүктү алууга талапкер болгон адам (мындан ары – талапкер) тизмеден тандалган суроолордун мазмунун билбөөгө тийиш.
37. Экзамендер экзамендик комиссия тарабынан тест түрүндө (кагаз же электрондук форматта) өткөрүлөт. Талапкер берилген суроолордун кеминде 75 пайызына туура жооп берген учурда экзамен тапшырылды деп эсептелет.
38. Базалык даярдоо курсу боюнча экзамен жазуу түрүндө же айкалышкан (жазуу жана оозеки) формада өткөрүлөт. Ар бир талапкерге кеминде 50 тесттик тапшырма кеминде 90 мүнөт ичинде берилет.
39. Базалык даярдоо курсун боюнча экзаменди тапшыргандан кийин жана цистерналарда ташуу же 1-класстагы заттарды жана буюмдарды ташуу же 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курстан өткөндөн кийин талапкер тиешелүү даярдыкта экзаменди тапшырууга киргизилет.
Экзамен ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.7.1-пунктунда баяндалган жана базалык курс боюнча даярдоодо көрсөтүлгөн талаптардын негизинде өткөрүлөт. Экзамендик комиссия конкреттүү учурга жараша (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.7.2.2-пункту) ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.3.3, 8.2.2.3.4 жана 8.2.2.3.5-пункттарында кыскача баяндалган темалар боюнча экзамендик суроолордун тизмесин даярдайт.
Даярдоонун адистештирилген курсу боюнча экзамен өткөрүлгөндө кеминде 15 жазуу суроо берилип, экзамендин узактыгы кеминде 30 мүнөттү түзөт.
40. Экзаменди биринчи жолкусунда тапшыра албаган талапкер экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып 2 айдын ичинде кайра окутуудан өтпөстөн экзаменди кайра тапшыра алат, бирок катары менен 3 жолудан ашпоого тийиш. Бул үчүн ал экзамендик комиссияга жазуу жүзүндө (кагаз же электрондук формада) кайра тапшыруу жөнүндө арыз берет. Кайра экзамен өткөрүү күнү экзамендик комиссия тарабынан аныкталып, талапкерге жазуу жүзүндө (кагаз же электрондук формада) билдирилет. Эгер талапкер экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин экзаменди тапшыра албаса, ал кайрадан билим берүү уюмунда окутуудан өтүүгө милдеттүү.
V. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жөнүндө күбөлүктү тариздөө, берүү жана алуу
41. Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражатынын айдоочусун даярдоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары – айдоочуну даярдоо жөнундөгү күбөлүк) талапкер экзаменди ийгиликтүү тапшырган учурда жана күбөлүк алуу жөнүндө арыз болгон шартта билим берүү уюму тарабынан берилет.
Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүк төлөмдү тастыктаган документ берилген үндөн тартып үч жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө берилет.
42. Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүк мамлекеттик жана англис тилдеринде таризделет жана ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык үлгүгө туура келүүгө тийиш.
43. Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү тиешелүү даярдоо курсу боюнча экзамен тапшырылган күндөн тартып беш жылды түзөт (ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.8.2-пункту).
Айдоочуну даярдоо жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу (жаңы күбөлүк алуу), ДОПОГдун 8.2.2.8-бөлүмүндө көрсөтүлгөн учурларда күбөлүктү алмаштыруу, ошондой эле ээси жөнүндө жеке маалыматтар өзгөргөн учурда, мурда берилген күбөлүк жоголгон, уурдалган же бузулган (эскирген) учурда дубликатын берүү — ушул Тартипте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
44. Күбөлүк ДОПОГдун 8.2.2.8.5-пунктунда көрсөтүлгөн үлгүгө ылайык келүүгө тийиш. Анын өлчөмү ISO 7810:2003 ID-1 стандартына туура келиши жана пластиктен жасалышы керек. Түсү ак, шрифти кара болушу зарыл.
Күбөлүктө кошумча коргоо элементтери колдонулат, мисалы: голограмма, ультракызгылт көк жарыкта гана көрүнгөн сүрөт, гильоширдик үлгү, ошондой эле анын аныктыгын жана электрондук маалымат базасындагы тийиштүү жазууга жеткиликтүүлүгүн текшерүү үчүн QR-код жайгаштырылат.
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 1-тиркеме
Форма
АРЫЗ
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмесине киргизүү үчүн окуу жайы тарабынан берилүүчү арыз
(уставга ылайык билим берүү уюмунун толук аталышы, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, телефону, факсы, реквизиттери)
____________________________________________________________ (транспорт чөйрөсүндөгү органдын аталышы)
тарабынан бекитилген бирдиктүү программалар боюнча эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга арналган кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу окуу уюмдарынын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.
Тиркемелер: ____________________________________________________________ (тиркелген бардык документтерди тизмелөө)
Билим берүү уюмунун жетекчиси ______________ ______________
(колу) (аты-жөнү)
«_______» ___________________ 20__ ж.
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 2-тиркеме
Форма
Окутулуп жаткан курстар жана окуучулардын курамы жөнүндө маалымат
№ | Окуучулардын категориясы | Окутулуучу курс: аталышы, сааттардын саны | Ар бир көрсөтүлгөн курстун программасы боюнча орто эсеп менен бир жылда канча адам окутулат | Окутуу аяктагандан кийин кандай документ берилет (документтин үлгүсү тиркелсин)
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 3-тиркеме
Форма
Окуу уюмунун материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымат
№ № | Курулманын тиби, кабаттуулугу, иш жүзүндөгү дареги | Ээлик кылуу формасы (менчик укугу, ижара ж.б.) | Курулган жылы | Жалпы аянты | Көрсөтүлгөн даярдоо багыттары боюнча окуу процессинде колдонулуучу окуу бөлмөлөрү (аянты, аудиториянын тиби) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 4-тиркеме
Форма
Колдонулуп жаткан окуу-лабораториялык база жана окуу
процессинин техникалык жабдылышы жөнүндө маалымат
№№ | Колдонулуп жаткан окуу-лабораториялык база | Техникалык каражаттын түрү | Техникалык каражаттын тиби, маркасы, модели | Техникалык каражаттын чыгарылган жылы | Ээлик кылуу формасы (менчик укугу, ижара ж.б.) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 5-тиркеме
Форма
Окуу процессин камсыз кылуучу педагогикалык кадрлар жөнүндө маалымат
№№ | ААты-жөнү | Окулуучукурс | Кызмат орду | Билими (адистигин көрсөтүү) | Илимий даражасы, наамы | Иш стажы, педагогикалык стажы | Көрсөтүлгөн курсту канча убакыттан бери окутат |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 6-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмесине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү
Форма
(транспорт чөйрөсүндөгү органдын аталышы)
КҮБӨЛҮК № ___ Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча айдоочуларды жана консультанттарды даярдоо боюнча кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын Тизмесине киргизилгендиги жөнүндө
(билим берүү уюмунун аталышы)
(юридикалык дареги)
(иш жүзүндөгү дареги)
Жетекчи ________________ _________________
(колу) (аты-жөнү)
М.О. (мөөр) Дата
Кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт
каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча
билим берүү уюмдарын аныктоо, даярдоо
курстарын бекитүү, зарыл болгон билимин
текшерүү үчүн экзамен өткөрүү жана айдоочуларды
даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
тартибине 7-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн даярдык жөнүндө күбөлүк үлгүсү Алдыңкы бети
Оо
* Текстти тиешелүү маалыматтар менен алмаштыруу.
Арткы бети
999.
9. Классты же БУУнун (ООН) номери(лерин) көрсөтүү*
10. Классты же БУУнун (ООН) номери(лерин) көрсөтүү*