Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2025-жылдын 27-февралындагы №24
Атай айыл өкмөтүнүн 24.02.2025-жылдагы № 01-12/488 сандуу чыгыш катын кароо (турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын өлчөмү) жөнүндө
025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 24.02.2025-жылдагы №01-12/488 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, салык кодексинин 379-беренесинин турак жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмү бир чарчы метрге 8 (сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Архитектура, курулуш, жол жана транспорт” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эрмек уулу Абайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|