Загрузка документа…
| Токмок шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 03-июлундагы №129/20-6 токтомуна тиркеме |
ТОКМОК ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТЫНЫН
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
2. Негизги түшүнүктөр
3. Токмок шаарынын территориясы
4. Жергиликтүү жамаат
5. Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүк
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
11. Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
13. Демилгелүү топтун иши
14. Элдик жыйын (чогулуш)
15. Коомдук угуулар
16. Токмок шаарында ички жашоо-тиричиликтин жана коомдук тартиптин эрежелери
17. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
18. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
19. Муниципалдык менчик жана Жергиликтүү бюджет
20. Сыйлоо чаралары
21. Уставды кабыл алуу, каттоо жана өзгөртүү тартиби
Биз, Токмок шаарынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, Токмок шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып, жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1. Жалпы жоболор
1.1. Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешининин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2.Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Токмок шаарынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат - Токмок шаарынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси - жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана Токмок шаардык кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө - жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Токмок шаарынын территориясы
3.1. Токмок шаарынын административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Токмок шаарынын территориясы административдик-аймактык түзүлүшүнө ылайык, шаардын курамындагы бардык кичи райондорду (жаңы конуштарды, өнөр жай аймактарын) өзүнө камтыйт.
4. Жергиликтүү жамаат
4.1. Жергиликтүү жамаатты Токмок шаарында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат эл аралык, республикалык бирликтерге жана ассоциацияларга киргенге укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат, улуттук, тарыхый, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, Токмок шаардык кеңешинин чечими менен бекитилген расмий символдорду (герб, туу) белгилөө укугуна ээ.
5. Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүк
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте Токмок шаарында каттоодон өткөн жаран жергиликтүү жамааттын мүчөсү деп эсептелет.
5.2. Жаран туруктуу же көпчүлүк убакта Токмок шаарында жашаса, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү жамааттын укуктарынан пайдалана алышат.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1. Укуктары:
-Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
-Демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, шаардын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
-Мамлекеттик жана кызматтык сырлардан башка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар менен кайрылуу жана маалымат алуу;
-Коомдук иш-чараларга, шаардык жыйындарга, коомдук угууларга, Токмок шаардык кеңешинин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышуу;
-Жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
-Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда жарандардын укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Милдеттери:
-КР Конституциясын, мыйзамдарын жана ушул Уставды сактоо;
-Башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо, дискриминацияга жол бербөө, этникалык жана социалдык конфликттерди алдын алуу;
-Жаратылышты, айлана-чөйрөнү жана муниципалдык менчикти коргоо;
-Шаардык санитардык эрежелерди, коомдук жайлар боюнча эрежелерди так сактоо;
-Мыйзамдын чегинде белгиленген жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды кечиктирбей өз убагында төлөө;
-Шаарды тазалоого, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталган коомдук пайдалуу жумуштарга (ишембиликтерге, ашарларга) катышуу;
-Шаар аймагында мал, үй жаныбарларын кармоодо санитардык-ветеринардык жоболорду так сактоо;
-Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын ысырапкорчулуксуз, жамаат кабыл алган жоболорго ылайык өткөрүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү КР Конституциясында белгиленген.
7.2. Токмок шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү орган (Токмок шаардык кеңеши) жана аткаруу органы (Токмок шаарынын мэриясы) аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Токмок шаардык кеңеши жана Токмок шаарынын мэриясы өз ишин КР Конституциясынын, мыйзамдарынын жана ушул Уставдын негизинде жалпы шаар калкынын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жылына бир жолудан кем эмес Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын алдында отчет берип турушат.
8.3. Токмок шаарынын мэриясы маанилүү шаардык маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында коомдук угууларды өткөрүп, жамааттын пикирин сурап билүүгө милдеттүү.
8.4. Токмок шаардык кеңеши өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга катышуусуна шарт түзүүгө милдеттүү.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер - бул Токмок шаарынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, шаардык коомчулуктун коммуналдык, социалдык жана маданий муктаждыктарын камсыз кылуу маселелери.
9.2. Токмок шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши өзүнүн географиялык, өнөр жайлык, маданий жана көп улуттуу өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу КР мыйзамдарына каршы келбеген кошумча жергиликтүү маанидеги маселелерди ушул Уставдын алкагында чече алат.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү шаарды өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештерин жана башка коомдук уюмдарды (мисалы, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын - АКОБ/ТОС) түзүүгө укуктуу.
11. Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
11.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү маанилүү шаардык маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2. Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган маселелерди чечүү үчүн төмөнкү тикелей эрк билдирүү формалары колдонулат:
-Кварталдык, кичи райондук жыйындар (чогулуштар);
-Шаардык коомдук угуулар.
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1. Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Токмок шаардык кеңешинин токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ.
12.2. Эскертүү: "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КР Мыйзамына жана ушул Уставга ылайык, калкынын санына байланыштуу Токмок шаарында жергиликтүү ченем жаратуу демилгесин ишке ашыруу үчүн кеминде 1000 жарандын колу талап кылынат.
13. Демилгелүү топтун иши
13.1. Токмок шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун демилгелөө үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топ түзүлөт. Шаарда туруктуу жашаган, 18 жашка толгон жарандар топтун мүчөсү боло алат.
13.2. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
-Демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
-Токтомдун долбоорунун тексти (электрондук версиясы менен);
-Маалымкат-негиздеме;
-Белгиленген тартиптеги кол коюу барактары (кеминде 1000 шаар тургунунун колу).
13.3. Бул долбоор Токмок шаардык кеңешинин жакынкы өтө турган туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында демилгечи топтун катышуусу менен милдеттүү түрдө каралат.
14. Элдик жыйын (чогулуш)
14.1. Элдик жыйын Токмок шаарынын бир көчөнүн, кварталдын же кичи райондун жашоочуларынын катышуусу менен ачык-айкын өткөрүлөт.
14.2. Жыйындар шаардын мэри, шаардык кеңештин депутаттары же жарандардын өздөрүнүн демилгеси менен жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жолугушуу тууралуу калкка кеминде 5 күн мурда маалымдалат.
15. Коомдук угуулар
15.1. Коомдук угуулар - шаардык маанидеги маанилүү маселелер боюнча калктын пикирин угуу максатында өткөрүлүүчү ачык талкуу.
15.2. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлөт:
-Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү жана анын аткарылышы;
-Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлору;
-Муниципалдык менчикти башкаруу жана коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү.
15.3. Токмок шаарынын мэриясы коомдук угуунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка расмий маалымат берет.
16. Токмок шаарында ички жашоо-тиричиликтин жана коомдук
тартиптин эрежелери
16.1. Жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүү: Токмок шаарынын жолдору, сейил бактары, скверлери, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы, подъезддери коомдук аймак болуп саналат. Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат жана тазалыгын сактоого шаар тургундары мэрия менен биргеликте жооптуу.
16.2. Сугат жана ичүүчү сууну пайдалануу: Токмок шаарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо келишимдин негизинде Токмок "Сууканал" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Шаар тургундары суу эсептегичтерди (водомер) орнотууга жана акысын өз убагында төлөөгө милдеттүү. Ичүүчү сууну максатсыз (огород сугаруу, унаа жууш) пайдаланууга тыюу салынат.
16.3. Үй жаныбарларын кармоо эрежелери: Шаар аймагында мал, ит-мышыктарды ветеринардык каттоодон өткөрүү милдеттүү. Иттерди коомдук жайларда тумшук капсыз жана жипке байлабай бош кое берүүгө, ошондой эле малдарды шаар ичиндеги сейил бактарда, көчөлөрдө кароосуз багууга катуу тыюу салынат.
16.4. Коомдук тартипти сактоо: Шаарда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Токмок шаардык ички иштер бөлүмү (ШИИБ) менен биргеликте ыктыярдуу элдик дружиналар (ЭД) түзүлөт. Шаар аймагында саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак үйлөрдө жана коомдук жайларда ызы-чуу салууга, тынчтыкты бузууга тыюу салынат.
16.5. Маданий иш-чаралар: Жылына бир жолу Токмок шаарынын күнү жалпы жамаат менен салтанаттуу белгиленет.
16.6. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу зыйнаттарын өткөрүү: Токмок шаарында кыз узатуу, үйлөнүү тою, мааракелер жана маркумду акыркы сапарга узатуу (аш, кыркылык ж.б.) иш-чаралары КР Мыйзамдарын жана КР Президентинин Жарлыктарын жетекчиликке алып, ашыкча ысырапкорчулуксуз, союлуучу малдын жана чакырылган коноктордун санын так чектөө менен өткөрүлөт.
16.7. Пикир келишпестиктерди чечүү: Шаар ичиндеги коомдук же аймактык чыр-чатактарды кароо үчүн шаардык кеңеш, мэрия, Аксакалдар соту жана аялдар кеңешинин өкүлдөрүнөн турган "Калыс топтор" түзүлүшү мүмкүн.
17. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
17.1. Шаар тургундарынын, демөөрчүлөрдүн жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын эсебинен шаарды өнүктүрүү жана кайрымдуулук иштерин каржылоо үчүн "Коомдук фонд" түзүлүшү мүмкүн. Бул фонд мыйзамга ылайык мамлекеттик каттоодон өтүп, каражаттар шаардык маанилүү долбоорлорго (Бизнес-инкубаторлор, жашылдандыруу ж.б.) гана жумшалат.
18. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
18.1. Токмок шаардык кеңеши муниципалдык кызматтардын сапатын жана бюджеттин коротулушун көзөмөлдөө үчүн курамына депутаттар, жарандык коом жана демилгелүү топтор кирген жумушчу топторду бекитет. Жумушчу топтун текшерүү жыйынтыктары калкка ачык жарыяланат.
19. Муниципалдык менчик жана Жергиликтүү бюджет
19.1. Муниципалдык менчик: Токмок шаарынын мэриясынын карамагында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр шаардын менчиги болуп саналат. Объекттердин реестри ачык жүргүзүлүп, жарандарга жеткиликтүү болот.
19.2. Жергиликтүү бюджет: Жергиликтүү бюджет Токмок шаардык кеңеши тарабынан бекитилет жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан аткарылат. Бюджеттин долбоору коомдук угууда талкууланып, кабыл алынган соң расмий түрдө ЖМКларга жарыяланат.
20. Сыйлоо чаралары
20.1. Уставдын талаптарын үлгүлүү аткарган, шаардын өнүгүшүнө жана кайрымдуулук иштерине өзгөчө салым кошкон жарандарга төмөнкү сыйлыктар берилет:
-Алкыш жарыялоо, Ардак грамоталар жана баалуу белектер;
-"Үлгүлүү үй", "Үлгүлүү көчө", "Мыкты үй-бүлө" наамдары;
-Шаардын эң жогорку наамы - "Токмок шаарынын Ардактуу атуулу" наамы берилет жана ысымы Ардак китепчесине киргизилет.
21. Уставды кабыл алуу, каттоо жана өзгөртүү тартиби
21.1. Устав шаардык жыйындарда же коомдук угууларда талкуулангандан кийин Токмок шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат (бекитилет).
21.2. Бекитилген Устав расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн жөнөтүлөт.
Жооптуу катчы | Ч.Ж.Муталипова |