Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 3-июлу № 2
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жободо:
1) 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. Бухгалтердик эсепти комплекстүү автоматташтыруу шарттарында автоматташтырылган системанын базасында жок болгон баштапкы эсеп документтери сканерленип, “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары - “ББЭ” АМС) киргизилет.
“ББЭ” АМСте синтетикалык жана аналитикалык эсептин регистрлерин түзүү үчүн баштапкы эсеп документтеринин маалыматтары колдонулат.
Мында, документтердин чыгуу формаларындагы (мемориалдык ордерлер, карточкалар, ведомосттор, башкы китеп, отчет ж.б.) көрсөткүчтөрдүн мазмуну баштапкы эсеп документтери жана бухгалтердик эсептин регистрлери үчүн ушул Жободо каралган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.”;
2) 110-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“110. Кызматкерди кызматтык иш сапарга жөнөтүүдө транспорт, мейманкана жана сутка чыгымдары үчүн акчалай аванс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы №778 “Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө” токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык берилет.”;
3) 247-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“247. Запастарга карата чыгымдарды таануу алардын сатып алуу баасы боюнча жүргүзүлөт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.
Министрдин м.а. |
| Т.Айдарбек уулу |