Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу № 130/20-6
Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 120/19-6 “1,04 га жер
тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик
борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-июнундагы №1-13/3509 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 24-июнундагы №25 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги №120/19-6 “Токмок шаары, 3-кичирайонунун, Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 1,04 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
-«Токмок шаары, Фрунзе көчөсү, 3-кичи райондо жайгашкан аянты 1,04 га болгон жер тилкеси Токмок шаарынын муниципалдык менчигине бекитүүгө жана андан кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго мөөнөттсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин».
2.Бул токтом Токмок шаардык кеӊешинин сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4853 расмий сайтында жарыяланды
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |