Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
2-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү берүү тууралуу
тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана экзамен өткөрүү тартиби (мындан ары – Тартип) 1957-жылдын 30-сентябрындагы Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль транспорту менен ташуу жөнүндө Европа макулдашуусунун (мындан ары – ДОПОГ) А тиркемесинин 1.8.3-бөлүмүн («Коопсуздук маселелери боюнча консультант») ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү алуу үчүн экзаменди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле аларды тариздөө, берүү жана алуу маселелерин аныктайт.
2. Экзамен консультанттыкка талапкердин билиминин сапатын текшерүү жана баалоо, аны практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу жөндөмүн, чыгармачыл ой жүгүртүүсүнүн деңгээлин жана консультант кызматтык милдеттеринин алкагындагы практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү деңгээлин аныктоо максатында уюштурулат.
II. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн экзаменди уюштуруу жана өткөрүү
3. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн консультанттыкка талапкер транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан бекитилген программалардын бирине ылайык окутуудан өтүп, экзаменди ийгиликтүү тапшырууга тийиш.
4. Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды даярдоо программасы боюнча окутуу квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайрадан даярдоо боюнча кошумча кесиптик программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Даярдоонун негизги максаты – талапкерге ДОПОГдун 1.8.3-бөлүмүнө ылайык консультанттарга коюлуучу талаптар, ошондой эле автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар боюнча билим берүү болуп саналат.
6. Консультанттардын билимин текшерүү үчүн экзамен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – транспорт чөйрөсүндөгү орган) чечиминин негизинде түзүлгөн комиссия (мындан ары – экзамендик комиссия) тарабынан уюштурулат.
Билим берүү уюму тиешелүү даярдоо курсу аяктаганга чейин кеминде беш жумушчу күн мурда экзамендик комиссияны талапкерлердин билимин текшерүү жана баалоо убактысын, күнүн жана ордун аныктоо үчүн маалымдайт.
Экзамен комиссияга маалымат түшкөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө өткөрүлөт. Экзамендик комиссия экзамендин убактысы, күнү жана орду тууралуу билим берүү уюмун кеминде 10 жумушчу күн мурда кабарлайт.
Ошол эле учурда билим берүү уюму экзамендик комиссияга экзамен тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жана ар бир талапкер боюнча экзамендик баракчаны ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык төмөнкү маалыматтар менен жөнөтөт:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- туулган жылы;
- билими тууралуу маалымат;
- кызмат орду жана уюмдун аталышы.
7. Экзамендик комиссия:
- экзамендик тапшырмаларды даярдайт;
- консультанттыкка талапкерлерге экзамен өткөрүү тартибин түшүндүрөт;
- экзаменди өткөрөт жана жыйынтыгын чыгарат;
- экзамендин жыйынтыктарын карап чыгып, талапкерлерди экзамендин жыйынтыгы жөнүндө кабардар кылат.
8. Консультанттыкка талапкер экзаменге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту же башка инсандыгын тастыктаган документ, ошондой эле консультанттарды даярдоо программасы боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документ менен гана киргизилет.
Паспорт же башка документти көрсөтпөгөн, же экзамен башталышына кечигип келген, же окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документти көрсөтпөгөн консультанттыкка талапкер экзаменге киргизилбейт.
9. Экзамен экзамендик комиссия тарабынан тесттик жана практикалык тапшырмалар түрүндө өткөрүлөт жана ДОПОГдун 1.8.3.12-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
10. Тесттик жана практикалык тапшырмалар экзамендик комиссия тарабынан даярдалат жана бекитилет.
11. Экзамен талапкер суроолордун кеминде 75 пайызын туура жооп берген жана практикалык тапшырманы ката кетирбей аткарган учурда тапшырылды деп эсептелет.
12. Ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык экзамендин жыйынтыгы боюнча экзамендик комиссия экзамендик комиссиянын отурумунун протоколун түзөт, ошондой эле ар бир талапкер үчүн экзамендик баракча толтурулат. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кошумча берилген суроолор;
- комиссия мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштары;
- экзамендин жыйынтыгы.
13. Экзаменди тапшыра албаган консультанттыкка талапкер экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып эки ай ичинде кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды даярдоо программасы боюнча кайра окутуудан өтпөстөн экзаменди кайра тапшыра алат, бирок үч жолудан ашпоого тийиш. Бул үчүн ал экзамендик комиссияга кайра тапшыруу жөнүндө арыз берет.
Экзаменди кайра тапшыруу күнү жана убактысы экзамендик комиссия тарабынан аныкталып, талапкерге билдирилет.
Эки ай өткөндөн кийин экзаменди тапшыра албаса, консультанттыкка талапкер кайрадан билим берүү уюмунда кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча окутуудан өтүүгө милдеттүү.
III. Консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүктөрдү тариздөө, берүү жана алуу
14. Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары – күбөлүк) талапкер экзаменди ийгиликтүү тапшырган жана күбөлүк алуу жөнүндө арыз берген учурда транспорт чөйрөсүндөгү орган тарабынан берилет.
Күбөлүк аны берүү үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгү тастыкталган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет.
Арыз ээси өз демилгеси менен күбөлүк үчүн төлөмдү тастыктаган документтерди бере алат.
Ушул Тартиптин 4, 5, 6-тиркемелерине ылайык күбөлүк мамлекеттик жана/же расмий жана/же англис тилдеринде таризделет, билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилет.
Күбөлүк ДОПОГдун 1.8.3.18-пунктунда көрсөтүлгөн үлгүгө ылайык келүүгө тийиш.
Күбөлүктүн бланктары атайын жасалма жасоодон коргоочу элементтер менен басмакана ыкмасы аркылуу даярдалат жана ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2.2.8.3-пунктунун талаптарына жооп берген корголгон полиграфиялык продукция болуп эсептелет.
15. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү беш жылды түзөт. Эгерде күбөлүктүн ээси мөөнөтү аяктаганга чейинки бир жыл ичинде ДОПОГдун А тиркемесинин 1.8.3.16.1-пунктуна ылайык экзаменди ийгиликтүү тапшырса, күбөлүктүн мөөнөтү ар бир жолу анын мөөнөтү аяктаган күндөн тартып дагы беш жылга узартылат.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
1 - тиркеме
Сунушталган үлгү
Экзамендик баракча
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты ___________________________
2. Туулган жылы_________________________________________
3. Билими жөнүндө маалымат_______________________________
4. Кызмат орду жана уюмдун аталышы_______________________
5. Экзамен тапшыруучуга берилген кошумча суроолор:_________
___________________________________________________________
___________________________________________________________
___________________________________________________________
6. Экзамендик комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштар: _____________________________________
___________________________________________________________
7. Экзамендин жыйынтыгы________________________________
Комиссиянын төрагасы (колу)
Комиссия мүчөлөрү (колу)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
2 – тиркеме
Сунушталган үлгү
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттыкка талапкерлердин билим деңгээлин текшерүү жана баалоо үчүн экзамендик комиссиянын жыйынынын
№ ___ ПРОТОКОЛУ
«______» __________________ 202 __ ж.
______________ ж. № ____ буйрук менен дайындалган экзамендик комиссияын курамы төмөнкүчө:
Комиссиянын төрагасы
Комиссия мүчөлөрү
Төмөнкү угуучулардын билим деңгээлин текшерүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча:
№ п/п | Аты-жөнү | Экзамендин жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Экзамендик комиссиянын оң чечимин алган талапкерлер Кооптуу жүктөрду эл аралык жол менен ташуу жөнүндөгү Европа макулдашуусунун (ДОПОГ) жоболоруна ылайык кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультант катары иш алып баруу үчүн зарыл болгон теориялык билимдерге жана практикалык тажрыйбага ээ.
Комиссиянын төрагасы ____________________ (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү _______________________ (колу)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
3 – тиркеме
Сунушталган үлгү
______________________________ га (билим берүү уюму көрсөтүлсүн)
Каттоо номери (билим берүү уюму тарабынан толтурулат)
Катталган күнү (билим берүү уюму тарабынан толтурулат)
АРЫЗ
Мага кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультантты кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүк берүүнү өтүнөм.
Фамилиясы ___________________________________________ (басма тамгалар менен, атаган жөндөмдө толтурулат)
Аты _________________________________________________ (басма тамгалар менен, атаган жөндөмдө толтурулат)
Атасынын аты (бар болсо) ______________________________ (басма тамгалар менен, атаган жөндөмдө толтурулат)
Туулган күнү: күн _____ ай __________ жыл ____________
Туулган жери ________________________________________
Жеке инсандыгын тастыктаган документ: № ___ серия ___ берилген күнү ____________
Ким тарабынан берилген: ______________________________
Жашаган жери: шаар _____ көчө ____ үй _____ батир ___
Телефон (уюлдук): ___________________________________
Кызматы _____________________________________________
Экзамен ийгиликтүү тапшырылган күнү: «____» __________ 202 _ ж.
Ушул арыз менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамы менен күчүнө киргизилген Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык, мен өзүмдүн жеке маалыматтарымды (фамилиямды, атымды, атамдын атын, туулган күнүмдү, жашаган жеримдин дарегин, үй жана уюлдук телефон номерлеримди, жеке колумду, электрондук кол тамгамды) иштетүүгө макулдугумду берем.
«___» ______________ 202__ ж. _________________ (колу)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
4 – тиркеме
Күбөлүктүн үлгүсү
ТАШУУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАНТТЫ ДАЯРДОО ЖӨНҮНДӨ
КҮБӨЛҮК № ___
KG
(Аты-жөнү)
(Туулган күнү жана туулган жери)
(Жарандыгы)
________________________
(ээсинин колу)
Кооптуу жүктөрдү ташыган ишканаларга, ошондлй эле мындай ташууларга байланышкан жүк ташууну, таңгактоону, толтурууну/, жүктөөнү же түшүрүүнү ишке ашырган ишканалар үчүн ________________
чейин жарактуу:
автомобиль жолдору менен темир жол менен ички суу жолдору менен
Берилген ______________________________________
Датасы: _________________________ Колу_________________________
МО
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
5 – тиркеме
Күбөлүктүн үлгүсү
КҮБӨЛҮК № ___
КООПТУУ ЖҮКТӨРДҮ ТАШУУНУН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАНТТЫ ДАЯРДОО ЖӨНҮНДӨ
KG
(Фамилиясы, аты, атасынын аты)
(Туулган күнү жана жери)
(Жарандыгы)
________________________ (ээси колу)
____________________ чейин жарактуу, кооптуу жүктөрдү ташыган ишканалар үчүн, ошондой эле мындай ташууларга байланыштуу жөнөтүү, таңгактоо, толтуруу, жүктөө же түшүрүү иштерин жүргүзгөн ишканалар үчүн:
автомобиль жолдору боюнча темир жолдор боюнча ички суу жолдору боюнча
Берилди (ким тарабынан) ________________________________
Дата: ________________________ Колу ____________________
М.О. (мөөр)
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту
менен ташуунун коопсуздугу маселелери
боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо
боюнча экзамен өткөрүү жана күбөлүктөрдү
берүү тууралуу тартибине
6 – тиркеме
Күбөлүктүн үлгүсү
СERTIFICATE № ___
ON TRAINING OF A CONSULTANT ON TRANSPORTATION SAFETY ISSUES
KG
(Surname, Name)
(Date and place of birth)
(Citizenship)
________________________
(owner's signature)
Valid until ____________________ for companies transporting dangerous goods, as well companies engaged in shipping, packaging, filling/loading or unloading related to such transportation:
by road, by rail, by inland waterways
Issued by ______________________________________
Date: _________________________ Signature _________________________
Stamp