Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-июлундагы № 256
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жөнүндө жободо:
– 13-пункттун биринчи абзацында «15» деген цифралар «17» деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 270 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын
курамы
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кеңешме органдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, кеңешме органдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору;
Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Ч. Айтматов атындагы Адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Жекече (макулдашуу боюнча):
Курбанов Райымжан Рахманович | – | «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому» коомдук бирикмесинин президенти;
|
Касаболотов Жыргалбек Асекович
| – | журналист, коомдук ишмер; |
Станалиева Гүлзада Мыктыбековна | – | филология илимдеринин кандидаты, доцент;
|
Кайыпов Сулайман Турдуевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун башкы илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор;
|
Сааданбеков Чоробек | – | «Биздин мурас» коомдук фондунун директору;
|
Маразыков Турусбек Сейдакматович | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору;
|
Кенжебаев Даирбек Орунбекович | – | филология илимдеринин доктору. |
Эскертүү:
Кеңешме органдын курамына киргизилүүчү министрдин орун басары ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык аныкталат.».