Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
3-тиркеме
Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун типтик кошумча кесиптик
программасы
I. Жалпы жоболор
1.1. Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу боюнча типтик кошумча кесиптик программа (мындан ары – типтик программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 «Кыргыз Республикасынын 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында кабыл алынган Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль транспорту менен ташуу жөнүндө макулдашууга (ДОПОГ) кошулуусу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Окутуу билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү уюм тарабынан типтик программанын негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы (мындан ары – Программа) боюнча жүргүзүлөт.
1.3. Программаны ишке ашыруунун максаты – угуучуларга эл аралык каттамда кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультант (мындан ары – консультант) квалификациясын алуу үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү.
1.4. Угуучуларга керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү берүү үчүн бул типтик программа билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүүнү, ал эми алынган билимдерди текшерүү үчүн предметтер боюнча аралык аттестацияларды жүргүзүүнү карайт. Окутуунун жыйынтыктоочу этабы – жыйынтык аттестациядан өтүү болуп саналат.
1.5. Угуучулардын окуу мөөнөтү, ошондой эле окуу курсунун бөлүмдөрүнүн (ДОПОГ терминологиясына ылайык – темалардын тизмеси) консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун окуу-тематикалык планы менен аныкталат.
1.6. Бул типтик программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана кырсык же авария болгон учурда аткарыла турган башка аракеттерди камтыйт.
1.7. Баштапкы окутуу курсунан өтүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар кабыл алынат:
- жогорку билими бар, бирок адистиктердин жана даярдоо багыттарынын ири топторуна кирбеген адистиктер боюнча;
- орто звенонун адистерин даярдоо программалары боюнча орто кесиптик билими бар тиешелүү адистиктердин ири тобуна кирген жана автомобиль транспортунда ташууларды уюштуруу жана башкаруу боюнча кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар.
II. Консультанттарды кесиптик кайра даярдоонун окуу-тематикалык планы
№ | Окуу курсунун бөлүмдөрү (темалары) | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
лекциялар | практикалык сабактар | |||
| «Жүк ташуучу автомобиль транспортун эксплуатациялоо» тартиби | 170 | 140 | 30 |
1 1 | Транспорт системасында автотранспорт комплексинин жалпы мүнөздөмөсү | 4 | 4 | - |
22 | Жол-транспорт инфраструктурасы | 4 | 4 | - |
33 | Жүк ташуучу автомобиль ташуулары | 30 | 24 | 6 |
44 | Жүктөрдү эл аралык ташуу | 6 | 6 | - |
55 | Жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологиялар | 15 | 15 | - |
66 | Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу | 10 | 8 | 2 |
77 | Автомобилдерди техникалык пайдалануу | 28 | 24 | 4 |
88 | Күйүүчү-майлоочу материалдар жана айлана-чөйрөнү коргоо | 8 | 6 | 2 |
99 | Автотранспорт ишмердүүлүгүн башкаруу | 20 | 16 | 4 |
110 | Жүк ташуучу автомобиль транспортунда эмгек ресурстары | 6 | 4 | 2 |
11 | Автотранспорт уюмунун (ишкана) экономикалык көрсөткүчтөрү | 20 | 16 | 4 |
112 | Жарандык жана салык мыйзамдары | 15 | 13 | 2 |
1 | Тартип боюнча аралык аттестация | 4 | - | 4 |
1 | «Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу» тартиби | 78 | 50 | 28 |
11 | Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыздоонун социалдык-экономикалык мааниси | 2 | 2 | - |
22 | Кооптуу жүктөрдү эл аралык жана ички ташууларды укуктук-ченемдик жөнгө салуу | 4 | 3 | 1 |
33 | Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары | 2 | 1 | 1 |
44 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана ташууда пайда болгон коркунучтардын түрлөрү | 8 | 6 | 2 |
55 | Кооптуу жүктөрдү ташууда тара, таңгак, контейнерлер жана цистерналарга коюлуучу жалпы талаптар | 6 | 4 | 2 |
66 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 8 | 6 | 2 |
77 | Белгилөө, коркунуч белгилери, маалыматтык таблолор жана кызгылт сары түстөгү такталар | 6 | 4 | 2 |
88 | Чектөөлөр, өзгөчөлүктөр жана кооптуу жүктөрдү бирге ташууда шайкештик маселелери | 6 | 4 | 2 |
99 | Автомобиль жана мультимодалдык ташууларды уюштуруу ыкмалары | 8 | 6 | 2 |
110 | Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле талаптардын сакталышын көзөмөлдөө | 4 | 2 | 2 |
111 | Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча алдын алуу чаралары | 6 | 4 | 2 |
12 | Кооптуу жүктөрдү ташууда авария жана кырсык болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери | 4 | 2 | 2 |
13 | Кооптуу жүктөрдү ташууда коштоочу жана уруксат берүүчү документтер | 6 | 4 | 2 |
114 | Коопсуздукту камсыздоо планы жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча ишкананын жылдык отчетун түзүү | 4 | 2 | 2 |
| Тартип боюнча аралык аттестация | 4 | - | 4 |
| Жыйынтык аттестация | 20 | - | 20 |
| Жалпы окуу сааттары: | 268 | 190 | 78 |
III. «Жүк ташуучу автомобиль транспортун эксплуатациялоо» тартиби
Транспорт системасындагы автотранспорт комплексинин жалпы мүнөздөмөсү
3.1. Автотранспорт өлкөнүн транспорт системасынын өз алдынча жана байланыштыруучу бөлүгү катары. Жүк ташуулардын көлөмү жана автомобиль транспорту боюнча жүк жүгүртүүсү. Автотранспорт комплексинин өнүгүү тенденциялары жана көйгөйлөрү.
3.2. Автомобиль транспортунун башка транспорт түрлөрү жана транспорттук кызматтарды керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүсү.
3.3. Керектөөчүлөрдүн транспорттук чыгымдары жана автомобиль транспортундагы чыгымдар жөнүндө жалпы маалымат.
3.4. Автомобиль транспорту ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу укуктук-нормативдик актылар.
3.5. Транспорттук-экспедициялык ишмердүүлүк, анын ташуу процессин уюштуруудагы ролу жана мааниси.
3.6. Транспорт жана айлана-чөйрөнү коргоо. Автотранспорт комплексинин негизги экологиялык көйгөйлөрү.
Жол-транспорт инфраструктурасы
3.7. Кыргыз Республикасынын автожол тарамы. Жол категориялары жана аларга коюлуучу негизги талаптар. Транспорт каражаттарынын жалпы массасына жана октук жүктөмдөргө, ошондой эле башка параметрлерге коюлган ченемдер. Автотранспорт каражаттары жана жол тармагы үчүн салмак-өлчөм чектөөлөрү.
3.8. Автомобиль жолдорун жабдуу жана жол кызматтары. Автомобиль жолдорунун таандыктыгы. Жол тармагын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу талаптары. Жол тармагын башкаруу.
3.9. Терминалдык комплекстер жана автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүү пункттары.
3.10. Жол-транспорт инфраструктурасын пайдалануу үчүн төлөм.
Жүк ташуучу автомобиль ташуулары
3.11. Жүктөрдүн классификациясы, алардын касиеттери, транспорттук мүнөздөмөлөрү жана маркалоосу. Ташуу көлөмү, жүк жүгүртүүсү, жүк агымдары жөнүндө түшүнүк. Аларды изилдөө ыкмалары жана оптималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү.
3.12. Жүк ташуучу автомобиль транспортунун кыймылдуу курамы, анын классификациясы, маркалоосу, адистештирилиши. Автотранспорт каражаттарын өркүндөтүү жолдору. Парктын түзүмү.
3.13. Жүк ташуучу автопарктын ишинин техникалык-эксплуатациялык көрсөткүчтөрү.
3.14. Транспорт процесси жана анын элементтери. Транспорт процессинин циклдери.
3.15. Жүк автопаркынын өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмасы жана көрсөткүчтөрдүн өндүрүмдүүлүккө тийгизген таасирин баалоо. Жүк ташуучу автомобиль транспортунда өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жолдору.
3.16. Кыймылдуу курамдын кыймылын уюштуруу жана маршрутташтыруу. Ар кандай маршруттарда иштөөдө транспорттук эсептөөлөрдүн ыкмасы. Кыймылдуу курамдын графиктер жана сааттык тартип боюнча ишин уюштуруу.
3.17. Контейнерлерде жана транспорттук пакеттештирүүдө жүк ташууну уюштуруунун негизги принциптери жана натыйжалуулугу. Мультимодалдык ташуулар.
3.18. Кооптуу жүктөрдү, тез бузулуучу азыктарды, ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ири жана (же) оор транспорт каражаттарынын автомобиль жолдору боюнча кыймылы.
3.19. Жүктөрдү шаар аралык автомобиль ташууларын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү. Шаар аралык ташууларды уюштурууда терминалдык системанын ролу.
3.20. Жүктөө-түшүрүү жана транспорттук-кампа иштери. Жүктөө-түшүрүү иштерин механикалаштыруу жана автоматташтыруу жана анын натыйжалуулугу. Жүктөрдү транспорт каражаттарына коопсуз жайгаштыруу жана бекитүү.
3.21. Автомобиль транспорту менен жүк ташууда колдонулуучу документтер. Жүк ташуу планы жана келишими. Жүк ээлеринин өз муктаждыктары үчүн ташуулар. Жүк ташуунун эрежелери.
3.22. Жүк ташууда көрсөтүлүүчү коммерциялык транспорттук кызматтардын түрлөрү.
3.23. Тартип боюнча практикалык сабак адистештирилген автотранспорт каражаттарынын техникалык-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн кароого багытталган.
3.24. Сунушталган номенклатура боюнча кооптуу, ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарын тандоо.
Эл аралык жүк ташуулар
3.25. Эл аралык товарлардын жана транспорттук кызматтардын кыймылы. Эл аралык интеграциянын маңызы. Транспорт тармагындагы эл аралык кызматташтыктын формалары.
3.26. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу боюнча эл аралык келишимдер жана макулдашуулар:
- Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу жөнүндө Европа макулдашуусу (ДОПОГ) – 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн;
- Жүктөрдү эл аралык автомобиль ташуу келишими (КДПГ) – 1956-жылдын 19-майында Женевада кабыл алынган;
- Тез бузулуучу азыктарды эл аралык ташуу жана алар үчүн атайын автотранспорт каражаттары жөнүндө макулдашуу (СПС) – 1970-жылдын 1-сентябрында Женевада түзүлгөн;
- Эл аралык автомобиль ташууларында жүктөрдү МДП китепчеси менен ташуу жөнүндө бажы конвенциясы (МДП Конвенциясы) – 1975-жылдын 14-ноябрында түзүлгөн;
- Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттер ортосундагы эл аралык автомобиль каттамы боюнча өкмөттөр аралык эки тараптуу макулдашуулар.
3.27. Эл аралык автомобиль жүк ташууларын уюштуруу. Уруксат берүү системасы. Көп тараптуу уруксаттар жана аларды квоталоо системасы.
3.28. Эл аралык автотранспорт кызматтары рыногунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана бул кызматтарга кирүү өзгөчөлүктөрү.
3.29. Транспорт каражаттарына коюлуучу эл аралык талаптар. Эл аралык жүк ташууларды, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзүү үчүн айдоочуларды даярдоо.
3.30. Эл аралык жүк ташууларда колдонулуучу документтер.
Жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологиялар
3.31. Логистика жана логистикалык технологиялар түшүнүгү. Транспорт логистикасынын милдеттери. Автомобиль транспортунда маркетинг жана логистика.
3.32. Логистикалык технологияларды изилдөө ыкмасы катары транспорт процессин системалуу талдоо. Логистиканын материалдык жана маалыматтык базасы. Логистикалык технологиялардын натыйжалуулугун баалоо критерийлери. Логистикалык чынжырдагы жүк ташууну уюштуруунун элементтери. Мультимодалдык ташуулардын логистикасы.
Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу
3.33. Жол кыймылын уюштуруу боюнча ишмердүүлүктүн негизги багыттары. Транспорт жана жөө адамдар агымынын мүнөздөмөлөрү. Жолдордун жана кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Жол кыймылын изилдөө ыкмалары.
3.34. Кыймылды уюштуруунун негизги багыттары жана ыкмалары. Жол кыймылын башкаруу ыкмалары жана алардын техникалык ишке ашырылышы. Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары, алардын киргизилиши жана эксплуатациясы. Жол кыймылынын эрежелери.
3.35. Жол-транспорт кырсыктарынын классификациясы жана алардын себептери. Транспорт каражаттарынын активдүү, пассивдүү жана кырсыктан кийинки коопсуздугун камсыз кылуучу конструктивдик элементтер (системалар). Транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыздоонун негизги багыттары.
3.36. Шаардык жол тармагынын жана автомобиль жолдорунун эксплуатациялык сапаттары. Жол шарттарынын кыймыл режимине жана коопсуздугуна тийгизген таасири.
3.37. Автотранспорт ишканаларындагы коопсуздук кызматы. Кырсыктарды алдын алуу ыкмалары жана аларды ишканаларда колдонуу. Автомобиль жолдорунда көзөмөл жүргүзүү.
3.38. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн баалоого багытталган.
Автомобилдерди техникалык эксплуатациялоо
3.39. Ишенимдүүлүк теориясынын жана диагностикасынын негиздери. Автомобилдердин ишке жөндөмдүүлүгүн сактоо жана калыбына келтирүү ыкмалары. Техникалык тейлөө жана оңдоо. Профилактикалык жана оңдоо иштеринин классификациясы. Техникалык эксплуатациянын оптималдуу режимдерин аныктоо ыкмалары, техникалык тейлөөнүн мезгилдүүлүгү, диагностика, оңдоого чейинки ресурс, кызмат мөөнөтү.
3.40. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоонун пландуу-алдын алуучу системасын өркүндөтүүнүн структурасы жана келечеги. Тейлөө жана оңдоону уюштуруунун негиздери. Техникалык тейлөө каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү.
3.41. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо технологиясы жана уюштурулушу. Тейлөө жана оңдоо ыкмаларынын классификациясы.
3.42. Агымдык жана тупиктик тейлөө ыкмалары; агрегаттык-түйүн ыкмасы: маңызы жана колдонуу чөйрөсү. Посттук жабдуулардын түрлөрү. Универсалдуу жана адистештирилген постторду колдонуу, посттордун санын жана жабдууларын аныктоо.
3.43. Жүк ташуучу автомобилдер паркын курактык түзүмүн баалоо жана башкаруу ыкмалары.
3.44. Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн өндүрүш-техникалык база. Автомобилдерди тейлөө ишканаларынын түрлөрү. Заводдук (фирмалык) оңдоо.
3.45. Альтернативдүү күйүүчү май колдонгон адистештирилген автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоонун өзгөчөлүктөрү.
3.46. Тартип боюнча практикалык сабак жүк автомобилдерин техникалык тейлөө жана оңдоонун мезгилдик планын түзүүгө багытталган.
3.47. Жүк автомобилдерин техникалык тейлөө жана оңдоо каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо.
Күйүүчү-майлоочу материалдар жана айлана-чөйрөнү коргоо
3.48. Күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) сапатынын автомобилдерди эксплуатациялоонун натыйжалуулугуна тийгизген таасири. Автомобилдерди эксплуатациялоодо күйүүчү-майлоочу жана башка материалдарды үнөмдөөнүн негизги багыттары. КММ чыгымын нормалоо ыкмалары. КММ сапатына коюлуучу заманбап талаптар.
3.49. Сапат стандарттары. Автомобилдерди техникалык тейлөөдө, оңдоодо жана сактоодо техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу чаралары жана айлана-чөйрөнү коргоо. Автотранспорт ишмердүүлүгүндө эмгекти коргоо жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча негизги директивдик жана ченемдик документтер.
3.50. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгым нормасын түзүүгө багытталган.
Автотранспорт ишмердүүлүгүн башкаруу
3.51. Автотранспорт ишмердүүлүгүн башкаруу түшүнүгү. Башкаруу ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоо. Маалыматтык технологиялардын маңызы жана ролу. Заманбап бизнес шарттарындагы маалыматтык технологиялардын ролу. Маалыматтык камсыздоонун түзүмү жана курамы. Транспорт уюмдарындагы маалымат агымдары жана документ жүгүртүү. Маалыматты иштетүүнү автоматташтыруу: маалымат базалары, техникалык каражаттар жана иштетүү технологиялары.
3.52. Транспорттук информатика жана телематика, алардын транспорт процесстерин натыйжалуу көзөмөлдөө жана жөнгө салуудагы ролу. Транспорт агымдарын башкарууда заманбап навигациялык системалардын жана байланыш каражаттарынын техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрү. Маалыматтык технологиялардын транспорт ишканаларынын уюштуруу түзүмүнө тийгизген таасири.
3.53. Кыргызстандын жана анын аймактарынын транспорт системасын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу. Стратегиялык пландаштыруунун методологиясы жана инструменттери. Транспорт системаларын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштырууда эсептик жана эксперттик ыкмалар. Перспективдүү өнүгүү боюнча комплекстүү программалар, алардын курамы жана иштеп чыгуу ыкмасы.
3.54. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда транспорт компаниясынын маалыматтык камсыздоо түзүмүн жана курамын түзүүгө багытталган.
3.55. Транспорт компаниясынын өнүгүүсүн пландаштырууда эксперттик ыкманы өздөштүрүү.
Жүк ташуучу автомобиль транспортундагы эмгек ресурстары
3.56. Транспорт ишканаларын башкаруу системасында персоналдын орду жана ролу.
3.57. Персоналды башкаруунун максаттары жана милдеттери. Кадрларды башкаруунун негизги функциялары. Персоналды башкаруунун принциптери жана заманбап ыкмалары. Персоналды даярдоо.
3.58. Автомобиль транспортундагы эмгек ресурстары, алардын кесиптик курамы жана түзүмү. Автотранспорт ишканаларында кызматкерлердин санын пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү. Транспорт кызматкерлеринин эмгек жана эс алуу режими. Жумуш убактысын пландаштыруу жана эсепке алуу тартиби. Эмгек акы жана өндүрүмдүүлүк. Автомобиль транспортунда эмгек акыны төлөөнүн формалары жана системалары.
3.59. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда аймактын автотранспорт ишмердүүлүгүнө ылайык эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты аныктоого багытталган.
3.60. Транспорт компаниясынын жүк ташуучу автомобилдеринин айдоочулары үчүн эмгек жана эс алуу режимин аныктоо.
Автотранспорт уюмунун экономикалык көрсөткүчтөрү
(ишканасынын)
3.61. Ташуулардын өздүк наркы – автотранспорт процессин өркүндөтүүнүн жалпыланган экономикалык көрсөткүчү катары. Автотранспорттогу амортизациялык чегерүүлөр. Чыгым элементтери боюнча өздүк наркты талдоо. Туруктуу жана өзгөрмө чыгымдар. Жүк ташуулардын тарифтери жана аларды колдонуу эрежелери. Негизги жана жүгүртүү капиталы.
3.62. Транспорт ишмердүүлүгүнүн экономикалык натыйжалуулугу, анын негизги көрсөткүчтөрү. Автотранспорт ишканасында пайда түрлөрү. Жүк автомобиль транспортунда рентабелдүүлүк түшүнүгү.
3.63. Автотранспорт уюмунда маркетинг кызматын уюштуруу.
3.64. Автомобиль транспортунда жүк ташуу тармагындагы эсеп жана отчеттуулук. Ишкананын баланстык отчету.
3.65. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда автотранспорт ишканасынын пайдасын жана рентабелдүүлүгүн аныктоого багытталган.
Жарандык жана салык мыйзамдары
3.66. Ижара (анын ичинде лизинг) боюнча негизги жоболор, тартиби, ижара келишими, жүк ташуу келишими (анын ичинде жалпы пайдалануу транспортундагы ташуу). Ташуу акысы, транспорт каражаттарын берүү, жүктү жүктөө жана түшүрүү маселелери, милдеттенмелерди бузуу үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик.
3.67. Банкттык насыяны, лизингди, ижараны ташуу боюнча укуктук мамилелерде колдонуу.
3.68. Түз аралаш ташууда жана транспорт уюмдары ортосундагы ташуу келишими, транспорттук экспедиция келишими; транспорт каражатын жана жүктү камсыздандыруу (ыктыярдуу жана милдеттүү), башка адамдарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик.
3.69. Жүк ташуу эрежелерин бузган учурда ташуучулардын жана жүк ээлеринин жоопкерчилиги маселелери.
3.70. Кыргыз Республикасынын салык жана жыйымдар боюнча мыйзамдарынын негизги жоболору. Кошумча нарк салыгы (КНС), транспорт салыгы, киреше салыгы жана башка салыктар.
3.71. Чакан ишканалар жана жеке ишкерлер үчүн салык тутумунун өзгөчөлүктөрү.
3.72.Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда жүк ташуу келишимин түзүүгө багытталган.
IV. «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу» тартиби
Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыздоонун социалдык-экономикалык мааниси
4.1. Эл аралык, шаардык, шаар четиндеги жана шаарлар аралык катнаштардагы автомобиль транспортунун кооптуу жүктөрдү ташуудагы ролу. Авариялар жана инциденттер, алардын негизги себептери жана мүмкүн болгон кесепеттери. Авариялар боюнча статистикалык маалыматтарды талдоо жана калкка, айлана-чөйрөгө жана транспорт инфраструктурасына келтирилген зыянды аныктоо ыкмалары.
4.2. Жүк ташууда коопсуздукту камсыз кылууну укуктук жөнгө салуунун зарылдыгы, анын ичинде мультимодалдык ташуулар (башка транспорт түрлөрүнүн катышуусу менен) шартында.
Эл аралык жана мамлекет ичиндеги кооптуу жүктөрдү ташууну ченемдик укуктук жөнгө салуу
4.3. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча сунуштары. Түзүмү, максаты жана колдонулуу чөйрөсү.
4.4. Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө макулдашуу (ДОПОГ), А тиркемеси жана В тиркемеси. ДОПОГтун орду жана мааниси, катышуучу өлкөлөр, колдонуу чөйрөсү, терминологиясы жана түзүмү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
4.5. Кыргыз Республикасында ДОПОГту колдонуу. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу чөйрөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери жана мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары.
4.6. Эл аралык жана улуттук техникалык регламенттер, стандарттар, жүк ташуу эрежелери жана кооптуу жүктөрдү жөнгө салуучу башка укуктук актылар.
4.7. Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салган эл аралык жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүнүн зарылдыгы.
4.8. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГтун А тиркемесинин «Кооптуу жүктөрдүн тизмеси» деп аталган А таблицасы жана «Жогорку коркунучтагы жүктөрдүн тизмеси» деп аталган 1.10.3.1.2. таблицасы менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздук маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары
4.9. Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча консультанттардын укуктук статусу. ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3-бөлүмүнө ылайык консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары. Кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү. Алдын алуу чаралары, айдоочуларды жана кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген башка кызматкерлерди нускама (инструктаж) менен камсыз кылуу. Кооптуу жүктөрдү ташуучу ишканаларда коопсуздук планын жана жылдык отчетту түзүү. Консультанттын көзөмөлдүк функциялары.
4.10. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган шарттарда ишканада коопсуздук боюнча нускама (инструктаж) өткөрүү планын түзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана ташууда кооптуулук түрлөрү
4.11. ДОПОГ талаптарына ылайык кооптуу жүктөрдүн классификациясы. Классификация принциптери. Кооптуу жүктөрдүн класстарынын тизмеси. Эритмелерди жана аралашмаларды классификациялоо тартиби. Жогорку коркунучтагы жүктөр. Кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы кооптуулук түрлөрү.
4.12. Классификациялык коддор, БУУ номерлери, жүктүн аталыштары жана белгилөөлөрү. Так көрсөтүлбөгөн заттар жана буюмдар (ТКЗ). Жалпы жана өзгөчө позициялар, анын ичинде ТКЗ.
4.13. Кооптуу жүктөрдүн физикалык, химиялык жана токсикологиялык касиеттери (агымдуулук, тыгыздык, күйүүчүлүк, жарылуучулук, буулануу, жегичтик, уулуулук). Кооптуу заттар аралашканда, күйгөндө, бууланганда, кайнаганда, суу менен аралашканда, статикалык электр заряддары пайда болгондо жүрүүчү физика-химиялык процесстер. Териге тийгенде, дем алуу аркылуу же ичке киргенде адам организмиге тийгизген таасири. Сууга жана топуракка түшкөндө айлана-чөйрөгө келтирген зыян. Радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөнү булгантышы.
4.14. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоо боюнча жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарууга багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда тара, таңгак, контейнер жана цистерналарга коюлуучу жалпы талаптар
4.15. Тара жана таңгак түрлөрү. Тара түрлөрүн белгилөө коддору. Ири көлөмдүү тара, аралаш тара.
4.16. Ташылып жаткан жүктөрдүн кооптуулук деңгээли боюнча таңгак топтору.
4.17. Инфекциялык заттар жана радиоактивдүү материалдар үчүн тара жана таңгактар.
4.18. Тара түрлөрүнө коюлуучу талаптар. Басым астындагы идиштер.
4.19. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу контейнер жана цистерна түрлөрү. Көп массалуу жүктөр үчүн орто көлөмдүү контейнерлер (КСГМГ). Ири тоннаждуу контейнерлер.
4.20. Көчмө цистерналар жана көп элементтүү газ контейнерлери (МЭГК).
4.21. Контейнер-цистерналар жана алынуучу цистерна кузовдору. Таштандылар үчүн вакуумдук цистерналар. Орнотулган цистерналар (автоцистерналар). Конструкциялары. Баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор.
4.22. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган номенклатурага ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда тара жана таңгак түрлөрүн тандоого багытталган. Жогорку коркунучтагы жүктөрдү ташууда сунушталган түрлөр боюнча контейнерлерди жана цистерналарды колдонуу талаптары.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар
4.23. Кооптуу жүктөрдү тара жана таңгакта, жапырт/чачыранды түрдө, контейнерлерде, алмаштырылуучу жана орнотулган цистерналарда, транспорттук пакетте ташуу үчүн транспорт каражаттары. ДОПОГтун В тиркемесинин 9-бөлүгүндө каралган атайын транспорт каражаттары: АТ, ЕХ/III, FL жана MEMU. Алардын багыты жана кыскача мүнөздөмөсү. Кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражаттарына уруксат берүү жөнүндөгү күбөлүгүн алуу тартиби.
4.24. Эл аралык катнашта кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Транспорт каражаттарынын негизги параметрлери.
4.25. Цистерналарга коюлуучу талаптар, алардын түрлөрү жана коддору. Цистерналарды алгачкы жана мезгилдүү сыноолор. Цистерналарды толтуруу шарттары.
4.26. Транспорт каражаттарынын кошумча жабдуулары, алардын түрлөрү жана багыттары. Өрт өчүрүү каражаттары жана алар менен транспорт каражаттарын жабдуу нормалары.
4.27. Жүктөрдү транспорт каражатында коопсуз жайгаштыруу жана бекитүү талаптары. Жүктөрдү бекитүү үчүн жабдуулардын түрлөрү. Автотранспорт каражаттарынын кузовдоруна жана жүктөрдү бекитүү усулдарына жана каражаттарына карата талаптарды регламенттештирген эл аралык нормалар жана стандарттар.
4.28. Тартип боюнча практикалык сабак берилген тапшырмага ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарынын түрүн тандоого багытталган.
4.29. Бекитүү каражаттарын тандоо жана алардын керектүү санын эсептөө.
4.30. Кошумча жабдууларды жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу тартиби.
Кооптуу жүктөрдү белгилөө, кооптуулук белгилери, маалыматтык табличкалар жана кызгылт сары такталар
4.31. ДОПОГ боюнча белгилөөнүн мазмуну жана аны буюмдарга, тарага, контейнерлерге, цистерналарга жана атайын транспорт каражаттарына коюу талаптары. Белгилөөнүн типтери. Белгилөө түрлөрү жана эрежелери.
4.32. Кооптуу жүктөрдү ташууда кооптуулук белгилери, алардын түрлөрү жана жайгаштыруу талаптары. Жогорку температурада ташылуучу заттар үчүн маркировкалык белги.
4.33. Кызгылт сары маалыматтык такталар менен транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди белгилөө. Алардын жайгаштыруу талаптары. Фумигацияланган транспорт каражаттарын жана контейнерлерди белгилөө.
4.34. Маалыматтык камсыздоо талаптары, анын ичинде транспорттук коштоочу документтерди туура тариздөө.
4.35. Коркунучтун идентификациялык номерлери, алардын колдонулуу чөйрөсү. Кооптуулук түрлөрүн белгилөө.
4.36. Тартип боюнча практикалык сабак кооптуу жүктөрдү таңгактоого, транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана цистерналарга белгилөө коюу талаптарын изилдөөгө багытталган. Сунушталган кооптуу жүктөрдүн тизмеси боюнча кооптуулук идентификациялык номерлерин колдонуу.
Кооптуу жүктөрдү ташуудагы жеңилдиктер, чектөөлөр жана айкалыштыруучулук маселелери
4.37. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГтун колдонулуу чөйрөсү.
4.38. Автомобиль транспорту менен ташууга жол берилбеген кооптуу заттар жана буюмдар. ДОПОГ жоболору жайылтылбаган кооптуу жүктөрдү ташуу. ДОПОГдун жеңилдиктери (ДОПОГдун А тиркемесинин 1.1.3-бөлүмү), транспорт операцияларынын мүнөздөмөсүнө байланышкан жеңилдиктерди кошуу менен; күйүүчү май, газдар, литий батареялары жана бош, тазаланбаган тараны ташуу менен; бир транспорт бирдигинде ташылуучу чектелген сандагы кооптуу жүктөрдү ташуу менен; ташуу мезгилинде муздатуу же кондиционер менен муздатуу үчүн пайдалануучу кооптуу жүктөр менен.
4.39. Бир транспорт каражатында ташылуучу ар кандай кооптуулук белгилери бар кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгы.
4.40. Тартип боюнча практикалык сабак чектелген сандагы кооптуу жүктөрдү ташуу жана бир транспорт каражатында кооптуу жүктөрдүн сунушталган тизмеси боюнча ташылуучу кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгын аныктоого багытталган.
Автомобиль жана мультимодалдык ташууларын уюштуруу жана ыкмалары
4.41. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдык көрүү чаралары (документтерди даярдоо, транспорт каражатын каттамдын алдында текшерүү, айдоочунун милдеттүү медициналык кароодон өтүшү, экипажды нускама менен камсыз кылуу жана башка чаралар).
4.42. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелери жана ал эрежелерди кооптуу жүктөрдү ташууда колдонуу.
4.43. Кооптуу жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү эрежелери.
4.44. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууда жана транспорт каражатынын кыймыл учурунда коопсуздукту камсыз кылуу чаралары.
4.45. Автожол тоннелдери аркылуу өтүүгө чектөөлөр. Транспорт каражаттарынын ылдамдык режимдеринин чектөөлөрү, жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууда кыймыл маршрутун тандоо. Кооптуу жүктөрду ташууда чектөолөргө тиешелүү жол белгилери.
4.46. Кооптуу жүктөрду жапырт/чачыранды түрдө ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.47. Тазаланбаган тараны жана кооптуу калдыктарды ташуу. Жүктөөдөн жана түшүрүүдөн мурда жана кийин тазалоо жана/же дегазациялоо.
4.48. Кооптуу жүктөрдү жана башка жүктөрдү (азык-түлүк, үй предметтери, мал азыгы, башка жүктөр) биргеликте ташууга тиешелүү атайын талаптар.
4.49. Жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.50. Орнотулган жана алмаштырылуучу цистерналарда ташуу. Цистернанын аралашкан бөлүктөрүндө жүктөрдү ташуу. Толтуруу жана бошотуу.
4.51. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык катнаштарда ташуулар. Түз аралаш катнаштар. Ири тонналык контейнерлерди жана чечип алына турган кузовдорду колдонуу. Зарыл транспорт документтерин тариздөө башка транспорт түрүнө тиешелүү талаптарды сактоо. Контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк.
4.52. Тартип боюнча практикалык сабак сунушталган тизме боюнча жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууда транспорт каражатынын түрүн жана маршрутун тандоого багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө
4.53. Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги ташуучулардын катышуучулардын (жүк жөнөтүүчү, ташуучу жана жүк алуучу) милдеттерин Автоунаа менен жүк ташуу эрежелерине ылайык бөлүштүрүү.
4.54. Ташуу катышуучуларынын жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү, аларды транспорт каражатында коопсуз ташууну камсыз кылууну эске алуу менен жайгаштыруу жана бекитүү боюнча милдеттери.
4.55. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо, таразалоо, цистерналарды толтуруу, ташуу учурунда коштоо, транспорт каражаттарынын кузовдорун, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана дегазациялоо боюнча кызматкерлердин кошумча милдеттери.
4.56. Кооптуу жүктөрдү ташууда катышуучулардын кызматтык милдеттерди бузгандыгы үчүн административдик, кылмыштык жана жарандык жоопкерчиликтери.
4.57. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташуу катышуучуларынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тапшырманы аткарууга багытталган практикалык сабак (жазуу түрүндө).
Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары
4.58. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдоодо жана аны аткарууда айдоочунун физикалык жана психологиялык абалын камсыз кылуу. Айдоочунун каттам алдындагы жана каттамдан кийинки медициналык абалын контролдоо. Эмгек жана эс алуу режимин сактоо. Атайын кийим менен камсыздоо.
4.59. Кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Кошумча жабдуулар топтому. Каттам алдындагы техникалык кароо.
4.60. Кооптуу жүктөрдү ташууда автоунааны коопсуз айдоо ыкмалары.
4.61. Айдоочуларды кесиптик окутууну камсыз кылуу боюнча талаптар. Жүктөө жана түшүрүү иштеринде коопсуздук шарттары. Транспорт каражаттарын токтотуу жайларындагы талаптар.
4.62. Кооптуу жүктөрдү ташуучу ишкананын коопсуздук планын түзүү. Аны түзүүдө жана ишке ашырууда консультанттын ролу. Терроризмге каршы коопсуздук чаралары.
4.63. Ташуу, жүктөө жана түшүрүү иштерин жүргузүүдө, ошондой эле жүктөрдү транспорт каражаттарына жайгаштыруу жана бекитүүдө контролдоо жана көзөмөлдөө иштери. Ташууларды маалыматтык камсыздоо.
4.64. Практикалык сабак тапшырылган шарттарда кооптуу жүктөрдү ташуучу ишкананын коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тизмесин түзүүгө багытталган.
Авария же окуя болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери
4.65. ДОПОГтун А тиркемесинин 5.4.3-бөлүмүнө ылайык жазуу түрүндөгү нускамалар - авария же окуя болгон учурда айдоочу жана экипаждын аракеттерин аныктаган негизги документ. Кооптуу жүктөрдүн мүнөзүнө жана кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда келип чыгуучу тобокелдиктерге жараша кошумча эскертүүлөрдүн тизмеси.
4.66. Авария же окуя болгон учурда авйдоочу жана башка экипаждын мүчөлөрү колдонуучу жеке коргонуу каражаттары.
4.67. Авариядан же болгон окуядан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
4.68. Тартип боюнча практикалык сабак жазуу түрүндөгү нускамаларды иш жүзүндө колдонууга багытталган жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштоочу жана уруксат берүүчү документтер
4.69. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорттук-коштоочу жана уруксат документтери: транспорттук коштомо кагазы, жазуу түрүндөгү нускамалар, айдоочуну даярдоо жөнүндөгү ДОПОГ күбөлүгү, транспорт каражатын кооптуу жүктөрдү ташууга жол берүүчү күбөлүгү, айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражатынын каттоо документтери, камсыздандыруу полиси, жол баракчасы, жогорку кооптуулуктагы жүктөр үчүн атайын уруксат, ири көлөмдүү жана (же) оор жүктөр үчүн атайын уруксат (керек учурларда), контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк (мультимодалдык ташууда), химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (керек учурларда). Алардын колдонулушу жана тариздөө тартиби.
4.70. Практикалык сабак транспорттук-коштомо документтерге коюлуучу талаптарды кароого багытталган. Берилген шарттарда транспорттук коштомо кагазын толтуруу. Продукциянын аныкталган түрүн ташууда химиялык продукциянын коопсуздук паспортун жазуу түрүндө даярдоо.
Ишкананын коопсуздукту камсыздоо планын жана кооптуу жүктөрдү ташуу жөнүндөгү жылдык отчетун түзүү
4.71. ДОПОГтун А тиркемесинин 1.10.3.2-бөлүмүнө ылайык кооптуу жүктөрдү, анын ичинде жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздукту камсыздоо планын түзүүгө жана ишке ашырууга талаптар.
4.72. Ишкананын ташуу, жүктөө-түшүрүү, таңгактоо жана кооптуу жүктөрдү автоунаа менен жеткирүүгө байланышкан ишмердүүлүк боюнча жылдык отчетту даярдоого катышуу. Отчетту дайындоо.
4.73. Тартип боюнча практикалык сабак тапшырылган иштин шартында жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташуудагы ишкананын коопсуздукту камсыз кылуу планын түзүүгө багытталган. Сунушталган номенклатура боюнча кооптуу жүктөрдү ташууга байланышкан ишкананын кооптуу жүктөрдү ташуу ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетун даярдоо.
V. Окутуу программасын өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында угуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- өлкөнүн транспорт системасында автотранспорт комплексинин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын;
- өлкөнүн экономика тармактарын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү милдеттерди чечүүдө транспорт системасында автотранспорттун ролун;
- автотранспорт менен жүк ташууларды өркүндөтүүгө байланышкан маселелердин комплекси, заманбап ташуу ыкмалары, анын ичинде контейнерлерде, транспорттук пакеттөөдө жана терминалдык жана башка системаларды колдонуу менен ташуулар;
- шаардык, шаар четиндеги, шаарлар аралык жана эл аралык катнаштардагы жүк ташуунун өзгөчөлүктөрүн;
- жүктүн негизги түрлөрүн, анын ичинде кооптуу, тез бузулуучу, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологияларды жана жүктөө-түшүрүү иштерин механизациялоо маселелерин;
- жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын негизги түрлөрүн, алардын параметрлерин, транспорттук-эксплуатациялык талаптарын, адистешүүсүн жана колдонуу чөйрөлөрүн;
- жүк ташуучу автотранспортто колдонулуучу күйүүчү-майлоочу материалдарга коюлган талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин;
- автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо системасына коюлган талаптарды;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин;
- жүк ташуучу автотранспорттун экономикасынын негиздерин, автотранспорт уюмунун ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, ташуу өздүк наркынын түзүмүн жана рентабелдүүлүктү, автотранспортто эсепке алуу жана отчеттуулукту;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык конвенциялардын жана келишимдердин жүк ташууга, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү жоболорун;
- кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө, түшүрүүдө жана сактоодо болгон авариялардын негизги себептерин жана алардын кесепеттерин;
- жүктөрдү, анын ичинде кооптуу жүктөрдү классификациялоонун негиздерин, классификация принциптерин жана кооптуу жүктөрдүн класстарын, алардын жалпы мүнөздөмөсүн (физикалык, химиялык жана технологиялык касиеттерин) жана ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоонун өзгөчөлүктөрүн;
- таңгактоо жана идиштерге коюлган жалпы талаптарды, контейнерлерге, көп элементтүү газ контейнерлерине, орнотулган цистерналарга жана контейнер-цистерналарга, алмаштырылуучу жана көчмө цистерналарга коюлган талаптарды (түрлөрү, коддору, маркалоо, конструкция, баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор), таңгактарды, контейнерлерди жана цистерналарды тандоо эрежелерин;
- маркалоо жазууларын, кооптуулук белгилерин, маалыматтык таблолорду жана кызгылт сары түстөгү тактайчаларды, алардын транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга жана идиштерге коюлушун жана алынышын;
- кооптуу жүктөрдү ташуу ыкмаларын (таңгакта ташуу, жапырт/сыпма түрүндө ташуу, орнотулган же алмаштырылуучу цистерналарда ташуу, контейнердик ташуулар, контейнерлердин түрлөрү жана негизги параметрлери);
- кооптуу жүктөрдүн ташылышына коюлган чектөөлөрдү жана анын номенклатурасына жана санына болгон алып салуулар, биргелешип жүктөөгө тыюу салуулар, биргелешип жүктөөгө, бөлүүгө (партиялык) байланышкан коопсуздук чараларын;
- кооптуу жүктөрдү тамак-аш азыктары, тиричилик буюмдары, мал азыктары жана башка жүктөр менен бирге ташууга коюлган атайын талаптарды;
- жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо, жүктөрдү туура жайгаштыруу жана бекитүү, ар кандай жүктөрдү, анын ичинде кооптуу жүктөрдү, тез бузулуучу продукцияларды жана башка жүктөрдү ташууга чейин жана кийин транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана/же дегазациялоо талаптарын;
- кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген айдоочуларды жана башка кызматкерлерди кесиптик даярдоонун маселелерин;
- ташууларды аткарууда айдоочу колдонгон документтерди: транспорттук-коштомо жана башка документтер, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр, транспорт каражатын колдонууга уруксат күбөлүгү, айдоочуну даярдоо жөнүндөгү ДОПОГ күбөлүгү, химиялык продукциянын коопсуздук паспорту жана аны колдонуу чөйрөсү, жогорку кооптуулуктагы жүктөр үчүн атайын уруксат кагазы, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда атайын уруксат кагазы ж.б. документтер жана аларды толтуруу тартибин;
- жазуу жүзүндөгү нускамалардын мазмунун аларды колдонуу, экипажды коргоочу жабдууларды жана кошумча коопсуздук каражаттарын;
- кооптуу жүктөрдү ташууда жол кыймылынын эрежелерин жана чектөөлөрдү, айдоочунун иш жана эс алуу режимин;
- транспорт каражаттарына коюлган талаптарды, ГЛОНАСС/GPS жана тахографтар сыяктуу борттук жабдууларды;
- жол кырсыгы жана өзгөчө кырдаалдарда айдоочунун жана экипаждын аракеттерин, коопсуздук боюнча алдын алуу чараларын;
- автотранспорт каражатынын катышуусунда кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн;
- кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан тараптардын милдеттерин жана жоопкерчилигин, көзөмөлдөө чараларын;
- кооптуу жүктөрдү ташуудагы жеңилдетилген режимдер, ДОПОГду колдонуу чөйрөсүн;
- жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү жана/же жогорку кооптуулуктагы радиоактивдүү материалдарды ташууда коопсуздук планын түзүү талаптарын;
- кооптуу жүктөрдү ташууда жылдык отчетту жана авариялар боюнча отчетторду түзүү эрежелерин.
5.2. Угуучу төмөнкүлөрдү аткара билүүгө тийиш:
- кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актыларды иште колдоно билүү;
- кооптуу жүктөрдү аныктоону (идентификациялоону) жүргүзүү;
- нормативдик талаптарга шайкештикти текшерүү: кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын; ташууда жана жүктөө-түшүрүү иштеринде колдонулуучу жабдуулардын (анын ичинде транспорт каражаттарына орнотулган жабдуулардын); кооптуу жүктөрдү ташууга арналган таңгактардын, идиштердин, контейнерлердин жана цистерналардын;
- кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарында керектүү документтердин бар-жогун текшерүү жана алардын ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо;
- кооптуу жүктөрдү ташуу процессине тартылган персоналдын өз функцияларына ылайык келүүсүн баалоо;
- кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген кызматкерлерге өндүрүштүк инструктаж өткөрүү жана анын жыйынтыгы боюнча текшерүүлөрдү (зачетторду) кабыл алуу;
- кооптуу жүктөрдү ташуу, жүктөө, түшүрүү же таңгактоо учурунда болгон олуттуу авариялардын, инциденттердин жана одоно бузулуулардын жагдайларын кызматтык иликтөө жүргүзүү жана зарыл учурда авария боюнча отчет түзүү;
- ишкананын кооптуу жүктөрдү ташуу ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту түзүү;
- жогорку кооптуу жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары камсыз кылууга тийиш: программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжаларына жетишүүнү; кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулуучу окутуу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын угуучулардын категориясына ылайык келүүсүн.
6.2. Теориялык окутуу төмөндө келтирилген материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук талаптарга жооп берүүчү жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлөт.
6.3. Теориялык жана практикалык сабактардын бир академиялык саатынын узактыгы 1 академиялык саат (45 мүнөт) болушу керек.
6.4. Программаны ишке ашыруучу педагогикалык кызматкерлер кошумча кесиптик программаларды ишке ашыруучу педагогдорго карата коюлган квалификациялык талаптарга, тиешелүү кызмат орундары боюнча квалификациялык справочниктерде жана (же) кесиптик стандарттарда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. «Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу» тартиби боюнча сабак өтүүчү окутуучулар кошумча төмөнкү талаптардын бирине жооп берүүгө тийиш:
- автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү болуу;
- автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн жетекчи илимий кызматкерлердин катарына кирүү;
- ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3.7 пунктунда каралган кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультантты кесиптик даярдоо жөнүндөгү күбөлүккө ээ болуу.
6.5. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-усулдук шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуу-тематикалык план;
- календардык окуу графиги;
- билим берүү программасы;
- усулдук материалдар жана иштелмелер;
- сабактардын күн тартиби.
6.6. Программанын материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук камсыздалышы:
Компоненттердин аталышы | Саны, даана: |
Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: |
|
Компьютер | 1 |
Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 |
Экран (монитор, электрондук доска) | 1 |
Маалыматтык материалдар: |
|
Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутууга арналган окуу-усулдук колдонмолор. Алар басма, плакаттар, электрондук окуу материалдар, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн. | 1 топту окутууга жетиштүү 1 комплект |
ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 2 окуучуга 1 комплект |
Маалыматтык стенд: |
|
Тиешелүү тиркемеси менен лицензиянын көчүрмөсү | 1 |
Окуу программасы | 1 |
Окуу-тематикалык план | 1 |
Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 |
Сабактардын күн тартиби | 1 |
Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 |
6.7. Аталган Программа боюнча окутууну аяктап, жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөн кийин, билим берүү ишин жүргүзгөн уюм угуучуга кесиптик даярдык тууралуу диплом берет.
6.8. Угуучулардын Программаны өздөштүрүү натыйжаларын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул натыйжалар жөнүндө маалыматты архивде сактоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт.
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Угуучулардын окуудагы жетишүүсүнө жүргүзүлүүчү учурдагы көзөмөл жана аралык аттестация (баалоо), алардын формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин белгилөө билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Жыйынтыктоочу аттестация угуучулар окутууну жана аралык аттестацияларды аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жыйынтыктоочу аттестация билим берүү уюму тарабынан белгиленген тематика боюнча дипломдук ишти аткарууну камтыйт. Бул тематика жүк ташуучу автотранспортту эксплуатациялоо жана кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу боюнча актуалдуу маселелерди эске алуу менен аныкталат.
7.3. Жыйынтыктоочу жана аралык аттестациялар билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдарды колдонуу менен өткөрүлөт. Аттестациянын жыйынтыктары протоколдор менен таризделет.