Редакцияот 03.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 3-июлу №131/20-6

Токмок шаарынын мэриясына 1218,0 ч.м жер тилкени Кыргыз Республикасынын

Президентинин Иш Башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана

айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна мөөнөтсүз

пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-июнундагы №1-22/3676 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 24-июнундагы №25 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токмок шаарынын мэриясына Токмок шаары, 3-кичирайон, Фрунзе көчөсү, “Касиет” фабрикасынын футбол аянтчасынын күн батыш тарабында жайгашкан 1218,0 чарчы метр жер тилкени Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Бул токтом Токмок шаардык кеӊешинин сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4856 расмий сайтында жарыяланды

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Т.Тынайбеков