Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
Министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
4-тиркеме
Эл аралык автомобиль ташуулар жаатында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн типтүү кошумча кесиптик программа
I. Жалпы жоболор
1.1. Автомобиль транспорту менен эл аралык автомобиль ташуулар чөйрөсүндө кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча типтүү кошумча кесиптик программа (мындан ары – типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндө макулдашууга (ДОПОГ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2025-жылдын 30-июнундагы №379 токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Окутуу типтүү программанын негизинде иш алып барган билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген билим берүү программасы (мындан ары – Программа) боюнча жүргүзүлөт.
1.3. Программанын максаты – эл аралык каттамдагы автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттын (мындан ары – консультант) кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон учурдагы квалификациянын чегинде кесиптик деңгээлди өркүндөтүү жана (же) жогорулатуу болуп саналат.
1.4. Окутуу консультанттын кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон жаңы компетенцияларды өздөштүрүүнү жана учурдагы квалификациянын чегинде кесиптик деңгээлди жогорулатууну караган окуу-тематикалык план боюнча (мындан ары – баштапкы окутуу) же консультанттын компетенцияларын өркүндөтүүнү караган окуу-тематикалык план боюнча (мындан ары – кайрадан окутуу) жүргүзүлөт.
1.5. Кайрадан окутуу консультанттын компетенциялары өздөштүрүлгөндөн кийин ар беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
1.6. Угуучуларга зарыл болгон билимдерди берүү максатында ушул типтүү программага ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлөт, ал эми угуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн – билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан өз алдынча аныкталган формада жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт.
1.7. Угуучулардын окутуу мөөнөтүнүн узактыгы, ошондой эле окутуу курсунун бөлүмдөрүнүн тизмеги (ДОПОГ терминологиясына ылайык – темалардын тизмеги) баштапкы окутуунун окуу-тематикалык планы жана кайрадан окутуунун окуу-тематикалык планы менен белгиленет.
1.8. Ушул Типтүү программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана жол-транспорт кырсыгы же авария учурунда аткарыла турган башка аракеттерди камтыйт.
1.9. Баштапкы окутуу курсунан өтүүгө төмөнкү адамдарга уруксат берилет:
- даярдоо багыттары жана адистиктердин кеңейтилген тобуна кирген адистиктер жана жогорку билим берүүнүн даярдоо багыттары боюнча жогорку билим;
- кесиптердин же адистиктердин кеңейтилген тобуна кирген орто звенодогу адистерди даярдоо программалары боюнча кесиптик билим жана автотранспортто ташууну уюштуруу жана башкаруу жаатындагы иш стажы үч жылдан кем эмес.
1.10. Консультанттарды кайрадан окутуу курсунан өтүүгө ДОПОГдун А тиркемесинин 1.8.3.7-бөлүмчөсүнө ылайык кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттарды кесиптик даярдоо жөнүндө күбөлүккө ээ болгон адамдарга уруксат берилет.
II. Консультанттын кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон жаңы компетенцияларды өздөштүрүүнү караган окуу-тематикалык план
№№ | Окутуу курсунун бөлүмдөрү (темалары) | Окуу сааттарынын саны | ||
баардыгы | анын ичинде: | |||
лекциялар | практикалык сабактар | |||
1 1
| Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин социалдык-экономикалык мааниси | 2 | 2 | - |
22 | Кооптуу жүктөрдү ташууну эл аралык жана ички мамлекеттик катнаштарда укуктук-нормативдик жөнгө салуу | 4 | 3 | 1 |
33 | Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары | 2 | 1 | 1 |
44 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана аларды ташуудагы кооптуулуктун түрлөрү | 8 | 6 | 2 |
55 | Кооптуу жүктөрдү ташууда тарага, таңгактарга, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар | 6 | 4 | 2 |
66 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга карата талаптар | 8 | 6 | 2 |
77 | Маркалоо, кооптуу белгилери, маалыматтык табло жана кызгылт сары түстөгү такталар | 6 | 4 | 2 |
8 8 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана айкалыштык маселелери | 6 | 4 | 2 |
99 | Автомобилдик жана мультимодалдык ташуулардын ыкмалары жана уюштурулушу | 8 | 6 | 2 |
110 | Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучу тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги, белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө | 4 | 2 | 2 |
111 | Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары | 6 | 4 | 2 |
112 | Кооптуу жүктөрдү ташууда авария же окуя болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери | 4 | 2 | 2 |
113 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер | 6 | 4 | 2 |
114 | Ишкананын коопсуздук планын түзүү жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жылдык отчетту даярдоо | 4 | 2 | 2 |
| Жыйынтыктоочу аттестация | 4 | - | 4 |
| Жалпы окуу сааттары | 78 | 50 | 28 |
III. Консультанттын компетенциясын өркүндөтүүнү караган окуу-тематикалык план
№ | Окутуу курсунун бөлүмдөрү (темалары) | Окуу сааттарынын саны | ||
баардыгы | анын ичинде: | |||
лекциялар | практикалык сабактар | |||
11 | Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин социалдык-экономикалык мааниси | 1 | 1 | - |
22 | Кооптуу жүктөрдү ташууну эл аралык жана ички мамлекеттик катнаштарда укуктук-нормативдик жөнгө салуу | 2 | 1,5 | 0,5 |
33 | Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары | 1 | 0,5 | 0,5 |
44 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана аларды ташуудагы кооптуулуктун түрлөрү | 4 | 3 | 1 |
55 | Кооптуу жүктөрдү ташууда тарага, таңгактарга, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар | 3 | 2 | 1 |
66 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга карата талаптар | 4 | 3 | 1 |
77 | Маркалоо, кооптуу белгилери, маалыматтык табло жана кызгылт сары түстөгү такталар | 3 | 2 | 1 |
88
| Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана айкалыштык маселелери | 3 | 2 | 1 |
99 | Автомобилдик жана мультимодалдык ташуулардын ыкмалары жана уюштурулушу | 4 | 3 | 1 |
110 | Кооптуу жүктөрдү ташууга катышуучу тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги, белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө | 2 | 1 | 1 |
111 | Ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары | 3 | 2 | 1 |
112 | Кооптуу жүктөрдү ташууда авария же окуя болгон учурда айдоочунун жана экипаждын аракеттери | 2 | 1 | 1 |
113 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер | 3 | 2 | 1 |
114 | Ишкананын коопсуздук планын түзүү жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жылдык отчетту даярдоо | 2 | 1 | 1 |
| Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 |
| Жалпы окуу сааттары | 39 | 25 | 14 |
IV. Окуу-тематикалык пландын бөлүмдөрүнүн (темаларынын) мазмуну
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин социалдык-экономикалык мааниси
4.1. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык, шаардык, шаар четиндеги жана шаар аралык катнаштарда ташууну ишке ашырууда автомобиль транспортунунун ролу. Кооптуу жүктөрдү ташууда авариялар жана инциденттер, алардын пайда болушунун негизги себептери жана мүмкүн болгон кесепеттери. Авариялар жана инциденттер боюнча статистикалык маалыматтарды талдоо жана калкка, айлана-чөйрөгө, жол-транспорт инфраструктурасына келтирилген зыянды аныктоо ыкмалары.
4.2. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин укуктук жөнгө салуунун зарылдыгы, анын ичинде мультимодалдык ташууларда (башка транспорт түрлөрүнүн катышуусу менен) ташууларды камтуу.
Кооптуу жүктөрдү эл аралык жана мамлекеттик ичиндеги катнаштарда ташууда укуктук-нормативдик жөнгө салуу
4.3. Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунуштары. Анын түзүмү, максаты жана колдонулуу чөйрөсү.
4.4. Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө макулдашуу, ДОПОГтун А тиркемеси жана ДОПОГтун В тиркемеси. ДОПОГтун орду жана мааниси, катышуучу мамлекеттер, колдонулуу чөйрөсү, терминологиясы, А жана В тиркемелеринин түзүмү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
4.5. Кыргыз Республикасында ДОПОГду колдонуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, мамлекеттик органдардын автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүнө тиешелүү нормативдик укуктук актылары.
4.6. Эл аралык жана улуттук техникалык регламенттер, стандарттар, автомобиль транспорту менен жүк ташуунун эрежелери жана кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылар.
4.7. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүнүн зарылдыгы.
4.8. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГтун А тиркемесиндеги 1.10.3.1.2-пунктуна ылайык «Кооптуулугу жогору жүктөрдүн тизмеси» таблицасы жана А таблицасы «Кооптуу жүктөрдүн тизмеси» менен иштөө көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган, берилген номенклатура боюнча.
Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары
4.9. Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу маселелери боюнча консультанттардын укуктук статусу. ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3-бөлүмүнө ылайык консультанттардын функциялары жана квалификациялык талаптары. Кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү. Алдын алуу чаралары, айдоочуларды жана кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндө иштеген башка кызматкерлерди нускама менен камсыз кылуу. Коопсуздук планын түзүү жана кооптуу жүктөрдү ташуучу ишканада жылдык отчет даярдоо. Консультанттын контролдоочу функциялары.
4.10. Тартип боюнча практикалык сабак белгиленген шарттарда ишканада коопсуздук боюнча нускама өткөрүү планын түзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдүн классификациясы, жалпы мүнөздөмөсү жана ташууда пайда болуучу коркунуч түрлөрү
4.11. ДОПОГ талаптарына ылайык кооптуу жүктөрдүн классификациясы. Классификациянын принциптери. Кооптуу жүктөрдүн класстарынын тизмеги. Эритмелерди жана аралашмаларды классификациялоо процедурасы. Кооптуулугу жогору жүктөр. Кооптуу жүктөрдү ташууда пайда болуучу коркунуч түрлөрү.
4.12. Классификациялык коддор, БУУ (ООН) номерлери, жүктөө аталыштары жана белгилөөлөр. Так көрсөтүлбөгөн заттар жана буюмдар. Жалгыз жана жалпыланган позициялар, анын ичинде так көрсөтүлбөгөн заттар.
4.13. Кооптуу жүктөрдүн физикалык, химиялык жана токсикологиялык касиеттери (агымдуулук, тыгыздык, күйүүчүлүк, жарылуучулук, буулануу, коррозиялык таасир, уулуулук). Кооптуу заттарды аралаштырууда, күйүүдө, бууланууда, кайноодо, суу менен аралашканда, сүрүлүүдөн келип чыккан электростатикалык заряддардын пайда болуу физикалык-химиялык процесстери. Кооптуу заттардын адам организми менен териге тийгенде, дем алуу аркылуу жана ичке киргенде тийгизген таасири. Кооптуу жүктөрдүн суу жана топуракка түшүүсүнүн зыяндуу таасирлери. Радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөнү булгоосу.
4.14. Тартип боюнча практикалык сабак ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоо принциптерин эске алуу менен жазуу түрүндө тапшырманы аткарууга багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда тарага, таңгактарга, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар
4.15. Тара жана таңгактардын түрлөрү. Тара түрлөрүн белгилөө коддору. Ири өлчөмдүү тара, аралаш (комбинацияланган) тара.
4.16. Ташылып жаткан жүктөрдүн кооптуулук даражасына жараша таңгактардын топтору.
4.17. Инфекциялык заттар жана радиоактивдүү материалдар үчүн тара жана таңгактар.
4.18. Тара түрлөрүнө карата талаптар. Басым астындагы идиштер.
4.19. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу контейнерлердин жана цистерналардын түрлөрү. Массалык жүктөр үчүн орто тоннаждуу контейнерлер (КСГМГ). Ири тоннаждуу контейнерлер.
4.20. Көчмө цистерналар жана көп элементтүү газ контейнерлери (МЭГК).
4.21. Контейнер-цистерналар жана алынма кузов-цистерналар. Таштандылар үчүн вакуумдук цистерналар. Интеграцияланган цистерналар (автоцистерналар). Конструкциясы. Баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор.
4.22. Тартип боюнча практикалык сабак берилген номенклатурага ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда тара жана таңгак түрлөрүн тандоого багытталган. Сунушталган түрлөр боюнча коркунучу жогору жүктөрдү ташууда контейнерлерди жана цистерналарды колдонуу талаптары.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарына жана кошумча жабдууларга карата талаптар
4.23. Тара жана таңгактардагы, жапырт/сыпма түрүндөгү, контейнерлердеги, алмашма жана орнотулган цистерналардагы, транспорттук пакеттеги кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары. ДОПОГтун В тиркемесинин 9-бөлүгүндө каралган кооптуу жүктөр үчүн адистештирилген транспорт каражаттары: АТ, ЕХ/III, FL жана MEMU. Алардын багыты жана кыскача мүнөздөмөсү. Кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражатын жол берүү жөнүндө күбөлүк алуу тартиби.
4.24. Эл аралык катнаштарда кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарына карата өзгөчө талаптар. Транспорт каражаттарынын негизги параметрлери.
4.25. Цистерналарга карата талаптар, алардын түрлөрү жана коддору. Цистерналарды баштапкы жана мезгилдүү сыноо. Цистерналарды толтуруу шарттары.
4.26. Транспорт каражаттарынын кошумча жабдуулары, алардын түрлөрү жана багыттары. Өрт өчүрүү каражаттары жана транспорт каражаттарын алар менен жабдуу нормалары.
4.27. Транспорт каражаттарында жүктөрдү коопсуз жайгаштыруу жана бекитүү талаптары. Жүктөрдү бекитүүчү түзүлүштөрдүн түрлөрү. Жүктөрдү бекитүү каражаттарына жана ыкмаларына, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын кузовдоруна карата талаптарды жөнгө салуучу эл аралык нормалар жана стандарттар.
4.28. Тартип боюнча практикалык сабак берилген тапшырмадагы түрлөргө ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарынын түрүн тандоого багытталган.
4.29. Бекитүү каражаттарын тандоо жана алардын керектүү санын эсептөө.
4.30. Кошумча жабдууларды жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу тартиби.
Маркалоо, коркунуч белгилери, маалыматтык таблолор жана кызгылт сары түстөгү такталар
4.31. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГ талаптарына ылайык маркалоонун мазмуну жана аны буюмдарга, тарага жана таңгактарга, контейнерлерге, цистерналарга жана атайын транспорт каражаттарына коюу эрежелери. Маркалоонун түрлөрү. Кооптуу жүктөрдү маркалоонун эрежелери.
4.32. Коркунуч белгилери, алардын түрлөрү жана кооптуу жүктөрдү ташууда жайгаштыруу талаптары. Жогорку температурада ташылуучу
заттар үчүн маркалоо белгиси.
4.33. Транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди кызгылт сары түстөгү маалыматтык табличкаларды колдонуу менен маркалоо. Аларды жайгаштыруу талаптары. Фумигацияланган транспорт каражаттарын жана контейнерлерди белгилөө.
4.34. Маалыматтык камсыздоого карата талаптар, анын ичинде тиешелүү транспорттук-коштомо документтерди тариздөө.
4.35. Коркунучтун идентификациялык номерлери, алардын колдонулуу чөйрөсү. Коркунуч түрлөрүн белгилөө.
4.36. Тартип боюнча практикалык сабак берилген номенклатура боюнча кооптуу жүктөр салынган таңгактарды, транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды белгилөө талаптарын изилдөөгө багытталган. Кооптуу жүктөрдүн сунушталган тизмеси боюнча коркунучтун идентификациялык номерлерин колдонуу.
Кооптуу жүктөрдү ташууда алып коюлар, чектөөлөр жана айкалыштык маселелери
4.37. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГдун колдонулуу чөйрөсү.
4.38. Автомобиль транспорту менен ташууга уруксат берилбеген кооптуу заттар жана буюмдар. ДОПОГдун жоболору колдонулбаган кооптуу жүктөрдү ташуу учурлары. ДОПОГдун бошотуулары (ДОПОГ А тиркемесинин 1.1.3-бөлүмү), анын ичинде: транспорттук операциянын мүнөзүнө байланышкан бошотуулар; суюк отундарды, газдарды, литий батареяларын жана бош тазаланбаган таңгактарды ташууга байланышкан бошотуулар; бир транспорттук бирдик менен ташылуучу кооптуу жүктөрдүн чектелген көлөмүнө байланышкан бошотуулар; ташуу учурунда муздатуу же кондициялоо үчүн колдонулуучу кооптуу жүктөргө байланышкан бошотуулар.
4.39. Бир транспорт каражатында ар кандай коркунуч белгилери бар ташылып жаткан кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгы.
4.40. Практикалык сабак чектелген көлөмдөгү кооптуу жүктөрдү ташууга байланышкан талаптарды изилдөөгө жана берилген номенклатура боюнча бир транспорт каражатында ташылуучу кооптуу жүктөрдүн айкалыштыгын аныктоого багытталган.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль жана мультимодалдык ташууну уюштуруу ыкмалары
4.41. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдык көрүү чаралары (зарыл транспорттук документтерди тариздөө, транспорт каражатын каттам алдындагы текшерүү, айдоочунун милдеттүү медициналык кароодон өтүшү, экипажды нускама менен тааныштыруу жана башка чаралар).
4.42. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелери жана аларды кооптуу жүктөрдү ташууда колдонуу.
4.43. Кооптуу жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү.
4.44. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууда жана транспорт каражаты кыймылда жүргөн учурда коопсуздукту камсыз кылуу чаралары.
4.45. Автожол туннелдери аркылуу өтүүгө чектөөлөр. Ылдамдык режимине чектөөлөр, кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда маршрутту тандоо. Кооптуу жүктөрдү ташууда чектөөлөргө тиешелүү жол белгилери.
4.46. Кооптуу жүктөрдү төгүлмө/чачылма түрүндө ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.47. Тазаланбаган таңгактарды жана кооптуу калдыктарды ташуу. Жүктөөдөн мурда жана түшүрүүдөн кийин тазалоо жана/же дегазациялоо.
4.48. Кооптуу жүктөрдү (тамак-аш азыктары, үй буюмдары, жаныбарлар үчүн тоют жана башка жүктөр менен биргеликте) ташууга байланышкан атайын талаптар.
4.49. Кооптуулугу жогору жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.50. Ички же алмашма цистерналарда ташуу. Цистерналардын бөлүмдөрүндө жүктөрдү ташуу. Толтуруу жана бошотуу.
4.51. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуу. Түз аралаш ташуу. Ири контейнерлерди жана алмашма кузовдорду колдонуу. Зарыл транспорттук документтерди тариздөө жана башка транспорт түрлөрүнө тиешелүү талаптарды сактоо. Контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк.
4.52. Практикалык сабак сунушталган тизмеге ылайык кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда транспорт каражатынын түрүн жана анын жүрүү маршрутуна тандоо жүргүзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташуунун катышуучуларынын милдеттери жана жоопкерчилиги жана белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө
4.53. Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги катышуучулардын (жүк жөнөтүүчү, ташуучу жана жүк алуучу) милдеттерин автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелерине ылайык бөлүштүрүү.
4.54. Ташуунун катышуучуларынын жүктөө жана түшүрүү иштерин аткаруу, жүктөрдү транспорт каражаттарында ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу менен жайгаштыруу жана бекитүү боюнча милдеттер.
4.55. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо, таразалоо, цистерналарды толтуруу, ташуу учурунда коштоп жүрүү, транспорт каражаттарынын кузовдорун, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана дегазациялоо боюнча кызматкерлердин кошумча милдеттери.
4.56. Кооптуу жүктөрдү ташуудагы кызматтык милдеттерди бузгандыгы үчүн катышуучулардын административдик, кылмыштык жана жарандык жоопкерчилиги.
4.57. Практикалык сабак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташуу катышуучуларынын кызматтык милдеттерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин аныктоо боюнча тапшырманы аткарууга багытталган (жазуу түрүндө).
Жүктөрдү ташуу жана жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары
4.58. Кооптуу жүктөрдү ташууга даярдоо жана ташуу учурунда айдоочунун физикалык жана психологиялык абалын талаптагыдай камсыз кылуу. Айдоочунун абалына каттам алдында жана рейстен кийин медициналык көзөмөл кылуу. Айдоочунун эмгек жана эс алуу режимин сактоо. Атайын кийим менен камсыз кылуу.
4.59. Кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Кошумча жабдуулар топтому. Каттам алдындагы техникалык кароо.
4.60. Кооптуу жүктөрдү ташууда автоунааны коопсуз башкаруу ыкмалары.
4.61. Айдоочуларды кесиптик окутууну камсыз кылуу боюнча талаптар. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууда коопсуздук шарттары. Транспорт каражаттары токтотулган жайларга коюлуучу талаптар.
4.62. Кооптуу жүктөрдү ташуучу ишкананын коопсуздук планын түзүү. Аны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда коопсуздук боюнча консультанттын ролу. Терроризмге каршы коопсуздук чаралары.
4.63. Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө, ошондой эле аларды транспорт каражаттарына жайгаштыруу жана бекитүүдө көзөмөлдөө жана көзөмөл жүргүзүү иши. Ташуулардын маалыматтык камсыздалышы.
4.64. Практикалык сабак берилген шарттарда кооптуу жүктөрдү ташуучу ишканада коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тизмесин түзүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда авария жана окуялар учурунда айдоочунун жана экипаждын аракеттери
4.65. ДОПОГ А тиркемесинин 5.4.3-бөлүмүнө ылайык жазма нускамалар — авария же окуя учурунда айдоочу
жана экипаж мүчөлөрүнүн аракеттерин аныктаган негизги документ. Кооптуу жүктөрдүн мүнөзүнө жана ташуудагы тобокелдиктерге жараша кошумча талаптардын тизмеси.
4.66. Авария же окуя учурунда айдоочу жана экипаж мүчөлөрү үчүн жеке коргонуу каражаттары.
4.67. Авария же окуя натыйжасында жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
4.68. Практикалык сабак авария учурунда жазма нускамаларды аткарууну өздөштүрүүгө жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер
4.69. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорттук-коштомо жана уруксат берүүчү документтер: транспорттук коштомо кагаз, жазма нускамалар, айдоочуну даярдоо жөнүндө күбөлүк ДОПОГ, транспорт каражатын кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатынын каттоо документтери, камсыздандыруу полиси, жол баракчасы, кооптуулугу жогору жүктөр үчүн атайын уруксат, ири габариттүү жана/же оор жүк ташуу үчүн атайын уруксат (зарыл учурда), контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк (мультимодалдык ташууда), химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (зарыл учурларда). Алардын колдонулушу жана тариздөө тартиби.
4.70. Практикалык сабак транспорттук-коштомо документтерге коюлган талаптарды карап чыгууга багытталган. Берилген шарттарда транспорттук коштомо кагазды толтуруу. Продукциянын бекитилген түрүн ташууда химиялык продукциянын коопсуздук паспортун жазуу жүзүндө тариздөө.
Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча ишкананын коопсуздук планын жана жылдык отчетун түзүү
4.71. ДОПОГ А тиркемесинин 1.10.3.2-пунктуна ылайык кооптуу жүктөрдү, анын ичинде кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын түзүү жана ишке ашыруу боюнча талаптар.
4.72. Кооптуу жүктөрдү ташуу, жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу, таңгактоо жана автомобиль транспорту менен жеткирүүгө байланышкан башка иштер боюнча ишкананын жылдык отчетун даярдоого катышуу. Отчеттун максаты.
4.73. Практикалык сабак берилген шарттарда кооптуулугу жогору жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын түзүүгө багытталган. Сунушталган номенклатура боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан ишкананын жылдык отчетун даярдоо.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында угуучу билүүгө тийиш:
- өлкөнүн транспорт системасында автотранспорт комплексинин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын;
- өлкөнүн экономика тармактарын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү милдеттерди чечүүдө транспорт системасында автотранспорттун ролун;
- автотранспорт менен жүк ташууларды өркүндөтүүгө байланышкан маселелердин комплекси, заманбап ташуу ыкмалары, анын ичинде контейнерлерде, транспорттук пакеттөөдө жана терминалдык жана башка системаларды колдонуу менен ташуулар;
- шаардык, шаар четиндеги, аралык жана эл аралык катнаштардагы жүк ташуунун өзгөчөлүктөрүн;
- негизги жүк түрлөрүн, анын ичинде кооптуу, тез бузулуучу, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууда транспорттук-логистикалык технологияларды жана жүктөө-түшүрүү иштерин механизациялоо маселелерин;
- жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын негизги түрлөрүн, алардын параметрлерин, транспорттук-эксплуатациялык талаптарын, адистешүүсүн жана колдонуу чөйрөлөрүн;
- жүк ташууда колдонулуучу күйүүчү-майлоочу материалдарга коюлган талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин;
- автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо системасына коюлган талаптарды;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин;
- жүк ташуучу автотранспорттун экономикасынын негиздерин, автотранспорт уюмунун ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, ташуу өздүк наркынын түзүмүн жана рентабелдүүлүктү, транспортто эсепке алуу жана отчеттуулукту;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык конвенциялардын жана келишимдердин жүк ташууга, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү жоболорун;
- кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө, түшүрүүдө жана сактоодо болгон авариялардын негизги себептерин жана алардын кесепеттерин;
- жүктөрдү, анын ичинде кооптуу жүктөрдү классификациялоонун негиздерин, классификация принциптерин жана кооптуу жүктөрдүн класстарын, алардын жалпы мүнөздөмөсүн (физикалык, химиялык жана технологиялык касиеттерин) жана ДОПОГ талаптарына ылайык классификациялоонун өзгөчөлүктөрүн;
- таңгактоо жана идиштерге коюлган жалпы талаптарды, контейнерлерге, көп элементтүү газ контейнерлерине, орнотулган цистерналарга жана контейнер-цистерналарга, алмаштырылуучу жана көчмө цистерналарга коюлган талаптарды (түрлөрү, коддору, маркалоо, конструкция, баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр жана сыноолор), таңгактарды, контейнерлерди жана цистерналарды тандоо эрежелерин;
- маркалоо жазууларын, кооптуулук белгилерин, маалыматтык таблолорду жана кызгылт сары түстөгү тактайчаларды, алардын транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга жана идиштерге коюлушун жана алынышын;
- кооптуу жүктөрдү ташуу ыкмаларын (таңгакта ташуу, жапырт/сыпма түрүндө ташуу, орнотулган же алмаштырылуучу цистерналарда ташуу, контейнердик ташуулар, контейнерлердин түрлөрү жана негизги параметрлери);
- кооптуу жүктөрдүн ташылышына коюлган чектөөлөрдү жана уруксат берилбеген жүктөрдү, биргелешип жүктөөгө тыюу салууларды жана коопсуздук чараларын;
- кооптуу жүктөрдү тамак-аш азыктары, тиричилик буюмдары, мал азыктары жана башка жүктөр менен бирге ташууга коюлган атайын талаптарды;
- жүктөө-түшүрүү иштеринде коопсуздукту камсыздоо, жүктөрдү туура жайгаштыруу жана бекитүү, ар кандай жүктөрдү ташууга чейин жана кийин транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана/же дегазациялоо талаптарын;
- кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген айдоочуларды жана башка кызматкерлерди кесиптик даярдоонун маселелерин;
- айдоочу колдонгон документтерди: транспорттук-коштомо документтер, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр, транспорт каражатына уруксат берүү күбөлүгү, айдоочуну даярдоо жөнүндөгү ДОПОГ күбөлүгү, химиялык продукциянын коопсуздук паспорту ж.б. жана аларды толтуруу тартибин;
- жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдүн мазмунун, коргоочу жабдууларды жана кошумча коопсуздук каражаттарын;
- кооптуу жүктөрдү ташууда жол кыймылынын эрежелерин жана чектөөлөрдү, айдоочунун иш жана эс алуу режимин;
- транспорт каражаттарына коюлган талаптарды, ГЛОНАСС/GPS жана тахографтар сыяктуу борттук жабдууларды;
- жол кырсыгы жана өзгөчө кырдаалдарда айдоочунун жана экипаждын аракеттерин, коопсуздук боюнча алдын алуу чараларын;
- кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн;
- ташууга катышкан тараптардын милдеттерин жана жоопкерчилигин, көзөмөлдөө чараларын;
- кооптуу жүктөрдү ташууга колдонулуучу жеңилдетилген режимдерди;
- жогорку кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздук планын түзүү талаптарын;
- кооптуу жүктөрдү ташууда жылдык отчетту жана авариялар боюнча отчетторду түзүү эрежелерин.
5.2. Угуучу аткара билүүгө тийиш:
- кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актыларды иште колдоно билүү;
- кооптуу жүктөрдү далдаштырууну (идентификациялоону) жүргүзүү;
- нормативдик талаптарга шайкештикти текшерүү: кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын; ташууда жана жүктөө-түшүрүү иштеринде колдонулуучу жабдуулардын (анын ичинде транспорт каражаттарына орнотулган жабдуулардын); кооптуу жүктөрдү ташууга арналган таңгактардын, идиштердин, контейнерлердин жана цистерналардын;
- кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарында керектүү документтердин бар-жогун текшерүү жана алардын ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо;
- кооптуу жүктөрдү ташуу процессине тартылган персоналдын өз функцияларына ылайык келүүсүн баалоо;
- кооптуу жүктөрдү ташуу тармагында иштеген кызматкерлерге өндүрүштүк инструктаж өткөрүү жана анын жыйынтыгы боюнча текшерүүлөрдү (зачетторду) кабыл алуу;
- кооптуу жүктөрдү ташуу, жүктөө, түшүрүү же таңгактоо учурунда болгон олуттуу авариялардын, инциденттердин жана одоно бузулуулардын жагдайларын кызматтык иликтөө жүргүзүү жана зарыл учурда авария боюнча отчет түзүү;
- ишкананын кооптуу жүктөрдү ташуу ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту түзүү;
- жогорку кооптуу жүктөрдү ташууда ишкананын коопсуздук планын даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары камсыз кылууга тийиш:
- программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжаларына жетишүүнү;
- колдонулуучу окутуу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын угуучулардын категориясына ылайык келүүсүн, кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук талаптарга жооп берген жабдыланган окуу аудиторияларында жүргүзүлөт.
6.3. Теориялык жана практикалык сабактардын бир академиялык саатынын узактыгы 1 академиялык саат (45 мүнөт) болушу керек.
6.4. Программаны ишке ашыруучу педагогикалык кызматкерлер кошумча кесиптик программаларды ишке ашыруучу педагогдорго карата коюлган квалификациялык талаптарга, тиешелүү кызмат орундары боюнча квалификациялык справочниктерде жана (же) кесиптик стандарттарда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
«Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу» тартиби боюнча сабак өтүүчү окутуучулар кошумча төмөнкү талаптардын бирине жооп берүүгө тийиш:
- автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү болуу;
- автомобиль транспорту чөйрөсүндө, анын ичинде кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоону жана уюштурууну жүргүзгөн жетекчи илимий кызматкерлердин катарына кирүү;
- ДОПОГтун А тиркемесинин 1.8.3.7 пунктуна ылайык кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу боюнча консультанттын кесиптик даярдыгы тууралуу күбөлүккө ээ болуу.
6.5. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-усулдук шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуу-тематикалык план;
- календардык окуу графиги;
- билим берүү программасы;
- усулдук материалдар жана иштелмелер;
- сабактардын күн тартиби.
6.6. Программанын материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук камсыздалышы:
Компоненттердин аталышы | Саны, даана: |
Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: |
|
Компьютер | 1 |
Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 |
Экран (монитор, электрондук доска) | 1 |
Маалыматтык материалдар: |
|
| бир топту окутууга жетиштүү 1 комплект |
ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | эки окуучуга 1 комплект |
Маалыматтык стенд: |
|
Тиешелүү тиркемеси менен лицензиянын көчүрмөсү | 1 |
Окуу программасы | 1 |
Окуу-тематикалык план | 1 |
Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 |
Сабактардын күн тартиби | 1 |
Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 |
6.7. Аталган Программа боюнча окутууну аяктап, жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөн кийин, билим берүү ишин жүргүзгөн уюм угуучуга кесиптик даярдык тууралуу диплом берет.
6.8. Угуучулардын Программаны өздөштүрүү натыйжаларын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул натыйжалар жөнүндө маалыматты архивде сактоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт.
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Угуучулардын окуудагы жетишүүсүнө жүргүзүлүүчү учурдагы көзөмөл жана аралык аттестация (баалоо), алардын формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин белгилөө билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Квалификацияны жогорулатуу жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт, ал практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди текшерүүнү камтыйт (жазуу жүзүндөгү тапшырма түрүндө), ал оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн жана төмөнкү темаларды камтыйт:
- коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу боюнча жалпы чаралар;
- кооптуу жүктөрдү классификациялоо;
- таңгактоонун жалпы жоболору, анын ичинде цистерналарга, контейнер-цистерналарга, автоцистерналарга жана кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу башка транспорт каражаттарына тиешелүү талаптар;
- маркировкалоо жазуулары жана коркунуч белгилери;
- транспорттук-сопроводдук документтерде көрсөтүлүүчү маалыматтар;
- кооптуу жүктөрдү иштетүү жана жайгаштыруу;
- экипаж, кооптуу жүктөрдү ташууда кесиптик даярдык;
- транспорт каражатында болушу керек болгон документтер;
- кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү күбөлүктөр;
- ДОПОГ А тиркемесинин 5.4.3-бөлүмүнө ылайык жазма нускамалар;
- транспорттук жабдууларга коюлуучу талаптар.
7.3. Жыйынтыктоочу аттестация жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде өткөрүлөт.
7.4. Жыйынтыктоочу аттестациянын жыйынтыктары протокол менен таризделет.