Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
5-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (базалык курс)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (базалык курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы №379 «1957-жылдын 30-сентябрында Женевада кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу жөнүндө макулдашууга (ДОПОГ) кошулуусу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын негизинде билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыгып, бекитилген жумушчулар жана кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча жүргүзүлөт (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа).
1.3. Программанын максаты – автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана машыгууларды алуу.
1.4. ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2-бөлүмүндө каралган айдоочуну даярдоо тууралуу жарактуу күбөлүгү (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) жок айдоочуларды окутуу Типтүү программанын II - бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.5. ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочуларды окутуу Типтүү программанын III - главасында көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.6. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутуу беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл болгон билимдерди берүү үчүн Типтүү программада теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү, ошондой эле Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн квалификациялык экзамен түрүндө жыйынтыктоочу аттестация каралган.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси төмөнкүлөр менен белгиленет:
- Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутуу үчүн окуу планы;
- Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутуу үчүн окуу планы.
1.9. Типтүү программада айдоочунун биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча кыймыл-аракети, өрт өчүрүү жана ДОПОГдо каралган жазма нускамаларга ылайык башка аракеттерди камтыган жекече практикалык сабактар да каралган.
1.10. Типтүү программа жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу пландарынын темаларынын мазмунунан, пландалган жыйынтыктардан, ишке ашыруу шарттарынан жана баалоо системасынан турат.
1.11. Типтүү программанын II - главасына ылайык окутууга Кыргыз Республикасынын тиешелүү категориядагы кыргыз улуттук айдоочулук күбөлүгү бар жана ошол категория боюнча транспорт каражаттарынын айдоочусу катарында үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар айдоочулар кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тиешелүү категориядагы чет өлкөлүк же эл аралык айдоочулук күбөлүккө да жол берилет.
1.12. Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан Программалар боюнча Типтүү программанын III – главасында көрсөтүлгөн окуу планына ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүргүзгөн айдоочуларды кесиптик окутууга Типтүү программанын 1.11-пунктундагы талаптарга жооп берген жана жарактуу ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочулар кабыл алынат.
II. Типтик программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар, ДОПОГтун ролу | 2 | 2 | - |
2 | Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги коркунуч түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Калдык жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө | 2 | 2 | - |
3 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы жана жалпы мүнөздөмөсү | 2 | 1 | 1 |
4 | Маркалоо, коркунуч белгилери жана кызгылт сары түстөгү таблицалар | 2 | 1 | 1 |
5 | Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга, цистерналарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 4 | 3 | 1 |
6 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо документтер | 2 | 1 | 1 |
7 | Кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу | 4 | 3 | 1 |
8 | Айдоочунун жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги | 2 | 1 | 1 |
9 | Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары | 2 | 1 | 1 |
10 | Айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГто каралган жазма нускамаларга ылайык башка аракеттери | 2 | 1 | 1 |
11 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана шайкештик маселелери | 2 | 2 | - |
12 | Автотранспорт каражаттары катышкан кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуунун өзгөчөлүктөрү | 1 | 1 | - |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Жалпы окуу сааттары | 28 | 19 | 9 |
III. Типтик программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар, ДОПОГтун ролу | 1
| 1 | - |
2 | Кооптуу жүктөрдү ташууда негизги коркунуч түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Калдык жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө | 1
| 1 | - |
3 | Кооптуу жүктөрдүн классификациясы жана жалпы мүнөздөмөсү | 1 | 0,5 | 0,5 |
4 | Маркалоо, коркунуч белгилери жана кызгылт сары түстөгү таблицалар | 1 | 0,5 | 0,5 |
5 | Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга, цистерналарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 2 | 1 | 1 |
6 | Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо документтер | 1 | 0,5 | 0,5 |
7 | Кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу | 2 | 1 | 1 |
8 | Айдоочунун жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги | 1 | 0,5 | 0,5 |
9 | Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары | 1 | 0,5 | 0,5 |
10 | Айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГто каралган жазма нускамаларга ылайык башка аракеттери | 1 | 0,5 | 0,5 |
11 | Кооптуу жүктөрдү ташууда алып салуулар, чектөөлөр жана шайкештик маселелери | 1 | 1 | - |
12 | Автотранспорт каражаттары катышкан кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуунун өзгөчөлүктөрү | 1 | 1 | - |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Жалпы окуу сааттары | 15 | 9 | 6 |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
Кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар, ДОПОГтун ролу
4.1. ДОПОГ жөнүндө жалпы маалыматтар. Кыргыз Республикасынын ДОПОГко кошулуусу. ДОПОГтун А тиркемесинин жана В тиркемесинин түзүмү. ДОПОГтун катышуучулары. ДОПОГтун жоболорун кайра кароо жана жаңыртуу мөөнөттүүлүгү. Кыргыз Республикасында ДОПОГтун колдонуу чөйрөсү. Кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды даярдоого тиешелүү ДОПОГтун негизги жоболору. Мындай ташууларда коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын актуалдуулугу.
4.2. Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууга тиешелүү негизги ченем-укуктук актыларынын жоболору. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууга жана мындай ташууларда коопсуздукту камсыз кылууга тиешелүү эл аралык жана улуттук техникалык регламенттер жана стандарттар.
Кооптуу жүктөрдү ташуудагы негизги кооптуулуктун түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Калдыктарды ташууну көзөмөлдөө
4.3. Кооптуу жүктөрдү ташууда коркунуч түрлөрү: өрт кооптуулугу, жарылуу кооптуулугу, кычкылдандыруучу касиеттер, радиациялык коркунуч, инфекциялык коркунуч, уулуулук. Кооптуу заттардын адам организминин үстүнө дем алуу аркылуу, тери менен байланышта же ичке киргенде тийгизген таасири. Кооптуу заттар айлана-чөйрөгө түшкөндө келтирген зыяндуу таасирлери. Ар кандай коркунуч түрлөрүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуучу чаралар.
4.4. Кооптуу жүктөрдү ташууда авариялар жана жол-транспорт кырсыктарынын натыйжасында ар кандай коркунучтар пайда болгондо адамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары. Өндүрүштүк жана тиричилик калдыктары жана аларды ташууну көзөмөлдөө боюнча чаралар.
Кооптуу жүктөрдүн классификациясы жана жалпы мүнөздөмөсү
4.5. Классификациялоо принциптери. ДОПОГко ылайык кооптуу жүктөрдүн классификациясы. ДОПОГтун А тиркемесиндеги А таблицасы. Бириккен Улуттар Уюмунун Типтик эрежелеринен алынган заттын же буюмдун класстары жана төрт орундуу идентификациялык номери. Кооптуу жүктөрдүн тиешелүү жүктөө аталышы.
4.6. Кооптуу жүктөрдүн физикалык жана химиялык касиеттери (агымдуулук, тыгыздык, күйүүчүлүк, буулануу, жегичтик, уулуулук жана башка касиеттер). Кооптуу жүктөрдү аралаштырганда, күйгөндө, бууланганда, кайнаганда, аралашканда пайда болгон физика-химиялык процесстер; электростатикалык заряддардын пайда болушу жана башка процесстер.
4.7. Жогорку кооптуулуктагы жүктөр.
4.8. Автотранспорт каражаттары менен ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр.
4.9. Практикалык сабак сунушталган кооптуу жүктөрдүн түрлөрү боюнча ДОПОГтун А тиркемесинин «Кооптуу жүктөрдүн тизмеси» А таблицасын колдонууга багытталган.
Маркалоо, кооптуулук белгилери жана кызгылт сары түстөгү таблицалар
4.10. Маркировканын мазмуну жана кооптуу жүктөрдү ташууда буюмдарга, таңгактарга, контейнерлерге, цистерналарга жана атайын транспорт каражаттарына аны колдонуу боюнча ДОПОГ талаптары. Маркировканын түрлөрү жана эрежелери.
4.11. Коркунуч белгилери, алардын түрлөрү жана кооптуу жүктөрдү ташууда жайгаштыруу боюнча талаптар. Жогорку температурада ташылуучу заттар үчүн маркировкалоочу белги. Айлана-чөйрөгө кооптуу заттар үчүн маркировкалоочу белги. Литий батареялары үчүн маркировкалоочу белги.
4.12. Кызгылт сары түстөгү таблицаларды колдонуу менен транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди маркировкалоо. Аларга коюлуучу техникалык талаптар жана жайгаштыруу эрежелери.
4.13. Фумигацияланган транспорт каражаттарын жана контейнерлерди маркировкалоо. Маалыматтык камсыздоо боюнча талаптар, анын ичинде тиешелүү транспорттук документтерди тариздөө.
4.14. Муздатуу же кондициялоо максатында колдонулганда асфиксия коркунучун жараткан заттарды камтыган таңгактарды, транспорт каражаттарын жана контейнерлерди маркировкалоо.
4.15. Практикалык сабак сунушталган түрлөр жана типтер боюнча кооптуу жүктөрдү ташууда таңгактарды, транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды маркировкалоо талаптарын үйрөнүүгө багытталган.
Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, таңгактарга жана цистерналарга, ошондой эле таңгактоого жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар
4.16. Кооптуу жүктөрдү таңгакта, үймө/себилме түрүндө, температурасы жөнгө салынган шартта, контейнерлерде, алынуучу жана орнотулган цистерналарда, транспорттук пакеттерде ташуу үчүн транспорт каражаттары. ДОПОГтун В тиркемесинин 9-бөлүгүндө каралган атайын транспорт каражаттары: AT, EX/II, EX/III, FL жана MEMU. Алардын багыты жана кыскача мүнөздөмөсү. Автотранспорт каражаттарын техникалык кароо жана кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү системасы.
4.17. Кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарына коюлуучу өзгөчө талаптар. Өрт коркунучун алдын алуу боюнча техникалык жоболор, ошондой эле электр жабдууларына, тормоз системасына, ылдамдыкты чектөөчү түзмөктөргө, чиркегич жабдууларга коюлуучу талаптар. Эл аралык ташууларда колдонулуучу транспорт каражаттарынын негизги параметрлери. Сары же кызгылт сары түстөгү жаркылдоочу маяктар.
4.18. Кошумча жабдуулардын тизмеси жана аларга коюлуучу талаптар. Транспорт каражаттарында орнотулган жабдуулардын максаты жана колдонуу ыкмалары. ГЛОНАСС/GPS борттук түзмөктөрү, өлчөө-көзөмөлдөө приборлору, тахографтар. Өрт өчүрүү каражаттары. Өрт өчүргүчтөр жана алардын мүнөздөмөлөрү. Токтотуучу башмактар, авариялык жилет, көздү жуу үчүн суюктук, коргоочу көз айнек, өз таянычы бар эскертүү белгилери, күрөк, көчмө жарык берүүчү шайман.
4.19. Таңгактарды, басым астындагы идиштерди, орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнерлерди жана ири габариттүү таңгактарды даярдоо жана сыноо талаптары. Таңгактардын, орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнерлердин жана ири габариттүү таңгактардын коддору жана аларга маркалоо белгилерин коюунун өзгөчөлүктөрү. Инфекциялык заттар үчүн таңгактарды даярдоо, сыноо жана маркировкалоонун өзгөчөлүктөрү.
4.20. Контейнерлердин түрлөрү жана алардын багыты. Аларга коюлуучу техникалык талаптар. Кооптуу жүктү жүктөөдөн мурда контейнерди алдын ала текшерүү.
4.21. Таңгактоого коюлуучу талаптар.
4.22. Практикалык сабак белгиленген номенклатура боюнча кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарынын түрүн тандоого, кошумча жабдууларды жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук-коштомо документтер
4.23. Кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорттук-коштомо документтер: транспорттук накладная (эл аралык ташууда – CMR эл аралык товар-транспорттук накладнаясы), транспорт каражатын кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү күбөлүгү, транспорт каражатынын каттоо документтери, камсыздандыруу полиси, жол баракча, кооптуу жүктөрдү ташууга атайын уруксаттар, таңгакка сертификат, айдоочунун ДОПОГ боюнча даярдык күбөлүгү, жазма нускамалар, оор салмактагы жана (же) ири габариттүү транспорт каражаттары үчүн жолдо жүрүүгө атайын уруксат (зарыл болсо), Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык ташууда кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттары үчүн атайын уруксаттар, контейнерди жүктөө күбөлүгү (мультимодалдык ташууда), химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (зарыл учурларда). Алардын колдонулушу жана тариздөө тартиби.
4.24. Транспорттук-коштомо документтердин мазмунуна жана толтуруу тартибине коюлуучу талаптар.
4.25. Практикалык сабак жазма нускамаларды колдонууга, транспорттук коштомо кагазды айдоочулар жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптар тарабынан толтурууга тапшырмада сунушталган берилген тизмеге ылайык багытталган.
Кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу
4.26. Кооптуу жүктөрдү ташууну ишке ашырууга даярдык көрүү чаралары (зарыл транспорттук-коштомо документтерди тариздөө, транспорт каражатын каттам алдындагы текшерүү, айдоочунун каттам алдындагы жана каттамдан кийинки медициналык кароосу).
4.27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелери» жана айдоочу тарабынан кооптуу жүктөрдү ташууда алардын талаптарын аткаруу. Ташууга катышкан тараптардын транспорт
каражаттарында жүктөрдү жайгаштыруу жана бекитүү, таразалоо, цистерналарды толтуруу, ташуу учурунда коштоо боюнча милдеттери.
4.28. Транспорт каражатынын кыймылы учурунда жана жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары. Кооптуу жүктү жүктөө-түшүрүү жерине коюлуучу талаптар. Транспорт каражаттарынын кузовдорун жүктөө ыкмалары. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо жана жайгаштыруу, аларды транспорт каражаттарынын кузовунда коопсуз бекитүү ыкмалары.
4.29. Кооптуу жүктөрдү автожол тоннелдери аркылуу ташуу. Тоннелдердин категориялары. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын тоннелдер аркылуу өтүүсүнө коюлган чектөөлөр. Кооптуу жүктөрдү ташууда жол белгилери жана сигналдар.
4.30. Тазаланбаган таңгактарды жана кооптуу калдыктарды ташуу. Транспорт каражаттарын, таңгактарды жана кузовдорду жүктөөдөн мурун жана түшүргөндөн кийин тазалоо жана/же дегазациялоо.
4.31. Жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташууну уюштурууга коюлуучу талаптар.
4.32. Кооптуу жүктөрдү эл аралык ташуунун өзгөчөлүктөрү.
4.33. Практикалык сабак берилген шарттарда кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражатынын түрүн жана кыймыл маршрутуна тандоо жүргүзүүгө багытталган.
Айдоочунун жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги
4.34. Кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан айдоочунун, жүк жөнөтүүчүнүн жана жүк алуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги. Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерине ылайык милдеттерди бөлүштүрүү. Кооптуу жүктөрдү ташууда айдоочуларга жана экипаж мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар; айдоочу эмне кылышы керек жана эмне кылууга тыюу салынат.
4.35. Айдоочулардын жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптардын жоопкерчилигине тиешелүү административдик, кылмыш жана жарандык мыйзамдар.
4.36. Кооптуу жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө.
Кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөөдө жана түшүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу чаралары
4.37. Каттам алдында айдоочунун, автоунаанын жана жүктүн абалын текшерүү. Айдоочуга каттам алдындагы инструктаж өткөрүү.
4.38. Кооптуу жүктү ташууда жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө жана транспорт каражатынын кыймылы учурунда коопсуздук чаралары. Ылдамдыктын, аралыкты сактоонун таасири. Жол параметрлеринин транспорт каражатынын башкарылышына жана туруктуулугуна таасири. Жүктөмдүн таасирин эске алуу менен автоунаанын динамикалык мүнөздөмөлөрү. Кыймыл траекториясынын өзгөрүшүндө жүккө таасир этүүчү күчтөр.
4.39. Жол кырдаалын талдоонун негизинде жол кыймылындагы мүмкүн болгон коркунучту баалоо жана айдоочунун типтүү каталары. Ар кандай коркунуч түрлөрүнө ылайык коопсуздук чаралары.
Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГко ылайык жазма нускамалар менен белгиленген кырдаалда айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттери
4.40. ДОПОГго ылайык авариялык кырдаалдар пайда болгондо айдоочунун жазма нускамалары жана аракеттери. Коопсуздук чаралары.
4.41. Тийиштүү авариялык кызматтарды кабарлоо. Авария учурунда колдонулуучу байланыш жана маалымат каражаттары.
4.42. Жол кыймылынын катышуучуларын жана компетенттүү органдарды кабарлоо. Авариялык токтотуу белгисин жана кызгылт сары жарык сигналдары бар чырактарды орнотуу эрежелери. ЭРА-ГЛОНАСС системасын колдонуу.
4.43. Курчап
чөйрөгө же канализация системасына агып кетүүнү алдын алуу үчүн транспорт каражаттарындагы кошумча жабдууларды колдонуу. Төгүлгөн же чачылган заттарды локалдаштыруу.
4.44. Жаракаттар, жылуулук жана химиялык жабыркоолор, курч уулануулар, күйүктөр жана үшүк алуу, кан кетүү, сөөк сынууларында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү. Жеке коргонуу каражаттарынын түрлөрү (атайын кийим, атайын бут кийим). Дем алуу органдарын коргоочу каражаттар (противогаздар, респираторлор). Кооптуу жүктөр менен болгон кырсыктарда айдоочунун жеке коргонуу каражаттарын колдонуу. Жол-транспорт кырсыктарында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечка (автомобиль аптечкасы).
4.45. Өрттү өчүрүү каражаттары. Транспорт каражатында кооптуу жүк күйүп кеткен учурда өрт өчүргүчтөрдү жана башка өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу.
4.46. Автотранспорт каражаттарында кооптуу жүктөрдү коопсуз жайгаштыруу жана бекитүүнү камсыз кылуу талаптары. Жүктөрдүн ишенимдүү бекитилиши үчүн ташуучу менен жүктү жөнөтүүчүнүн жоопкерчилиги.
4.47. Практикалык сабак жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган. Биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары. Белгиленген шарттарда өрт өчүргүчтү жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.
Кооптуу жүктөрдү ташуудагы алып коюулар, чектөөлөр жана шайкештик маселелери
4.48. Кооптуу жүктөрдү ташууда ДОПОГдун колдонуу чөйрөсү.
4.49. Автомобиль транспорту менен ташууга жол берилбеген кооптуу заттар жана буюмдар. ДОПОГдун жоболору колдонулбаган кооптуу жүктөрдү ташуу учурлары. ДОПОГдо каралган жеңилдетүүлөр, анын ичинде транспорттук операциянын мүнөзүнө байланышкан жеңилдетүүлөр; суюк күйүүчү майларды, газдарды, литий батареяларын жана бош, тазаланбаган таңгактарды ташууга байланышкан жеңилдетүүлөр; бир транспорттук бирдик менен ташылуучу кооптуу жүктөрдүн чектелген көлөмүнө байланышкан жеңилдетүүлөр; ташуу учурунда муздатуу же кондициялоо үчүн колдонулган кооптуу жүктөргө байланышкан жеңилдетүүлөр (ДОПОГдун А тиркемесинин 1.1.3-бөлүмү).
4.50. Автожол тоннелдери аркылуу кооптуу жүктөрдү ташууга коюлган чектөөлөр.
4.51. Бир транспорт каражатында ар кандай кооптуулук белгилери бар кооптуу жүктөрдүн шайкештиги. Бир эле транспорт каражатына же бир эле контейнерге биргелешип жүктөөгө тыюу салуу.
4.52. Кооптуу жүктөрдү тамак-аш азыктары, үй тиричилик буюмдары, жаныбарлар үчүн тоют жана башка жүктөр менен бирге ташууга байланышкан атайын талаптар.
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту катышуусундагы мультимодалдык ташуулардын өзгөчөлүктөрү
4.53. Автомобиль транспорту катышкан кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташуунун өзгөчөлүктөрү. Чоң көлөмдүү контейнерлерди, алмашма кузовдорду жана транспорттук пакеттерди колдонуу. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууда зарыл болгон транспорттук-коштоочу документтерди тариздөө жана башка транспорт түрлөрүнө тиешелүү талаптарды сактоо. Деңиз транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууда контейнерди жүктөгөндүгү тууралуу күбөлүк. Кооптуу жүктөрдү мультимодалдык ташууда эске алынуучу эл аралык келишимдер.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландалган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу жалпы талаптар;
- кооптуу жүктөрдү ташууда негизги кооптуулук түрлөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары, анын ичинде кооптуу калдыктарды ташууга көзөмөл жүргүзүү;
- автотранспорт каражаттары менен кооптуу жүктөрдү ташууга байланышкан авариялардын кеңири таралган себептери жана мындай авариялардын кесепеттери;
- кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары. Авария болгон учурда көрүлүүчү чаралар;
- кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу таңгактарга, ири көлөмдүү тарага, контейнерлерге жана цистерналарга карата жалпы талаптар;
- кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорт каражаттарына, кошумча жабдууларга жана өрт өчүрүү каражаттарына карата талаптар;
- маркалоо, кооптуулук белгилери жана кызгылт сары түстөгү тактайчалар;
- транспорт каражатында болушу зарыл болгон документтер: транспорттук-коштоочу жана башка документтер жана аларды толтуруу тартиби, анын ичинде жазма нускамалар, транспорт каражатын колдонууга уруксат күбөлүгү, айдоочунун ДОПОГ даярдыгы тууралуу күбөлүк, химиялык продукциянын коопсуздук паспорту жана анын колдонулуу чөйрөсү, жогорку кооптуулуктагы жүктөргө атайын уруксаттар, оор салмактуу жана (же) ири көлөмдүү транспорт каражаттарын автомобиль жолдору менен жүрүүгө уруксаттар жана кооптуу жүктөрдү ташууга зарыл болгон башка документтер;
- ташуу ыкмалары жана ташылуучу кооптуу жүктөрдүн көлөмүнө байланышкан чектөөлөр;
- жогорку кооптуулуктагы жүктөрдү ташуу;
- кооптуу жүктөрдү ташууда шайкештик маселелери жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары;
- кооптуу жүктөрдү кооптуу эмес заттар жана буюмдар менен бирге ташууга карата атайын талаптар;
- ДОПОГдун А тиркемесинин 1.1.3.6-пунктунда көрсөтүлгөн максималдуу көлөмдөрдү ашырбастан кооптуу жүктөрдү ташууга карата талаптар;
- кооптуу жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү талаптары;
- кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана цистерналарды тазалоо жана (же) газсыздандыруу талаптары;
- белгиленген маршруттар боюнча кыймыл шарттары жана режимдери, анын ичинде автожол тоннелдери менен өтүүгө чектөөлөр;
- кооптуу жүктөрдү ташууда катышуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жарандык жоопкерчиликтин түрлөрү;
- автотранспорт каражаттары катышкан мультимодалдык кооптуу жүк ташуулардын өзгөчөлүктөрү;
- кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуга жана башка экипаж мүчөлөрүнө коюлган талаптар;
- борттук жабдуулар жана спутниктик навигация каражаттары, анын ичинде ЭРА-ГЛОНАСС системасы аркылуу маалыматтык камсыздоо.
5.2. Окуучу төмөнкүлөрдү аткара билүүгө тийиш:
- кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражаттарынын, таранын, контейнерлердин жана жүктү бекитүү каражаттарынын жарамдуулугун текшерүү;
- транспорт каражатындагы кошумча жабдуулардын жана жүктөө-түшүрүү операцияларына арналган түзүлүштөрдүн ишке жарамдуулугун текшерүү;
- борттук маалыматтык камсыздоо түзүлүштөрүнүн ишке жарамдуулугун текшерүү жана аларды колдонуу;
- транспорттук-коштоочу документтердин нормативдик талаптарга шайкештигин текшерүү жана зарыл учурларда аларды толтуруу;
- ДОПОГго ылайык жазма нускамаларды колдонуу;
- кошумча жабдууларды, жеке коргонуу каражаттарын жана өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу;
- жол-транспорт кырсыгы же авария учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү;
- кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда жол-транспорт кырсыгынын же авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландалган натыйжаларына жетишүү; окутуунун колдонулуучу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайкеш келиши.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык талаптарга жооп берген жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлүүгө тийиш.
Окуу саатынын узактыгы теориялык жана практикалык сабактар үчүн бир академиялык саат (45 мүнөт) түзөт.
Программада каралган биринчи жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү жана ДОПОГго ылайык жазма нускамаларда белгиленген башка аракеттер боюнча практикалык сабактарга бөлүнгөн убакыт Типтүү программада каралган көлөмдө бөлүнөт, 5 окуучуга 1 академиялык саат эсебинде.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-методикалык талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуу планы;
- календардык окуу графиги;
-Программа;
- методикалык материалдар жана иштеп чыгуулар;
-сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашыруунун материалдык-техникалык талаптары:
Аталышы | Саны |
Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар | 1 даана |
Компьютер | 1 даана |
Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 даана |
Экран (монитор, электрондук доска) | 1 даана |
Жүрөк-өпкө жана мээ реанимациясын машыктыруу үчүн тренажер | 1 даана |
Жогорку дем алуу жолдорунун өткөрүмдүүлүгүн калыбына келтирүү ыкмаларын үйрөтүүчү манекен-тренажер | 1 даана |
Биринчи жардам көрсөтүү каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Жеке коргонуу каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Өрт өчүрүү каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Маалыматтык материалдар |
|
Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутуу материалдарын камтыган окуу-методикалык колдонмолор. Алар басма түрүндө, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер жана презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
ДОПОГ го А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Маалыматтык стенд |
|
Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 даана |
Кесиптик окутуу программасы | 1 даана |
Окуу планы | 1 даана |
Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 даана |
Сабактардын ырааттамасы | 1 даана |
Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 даана |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын учурдагы жетишүүсүн көзөмөлдөө жана аралык баалоо формаларын, алардын мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин аныктоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу квалификациялык экзамен түрүндөгү жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт. Ал практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди текшерүүнү камтыйт, ал жазуу түрүндөгү тапшырма формасында жүргүзүлөт жана кошумча оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга базалык даярдоо курсу боюнча кеминде 25 жазуу түрүндөгү суроо берилүүгө тийиш.
7.3. Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Квалификациялык документ (жумушчу кесибинин, кызматчынын кызмат орду боюнча күбөлүк), окуу ишин ийгиликтүү аяктаган окуучуларга билим берүү уюму тарабынан берилет жана анын формасы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет.
7.6. Окуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүү натыйжаларын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул натыйжалар тууралуу маалыматтарды архивде сактоо билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт.