Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 3-июлу № 132/20-6
Токмок шаарынын мэриясына Токмок шаары, Советский көчөсү 123 “б” дарегинде
жайгашкан муниципалдык менчикте турган, аянты 0,10 га жер тилкени Токмок шаары,
Казахстанский көчөсү №23 “к” дарегинде жайгашкан (мурунку мал базар) жеке менчикте
турган 1,5 га жер тилкесине алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 24-июнундагы №1-22/3668 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 24-июнундагы №26 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаары,Советский көчөсү 123 “б” дарегинде жайгашкан муниципалдык менчикте турган, аянты 0,10 га жер тилкени Токмок шаары, Казахстанский көчөсү №23 “к” дарегинде жайгашкан (мурунку мал базар) жеке менчикте турган 1,5 га жер тилкесине алмаштырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Алмашуу жана жер укугун мамлекеттик катоо процедуралары аяктагандан кийин, Токмок шаары,Казахстанский көчөсү №23 “к” дарегинде жайгашкан (мурунку мал базар) жалпы аянты 1,5 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
3.Бул токтом Токмок шаардык кеӊешинин сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4860 расмий сайтында жарыяланды
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |