Редакцияот 03.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 3-июлу №133/20-6

Токмок шаарынын калкын суу менен камсыздоо жана шаардын суу менен

камсыздоо жана канализация системаларын тейлөө боюнча келип чыккан

чыгымдарды жабуу үчүн 19 922,0 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды

жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-июнундагы №1-13/3497 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 01‑июлундагы отурумунун №30 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Токмок Водоканал" муниципалдык ишканасынын Токмок шаарынын калкын суу менен камсыздоо жана шаардын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын тейлөө боюнча келип чыккан чыгымдарды жабуу үчүн, Токмок шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына каралган бюджеттик каражаттарды 3111 "Имараттар жана курулуштар" беренесинен 2511 "Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар" беренесине 19 922,0 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2.«Токмок Водоканал» муниципалдык ишканасынын директору (Байышов А.Д.) болүнгөн каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.

4.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

2026-жылдын 8-июлунда http://gk.tokmokcity.kg/4863 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

М.Т.Тынайбеков