Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
6-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналарда ташуу боюнча адистештирилген курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык жолдор менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды кесиптик окутуу билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан Типтүү программанын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген жумушчулардын жана кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча жүргүзүлөт (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа).
1.3. Программанын максаты – автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өздөштүртүү болуп саналат.
1.4. ДОПОГдун В тиркемесинин 8.2-бөлүмүндө каралган айдоочуну даярдоо тууралуу жарактуу күбөлүгү (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) жок кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын II-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программа негизинде жүргүзүлөт.
1.5. ДОПОГ күбөлүгү бар кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын III-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программа негизинде жүргүзүлөт.
1.6. 1.5-пунктта көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуу ар беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл билимдерди берүү үчүн Типтүү программада билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү каралган, ал эми Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн жыйынтыктоочу аттестация квалификациялык экзамен түрүндө жүргүзүлөт.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси аныкталат:
- Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы;
- Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы.
1.9. Типтүү программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГго ылайык жазма нускамаларда каралган башка аракеттерди камтыйт.
1.10. Типтүү программанын мазмуну жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу пландарынын темаларынын мазмунунан, Программаны өздөштүрүүнүн пландалган натыйжаларынан, Типтүү программаны ишке ашыруу шарттарынан жана Программаны өздөштүрүү натыйжаларын баалоо системасынан турат.
1.11. Типтүү программанын II-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык иштелип чыккан Программалар боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутууга тиешелүү категориядагы кыргыз улуттук айдоочулук күбөлүгү бар жана ошол категориядагы транспорт каражатын айдоочу катары кеминде үч жыл иш стажы бар айдоочулар кабыл алынат. Билим берүү жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тиешелүү категориядагы чет өлкөлүк улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн болушуна жол берилет.
1.12. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларды даярдоо үчүн кесиптик окууга, типтүү программанын III-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан Программалар боюнча, 1.11-пункттун талаптарына жооп берген жана ДОПОГ күбөлүгүнүн жарактуу күбөлүгүнө ээ болгон айдоочулар кабыл алынат.
II. 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү программанын негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | Цистерналарга, транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга карата коюлуучу атайын талаптар | 3 | 3 | - |
2 | Жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрү | 3 | 2 | 1 |
3 | Цистерналарды толтуруу жана бошотуу боюнча ар кандай системалар жаатындагы жалпы теориялык билимдер | 3 | 3 | - |
4 | Цистерналарды жана транспорттук каражаттарды колдонууга тиешелүү атайын кошумча жоболор | 3 | 2 | 1 |
5 | ДОПОГго ылайык цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда жазма нускамаларга ылайык жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттер боюнча айдоочунун иш-аракеттери | 3 | 2 | 1 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Бардык окуу сааттары | 16 | 12 | 4 |
III. 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү программанын негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | Цистерналарга, транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга карата коюлуучу атайын талаптар | 1,5 | 1,5 | - |
2 | Жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрү | 1 | 1 | - |
3 | Цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары жаатындагы жалпы теориялык билимдер | 1,5 | 1,5 | - |
4 | Цистерналарды жана транспорттук каражаттарды колдонууга тиешелүү атайын кошумча жоболор | 1,5 | 1 | 0,5 |
5 | ДОПОГго ылайык цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда жазма нускамаларга ылайык жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттер боюнча айдоочунун иш-аракеттери | 1,5 | 1 | 0,5 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Бардык окуу сааттары | 8 | 6 | 2 |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
Цистерналарга, транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу атайын талаптар
4.1. Цистерналардын түрлөрү жана алардын колдонулушу: цистерна,
орнотулган цистерна (автоцистерна), алынма цистерна, контейнер-цистерна, көчмө цистерна, көп элементтүү газ контейнер, транспорттук каражат-батарея. 4.2. Коопсуздук талаптарына жараша цистерналардын түрлөрү: жогорку басымда жүк ташуучу цистерналар, нормалдуу басымдагы цистерналар, бошотуу үчүн басым колдонулуучу цистерналар, вакуумдук цистерналар. Бир секциялуу жана көп секциялуу цистерналар. 4.3. ДОПОГтун А тиркемесинин 6.8.2, 6.8.3, 6.8.5 бөлүмдөрүнө ылайык жана Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин ББТР 018/2011 тиркемесинин 1.18 жана 1.20-пункттарына ылайык, 2-класс «Газдар» (кысытылган газ, жогорку жана төмөн басымдагы суюлтулган газ, муздатылган суюлтулган газ жана башка газдар) жана 3-класс «Оңой тутануучу суюктуктар» (нефть продуктулары, суюк углеводороддор, анын ичинде мотор бензини, дизелдик отун жана башка оңой тутануучу суюктуктар) цистерналарда ташууда транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу атайын талаптар. 4.4. Кооптуу жүктөр үчүн колдонулуучу цистерналардын коддору. 4.5. Цистерналардын конструкциясына коюлуучу талаптар. Алардын даярдалуусунда колдонулуучу конструкциялык материалдар. 4.6. Орнотулган цистерналарга (автоцистерналарга), ошондой эле ар кандай көлөмдөгү алынма цистерналарга, контейнер-цистерналарга, алынма цистерна кузовдоруна, транспорттук каражат-батареяларга жана көп элементтүү газ контейнерлерге карата кошумча талаптар.
4.7. Коопсуздукту камсыз кылуучу жабдуулар (коопсуздук клапандары, жарылуучу мембраналар, тез жабылуучу клапандар, температура өлчөгүч приборлор, эсептегичтер, 5.2-класс «Органикалык пероксиддер» заттарын ташууда басымды теңдөөчү түзүлүштөр) жана башка түзүлүштөр (ДОПОГтун А тиркемесинин 6.8.2.2-бөлүмчөсү). 4.8. Орнотулган, алынма жана көчмө цистерналарга, контейнер-цистерналарга, алынма цистерна кузовдоруна, транспорттук каражат-батареяларга жана МЭГКга коюлуучу талаптар. Герметикалуулук жана отко туруктуулук талаптары.
4.9. 5.1-класс «Окистөөчү заттар», 6.1-класс «Уулуу заттар», 8-класс «Коррозиялоочу заттар» боюнча кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук каражаттарга жана цистерналарга коюлуучу талаптар (ДОПОГтун В тиркемесинин 9.2 жана 9.8-бөлүмдөрү).
4.10. Практикалык сабак – сунушталган номенклатура боюнча жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрүнө байланышкан аракеттерди өздөштүрүү.
Жүктөлгөн жана бош цистерналары бар транспорттук каражаттардын кыймылынын өзгөчөлүктөрү
4.11. Кыймыл учурунда пайда болуучу күчтөр, анын ичинде цистерна ичиндеги жүктүн жылышы; алардын транспорттук каражаттын туруктуулугуна жана башкарылышына тийгизген таасири.
4.12. Суюк жүктөрдү ташууда жана цистерна жарым-жартылай толтурулганда транспорттук каражатты башкаруунун өзгөчөлүктөрү. 4.13. Цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздук чаралары. 4.14. Кооптуу жүктөрдү цистерналарда ташууга транспорттук каражатты жана жабдууну даярдоонун өзгөчөлүктөрү.
4.15. Цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда келип чыгышы мүмкүн болгон кооптуу кырдаалдар: жүктөө учурунда заттардын аралашуусунан келип чыккан кооптуу реакциялар, жарылуу коркунучу (цистернанын жарылып кетүү коркунучу), тутануу коркунучу.
Цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары боюнча жалпы теориялык билимдер
4.16. Цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары: бошотуу системасынын түзүүчү элементтери; бошотуу системаларынын түрлөрү; цистерналарды толтуруу ыкмалары; цистерналарды бошотуу ыкмалары. 4.17. Цистернага толтуруу жана суюлтулган газды агызуу. Цистерналарды толтуруу деңгээли.
4.18. Цистернанын аралашкан тосулган бөлүкчөсүндө кооптуу жүктөрдү жайгаштырууга коюлуучу талаптар. Көп секциялуу цистерналарды жүктөө тартиби.
4.19. Жүктөөдөн мурун жана түшүрүүдөн кийин цистерналарды тазалоо жана (же) дегазациялоо.
4.20. Цистерналарды толтуруу, бошотуу жана газдардын кайра айланышы учурунда жабык газ алмашуу системасы: электростатикалык разряддын пайда болуу коркунучу. Цистерналарды жүктөө жана түшүрүү жайларында коопсуздукту камсыздоо чаралары.
Цистерналарды жана транспорттук каражаттарды колдонууга байланышкан атайын кошумча жоболор
4.21. Орнотулган цистерналарды (автоцистерналары), алынма цистерналарды, контейнер-цистерналарды жана металл материалдардан жасалган корпусу бар алынма цистерна кузовдорун, ошондой эле транспорттук каражат-батареяларды жана көп элементтүү газ контейнерин (КЭГКны) колдонуу.
4.22. Арматураланган була пластмассадан жасалган цистерналарды, таштандылар үчүн вакуумдук цистерналарды колдонуу. Көчмө цистерналарды жана КЭГКны колдонуу.
4.23. 3-класс «Оңой тутануучу суюктуктар» (нефть продуктулары, суюк углеводороддор, анын ичинде мотор бензини, дизелдик отун жана башка оңой тутануучу суюктуктар), 5.2-класс «Органикалык пероксиддер», 4.1-класс өзүнөн өзү реакцияга кирүүчү заттар, 7-класс жана 8-класс заттарын цистерналарда ташууга тиешелүү кошумча жоболор. Эритүү температурасы жогору болгон шартта ташылуучу катуу заттарга тиешелүү кошумча талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 4.3.5-бөлүмү, 4.4, 4.5, 7.1-бөлүмдөрү, В тиркемесинин 8.5-главасы).
4.24. Транспорттук каражаттардын, көчмө цистерналардын, контейнер-цистерналардын, КЭГКнын, алынма цистерналардын жана транспорттук каражат-батареялардын коркунуч белгилери жана кызгылт сары табличкалар менен маркировкаланышы. Кооптуулуктун идентификациялык номери. Жогорку температурада ташылуучу заттар үчүн автоцистерналарды маркалоонун атайын талаптары. Цистерналардын жана транспорттук каражаттардын эксплуатацияга берүүнү тастыктоочу маркалоо.
4.25. Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн арналган цистерналардын алгачкы жана мезгилдүү текшерүүлөрү.
4.26. Практикалык сабак ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2.2.3.8-пунктуна ылайык сунушталган тизмеге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууда цистерналарды маркировкалоонун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан аракеттерди өздөштүрүүгө багытталган. Кооптуулуктун идентификациялык номерлерин аныктоо.
ДОПОГдо аныкталган цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташууда жазма нускамаларга ылайык айдоочунун аракеттери: жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана башка аракеттер
4.27. Транспорттук авариялар учурунда аракеттер, ДОПОГ тарабынан бекитилген жана жазма нускамаларында көрсөтүлгөн чараларды туура аткаруу. 4.28. Булгоону локализациялоо чаралары, кооптуу жүктөрдүн кооптуу касиеттерин нейтралдаштыруу; цистернадан төгүлгөн же агып чыккан кооптуу заттарды жоюу каражаттары.
4.29. Жаракаттарда, термикалык жана химиялык жабыркоолордо, курч ууланууларда, күйүктөрдө жана үшүк алууда, кан кетүүдө, сыныктарда биринчи жардам көрсөтүү. Жеке коргонуу каражаттарынын түрлөрү (атайын кийим, атайын бут кийим).
4.30. Дем алуу органдарын коргоочу жеке каражаттар (газкаскалар, респираторлор). Кооптуу жүктөр менен болгон инциденттерде айдоочунун жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.
4.31. Өрттү өчүрүү каражаттары. Транспорт каражатында кооптуу жүк тутанганда өрт өчүргүчтөрдү жана башка каражаттарды колдонуу. 4.32. Практикалык сабак – цистерналар бузулган учурда жана кооптуу жүктөр агып чыккан кырдаалда аракеттерди өздөштүрүү.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында окутулуучу билиши керек:
- цистерналарда кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу жаатындагы мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын негизги талаптары; цистерналар менен ташууда мүнөздүү болгон коркунуч түрлөрү;
- кыймыл учурунда цистерналардын жана транспорт каражаттарынын жүрүм-туруму;
- кыймыл учурунда цистерналарды жана транспорт каражаттарын башкаруунун өзгөчөлүктөрү;
- цистерналардын түрлөрү жана коддору;
- ар кандай класстагы кооптуу жүктөрдү цистерналар менен ташууда транспорттук каражаттарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу атайын талаптар;
- цистерналарды толтуруу жана бошотуу системалары;
- маркалоо жана кызгылт сары тактайларга коюлуучу талаптар;
- авариялык кырдаалда аткарылуучу аракеттер;
- цистерналар менен ташууда кооптуу жүктөрдүн агып чыгышын локализациялоо жана нейтралдаштыруу чаралары.
5.2. Окутулуучу аткара билиши керек:
- цистерналарда кооптуу жүктөрдү ташуу жаатындагы тиешелүү нормативдик укуктук актыларды колдонуу;
- цистерналар менен ташууда транспорттук каражаттарга орнотулган кошумча жабдууларды колдонуу;
- цистерналарды коштоо жана кооптуу жүктөр агып чыккан учурларда кошумча жана атайын билимдерди колдонуу;
- авария учурунда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны толук көлөмдө өздөштүрүү боюнча пландаштырылган натыйжаларга жетишүү; окутуунун формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайкештиги.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык талаптарга жооп берген атайын жабдылган окуу аудиторияларында өткөрүлүүгө тийиш.
Окуу саатынын узактыгы теориялык жана практикалык сабактар үчүн 1 академиялык саат (45 мүнөт) деп белгиленет. Бир окуу саатынын алкагында каралган практикалык сабактар (биринчи жардам, өрттү өчүрүү жана авария учурундагы аракеттер) беш окуучуга бир академиялык саат эсеп менен бөлүнөт.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-методикалык талаптарына төмөнкүлөр кирет:
- окуу планы;
- календардык окуу графиги;
- Программа;
- методикалык материалдар жана иштелмелер;
- сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашыруучу материалдык-техникалык талаптар:
Аталышы | Саны |
Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар | 1 даана |
Компьютер | 1 даана |
Мультимедиялык проектор же телевизор | 1 даана |
Экран (монитор, электрондук доска) | 1 даана |
Жеке коргонуу каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Өрттү өчүрүү каражаттары | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Маалыматтык материалдар |
|
Окуу-методикалык колдонмолор, Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутууга арналган материалдарды камтыйт. Алар басма китептер, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө болушу мүмкүн |
|
ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Маалыматтык стенд |
|
Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Кесиптик окутуу программасы | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
Окуу планы |
|
Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 даана |
Сабактардын ырааттамасы |
|
Интернеттеги расмий веб-сайттын дареги |
|
VII. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын учурдагы жетишүүсүн көзөмөлдөө жана аралык баалоону жүргүзүү, баалоонун формаларын, мезгилдүүлүгүн жана тартибин белгилөө билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу квалификациялык экзамен түрүндөгү жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт. Ал практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди жазуу түрүндөгү тапшырма менен текшерүүнү камтыйт, зарыл учурда оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга цистерналар менен ташуу боюнча атайын курстун алкагында кеминде 15 жазуу суроосу берилүүгө тийиш.
7.3. Квалификациялык экзамен учурунда практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан окуучуларга квалификацияны тастыктоочу документ (жумушчу кесип же кызмат оруну боюнча күбөлүк) берилет. Ал ийгиликтүү квалификациялык экзаменди тапшыруу шартында берилет жана анын үлгүсү уюм тарабынан өз алдынча белгиленген бланкта таризделет.
7.6. Окуучулардын окуу программасын өздөштүрүү жыйынтыктарын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул маалыматтарды кагаз түрүндө жана (же) электрондук түрдө архивде сактоо билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.