Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июну № 432
Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-статьясынын 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539 «Финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев