Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 432 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизингдик компаниялардын ишин жөнгө салуу тартибин, лизингдик операцияларды жүргүзүү тартибин, лизингдик компаниялардын уставдык капиталын жана финансылык каражаттарын түзүү тартибин, кызмат адамдарына (жооптуу адамдарга) коюлуучу квалификациялык талаптарды жана алардын лизинг ишиндеги милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу үчүн компетенттүүлүк, квалификация жана ак ниеттүүлүк деңгээлине ылайык келтирүү максатында алардын макулдашуу тартибин белгилейт.
Ушул Жобонун колдонулушу лизинг ишин жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактарга жайылтылбайт.
2. Лизингдик компания жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында коммерциялык уюм болуп түзүлөт жана өз ишин "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келген уюштуруу документтеринин негизинде жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттик лизингдик компания ачык акционердик коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
4. Лизингдик компаниялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана лизинг ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
5. Лизингдик компания Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
6. Лизингдик компаниялардын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери - жеке жана юридикалык жактар боло алат.
7. Төмөнкү адамдар лизингдик компаниянын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло албайт:
1) оффшордук зоналардын аймактарында жашаган жана (же) катталган жеке жана юридикалык жактар;
2) тизмеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү (мындан ары - КИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылткандыгы жөнүндө маалыматтар бар, катышкан адам катары жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелериндеги (улуттук тизме) жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле алардын аффилирленген жактары;
3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун башка маалыматтарды/документтерди белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга бербеген же юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген мындай маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) Кыргыз Республикасынын жана (же) чет мамлекеттин сотунун чечими менен же чет мамлекеттин мыйзамдары менен ишкердик, инвестициялык же башка чарбалык ишти жүргүзүүгө, юридикалык жактардагы үлүштөргө (акцияларга) ээлик кылууга же аларды тескөөгө тыюу салынган же чектөө коюлган жеке жана юридикалык жактар.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардын лизинг ишин кошпогондо, лизинг ишинин саясатын ишке ашыруу, жөнгө салуу, көзөмөл жүргүзүү, лицензиялык контролдоо жана лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) саналат.
2-глава. Лизингдик компаниялардын ишине карата талаптар
9. Тараптар Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте лизинг предметин, ошондой эле лизинг келишими менен байланышкан башка кандай болбосун тобокелдиктерди камсыздандыруунун кандай болбосун түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу.
10. Лизингдик компаниянын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы банктык эсепке киргизилген уюштуруучулардын (катышуучулардын) каражаттарынын эсебинен акча каражаттарында түзүлөт.
Лизингдик компания лизинг ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын банктык иш жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттарын тартууга укуктуу.
11. Лизингдик компаниялардын уставдык капиталынын өлчөмү 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем болбоого тийиш.
3-глава. Лизингдик компаниялардын кызмат адамдары (жооптуу адамдар)
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келген лизингдик компаниянын кызмат адамдарын (жооптуу адамдарды) дайындоого (шайлоого) макулдук берет (мындан ары - макулдашуу).
13. Лизингдик компаниянын кызмат адамдары (жооптуу адамдар) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке же коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчиси, жетекчинин орун басары;
2) коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү;
3) филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси, жетекчинин орун басары;
4) КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программаларын ишке ашырууга жооптуу лизингдик компаниянын ыйгарым укуктуу кызматкери же комплаенс-контролдоо бөлүмүнүн же кызматынын жетекчиси.
14. Лизингдик компаниянын кызмат адамдары (жооптуу адамдар) ушул Жобонун 4-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
15. Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг ишин жүзөгө ашыруу жана өз функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн лизингдик компаниялардын кызмат адамдары (жооптуу адамдар) ушул Жобонун 4-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуудан өтүүгө тийиш.
Макулдашуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- лизинг ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн;
- лизингдик компаниянын кызмат адамдарынын (жооптуу адамдардын) курамы өзгөргөн учурда.
4-глава. Лизингдик компаниялардын кызмат адамдарына (жооптуу адамдарга) коюлуучу негизги квалификациялык талаптар
16. Лизингдик компаниялардын кызмат адамдары (жооптуу адамдар) экономика, финансы жана (же) юриспруденция чөйрөсүндө жогорку билимге (белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталган), иш тажрыйбасына жана эмгек стажына ээ болууга тийиш.
Адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы менен башкы бухгалтер үчүн орто атайын кесиптик билимге ээ болууга жол берилет.
17. Лизингдик компаниялардын кызмат адамдарынын (жооптуу адамдардын) иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптар:
1) жетекчи жана коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү үчүн: иш стажы - экономика, финансы жана (же) юриспруденция жаатындагы үч жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында - эки жылдан кем эмес. Материалдык-техникалык камсыздоо жана административдик-чарбалык иштер менен байланышкан эмгек иши иш тажрыйбасына (стажына) кошулбайт;
2) лизингдик компаниянын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн жетекчиси үчүн - экономика, финансы жана (же) юриспруденция чөйрөсүндөгү иш стажы үч жылдан кем эмес;
3) КИК/ККЛК боюнча комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси жана (же) Ички контролдоо программасын (мындан ары - ИКП) ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкер үчүн:
- жогорку билими;
- Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын билүүсү;
- финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишине мүнөздүү тобокелдиктер жөнүндө билүүсү.
Адистештирилген уюмдардын же келишимдик негизде бухгалтер-адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган учурда бухгалтер-адис бухгалтер кызматында кеминде эки жылдык иш стажына ээ болууга тийиш.
5-глава. Лизингдик компаниялардын кызмат адамдарына (жооптуу адамдарга) карата коюлуучу чектөөлөр
18. Төмөнкүлөр лизингдик компаниянын кызмат адамы (жооптуу адамы) болуп дайындала (шайлана) албайт:
1) ушул Жобонун 4-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе;
2) соттуулугу болсо же белгиленген тартипте жоюлган же алынган соттуулугу болсо;
3) лизингдик компаниянын кызмат адамы (жооптуу адам) дайындоо (шайлоо) үчүн документтер тапшырылганга чейинки бир жылдын ичинде финансылык рыноктогу ишке байланышкан укук бузууну жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылган болсо;
4) бул адам мурда банкрот деп таанылган же консервацияга, санацияга же мажбурлап жоюуга дуушар болгон уюмдун директорлор кеңешинин же аткаруу органынын мүчөсү (төрагасы) кызмат ордунда болуп турган мезгилде ошол уюмдун жетекчи кызматкери болгон болсо. Бул шарт көрсөтүлгөн окуялардын бири келип чыкканга чейин бир жылдан ашпаган учурда мындай уюмдун жетекчи кызматкери болуп иштеген адамдарга карата колдонулат жана ал келип чыккандан кийин үч жыл бою колдонулат;
5) мурда төмөнкүлөрдүн болушуна байланыштуу лизингдик компаниянын же башка финансылык уюмдун жетекчилик кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) берилген макулдук кайтарып алуу жол-жобосуна кабылган болсо:
- экономика, финансы жана (же) юриспруденция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн;
- талапкердин талаптагыдай эмес ишкердик аброю Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жазуу жүзүндө ырасталган болсо;
- талапкер тарабынан мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдарынын текшерүү материалдары менен ырасталган болсо;
- соттун талапкерге иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган чечими болсо.
Көрсөтүлгөн талап лизингдик компаниянын жетекчилик кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин келген акыркы 12 айдын ичинде күчүндө болот.
6-глава. Лизингдик компаниялардын кызмат адамдарын (жооптуу адамдарды) дайындоого макулдук алуу үчүн документтерди кабыл алуу жана кароо
19. Ушул Жобонун 4-главасында белгиленген талаптарга ылайык лизингдик компания жетекчинин (коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин) ар бир талапкерди макулдашуу жөнүндө катын төмөнкү документтерди кагаз жүзүндө жана (же) электрондук форматта тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет:
- талапкерди шайлоо жөнүндө лизингдик компаниянын акционерлеринин же катышуучуларынын жалпы чогулушунун протоколунун же чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жогорку билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- талапкердин инсандыгын күбөлөндүрүлгөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана (же) чет өлкөлүк жарандын жарандыгы бар өлкөнүн иш менен камсыздоо органдары тарабынан берилген документ;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формадагы талапкердин анкетасы;
- адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлүк жарандын жарандыгы бар өлкөдө кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада анын жеке маалыматтарын субъекттин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө макулдугу.
Адистештирилген уюмдардын же контракттык негизде бухгалтер-адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган учурда лизингдик компания келишимди жана (же) контрактты берүүгө милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандардын дипломдору жана билими жөнүндө башка документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлөт жана таанылат.
Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жогоруда аталган документтердин аныктыгын ырастоочу кошумча материалдарды суроого укуктуу.
20. Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын (жооптуу адамдардын) курамы өзгөргөн учурда лизингдик компания жаңы кызмат адамы (жооптуу адам) шайланган (дайындалган) учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 19-пунктунда саналып өткөн документтерди тиркөө менен жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө катты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
21. Анкетада камтылган маалымат өзгөргөн учурда макулдашуудан өткөн кызмат адамдары (жооптуу адамдар) өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин беш жумуш күндүн ичинде бул тууралуу (жазуу жүзүндө) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
22. Ушул Жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн документтер анкеталардын толтурулушунун толуктугу жана талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча 15 жумуш күндүн ичинде каралат.
24. Документтердин толук эмес топтому кароого берилген же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда алар кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен толуктап иштеп чыгууга расмий түрдө кайтарылат.
Кызмат орундарын ээлеген адамдар ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген учурда лизинг ишин жүзөгө ашырууга лицензия берилбейт.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө лизингдик компанияга билдирилет.
26. Лизингдик компаниянын аткаруу органынын жетекчиси 45 календардык күндөн ашык жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу акыркы бир жыл ичинде жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө дайындалган күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызматкерлерге гана жүктөлөт.
27. Эгерде лизингдик компаниянын жетекчилик кызмат ордун ээлеген адам убактылуу жок болгон мезгилге ээлөө үчүн акыркы бир жыл ичинде макулдашуудан өтпөгөн талапкер сунушталса, анда бул талапкер кызматка киришкенге чейин белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
28. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси 45 календардык күндөн ашык жок болгон учурда анын ордун ээлей турган адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин ордун ээлей турган талапкерди макулдашууга тиешелүү документтер кызмат ордун ээлөөгө дайындалгандан кийин 45 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш.
29. Лизингдик компаниянын кызмат адамдары (жооптуу адамдар) тарабынан анык эмес, туура эмес, толук эмес маалымат берилгендиги аныкталган, ошондой эле маалымат атайылап бурмаланган жана өз убагында берилбеген учурда аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
30. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү негиздер боюнча лизингдик компаниянын кызмат адамын (жооптуу адамды) дайындоого (шайлоого) берилген макулдукту кайра чакыртып алууга укуктуу:
1) лицензия алуу үчүн берилген маалыматтардын анык эмес экендиги аныкталганда;
2) кызмат адамы (жооптуу адам) тиешелүү кызмат ордун ээлеген (акыркы 12 календардык айдын ичинде ээлеп турган) лизингдик компаниянын кызмат адамына (жооптуу адамга) карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде үч жана андан көп) санкциялар колдонулган учурда;
3) жоюлбаган соттуулугу болгон учурда.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лизингдик компаниянын кызмат адамын (жооптуу адамды) дайындоого (шайлоого) макулдугун кайра чакыртып алган учурда иш берүүчү бул адам менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга же эмгек келишими жок болгон учурда ошол кызмат адамынын (жооптуу адамдын) ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
7-глава. Лизингдик компаниянын бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу
31. Лизингдик компания өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген отчеттуулуктун мөөнөттөрүнө жана формаларына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт.
32. Лизингдик компания ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын жана жыл сайын финансылык жана жөнгө салуучу отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Отчеттуулук формалары, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү мөөнөттөрү жана тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
33. Финансылык жыл аяктагандан кийин лизингдик компания көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
34. Лизингдик компания кварталдык жана жылдык финансылык, жөнгө салуучу отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүүгө милдеттүү.
35. Лизинг предметин эсепке алуу жана амортизацияны кошуп эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
36. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн лизингдик компаниялар өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин, лизинг портфелинин ликвиддүүлүк ченемдерин жана сапат ченемдерин сактоого милдеттүү. Лизингдик компаниялардын пруденциялык ченемдеринин отчеттуулук формалары жана аны берүү тартиби, пруденциялык ченемдердин маанилерин эсептөө эрежелери жана методикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
8-глава. Лизингдик компаниянын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу жана жабуу тартиби
37. Лизингдик компания Кыргыз Республикасынын аймагындагы филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу, алардын бар экендиги лизингдик компаниянын уюштуруу документтеринде көрсөтүлөт.
38. Филиалды же өкүлчүлүктү ачууда лизингдик компания макулдук катын алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жүзүндө жана (же) электрондук түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) филиалды же өкүлчүлүктү ачууга макулдук кат берүү жөнүндө өтүнүч кат;
2) лизингдик компаниянын филиалын же өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө лизингдик компаниянын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
3) лизингдик компаниянын филиалы же өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун көчүрмөсү;
4) лизингдик компаниянын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн жетекчисин (кызмат адамын (жооптуу адамды) дайындоо (шайлоо) үчүн сунушталган адамдар жөнүндө маалыматтар.
39. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган филиалды же өкүлчүлүктү ачууга же жабууга документтерди он жумуш күндүн ичинде карайт. Ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда лизингдик компанияга уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн макулдук кат берилет.
Он жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жооп келбеген учурда өтүнүч кат жактырылды деп эсептелет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лизингдик компанияга макулдук кат берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде лизинг ишин жүргүзүүгө берилген лицензиялардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Филиалды же өкүлчүлүктү ачуу жөнүндө чечимге юридикалык жактын (лизинг) ыйгарым укуктуу органы тарабынан кол коюлат жана лизингдик компаниянын мөөрү менен бекитилет.
40. Филиалды же өкүлчүлүктү ачуу жөнүндө документтер ушул Жобонун жана "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн аларды арыз ээсине кайтарып берет.
41. Филиалды же өкүлчүлүктү жабууда лизингдик компания ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) филиалды же өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө арыз;
2) филиалды же өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө лизингдик компаниянын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
3) филиалды же өкүлчүлүктү ачууга мурда берилген макулдук каттын түп нускасы.
42. Филиалды же өкүлчүлүктү жабууга документтер ушул Жобонун жана "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн аларды арыз ээсине кайтарып берет.
43. Филиалдын же өкүлчүлүктүн ишинин токтотулушун каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата эсептелет. Иши токтотулган күндөн тартып лизингдик компания уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана алар киргизилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде филиалды же өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө буйрукту тиркөө менен бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого тийиш.
9-глава. Лизингдик компанияны кайра уюштуруу жана жоюу
44. Лизингдик компания Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өз ишин токтотууга укуктуу. Ишин токтотуу үчүн лизингдик компаниясы үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лизингдик компаниянын ишин токтотуу себептерин көрсөтүү менен катты, лицензиянын түп нускасын жана көчүрмөлөрүн, эгер алар болсо, ошондой эле лицензиялык иш жүргүзүлгөн бүткүл мезгил - лицензия алынган датадан тартып иш токтотулган датага чейинки мезгил үчүн лизингдик компаниянын иши жөнүндө отчетту берет.
45. Лизингдик компания өз ишин жоюу же кайра уюштуруу жолу менен токтотот.
46. Лизингдик компаниянын иш процессинде пайда болгон документтери, ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
10-глава. Лизингдик компанияларда КИК/ККЛК системасын уюштурууга карата талаптар
47. Лизингдик компаниялар "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык мекемелер болуп саналып, өз ишин "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана аны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна (мындан ары - Токтом) так ылайык уюштурат.
48. Лизингдик компаниялар ИКПны ИКПга карата жалпы талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык иштеп чыгууга жана колдонууга жана Токтомдун 11-тиркемесине ылайык ички контролдоо кызматынын жетекчисин жана (же) кызматкерин дайындоого милдеттүү.
Ички контролдоо кызматында иштөө үчүн талапкерлерге төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку билим;
- КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
- финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын иши үчүн мүнөздүү тобокелдиктер жөнүндө билүү.
ИКП тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун өз ичине камтыйт. Лизингдик компаниялар өз ишинин тобокелдиктерине, кардарларына, продуктуларына жана жеткирүү каналдарына баалоо жүргүзөт, ошондой эле баалоонун натыйжаларын токтомдун 14-тиркемесине ылайык Тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык документ түрүндө жазат.
49. Иш мамилелери түзүлгөнгө чейин же бир жолку операция жүргүзүлгөнгө чейин лизингдик компаниялар кардарды, бенефициардык менчик ээсин жана ишенимдүү жакты идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзөт. Текшерүү жол-жоболору Токтомдун 12-тиркемесине ылайык Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Лизингдик компаниялар төмөнкү жактарга карата күчөтүлгөн текшерүү чараларын колдонот:
- токтомдун 12-тиркемесине ылайык Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык коомдук кызмат адамдарына (жооптуу адамдарга) жана алар менен байланышкан жактарга;
- токтомдун 10-тиркемесине ылайык Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык тизмеги аныкталган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке жана юридикалык жактарына.
50. Лизингдик компаниялар өз кардарларынын базасын жана контрагенттерин "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык түзүлгөн Санкциялык тизмек менен туруктуу негизде салыштырып текшерүүнү жүргүзөт. Тизмектерди түзүү тартиби токтомдун 6-тиркемесине ылайык Тизмектер жөнүндө жободо аныкталган.
Кардардын маалыматтары Санкциялык тизмекке киргизилген адамдын маалыматтары менен дал келген учурда лизингдик компаниялар операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды кечиктирбестен тоңдурат жана бул тууралуу токтомдун 7-тиркемесине ылайык Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, тоңдуруу жана бошотуу тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына билдирет.
51. Лизингдик компаниялар Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкү маалыматты жиберет:
1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө - операция шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн адамдары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө - беш сааттын ичинде;
3) кылмыштуу иш үчүн жаза өтөп чыккан адамдар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө - беш сааттын ичинде;
4) накталай жана накталай эмес каражаттар менен жүргүзүлгөн чектик операциялар жана алардын чектик суммалары жөнүндө билдирүү түзүлгөн учурдагы күндүн саат 16:00дөн кечиктирбестен, токтомдун 4-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде белгиленген учурларда.
Маалыматты берүү тартиби, формалары жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 4-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо аныкталат.
52. КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн лизингдик компаниялар жана алардын кызмат адамдары (жооптуу адамдар) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
11-глава. Лизинг келишиминин мазмуну
53. Лизинг келишими жазуу жүзүндө жана (же) электрондук формада түзүлөт.
54. Лизинг келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лизинг предметинин аталышы, ошондой эле аны идентификациялоо үчүн жетиштүү сыпаттамасы;
2) лизинг предметин сатып алуу жана өткөрүп берүү менен байланышкан тараптардын укуктары жана милдеттери;
3) лизинг төлөмдөрүн төлөө тартиби жана шарттары (келишим тараптарынын макулдашуусу боюнча);
4) форс-мажордук жагдайлар;
5) лизинг предметин жана сатуучуну тандай турган тарапты көрсөтүү;
6) лизинг алуучунун лизинг предметин мөөнөтүнөн мурда сатып алуу шарттары жана тартиби, анын ичинде сатып алуу суммасын эсептөө жана милдеттенмелерди токтотуу тартиби;
7) эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, лизинг алуучунун өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган учурда келишимдин мөөнөтүн узартуу укугу.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келген башка шарттарды да лизинг келишиминде карай алат.
55. Келишимдин (анын ичинде камсыздандыруу келишиминин) олуттуу шарттары экинчи тараптын макулдугусуз бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Талапкерди кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү үчүн АНКЕТА
1. Фамилиясы ____________________________________________________________________________
Аты _____________________________________________________________________________________
Атасынын аты ____________________________________________________________________________
2. Сунушталган позицияны көрсөтүңүз
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________ (кызмат орду, уюмдун аталышы)
3. Эгерде фамилияңызды алмаштырсаңыз, качан жана кайсы себептен экендигин көрсөтүңүз
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
4. Туулган күнү, айы, жылы жана жери
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
5. Улуту
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
6. Жарандыгы (эгерде өзгөртсөңүз качан жана кайсы себептен экендигин көрсөтүңүз)
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
7. Паспорттук маалыматтары, сериясы _______________________________________________________
номери __________________________________________________________________________________
берилген датасы __________________________________________________________________________
ким тарабынан берилген ___________________________________________________________________
8. Жашаган жери (катталган жери)
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
9. Билими ________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
10. Илимий даражасы, окумуштуулук наамы, качан берилген, дипломдордун номерлери
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
11. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши (жогорку жана орто атайын окуу жайларда окууну, аскердик кызматты, айкалыштырып иштеген ишти, ишкердик ишти ж.б. кошкондо).
Бул пунктту толтурууда мекеме, уюм, ишкана өз учурунда кандай аталса ошондой көрсөтүңүз.
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
12. Сиз жана сиздин жакын туугандарыңыз соттолгонбу, качан жана эмне себептен
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
13. Үйдүн дареги жана телефон номери ______________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
14. Сизге же сиз маанилүү катышуучу катары байланышта болгон компанияга карата, кайсы бир өлкөдө төмөнкүлөр болгондугун көрсөтүңүз:
- укук бузуулар жана (же) кылмыштарга айыптоолор болгонбу
_________________________________________________________________________________________ (ооба/жок)
- тартиптик жаза чаралары колдонулганбы
_________________________________________________________________________________________ (ооба/жок)
Эгерде болсо, укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы тарабынан коюлган айыптоолорду, кайсы болбосун мамлекеттик орган колдонгон айыптоолорду же тартиптик жаза чараларын, териштирүүлөрдүн жыйынтыктарын, соттун чечимдерин толук сыпаттаңыз
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
15. Сизге карата кайсы бир кесиптик иште иштөөгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынса, аны көрсөтүңүз. Эгер бар болсо, түшүндүрмө бериңиз
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Мен,
________________________________________________________________________________________, (фамилиясы, аты, атасынын аты)
анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча берилген маалыматтар анык, толук болуп саналарын жана менин билимиме ылайык келерин ырастайм.
Мен маалыматтар атайылап бурмалаган жана көз жаздымда калтырган учурда сунушталган кызмат ордуна макулдашуудан баш тартуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз боло тургандыгын тааныйм.
Толтурулган дата 20___-жылдын "___" ______________.
Колу ___________________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Жеке маалыматтар субъектинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын МАКУЛДУГУ
Калктуу конуш, датасы ____________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Мен, ____________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты)
төмөнкү дарек боюнча жашаган
_________________________________________________________________________________________
Ким экендигин ырастаган документ __________________________________________________________ (документтин түрү)
сериясы _________________________________ № _____________________________________________
берилди _________________________________________________________________________________ (берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
(ишенимдүү адамдар үчүн) _________________________________________________________________
атынан иш алып баруучу ___________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты)
төмөнкү дарек боюнча жашаган _____________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Ким экендигин ырастаган документ __________________________________________________________ (документтин түрү)
сериясы ___________________________________________ № ___________________________________
берилди _________________________________________________________________________________ (берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
_______________________________________________________________________________ негизинде (ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын)
эркин, аң-сезимдүү, өз эрким менен ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр үчүн толук жана шартсыз макулдугумду берем:
- иштетүүгө (жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматташтырылган каражаттар менен же аларсыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан же анын тапшырмасы боюнча ыкмаларга карабастан аткарылуучу ар кандай операция же операциялар топтому), ошондой эле төмөнкүлөргө:
- жеке маалыматтарды берүүгө (Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана эл аралык келишимдерге ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан үчүнчү жактарга берүү. Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук төмөнкүдөй жеке маалыматтарга да жайылтылат: фамилиясы, аты жана атасынын аты (мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөртүлгөн датасы, жери жана себеби (өзгөртүлгөн учурда); туулган датасы жана жери; жарандыгы жөнүндө маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыктары); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү уюмунун аталышы жана бүтүргөн жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документи боюнча адистиги); окумуштуулук даражасынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар; чет тилдерди билүүсү, билүү деңгээли тууралуу маалымат; жашаган жеринин дареги (барган жеринин дареги); байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар; ким экендигин ырастаган документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы жана жакын туугандары; эмгек иши тууралуу маалыматтар (анын ичинде аскердик кызмат, айкалыштырган иш, ишкердик иш, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдердин негизиндеги иш ж.б.); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар жана өзгөчөлүк белгилери (ким тарабынан жана качан сыйланган); соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымат, анын ичинде колдонулган тартиптик, административдик жоопкерчилик чаралары жана жоруктар менен укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалымат; кирешелер, чыгашалар тууралуу, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар; жеке сүрөтү).
Жогоруда аталган жеке маалыматтарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жободо каралган лицензиялоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу максатында иштетүү үчүн берем.
Муну менен мен өзүмдүн жеке маалыматтарымдын башка мамлекеттик органдарга алардын аныктыгын текшерүү үчүн жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматты аныктоо үчүн бериле тургандыгы жөнүндө кабардар болгонумду ырастайм, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогоруда аталган жактарга менин жеке маалыматтарым берилген учурда мага кийин кабарлоону талап кылбай тургандыгымды аң-сезимдүү жана шартсыз түрдө ырастайм.
Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөл жүргүзүү жана лицензиялоо максатында дайыма күчүндө болот) жана ушул макулдукка кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Датасы "___" ________________ 20___-ж.
Колу ________________________Аты-жөнү ___________________________