Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
7-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (1-класс заттарын жана буюмдарын ташуу боюнча адистештирилген курс)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) ылайык кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (цистерналар менен ташуу боюнча адистештирилген курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 «Кыргыз Республикасынын 1957-жылдын 30-сентябрында Женева шаарында түзүлгөн Кооптуу жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуу жөнүндө Макулдашууга (ДОПОГ) кошулуусу тууралуу» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан иштелип чыгып жана бекитилген, жумушчулардын жана кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программасынын негизинде, Типтүү программага ылайык (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа) жүргүзүлөт.
1.3. Программанын максаты – автомобиль транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларга ДОПОГ талаптарына ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кесиптик ишти аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана практикалык ыкмаларды берүү.
1.4. ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2-бөлүмүндө каралган айдоочуну даярдоо боюнча жарактуу күбөлүгү жок (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу II - главада көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.5. ДОПОГ күбөлүгү бар кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды кесиптик окутуу III - главада көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.6. 1.5-пунктта көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуу беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл билимдерди берүү үчүн Типтүү программада билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү каралган, ал эми Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн жыйынтыктоочу аттестация квалификациялык экзамен түрүндө жүргүзүлөт.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси төмөнкүлөр менен аныкталат:
- Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы менен;
- Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуунун окуу планы менен.
1.9. Типтүү программада ошондой эле жеке практикалык сабактар каралган, алар биринчи кезекте айдоочунун жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГ менен белгиленген жазма нускамаларга ылайык башка аракеттерди аткаруусун камтыйт.
1.10. Типтүү программанын мазмуну жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу темаларынын мазмунунан, Программаны өздөштүрүүнүн пландаштырылган натыйжаларынан, ишке ашыруу шарттарынан жана баалоо системасынан турат.
1.11. II - главадагы окуу планына ылайык Программа боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды окутууга Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн тиешелүү категориясы бар, ошол категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу боюнча кеминде үч жыл иш тажрыйбасы бар, ошондой эле ДОПОГ боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды даярдоо базалык курсунан өткөн айдоочулар жол берилет. Билим берүү жана жол кыймылы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чет өлкөлүк улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн болушуна да жол берилет.
1.12. III - главадагы окуу планына ылайык Программа боюнча кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочуларды окутууга 1.11-пункттун талаптарына жооп берген жана жарактуу ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочулар жол берилет.
1.4-пунктунда көрсөтүлгөн Типтүү программанын негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | 1-класстагы кооптуу жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери. Жарылуучу жана пиротехникалык заттар менен буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү | 2 | 2 | - |
2 | 1-класс кооптуу жүктөр үчүн таңгактоого коюлуучу талаптар. Маркировкалоо жана коркунуч белгилери | 2 | 2 | - |
3 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорт каражаттары жана кошумча жабдуулар | 1 | 1 | - |
4 | 1-класс заттары жана буюмдарын бирге жүктөөгө коюлуучу атайын талаптар. Алдын алуу (профилактикалык) коопсуздук чаралары | 2 | 2 | - |
5 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу. Чектөөлөр жана өзгөчө талаптар | 2 | 1 | 1 |
6 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы авариялардын кесепеттерин жоюу чаралары | 2 | 1 | 1 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Бардык окуу сааттары | 12 | 9 | 3 |
III. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | 1-класстагы кооптуу жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери. Жарылуучу жана пиротехникалык заттар менен буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү | 1 | 1 | - |
2 | 1-класс кооптуу жүктөр үчүн таңгактоого коюлуучу талаптар. Маркировкалоо жана коркунуч белгилери | 0,5 | 0,5 | - |
3 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу транспорт каражаттары жана кошумча жабдуулар | 0,5 | 0,5 | - |
4 | 1-класс заттары жана буюмдарын бирге жүктөөгө коюлуучу атайын талаптар. Алдын алуу (профилактикалык) коопсуздук чаралары | 1 | 1 | - |
5 | -класс кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу. Чектөөлөр жана өзгөчө талаптар | 1 | 0,5 | 0,5 |
6 | 1-класс кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы авариялардын кесепеттерин жоюу чаралары | 1 | 0,5 | 0,5 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Бардык окуу сааттары | 6 | 4 | 2 |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
1-класстагы кооптуу жүктөрдүн мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери. Жарылуучу жана пиротехникалык заттарга жана буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү
4.1. Терминдер жана аныктамалар. Жарылуучу жана пиротехникалык заттардын жана буюмдардын мүнөздөмөсү жана алардын физикалык-химиялык касиеттери.
4.2. 1-класстагы заттардын жана буюмдардын туунду класстарга бөлүнүшү. Классификациялык коддор. Заттардын жана буюмдардын айкалыштык топтору.
4.3. Жарылуучу заттардын жана жарылуучу заттарды камтыган буюмдардын касиеттери. Жарылуучу заттарды камтыган заттардын жана буюмдардын түрлөрү.
4.4. Коркунуч түрлөрү: массалык жарылуу коркунучу, жарылуу сыныктарынан жаракат алуу жана кыйроо коркунучу, түтүн пайда болушу, жылуулуктун бөлүнүшү, сокку толкунунун пайда болушу, өрт коркунучу. 4.5. 1-класс жүктөрүнүн кооптуу касиеттерин көрсөтүүчү коркунуч белгилери.
4.6. Жарылууга алып келиши мүмкүн болгон негизги себептер жана факторлор: атайылап жана кокустук жарылуулар; химиялык жана механикалык себептер; электр зарядынан улам жарылуу ыктымалдыгы. 4.7. Ташууга уруксат берилбеген заттар жана буюмдар. Жалпы тизмектелген позициялар. Аталыштардын глоссарийи.
Таңгакка коюлуучу талаптар. Маркалоо жана 1-класстагы кооптуу жүктөрдүн белгилери
4.8. 1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууда колдонулуучу таңгак түрлөрү. Таңгак материалдарына коюлуучу талаптар. Таңгактарга, контейнерлерге жана транспорттук каражаттарга коркунуч белгилерин коюу жана маркалоо. Коркунуч белгилеринин таңгакта, контейнерде жана транспорт каражатында жайгашуусу. Маркалоонун мисалдары. Коркунуч белгилериндеги маалыматтын көлөмү жана мааниси.
1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук каражаттар жана кошумча жабдуулар
4.9. 1-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берилген транспорттук каражаттардын түрлөрү. Транспорт каражаттарына коюлуучу талаптар. Электр жабдууларына, жарык берүүчү приборлорго, тормоз системасына, күйүүчү май бактарына, кыймылдаткычка жана күйүү газдарын чыгаруу тутумуна коюлуучу талаптар (ДОПОГ В тиркемесинин 9.1, 9.2, 9.3, 9.8-главалары). Статикалык электр зарядын чыгаруу түзүлүштөрү. Кошумча жабдуулар (тахографтар, ГЛОНАСС жана башка борттук түзүлүштөр) (ББ Техрегламенти 018/2011 «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын кооптуулугу жөнүндө»). 1-класстагы жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарынын өрт өчүрүү жабдуулары (ДОПОГ В тиркемесинин 8.1.4-бөлүмү).
1-класска кирген заттар менен буюмдарды бирге ташууга коюлган атайын талаптар. Алдын алуучу коопсуздук чаралары
4.10. 1-класска кирген заттар менен буюмдарды бирге жүктөөгө жана ташууга коюлган талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.2.2-бөлүкчөсү). Жардыруучу заттар менен буюмдарды жүктөөдө, жайгаштырууда, унаанын кузовунда бекитүүдө, ошондой эле түшүрүүдө коопсуздук чаралары. Бир транспорт каражаты менен ташылуучу 1-класстагы жүктөрдүн курамындагы жардыруучу заттын (нетто) килограмм менен көрсөтүлгөн максималдуу уруксат берилген массасы (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.5.7-бөлүкчөсү). Бир унаага ар кандай туунду класстарга тиешелүү заттар менен буюмдар бирге жүктөлгөн учурда, аларды эң кооптуу туунду класска таандык кылуу тартиби. 1-класстагы заттар менен буюмдарды ташууда транспорт каражаттарынын колонна түрүндө жүрүшүнө жана мындай транспорт каражаттарынын токтоочу жайларына коюлган талаптар (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.5-бөлүмү). 1-класска кирген заттар менен буюмдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштерине, жайгаштырууга жана бекитүүгө, ошондой эле жүктөө жана түшүрүү пункттарына коюлган талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.11-бөлүмү).
4.11. 1-класска кирген заттар менен буюмдарды ташууда алдын алуучу коопсуздук чараларынын өзгөчөлүктөрү.
1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууну уюштуруу. Чектөөлөр жана өзгөчө талаптар
4.12. Кошумча транспорттук коштоочу документтер. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда жол баракчасын (путевой лист) жана транспорттук коштомо кагазды толтуруунун өзгөчөлүктөрү. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда уруксат берүү системасы. Кыймыл ылдамдыгы. Маршрут кыймылы. Туннелдер аркылуу жүрүүгө байланыштуу чектөөлөр (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.6.4-бөлүмү).
4.13. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда транспорттук накладнойду туура толтуруу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган практикалык сабак.
1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар
4.14. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда авариялардын негизги себептери. Жардыруунун кооптуу кесепеттери: кадимки жана сынык жаракаттар, жылуулук жана химиялык күйүктөр, жарылуу толкунунан болгон жабыркоолор, угуу органдарынын жабыркашы, жарылуудан чыккан газ түрүндөгү заттардан уулануу, материалдык баалуулуктардын бузулушу жана жок болушу, топурактын, суунун жана абанын булганышы, өрттүн кесепеттери (кесепеттерди жоюу). 1-класска кирген заттар жана буюмдар менен авария учурунда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
4.15. Авариялык кырдаалдарда айдоочунун жана башка экипаж мүчөлөрүнүн аракеттери, авариянын кесепеттерин жоюу. 1-класска кирген кооптуу жүктөр менен болгон авариялык кырдаалдарды локализациялоо иштерин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү. Борттук түзүлүштөгү ЭРА-ГЛОНАСС спутниктик навигация системасын колдонуу.
4.16. 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташууда авариялык кырдаалда ЭРА-ГЛОНАСС системасын колдонуу көндүмдөрүн иш жүзүндө аткарууга багытталган практикалык сабак.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландалган натыйжалары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:
- автомобиль транспорту менен 1-класска кирген заттар жана буюмдарды ташууга тиешелүү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын негизги талаптары;
- 1-класска кирген заттарга жана буюмдарга мүнөздүү коркунуч түрлөрү;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда колдонулуучу таңгакка (тарага), иштетүүгө, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда колдонулуучу таңгактарды жана контейнерлерди маркалоо эрежелери;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү, жүктөрдү жайгаштыруу жана бекитүү эрежелери, жүктөө жана түшүрүү жайларына коюлуучу талаптар;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда транспорт каражаттарынын колонна менен кыймылдоо эрежелери жана мындай транспорт каражаттарынын токтоочу жайларына коюлуучу талаптар;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташыган транспорт каражаттарынын туннелдер аркылуу өтүүсүнө коюлган чектөөлөр;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташуу үчүн зарыл болгон транспорттук коштоочу документтер, аларды алуу жана толтуруу тартиби;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда колдонулуучу транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда авария учурунда көрүлүүчү атайын чаралар;
- өрт чыккан учурда көрүлүүчү аракеттердин тартиби жана өрттү, жарылууну, ошондой эле авария зонасындагы башка кооптуу таасирлерди алдын алууга багытталган коопсуздук чаралары;
- 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууда авариядан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери.
5.2. Окуучу төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- 1-класска кирген заттар жана буюмдарды автомобиль транспорту менен ташууга тиешелүү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыларды колдонуу;
- транспорт каражаттарында орнотулган кошумча жабдууларды, анын ичинде 1-класска кирген заттарды жана буюмдарды ташууга арналган жабдууларды колдонуу;
- транспорт каражатынын кузовунда 1-класска кирген жүктөрдүн бекем бекитилишин текшерүү;
- 1-класска кирген заттарды башка класстагы кооптуу жүктөр менен бирге жүктөөнүн параметрлерин аныктоо;
- 1-класска кирген заттар менен болгон аварияда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны толук көлөмдө өздөштүрүүнүн пландалган натыйжаларына жетишүү; 1-класска кирген кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулуучу окутуунун формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын шайкештиги.
6.2. Теориялык окутуу зарыл болгон материалдык-техникалык жана маалыматтык-усулдук талаптарга жооп берген жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлүүгө тийиш.
Окуу сабагынын (теориялык жана практикалык) узактыгы 1 академиялык саат (45 мүнөт) деп белгиленет.
Программада каралган биринчи медициналык жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү жана авария же окуя учурунда көрүлүүчү чаралар боюнча практикалык сабактарга бөлүнгөн убакыт Типтүү программага ылайык аныкталып, 5 окуучуга 1 академиялык саат эсебинде бөлүштүрүлөт.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-усулдук талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуу планы;
- календардык окуу графиги;
- Программа;
- усулдук материалдар жана иштелмелер;
- сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашырууга материалдык-техникалык талаптар:
Аталышы | Саны |
Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: | 1 |
Компьютер | 1 |
Мультимедиалык проектор же телевизор | 1 |
Экран (монитор, электрондук такта) | 1 |
Маалыматтык материалдар: |
|
Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутуу материалдарын камтыган окуу-усулдук колдонмолор. Алар басма түрүндө, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (эки окуучуга) |
Маалыматтык стенд |
|
Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 даана |
Кесиптик окутуу программасы | 1 даана |
Окуу планы | 1 даана |
Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 даана |
Сабактардын ырааттамасы | 1 даана |
Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 даана |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын окуудагы жетишүүсүнө жүргүзүлүүчү учурдагы көзөмөл жана аралык баалоо формаларын, алардын мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин белгилөө билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт. Ал квалификациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү үчүн жазуу түрүндөгү тапшырма, ал кошумча оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга цистерна менен жүк ташуу боюнча адистештирилген курстан кеминде 15 жазуу суроосу берилүүгө тийиш.
7.3. Практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү квалификациялык экзамен учурунда билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Квалификациялык документ (жумушчу кесиби же кызматчы кызматы боюнча күбөлүк) окуу уюму тарабынан ийгиликтүү экзамен тапшырган окуучуларга берилет жана анын бланкынын үлгүсү билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.
7.6. Окуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүү жыйынтыктарын жекече эсепке алуу, ошондой эле бул маалыматтарды архивде кагаз жана (же) электрондук түрдө сактоо билим берүү уюму тарабынан жүргүзүлөт.