Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
Министрлигинин 2026-жылдын
7-июлундагы № 222
8-тиркеме
Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча адистештирилген курс)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кесиптик окутуунун типтүү программасы (радиоактивдүү материалдарды (7-класс) ташуу боюнча адистештирилген курс) (мындан ары – Типтүү программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 379 «Кыргыз Республикасынын Кооптуу жүктөрдү эл аралык автоунаа менен ташуу жөнүндө келишимге (ДОПОГ), 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада кабыл алынган, кошулуусу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын негизинде билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыгып, бекитилген жумушчуларды жана кызматкерлерди квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча жүргүзүлөт (мындан ары – кесиптик окутуу, Программа).
1.3. Программанын максаты – автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу айдоочунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана билгичтиктерди берүү.
1.4. ДОПОГтун В тиркемесинин 8.2-главасында каралган айдоочуну даярдоо тууралуу жарактуу күбөлүгү жок (мындан ары – ДОПОГ күбөлүгү) айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын II - бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.5. Жарактуу ДОПОГ күбөлүгү бар айдоочуларды кесиптик окутуу Типтүү программанын III - бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгып, бекитилген Программанын негизинде жүргүзүлөт.
1.6. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочуларды кесиптик окутуу кеминде беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.
1.7. Окуучуларга зарыл билимдерди берүү үчүн Типтүү программада билим берүү уюму тарабынан теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү, ал эми Программаны өздөштүрүү деңгээлин баалоо үчүн квалификациялык экзамен түрүндө жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү каралган.
1.8. Окутуунун узактыгы жана темалардын тизмеси төмөнкүлөр менен аныкталат:
- Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы;
- Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы.
1.9. Типтүү программада жеке практикалык сабактар да каралат. Алар биринчи кезекте жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГ тарабынан каралган жазуу жүзүндөгү нускамаларга ылайык башка аракеттерди аткаруу боюнча айдоочунун иш-аракеттерин камтыйт.
1.10. Типтүү программанын мазмуну жалпы жоболордон, окуу пландарынан, окуу пландарынын темаларынын мазмунунан, Программаны өздөштүрүүнүн пландалган жыйынтыктарынан, аны ишке ашыруу шарттарынан жана айдоочулар тарабынан Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасынан турат.
1.11. Типтүү программанын II бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан программалар боюнча кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутууга тиешелүү категориядагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө ээ жана ошол категориядагы транспорт каражатын айдоочу катары кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар, ошондой эле ДОПОГго ылайык кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды даярдоо боюнча кесиптик окутуу программасын (базалык курс) бүтүргөн айдоочулар кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда тиешелүү категориядагы чет өлкөлүк улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн болушуна жол берилет.
1.12. Типтүү программанын III - бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуу планына ылайык билим берүү ишин жүргүзгөн уюм тарабынан иштелип чыккан программалар боюнча кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочуларды кесиптик окутууга 1.11-пункттун талаптарына жооп берген жана жарактуу ДОПОГ күбөлүгүнө ээ болгон айдоочулар кабыл алынат.
II. Типтүү программанын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | Автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташууда колдонулуучу нормативдик укуктук актылар | 1 | 1 | - |
2 | Радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунуч түрлөрү, анын ичинде иондоштуруучу нурлануу | 2 | 2 | - |
3 | Радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар | 3 | 2 | 1 |
4 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 2 | 1 | 1 |
5 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда көрүлүүчү атайын чаралар | 2 | 1 | 1 |
| Квалификациялык экзамен | 2 | - | 2 |
| Бардык окуу сааттары | 12 | 7 | 5 |
III. Типтүү программанын 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн кесиптик окутуунун окуу планы
№ | Темалардын тизмеси | Окуу сааттарынын саны | ||
бардыгы | анын ичинде: | |||
теориялык сабактар | практикалык сабактар | |||
1 | Автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташууда колдонулуучу нормативдик укуктук актылар | 0,5 | 0,5 | - |
2 | Радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунуч түрлөрү, анын ичинде иондоштуруучу нурлануу | 1 | 1 | - |
3 | Радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар | 0,5 | 0,5 | - |
4 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар | 1 | 0,5 | 0,5 |
5 | Радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда көрүлүүчү атайын чаралар | 1 | 0,5 | 0,5 |
| Квалификациялык экзамен | 1 | - | 1 |
| Бардык окуу сааттары | 6 | 3,5 | 2,5 |
IV. Окуу пландарынын темаларынын мазмуну
Автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташууда нормативдик укуктук актылар
4.1. Радиоактивдүү жүктөрдү ташууга тиешелүү ДОПОГтун негизги жазма эскертүүлөрү. Радиоактивдүү материалдарды ташууда коопсуздук эрежелери.
Радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунучтар, анын ичинде иондоштуруучу нурлануу
4.2. Түшүнүктөр: радиоактивдүүлүк, нурлануу, жарым ажыроо мезгили, доза, дозанын кубаттуулугу.
4.3. 7-класстагы радиоактивдүү материалдардын тизмеси, алардын классификациясы жана касиеттери.
4.4. Нурлануунун түрлөрү: иондоштуруучу; альфа-, бета-, гамма-нурлануу; иондоштурбоочу; нейтрондук нурлануу. Ядронун бөлүнүшү жана ядролук реакция.
4.5. Радиоактивдүү материалдардын адамдын организмина жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири: адамдардын ички нурлануусу, адамдардын жана буюмдардын тышкы нурлануусу, ядролук элементтердин критикалык массасы, жогорку активдүүлүктөгү элементтердин жылуулук бөлүп чыгаруусу.
4.6. Радиоактивдүү нурлануунун адамдын организмина тийгизген таасири, жабыркоонун алгачкы белгилери.
4.7. Радиоактивдүү нурланууну өлчөөчү приборлор.
Радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптар
4.8. Таңгактардын түрлөрү жана аларга коюлуучу талаптар (бошотулган жана өнөр жайлык таңгактар, А, В жана С тибиндеги таңгактар) (ДОПОГтун А тиркемесинин 6.4-главасы).
4.9. Таңгактарга жалпы талаптар: конструкциясын бекитүү жөнүндө сертификат; таңгактын бүтүндүгү жана өткөрбөстүгү; таңгактагы заттардын чектери; аварияга туруштук берүү жөндөмдүүлүгү.
4.10. Таңгактарды, транспорттук пакеттерди жана контейнерлерди маркалоо.
4.11. 7-класстагы радиоактивдүү материалдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштеринин эрежелери, жайгаштыруу жана бекитүү: жүктөө жана жайгаштыруу; биргелешип жүктөө, анын ичинде өзгөчө пайдалануу шарттарында; башка жүктөр менен бир убакта ташуу жана бөлүп жайгаштыруу талаптары; активдүүлүктүн уруксат берилген чектери жана нурлануунун деңгээлдери; транспорттук индекстин максималдуу маанисине чектөөлөр; критикалык коопсуздук индекси; бөлүнүүчү материал камтылган таңгактарды жайгаштыруу (ДОПОГтун А тиркемесинин 7.5.11-бөлүмү).
4.12. Таңгактарды, транспорттук пакеттерди же контейнерлерди жүктөө, ташуу, иштетүү жана түшүрүүгө карата кошумча талаптар.
4.13. Радиоактивдүү материалдарды ташууда кыймыл режими жана транспорт каражаттары токтоочу жайларга коюлуучу талаптар (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.4-бөлүмү).
4.14. Радиоактивдүү материалдарды ташууда кошумча транспорттук-коштомо документтер: ташууга уруксат, нурланууну өлчөө протоколу, таңгак конструкциясын бекитүү сертификаты жана башка документтер. Документтерди алуу жана толтуруу тартиби.
4.15. Практикалык сабак: сунушталган тизмеге ылайык радиоактивдүү материалдарды ташууда документтерди тариздөөгө багытталат.
Радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге, цистерналарга жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптар
4.16. Радиоактивдүү материалдарды ташыган транспорт каражаттары үчүн кошумча жабдууларга карата атайын талаптар (өрт өчүргүчтөр, жарык берүүчү эскертүү сигналдары жана башка жабдуулар). Коргоочу экрандын мааниси жана ролу (ДОПОГтун В тиркемесинин 8.1.4 жана 8.1.5-бөлүмдөрү).
4.17. Транспорт каражаттарын, цистерналарды жана контейнерлерди кооптуулук белгилери менен белгилөөнүн өзгөчөлүктөрү. Транспорт каражаттарына, контейнерлерге, цистерналарга бекитилүүчү кооптуулук белгилерине жана маалыматтык таблолорго коюлуучу талаптар (ДОПОГтун А тиркемесинин 5.3-бөлүмү).
4.18. Практикалык сабак: сунушталган радиоактивдүү материалдардын тизмесине ылайык транспорт каражаттарын жана контейнерлерди маркировкалоо талаптарын өздөштүрүү.
Радиоактивдүү материалдарды ташуу учурунда авария катталган учурда көрүлүүчү атайын чаралар
4.19. Радиоактивдүү материалдарды ташуу учурунда авария катталган учурда айдоочунун аракеттери: адамдарды кооптуу аймактан чыгаруу, тиешелүү авариялык кызматтарды жана жергиликтүү бийлик органдарын кабардар кылуу, авария болгон жерди тосмолоо.
4.20. Ар кандай таңгак түрлөрүнө байланыштуу авариялардын кесепеттери; таңгак бузулган же радиоактивдүү материал агып чыккан учурда биринчи кезектеги аракеттер.
4.21. Өрттү жоюу чаралары жана радиоактивдүү материал менен байланышкан авария аймагында башка кооптуу жүктөрдүн таасирин, өрт же жарылуу коркунучун алдын алуу боюнча коопсуздук чаралары.
4.22. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү; авариянын натыйжасында булганууга дуушар болгон адамдарды дезактивациялоо жана анын кесепеттерин жоюу иштеринде колдонулуучу чаралар. Транспорт каражаттарын, жабдууларды жана айлана-чөйрөнү дезактивациялоо тартиби.
4.23. Бөлүнүүчү жана бөлүнбөй турган материалдарды ташууда авариялык чаралар.
4.24. Практикалык сабак: берилген шарттарда персоналды жана транспорт каражаттарын дезактивациялоо талаптарын өздөштүрүү.
V. Программаны өздөштүрүүнүн пландалган жыйынтыктары
5.1. Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыгында окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:
- автомобиль транспорту менен радиоактивдүү материалдарды ташуу чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын негизги талаптарын;
- радиоактивдүү нурланууга мүнөздүү коркунуч түрлөрүн, анын ичинде иондоштуруучу нурланууну;
- радиоактивдүү материалдардын адамдын организмина жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин негизги принциптерин;
- радиоактивдүү материалдарды таңгактоого, биргелешип жүктөөгө, жайгаштырууга жана ташууга коюлуучу атайын талаптарды;
- радиоактивдүү материалдарды ташууда колдонулуучу таңгактарды, транспорттук пакеттерди жана контейнерлерди маркировкалоо эрежелерин;
- радиоактивдүү материалдарды ташууда жүктөө-түшүрүү иштеринин, жайгаштыруунун жана бекитүүнүн эрежелерин;
- радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарынын кыймыл режимдерин жана алардын токтоочу жайларына коюлуучу талаптарды;
- радиоактивдүү материалдарды ташуу үчүн талап кылынган кошумча транспорттук-коштоочу документтерди, аларды алуу жана толтуруу тартибин;
- радиоактивдүү материалдарды ташууда транспорт каражаттарына, контейнерлерге жана кошумча жабдууларга коюлуучу талаптарды;
- радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда көрүлүүчү атайын чараларды;
- таңгак бузулган же радиоактивдүү материал агып кеткен учурда биринчи кезектеги аракеттерди;
- өрттү жоюудагы аракеттерди жана авария аймагында башка кооптуу жүктөрдүн таасирин, жарылуу же өрт коркунучун алдын алуу боюнча коопсуздук чараларын;
- радиоактивдүү материалдарды ташууда авария болгон учурда жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздерин;
- авариянын натыйжасында булганууга дуушар болгон адамдарды, ошондой эле транспорт каражаттарын, жабдууларды жана чектешкен территорияны дезактивациялоо чараларын.
5.2. Окуучу төмөнкүлөрдү жасай билиши керек:
- радиоактивдүү материалдарды автомобиль транспорту менен ташуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыларды колдонуу;
- радиоактивдүү нурланууну өлчөөчү приборлорду жана кошумча жабдууларды пайдалануу;
- радиоактивдүү нурлануудан жабыркоонун алгачкы белгилерин аныктоо;
- радиоактивдүү жүк менен болгон аварияда жабыркагандарга биринчи (дарыгерге чейинки) жардам көрсөтүү;
- авариянын натыйжасында булганган адамдарды жана транспорт каражаттарын дезактивациялоо иштерин жүргүзүү.
VI. Программаны ишке ашыруу шарттары
6.1. Программаны ишке ашыруу шарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: Программаны өздөштүрүүнүн пландалган жыйынтыктарына толук жетишүүнү; окутуунун колдонулуучу формаларынын, каражаттарынын жана ыкмаларынын кооптуу жүктөрдү ташуунун өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келишин.
6.2. Теориялык окутуу материалдык-техникалык жана маалыматтык-методикалык талаптарга жооп берген жабдылган окуу аудиторияларында жүргүзүлүшү керек.
Теориялык жана практикалык сабактардын узактыгы бир академиялык саатты (45 мүнөт) түзүшү керек.
Биринчи жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү жана ДОПОГ тарабынан каралган жазуу жүзүндөгү нускамаларга ылайык башка аракеттер боюнча практикалык сабактарга бөлүнгөн убакыт Типтүү программада каралган көлөмдө, беш окуучуга бир академиялык саат эсебинде белгиленет.
6.3. Программаны ишке ашыруунун маалыматтык-методикалык талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуу планы;
- календардык окуу графиги;
- Программа;
- методикалык материалдар жана иштелмелер;
- сабактардын ырааттамасы.
6.4. Программаны ишке ашыруунун материалдык-техникалык талаптары:
Аталышы | Саны |
Окутуу үчүн жабдуулар жана техникалык каражаттар: | 1 |
Компьютер | 1 |
Мультимедиалык проектор же телевизор | 1 |
Экран (монитор, электрондук такта) | 1 |
Маалыматтык материалдар: |
|
Окуу-методикалык колдонмолор, Типтүү программада көрсөтүлгөн бөлүмдөр боюнча окутуу материалдарын камтыган. Басма түрүндө, плакаттар, электрондук окуу материалдары, тематикалык фильмдер, презентациялар түрүндө берилиши мүмкүн | 1 комплект (бир окуу тобун окутууга жетиштүү) |
ДОПОГтун А тиркемеси жана В тиркемеси | 1 комплект (эки окуучуга) |
Маалыматтык стенд |
|
Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү же лицензиялар реестринен көчүрмө | 1 |
Кесиптик окутуу программасы | 1 |
Окуу планы | 1 |
Календардык окуу графиги (ар бир окуу тобу үчүн) | 1 |
Сабактардын ырааттамасы | 1 |
Интернеттеги расмий сайттын дареги | 1 |
VII. Программаны өздөштүрүүнүн жыйынтыктарын баалоо системасы
7.1. Окуучулардын окуудагы жетишкендигин учурдагы жана аралык баалоо, баалоо формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин аныктоо билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун компетенциясына кирет.
7.2. Кесиптик окутуу жыйынтыктоочу аттестация менен аяктайт, ал квалификациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт. Экзамен практикалык квалификациялык ишти жана теориялык билимдерди жазуу жүзүндөгү тапшырма түрүндө текшерүүнү камтыйт, ал оозеки суроолор менен толукталышы мүмкүн. Ар бир окуучуга цистерналар менен жүк ташуу боюнча адистештирилген курс боюнча кеминде 15 жазуу жүзүндөгү суроо берилүүгө тийиш.
7.3. Практикалык квалификациялык иш жана теориялык билимдерди текшерүү билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
7.4. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары протокол менен таризделет.
7.5. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюм тарабынан берилүүчү квалификация жөнүндө документ (жумушчу кесибинин, кызматтын күбөлүгү) ийгиликтүү экзамен тапшырган окуучуларга берилет жана анын үлгүсү уюм тарабынан өз алдынча белгиленген бланкта таризделет.
7.6. Окуучулардын окуу программасын өздөштүрүү жыйынтыктарын жеке эсепке алуу, ошондой эле бул жыйынтыктар жөнүндө маалыматтарды архивде сактоо билим берүү уюму тарабынан кагаз жана/же электрондук түрдө жүргүзүлөт.