Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 1-июлу № 454
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана
эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Имараттардын жана курулмалардын чатырларына күн электр станцияларын орнотуунун жана эксплуатациялоонун бирдиктүү тартибин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 20-пунктунун 2-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону (мындан ары – Курулуш министрлиги) жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын чатырларына күн электр станцияларын орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Курулуш министрлигинин Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомунда белгиленген тартипте ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү жарыяланган булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрдө эки нускада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 1-июлунда https://egov.kg/kg/ministry/construction/npa расмий сайтында жарыяланды
Министрдин биринчи орун басары (министр жок учурда) |
Б.Ч. Чолпонбаев |