Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 454 буйругу менен бекитилди) |
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана
эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Долбоорлоонун негизги принциптери
3-глава. Долбоорлоого жана монтаждоого карата шаар куруу жана техникалык талаптар
4-глава. Даярдык иштери
5-глава. Долбоорлоо жана документтерди берүү өзгөчөлүктөрү
6-глава. Курулуш-монтаждоо иштери жөнүндө маалымат
7-глава. Курулуш-монтаждоо иштери
8-глава. Өрт жана электр коопсуздугу боюнча талаптар
9-глава. Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу жана коммерциялык эсепке алуу тартиби
10-глава. Эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана утилдештирүү
11-глава. Күн электр станцияларынын бирдиктүү реестри
12-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Күн электр станцияларын орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан имараттардын жана курулмалардын чатырларына орнотулуучу күн электр станцияларын долбоорлоонун, монтаждоонун, кошуп туташтыруунун жана эксплуатациялоонун тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун талаптары кубаттуулугу 1 кВттан төмөн болгон автономдуу күн орнотмолоруна жайылтылбайт.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) күн электр станциясы (мындан ары – КЭС) – күн энергиясын электр энергиясына айландыруу, ошондой эле аны өзгөртүү, эсепке алуу, топтоо (зарыл болгон учурда) жана электр тармактарына берүү же түздөн-түз керектөөчүлөр тарабынан пайдалануу үчүн арналган имараттардын, курулмалардын, техникалык жабдуулардын жана инженердик системалардын комплексин камтыган электр энергия объектиси;
2) чатырдагы күн электр станциясы (мындан ары – ЧКЭС) – имараттын же курулманын чатырына жайгаштырылуучу, фотоэлектр панелдерден, жабдуулардан, тирөөч конструкциялардан, кабелдерден жана электр энергиясын эсепке алуу шаймандарынан турган, күн энергиясын электр энергиясына айландырууга арналган система;
3) автономдуу ЧКЭС – борборлоштурулган электр тармагына кошуп туташтырылбастан, өз алдынча режимде иштеген фотоэлектрдик система;
4) тармактык ЧКЭС – борборлоштурулган электр тармагына кошуп туташтырылган, ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын тармакка берүүгө же өз генерациясы жетишсиз болгон учурда тармактан электр энергиясын алууга мүмкүндүк берген фотоэлектрдик система;
5) гибриддик ЧКЭС – автономдуу режимде да, бөлүштүрүүчү электр тармактарына кошуп туташтырылган режимде да иштей алган фотоэлектрдик система;
6) микрогенерация – көлөмүнө, технологиясына же колдонулган отундун түрүнө карабастан, электр энергиясын керектөөчү жеринде же ага жакын аймакта өндүрүү, тармактан тышкары да, тармак менен параллелдүү да ишке ашырылуучу электр энергиясын өндүрүү;
7) күн фотоэлектрдик панели (фотоэлектрдик модуль) – күн нурун түздөн-түз электр энергиясына айландыруучу түзүлүш;
8) инвертор – туруктуу токту (DC) өзгөрмө токко (AC) айландыруучу электрондук түзүлүш;
9) заказчы – өзүнө таандык кыймылсыз мүлк объекттеринде же пайдаланууга берилген жер участогунда долбоордук документтерди даярдоону тиешелүү адистештирилген уюмдар менен келишим түзүү аркылуу камсыз кылуучу жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
10) девелопер – кыймылсыз мүлктү комплекстүү өнүктүрүү менен алектенген адис же компания;
11) күн электр станцияларынын бирдиктүү реестри (мындан ары – Реестр) – Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан күн электр станцияларын эсепке алуу боюнча мамлекеттик электрондук маалыматтык система;
4. КЭСти орнотууда жана эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жалпы талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу зарыл:
– генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун электр тармактарына технологиялык жактан кошуп туташтыруу эрежелерин;
– кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнү жана жеткирүүнү ишке ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону;
– долбоорлоого, курулушка жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүгө документтерди берүү, ошондой эле пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобону.
2-глава. Долбоорлоонун негизги принциптери
5. КЭСти долбоорлоодо алардын жайлардын микроклиматына жана энергияны үнөмдөөгө тийгизген таасирине карата төмөнкү негизги талаптар эске алынууга тийиш:
– жылуу мезгилде имаратка жылуулуктун киришин азайтуу (пассивдүү муздатуу);
– суук мезгилде жылуулук жоготууларын азайтуу жана күн нурунан максималдуу жылуулук алуу (пассивдүү күн жылытуусу);
– өндүрүштүк жана коомдук имараттарда көздү чагылдыруучу ашыкча жарыкты жоюу жана жыл бою тышкы чөйрө менен визуалдык байланышты сактоо аркылуу көрүү ыңгайлуулугун жогорулатуу.
6. Имараттардын жана курулмалардын чатырларына КЭС орнотуунун максатка ылайыктуулугун аныктоодо төмөнкү принциптер жетекчиликке алынат:
1) чатырларда жеткиликтүү болгон жалпы аянтты баалоо;
2) фотоэлектрдик панелдерди орнотууга ылайыктуу чатыр аянтын эсептөө;
3) чатырларга түшүүчү күн радиациясынын көлөмүн баалоо;
4) чатырга интеграцияланган күн панелдеринин пайдалуу электр энергиясын өндүрүү көлөмүн жана тиешелүү инвестициялык чыгымдарды кошо алганда техникалык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эсепке алуу.
5) Долбоордук чечимдер архитектуралык талаптардын сакталышын жана объекттердин калыптанган шаар куруу чөйрөсүнө шайкеш интеграцияланышын камсыз кылууга тийиш.
3-глава. Долбоорлоого жана монтаждоого карата шаар куруу жана
техникалык талаптар
7. Чатырдагы күн электр станцияларын долбоорлоо жана монтаждоо кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана өзгөртүүгө документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого, МАМСТ 56124.7.1-2014 «Кайра жаралуучу энергетика. Айылдарды электрлештирүүгө арналган кайра жаралуучу энергия булактарына негизделген гибриддик электр станциялары. Сунуштар. 7-1-бөлүк. Генераторлор. Фотоэлектрдик батареялар» мамлекеттер аралык стандартынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын КР КЧ 31-03:2024 «Көп батирлүү турак жай имараттары» курулуш ченемдерине, ошондой эле электр менен жабдуу жана электр коопсуздугу боюнча башка колдонуудагы ченемдик-техникалык документтерге ылайык ишке ашырылат.
8. Күн электр станцияларын долбоорлоодо, жайгаштырууда жана монтаждоодо Кыргыз Республикасынын шаар куруу ишмердүүлүгү, архитектура, курулуш, техникалык жөнгө салуу, өрт коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптары, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери сакталууга тийиш.
9. Фотоэлектрдик модулдарды, инверторлорду жана башка жабдууларды жайгаштыруу боюнча архитектуралык-пландоо жана конструктивдик чечимдер имараттын архитектуралык көрүнүшүн сакталышын камсыз кылууга, объекттин композициялык, көлөмдүк-мейкиндиктик жана эстетикалык мүнөздөмөлөрүн бузбоого, имаратты пайдалануунун коопсуздугуна коркунуч жаратпоого, ошондой эле жарандардын жашоо, эмгек жана болуу шарттарын начарлатпоого тийиш.
10. Күн электр станцияларын жайгаштырууда курулуш конструкцияларынын тирөөчтөрүнө, өрткө каршы ажырымдарга жана эвакуация жолдоруна, инсоляцияга жана жайлардын табигый жарыктануусуна, көздү чагылдыруучу эффекттерди (бликтерди) алдын алууга, ошондой эле курчап турган курулуштарга жана шаардык чөйрөнүн элементтерине тийгизүүчү таасирине карата талаптар эске алынат.
11. Тарыхый жана маданий эстелик болуп саналган имараттарга, ошондой эле тарыхый борборлордо же тарыхый-маданий мурастарды коргоо зоналарында жайгашкан объекттерге күн электр станцияларын орнотуу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
4-глава. Даярдык иштери
12. Долбоорлоону баштоонун алдында «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКсынан (мындан ары – УЭТК) бөлүштүрүүчү электр тармактарына кошуп туташтыруу үчүн техникалык шарттарды (ТШ) алуу зарыл. КЭС жабдууларын долбоорлоо жана электр тармактарына кошуп туташтыруу тиешелүү аттестациясы жана уруксаты бар квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш, анткени электр жабдуулары менен иштөө жогорулатылган кооптуулукка (өрт, электр коопсуздугу ж.б.) байланыштуу болуп саналат.
13. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) күн электр станциясынын негизги генерациялоочу жабдууларынын техникалык мүнөздөмөлөрү;
2) КЭСтин электр тармактарына кошуп туташтыруу схемасынын көчүрмөсү;
3) бир жылдык мөөнөткө айлар боюнча бөлүштүрүлгөн электр энергиясын өндүрүүнүн болжолдуу жылдык көлөмдөрү.
14. КЭСти долбоорлоодо жана кошуп туташтырууда электр тармактары боюнча техникалык документ текшерилүүгө, ички электр тармактарынын абалына аудит жүргүзүлүүгө жана зарыл болгон учурда документтер менен электр техникалык жабдуулар колдонуудагы талаптарга ылайык келтирилүүгө тийиш, ошондой эле КЭС схемасынын өзгөчөлүктөрү жана техникалык шарттардын талаптары эске алынууга тийиш.
15. Чатырдын түрүнө карабастан, КЭСти орнотуунун алдында чатырдын тирөөчтөрүнө милдеттүү техникалык изилдөө жүргүзүлөт. Техникалык баалоо көтөрүмдүүлүктү, гидроизоляциянын абалын жана чатырдын жалпы техникалык абалын текшерүүнү камтыйт. Техникалык баалоонун жыйынтыгы боюнча кемчиликтер аныкталган учурда аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт. Техникалык изилдөө иштин бул түрүн жүргүзүүгө тиешелүү мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт.
16. Имараттардын конструктивдик элементтерине түшүүчү жүктөмдөрдү эсептөөдө сунушталган күн орнотмолорунун салмагы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана түрлөрү, ошондой эле аймактын климаттык шарттарын эске алуу менен шамал жана кар жүктөмдөрү эсепке алынат.
17. Жалпы эсептик жүктөм (q) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
qc + qv + qp = (q)
мында:
qс – кар жүктөмү;
qv – шамал жүктөмү;
qp – КЭСтин өз салмагы.
18. КЭСтин өз салмагы чарчы метрине 10–20 кг чегинде кабыл алынат. Бекитүүчү конструкциялар шамалдын 45 м/с чейинки ылдамдыктагы соккуларына туруктуулукту камсыз кылууга тийиш.
Эскертүүсү:
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобосунун 18-пунктунда мамлекеттик менен расмий тилинде айырмачылыктар бар
5-глава. Долбоорлоо жана документтерди берүү өзгөчөлүктөрү
19. КЭСти орнотууга уруксат берүүчү документтерди шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу берилет.
20. КЭСти долбоорлоону баштоонун алдында заказчы же девелопер төмөнкү документтерди даярдоого тийиш:
– имаратка болгон укук белгилөөчү документтер (сатып алуу-сатуу келишими, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана башкалар);
– жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү акт;
– имараттын техникалык паспорту;
– УЭТК тарабынан берилген техникалык шарттар;
– имараттын электр менен жабдуу схемасы;
– имараттын чатырынын тирөөчтөрү жөнүндө корутунду;
– көп батирлүү турак үйдүн турак жана турак эмес жайларынын бардык менчик ээлеринин макулдугу;
– КЭС орнотуу каралган эскиздик долбоор.
21. Долбоорлоодо төмөнкү негизги техникалык чечимдер баштапкы этапта заказчы менен макулдашылууга тийиш:
– электр энергиясын өндүрүүнүн артыкчылыктуу режими;
– фотоэлектрдик панелдерди бекитүү үчүн тирөөч конструкциясынын түрү;
– күн электр орнотмосунун элементтерин чатырга бекитүү ыкмалары;
– күн электр орнотмосунун жабдууларынын оптималдуу курамы;
– электр энергиясын эсепке алуу эсептегичтерин орнотуу жана кошуп туташтыруу орду;
– монтаждоо жана курулуш иштеринин акыркы сметасы;
– КЭСти орнотуу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана башка материалдарды сатып алууга арналган техникалык спецификация.
22. КЭСти орнотуу үчүн төмөнкүлөрдү камтыган шаар куруу корутундусу иштелип чыгат: түшүндүрмө кат, архитектуралык чечимдер, конструктивдик чечимдер, электр схемалары, электр энергиясын өндүрүүнүн эсеби, жүктөмдөрдүн эсеби. Башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
23. КЭСти орнотуу шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
6-глава. Курулуш-монтаждоо иштери жөнүндө маалымат
24. Курулуштун коопсуздугун камсыз кылуу жана коомчулукту пландаштырылып жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында заказчы же девелопер курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү тууралуу маалыматтык баннер орнотууга милдеттүү.
25. Курулуш аянтчасына кире бериш жерине төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматтык такта орнотулууга тийиш:
– объекттин аталышы;
– куруучу уюмдун (техникалык заказчынын) аталышы;
– иштерди аткаруучу уюмдун (подрядчынын, башкы подрядчынын) аталышы;
– иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдын фамилиясы, кызматы жана байланыш телефону;
– иштердин башталышы жана аяктоо мөөнөттөрү;
– объекттин схемасы.
7-глава. Курулуш-монтаждоо иштери
26. КЭСти орнотуу чатырдын гидроизоляциялык катмарынын бүтүндүгүн бузбоого тийиш. Балласттык, анкердик жана айкалыштырылган бекитүү системаларын колдонууга жол берилет. Тирөөч конструкциялар (столдор) чирүүгө туруктуу материалдардан: аноддолгон алюминийден, цинктелген же дат баспаган болоттон даярдалууга тийиш. Жыгач конструкцияларды колдонууга тыюу салынат.
27. Коопсуз тейлөө максатында панелдерди орнотуунун минималдуу аралыктары: чатырдын четинен жана желдеткич шахталарынан кеминде 1,0 м; парапеттен кеминде 0,5 м.
28. Курулуш-монтаждоо уюму:
- Курулуш-монтаждоо иштерине (инженердик тармактарды жана системаларды орнотуу, анын ичинде капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, анын ичинде:
- электр менен камсыздоо тармактары жана сырткы электр жарык берүүчү шаймандар, ички электр жарык берүү жана электр жылытуу системалары) 3-категориядагы же андан жогору лицензияга ээ болушу керек.
- Курулуш-монтаждоо компаниясынын штатында квалификациялуу адистер (курулуш инженерлери, электрик инженерлер жана башкалар) болуууга тийиш.
- Кардар же иштеп чыгуучу курулуш-монтаждоо уюмуна таанышуу үчүн шаар куруу корутундусун, жабдууларды монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча өндүрүүчүнүн нускамаларын берет.
- Курулуш-монтаждоо уюму буйрук менен курулуш-монтаждоо тобунун жетекчисин дайындайт.
- Курулуш-монтаждоо уюму жумушчулардын (курулуш-монтаждоо тобунун) тизмесин объектке кирүү үчүн кардарга же иштеп чыгуучуга берет.
Эскертүүсү:
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобосунун 28-пунктунда мамлекеттик менен расмий тилинде айырмачылыктар бар
29. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүчү уюм инженердик тармактарды жана системаларды куруу боюнча үчүнчү категориядагы же андан жогору лицензияга ээ болууга тийиш. Уюмдун штатында квалификациялуу адистер (курулуш инженерлери, электр инженерлери жана башка адистер) болууга тийиш.
Эскертүүсү:
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобосунун 29-пунктунда мамлекеттик менен расмий тилинде айырмачылыктар бар
30. Заказчы же девелопер курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүчү уюмга шаар куруу корутундусун, жабдууларды монтаждоо жана экплуатацияга берүү боюнча өндүрүүчүнүн нускамаларын таанышуу үчүн берет.
- Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүчү уюм буйрук менен курулуш-монтаждоо бригадасынын жетекчисин дайындайт жана объектке киргизүү үчүн кызматкерлердин тизмесин заказчыга же девелоперге берет.
Эскертүүсү:
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобосунун 30-пунктунда мамлекеттик менен расмий тилинде айырмачылыктар бар жана пункттарын саны
30. Курулуш-монтаждоо бригадасы иштерди аткарууда төмөнкүлөрдү сактоого тийиш:
- Мыйзамдын колдонуудагы ченемдик талаптары;
- Долбоордун техникалык чечимдери;
- Жабдууларды орнотуу боюнча өндүрүүчүлөрдүн нускамаларынын талаптары.
Эскертүүсү:
Күн электр станцияларын (КЭС) орнотуунун жана эксплуатациялоонун тартиби жөнүндө жобосунун 30-пунктунда мамлекеттик менен расмий тилинде айырмачылыктар бар жана пункттарын саны
30. Кардар же иштеп чыгуучу КЭСти бекитилген долбоор боюнча автордук көзөмөлдөөнүн астында курат. Эгерде долбоордо чатырды олуттуу реконструкциялоо (жүктүү элементтерди бекемдөө, чатырды алмаштыруу, жаңы фермалардын конструкциясы) каралган болсо, анда КЭСти куруу техникалык көзөмөлдөө астында да жүргүзүлөт.
31. Автордук көзөмөлдөө КЭСти куруу процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал курулуштун долбоордук документтерге жана ченемдик талаптарга шайкештигин камсыз кылат.
32. Автордук көзөмөлдөө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Аткарылган иштердин долбоордук чиймелерге жана техникалык шарттарга шайкештигин текшерүү;
- Зарыл болгон учурда долбоордук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана аларды кардар жана башка кызыкдар тараптар менен макулдашуусун контролдоо;
- Колдонулган материалдардын жана жабдуулардын сапатын текшерүү;
- Курулуш технологияларын жана ыкмаларын сактоону контролдоо;
- Курулуш иштеринин колдонуудагы ченемдерге жана стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу;
- Зарыл документтерди жана отчеттуулукту жүргүзүү.
33. КЭСтин жабдууларын орнотууну баштоодон мурда, монтаждоо иштерин натыйжалуу жана тоскоолдуксуз жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн чатырды даярдоо керек:
- Чатырдагы жабдуулар жана конструкция элементтери чатырдагы электр орнотмосунун элементтерин орнотуу иштерин тоскоолдуксуз жүргүзүү жана фотоэлектрдик панелдердин көлөкө түшүрүүсүн алдын алуу үчүн бошотулат;
- Зарыл учурда чатырдын тыгыздыгын камсыз кылуу үчүн чатырда оңдоо иштери жүргүзүлөт;
- Чатырда желдетүү элементтери болгон учурда желдетүү системасын оңдоо иштерин жүргүзүү сунушталат.
34. КСЭ жабдууларын орнотуудан мурда, курулуш-монтаждоо бригадасы бийиктикте иштөө коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды, анын ичинде:
- тосмо орнотуу, иштөө үчүн жолдорду жана өткөөлдөрдү тазалоо;
- КСЭ жабдууларын убактылуу сактоочу жайдан чатырга монтаждоочу жайга коопсуз көтөрүү.
35. Тирөөч столду даярдоодо курулуш-монтаждоо бригадасы төмөнкүлөрдү сактоого тийиш:
- тирөөч столду даярдоо жана конструкцияны сырдоо боюнча ширетүү иштери кургак аба ырайында жүргүзүлүшү керек;
- ширетүүчү тигиштердин сапаты «МамСТ 3242–79. Ширетүүчү бириктирүүлөр. Сапатты контролдоо ыкмалары» жана «МамСТ 19521-74 Металлдарды ширетүү. Классификациясы» талаптарына жооп бериши керек;
- тирөөч столду сырдоо коррозиядан жана башка айлана-чөйрөнүн таасиринен узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылып, «МамСТ 9.402–2004 Коррозиядан жана эскирүүдөн коргоо боюнча бирдиктүү система. Боёк жабуулар. Металл бетин боёого даярдоо» талаптарына жооп берүүгө тийиш.
36. Тирөөчү стол орнотууда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- алдын ала белгилөө жана тирөөчү столдорду жайгаштыруу ырааттуулугун аныктоо;
- тиешелүү тосмо катмарларды колдонуу менен тирөөчү столдордун ортосунда бирдей деңгээлди камсыздоо;
- гидроизоляциянын сакталышын камсыздоо, монтаждоо иштери учурунда гидроизоляция бузулган учурда чатырдын гидроизоляциялык катмарын калыбына келтирүү, андан кийин суу өтпөгөндүгүн текшерүү.
37. Фотоэлектрдик панелдерди орнотууда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
- монтаждоо иштери кургак аба ырайында жүргүзүлүүгө тийиш. Катуу шамалда, жаан-чачында жана туманда иштөөгө жол берилбейт;
- жабдууларды орнотуудан мурда системанын ар бир элементи үчүн монтаждоо боюнча сунуштар менен таанышып, жабдуулар менен кошо берилген техникалык документтерге ылайык иштерди жүргүзүү зарыл;
- модулдарды таңгактан чыгаруу, ташуу жана сактоо учурунда коопсуздук чараларынын сакталышын текшерүү. Орнотуудан мурда фотоэлектрдик модулдарда (мындан ары - ФЭМ) көрүнөө зыяндардын жоктугун, ошондой эле ФЭМдин бетинин булганбагандыгын текшерүү зарыл;
- монтаждоо учурунда сынык жана оңой бузулуучу буюмдар менен иштөөдө коопсуздук чараларын жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо (модулдарды тазалоо жана маркалоо үчүн курч буюмдарды колдонууга жол бербөө, модулдун өз салмагы астында ийилишине жол бербөө, модулду жылдырууда аны бузулуудан сактаган коргоочу материалсыз тигинен койбоо, тигинен бир гана модулду ташууга уруксат берилет);
- фотоэлектрдик модулдарды жана КЭСтин башка жабдууларын кеминде эки жумушчу тарабынан мачталуу көтөргүчтү колдонуу менен ишке ашыруу зарыл.
38. Фотоэлектрдик панелдерди орнотууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ФЭМди демонтаждоо жана бөлүү, терминалдык кутучаны ачуу, этикетканы, рамкалуу бекиткичтерди жана башка компоненттерди, терминалдык кутучаны ажыратуу (пландаштырылган ФЭМ оңдоолордон тышкары);
- металл жасалгалар менен ФЭМ менен иштөө;
- Электр кабелдерин туташтыргыч кутусунан кармап көтөрүүгө же ташууга.
- Панелди бир адам ФЭМдин ортосуна таянып жалгыз көтөрбөөгө.
- Мурда орнотулган ФЭМдердин үстүнө чыгууга же аларга таянууга.
39. Инверторду орнотууда төмөнкүлөр сунушталат:
- инверторду бекитүү инвертордун эксплуатациялоо нускамасына ылайык жүргүзүлөт;
- инверторду орнотуучу жерди тандоодо, күйүүчү же жарылуучу заттардан жана күчтүү электромагниттик нурлануу булактарынан алыс болууну жана түз күн нурунун таасирин минималдаштырууну камсыз кылуу зарыл;
- инвертордун ЖК-дисплейинин жайгашуу бийиктигин орто бойлуу адамдын көз деңгээлинде тандоо сунушталат;
- орнотууда, эгерде өндүрүүчү тарабынан башкача каралбаса, терс контактыны инвертор аркылуу жерге туташтыруу зарыл. Инвертордон келген жерге туташтыруучу зым жерге туташтырылышы керек, нейтралдуу зым менен жерге туташтыргычтын ортосундагы каршылык 10 Омдон аз болууга тийиш.
40. Фотоэлектрдик панелдерди инверторго кошуп туташтырууда төмөнкү талаптарды сактоо зарыл:
- Фотоэлектрдик чынжырды кошуп туташтыруудан мурда инвертордун туруктуу ток (DC) өчүргүчү өчүрүлгөндүгүн текшерүү зарыл.
- Фотоэлектрдик чынжырдын уюлдуулугунун (полярдуулугунун) туруктуу токту ажыратуучу уюлдуулугуна шайкештигин текшерүү зарыл.
- Ар бир фотоэлектрдик чынжырдын ачык чынжырдагы максималдуу чыңалуусун текшерип, анын бардык шарттарда инвертордун кириш чыңалуусунун жол берилген чегинен ашпашын камсыз кылуу зарыл.
- Инвертордун бузулушуна жол бербөө максатында фотоэлектрдик чынжырдын оң же терс уюлу жерге туташтыруу өткөргүчү туташтырылгандан кийин гана кошулууга тийиш.
- Системанын оң жана терс өткөргүчтөрүн жерге туташтыруу өткөргүчүнө туташтырууга жол берилбейт, анткени бул жерге туташтыруу өткөргүчүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.
- Өткөргүчтөрдүн түстөрү алардын уюлдуулугуна ылайык келүүгө тийиш. Жалпы кабыл алынган стандарт боюнча оң өткөргүч кызыл түстө, ал эми терс өткөргүч кара түстө болот.
- Панелдердин жерге карата изоляциясынын минималдуу каршылыгы инвертордун пайдалануу боюнча нускамасына ылайык текшерилүүгө тийиш.
- Фотоэлектрдик модулдардын (ФЭМ) алдыңкы бетине жарык түшүп турган учурда клеммаларга тийүүдөн сактануу жана электр өткөргүчтөрү менен иштөөдө өзгөчө этияттык чараларын көрүү зарыл.
41. Туруктуу техникалык көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн курулуш-монтаждоо иштеринин, колдонулган материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын сапатын контролдоону жүргүзүүгө укук берген ылайыктуулук сертификаттары, ченемдик-техникалык жана инструменталдык базасы бар, квалификациялуу персоналга ээ болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тартылышы мүмкүн.
42. Чатырдагы күн электр станцияларынын инверторлорун жана башка жабдууларын орнотууда Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген гигиеналык ченемдерден ашпаган ызы-чуу жана титирөө деңгээли камсыз кылынышы керек.
8-глава. Өрт жана электр коопсуздугу боюнча талаптар
43. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында фотоэлектрдик панелдердин топторунун ортосунда туурасы 0,8 метрден 1,2 метрге чейинки технологиялык (өрткө каршы) өтмөктөр милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Мында панелдер чатырдын четинен жана желдетүү шахталарынан кеминде 1 метр аралыкта, ал эми парапеттен кеминде 0,5 метр аралыкта орнотулууга тийиш.
44. Имараттын бийиктигине карабастан чатырдын периметри боюнча бийиктиги кеминде 1,1 метрди түзгөн коргоочу тосмолор каралууга тийиш.
45. Фотоэлектрдик панелдерди бекитүүчү жерлерде күйбөгөн материалдар гана колдонулат. Чатырдагы күн электр станциялары өрт өчүрүүчүлөрдүн коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн кырсык болгон учурда панелдерди селективдүүлүк принциби боюнча алыстан жана автоматтык түрдө өчүрүүчү системалар менен жабдылат, ошондой эле өрттү өчүрүү жана аныктоо, алыстан өчүрүү иштебей калган учурларда электр тармагынан өз убагында ажыратуу үчүн өрткө каршы автоматтык системалар менен жабдылат.
46. КЭС жабдуулары колдонуудагы электр коопсуздугу ченемдерине ылайык милдеттүү түрдө жерге туташтырылууга жана чагылгандан коргоо системалары менен камсыз кылынууга тийиш.
47. Чатырдагы күн электр станцияларын орнотууда EN 50618 же IEC 62930 стандарттарына ылайык сертификатталган туруктуу токтун кабелдери жана мамлекеттик стандарттардын (МамСТ 31996-2012, МамСТ 433-73, МамСТ 16442-80) талаптарына жооп берген өзгөрмө токтун кабелдери колдонулат, кабелдерди төшөөдө жаа күйүүсүн же өрт чыгуусун алдын алуу үчүн, аларды төшөөдө ширетүүлөргө жол бербөө керек. Колдонулган кабелдер милдеттүү түрдө ультрафиолет нурлануудан коргоого (UV коргоо), кош изоляцияга жана IP65тен төмөн эмес коргоо классына ээ болушу керек. Кабелдерди имараттын сыртынан өткөрүүдө тышкы таасирлерден кошумча коргоо үчүн гофр түтүктөр колдонулат.
48. Монтаждоо жана эксплуатациялоо иштеринде DC-ажыраткычтарды, ашыкча чыңалуудан коргоочу түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө орнотуу каралат. Ошол эле учурда, кабелдерди күйүүчү чатырга жакын, коргоосуз төшөөгө жол берилбейт.
9-глава. Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу жана
коммерциялык эсепке алуу тартиби
49. Тармактык жана гибриддик КЭСтерди бөлүштүрүүчү электр тармактарына технологиялык кошуу арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде электр бөлүштүрүүчү уюм тарабынан берилүүчү техникалык шарттардын негизинде ишке ашырылат.
50. Техникалык шарттарды берүү жана кошуп туташтыруу жол-жобосу электр энергиясын өндүрүүчү булактарды электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарына жана керектөөчүлөрдүн электр орнотмолоруна технологиялык жактан кошуу эрежелерине так ылайык жүргүзүлөт.
51. Эгерде чатырдагы күн электр станциясы орнотулгандан кийин кошуу үчүн талап кылынган кубаттуулук мурда макулдашылган кубаттуулуктан ашып кетсе, заказчы же девелопер жаңы техникалык шарттарды алууга милдеттүү.
52. Өндүрүлгөн, тармактан керектелген жана бөлүштүрүүчү тармакка берилген электр энергиясын эсепке алуу үчүн милдеттүү түрдө эки багыттуу коммерциялык эсепке алуу шаймандары орнотулат.
53. Орнотулуучу эки багыттуу эсепке алуу шаймандын модели расмий кайрылуу берилген күндөн тартып 3 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө электр бөлүштүрүүчү уюм менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
54. Кабыл алуу жол-жобосу аяктагандан кийин эки багыттуу эсепке алуу шаймандарынын клеммалык капкактары электр бөлүштүрүүчү уюмдун номерленген пломбалары менен пломбаланат.
55. Өндүрүлгөн электр энергиясынын ашыкча көлөмүн бөлүштүрүүчү тармакка сатуу электр энергиясын сатып алуу-сатуу жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
56. Электр бөлүштүрүүчү уюм көрсөтүлгөн келишимди чатырдагы күн электр станциясынын заказчысы же девелопери тарабынан расмий арыз берилген күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн кечиктирбестен түзүүгө милдеттүү.
57. Орнотулган кубаттуулугу 15 кВтка чейинки микрогенерация объектилери — чатырдагы күн электр станциялары электр энергиясын сатуу боюнча ишмердүүлүктү лицензиялоодон бошотулат.
58. Орнотулган кубаттуулугу 15 кВттан жогору болгон станциялардан электр энергиясын сатуу ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн учурда, менчик ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тиешелүү лицензия алууга милдеттүү.
10-глава. Эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана утилдештирүү
59. Кардар же иштеп чыгуучу, берилген документтердин негизинде курулуш-монтаждоо уюму (подрядчик/башкы подрядчик), техникалык жана автордук көзөмөлдөөнү жүргүзүүчү жактар менен биргеликте аткаруучулук техникалык документтердин бар экендигин жана толуктугун текшерүүгө милдеттүү. Андан ары, кардар же иштеп чыгуучу жабдууларды комплекстүү сыноодон өткөрүүгө тийиш.
60. Сыноодон жана КСЭни эксплуатацияга киргизүүгө уруксат берүүдөн мурда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- эксплуатациялык нускаманы жана ыкчам схеманы иштеп чыгуу;
- КСЭнин комплекстүү сыноого даярдыгын ырастоо;
- КСЭ жабдууларын кабыл алуу-өткөрүп берүү сыноолорун өткөрүү;
- Инверторлорду, анын ичинде контролдоо жана башкаруу системаларын, коргоо жана бөгөттөө түзүлүштөрүн, сигнал берүү түзүлүштөрүн жана контролдук-ченөө шаймандарын жөнгө салуу.
61. Кабыл алуу-өткөрүп берүү сыноолорун өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына, анын ичинде ПУЭ, ПТЭ жана башкаларга таянуу зарыл. Эл аралык практикада колдонулган стандарттарды да колдонсо болот.
62. Курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин, кардар же иштеп чыгуучу объектти эксплуатацияга кабыл алууга даярдыгы жөнүндө УЭТКке билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
63. Кабыл алуу-өткөрүп берүү комиссиясы төмөнкү документтердин негизинде КЭСти кабыл алууну жүргүзөт:
1) автордук көзөмөлдөө тарабынан кол коюлган, аткарылган иштердин долбоорго шайкештиги жөнүндө корутунду;
2) техникалык көзөмөлдөө тарабынан кол коюлган, курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жөнүндө корутунду;
3) өрт коопсуздугу боюнча көзөмөлдүн текшерүү актысы;
4) кабыл алуу комиссиясы тарабынан кол коюлган, комплекстүү сыноо актысы;
5) кабыл алуу комиссиясы тарабынан кол коюлган, КЭСти эксплуатацияга кабыл алуу актысы.
64. Чатырдагы күн электр станцияларын эксплуатациялоо жана ыкчам техникалык тейлөө, электр коопсуздугу боюнча кеминде IV тобуна ээ болгон (1000 В чейинки чыңалуудагы электр орнотмолорунда) даярдалган электротехникалык персонал тарабынан же техникалык тейлөө боюнча келишимдин негизинде адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт.
65. Заказчы же девелопер (баланс кармоочу) дайыма фотоэлектрдик панелдерди кардан жана кирден тазалоону, щелочтуу же кислоталуу жуучу каражаттарды колдонбостон коопсуз тазалоону, ошондой эле таяныч конструкциялардын, кабелдик жолдордун жана инвертордук жабдуулардын абалын контролдоону камсыз кылат. Мында анын техникалык абалына толук жоопкерчилик баланс кармоочуга жүктөлөт.
66. Техникалык абалы, жүргүзүлгөн регламенттик иштер жана электр энергиясын өндүрүү жөнүндө маалыматтар электрондук эксплуатациялоо журналында жүргүзүлөт.
67. Кыргыз Республикасынын санариптик башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык, чатырдагы күн электр станциясынын менчик ээси көзөмөлдөөчү жана электр бөлүштүрүүчү уюмдардын маалыматтык системаларында өзүнүн санариптик жазууларына кирүү, оңдоо же өчүрүү боюнча шартсыз укукка ээ болот.
68. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, ченемдик кызмат мөөнөтү өтүп кеткен же иштебей калган фотоэлектрдик панелдер, инверторлор, ошондой эле гибриддик жана автономдуу чатырдагы күн электр станцияларынын аккумулятордук батареялары Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык адистештирилген ишканалар тарабынан милдеттүү түрдө утилдештирүүгө тийиш. Аталган компоненттерди тиричилик катуу калдыктары менен бирге сактоого жана көмүүгө, ошондой эле сертификатсыз колдонулган панелдерди алып келүүгө тыюу салынат.
69. Чатырдагы күн электр станцияларынын техникалык жана эксплуатациялык коопсуздугуна мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) энергетикалык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген компетенциясынын чегинде ишке ашырат.
11-глава. Күн электр станцияларынын бирдиктүү реестри
70. Реестрдин ээси жана оператору болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги саналат.
71. Жаңылануучу энергия булактарынан алынган, өндүрүлгөн, импорттолгон, кайра иштетилген, айландырылган, ташылган, сакталган жана керектелген энергия булактары жөнүндөгү маалыматтар расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан эсепке алынууга тийиш.
72. «Түндүк» ачык акционердик коому тарабынан Реестрди техникалык коштоо жана иштетүү камсыз кылынат.
73. Реестрдеги маалыматтарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, архитектуралык-курулуш контролдоо органдарына, энергия менен камсыздоочу уюмдарга жана башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясынын чегинде жетүү мүмкүнчүлүгү берилет.
74. Реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) объекттин каттоо номери;
2) чатырдагы күн электр станциясынын орнотулган жери жана дареги;
3) менчик ээси же эксплуатациялоочу уюм жөнүндө маалыматтар;
4) объекттин орнотулган кубаттуулугу;
5) жабдуулардын түрү, саны жана техникалык мүнөздөмөлөрү;
6) объекттин эксплуатацияга киргизилген күнү;
7) электр тармактарына кошуп туташтыруу жөнүндө маалыматтар;
8) техникалык шарттардын жана уруксат берүүчү документтердин бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
9) жүргүзүлгөн техникалык кароолор жана текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар;
10) аныкталган бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтар.
75. Реестрге маалыматтарды киргизүү объекттин менчик ээси, эксплуатациялоочу уюм же ыйгарым укуктуу жак тарабынан электрондук форма аркылуу ишке ашырылат.
76. Маалыматтар Реестрге төмөнкү учурларда киргизилүүгө тийиш:
- объект эксплуатацияга киргизилгенде;
- объекттин техникалык мүнөздөмөлөрү өзгөргөндө;
- менчик ээси же эксплуатациялоочу уюм өзгөргөндө;
- объект эксплуатациядан чыгарылганда.
77. Реестрде камтылган маалыматтар дайыма жаңыртылып, электрондук түрдө сакталууга тийиш.
12-глава. Корутунду жоболор
78. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
79. Чатырдагы күн электр станцияларынын заказчылары/девелоперлери (баланс кармоочулары), электр бөлүштүрүүчү уюмдар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ортосунда станцияларды долбоорлоо, кошуп туташтыруу жана эксплуатациялоо учурунда келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр аркылуу, ал эми макулдашууга жетишилбесе - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
80. Ушул Жобонун колдонулушу жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды кошпогондо, ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылбайт.
81. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин орнотулган жана эксплуатацияга берилген чатырдагы күн электр станцияларынын заказчысы же девелопери (баланс кармоочулары) анын расмий күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде өз объекттерин ушул Жобонун 8-главасында каралган өрт коопсуздугу жана электр коопсуздугу талаптарына ылайык келтирүүгө милдеттүү.