Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 107
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жүргүнчүлөргө ыңгайлуулуктарды түзүү, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштөөсүн жана борбордун тургундары менен конокторун үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 68-пунктуна, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №.312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
аялдама пункттарында, коомдук жайларда же коомдук транспортто орнотулган терминал (автомат) аркылуу накталай төлөм менен атайын талон сатып алуу аркылуу автобустарда жана электробустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) жүргүнчүлөрдүн жүрүү маселесин карасын.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6563-107-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2012-zhyldyn-26-aprelindegi-312-bishkek-shaarynda-koomduk-zh-rg-nch-l-r-transportu-menen-zh-rg-nch-l-rd-zhana-zh-k-tashuuga-tarifter-zh-n-nd-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 107 токтомуна тиркеме |
|
| "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту (бардык класстардагы автобустар жана электробустар) менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга ТАРИФТЕР
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы төмөнкүдөй белгиленсин:
менчиктин түрүнө карабастан, автобуста жана электробуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) накталай эмес төлөм түрүндө - 17,00 (он жети) сом;
менчиктин түрүнө карабастан, чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарда накталай жана накталай эмес төлөм түрүндө - 20,00 (жыйырма) сом.
атайын айырмалоочу белгилер менен белгиленген, менчиктин түрүнө карабастан (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары), салондорунда жол кире төлөмүн контролдоо контролёрлор тарабынан жүргүзүлгөн автобустарда жана электробустарда накталай түрдө. - 20,00 (жыйырма) сом;
саат 23:00дөн 05:00гө чейин түнкү каттамдарды жүзөгө ашыруучу автобустарда жана электробустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) накталай эмес төлөм жүргүзүүдө - 70,00 (жетимиш) сом, накталай төлөм жүргүзүүдө - 90,00 (токсон) сом.
2. Муниципалдык коомдук транспортто жол акысын транспорттук карта менен төлөгөн учурда, 5 мүнөт өткөндөн кийин жүргүнчүгө 60 мүнөттүн ичинде чектөөсүз санда башкага которулуп отуруу укугу берилет.
3. Автобустарда жана электробустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) жүргүнчүлөрдүн жүрүүсү аялдамаларга башка коомдук жайларга же коомдук транспортдо орнотулган терминалдардан накталай эсептешүү аркылуу атайын талон сатып алуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Атайын талон транспорт каражатына орнотулган валидатордо милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
4. Автобустарда, электробустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:
40 кг жогору же 50х60х100 см көлөмү менен - 17,00 (он жети) сом.
5. 1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:
мектептик 360,00 (үч жүз алтымыш) сом;
стандарттык 1020,00 (бир миң жыйырма) сом.
Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын өздүк наркы киргизилет.
Стандарттык транспорттук карта (электрондук жол жүрүү билети) мөөнөтсүз болуп саналат (физикалык жактан эскиргенге чейин колдонулат), ага салынган акча каражаттары жокко чыгарылбайт же эсептен чыгарылбайт.
6. Акысыз же жеңилдетилген баада жол жүрүү укугун берүүчү жекелештирилген транспорттук карталар, ошондой эле ушул тиркеменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн стандарттык транспорттук карталар түнкү каттамдарды жүзөгө ашыруучу автобустарда жана электробустарда, анын ичинде экспресс жана жарым-жартылай экспресс каттамдарда колдонулбай тургандыгы белгиленсин.
Экспресс жана жарым-жартылай экспресс каттамдарда, ошондой эле түнкү каттамдарды жүзөгө ашыруучу автобустарда жана электробустарда ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдиктер колдонулбайт.
7. Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу Бишкек шаарында туруктуу жашаган жана каттоосу бар тургундардын төмөнкү категорияларына бериле тургандыгы белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан берилген пенсиялык шарты бар пенсионерлерге жаш курагы боюнча;
жалпы ооруларынын жана эмгектик мерттенүүнүн натыйжасында I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдарга;
бала кезинен майыптыгы бар адамдарга;
7 жашка чейинки курактагы балдарга;
майыптыгы бар адамдын жеке ассистенттерине (карап-багуучуларына);
«Кыргыз почтасы» ААКтын почтальондоруна, кызматтык милдеттерин аткарууда.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүү үчүн негиз болуп, акысыз же жеңилдетилген жол жүрүү укугунда адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлгөн жана сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук карта (электрондук жол билет) эсептелет.».
Аппарат жетекчиси |
| И. Аденов |