Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ, СПОРТ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 2-июлу № 411
Кыргыз Республикасынын жалпыга жеткиликтүү китепканаларынын китепкана фондун уюштуруу боюнча документтердин жыйнагын бекитүү тууралуу
“Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 9-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 624-т “Маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жалпыга жеткиликтүү китепканаларынын китепкана фондун уюштуруу боюнча документтердин жыйнагы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жалпыга жеткиликтүү китепканаларынын китепкана фондун уюштуруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин расмий веб-сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маданият башкармалыгы:
1) ушул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчү аркылуу жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
2)буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары С.С. Сарногоевага жана чечимдерди аткарууну контролдоо жана санариптик өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Министр |
| М.К. Мамбеталиев |