Редакцияот 29.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясы

 

2025-жылдын 29-июлундагы  №44

 

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын 24-июль 2025-жылдагы VI сессиясынын №35-токтомунун 3-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-39-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын 24-июль 2025-жылдагы VI сессиясынын №35-токтомунун 3-пунктун жокко чыгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын 24-июль 2025-жылдагы VI сессиясынын №35-токтомунун 3-пункту айылдык кенештин компетенциясына кирбегендиктен жокко чыгып, токтомдон алынып салынсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

 

Төрага

 

                  Ш.Мукушов