Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 131 буйругу менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түзүүнүн
ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түзүүнүн тартиби “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
Ушул Тартип системанын жабык бөлүгүндө документти киргизүү, оңдоп-түзөө жана аны УМББда андан аркы жарыялоо жол-жобосун аныктайт.
2. Жабык бөлүк — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) киргизүү, оңдоп-түзөө жана актуалдаштыруу үчүн багытталган УМББнин ички бөлүгү.
УМББнин жабык бөлүгү төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
- админ панель;
- модулдар;
- оператордун иш столу.
1) Админ панель — системанын оператордук бөлүгүн башкаруу үчүн багытталган жана төмөнкүлөрдөн турган системанын бөлүмү:
- операторлор — системага ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түздөн-түз киргизүү менен иш алып барган адистер, бөлүм адистер жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
- операторду каттоо — УМББнын жаңы операторун түзүп, ага УМББге кирүү мүмкүнчүлүгүн берген функция;
- ролдор — УМББ системасындагы операторлордун укуктарын жана кирүү деңгээлин өзгөртүүгө мүмкүндүк берген функция.
2) Модулдар — бул ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү уюштуруу, аларды эсепке алуу, иштетүү жана колдонуучуларга маалымат берүү үчүн багытталган, системанын функционалдык блогу. Ар бир модуль системанын алкагында белгилүү бир милдеттерди аткарат жана төмөнкүлөрдөн турат:
- маалымдама — системанын иши үчүн зарыл болгон маалымдоочу маалыматтарды сактоо жана системалаштыруу;
- черновик — документтерди акыркы иштеп чыгууга чейин убактылуу сактоо;
- “Ченемдик укуктук актылар”, “эл аралык укук”, “соттук актылар”
- келип түшкөн документтерди иштетүү жана андан ары УМББга жарыялоо үчүн багытталган модулдар;
- реестрлер — бул ченемдик укуктук актылардын реквизиттерин жана башка маалыматтарды камтыган, актынын түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын эсепке алуу системасы, бул модуль Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин Microsoft Word жана Excel форматтарына өткөрүүгө мүмкүндүк берет;
- ЧУАны эсепке алуу — ченемдик укуктук актылар (укуктук актылар) аткаруучуну дайындоо үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу УМББнын ЧУАны эсепке алуу бөлүгүнө келип түшөт;
- логирлөө - контролдоо, аудит жүргүзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир ченемдик укуктук актынын аракетинин тарыхы үчүн багытталган УМББнын системасынын модулу;
- кайтарым байланыш — колдонуучулар менен системаны кармоочунун ортосундагы байланыш үчүн модуль;
Файлдарды жүктөө.
3) Оператордук иш стол — УМББда ченемдик укуктук актыны (укуктук актылар) түзүүдө “Документ” бөлүмүндө төмөнкү талаачалар толтурулат:
- документин түрү;
- актыны кабыл алган орган;
- акт кабыл алынган дата;
- актынын номери – тамгаларды, рим сандарын жана дефистерди кошуу менен, ченемдик укуктук актынын өзүндө көрсөтүлгөндөй толтурулат;
- актынын статусу;
- актынын аталышы — документтин түрү, кабыл алган орган, кабыл алынган датасы жана номери көрсөтүлөт, актынын аталышы «“”» тырмакчаларынын ичинде жазылат. Орус тилинде толтурулганда актыны чыгарган органдын аталышында “Кыргызская Республика” деген сөздөр кыскартылган түрдө — “КР” деп көрсөтүлөт (1-сүрөттү караңыз).
- Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген датасы;
- жарыяланган датасы;
- жарыялоо номери;
- жарыялоо булагы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо датасы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо номери;
1-сүрөт
- аймактын коду — УМББда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын түзүү үчүн ар бир аймакка өзүнчө коддор ыйгарылган, мындай актылар киргизилгенде тиешелүү аймактын коду көрсөтүлөт;
- негизги сөздөр — ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) негизги мазмунун сүрөттөйт жана УМББде документтерди издөө жана системалаштыруу үчүн колдонулат;
- жалпы укуктук классификатор — иреттүү эсепке алуу жана издөө үчүн тармактар боюнча ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) бөлүштүрүү системасы;
- категория - маалымат банкында ыңгайлуу кароо жана издөө үчүн ченемдик укуктук актылар киргизилүүчү бөлүм;
- ЧУАнын мамлекеттик реестринде жарыяланган — ченемдик укуктук актыны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүгө, ошондой эле системанын ачык бөлүгүндө колдонуучулар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген функция;
- УМББде жарыяланган — функция колдонуучуларга ченемдик укуктук актыны (укуктук актыны) системанын ачык бөлүгүндө көрүүгө мүмкүндүк берет;
- маанилүү документ — ченемдик укуктук актыны бөлүп көрсөтүү жана аны УМББнин ачык бөлүгүндөгү “Маанилүү документ” бөлүмүндө көрсөтүүгө багытталган системанын функционалдык элементи;
- күчүнө кирет — күчүнө кирүүсү кийинкиге жылдырылган документ киргизилгенде, күчүнө кирүү датасы көрсөтүлгөн талаа толтурулат. Көрсөтүлгөн дата келгенде система документтин статусун артка саноо режиминен автоматтык түрдө “күчүндө” статусуна өзгөртөт;
- күчүнө кириши тууралуу аталыш орус тилинде / күчүнө кириши тууралуу аталыш кыргыз тилинде – ченемдик укуктук актынын өзүндө көрсөтүлгөн күчүнө кирүү шарттарына ылайык толтурулат;
- күчүн жоготот — ченемдик укуктук акт кайсы күндөн баштап күчүн жоготоорун ачык бөлүктө көрсөтүү менен, күчүн жоготкон датасы көрсөтүлөт;
- күчүн жоготкондугу жөнүндө орус тилиндеги аталышы/ күчүн жоготкондугу жөнүндө кыргыз тилиндеги аталышы — ченемдик укуктук актынын өзүндө көрсөтүлгөн күчүн жоготуу шарттарына ылайык толтурулат;
- PDF форматындагы түп нуска документ — документтин графикалык көчүрмөсү түрүндө УМББнын ачык бөлүгүндө анын расмий текстине жетүүгө мүмкүндүк берген ченемдик укуктук акт (укуктук акт) жайгаштырылат;
- оператор – документти УМББге киргизүүнү жүзөгө ашырган документтин аткаруучусу.
3. “Редакциялар” бөлүмүндө ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) тексттери кыргыз жана орус тилдеринде түзүлөт. Негизги актыга ар бир өзгөртүү киргизилген сайын, кийинки өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жаңы редакция түзүлөт.
- редакция — актынын кабыл алынган датасы киргизилет;
4. Ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) текстин УМББге киргизүүдө, актынын реквизиттери төмөнкү ырааттуулукта жайгаштырылат:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (борборунда);
- ченемдик укуктук актынын түрү жана актыны чыгарган орган (борборунда);
- актынын датасы жана номери (сол жакта, жылдыруусуз);
- ченемдик укуктук актынын аталышы (борборунда);
- актыны, кабыл алынган номерин жана датасын көрсөтүү менен киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар (борборунда);
- ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) тексти.
Көрсөтүлгөн реквизиттердин ортосунда бирдиктүү жана окууга ыңгайлуу болуусун камсыз кылуу үчүн бир саптык аралык колдонулат (2-сүрөттү караңыз).
5. УМББде документтин текстин тариздөө:
- Arial шрифти;
Шрифтин өлчөмү:
- документин түрү - 16 шрифт;
- документтин аталышы - 14 шрифт;
- документтин тексти- 12 шрифт;
- таблицаларда 10го чейин кичирейтүүгө жол берилет (текст батпай калган учурда);
- абзацтын чегинүүсү - сол четинен 1,25 см;
- сап аралык интервал – бир жолку (1,0), бир түрдүү жана окууга ыңгайлуу тариздөө үчүн (2-сүрөттү караңыз).
2-сүрөт
6. Тексттердин электрондук формасы төмөнкү талаптарды эске алуу менен таризделет:
- абзацтагы чегиниш ушул Тартиптин 4-пунктунда аталган форматтарды колдогон тексттик редакторлордо каралган стандарттык каражаттар менен аткарылат;
- сөздөр бири-биринен бир “боштук” белгиси менен ажыратылат;
- сөз менен андан кийинки тыныш белгинин ортосуна “боштук” белгиси коюлбайт;
- тыныш белгиден кийин “боштук” белгисинин болушу милдеттүү;
- тырмакча жана кашаалар алардын ичиндеги сөздөрдөн ажыратылбайт;
- тырмакчаларды белгилөө үчүн “бурч тырмакча” символу колдонулат;
- ташымалды белгилөө үчүн “дефис” колдонулбайт, автоматтык түрдө коюлуучу “ийкемдүү” ташымалдар колдонулат;
- “ө”, “ң” жана “ү” тамгалары мамлекеттик тилдеги тексттерде гана колдонулат;
- аталышта жана кичи аталышта эгер ал тексттен бөлөк жайгашса, ошондой эле таблицанын аталышында жана таблицанын ичинде турган аталыштарда “чекит” символу коюлбайт;
- кагаз сактагычта мамыча түрүндө жайгаштырылган маалымат тексттик файлда таблица түрүндө жасалат. Таблица ушул пунктта саналган форматтарды колдоочу тексттик редакторлордо каралган стандарттык каражаттар менен аткарылат;
- таблицанын бир ячейкасында маалыматтын бир бирдиги гана жайгаштырылат. Таблицада бош саптар жана бош мамычалар болбошу керек.
7. УМББде ченемдик укуктук актыны (укуктук актылар) түзүүдө негизги документ жана анын тиркемеси (инструкциялар, жоболор, эрежелер жана башкалар) өз-өзүнчө таризделет жана каттоодон өткөрүлөт, мында тиркеме негизги документке кыстырма коюу аркылуу байланыштырылат.
Ар бир негизги ченемдик укуктук актыны (уккутук актыны) түзүүдө шилтеме берилген ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерине, анын ичинде жоболорго, жол-жоболорго жана көрсөтмөлөргө, эгерде алар ченемдик укуктук актынын текстинде бар болсо, кыстырмалар коюлат.
Эгерде актынын текстинде башка ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) структуралык элементтерине (беренесине, пунктуна, бөлүгүнө, абзацына жана башка элементтерине) шилтемелер камтылса, анда УМББда тиешелүү ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) же анын структуралык элементинин кыстырмасы да камтылышы керек.
Өзүнчө структуралык элементтер күчүн жоготкондо же ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда (беренелер, пункттар, пунктчалар, абзацтар жана башка элементтер), шилтеме кылынган документке кыстармалар аны менен тиешелүү структуралык элемент күчүн жоготту деп таанылган же өзгөртүү киргизилген актынын реквизиттерине коюлат (3-сүрөттү караңыз).
Киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар тиешелүү берененин, пункттун же ченемдик укуктук актынын башка структуралык элементинин аягында өзүнчө абзацта берилет (3-сүрөттү караңыз).
3-сүрөт.
8. Кыстырмалардын формуласы документтин URL дарегинен (https://cbd.minjust.gov.kg/202591/edition/1086595/kg) жана ченемдик укуктук актынын структуралык элементинен (1-глава, 5-берене, 4-пункт ж.б.) турат.
Кыстырмалар формуласы үчүн тузүмдук элементтердин белгилениши:
- бөлүм – “r”;
- глава – “g”;
- берене –“st”;
- пункту – “p”;
- документтин тиркемеси – “pr”.
Ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) структуралык элементине кыстырма коюу боштук калтырбастан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- URL-дарек жүктөлүүчү документтин тилине жараша тандалат, андан кийин “#” белгиси жана структуралык элементтин белгилениши коюлат, мында “__” (асты сызылган боштук) белги берененин шилтемесинде гана колдонулат, башка учурларда колдонулбайт.
Мисал: https://cbd.minjust.gov.kg/202591/edition/1086595/kg#st_14
Ченемдик укуктук акт (укуктук акт) кошумча структуралык элемент менен толукталган учурда, шилтемеде толуктоочу структуралык элементтин номерин көрсөткөнгө чейин “__” (асты сызылган боштук) коюлат.
Мисал: https://cbd.minjust.gov.kg/202591/edition/1086595/ru#st_14_1
(141 берене менен толукталган).