Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 30-июну № 17-14
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы
коопсуздук эрежелери
Бишкек-2026
Электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы
коопсуздук эрежелери
Иштеп жаткан электр орнотмолорунда иштеген адамдарга кооптуу өндүрүштүк кырдаалдардын таасирин болтурбоочу негизги уюштуруу жана техникалык иш-чаралар келтирилген.
Бул эрежелер менчигинин түрүнө карабастан электр орнотмолорун долбоорлоо, орнотуу, жөндөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын жетекчилерине, адистерине жана жумушчу ишкерсандарына арналган.
Эрежелер Кыргыз Республикасында 2003- жылдын 1- августунда кабыл алынган жана андан кийинки 2009-, 2014-, 2016- жылдардагы түпнускалары өзгөртүлүп толукталган «Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамы, ошондой эле башка орнотуу, жөндөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген жумушчулардын коопсуздугун камсыздаган ченемдик актылардын жана үлгүчендердин негизинде түзүлгөн, ошондой эле электрорнотмолордо кээ бир жумуштарды чыңалуу астында аткарылышына пайда болгон талаптардын негизинде толукталган.
Бул Эрежелердин чыгышы менен мурда колдонулуп келген СССР жана РФ Энергетика министирлигинин алдындагы “Союзтехэнерго” өндүрүштүк бирикмеси тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлиги тарабынан 2022-жылы бекитилген “Электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы коопсуздук эрежелери” жокко чыгарылат.
Эрежелер Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигине караштуу Энергетика илим-изилдөө институтунун илимий кызматкерлери Айткулов М.А., т.и.к. – редакциясы алдында, Турдакунов К.С.- долбоордун башчысы, илимий кызматкерлер Соодонбеков Ш.С., Бусурманова Г.Б., Джолоев М.К. тарабынан кайра иштелип жана толукталып чыккан жана:
- “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКысынын техникалык кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин Илимий-техникалык кеңеши тарабынан жактырылып Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин 2026-жылдын ___ __________ № _________ буйругу менен бекитилген.
Шарттуу кыскартуулар жана чечмелөөлөр
Шартуу кыскартуулар | Чечмелөөлөр |
ТАӨ | Талааны автоматтык түрдө өчүрүү |
AБС | Автоматтык башкаруу тутуму |
АТС | Автоматтык телефон станциясы |
АЧ | Аба чубалгысы |
ЭБЧ | Электр берүү чубалгысы |
КАЧ | Өзүн-өзү көтөрүүчү каптамаланган зымдары менен болгон аба чубалгысы |
КрАЧ | Каптамаланып корголгон кабы бар зымдары менен болгон 1000 В тон жогорку электр берүүчү корголгон аба чубалгысы (негизинен 6-10-35 кВ) |
АБЧ | Аба байланыш чубалгысы |
ИБТ | Ички бөлүштүрүүчү түзүлүш |
АБТ | Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш |
KЧ | Каптамазымдуу электр чубалгысы |
КАК | Камдыктын автоматташтырылган күйгүзүлүшү |
АКК | Автоматташтырылган кайра күйгүзүүлөр |
КЗАЧ | Каптамазымдуу аба чубалгысы – аралаш тартылган каптамазымдуу жана аба менен тартылган бөлүктөрү бар электр берүү чубалгысы |
KБЧ | Каптамазымдык байланыш чубалгысы |
ИОБТ | Ичкериге орнотулуучу бөлүштүрүү түзүлүшү |
ЭЖТБО | Элегаз жабдуулары менен толукталган бөлүштүрүүчү орнотмо |
СОБТ | Сыртка орнотулуучу бөлүштүрүү түзүлүшү |
КББО | Аба кыскычтык-белги берүүчү орнотмо |
ЖТЧ | Жергиликтүү телефон чордону |
ТККЖ | Тейлөөсүз калыбына келтирүүчү жай |
АБО | Ачык бөлүштүрүүчү орнотмо |
АЖО | Автоматташтырылган жумуш орду |
ТКЖ | Тейлөөсүз күчөтүүчү жай |
ИИҮЭ | Ишкерсандар менен иштөөлөрдү уюштуруу эрежелери |
БТ | Бөлүштүрүүчү түзүлүш |
ТТБК | Тезгемердик жана технологиялык башкаруу каражаттары (байланыш жана телемеханиканын каптамазымдык жана аба чубалгылары, жогорку жыштыктагы каналдар, байланыш жана телемеханикалык түзүлүштөр) |
ЖЖБ | Жогорку жыштыктагы байланыш |
ЖЖД | Жумуш жүргүзүү долбоору |
ЖУД | Жумушту уюштуруу долбоору |
ЖТЖ | Жабык трансформатордук жай |
МТЖ | Мунаралык трансформатордук жай |
ТТЖ | Түркүктүк трансформатордук жай |
СТТЖ | Сапсалгылык толукталган трансформатордук жай |
ККУ | Курулуш-куроо уюму |
ККИ | Курулуш-куроо иштери |
ЧЖБТ (ПДК) | Чектелип жол берилген топтолуу |
ӨККЗ КЧжЭ ЖАӨ | Өзүн-өзү көтөрүүчү капталмаланган зым Курулуш ченемдери жана эрежелери Жылуулук автоматикалык, жылуулук техникалык өлчөөлөр жана коргоо түзмөктөрү, алыстыктан башкаруу жана белги берүүчү каражаттары, жана башкаруунун автоматташтырылган түзүмдөрүнүн техникалык каражаттары |
ТКЧ
| Трансформатордук көмөкчордон
|
ЭМТ | Электромагниттик талаа |
ЭлО
| Электролиздик орнотмо
|
УТИК | Уюштуруучулук-тескөөчүлүк иш кагаздар |
Эрежелерде кабыл алынган аталыштар жана аныктамалар
Аталыштар | Аныктамалары |
Реклоузер | 6, 10, 35 кВтук (бириктирилген) аба электр тармактарын кошуп туруучу абасыздык өчүрүүчү бөлүгү, ага бирге кошулган агын жана чыңалууну өлчөөчү тутуму, ошондой эле микропроцессордук релелик-автоматтык коргоо тутумдары бар башкаруу үкөгүнөн турган автоматташтырылган бөлүштүрүүчү орнотмо. |
Ишкертоп (иштаккагаз менен же табыштама боюнча) | Эки же андан көп адамдан турган ишкертоп, иш алып баруучу же байкоочу менен бирге алганда |
Электр өткөрүүчү аба чубалгысы | Ачык абада жайгашкан жана инженердик курулмалардагы (көпүрө, эстакада ж. б.) түркүктөргө, тирөөчтөргө же кронштейндерге зымчынылар жана арматуралар менен бекитилүүчү зымдар аркылуу электр энергиясын өткөрүүчү түзүлүш. Аба чубалгысынын башталышы жана аягы катары чубалгылык капкалдар же бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн чубалгылык алгачтары, ал эми бутактамалар үчүн - бутактаманын түркүгү жана чубалгылык капкал же бөлүштүрүүчү түзүлүштүн чубалгылык алгачы алынат. Мында АЧ тарабындагы чубалгылык капкалга орнотулган тартылуучу капталма илмектер, ошондой эле АЧ зымдарына бекитилген баардык кыскычтар АЧга кирет. Көмөкчордон тарабындагы чубалгылык капкалга орнотулган тартылуучу капталма асылмалар, бул капкалдардагы илмектер, аба чубалгыларынан ар кандай жабдууларга (өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөр, дүрмөтсүздөнгүчтөр, байланыш тыгыздоочулары (конденсаторлору) ж.б.) түшкөн кошмо зымдары, ошондой эле жогорку жыштыктагы тосмолор АЧга кирбейт. |
Илептик чыңалуу астындагы аба чубалгысы | Чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору башка аба чубалгылардын огунан төмөндөгүдөй алыстыкта жалпы узундугу 2 кмден кем эмес бөлүктөрүндө же бүт узундугу боюнча бирдей жарыш өтүүчү аба чубалгылары жана байланыш аба чубалгылары, м: -чыңалуусу 110 кВ аба чубалгылары үчүн 100, -220 кВ аба чубалгылары үчүн 150, - 500 КВ аба чубалгылары үчүн 200. Жогоруда көрсөтүлгөндөн жакын аралыкта өтүүчү 110 кВтон жогорку аба чубалгылары менен бирдей жарыш өтүүчү же кесилишкен электр жана байланыш аба чубалгылары. |
Экинчилик (көмөкчү) тизмек | Электр чордонунун (көмөкчордондун) башкаруу, автоматика, өлчөө, коргоо жана белги берүү түзүлүштөрүн кошуп туруучу кыскычтардын жана электр зымдарынын топторунун жыйындысы. |
Бийиктикке чыгуу менен байланышкан жумуштар
"Керек", "зарыл", "керек" | Түздөн-түз түзүлүштөрдү же жабдууларды орнотуу же оңдоо учурунда жерден, шыптан же жумушчу төшөндүдөн 5 метрден ашык бийиктикке чыгуу менен аткарылуучу иштер. Бул учурда жумушчуларды жыгылуудан сактай турган негизги каражат болуп коопсуздук байланмалары жана аны бекитүү ыкмасы саналат.
Ушул Эрежелердин талаптарын милдеттүү түрдө аткарууну белгилейт. |
"Уруксат берилет", "мүмкүн" | Бул талап өзгөчө түрдө (жергиликтүү шарттарга ылайык) колдонулаарын белгилейт. |
Алгачкы уруксат | Иштаккагаз же табыштама боюнча биринчи жолу жүзөгө ашырылган уруксат. |
Кайталануучу уруксат | Иштаккагаз боюнча буга чейин иш аткарылган жумуш ордуна берилүүчү уруксат. |
Жерге туташтыруу | Тармактын кандайдыр бир жерин, электр орнотмосун же жабдууларды жерге туташтыруучу түзүлүш менен атайылап электрдик туташтыруу. |
Коргоочу жерге туташтыруу | Электркоопсуздук максатындагы жерге туташтыруу |
Электр талаасынын таасир аймагы | Электр талаасынын чыңалуусу 5 кВ/м ашкан 50 Гц жыштыктуу мейкиндик |
Магнит талаасынын таасир берүүчү аймагы | Магнит талаасынын чыналуусу 80А/м ден жогору аймак. |
Калкандоо аймагы
Коопсуздук белгиси
Максаттуу насаат
Каптамазымдык чубалгы
| Чыңалуусу 5 кВ/мден ашпаган электр талаасына жакын жайгашкан имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле жердештирилген темир түзүлүштөрдүн, жабдуулардын пайдубалдарынын, күчтук трансформатордун жана ири өлчөмдөгү курулмалардын жанындагы мейкиндик.
Адамды, мүмкүн болуучу коркунуч жөнүндө эскертүүгө, белгилүү бир аракеттерине тыюу салууга же көрсөтмө берүүгө, ошондой эле объекттердин жайгашуусу боюнча маалымдоо үчүн, алардын пайдалануусу өндүрүштүк тийиндилердин коркунучтуу жана зыяндуу таасирлеринин кесепеттерин алып салуу же азайтуу менен байланышкан белги
Иштаккагаз же буйрутма менен, аныкталган жумушчулардын тобун камтыган, электрорнотмодо даректүү ишти коопсуз аткаруу боюнча иштаккагаз, буйрутма берүүчүдөн баштап бригаданын мүчөсүнө же аткаруучуга чейин берилүүчү көрсөтмө
Бир же бир нече жарыша жайгашкан каптамазымдардан, туташтыргыч, бекитүүчү жана чектүү кошмокаптардан жана бекиткичтерден турган, ошондой эле май толтурулган каптамазымдык чубалгылар үчүн, мындан тышкары, кошумча азыктандыруучу аппаратары жана май басымы боюнча белги берүүчү тутумдардан турган электрэнергиясын же анын айрым импульстарын өткөрүүчү чубалгы. |
Өчүрүп-күйгүзүүчү аппарат | Электр чынжырын өчүрүп-күйгүзүүгө жана ток өткөрүүгө арналган электр аппараты (ажыраткыч, кубаттулукту өчүргүч, ажыраткыч, өчүргүч, автомат, кошкуч, топтоштурулган өчүргүч, сактагыч ж. б.). |
Жүк көтөрүүчү машиналар | КР «Көтөрүүчү унаалык жабдуулардын коопсуздугу жана аны иштетип пайдалануунун иш жүрүшү Техникалык жоболоруна ылайык “КТЖ - көтөрүүчү унаалык жабдуулар” термини менен белгиленген крандардын бардык түрлөрү, кран-экскаваторлор (арканга илинген илгич менен иштөөгө арналган экскаваторлор), көтөргүчтөр, жүктөрдү жана адамдарды көтөрүүчү кол тарткылар. |
Механизмдер | Гидравликалык көтөргүчтөр, телескопиялык мунаралар, экскаваторлор, тракторлор, жүк көтөрүүчү машиналар, бургулоочу-крандык машиналар, механикалык иштеткилүү узартылып чыгуучу тепкичтер ж.б. |
Механикалык кулпу | Ачкыч менен жабылуучу, алынуучу туткасы бар кулпу ж.б.у.с. |
Бурмаланбаган электр талаасынын күчү | Адамдын катышуусу менен бурмаланбаган, адам иш жүрүшүндө боло турган аймактагы аныкталуучу электр талаасынын чыналуусу. |
Иштаккагаз | Ишти коопсуз алып барууга түзүлгөн, анын мазмунун, ордун, баштоочу жана бүтүрүүчу убактыларын, керектүү коопсуздук иш чараларын, ишкертоптун курамын жана ишти коопсуз аткарууга жооптууларды аныктаган атайын бланктагы табыштама |
Кыска мөөнөт талап кылуучу шашылыш түрдө аткарылуучу иштер | 1000 В жогорку электр орнотмолорундагы узактыгы боюнча 1 сааттан ашык эмес убакытты талап кылуучу, жумуш ордун даярдоону эсепке албаганда, кечиктирилбес түрдө аткарылуучу, адамга коркунучтуу өндүруштүк тийиндилердин таасирлерин тийгизбөөгө багытталган, жаракат алып же башка күтүүсүздөн адамдын ден соолугунун тез начарлашына алып келүүчү, ошондой эле жабдуунун, ЖАӨ түзүлүштөрүнүн жана кардарларды электр энергия менен камсыздоолордун туура иштебей үзгүлтүккө учурашына коркунуч туудурган учурлардагы бузулуудан жана зыянга учуроодон сактоо иштери. |
Электр орнотмолорун шууту (ыкчам) тейлөө | Электр орнотмолордун белгиленген тартипте иштешин камсыз кылып ыкчам өчүрүп-күйгүзүүгө, жабдууну кароого, иш ордун даярдоого, иштеп жатканын көзөмөлдөөгө, жабдууну үзгүлтүксүз иштетип пайдаланууга багытталган иштердин топтому. |
Электр орнотмолордогу кароолор | Электр орнотмолорду, электр жабдууларды, имарат жана курулуштарды көрүнөө карап текшерүү |
Электр чарбачылыгына жооптуу | Административдик-техникалык ишкерсандардын арасындагы колдонуудагы эрежелердин жана ченемдик-техникалык иш кагаздардын негизинде электр орнотмолорду коопсуз тейлөө милдеттерин уюштуруу жүктөлгөн кызматкер |
Эмгекти коргоо | Эмгектик ишмердүүлүктүн жүрүшүндөгү жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган, укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук-техникалык, санитардык-гигиеналык, алдын-ала даарылоо, ден соолуктарын кайра калыбына келтирүүгө багытталган иш чаралардын тутуму. |
Электр чубалгыларынын жана аба байланыш чубалгыларынын коргоо аймагы
Каптамазымдык электр чубалгылары жана каптамазымдык байланыш чубалгыларынын коопсуздук аймагы
Административдик-техникалык ишкерсан
Электротехникалык эмес ишкерсан
Ыкчам ондоочу ишкерсан
Ыкчам (шууту) ишкерсан
Ондоочу ишкерсан
Электротехникалык ишкерсан
Электротехнологиялык ишкерсан
Жумуш ордун даярдоо
Туташтыруу
КТ боюнча II – V- тобу бар кызматкер
Агын өтүүчү бөлүктөрдө жана алардын жанында чыңалууну алып салбастан иштөө
Электр орнотмолорунда иш аткаруучу жумуш орду
Учурдагы иштетип пайдалануу тартибиндеги жумуштар
Бийиктикте иштөө
Электр коопсуздугу боюнча II топтогу кызматкер
Электр коопсуздугу боюнча III топтогу кызматкер
Электр коопсуздугу боюнча IV топтогу кызматкер
Буйрутма
Бөлүштүрүү түзмөгү
Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
Жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
Жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
Техникалык тейлөө
Агын өткөрүүчү бөлүгү
Агын жүрбөөчү бөлүк
Электр көмөкчордону
Электр орнотмо
Жергиликтуу кызматкерлердин кезметчиси жок электр орнотмо Аракеттеги (иштеги) электр орнотмолору
Жөнөкөй көрүнүүчү түзмөктүү электр орнотмо
Электр тармагы
Электр коргонуу каражаттары Энергетикалык ишкана Электр менен жабдуучу уюм
| Жер бөлүктөрү жана аба мейкиндиги түрүндөгү, аралыкта чубалгынын кыйшаюусуз абалдагы четки зымдарынын эки тарабында жайгашкан тик тегиздиктер менен чектелген аба чубалгысынын боюндагы аймак, м: чыңалуусу 1 кВ чейинки аба чубалгылары жана байланыш аба чубалгылары үчүн- 2; 1-20 кВ аба чубалгылары үчүн -10; 35 кВ аба чубалгылары үчүн -15; 110 кВ аба чубалгылары үчүн -20; 220 кВ аба чубалгылары үчүн -25; 500 кВ аба чубалгылары үчүн -30.
Каптамазымдык электр чубалгылары үчүн 1 м жана каптамазымдык байланыш чубалгылары үчүн 2 м аралыкта эң четки каптамазымдардан чубалгынын эки тарабында жайгашкан тик тегиздиктер менен чектелген жер астындагы каптамазым чубалгыларынын боюндагы жер бөлүгү, ал эми шаарларда тротуарлардын астынан өткөн 1000 В чейин чыңалуудагы каптамазымдык электр чубалгылары үчүн көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнө карай 1,0 м жана көчө жана анын карама-каршы тарабына 0,6 м болгон аймак.
Электр орнотмолорунда техникалык жана ыкчам тейлөөнү, оңдоо, куроо жана жөндөө иштерин уюштуруу үчүн жооптуу жетекчилер жана адистер.
Электр чыналуу астындагы кандайдыр бир жабдуулар менен байланышпаган, электр тогуна урунуу коркунучу жок иштерди аткаруучу ишкерсан. Байланыш бир гана оператордун кызматын аткаруучу тарабынан болушу мүмкүн, мындай учурда ага электр тогунун түз таасири жок чыгарылат. Атайын окутулуп даярдалган жана бекитилген электр орнотмолорун бекитилген көлөмүндө ыкчам тейлөөгө даярдалган оңдоочу ишкерсан Электр орнотмолорун ыкчам башкарууну жана тейлөөлөрдү жүргүзүүчү ишкерсан (текшерүү, ыкчам өчүрүп-күйгүзүү, жумуш ордун даярдоо, жумушчуларды ишти аткарууга киргизүү жана иштеп жаткан кызматкерлердин үстүнөн көзөмөлдөө, учурдагы иштетип пайдалануу тартибиндеги иштерди аткаруучу) Электр жабдууларын техникалык тейлөөнү жана оңдоону, куроону, жөндөөнү жана сыноону камсыз кылган ишкерсан Электр жабдууларын куроо, жөндөө, тейлөө, оңдоо жана электрорнотмолорунун иштөө тартибин башкарууну жүргүзүүчү атайын даярдалган административдик-техникалык, ыкчам (шууту), ыкчам оңдоочу, оңдоочу ишкерсан. Технологиялык иш жүргүзүүдө негизги курамдык бөлүгү электр энергиясы болуп саналган, ишинде кол менен иштеген электр машиналарын, көчмө электр шаймандарын жана чырактарды колдонгон ишкерсан, жана кызматтык нускамада же эмгекти коргоо нускамасында электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы эмгекти коргоо эрежелерин (коопсуздук эрежелерин) билүүлөрү белгиленген (II же андан жогорку электр коопсуздук тобу талап кылынган) башка кызматкерлер. Жумуш башталганга чейин жумушчуга жумуш ордунда зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштүк тийиндилердин таасиринин алдын алуу боюнча техникалык иш чараларды аткаруу Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн, генератордун, калканчыктын, чогултманын өткөрмөлорүнө туташтырылган, электр чордонунун, көмөкчордондун жана ушуга окшогондордун аймагында жайгашкан бир багыттагы, аталыштагы жана чыңалуудагы электр чынжыры (жабдуу жана өткөрмөлөр).Бир күчтук трансформатордун (оромдорунун санына карабастан) ар кандай чыналуудагы электр чынжырлары эки-ылдамдыктуу электр кыймылдаткычынын бир туташмасы болуп эсептелет. Электр коопсуздугу боюнча ишкерсандын кесиптик деңгээлинин даражасы. (Эрежелерде электр коопсуздук топторунун эң аз жол берилген маанилери көрсөтүлөт, б.а. ар бир атайылап алынган учурда кызматкер талап кылынган II, III, IV же V ден төмөн эмес топко ээ болушу керек. Бул бөлүктөрдө же алардын жанында түздөн-түз аткарылган иштер кирет. Чыңалуусу 1000 вольттон жогору болгон орнотмолордо, ошондой эле 1000 вольтко чейинки аба чубалгыларында ошол эле иштерге агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн жол берилгенден азыраак аралыкта аткарылган иштер кирет. Электр орнотмосунун иштаккагаз, буйрутма боюнча же учурдагы иштетип пайдалануу тартибинде ишкерсандын иштөөсүнө уруксат берилген бөлүгү 1000 В чейин чыңалуудагы электр орнотмолорунда уюмдун жетекчиси бекиткен тизмеге ылайык бекитилген жабдуулар боюнча иштетип пайдалануучу жана оңдоочу ишкерсандар тарабынан аткарылуучу чакан көлөмдөгү (бир кезметтен ашык эмес убакытты алган) оңдоо жана башка тейлөө иштери. Жер бетинен, шыптан же жумушчу төшөмдөн 1,3 м жана андан ашык бийиктикте, анын ичинде көтөргүчтөрдүн жана механизмдердин жумушчу аянтчаларынан, ошондой эле 1,3м бийиктиктеги тосмосуз бийиктиктеги айырмалары бар аянтчалардан 2 мден аз аралыкта аткарылуучу иштер кирет. Бийиктикте иштөөдө жеке коргонуунун негизги каражаты болуп коопсуздук куру саналат. Орто билими бар, «Электр орнотмолорунда иштөөнүн ченемдери жана эрежелери» мазмуурети боюнча 72 сааттан кем эмес окуудан өткөн, электр жетеги (иштеткиси) бар орнотмолорду жана жабдууларды тейлөөчү - электрэпкер, электркуроочу, электр ширетүүчү (кошуу укугусуз), ТВЧ орнотмолорун ысыктык менен иштеткич (термист), көтөргүч жана көчмө машиналардын, электр жетеги бар механизмдердин, кол менен иштеген электр машиналары ж.б.у.с. айдоочулары. Ага тиешелүү электр орнотмолорунда иштөөнүн жалпы жол-жоболорун билүүсү зарыл. Электр агынынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрү иш жүзүндө аткара билүүнү талап кылат. III кесиптик деңгээлдеги топ электротехникалык кызматкерлерине ыйгарылат. Электротехникалык ишкерсанга коюлган талаптар технологиялык ишкерсанга коюлган менен бирдей. III топтогу ишкерсанды ишке киргизүү 1000 В чейин жана андан жогорку тармактар менен иштөөлөргө бөлүнөт, ошондой эле 1000 В чейин электр орнотмолорун тармактан жалгыз тейлөөгө, текшерүүгө, кошууга жана ажыратууга укук берет. IV- кесиптик деңгээлдеги топ электротехникалык ишкерсандарга гана ыйгарылат. IV- электр коопсуздук тобу (1000 В чейин) уюмдагы электр объектилери үчүн жооптуу (ИТЖ) адамдардан дайындалышы үчүн зарыл. Ошондой эле жаш муундарды өндүрүштө окутуу үчүн ыкчам (шууту) кызматкерлерге ыйгарылат. Ишти коопсуз аткаруу үчүн анын мазмунун, ордун, убактысын, коопсуздук чараларын (зарыл болсо) жана аны аткаруу тапшырылган адамдарды аныктоочу оозеки же жазуу жүзүндөгү тапшырма Бир чыңалуу табындагы электр энергиясын кабыл алуу жана бөлүштүрүү үчүн кызмат кылган жана өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү, жыйноочу жана кошуучу өткөрмөлөрдү, көмөкчү түзүлүштөрдү (аба кыскычтык, топтогучтук ж.б.), ошондой эле коргоо түзүлүштөрүн, автоматика жана өлчөө алеттерин камтыган электр орнотмосу Күчтүк электр өткөргүчтөрү айлана-чөйрөдөн корголбостон сыртта жайгашкан бөлүштүрүүчү түзүлүштөр. Жабдуулары имараттын ичинде орнотулган же атайын каптамалар менен айлана-чөйрөгө тийүүдөн корголгон бөлүштүрүүчү түзүлүштөр (анын ичинде сыртка орнотулуучу үкөктөрүндө- СОБТ). Завод шартында чогултулган жогорку даражадагы даярдыктагы бирдиктүү түрдөгү бөлүктөрдөн (уячалар деп аталган) чогултулган бөлүштүрүүчү түзүлүш. 35 кВго чейинки чыңалууларда уячалар каптал дубалдары менен жалпы катарга бириктирилген үкөктөр түрүндө жасалат. Мындай үкөктөрдө чыңалуусу 1 кВго чейинки бөлүктөрү катуу каптазымдар менен, ал эми 1ден 35 кВго чейинки бөлүктөр аба менен калкамаланган өткөргүчтөр менен даярдалат. Электр орнотмолорун иштетип пайдалануунун жүрүшүндөгү, сактоодогу, күтүүдөгү жана ташып жеткизүү учурларында ишке жарамдуулугун же оң болүүсун сактоо боюнча аткарылуучу иштердин топтому. Демейдеги колдонууда агын өткөрүүгө арналган ар кандай өткөргүч же өткөрүүчү бөлүк, анын ичинде ортомдук зымы да, бирок, адатта, PEN (коргоочу ноль менен жумушчу өткөргүч зымдардын бирикмеси-жердештирилген коргоочу жана нейтрал зымдарын бир учурда аткаруучу өткөргүч зымы) зымы эмес. Демейде чыңалуу астында болбогон түз тийүүгө жеткиликтүү болгон электр жабдууларынын өткөргүч бөлүгү, бирок бузулуу учурларында чыңалуу пайда болушу мүмкүн. Трансформаторлордон же башка электр энергиясын өзгөрткүчтөрдөн, башкаруу түзүлүштөрүнөн, бөлүштүрүүчү жана көмөкчү түзүлүштөрдөн турган электр энергиясын кабыл алуу, айландыруу жана бөлүштүрүү үчүн арналган электр орнотмосу. Электр энергиясын өндүрүү, өзгөртүү, кайра иштетүү, бөлүштүрүү жана аны энергиянын башка түрлөрүнө айландыруу үчүн арналган машиналардын, приборлордун, чубалгылардын жана көмөкчү жабдуулардын (имараттар жана жайлар менен бирге) жыйындысы. Ыкчам топтор же ыкчам-оңдоочу ишкерсандар тейлеген электр орнотмолору, аба жана каптамазымдык чубалгылары. Чыңалуу астында турган же ага өчүрүп-күйгүзүүчү аппаратты күйгүзүү менен чыңалуу берилүүчу электр орнотмо, же анын бөлүгү. Айланып өтүүчү өткөрмө тутумдарсыз бир экаралуу же экараланбаган өткөрмө тутумундарынын 1000 В чыңалуусунан жогору болгон бөлүштүргүч түзүлүштөр, баардык аба жана каптамазымдык чубалгылары, чыңалуусу 1000 В чейинки бардык электр орнотмолор. Электр станциясынан керектөөчүгө электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү үчүн арналган электр орнотмолорунун тутуму Электр коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арналган коргоо каражаттары Жылуулук жана/же электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу, бөлүштүрүүчү ишкана Өндүрүлгөн же сатып алынган электр кубаттулугун жана электр энергиясын керектөөчүлөргө сатуучу мекеме |
Элегаз калкамалуу темир каптуу бөлүштүрүүчү түзмөк (ЭКБТ) | Жабык темир капка жайгаштырылган бөлүштүрүүчү түзмөк, анда калкама катары элегаз, же элегаздын башка газдар (азот же хладон) менен болгон кошулмалары пайдаланант |
Газдын сапатын көзөмөлдөө (текшерүү) | ЭКБТда колдонулуучу газды анын ченемделген мүнөздөмөлөрүнө туура келүүлөрүн текшерүү |
Элегазды толтуруудагы анын өчүрүп-күйгүзүүчү жана (же) калкамалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу чектелген чоңдуктагы басымы (же жыштыгы) | Адаттагы атмосфералык шарттарда (+ 20оС жана 101,3кПа) ЭКБТнын бөлүктөрүнүн өчүрүп-күйгүзүүгө жана (же) калкамалык мүмкүнчүлүктөрдү аткарууга туураланган Па менен (же жыштыгы кг/м 3 менен) өлчөлгөн жана басымдын ашыкча же негизги толук денгээлинин (абсолюттук) бирдиктери менен белгиленген жана ЭКБТынын же анын газ менен калкамаланган бөлүктөрүнүн иштетип пайдаланууга берүүнүн астында толтурулчу же иштетип пайдалануунун учурунда толукталчу элегаздын басымы |
ЭКБТнын кабы | Белгиленген шарттарда ченемделген калкамалыктын денгээлин коопсуз сактап турууга керектүү, жабдууну тышкы таасирлерден коргоочу, ишкерсандарды жогорку даражада коргоону камсыз кылуучу жана жердештирүүгө тийиштүү ЭКБТынын бөлүгү. |
Каптын эсептелген басымы | ЭКБТынын кабынын бекемдүүлүгүнө эсептелген басым |
Каптын эсептелген температуурасы | Ченемделген шарттарда иштеген учурлардагы ЭКБТынын кабында пайда болуушу мүмкүн болгон эн жогорку температура |
Айлана-чөйрөдөгү абанын температурасынын таасирдүү мааниси | Эсептөөлөрдө жана сыноолордо алынуучу айлана-чөйрөнүн температурасынын шарттуу мааниси |
ЭКБТынын бөлүгү | Бөлуштүрүүчү түзүлүштөрдөгу белгиленген аракеттерди аткаруучу ЭКБТынын бөлүгү (мисалы, өчүргүч, ажыраткыч, жердеткич, өлчөөчү трансформаторлор, жыйнактоо өткөрмөлөрү, алгач, башкаруу үкөгу ж.б.у.с.), ЭКБТынын жердештирүүчү чынжырын кошкондо. |
Элегаз жабдуусу | Жел чыкпас капка элегаз менен толтурулган агын өткөзүүчү бөлүктөрдү калкамалоочу жана электр жалынын өчүрүүгө пайдалануучу өзүнчө көз карандысыз иштөөгө ылайыкташтырылып жасалгалган бүтундөй түзүлүш бөлүгү |
Элегаз жабдуусу менен болгон уяча | Баштапкы электр түзмөктөрүнүн негизинде тартипке салынган ЭКБТнын бөлүктөрүн кошулмасы; ЭКБТ курамындагы (чубалгылык, экара, өткөрмөкошулмалык ж.б.у.с.) баштапкы электр түзмөгү менен белгиленген кандайдыр бир кызматты аткарууга багытталган (өз-өзүнчө уюлдуу же үч уюлдуу кылынып жасалган) бүтүндөй буюм катары эсептелинет. |
“PEN-зымы» | Коргоочу нөлдүк (PE) жана жумушчу нөлдүк (N) зымдары айкалыштырылган, б.а. 1 кВко чейинки чыңалуудагы ЭОлорунда колдонулуучу, «нөлү» жана «жери» бир каптамазымга бириктирилген, адамдарды жана малдарды электр агынынан жабыркоосунан коргоочу электр зымдары. |
«TN-C» жердетүү тутуму | Ортому туюк жердетилген электр тармагынын жердетүү ыкмасы, бул жерде жумушчу (N) жана коргоочу (PE) зымөткөргүчтөрү тармактын баардык узундугунда жалпы бир зымөткөргүчкө (PEN) бириктирилген, бул эң сарамжалдуу ыкма болуп эсептелинет, мындай учурда агын бир бириктирилген зымөткөргүч менен ага, бирок эң төмөн коопсуздук менен, б.а. үзүлгөндө же жабыркаганда анын баардык алеттерге кошулган темир тулкулары коркунучтуу чыңалуу астында болуп калуусу мүмкүн. |
«TN-S» жердетүү тутуму
| Ортому туюк жердетилген электр тармагынын жердетүү ыкмасы, бул жерде жумушчу (N) жана коргоочу (PE) зымөткөргүчтөрү тармактын баардык узундугунда азыктандыруу булагынан баштап бөлүнгөн, бир фазалуу тармакта 3 тамырчатарамдуу каптамазым колдонулат (фаза-нөл-жер) жана үч фазалууда – 5 тамырчатарамдуу эң жогорку коопсуздуктагы, анткени коргоочу (PE) зым жумушчу агынды жеткирип берүүдө катышпайт, ал жөн гана коргоо үчүн кызмат кылат, бул алеттин тулкусунда агындын пайда болушун жокко чыгарат. |
Элегаз | Өзү алтыфтордук күкүрт (SF6 – күкүрттүн гексафториди) катары аныкталган өңу жок, жыты жок, даамы жок, отко күйбөгөн абадан 5 эсе оор болгон (элегаздын жыштыгы 6,7 ге барабар, 1,29 болгон абаныкына караганда), молекулярдык салмагы да абаныкынан 5 эсе көп болгон электротехникалык газ. Элегаз электр жабдууларында калкамалоочу материал катары колдонулат, өзүнүн касиеттерин убакыттын өткөнүнө карабай сактай алат жана көп убакытка чейин сакталышы мүмкүн. Болжол менен 800оС температурасына чейин элегаз кошулбайт жана жылытууга туруктуу, 200оС га чейинки температуурада колдонулуучу элегаздык бөлүштүрүүчү орнотмолордун темирлерине химиялык жактан терс таасирлерин тийгизбейт. 1100 оС дан жогору температурада гана бөлүнөт, ошондой эле электр жабдууларынын ичиндеги элегазда электр алоосу пайда болгондуктан, элегаздын төмөнкү фториддерге жана күкүрттүн кошулмаларына бөлүнгөндө. Элегаздын ичинде жок дегенде бир аз болсо дагы нымдуулук бар шарт болгон учурда суутектүү фторлордун терс таасир берүүчү кошулмалары, газ түрүндөгү уулуу (суутектүү фтор кислотасы – плавик кислотасы) азыктары жана башкалар, ошондой эле ак майда өзгөчө жагымсыз сасыган жумуртканын жытындай жыты бар ун (порошок) сыяктуу нерселер пайда болот. Алардын көлөмү нымдуулук жана кычкылтек көбөйгөндө көбөйө баштайт. Элегаз күйүүнү жана дем алууну колдобойт. Ал өндүрүш имараттарынын ичинде көбөйгөнгдө кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот.
|
1-бөлүм. Жалпы талаптар
1.Электр орнотмолорун пайдалануудагы ушул коопсуздук Эрежелери электр энергиясын иштеп чыгуучу, жеткизип берүүчү, бөлүштүрүүчү жана керектөөчү уюмдардын кызматкерлерине, менчигинин, уюштуруучулук-укуктук башкарууларынын түрүнө карабастан, физикалык (жеке) адамдардын электр орнотмолорун иштетип пайдалануу жана техникалык тейлөө, анын ичинде чыңалуу астында жумуштарды жүргүзүү менен алектенген, аларда ыкчам которуштуруу, жана куруу, курап чогултуу (куроо), ишке киргизүү, оңдоо иштерин, сыноо жана өлчөөлөрдү уюштуруп жана аткаруучу, ошондой эле электроэнергияны эсептөөчү алеттери, өлчөөчү алеттери жана автоматика каражаттарындагы жумуштарды жүргүзүчү жумушчуларына, ошондой эле электроэнергетика курулмаларынын иштөөлөрүнүн технологиялык иш тартиптерин, кардарлардын энергияны кабыл алуучу орнотмолорун башкарууну ишке ашыруучу жана мамлекеттик энергетикалык көзөмөл жүргүзүүчү адистерине жайылтылат.
Бул эрежелер атайылаштырылган жана башка курулуш-куроочу мекемелердин ишкерсандарын ушул Эрежелердин негизинде электр орнотмолорун иштетип пайдалануу учурунда аткарылчу иштерге киргизген учурларда да сакталышы керек.
2. Бул Эрежелер аларды бекиткен түзүмдөр тарабынан гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
3. Электрорнотмолор, ошондой эле энергияны өндүрүүгө, өзгөртүүгө, трансформациялоого, жеткирип берүүгө, бөлүштүрүүгө жана энергиянын башка түрүнө айландырууга багышталган жардамчы жабдуулар техникалык жактан оң абалда болушу керек эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу менен жана сыноодон өткөн, колдонууга даяр коргонуу каражаттары, ошондой эле колдонуудагы эрежелерге жана ченемдерге ылайык биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылышы керек.
4. Иштөө учурунда колдонулуучу механизмдер жана жүк көтөрүүчү машиналар, аба (газ) кыскычтык орнотмолор жана аба чогулткучтар, ыкташтырмалар жана шаймандар эмгекти коргоо үлгүчендеринин талаптарына, техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан макулдашылган эрежелерге, ошондой эле жасап-чыгаруучу заводдордун (өндүрүүчүлөрдүн) нускамаларына ылайык иштетилип пайдаланышы зарыл.
5. Ушул Эрежелерге ылайык колдонулуучу коргоо каражаттары “Эмгектин коопсуздугу үлгүчендеринин тутуму. Өнөр жайлык жыштыктагы электр талааларынан коргоочу жеке каражаттар. Жеке калкандоочу топтомдор. Жалпы техникалык талаптар. Сыноо ыкмалары” 12.4.172-2019 мамлекет аралык МҮЧү, “Эмгектин коопсуздугу үлгүчендеринин тутуму. Иштеп жаткандарды коргоо каражаттары. Жалпы талаптар жана тапташтыруу” 12.4.011-89” мамлекеттер аралык МҮЧү, “Эмгектин коопсуздугу үлгүчендеринин тутуму. Электрдик коопсуздук. Жалпы талаптар жана коргоо түрлөрүнүн үлгүтүрлөрү” 12.1.019-2017 мамлекеттер аралык МҮЧү жана электрорнотмолорун иштетип пайдалануу учурунда колдонулуучу коргоо каражаттары боюнча башка ченемдик актылардын талаптарына жооп бериши керек.
Иштеп жаткан электр орнотмолорунда курулуш-куроо иштерин жүргүзүүдө КР СН-01:2018 “Курулуштагы эмгектин коопсуздугу” курулуш ченемдеринин талаптары сакталышы керек.
6. Бул Эрежелердин талаптары милдеттүү болуп саналат. Алардан четтөөлөргө жол берилбейт. Жумушчулар жана кызматчылар үчүн эмгекти коргоо нускамалары ушул Эрежелерге ылайык келтирилиши керек. Иш берүүчү өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша бул Эрежелерге каршы болбогон кошумча коопсуздук талаптарын орнотушу мүмкүн, өндүрүштөгү кесиптик тоболкелчиликтин деңгээлине жараша, жергиликтүү эмгекти коргоо нускамаларына кошумча талаптарды киргизүү менен.
7. Электр орнотмолорунда жумуштарды аткаруудагы иш жүрүштөрүнүн коопсуз аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында аралыктан автоматташтырылган көрүү- жана угузуу көзөмөлдөө жабдууларын, алеттерин жана орнотмолорун же топтомдорун колдонууга жол берилет.
8. Кыргыз Республикасында пайдалануудагы өндүрүштүк карым- катнаштарды санариптештирүү мыйзамдарына ылайык энергоөндүрүштө иштетип пайдаланууну коопсуз уюштуруу учурунда электрондук кол коюу жана окшоштуруу менен электрондук иш кагаз айлантууну пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.
2-бөлүм. Ишкерсандарга болгон талаптар
9. Электр орнотмолорунда жумуштарды аткаруу үчүн кабыл алынган кызматкерлер аткарылган иштин мүнөзүнө ылайык келген кесиптик даярдыгы болушу керек. Кесиптик даярдыгы жок болгон учурда мындай кызматкерлер өз алдынча иштөөгө уруксат берилгенге чейин ишкерсандарды даярдоо боюнча адистештирилген окуу борборлорунда окутулушу керек.
10. Ишкерсандарды кесиптик даярдоо, анын ишке жарактуулук даражасын жогорулатуу, билимин текшерүү жана насааттама өткөрүү ишкерсандын эмгегин коргоп жана коопсуз иштешин уюштуруу “Кыргыз Республикасынын энергетикалык өндүрүшүнүн ишканалары жана уюмдарындагы ишкерсандар менен иштөөлөрдү уюштуруу Эрежелеринин” жана башка мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
11. Өз алдынча иштөөгө уруксат берүү алдында электротехникалык ишкерсандар жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуунун ыкмаларына, бүлүнүү болгон учурда биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүлүшү керек.
12. Эмгек шарттары зыяндуу жана кооптуу жумуштарда иштеген жумушчулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү (1-тиркеме).
13. Электр орнотмолорун тейлөөчү кызматкерлер ээлеген кызмат орундарынын же кесибинин чегинде ушул Эрежелерди билүүгө жана 2-тиркемеге ылайык электр коопсуздугу боюнча топко ээ болууга тийиш. Эрежелер боюнча билиминин текшерүүсүнөн өткөн кызматкерге билимин текшерүүнү каттоочу белгиленген түрдөгү журналда протокол тариздөө менен белгиленген үлгүтүрдөгү күбөлүк берилет, жана жумуш учурунда аны өз жанында алып жүрүүсү керек.
Жумушка орношуу учурунда (башка жумуш бөлүгүнө которулуп жатканда, жок болуп жаткан жумушчунун ордуна иштегенде) жумушчу жаңы бөлүмдөгү электр орнотмолордун жабдууларына жана жаңы кызмат ордуна ылайык электр коопсуздук тобун тастыкташы керек билимин текшерген учурда.
1000 В тон төмөнкү чыңалуудагы электрорнотмолорун тейлөө жумуштары менен алектенген жумушчуну 1000 В тон жогорку чыңалуудагы электорнотмосун тейлөө жумуштарына которуу учурунда, жумушчуга баштапкы электр коопсуздук тобу катары III- топтон жогорку топтү ыйгарууга жол берилбейт, тийиштүү билим текшерүүдөн өткөнгө чейин.
14. Кошумча коопсуздук талаптары (атайын жумуштарга) коюлган жумушту аткарууга укугу бар кызматкерлер атайын жумуштар түрүн аткаруу боюнча окуутуулардан өтүп, билимдери боюнча текшерүүдөн өтүп, билимди текшерүүнүн күбөлүгүндө бул жөнүндө жазууга ээ болууга тийиш.
Мындай иштерге төмөнкүлөр кирет:
1) бийиктикке чыгып иштөөлөр;
2) агын өткөрүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында иштөө (жумушчу чыңалуу астында болгон агын өткөзүүчү бөлүктөргө тийүү менен, б.а. электрорнотмодон чыңалууну албастан (өчүрбөстөн)): зымчыныларды жууп тазалоо жана алмаштыруу, зымдарды оңдоо, зымчыныларды жана бириктирүүчү кыскычтарды ченегич таякча менен текшерүү, зымаркандарды майлоо;
3) басым астында иштеген идиштерди тейлөө;
4) жабдууларды жогорку чыңалуу менен сыноо (мегаомметр менен иштөөнү кошпогондо).
5) жумуш ордунда же ошол агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн жол берилген аралыктан жакын жерлерде 25 Втон жогорку илептик чыңалуу астында болгон электр орнотмонун же анын бөлүктөрүнүн агын өткөрүүчү бөлүктөрүнө тийип иштөөчү жумуштарды чыңалууну алуу менен аткаруу (мындан ары – илептик чыңалуу астындагы жумуштар).
Агын өткөрүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында жумуштарды аткарууга уруксат берилген жумушчулар үчүн, билимди текшерүү бюонча күбөлүктүн “атайын жумуштарды жүргүзүү укугуна уруксат берилди” деген тиктилкесин толтурууда каралып жаткан жумушчу электрорнотмонун кайсы табына уруксат берилгени көрсөтүлүшү керек, кВ менен (1 кВко чейинки КАЧ, калган 1 кВко чейинки ЭО, 6-20 кВ ЭО, 35, 110, 220, 500 кВ).
Атайын иштердин тизмеси жергиликтүү шарттарды эске алуу менен ишкананын жетекчилигинин көрсөтүүсү менен толукталышы мүмкүн.
Ишкерсандарды элегаз өчүргүчтөрү менен иштөө үчүн атайылаштырылган окуу борборлорунда же аларды жасап чыгаруучу заводдун иш ордунда кайра даярдоодон кийин уруксат берилет, ЭКБТынын жабдылышы жана жасалышынын өзгөчөлүктөрүн, анын иштешинде коопсуздук чараларын камсыздоо жана ал жабдуунун бузулган учурларындагы ишкерсандардын кылуучу аракеттерин өздөштүрүү үчүн. ЭКБТыны иштетип пайдалануу мезгилиндеги аларды коопсуз тейлөө боюнча иштетип пайдалануучу ишкерсандардын билим деңгээлин текшерүүнүн көлөмү аныкталышы керек, техникалык окуулардын жана насааттамалардын суроолоруна киргизүү менен.
15. 3-тиркемеде көрсөтүлгөн иштерге 18 жашка чыга элек адамдарды кабыл алууга тыюу салынат.
16. Такшалуудан же кайталап көнүгүүдөн өтүп жаткан жумушчу Иш берүүчүнүн тескөөчү документи менен тажрыйбалуу кызматкерге бекитилиши керек. Өз алдынча иштөөгө уруксат берүү Иш берүүчүнүн тиешелүү тескөөчү документи менен таризделүүгө тийиш.17. Ушул Эрежелерди бузган кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (тартиптик, административдик же кылмыш) жоопкерчиликке тартылышат. Ишкананын жетекчилиги тарабынан бул кызматкерлерге электр коопсуздугу боюнча тобу ылдыйлатылышы мүмкүн.
18. Ар бир кызматкер, эгерде ал Эрежелердин бузулушун жоюуга чара көрө албаса, ал байкаган бардык бузуулар, ошондой эле электр орнотмолорду иштетип пайдалануу учурундагы, колдонулуучу аспаптардын жана коргоочу каражаттардын, механизмдердин, түзүлүштөрдүн адамдар үчүн коркунуч туудурган бузулуулары жөнүндө дароо жогору турган жетекчиликке билдирүүгө милдеттүү.
Ушул Эрежелердин талаптарына карама-каршы келген буйруктарды жана тапшырмаларды аткарууга тыюу салынат.
3-бөлүм. Ыкчам тейлөө жана иштерди аткаруу
§1. Ыкчам тейлөө
19. Ыкчам өчүрүп-күйгүзүүлөрдү Иш берүүчүнүн тескөөчү иш кагазы менен бекитилген электрорнотмодо же электрорнотмолорунун тобунда шууту түзмөктү, кызматтык жана иштетип пайдалануучулук насааттамаларды, жабдуулардын өзгөчөлүктөрун билген, окуудан, такшалуу жана кайталап көнүгүүдөн, бузулууларга каршы машыгуулардан, билим текшерүүсүнөн өткөн ыкчам же ыкчам-оңдоочу ишкерсан аткарышы керек. Иштаккагаз жана (же) буйрутма боюнча ишке киргизүүнү жүргүзгөн электротехникалык ишкерсан үчүн ыкчам өчүрүп-күгүзүүнү (которууну) жүргүзүү укугуна уруксаттын болушу милдеттүү болуп саналат.
20. 1000 В жогору электр орнотмолорунда кезметчи же ыкчам-ондоочу ишкерсандар электр орнотмолорун тейлеген жумушчулар жана кезметтеги улук кызматкерлер IV топ, калгандары III топтон төмөн эмес болууга тийиш.
1000 В чейинки электр орнотмолорунда электр орнотмолорун жалгыз тейлеген кезметчи же ыкчам-ондоочу ишкерсандан турган жумушчулар III топтон төмөн эмес болууга тийиш.
Электроэнергетика (электроэнергияны пайдалануучу) уюмдардын административдик-техникалык ишкерсандарына ыкчам тейлөө укугу 1000 Втон жогорку электрорнотмолорду иштетип пайдалануу учурунда электр коопсуздугу боюнча V топко ээ болгон адамдарга жана 1000 Вко чейинки электрорнотмолорду иштетип пайдаланууда – электр коопсуздугу боюнча IV топко ээ болгондор ишкана боюнча уюштуруучулук-башкаруучулук иш кагаздын негизинде (буйрук же буюртма).
Электр орнотмолорун ыкчам тейлөө түрү, кезметтеги ыкчам тейлөөчү ишкерсандын саны Иш берүүчү тарабынан аныкталып, анын тескөөчү иш кагазы менен бекитилет.
21. Электр орнотмолорунда адамдарга, механизмдерге (механикалык иштеткиси менен болгон узартылып чыкма тепкич) жана жүк көтөрүүчү машиналарга, гидрокөтөргүчтөр, телескопиялык мунаралар (мындан ары көтөрүүчү курулмалар), экскаваторлор, тракторлор, автожүктөгүчтөр, бургулоочу-крандык машиналар жана жүктү көтөрүүчү жана жылдыруучу кайталанма аракеттүү техникалык түзүлүштөр, гидравликалык шыкагычтар, ошондой эле каптамаланган чынжыр бөлүгү бар көтөргүчтү (мунараны) пайдаланганда 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн жакын аралыкта чыңалүү астындагы тосулбаган агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоого тыюу салынат.
1-санирээтки. Чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө жол берилген аралыктар, м
Чыңалуу, кВ | Адамдардан жана алар колдонгон шаймандардан, убактылуу тосмолордон болгон алыстык | Жумушчу жана жолдо жүрүүчү унаалык абалдагы механизмдерден жана жүк көтөрүүчү машиналардан, жүк илүүчү жана көтөрүүчү түзүлүштөрдөн жана жүктөрдөн болгон аралык |
1ге чейинки: АЧ Башка электр орнотмолорунда |
0,6 Ченемсиз (тийүүсүз) |
1,0 1,0 |
6-35 | 0,6 | 1,0 |
110 | 1,0 | 1,5 |
220 | 2,0 | 2,5 |
500 | 3,5 | 4,5 |
Эскертүү. Бул жерде жана мыдан ары Эрежелердин жазылышында 3 кВ чыңалуудагы электр орнотмолору 6 кВ чыңалуусуна, 20 кВ - 35 кВ чыңалуусуна, 60 кВ - 110 кВ электр орнотмолору менен барабарланат. | ||
22. Агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында жумуш аткарган учурда, адамдардын агын өткөрүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында жумуштарды аткарууга мүмкүнчүлүк берүүчү алар колдонгон шаймандарды жана ыкташтырмаларды атайын коргоочу каражаттарды жана технологияларды, ошондой эле түзүлүштөрүндө каптамаланган тогоолор жана агын өткөзбөөчү заттектерден даярдалган жүк аркандуу көтөргүчтүн жана жүк көтөрүүчү машиналардын жумушчу аянтчаларын (телемунара, АГК) колдонуу менен чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоого жол берилет.
23. Электр станцияларынын жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунун кароолорун (жаңгыз) кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардан III- топтон кем эмес бир жумушчу же административдик-техникалык ишкерсандан же ишкананын жетекчилигинен техникалык жана ыкчам тейлөөлөрдү, оңдоочулук, куроолук жана жөндөөчүлүк жумуштарды жүргүзүүнү уюштуруу боюнча милдеттер жүктөлгөн V- топтогу кызматкери тарабынан 1000 Втон жогорку чыңалуудагы ЭО иштетип пайдаланууда жана 1000 Вко чейинки ЭО иштетип пайдаланууда IV- топтогу кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жалгыз кароолорду (текшерүүнү) жүргүзүү укугу ишкананын уюштуруучулук-тескөөчүлүк иш кагазынын (УТИК) - ишкана боюнча буйругу же тескеменин негизинде берилет.
Электр станцияларынын жана көмөкчордондордун электр орнотмолорун электрдик эмес ишкерсандар тарабынан кароолор (текшерүүлөр) жана экскурсиялар ишкананын жетекчилигинин уруксаты менен жалгыз кароого (текшерүүгө) укугу бар IV- топтогу кызматкердин көзөмөлүнүн астында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аба чубалгысынын кароолору (текшерүүлөрү) Эрежелердин 393 - 397- орунбелгилеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Бул учурда АЧынын башы жана аягы катары электроэнергияны кабыл алуу жана бөлүштүрүү үчүн кызмат кылуучу электрорнотмолордун чубалгылык капкалдары жана чубалгылык алгачтары, өзүнө өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттарды, жыйнактоочу жана кошуучу өтмөктөрдү, жардамчы түзүлүштөрдү (аба кыскычтар, топтогучтар), ошондой эле коргоо, автоматика түзүлүштөрдү жана өлчөөчү алеттерди (мындан ары бөлүштүрүүчү түзүлүштөр) камтыган, ал эми бутактамалар үчүн – бутактамалоочу түркүк, жана БТтүн чубалгылык капкалы же чубалгылык алгачы алынат.
24. Бул электр орнотмолорду тейлебеген жумушчулар аларда 1000 Втон жогорку ЭО электр коопсуздугу боюнча IV- жана 1000 Вко чейинки ЭОда III- топтогу ыкчам же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын же жалгыз кароого (текшерүүгө) укугу бар жумушчунун коштоосунда киргизилиши мүмкүн.
Коштоп жүрүүчү электр орнотмолоруна киргизилген адамдардын коопсуздугун көзөмөлдөөгө жана агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоого тыюу салынаары жөнүндө эскертип турууга милдеттүү.
25. 1000 В жогорку электр орнотмолорунда кароо (текшерүү) учурунда тосмолор менен жабдылбаган 1-санирээткиде көрсөтүлгөн аралыктан жакын аралыкта агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындабоону камсыз кыла албаган камераларга, имараттарга кирүүгө тыюу салынат. Тосмо эшиктерин ачууга, тосмолордон өтүүгө тыюу салынат.
1000 В чейинки электр орнотмолорунда кароо (текшерүү) учурунда калканчтардын, башкаруу баскычтарын жана башка түзүлүштөрдүн эшиктерин ачууга жол берилет.
Кароо (текшерүү) учурунда кандайдыр бир иштерди аткарууга тыюу салынат.
26. 6-35 кВ электр орнотмолорунда жерге чабышкан учурда, аныкталган бузулуу болгон жерге жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө 4 м ден жана ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана аба чубалгыларында 8 м ден жакын аралыкка ыкчам өчүрүп күйгүзүүгө жана чыңалууга кабылган адамдарды бошотуу үчүн гана жакындоого жол берилет. Бул учурда, электр коргоо каражаттарын колдонуу керек.
27. Кол менен жетектелүүчү 1000 Втон жогорку чыңалуудагы ажыраткычтарды, бөлгүчтөрдү, өчүргүчтөрдү жана кол жетектери бар жердеткичтерди (жердетүүчү ажыраткычтар жана жердетүүчү бычактар) агын өткөрбөс кол каптарды жана бетти электр жалынынын таасиринен коргоо каражаттарын колдонуу менен өчүрүп жана күйгүзүү зарыл.
28. Сактагычтарды чечүү жана орнотуу чыналууну өчүрүп жүргүзүү керек.
Чыңалуу астында, бирок жүктөмсүз, түзмөктө чыңалууну алып салууга мүмкүндүк берүүчү өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөр жок болгон кошулмаларда сактагычтарды алып салууга жана орнотууга жол берилет.
Чыңалуу жана жүктөм астында экинчилик тизмектердеги, жарыктандыруучу тармактардагы жана чыңалуу трансформаторлорунун сактагычтарын алмаштырууга жол берилет.
29. Чыналуу астында сактагычтарды алып салууда жана орнотууда төмөнкүлөрду колдонуу керек:
1) 1000 В жогору электр орнотмолорунда – агын өткөрбөс кол каптарды жана бетти, көздү механикалык таасирлерден жана электр жалынынын жылуулук коркунучтарынан коргоо каражаттарын колдонуу менен калкамалоочу кычкачтарды (саптарды);
2) 1000 В чейинки электр орнотмолорунда - калкамалоочу кычкачтар же агын өткөргүс кол каптар жана көздү жана бетти коргоо кражаттарын.
30. 1000 В чейинки калканчыктардын жана жыйнактардын кошмолорундагы бири-биринен жогору - тик түрдө жайгашкан сактагычтар (фазалардын тик жайгашуусу) жана өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөр жок болгон учурларда, сактагычтарды жүктөмдүн астында орнотууга жана чечүүгө жол берилет. Бул учурда көздү коргоонун ордуна бетти коргоо каражаттарын колдонуу сунушталат.
31. Электр орнотмолорунун, боштуктардын, калканчыктардын жана жыйнактардын эшиктери, иш жүргүзүлүп жаткан боштуктардан башкасы кулпуланышы керек.
32. 1000 В жогорку электр орнотмолорунун ачкычтары (ЖБТ, ЖЖБТ, АБТлардын бөлмөлөрү жана боштуктары), ошондой эле 1000 В жогорку электр орнотмолорунан тышкары жайгашкан 1000 В чейинки бөлүштүрүүчү калканчыктар жана жыйнактардын ачкычтары кезметчи ишкерсанда катталууда болуусу керек. Жергиликтүү кезметчи ишкерсандары жок электр орнотмолорунда ачкычтар административдик-техникалык ишкерсандын каттоосунда болушу мүмкүн.
Ачкычтарга катар сан ыйгарылышы керек. Ачкычтардын бир тобу камдыкта болушу керек.
Ачкычтар кол коюлуп төмөндөгүдөй тартипте берилиши керек:
1) жеке кароого (текшерүүгө) укуктуу жумушчуларга, анын ичинде ыкчам ишкерсанга - баардык бөлмөлөрдөн;
2) ыкчам-ондоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчүгө, иш башкаруучуга, иш алып баруучуга, байкоочуга иш киргизүү учурунда - алар иштей турган бөлмөдөн;
3) ыкчам жана ыкчам-оңдоочу ишкерсандарга учурдагы иштетип пайдалануу катары аткарылуучу жумуштарында - жумуш аткарылууучу бөлмөлөрдөн, кирүүчү түзүлүштөрдөн, калканчтардан, калканчыктардан.
Ачкычтар күн сайын кароонун (текшерүүнүн) же жумуштун аягында кайтарылып берилиши керек. Жергиликтүү кезметчиси жок электр орнотмолорунда иштегенде ачкычтар кароодон өткөндөн же жумуш толук аяктагандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен кайтарылышы керек.
Электр тармактар ишканаларынын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндө ыкчам өчүрүп-күйгүзүүгө укугу бар ишкерсанына, ошондой эле жеке кароо (текшерүү) укугуна ээ болгон кезметчи, ыкчам-оңдоочу жана административдик-техникалык ишкерсандарга ачкычтарды узак мөөнөткө берүүнүн зарылдыгы ишкананын башкы инженери тарабынан аныкталат.
Ачкычтарды берүү жана кайтарып берүүлөрү эркин түрдөгү журналда же ыкчам журналда катталууга тийиш, ал эми күнү-түнү ыкчам тейленүүчү электрорнотмолорунан ыкчам тейлөө журналына таризделүү менен кезмети менен өткөрүлүп берилип турат.
34. Кырсык болгон учурда жабырлануучуну электр агынынын таасиринен бошотуу үчүн алдын ала уруксатсыз эле чыңалуу алып салыш керек.
§ 2. Иштердин аткарылышы
35. Иштеп жаткан электр орнотмолорунда иштер иштаккагаз боюнча жүргүзүлүшү керек, анын түрү жана аны толтуруу боюнча нускамасы 4-тиркемеде келтирилген.
Ушул Эрежелерде каралган учурларда энергоишкананын башчысынын табыштамасы боюнча иштерди аткарууга жол берилет.
36. Ишти өз алдынча аткарууга, ошондой эле энергоишкананын башчысынын буйрутмасы же иштаккагазы менен аныкталган жумуш орундарын жана иш тапшырманын көлөмүн кеңейтүүгө тыюу салынат.
37. Башка иштаккагаз менен иштөө чөйрөсүндөгү электр орнотмолорунда кандайдыр бир болбосун ишти аткаруу бул иштаккагаз боюнча ишти алып баруучу (жумушту жетектөөчү) же иштаккагазды берген адам менен макулдашылышы керек.
Макулдашуу буйруктун четине “Макулдашылды” деп жазуу жана бекитүүчү адамдын колу менен жумуш ордун даярдоонун алдында таризделет.
38. 1000 В жогору болгон электр жабдууларын, чыналууну албастан чыналуусу 1000Вдан жогору электр орнотмолорунун агын өткөрүүчү бөлүктөрүндө, ошондой эле аба чубалгыларын чыңалуусуна карабастан капиталдык оңдоолорду уюмдун жетекчиси бекиткен технологиялык карта же ЖЖД (жумуш жүргүзүү долбоору) боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
39. Электр чордондордун, көмөкчордондордун 1000 В чейинки электр орнотмолорунда жана аба чубалгыларында чыңалуу астында иштөө учурларында төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) кокустан тийип калуусу мүмкүн болгон жумуш ордуна жакын жайгашкан башка, аларга кокусунан тийип кетүү коркунучу болгон чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн чыңалууну алып салуу же аларды тосмолоо;
2) агын өткөрбөс гөлөчтөрдү кийип же каптамалык түпкүчкө же агын өткөрбөс резина килемчесинде туруп иштөө;
3) капталмаланган же каптамалоочу аспапты колдонуу (каптамаланган туткалары бар; бураткычтар үчүн, мындан тышкары темир өзөгү да капталмаланган болушу керек) агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында иштөөгө ылайыкталган жана агын өткөрбөс кол каптарды колдонуу керек.
Кыска жеңдүү же жеңи түрүлгөн кийимдер менен иштөөгө, ошондой эле араа, кескич, темир метрлер ж.б. чыңалуу астында жумуштарды аткарууга ылайыкташтырылбаган темир аспаптарды жана ыкташтырмаларды колдонууга тыюу салынат.
40. Эгерде түздөнүп турган учурда агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки аралык 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн азыраак болсо, электр орнотмолорунда ийилген (бүктүшкөн) абалда иштөөгө тыюу салынат. Электр чордондорунун жана көмөкчордондорунун электр орнотмолорунда, тосмолорсуз агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн жанында иштөө учурларында бул бөлүктөр арт жакта же эки капталында калгандай жайгашууга тыюу салынат.
41. Электр орнотмолорунда так аныкталган жумуштардын түрүнө жана электр орнотмонун чыңалуусунун табына жараша электр коргоочу каражаттарды колдонуу менен жумуштар жүргүзүлүшү керек. Электрдик коргоо каражаттарын колдонбостон, чыңалуу астындагы жабдуулардын зымчыныларына тийүүгө тыюу салынат.
42. Аба чубалгыларында жана аба байланыш чубалгыларында электр менен байланышкан бөлүктөрдү (зымдар, зымаркандар) туташтыруудан же үзүүдөн мурда бул бөлүктөрдүн чыналууларын теңдөө зарыл. Чыңалууларды теңдөө үчүн бул бөлүктөрдү өткөргүч зым менен туташтыруу же аларды (болжолдуу ажырым) ажырымдын эки тарабына тең жердеткичтер коюлуп аларды бир жердеткичке (жерге туташтыруу түзүлүшүнө) туташтыруу жолу менен ишке ашырылат.
43. Электр коргоо каражаттары (капталмалоочу саптар жана кычкачтар, электр өлчөөчү саптар жана кычкачтар, чыңалуу көрсөткүчтөрү) менен иштөөдө адам агын өткөрүүчү тетиктерге бул каражаттардын капталмаланган бөлүгүнүн узундугу менен аныкталган аралыкка жакындай алат.
44. Агын өтүп турган зымдардын (зымаркандардын) астында жайгашкан ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөгү (АБТ) жана аба чубалгыларындагы кесилиш аралыгындагы зымдарды (зымаркандарды) жана аларга тиешелүү зымчыныларды жана арматураларды алмаштыруу учурларында, алмаштырылып жаткан зымдар аркылуу үсту жакта жайгашкан зымдарга чабыштырбоо үчүн өсүмдүк же синтетикалык булалардан жасалган аркандар ыргытылып кармалып туруулары керек. Аркандар эки жерден - кесилиштин эки тарабынан тартылып турушу керек, алардын учтарын якорлорго, түзүлүштөргө жана башкаларга бекитүү зарыл. Зымды (арканды) жай жана салмак менен көтөрүү керек.
45. Агын өтүп турган зымдардан, зымаркандардан жогору жайгашкан зымдарда (зымаркандарда) жана ага байланыштуу зымчыныларда, арматуралардагы иштерди ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилген ЖЖДун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. ЖЖДда зымдарды (зымаркандарды) ылдый түшүрбөө жана илептик чыңалуудан коргоо чаралары каралууга тийиш. Зымдарды (зымаркандарды) алмаштыруу жумуштарын аткарууда кайчылаш өткөн зымдардан чыңалууну алып салбастан алмаштырууга тыюу салынат.
46. Аба чубалгыларында чыңалуу табына карабастан жумушчуларга кесилиши кеминде 240 чарчы мм болгон зымдар жана кесилиши кеминде 70 кв. мм болгон зымаркандар менен жүрүүгө, зымдар жана зымаркандар жакшы техникалык абалда болгон шартта, б.а. титирөөлөрдөн, дат басуулардан жана башкалардан улам бузулбаган шартта уруксат берилет. Ажыратылган зымдар жана зымаркандар менен жүргөн учурларда бийиктиктеги жумуштардын коопсуздугун камсыз кылуучу кармап туруучу тутум колдонулат, мындай учурда коопсуздук курларынын арканын аларга, ал эми атайын араба колдонулганда – арабага бекитүү керек.
Көпүрө түрундөгү крандын арабасынан машина бөлмөлөрүнүн жана иш бөлмөлөрдүн төбөлөрүндө жайгашкан жарык берүүчү түзүлүштөрдү тейлөө иштаккагаз боюнча экиден кем эмес жумушчу актаруулары керек, алардын биринин коопсуздук тобу III кем эмес болушу керек жана тиешелүү иштерди аткарышы керек. Экинчи жумушчу иш актаруучуга жакын болуп, анын зарыл болгон коопсуздук чараларын сакташына көзөмөл жүргүзүүсү керек.
Убактылуу такталарды, тепкичтерди ж.б. көпүрө түрүндөгү крандын арабасына жайгаштырууга тыюу салынат. Жумушту түздөн-түз арабанын төшөмүнөн же төшөмгө орнотулган туруктуу такталардан жүргүзүү керек.
Көпүрө түрүндөгү крандын арабасына көтөрүлүүдөн мурун асма зымдарынан чыңалууну алып салуу керек. Жумуш учурунда бийиктикте иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо керек.
Крандын машинисти көпүрөнү же арабаны иш жүргүзүүчүнүн буйругу боюнча гана жылдырууга тийиш. Кранды жылдыруу учурунда жумушчулар крандын кабинасында же көпүрөнүн төшөмүндө жайгаштырылуулары керек. Жумушчулар крандын арабасында болгон учурда көпүрөнү жана арабаны жылдырууга тыюу салынат.
47. Ишкерсан электр орнотмосунан электр чыналуусу үзгүлтүккө учурагандан кийин, анын эскертүүсүз кайра берилип калышын эстен чыгарбашы керек.
48. Караңгыда иш бөлүктөрү, жумуш орундары, өтүүчү жолдор жана аларга жакын жолдор жарыктандырылышы керек. Жарыктандыруу иштеп жаткан адамдарга жарык берүүчү түзүлүштөрдүн көзгө чагылышпай бирдей болуп туруусун камсыз кылуусу керек. Жарык жок жерлерде иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
49. Күн күркүрөгөн учурда аба чубалгыларында, аба байланыш чубалгыларында, АБТ, ЖБТлардын чыгыштарында, аба чубалгылардын чубалгылык ажыраткычтарында, аба чубалгыларына кошулган каптамазымдык чубалгыларда, ошондой эле байланыш аба чубалгыларынын кириштеринде, байланыш түйүндөрүнүн бөлмөлөрүндө жана антенна-мунаралык курулуштарда бардык жумуштар токтотулушу керек.
50. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун энергетикалык жабдуулары иштеп турган бөлмөлөрдө (башкаруучулук, релелик, жана ушул сыяктуу башка калканчыктардан тышкары), АБТ жана ЖБТ (ачык жана тышкы бөлүштүргүч түзүлүштөрүндө), кудуктарда, тоннелдерде жана траншеяларда, ошондой эле техникалык тейлөөдө жана аба чубалгыларынын толук оңдоодо катышуучу баардык ишкерсандар коргоочу каскаларды колдонуулары керек.
51. Аба кыскычтарды (компрессордук), аба чогулткучтарды, аккумулятордук батареяларды жана дүрмөттөөчү түзүлүштөрдү тейлөөчү жумушчулар III коопсуздук тобуна ээ болууга тийиш.
52. Ишкананын же башка уюмдардын ишкерсандарынан бир гана кызматкер (ишсапар менен жиберилген ишкерсан катары) башкаруу калканчыгында жана БТдө орнотулган эсептегичтердин жана башка өлчөөчу алеттеринин көрсөткүчтөрүн кезметчинин уруксаты менен жазууга болот. Жергиликтүү кезметчи ишкерсан болгондо бул кызматкер II- коопсуздук тобуна , жергиликтүү кезметчи ишкерсан жокто Ш-топко ээ болушу керек.
53. Жер иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын КР СН 12-01:2018 санындагы “Курулуштагы эмгектин коопсуздугу” үлгүченинин “Жер иштери” боюнча 11-бөлүгүнүн талаптарын сактоо зарыл.
4-бөлүм. Уюштуруу иш чаралары
§ 3. Жалпы талаптар. Иштин коопсуз аткарылышы үчүн жооптуулар, алардын укуктары жана милдеттери
54. Ишти коопсуз жүргүзүү үчүн төмөнкү уюштуруу чаралары аткарылууга тийиш:
1) иштин коопсуз жүргүзүлүшү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо;
2) жумушту иштаккагаз, буйрутма менен, же утурумдук иштетип пайдалануудагы аткарылуучу жумуштун курамы менен тариздөө;
3) жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүү;
4) жумуш ордун даярдоо жана уруксат;
5) иштин аткарылышын көзөмөлдөө;
6) башка жумуш ордуна которуу; жумуштагы тыныгууларды каттоо жана аны токтотуу.
55. Иштин коопсуз жүргүзүлүшү үчүн төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат:
1) иштаккагаз берүүчү, буйрутма чыгаруучу;
2) иш жетектөөчү;
3) жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адам;
4) жумуш ордун даярдаган адам;
5) ишке киргизүүчү;
6) иш жүргүзүүчү;
7) байкоочу;
8) ишкертоп мүчөсү.
56. Иштаккагаз, буйрутма берүүчү коопсуз иштөөнүн зарылдыгын, көлөмүн жана мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Ал иштаккагазда (буйрутмада) көрсөтүлгөн коопсуздук чараларынын жетиштүүлүгү жана тууралыгы үчүн, бригаданын сапаттык жана сандык курамы, жана жумуштун коопсуз аткарылышы үчүн жооптуу адамдардын дайындалышы, иштаккагазда көрсөтүлгөн жумушчулардын топторунун аткарылуучу иштердин талаптарына ылайык келишине, ошондой эле жооптуу иш жетектөөчүгө (иш жүргүзүүчүгө, байкоочуга) максаттуу насааттаманын толуктугу жана сапаты үчүн жооп берет.
57. Иштаккагаз жана буйрутма берүү укугу ишкананын жана анын курамдык бөлүмдөрүнүн административдик-техникалык ишкерсандарынан V- топтогу кызматкерлерге берилет.
Кечиктирилгис жумуштарды аткарууда административдик-техникалык ишкерсандардын ичинен иштаккагаз жана буйрутма берүү укугу бар адамдар жок болгон учурда ал электр орнотмонун IV- топтогу кезметчи ишкерсанына иштаккагаз жана буйрутмаларды берүүгө жол берилет.
Бул учурларда кезметчи ишкерсанга иштаккагаз берүү укугу ишкананын жетекчилиги тарабынан жазуу жүзүндө таризделиши керек.
58. Иш жетектөөчү иштаккагазда көрсөтүлгөн баардык коопсуздук чараларынын аткарылышына жана алардын жетиштүүлүгүнө, анын жумушту аткаруу шарттарына керектүү кошумча коопсуздук чараларынын колдонушуна, ишкертопко ишке киргизүүчү жана иш жүргүзүүчү тарабынан берилген насааттаманын толуктугуна жана сапатына, ошондой эле иштин коопсуздугун уюштуруу үчүн жооп берет.
1000 Втон жогорку чыңалуудагы электрорнотмолорунда иш жетектөөчү катары V- топтогу административдик-техникалык кызматкерлер дайындалышы керек, 1000 Вко чейинки электрорнотмолорунда IV- топтогу административдик-техникалык кызматкерди дайындоого уруксат берилет. Иштин айрым учурлары иш жетектөөчүнүн үзгүлтүксүз көзөмөлү жана жетекчилиги астында аткарылууга тийиш болгон учурларда, бул тууралуу иштаккагаз берүүчү «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында жазып коюшу керек.
59. Жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адам жабдууларды өчүрүү, жерге туташтыруу боюнча иштерди аткаруу үчүн каралган иш-чаралардын жетиштүүлүгү жана аларды ишке ашыруунун мүмкүн болуусун, ошондой эле ишке киргизилүүчү ишкертоптордун иштеген жерлерин, убакыттарын шайкеш келтирүүгө, анын ичинде ишкертоптордун эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле электрорнотмодогу жумуштарга киргизилген баардык ишкертоптордон жумуштардын толук бүтүшү боюнча жана электрорнотмону ишке киргизүү үчүн күйгүзүү мүмкунчүлүгү боюнча маалыматтарды алууга жооп берет.
Жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адам жумуш ордун даярдаган кезметчилерге же ыкчам-оңдоо ишкерсандарынын курамындагы адамдарга, ошондой эле ишке киргизүүчүлөргө анын ыкчам көзөмөлүндө жана башкаруусунда турган ошондой эле андан жогорку жана төмөнкү ыкчам ишкерсандардын көзөмөлдөрүндө жана башкарууларындагы жабдуулардагы өчүрүү жана жерге туташтыруу боюнча мурда жасалган техникалык чаралар жөнүндө ЭБЧ жана жабдуу тезгемердик жана технологиялык башкаруусунда турган тезгемердик жана ыкчам ишкерсандан тастыктоочу маалыматтарын алуу менен маалымдоого милдеттүү.
Кызматтык насааттамаларга ылайык кезметчи ишкерсандардын арасындагы IV - топтогу кызматкерлер, ошондой эле ишкана боюнча көрсөтмө боюнча ыйгарым укук берилген административдик-техникалык ишкерсандардын арасындагы кызматкерлер жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүүгө укуктуу.
60. Жумуш ордун даярдоочу адам иштаккагазда көрсөтүлгөн жумуш ордун даярдоо боюнча иш-чаралардын, ошондой эле иш шарттары боюнча талап кылынган иш-чаралардын (кулпуларды, плакаттарды, тосмолорду ж.б. орнотуу) туура жана так аткарылышы үчүн жооп берет.
Иш орундарын даярдоого ушул электр орнотмосундагы кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын ичиндеги ыкчам өчүрүп күйгүзүүгө уруксат берилген жумушчулар укуктуу.
61. Ишке киргизүүчү адам иштаккагазда көрсөтүлгөн коопсуздук чараларынын тууралыгы жана жетиштүүлүгү үчүн, көрүлгөн чаралар жумуштун мүнөзүнө жана жерине ылайык келишине, ишке туура киргизилишке, ошондой эле берилген насаатаманын толуктугу жана сапаты үчүн жооп берет.
Ишке киргизүүчүлөр ыкчам же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардан дайындалышы керек, АЧыларда, КЧларда, КАЧтарда Эреженин 63-орунбелгисинде көрсөтүлгөн шарттарды эске алуу менен ишке киргизүүлөрдөн тышкары. 1000 В жогору электр орнотмолорунда ишке киргизүүчү IV -топто, ал эми 1000 В чейинки электр орнотмолорунда III -топто болушу керек.
62. Иш жүргүзүүчү төмөнкүлөргө жооптуу:
1) даярдалган жумуш орду иштаккагаздын көрсөтмөлөрүнө ылайык келгендигине;
2) ишкертоп мүчөлөрүнө берилген насааттаманын так жана толуктугуна;
3) керек болгон коргоо каражаттардын, куралдардын, шаймандардын, жана аспаптардын барлыгына, жарактуулугуна жана туура пайдаланылышы үчүн;
4) жумуш ордундагы тосмолордун, белгилердин жана коопсуздук плакаттарынын, бекитүүчү түзүлүштөрдүн сакталышы үчүн;
5) иштин коопсуз аткарылышы жана ушул Эрежелердин сакталышы үчүн.
Иш жүргүзүүчү ишкертоптун мүчөлөрүн дайыма көзөмөлдөп, мас абалындагы ишкертоп мүчөлөрүн жумуштан четтетип турушу керек.
1000 В жогору электр орнотмолорундагы иштерди иштаккагаз менен аткаруучу иш жүргүзүүчү IV- топко, ал эми 1000 В чейинки электр орнотмолорунда III- топко ээ болууга тийиш, зыяндуу газдар пайда болушу мүмкүн болгон жер астындагы курулмалардагы жана чыңалуудагы жумуштарды кошпогондо, бул учурларда иш жүргүзүүчү IV- топко ээ болуусу керек.
Буйрутма боюнча аткарылуучу иштерде иш жүргүзүүчү Эрежелердин 133-, 220- жана 438- орунбелгилеринде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, бардык электр орнотмолордо III- топко ээ болушу мүмкүн.
63. Электр орнотмолорунда өз алдынча иштөөгө уруксат берилбеген жумушчулардын ишкертопторуна жетекчилик кылуу үчүн байкоочу дайындалышы керек.
Байкоочу төмөнкүлөргө жооп берет:
1) даярдалган жумуш орду иштаккагаздын көрсөтмөсүнө ылайык келгендиги үчүн;
2) жумуш ордунда орнотулган жерге туташтыргычтардын, тосмолордун, плакаттардын жана коопсуздук белгилеринин, иштеткилердин бекитүүчү түзүлүштөрүнун болушу жана сакталышы үчүн;
3) ишкертоптун мүчөлөрүнө берилген максаттуу насааттаманын тактыгына жана толуктугуна;
3) ишкертоптун мүчөлөрүнүн электр орнотмодогу электр агынына урунуусуна байланыштуу коопсуздуктун сакталышына.
Жумуштун технологиясына байланыштуу коопсуздукту камсыздоого ишкертоптун курамына кирип жетектеген жана дайыма жумуш ордунда болууга тийиш болгон кызматкер жооптуу. Анын фамилиясы иштаккагаздын «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында көрсөтүлөт.
Байкоочу болуп III- топтогу жумушчулар дайындалышы мүмкүн.
64. Ишкертоптун ар бир мүчөсү ушул Эрежелерди жумушка киргизүү учурунда жана жумуш учурунда алынган насааттамалык көрсөтмөлөрдү, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча жергиликтүү насааттамалардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
65. Ишкананын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү менен анын кызматкерлерине укуктарды берүү таризделүүгө тийиш: иштаккагаз жана буйрутма берүүчу; иш жетектөөчү; иш жүргүзүүчү; ишке киргизүүчү (ыкчам-оңдоочу ишкерсандан), ошондой эле электр орнотмолорун жалгыз кароо укугу.
66. Иш жетектөөчү төмөнкү жумуштарды аткарууда дайындалат:1) АЧлардын коргоо чөлкөмүндө механизмдерди жана жүк көтөрүүчү машиналарды колдонуу учурунда;2) ток өткөрүүчү бардык бөлүктөрдөн чыңалуу алынып салынган электр орнотмолорундагы, жөнөкөй жана түшүнүктүү түзмөктүү электр кошулмалары бар электр орнотмолорундагы, электр кыймылдаткычтарындагы жана алардын бөлүштүргүч түзүлүштөрүндөгү кошулмаларындагы жумуштарды кошпогондо, электр жабдууларын өчүрүү менен;3) коммуникациялар жайгашкан жана унаалардын кыймылы күчөгөн чөлкөмдөрдөгү каптамазым чубалгыларында жана каптамазымдык байланыш чубалгыларында;4) бардык түрдөгү түркүктөрдү орнотуу жана чечүү, аба чубалгыларынын бөлүктөрүн алмаштырууда;5) аба чубалгыларынын башка аба чубалгылары жана унаа жолдору менен кесилишкен жеринде, ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (АБТ) зымдары кесилишкен аралыктарда;6) жаңыдан курулган аба чубалгысын кошүү үчүн;
7) аба чубалгыларынын зымдарын жана зымаркандарын кошуу түзмөктөрүн өзгөртүүдө;8) көп чынжырлуу аба чубалгысынын өчүрүлгөн чынжырында бири-биринин үстүнө жайгаштырылган же чынжырлардын саны 2ден көп болгон бир же бардык башка чынжырлар чыналуу астында болгон учурларда;9) электрорнотмодо бир убакта эле эки же андан көп ишкертоп иштеген учурда;10) аба чубалгыларын фазалык оңдоо үчүн;11) илептик чыңалуу бар жерде;12) адамды жерден каптамалоо (обочолотуу) менен агын өткөрүүчү бөлүктөрдөгү чыңалууну алып салбастан, кошуп-ажыратуу экинчилик чынжырларындагы жумуштардан тышкары;13) ДТБК жабдыктарына жана орнотмолоруна мунаралык өтмөктөрдү орнотууда, КБЧларды сыноо, ТТКЖ жабдуулары менен иштөөдө, байланыш тыгыздоочторунун (конденсаторунун) жерге туташтыруучу бычагы кошулуп күйүзүлбөгөн кошулмалар чыпкаларында. Иштаккагаз берүүчү, биринделген өтмөк тутумдуу экараланган жана экараланбаган айланып өткөн өтмөк тутуму жок 1000Втон жогорку чыңалуудагы БТлардагы, ошондой эле 1000 Вко чейинки баардык электр орнотмолорунда, АЧларда, КЧларда жана АКЧлардагы иштерди аткарган учурларда иш жетектөөчүнү дайыдабоого укуктуу. Иш жетектөөчүнү дайындоонун зарылчылыгын иштаккагаз берүүчү аныктайт, ага жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка жумуштарга да иш жетектөөчүнү дайындоого уруксат берилет.67. Жооптуу адамдардын бири- биринин милдеттеринин айкалыштырып иштөө 2-санирээткиде көрсөтүлгөн.
Баардык деңгээлдердеги чыңалуулардагы АЧыларында (КАЧтын чубалгылык бөлүгүндө) иш жетектөөчү же оңдоочу ишкерсандардан дайындалган иш жүргүзүүчү ишке киргизүүчүнүн милдетин айкалыштырып иштөөсүнө, жумуш ордун даярдоо үчүн өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү иштетүүсүз, жумуш ордунда чыңалуунун жоктугун текшерүү жана алып жүрмө жердеткичтерди орнотуу зарыл болгон учурларда гана жана баардык чыңалуу деңгээлдериндеги КЧларда ((КАЧтарда), качан жумуш ордун даярдоо учүн жумуш ордун тосмолоолоп, эскертүүчү жана милдеттендирүүчү плакаттарды илүү, ал эми жабдууну өчүрүү жана жердетүү, тыюу салуучу жана көрсөтмөлөөчү плакаттарды илүү иш жүруштөрүн КЧ (КАЧ) кошулган БТларды тейлөөчү ыкчам ишкерсан аткарган учурда жол берилет.
Кезметте турган ыкчам ишкерсан, жогору жакта турган ыкчам ишкерсандын уруксаты менен, ишкертоптун мүчөсү катары жумуштарга тартылышы мүмкүн шуутулук журналга жазуу жана иштаккагазга тариздөө менен.
2-таблица. Жооптуу адамдардын бири-биринин милдеттерин айкалыштыруу
Жооптуу адам | Айкалыштырылган милдеттер |
Иштаккагаз, буйрутма берүүчү
Ыкчам жана ыкчам-оңдоо ишкерсандардын эсебиндегилерден | Иш жетектөөчү
Жергиликтүү кезметчи ишкерсансыз электр орнотмолорундагы ишке киргизүүчү
|
Иш жетектөөчү | Иш жургүзүүчү |
Ыкчам жана ыкчам-оңдоо ишкерсандын ичинен иш жетектөөчү | Жергиликтүү кезметчи ишкерсансыз электр орнотмолорундагы ишке киргизүүчү |
Ыкчам-оңдоочу ишкерсандан Иш жүргүзүүчү | Жөнөкөй жана көрүнүктүү түзмөктүү электрорнотмолорундагы ишке киргизүүчү |
Электр коопсуздугу боюнча IV-тобу менен болгон иш жүргүзүүчү | 129-орунбелгиде каралган учурлардагы ишке киргизүүчү |
Ыкчам-оңдоочу ишкерсандын ичинен ишке киргизүүчү | Ишкертоп мүчөсү |
§4. Иштаккагаз же буйрутма берүү
68. Иштаккагаз эки нускада, ал эми телефон, радио аркылуу берилгенде үч нускада жазылат. Акыркы учурда, иштаккагаз берүүчү бир нускада жазат, ал эми телефон же радиограмма, факсимилдик же электрондук түрлөрүндө (эгерде бул Кыргыз Республикасынын пайдалануудагы санариптештирүү мыйзамы жана «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамы менен каралса) үч нускада толтурулат- бирөө иштаккагаз берүүчүгө жана экөөнү кабыл алган адам толтурат жана кайра текшерүүдөн кийин өзүнүн колтамгасы менен жазуунун тууралыгын ырастап иштаккагаз берүүчүнүн фамилиясын жана аты-жөнүн көрсөтөт.
Иш жүргүзүүчү бир эле учурда ишке киргизүүчү катары дайындалса, иштаккагаз аны берүү ыкмасына карабастан, эки нускада толтурулат, алардын бири иштаккагаз берүүчүдө калат.
Жергиликтүү шарттарга тезгемердик (диспетчердик) кеңсенин жайгашкан жерине) жараша иштаккагаздын бир нускасы жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген кызматкерде тезгемерде (диспетчерде) калышы мүмкүн.
Иштаккагазды ЭЭМде толтурууга жол берилет. Бул учурда иштаккагазды кагазга басып чыгаргандан соң кол коюлат.
69. Бир иш жетектөөчүгө берилүүчү иштаккагаздардын санын иштаккагаз берүүчү аныктайт.
Ишке киргизүүчүгө жана иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) кезеги менен ишке киргизүү жана иштөө үчүн бир эле учурда бир нече иштаккагаз жана жана буйрутмалар берилиши мүмкүн.
70. Иштаккагазды иш башталган күндөн тартып 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө берүүгө уруксат берилет. Иштаккагаз бир жолу, узартылган күндөн тартып 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Жумуштагы тыныгуу учурунда иштаккагаз жарактуу бойдон кала берет.
71. Иштаккагазды ушул иштаккагазды берген же ушул электр орнотмосуна иштаккагаз берүүгө укугу бар башка кызматкер узарта алат.
Иштаккагаздын мөөнөтүн узартууга уруксат телефон, радио же чабарман аркылуу ишке киргизүүчүгө, иш жетектөөчүгө же иш жүргүзүүчүгө берилиши мүмкүн, бул учурда алар өзүнүн кол коюусу менен иштаккагазды узарткан кызматкердин фамилиясын жана аты жөнүн көрсөтөт.
72. Иши толугу менен бүткөн иштаккагаздар 30 күн сакталышы керек, андан кийин аларды жок кылууга болот.
Эгерде иштаккагаз боюнча иштерди аткаруу учурунда, бузулуулар, иштебей токтоп калуулар же кырсыктар болсо, анда бул иштаккагаздар иликтөөнүн материалдары менен бирге мекеменин архивинде сакталууга тийиш.
Иштаккагаз жана буйрутма боюнча ишке киргизүү (биринчилик жана ар күндөгү) сөзсүз түрдө шуутулук журналда электр орнотмонун жабдууларында иштаккагаз жана буйрутмалар боюнча, жана утурумдук иштетип пайдалануучулук катары аткарылуучу жумуштарды жүргүзгүнгөндө иштетип пайдалануучулук абалынын өзгөрүүлөрү боюнча аракеттерин жана окуяларын, берилген (алган) буйруктары, буйрутмалары, уруксаттары көрсөтүү менен хронологиялык тартипте катталат.
Жумуштардын өз-өзүнчө түрлөрү боюнча аткарылышындагы иштаккагазды берүү тартиптери бул Эрежелердин тийиштүү бөлүмдөрүндө, ал эми иштаккагазды тариздөө тартиби бул Эрежелердин 4-тиркемесинде келтирилген.
73. Буйрутма бир жолку мүнөзгө ээ, анын колдонуу мөөнөтү аткаруучулардын иш күнүнүн узактыгы менен аныкталат.
Телефон, радио аркылуу жана оозеки түрүндө берилгенде буйрутма, буйрутма берүүчүнүн да жана буйрутма алуучунун да шуутулук журналдарында жана иштаккагаздарды жана буйрутмаларды эсепке алуучу журналдарында катталат, эки журналда тең тастыктоочу колдорун коюу менен.
Жумуштун шарттары өзгөрүлгөн учурларда же ишкертоптун курамы өзгөргүп бирок жумуштарды улантуу керек болгон учурда кайра жаңы буйрутма берилет.
Бир күндун ичиндеги жумуштагы тыныгуулар учурунда кайтадан ишке киргизүү Иш жүргүзүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
74. Ишке буйрутма берүү ишке киргизүүчүгө жана иш жүргүзүүчүгө же жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүүчү адамга берилет.
Буйрутма боюнча жумуштарды аткаруу учурунда максаттуу насааттамаларды жүргузүү максаттуу насааттамаларды жүргүзгөн жана аларды алган жумушчулардын колдорун койдуруу менен катталат. Эгерде насааттама байланыш каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлсө, насааттаманын берилиши жана алынышы буйрутма берүүчүнүн да жана насааттама алган жумушчулардын да иштаккагаздарды жана буйрутмаларды эсепке алуучу журналдарында катталат, эки журналда тең тастыктоочу колдорун коюу менен.
75. Жергиликтүү кезметчи ишкерсандары жок электр орнотмолорунда, жумуш ордуна киргизүү талап кылынбаган учурларда, буйрутма түздөн-түз ишти аткаруучу адамга берилиши мүмкүн.
76. Буйрутма менен аткарылууга каралган иш иштаккагаз берген адамдын ыктыяры менен иштаккагаз боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
77. Иштаккагаз жана буйрутмалар боюнча иштерди эсепке алуу тартиби 5-тиркемеде келтирилген.
§ 5. Кыска мөөнөттүү жана кечиктирилгис жумуштар
78. Узактыгы 1 сааттан ашпаган кыска мөөнөттө аткарылуучу жумуштарды кезметчинин же ыкчам-оңдоочу ишкерсандын көзөмөлү астында оңдөөчу ишкерсандар тарабынан, ошондой эле кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандын өздөрү тарабынан буйрутма менен аткарууга уруксат берилет. Бул иштерге төмөнкүлөр кирет:
1) каптамазымдарды, зымдарды, электр кыймылдаткычтын же башка жабдуулардын өтмөктөрүн ажыратып же туташтыруу; бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөгү релелик коргоо, автоматика, телемеханика жана байланыш түзүлүштөрүндө, анын ичинде жогорку жыштыктагы коргоо жана байланыш чыпкаларында иштөө;
2) 0,4 кВ аба чубалгыларын, ошондой эле баардык чыңалуудагы каптамазымдык чубалгыларды ажыратуу же туташтыруу, фазалаштыруу, каптамазымдык чубалгылардын чынжырынын бүтүндүгүн текшерүү, оодаргычтын бутактоочун (бариктемесин) которуштуруу, бириндеген зымчыныларды жана май өлчөгүч айнектерди сүртүү, майдын үлгүсүн алуу жана толуктап куюуу, майды тазалоочу жана кургатуучу орнотмолорду кошуу жана ажыратуу, аба өчүргүчтөрүнүн манометрлерин алмаштыруу, агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн ысышын жана титирөөсүн текшерүү, электр кычкачтары менен өлчөө, аба чубалгыларынын зымдарындагы жана өтмөктөрдөгү бөтөн нерселерди, кулаган дарактарды, бутактарды жана башкаларды алып таштоо;
3) ДТБК жана ЖАӨнун казмаарыктарынын жана түзүлүштөрүнүн, электр орнотмолордун иштешиндеги керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратууга коркунуч келтирүүчү бузууларга жана жабыркоолорго алып келе турган, же алып келген жагдайларды жоюу боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүү.
4) жаракат алууга же башка күтүлбөгөн ден соолуктун начарлашына алып келе турган коркунучтуу өндүрүштүк себептердин адамга тийгизүүчү таасирлерин болтурбоо үчүн кечиктирилгис жумуштар.
79. 78-орунбелгиде көрсөтүлгөн иштерди аткарууда кызматкерлердин саны көзөмөл жүргүзүүчү жумушчуну кошкондо үч адамдан ашпоого тийиш.
1000 Втон жогорку электр орнотмолорунда иштегенде кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын арасындагы жумушту аткаруучу же көзөмөл жүргүзүүчү адам IV- топко, 1000 В чейин электр орнотмолорунда - III -топко ээ болууга тийиш. Калган ишкертоптун мүчөлөрү III- топто болушу керек. Керектөөчүнү камсыз кылуучу кошулмалардагы иштерге акыркынын ишкерсаны тартылышы мүмкүн.
Жумуштун алдында жумуш ордун даярдоо боюнча аркан же ичке жип менен аны жана АБТны тосууну кошпогондо (бул учурда ал деле аткарылууга милдеттүү эмес), бардык техникалык иш чаралар аткарылууга тийиш.
78-орунбелгиде көрсөтүлгөн иштер 1 сааттан ашык убакытты же үчтөн ашык адамдын катышуусун талап кылган учурда, бул жумуштар аткарылып жатканда көзөмөл жүргүзүүчү ыкчам жана ыкчам-оңдоочу ишкерсанды камтыганда, ал иштер иштаккагаз толтурулуп аткарылууга тийиш.
§ 6. Ишкертоптун курамы
80. Ишкертоптун саны жана анын курамы, электр коопсуздук топторун эске алуу менен, ишти аткаруунун шарттарына, ошондой эле ишкертоптун мүчөлөрүн иш жүргүзүүчү (байкоочу) тарабынан көзөмөлдү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталууга тийиш.
Иш жүргүзүүчү жетектеген ишкертоптун мүчөсү, анын ичинде чыңалуу астында иштөө учурларында ишкертоптун мүчөсү III- топко ээ болушу керек, аба чубалгыларындагы жумуштарды кошпогондо (374-о.б.) ал учурдагы жумуштарды IV- топтогу ишкертоптун мүчөсү аткарышы керек.
Ишкертопто анын ар бир III- топтогу мүчөсүнө 1-топтогу бир жумушчу киргизүүгө жол берилет, бирок 1-топтогу ишкертоптун мүчөлөрүнүн жалпы саны үчтөн ашпоого тийиш.
Ушул Эрежелерде каралган учурларда (128-132, 135, 498 жана 537- орунбелгилерде көрсөтүлгөн) буйрутма боюнча жалгыз иштөөгө жол берилет.
81. Кезметчи жогору турган кезметчинин уруксаты менен оңдоочу ишкертоптун курамына иштаккагазга киргизилбестен, бирок шууту журналына жазуу менен тартылышы мүмкүн.
82. Ишкертоптун курамын иштаккагаз берген кызматкерге, же ушул электр орнотмосунда мындай ишке иштаккагаз берүүгө укугу бар башка кызматкерге өзгөртүүгө жол берилет. Ишкертоптун курамын өзгөртүү жөнүндө көрсөтмө телефон, радио же чабарман аркылуу ишке киргизүүчүгө, иш жетектөөчүгө же иш жүргүзүүчүгө берилиши мүмкүн, ал иштаккагазга өзүнүн колтамгасын коюу менен көрсөтмө берген кызматкердин бүлөөатын жана аты жөнүн жазат.
Ишкертоптун курамын өзгөртүүдө Эреженин 76-орунбелгисинин талаптары бузулбашы керек. Иш жүргүзүүчү ишкертопко киргизилген жумушчуларга насааттама берүүгө милдеттүү.
83. Иш жетектөочүнү же иш жүргүзүүчүнү алмаштырган, ошондой эле ишкертоптун курамын жарымынан көбүн өзгөрткөн учурларда кайра жаңы иштаккагаз берилиши керек.
§ 7. Жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксаттарды берүү
84. Жумуш орундарын даярдоо жана ишке киргизүү ЖАӨ орнотмолоруна, аралыктан башкаруу, белги берүү каржаттарын жана автоматташтырылган башкаруу тутумдарынын (АБТ) техникалык каражаттарын ишке киргизүүнү кошпогондо, кезметчиден же буга ыйгарым укуктуу адамдан уруксат алгандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
85. Уруксат жумуш ордун даярдоочу жана ишкерсанды ишке киргизүүнү аткаруучу адамга жеке өзү, телефон, радио, чабарман аркылуу же арадагы көмөкчордондун кезметчиси аркылуу берилиши мүмкүн. Жумушка киргизүүгө уруксатты алдын ала (ишкертоп жумуш ордуна келе электе) берүүгө тыюу салынат.
86. Ишкертопту бир гана иштаккагаз менен ишке киргизүүгө уруксат берилет.
§ 8. Жумуш ордун даярдоо жана ишке киргизүү
87. Жумуш орундарын даярдоо боюнча иштаккагазда каралган чараларды өзгөртүүгө тыюу салынат.
Эгерде жумуш ордун даярдоо боюнча чаралардын жетиштүүлүгүнө жана тууралыгына жана ишти коопсуз аткаруу мүмкүнчүлүгүнө шек жаралса, анда бул даярдоо токтотулушу керек.
88. Иш жүргүзүүчү ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштырып иштеген учурларда, ал III- топко ээ болгон ишкертоптун мүчөлөрүнүн бири менен жумуш ордун даярдоого милдеттүү.
89. Ишке киргизүүдөн мурда ишке киргизүүчү жумуш ордун даярдоо боюнча техникалык иш чаралардын аткарылгандыгына ынанууга тийиш. Шууту журналындагы жазуулар боюнча, шууту түзмөгү боюнча же кезметчилердин, ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын жана керектөөчүлөрдүн ишкерсандарынын билдирүүлөрү боюнча жеке кароо жүргүзүү аркылуу ынанууга болот.
90. Ишке киргизүүгө чейин иш жетектөөчү жана иш жүргүзүүчү (байкоочу) ишке киргизүүнүн алдында ишке киргизүүчүдөн жумуш орундарын даярдоодо кандай чаралар көрүлгөндүгүн аныктап, бул даярдыкты жумуш ордунда жеке кароо менен текшерүүгө милдеттүү.
Жумуш ордунун даярдыгын иш жетектөөчү ишке киргизээрдин алдында ишке киргизүүчү адам менен бирге же анын уруксаты менен өз алдынча, иш жүргүзүүчү – иш жетектөөчү же ишке киргизүүчү адам менен бирге текшерүүгө милдеттүү.
91. Иштаккагаз жана буйрутмалар боюнча ишке киргизүү түздөн-түз жумуш ордунда жүргүзүлүүгө тийиш.
Жумуш ордун даярдоо зарыл болбогон учурларда жумуш ордунда буйрутма боюнча ишке киргизүү жүргүзүлүүгө тийиш эмес, ал эми аба чубалгыларында, аба байланыш чубалгыларында жана кабелдик чубалгыларда - талап кылынбайт.
92. Ишке киргизүү жумуш ордунун даярдыгын текшергенден кийин жүргүзүлөт. Бул учурда, ишке киргизүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишкертоптун курамын иштаккагазда же буйрутмада келтирилген курамга ылайык келишин жеке күбөлүктөрү боюнча текшерет;
2) максаттуу нускама жүргүзүп: ишкертопту иштаккагаздын, буйрутманын мазмуну менен тааныштыруу; жумуш орунунун чектерин көрсөтүү; жумуш ордуна эң жакын болгон жакындоого тыюу салынуучу оңдолуп жаткан жабдууларды жана ток өткөрүүчү бөлүктөрдү жана ага жакын кошулмаларды алардын чыңалуу астында болбогонуна карабастан көрсөтүү;
3) орнотулган жердетмелерди көрсөтүү же чыңалуунун жоктугун текшерүү менен ишкертопко чыңалуу жок экендигин, эгерде жердетмелер жумуш ордунан көрүнбөсө, ал эми 35 кВ жана андан төмөн электр орнотмолорунда (түзүлүштүк аткарылышы уруксат берген жерде) - колу менен ток өткөрүүчү бөлүктөргө кол тийгизүү аркылуу далилдейт.
93. Ишкертопту, ишке киргизүү учурунда, ишке киргизүүчүдөн тышкары насааттама берүүгө тийиш:
- иш башкаруучу - иш жүргүзүүчүгө же байкоочуга жана ишкертоптун мүчөлөрүнө;
- иш жүргузүүчү же байкоочу – ишкертоп мүчөлөрүнө. Ал ишти коопсуз жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө, анын ичинде алардын технологиясы, аспаптарды, куралдарды, шаймандарды, механизмдерди жана жүк көтөрүүчү машиналарды колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү берет. Иш жетектөөчү, керек болгон учурда, насааттаманы толуктайт.
Ошондой эле максаттуу насааттаманы иштаккагаз же буйрутма берүүчү жүргүзөт – иш башкаруучуга, эгерде иш башкаруучу дайындалбаса же анын милдеттерин иштаккагаз берүүчү алып барса – иш жүргүзүүчүгө же байкоочуга.
Жумуштарды буйрутма менен аткарган учурда максаттуу насааттамалар жүргүзүлөт: буюртма берүүчу – иш жүргүзүүчүгө же байкоочуга же түздөн-түз жумушту аткаруучуга; ишке киргизүүчү - иш жүргүзүүчүгө же байкоочуга жана ишкертоп мүчөлөрүнө; иш жүргүзүүчү ишкертоп мүчөлөрүнө. Иштаккагаз же буйрутма берүүчүгө насааттаманы телефон аркылуу берүүгө жол берилет.
Ишкертоптун курамына жаңы ишкертоп мүчөсүн киргизген учурда ага насааттаманы иш жүргүзүүчү же байкоочу жүргүзөт.
Насааттамасыз ишкертопту ишке киргизүүгө уруксат берилбейт. Иштаккагаз менен иштөө учурунда максаттуу насааттама «Алгачкы ишке киргизүүдөгү максаттуу насааттаманы каттоо» таблицасында насааттама өткөргөн жана насааттама алган кызматкерлердин колтамгалары менен таризделиши керек.
94. Максатту насааттама жүргүзүүнү жана ишке киргизүүнү 4-таблицада күнү жана убактысын көрсөтүү менен ишке киргизүүчү жана иш жүргүзүүчүнүн (байкоочунун) колтамгаларын коюу менен таризделет.
Максаттуу насааттаманы күн сайын ишке киргизүү учурларында журналда каттоо талап кылынбайт.
95. Ишке киргизүү иштаккагаздын эки нускасында тең таризделет, анын бири иш жүргүзүүчүдө (байкоочуда), экинчиси - кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчүдө калат.
Иш жүргүзүүчү ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштыра иштеген учурда, ишке киргизүү иштаккагаздын бир нускасында таризделет. Буйрутма менен ишке киргизүү шууту журналында жана иштаккагаз жана буйрутмалар менен аткарылчу иштерди каттоо журналында таризделет (6-тиркеме).
§ 9. Иш учурундагы көзөмөл
96. Ишке киргизилгенден кийин ишкертоптун коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) жүктөлөт, ал өз ишин, мүмкүн болушунча, жумуш ордунун иш аткарылып жаткан жеринин эң кооптуу бөлүгүндө ишкертоптун мүчөлөрүн көзөмөлдөй тургандай уюштурууга тийиш.
Байкоочуга байкоону кандайдыр бир ишти аткаруу менен айкалыштырууга тыюу салынат.
97. Эгерде жумуш ордун убактылуу таштап кетүү зарыл болсо, иш жүргүзүүчү (байкоочу), эгерде аны иш жетектөөчү, ишке киргизүүчү же иштаккагаз берүүгө укугу бар кызматкер алмаштыра албаса, ишкертопту иштеген жеринен чыгарууга милдеттүү (аны бөлүштүрүүчү орнотмолордон чыгарып, кире бериш эшиктерин кулпулап жабуусу, адамдарды аба чубалгысынын түркүктөрүнөн түшүрүүсү, ж.б. керек).
Иш жүргүзүүчүнү (байкоочуну) убактылуу алмаштыруу учурунда ал өзү жок болгон учурда аны алмаштырган кызматкерге иштаккагазды өткөрүп берүүгө милдеттүү.
1000 В чейинки электр орнотмолорунда, буйрутма менен иштегенде, зарыл болгон учурда, иш жүргүзүүчүгө убактылуу иш ордунан чыгууга жол берилет. Мындай учурда, ишкертоптун III– топтогу бир же бир нече мүчөлөрүнө жумуш ордунда калып ишти улантууга жол берилет.
98. Иш жүргүзүүчүнүн уруксаты менен ишкертоптун бир же бир нече мүчөсүнө жумуш ордун убактылуу таштап кетүүгө жол берилет. Мындай учурда аларды ишкертоптун курамынан чыгаруу талап кылынбайт. 1000 В жогору болгон электр орнотмолорунда жумуш ордунда калган ишкертоптун мүчөлөрүнүн саны иш жүрүзүүчүнү кошкондо экиден кем эмес болушу керек.
III- топтогу ишкертоптун мүчөлөрү бөлүштүрүүчү орнотмолордон өз алдынча чыгып жана кайра жумуш ордуна келүүсү мүмкүн, I- жана II- топтогу ишкертоптун мүчөлөрү — ишкертоптун III- топтогу мүчөсүнүн же электр орнотмолорун жеке өзү кароого укугу бар адамдын коштоосунда гана кирип-чыга алат. Бөлүштүрүүчү орнотмодон чыккандан кийин эшикти кулпулабай калтырууга тыюу салынат.
Кайтып келген ишкертоптун мүчөлөрү иш жүрүзүүчүнүн уруксаты менен гана ишке кирише алышат. Алар кайтып келгенге чейин иш жүргүзүүчү, электр орнотмосу жайгашкан жайды бекитүүгө мүмкүн болбосо, жумуш ордун таштап кетүүгө укугу жок.
99. Эгерде ушул Эрежелердин бузулушу аныкталса же жумушчулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген башка жагдайлар аныкталса, ишкертоп жумуш ордунан чыгарылып, иш жүргүзүүчүдөн иштаккагаз тартып алынууга тийиш. Табылган бузулуулар жоюлгандан кийин гана ишкертоп биринчилик ишке киргизүү талаптарын сактоо менен кайрадан ишке киргизилиши мүмкүн.
§ 10. Башка жумуш ордуна которуу
100. Электр чордондордун, көмөкчордондордун 1000 В жогору электр орнотмолорунда ишкертопту башка жумуш ордуна которуу ишке киргизүүчү тарабынан ишке ашырылат. Бул которуштуруу, эгерде иштаккагаз берүүчү иштаккагаздын "Өзүнчө көрсөтмөлөр" сабына жазуу менен муну аткарууга көрсөтмө берсе, иш жетектөөчү же иш жүргүзүүчү тарабынан да аткарылышы мүмкүн.
101. Бир аба чубалгынын, аба байланыш чубалгынын, кабелдик чубалгынын ар кандай жумуш орундарында жана электр чордондорунун, көмөкчордондордун 1000 В чейинки электр орнотмолорунда башка жумуш ордуна которуу иш жүргүзүүчү тарабынан иштаккагазга каттоосуз жүргүзүлөт.
102. Башка жумуш ордуна которуу иштаккагаздын 5-таблицасында катталат. Кезметтик же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчү тарабынан аткарылган которуу иштаккагаздын эки нускасында тең катталат.
103. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жабдууларды өчүрбөстөн жумуш аткарылганда, ишкертоп бир бөлүштүрүүчү орнотмодон экинчисине өткөндө гана иштаккагазга каттоо талап кылынат.
Баардык электр орнотмолорунда буйрутма боюнча иштегенде башка жумуш ордуна которууну каттоо талап кылынбайт.
§ 11. Жумуштагы тыныгууларды жана анын аяктоосун каттоо104. Жумуш күнүнүн ичинде жумушта тыныгуу болгон учурда (түшкү тамакка, эмгек шартына ылайык) ишкертоп жумуш ордунан чыгарылып, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн эшиктери бекитилүүгө тийиш.
Иштаккагаз иш жүргүзүүчүдө (байкоочуда) калат. Ишкертоптун мүчөлөрүнө тыныгуудан кийин иш жүргүзүүчү (байкоочу) жок жумуш ордуна кайтып келүүгө тыюу салынат. Мындай тыныгуудан кийин ишке киргизүү иш жүгүзүүчү тарабынан иштаккагазга каттосуз эле жүргүзүлөт.
105. Жумуш күнүнүн бүтүшүнө байланыштуу жумушта тыныгуу болгон учурда ишкертоп жумуш ордунан чыгарылууга тийиш.
Плакаттар, тосмолор, желекчелер, жердетмелер алынбайт. Иш жүргүзүүчү (байкоочу) иштаккагазды ишке киргизүүчүгө өткөрүп берүүгө, ал эми ал жок болгон учурда буга белгиленген жерде, мисалы, учурда күчундөгү иштаккагаздардын мукабасында калтырууга милдеттүү. Жергиликтүү кезметчи ишкерсандарсыз электр орнотмолорунда иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) жумуш күнү аяктагандан кийин иштаккагазды өзүндө калтырууга уруксат берилет.
Иштин аяктагандыгын иш жүргүзүүчү (байкоочу) иштаккагаздын өзүндөгү нускасында өз колун коюу менен тариздейт.
Агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында жумуштарды аткарган учурда жумуш күну же кезметтин аяктагандыгына байланычтуу тыныгуу болгон учурда баардык коопсуздук плакаттары жана ыкташтырмалар чечилип коюлушу керек. Оңдоо учурунда электрорнотмонун иштөөсүн камсыз кылып туруучу убактылуу оңдоочулук сагактоолор колдонгон учурда каптмалоочу жабууларды (кыстармаларды), коопсуздук плакаттарын чечпөөгө жол берилет.
106. Даярдалган жумуш ордуна кийинки күндөрү кайра ишке киргизүү ишке киргизүүчү же анын уруксаты менен иш жетектөөчү тарабынан жүргүзүлөт. Бул учурда жогорку шууту ишкерсандан ишке киргизүү үчүн уруксат талап кылынбайт.
Иш жүргүзүүчү (байкоочу) ишке киргизүүчүнүн уруксаты менен, эгерде ага бул жөнүндө иштаккагаздын «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабына жазуу менен тапшырылса, ишкертопту даярдалган жумуш ордуна ишке киргизе алат.
Кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардан дайындалган ишке киргизүүчү тарабынан аткарылуучу ишке киргизүү иштаккагаздын эки нускасында тең; иш жетектөөчү же иш жүргүзүүчү (байкоочу) тарабынан ишке киргизүү – иш жүргүзүүчүдө (байкоочуда) болгон иштаккагаздын нускасында катталат.
107. Эртеси ишти кайра баштаганда иш жүргүзүүчү (байкоочу) орнотулуп калган плакаттардын, тосмолордун, желекчелердин, ошондой эле сакталгандыгына жана бүтүндүгүнө, ошондой эле жердеткичтердин ишенимдүүлүгүнө толук ынангандан кийин ишкертопту ишке киргизүүгө тийиш.
108. Иш жүргүзүүчү (байкоочу) жумуш толук аяктагандан кийин ишкертопту жумуш ордунан чыгарып, ишкертоп орноткон убактылуу тосмолорду, алып жүрмө плакаттарды, желектерди жана жердеткичтерди алып салып, электр орнотмосунун эшиктерин кулпу менен бекитип андан кийин иштаккагазда жумуштун толук бүткөндүгүн өзүнүнүн кол тамгасын коюу менен таариздейт. Иш жетектөөчү жумуш орундарын текшергенден кийин, иштин толук бүткөндүгүн иштаккагазда өзүнүн кол тамгасын коюу менен таариздейт.
109. Иш жүргүзүүчү (байкоочу) жумушту толук бүтүргөндүгү жана Эрежедеги 104-орунбелгинин талаптарын аткаргандыгы жөнүндө ишке киргизүүчүгө, ал эми ал жок болгон учурда жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адамга билдирүүгө милдеттүү.
110. Иш жүргүзүүчү (байкоочу) иш толук аяктагандан кийин иштаккагазды ишке киргизүүчүгө тапшырышы керек, ал эми ал жок болгон учурда белгиленген жерге, мисалы, учурда колдонууда турган иштаккагаздардын мукабасына калтырылышы керек.
Эгерде жумуш толук аяктагандан кийин иштаккагазды өткөрүп берүү кыйынчылык туудура турган болсо, анда ишке киргизүүчүнүн же жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адамдын уруксаты менен иш жүргүзүүчү (байкоочу) иштаккагазды өзүндө калтыра алат. Мындай учурда, ошондой эле иш жүргүзүүчү ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштырып иштегенде, иш жүргүзүүчү (байкоочу) кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен иштаккагазды кезметчиге же иштаккагаз берген кызматкерге, ал эми алыскы аймактарда – аймактын административдик-техникалык ишкерсанга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
111. Ишке киргизүүчү, иштин толук аткарылышы боюнча жол-жоболоштурулган иштаккагазды алгандан кийин, жумуш орундарын карап чыгууга жана жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген кызматкерге иштин толук бүткөрүлгөндүгү жана электр орнотмосун күйгүзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
§ 12. Иш толук бүткөндөн кийин электр орнотмосун күйгүзүү
112. Жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген кызматкерден же аны алмаштырган кызматкерден уруксат (көрсөтмө) алынгандан кийин гана электр орнотмосун кошууга болот.
Электр орнотмосун ишке киргизүүгө уруксат (көрсөтмө), бул электр орнотмого жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берилген баардык ишке киргизүүчүлөрдөн жана иш жүргүзүүчүлөрдөн жумуштардын толук аяктагандыгы жана 108-орунбелгинин талаптарын аткарылгандыгы жана электр орнотмосун күйгүзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирүү алгандан кийин гана берилиши мүмкүн.
113. Иш толук аяктагандан кийин электр орнотмосун күйгүзүүгө уруксат (көрсөтмө) алган кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсан, күйгүзүүнүн алдында электрорнотмонун күйгүзүүгө даяр экени боюнча ынануусу керек (жумуш ордунун тазалангандыгына, шаймандардын жоктугуна), кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсан тарабынан жумуш орундарын даярдоодо орнотулган убактылуу тосмолорду, көтөрүп жүрмө плакаттарды жана жердеткичтерди алып салып, туруктуу тосмолорду калыбына келтирүүсү керек.
114. Ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчүгө электр орнотмосундагы иштер аяктагандан кийин жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген кызматкердин же аны алмаштырган кызматкердин уруксатысыз (көрсөтмөсүсүз) аны күйгүзүүгө укук берилиши мүмкүн.
Мындай кошууга укук берүү иштаккагаздын «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында жазылууга жана ишке киргизүүчүгө жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүү учурунда ырасталууга тийиш. Мындай ырастоо иштаккагазда жазылып каттоону талап кылбайт.
Мындай кошууга укук ушул электр орнотмодо же анын бөлүгүндө иштөөгө уруксат башка ишкертопторго берилбеген учурда гана берилиши мүмкүн.
115. Бузулуулар болгон учурларда кезметчи ишкерсан же ишке киргизүүчү, оңдоого чыгарылган электр жабдууну же электр орнотмону жумуш толук аяктаганга чейин ишкертоп жок учурда иш жүргүзүүчү келгенге чейин же ал тарабынан иштаккагаз кайтарылып берилгенге чейин, жумуш орундарына адамдарды жайгаштырып, иш жүргүзүүчүнү электр орнотмо күйүзүлгөндүгү жана ишти кайра баштоого тыюу салынгандыгы жөнүндө эскертүү берүү шарты менен күйгүзө алат.
5-бөлүм. Электр чордондордун, көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жана каптамазымдык чубалгыларда жумуштарды аткаруудагы уюштуруу иш чаралары
§ 13. Иш жетектөөчүнү дайындоо
116. Электр чордондордун, көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жана каптамазымдык чубалгыларында иш алып баруу учурларында иш жетектөөчү бул Эрежелердин 58- жана 66- орунбелгилеринде көрсөтүлгөн учурларда дайындалат.
Иштаккагаз берүүчүгө жогоруда көрсөтүлгөндөн да башка жумуштарга иш жетектөөчү дайындоого уруксат берилет.
§ 14. Бир нече жумуш орундарында, кошулмаларда, көмөкчордондордо бир иштаккагаз менен иштөө
117. Иштаккагазды 118-, 119-, 121-, 122-, 124- орунбелгилердеги жагдайларды кошпогондо, бир кошулманын бир же бир нече жумуш орундарына берүүгө уруксат берилет.
118. 1000 Втон жогорку чыңалуудагы электрорнотмолордун агын өткөрүүчү баардык бөлүктөрүнөн, анын ичинде аба жана каптамазымдык чубалгылардын чыгыштарынан чыңалуу алынган учурда, жана жанаша жайгашкан электрорнотмолордун кире бериштери кулпуланган (1000 В чейинки чыңалуудагы жыйнактар жана калканчыктар чыңалуу астында калуусу мүмкүн) учурда, баардык кошулмаларда бир эле убакта иштөө үчүн бир иштаккагаз берүүгө жол берилет. Иш жетектөөчүнү бул учурда дайындоо талап кылынбайт.
1000 Вко чейинки чыңалуудагы элктрорнотмолордо, алардын агын өткөрүүчү баардык бөлүктөрүнөн чыңалуу алынган учурда, БТ жыйнактуу өтмөктөрүндө, бөлүштүрүүчү калканчтарында, жыйнактарында, ошондой эле бул орнотмолордун баардык кошулмаларына бир эле мезгилде бир эле иштаккагаз берүүгө жол берилет.
119. Агрегаттарды (казандар, турбиналар, генераторлор) жана айрым технологиялык орнотмолорду (күл чыгаруучу тутумдар, тармак жылыткычтар, майдалоочу тутумдар ж.б.) оңдоого чыгарганда, бул агрегаттардын (орнотмолордун) баардык (же бир бөлүгүндөгү) электр кыймылдаткычтарында иштөөгө бир иштаккагаз берүүгө уруксат берилет жана бөлүштүрүүчү орнотмолордогу бул агрегаттардын (орнотмолордун) электр кыймылдаткычтарын азыктандырүүчу баардык (же бир бөлүгүнүн) кошулмаларында иштөө үчүн бир иштаккагаз берилиши мүмкүн.
Бир эле чыңалуудагы электр кыймылдаткычтарында жана бир бөлүштүрүучү орнотмонун кошулмаларында иштөө үчүн бир гана иштаккагаз берүүгө жол берилет.
120. Ичери орнотулуучу бөлүштүрүүчү үкөктөр менен жабдылган электр кыймылдаткычтарында жана алардын бөлүштүрүүчү орнотмодогу кошулмаларында бир иштаккагаз менен иштеген учурда, бир жумуш ордунан экинчи жумушка которууну жазып каттоо талап кылынбайт, ишкертопту ар кандай жумуш орундарына бөлүп жайгаштырууга уруксат берилет. Башка түзүлүштө жасалган бөлүштүрүүчү орнотмодогу электр кыймылдаткычтарынын кошулмаларына ишке киргизүү жана иш алып барууда, бир жумуш ордунан экинчисине которууну каттоо менен жүргүзүлүүгө тийиш.
121. 6-110 кВ бөлүштүрүүчү орнотмолорунун жалгыздалган өтмөк тутумдарында жана каалаган сандагы бөлүктөр тобу (секция) менен болгон учурда, бөлүктөр тобун бүт оңдоого чыгарганда, өтмөктөрдө жана баардык (же бир бөлүгүндө) кошулмаларда иштөө үчүн бир иштаккагаз берүүгө жол берилет. Бул бөлүктөр тобунун (секциянын) ичинде ишкертопту башка-башка жумуш орундарына таратып иштетүүгө жол берилет.
122. Бир электр орнотмонун бир же бир нече кошулмаларынын ар кандай жумуш орундарында бир эле учурда же кезеги менен жумуштарды аткаруу үчүн бир иштаккагаз төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн:
1) электр жана башкаруу кабелдерин төшөөдө жана кайра тартууда, электр жабдууларын сыноодо, коргоочу, өлчөөчү, бөгөт коюучу, автоматика, телемеханика, байланыш түзүлүштөрүн ж.б. текшерүүдө;
2) бир кошулманын өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрүн оңдоодо, анын ичинде алардын иштеткилери башка бөлмөдө болгон учурда;
3) тоннелде, коллектордо, кудукта, траншеяда, чуңкурда өзүнчө кабелди оңдоодо;
4) каптамазымдарды оңдоодо (экиден ашык эмес), эки чуңкурда же бөлүштүрүүчү түзүлүштө жана жакынкы чуңкурда жайгашканда, жумуш орундарынын жайгашуусу иш жүргүзүүчүгө ишкертопту көзөмөл кылууга мүмкүндүк бергенде.
Мында ишкертоптун мүчөлөрүн башка-башка жумуш орундарына бөлүштүрүп иштетүүгө жол берилет. Бир жумуш ордунан экинчисине которууну иштаккагазда каттоо талап кылынбайт.
123. 118-, 119-, 121-, 122- орунбелгилерге ылайык иштерди жүргүзүүдө бардык жумуш орундары ишке киргизүү башталганга чейин даярдалышы керек. Иштаккагаз боюнча иштер толук аяктаганга чейин кандайдыр бир кошулмаларды күйгүзүүгө даярдоону, анын ичинде электр кыймылдаткычтарын иштетип көрүүгө тыюу салынат.
Ишкертоп ар башка жумуш орундарына чачыратылган учурда ишкертоптун III- топтогу бир же бир нече мүчөлөрүнө иш жүргүзүүчүдөн бөлөк болууга уруксат берилет.
Иш жүргүзүүчүдөн өзүнчө жайгаштырыла турган ишкертоп мүчөлөрүн иш жүргүзүүчү жумуш ордуна алып келип жана жумушту аткарууда сакталышы керек болгон коопсуздук чаралары боюнча насааттама бериши керек.
124. Бир нече көмөкчордондордо же бир көмөкчордондун бир нече кошулмаларында бир эле түрдөгү жумуштарды кезеги менен аткаруу үчүн бир иштаккагаз берүүгө жол берилет. Мындай иштерге төмөнкүлөр кирет: зымчыныларды сүртүү; кыскычтарды бекемдөө (тийимдик кошулууларды); майдын үлгүсүн алуу жана толуктап куюу; оодаргычтын оромдорун которуп кошуу; релелик коргоо, автоматика түзүлүштөрүн, өлчөө аспаптарын текшерүү; тышкы булактан жогорулатылган чыңалуу менен сыноо; ченегич сап (таякча) менен зымчыныларды текшерүү; каптамазымдык чубалгынын бузулган жерин табуу. Мындай иштаккагаздын жарактуу мөөнөтү 1 сутка.
Ар бир көмөкчордонго жана ар бир кошулмага ишке киргизүү иштаккагаздын 5-санирээткисинде катталып жазылат.
Көмөкчордондордун ар бирин бул иштаккагаз боюнча андагы иштер толук аяктагандан кийин гана ишке киргизүүгө уруксат берилет.
125. Буйрутма бир нече электр орнотмолордо (кошулмаларда) кезеги менен иштөөгө берилиши мүмкүн.
§ 15. Бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн аба жана каптамазымдык чубалгы бөлүктөрүндөгү иштер
126. Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн аймагында жайгашкан аба чубалгысынын бөлүктөрүндөгү иштер аба чубалгысын тейлеген ишкерсандар тарабынан берилген иштаккагаз боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Жергиликтүү кезметчи ишкерсаны бар электр орнотмолордун акыркы түркүгүндө иштөө учурунда кезметчи ишкертопко насааттама бериши керек да аны ушул түркүккө жетектеп алып барууга милдеттүү. Жергиликтүү кезметчиси жок электр орнотмолордо ырааттуу ишкертоптун иш жүргүзүүчүсүнө бөлүштүрүүчү түзүлүштүн ачкычын алууга жана өз алдынча түркүккө барууга уруксат берилет.
Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн капкалдарында жана жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн имараттарында, тышка орнотулуучу жыйнактуу бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн (ТЖБТ) чатырларында иштеген учурларда ырааттуу ишкертопту иштаккагазда керектүү каттоолору менен бөлүштүрүүчү түзүлүштү тейлеген кезметчи же ыкчам-оңдоочу топтон дайындалган ишке киргизүүчү тарабынан ишке ашырылууга тийиш.
Иш жүргүзүүчү ырааттуу ишкертоп менен өз алдынча, ал эми ишкертоптун айрым мүчөлөрү 98- орунбелгиде каралган тартипте чыга алышат.
127. Бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жайгашкан каптамазымдык чубалгыларынын учтарындагы кошмокаптарында жана бекитүучү жасалмаларда, ошондой эле бөлүштүрүүчү түзүлүштүн аймагы жана каптамазымдык каналдары аркылуу өткөн каптамазымдык чубалгылардагы иштер каптамазымдык чубалгыларды тейлеген ишкерсан тарабынан берилген иштаккагаз боюнча аткарылууга тийиш. Кошмокаптардагы жана бекитүүчү жасалмалардагы жумуштарга ишке киргизүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү тейлеген ишкерсан тарабынан, ал эми бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (БТ) аймагында жана БТ каптамазымдын каналдарындагы КЧга, КЧыны тейлөөчү ишкерсан БТыны тейлөөчү кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандын эскертип коюулуусу менен ишке киргизилет.
Бөлүштүрүүчү түзүлүштөгү бекитүүчү жасалмаларда КЧларды тейлеген ишкерсандар бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү тейлеген ишкерсан тарабынан берилген иштаккагаз менен ишсапарлык укукта иштөөгө уруксат берилет.
128. Бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жайгашкан байланыш түзүлүштөрүндөгү жумуштар ДТБК ишкерсаны тарабынан берилген иштаккагаз боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Бул түзүлүштөрдөгү жумуштарга ишке киргизүү бөлүштүрүүчү түзүлүштү тейлеген ишкерсан тарабынан жүргүзүлөт.
Байланыш топтогучтарында жана ЖЖ тоскучтардагы жумуштар БТны тейлөөчү жумушчулар тарабынан гана берилген иштаккагаз менен жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн түзүлүштөрдө ДТБК ишкерсаны бөлүштүрүүчү түзүлүштү тейлеген ишкерсан тарабынан берилген иштаккагаз боюнча иштөөгө уруксат берилет.
§ 16. Буйрутма (тескеме) боюнча иш аткаруу
129. Буйрутма (тескеме) боюнча, чыңалууну алып салууну жана убактылуу тосмолорду орнотууну талап кылбаган агын өткөрүүчү бөлүктөрдөгү жумуштар аткарылышы мүмкүн.
130. 1000 Втон жогорку электр орнотмолорунда төмөнкү жумуштарды буйрутма (тескеме) боюнча аткарууга жол берилет: каптамазымы ажыратылган жана анын учтары кыска туташтырылып жана жерге туташтырылган электр кыймылдаткычтарында; өтмөктөрү жана каптамазымдары ажыратылган генератордо; арабалары оңдоочу абалга чыгарылган ички бөлүштүрүүчү түзүлүштүн бөлмөчөсүнүн пардалары кулпуланып жабылган бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө.
131. 1000 В чейинки электр орнотмолорунда, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жыйнактоо өтмөктөрүндөгү, бөлүштүрүүчү калканчыктардагы жана жыйнактоо өтмөктөру аркылуу чыңалуу берилиши мүмкүн болгон кошулмалардагы жумуштарды кошпогондо, жумуштарды буйрутма (тескеме) боюнча аткарууга жол берилет.
132. Адамдардын электр агынына урунуп калуу коркунучу жогору болбогон бөлмөлөрдө жайгашкан 1000 В чейинки электр орнотмолорунда иш жүргүзүүчү болууга укугу бар III- топтогу кызматкер жалгыз иштей алат.
133. Экинчилик түзмөктөрдүн, өлчөөчү алеттердин, релелик коргоо, автоматика, телемеханика жана байланыш түзүлүштөрүн орнотууда, оңдоодо жана иштетип пайдаланууда, анын ичинде жетектердеги (иштеткилердеги) жана өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын жабдуулук үкөктөрүндөгү жумуштарды аткарууда, аларда агын бар-жогуна карабастан, төмөнкүлөргө жол берилет:
1) ишти буйрутма (тескеме) менен аткарууга, ал эми аларды иштаккагаз менен аткарууда иш жетектөөчүнү дайындабоого;
2) эгерде бул түзмөктөр (чынжырлар) жана түзүлүштөр, 1000 Втон жогорку чыңалуудагы агын өткөрүүчү бөлүктөрү жок бөлмөлөрдө, же толугу менен тосулган, же тосмо коюу талап кылынбаган бийиктикте жайгашса, IV- топтогу иш жүргүзүүчү жалгыз иштөөгө;
3) жогоруда аталган түзүлүштөрдү иштетип пайдалануучу ишкертоптон IV-топтогу иш жүргүзүүчүгө, ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштырууга. Мындайда ал жумуш ордун даярдоо үчүн зарыл болгон коопсуздук чараларын аныктайт. Мындай айкалыштыруу,1000 Втон жогорку чынжырларда жумуш ордун даярдоодо, өчүрүүнү, жерге туташтырууну жана убактылуу тосмолорду орнотууну талап кылбаган учурда жол берилет;
4) иш жүргүзүүчүгө жогоруда көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү өчүрүү жана күйгүзүү, ошондой эле жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүүчү кызматкердин уруксаты менен өчүргүчтөрдүн өчүп-күйгүзгөндөгү коргоо жана автоматтык түзүлүштөрдүн иштешин сынап көрүү.
134. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунда III- топтогу бир жумушчуга буйрутма (тескеме) боюнча төмөнкүлөрдү аткарууга уруксат берилет:
1) ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн (АБТ) аймагын жашылдандыруу, чөптөрдү чабуу, жолдорду жана өтмөктөрдү кардан тазалоо;
2) зымдуу радио жана телефон байланыш түзүлүштөрүн, энергокаражаттардын автоматташтырылган маалымдап-өлчөп эсепке алуу тутумунун бөлүктөрүн жана жабдууларын оңдоо жана тейлөө;
3) бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн боштуктарынын сыртындагы жабдуулардын каптамаларындагы жана тосмолорундагы жазууларды жаңылоо;
4) оодаргычтардын, генераторлордун жана башка жабдуулардын кургатылуусуна байкоо жүргүзүү;
5) майды тазалоо жана кургатуу учурунда май тазалоочу жана башка көмөкчү жабдууларды тейлөө;
6) электр кыймылдаткычтарында жана желдеткичтердин механикалык бөлүктөрүндө, жана оодаргычтардын, аба кыскычтардын май соргучтарында иштөө;
7) абаны тазалоочу чыпкаларды текшерүү жана алардагы сорбенттерди алмаштыруу.
135. II- топтогу бир жумушчу буйрутма боюнча, бөлүштүрүүчү түзүлүштүн сыртындагы 2,5 мден ашпаган бийиктикте жайгашкан чырактарды тазалап, лампаларын алмаштыра алат. Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн боштуктарынын сыртында 2,5 м ден ашпаган бийиктикте жайгашкан жарык берүүчү электрөткөргүчтөрдү, арматуураларды оңдоо жана тейлөө III- топтогу бир кызматкер буйрутма (тескеме) менен жангыз аткарышы мүмкүн.
136. 1000 В жогорку чыңалуудагы, агын өткөрүүчү бөлүктөрү тосулган электр орнотмолорунун бөлмөлөрүн, ошондой эле башкаруу калканчыктарынын жана релелик бөлмөлөрдү тазалоону II- топтогу бир кызматкер буйрутма (тескеме) менен жүргүзө алат. Ачык бөлүштүргүч түзүлүштөрүн (АБТ) III- топтогу кызматкер буйрутма менен жеке тазалай алат.
Учурдагы иштетип пайдалануу тартибинде, чыңалуу алынган 1000 Вко чейинки электр орнотмолорунда бир кезметтин алкагында буйрутма менен төмөндөгу иштерди аткарууга жол берилет:
- Калканчыктардан жана жыйнактардан сырткары орнотулган магниттик иштеткичтерди, иштетки баскычтарын, автоматтык өчүргүчтөрдү, кошоорлорду, өзгөрмө каршылыктарды, тийим кошкучтар жана аларга окшогон өчүрүп-күйгүзүүчү жана иштетки аспаптарын оңдоо;
- Кээ бир электркабылдагычтарын (электр кыймылдаткычтар, үйлөмө жылыткычтар ж.б.), өзунчө жайгаштырылган магниттик чордондор жана башкаруу тутумдарын оңдоо;
- Сактоочторду алмаштыруу;
- Жарыктандыруу зымдарын оңдоо;
- Бир эле жактан азыктандырылуучу электр орнотмолорундагы иштерди аткаруу.
Учурдагы иштетип пайдалануу тартибинде мындан тышкары 130- орунбелгинин 1-, 2-, 3- орунбелгичелериндеги жана 131- орунбелгиде көрсөтүлгөн жумуштар да аткарылышы мумкун.
§ 17. Аба чубалгыларында иштөөдөгү уюштуруу иш чаралары
Иш жетектөөчүнү дайындоо
137. 1000 В жогорку аба чубалгыларында иштөөдө иш жетектөөчү төмөндөгү учурларда дайындалынышы керек:
1) аба чубалгысынын коргоо аймагында жүк көтөрүүчү машиналарды жана механизмдерди колдонууда;
2) баардык түрдөгү түркүктөрдү орнотуу жана чечүүдө;
3) башка аба чубалгылары жана транспорт магистралдары менен кесилишкен жерде;
4) жаңы курулган аба чубалгыларын кошууда;
5) зымдардын жана зымаркандарды туташтыруу түзмөктөрүн өзгөртүүдө;
6) чынжырлары бири-биринен өйдө жайгаштырылган же чынжырлардын саны экиден ашык, бир же баардык башка чынжырлары чыңалуу астында болгон көп чынжырлуу АЧынын өчүрүлгөн чынжырында;
7) фазалар боюнча оңдоолордо;
8) илептик чыңалууда;
9) жерден адамды обочолонтуу менен ток өткөрүүчү бөлүктөрүндөгү чыналуу болгондо.
Иштаккагаз берүүчүгө жогоруда көрсөтүлгөдөрдөн тышкары башка жумуштарга да иш жетектөөчү дайындоого уруксат берилет.
Буйрутма боюнча иш жүргүзүү
138. Аба чубалгыларында, чыңалууну алып таштоо талап кылбаган агын өткөрүүчү бөлүктөрдө, анын ичинде: жер деңгээлинен адамдын бутуна чейин эсептегенде 3 м ге чейин көтөрүлүү менен; түркүктүн түзүлүштүк бөлүктөрүн ажыратпастан; түркүктөрдүн түбүн 0,5 м тереңдикке чейин казуу менен; аба чубалгысынын трассасын тазалоо үчүн, бак-дарактардын зымдарга кулашына жол бербөө боюнча чараларды көрүү талап кылынбаганда, бутактарды жана чырпыктарды бутоо адамдардын зымдарга кооптуу жакындашына байланышы жок жана бутактардын жана чырпыктардын зымдарга түшүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда буйрутма (тескеме) боюнча жумуштар аткарылышы мүмкүн.
139. II- топтогу бир кызматкерге аба чубалгысында буйрутма боюнча төмөнкүдөй иштерди аткарууга уруксат берилет:
1) өтүүгө оңой жерде жана жагымдуу аба ырайында аба чубалгыларын текшерүү, анын ичинде түркүктөрдүн абалдарын баалоо менен, жыгач түркүктөрдүн түптөрүнүн чирибегендиктерин текшерүү менен;
2) түркүктөрдөгү туруктуу белгилерди калыбына келтирүү;
3) бурчтукту өлчөөчү алеттер менен чендерди өлчөө;
4) түркүктөрдүн айланасын өрткө каршы тазалоо;
5) түркүктөрдөгү кырчоолорун сырдоо.
6-бөлүм. Көп чынжырлуу аба чубалгыларда, аба чубалгыларынын кесилиштеринде, аба чубалгыларынын ар кандай бөлүктөрүндө иштаккагаз боюнча иштөө
140. Ар бир аба чубалгы үчүн жана көп чынжырлуунун ар бир чынжыры үчүн өзүнчө иштаккагаз берилет. Бир нече аба чубалгыларына (чынжырларга) бир иштаккагаз төмөнкүдөй учурларда берүүгө жол берилет:
1) жумуш учурунда, бардык чынжырлардан чыңалуу алынып салынганда же көп чынжырлуу аба чубалгысынын бир да чынжырынан чыңалуу алынбаган учурда чыңалуу астында иштөөдө;
2) аба чубалгыларында, алардын кесилишкен жерлеринде иштөөдө;
3) 1000 В чейинки аба чубалгыларында кезеги менен иштөөдө, эгерде алар кошулган трансформатордук жайлар же толукталган трансформатордук жайлардан ажыратылган болсо;
4) өчүрүүну талап кылбаган бир нече аба чубалгыларынын ток өткөрбөгөн бөлүктөрүндө бир түрдүү жумуштарды аткрууда.
141. Иштаккагазда оңдолуп жаткан чубалгыны кесип өткөн кайсы аба чубалгыларды ажыратып, жерге туташтыруу керектиги көрсөтүлүш керек (186-орунбелгиге ылайык жердеткичти орнотуу менен жана жумуш орундарына жакын). Ушундай эле көрсөтмө оңдолуп жаткан чубалгыга жакын өткөн аба чубалгыларына карата да, эгерде аларды өчүрүү эмгек шартында талап кылынса, иштаккагазга киргизилиши керек. Мында оңдоодон өтүп жаткан же анын жанынан өткөн аба чубалгыларды жерге туташтыруу жумушка киргизилгенге чейин жүргүзүлүүгө тийиш. Иш аяктаганга чейин алардан жердеткичти алып салууга тыюу салынат.
АЧ башка мекемелерге тиешелүү болсо, алардын өчүрүлгөнү АЧынын ээсинин ыкчам ишкерсаны тарабынан ырасталышы керек.
142. Фаза боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүдө транспозициянын бир кадамдык бөлүгүндө эле иштөөгө иштаккагаз берилиши мүмкүн.
143. Өчүрүлгөн аба чубалгыларында, чоңураак узундуктагы омоктук кермараларда зымдарды (зымаркандарды) тагуу жана чечүү боюнча жумуштарды кошпогондо, ишкертопту узундугу 2 км ден ашпаган бөлүгүнө чачыратып иштетүүгө жол берилет. Мында бир ишкертоптун иштөөчү жеринин узундугун иштаккагаз берүүчү аныктайт.
Агын өткөрүүчү бөлүктөр чыңалуу астындагы учурлардагы иштерди аткарууда ишкертоп бир түркүктө (бир орто аралыкта) же эки жанаша түркүктө болушу керек.
144. Бир иштаккагаз менен аба чубалгыларынын ар башка бөлүгүндө, түркүктөрүндө иш аткарууда ишкертопту бир жумуш орундан экинчи жумуш ордуна которуу иштаккагаздын 5-санирээткисинде таризделбейт.
7-бөлүм. Техникалык иш чаралар
§ 18. Техникалык иш чаралар. Өчүрүүлөр
145. Жумуш ордун даярдоодо чыңалууну алып салуу талап кылынган учурда белгиленген тартипте төмөнкү техникалык иш-чаралар аткарылышы керек:
1) керектүү өчүрүүлөр жүргүзүлүп жана өчүрүп-күйгүзүүчү жабдуулардын каталыктан же өзүнөн-өзү күйүп кетүүсүнө жол бербөө боюнча чаралар аткарылганда;
2) кол иштеткилердин жана өчүрүп-күйгүзүүчү жабдууларды аралыктан башкаруунун ачкычтарына тыюу салган плакаттарды илүү;
3) адамдарды электр агынына чалдыгуудан коргоо үчүн, жерге туташтырылууга тийиш болгон агын өткөрүүчү бөлүктөрдө чыңалуу жок экендигин текшерүү;
4) жердетмени орнотуу (жерге туташтыруучу бычактардын күйгүзүлгөндүгү, көчүрмө жердеткичтердин орнотулгандыгы);
5) зарыл болгон учурда жумуш орундары же чыңалуу астында калган бөлүктөрү тосулуп, тосмолордо коопсуздуктун плакаттары илинет. Жергиликтүү шарттарга жараша агын өткөрүүчү бөлүктөр жерге туташтыруунун алдында же андан кийин тосулат.
146. Электрорнотмонун агын өткөрүүчү бөлүктөрүндөгү жумуштарды чыңалуу астында жүргүзүү үчүн жумуш ордун даярдоо учурунда төмөндөгнү техникалык иш чаралар аткарылышы керек:
- чыңалуу астында жумуштар аткарылуучу, коргоолордун автоматтык кайра күйгүзүү (мындан ары АКК) же камбеленди автоматтык күйгүзүүлөрдүн (мындан ары КАК) аракеттери менен өчүп калган электрорнотмолорун, чыңалууга кайта кошууга жол бербөөчү чараларды көрүү керек;
- өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын кол иштеткилеринде, аралык башкаруулардын ачкычтарында тыюу салынуучу плакаттар илиниши керек.
147. Чыңалууну алып таштоону талап кылган агын өткөрүүчү бөлүктөрдө иштөөдө төмөнкүлөрдү өчүрүп (ажыратып) салуу керек:
1) иш жүргүзүлө турган агын өткөрүүчү бөлүктөрдү;
2) адамдардын, механизмдердин жана жүк көтөрүүчү машиналардын 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн жакын аралыкка жакындоосу мүмкүн болгон тосулбаган агын өткөрүүчү бөлүктөрдү.
Алдын ала өчүрүлгөн агын өткөрүүчү бөлүктөрдө жумуш ордун даярдоодо жогоруда көрсөтүлгөн чаралардын аткарылышын текшерүү керек.
Өчүрүлгөн аба чубалгысында иштөөдө, бул аба чубалгынын бөлүктөрү башка аба чубалгынын чыңалүү астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөрүнө 1-санирээткинин үчүнчү тиктилкесинде көрсөтүлгөн аралыктан азыраак аралыкка жакындоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган учурда, акыркылар өчүрүлүшү керек. Оңдолуп жаткан аба чубалгысына кошо илинген аба байланыш чубалгысы да өчүрүлүшү керек.
148. 1000 В жогорку электр орнотмолорунун ар бир тарабында, ошол тараптардан өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттар менен иш ордуна чыңалүү берилиши мүмкүн болгондо өтмөктөр жана зымдарды чечүү же ажыратуу, ажыраткычтарды өчүрүү, сактагычтарды чечүү, ошондой эле бөлгүчтөрдү, жуктөм өчүргүчтөрдү өчүрүү менен пайда болгон көрүнүктүү ажырым болушу керек, автоматтык күйгүзүү аппараттарынын өздөрүндө орнотулган серпилгичтер менен ишке ашыруучулардан башкасы.
Чыңалуу трансформаторлору жана иштөөгө бөлүнгөн электр орнотмонун бөлүгүнө тиешелүү күчтук трансформаторлор тескери трансформация мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн 1000 Вко чейинки чыңалуу жагынан да ажыратылышы керек.
149. Дөңгөлөтүп чыгарылуучу бөлүктөрү бар заводдук даярдоодогу жыйнактуу бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө көрүнүктүү ажырым жок болгон учурда, ошондой эле 6 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы ЭЖБТларда өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын өчүп турган абалын текшерүүгө тийимдердин кепилдик абалынын механикалык көрсөткүчү боюнча текшерүүгө уруксат берилет.
150. АЖОсу менен болгон өчүрүп-күйгүзүү аппараттарды жана жердетүүчү бычактарды аралыктан башкаруу учурунда Өчүрүп-күйгүзүүлөрдү жүргүзүү учурунда ушул өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттар жайгашкан БТларда ишкерсандардын болушуна жол берилбейт.
151. Жумуш ордун даярдоодо ажыраткычтарды (бөлгүчтөрдү) жана кол менен башкарылуучу жүктөм өчүргүчтөрүн ажыраткандан кийин алардын өчүрүлгөндүгүн жана сагакталып кошулуу жок экендигин көрүнөө карап текшерүү керек.
АЖОсу менен болгон өчүрүп-күйгүзүү аппараттарды жана жердетүүчү бычактарды аралыктан башкаруу учурунда өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын (өчүргүчтөрдүн, ажыраткычтардын) жана жердетүүчү бычактардын абалын текшерүү АЖОнун белги берүүсү боюнча жүргүзүлөт. Өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын жана жердетүүчү бычактардын анык турган абалын карап текшерүү өчүрүү боюнча жүргүзүлгөн баардык иш жүрүштөр топтому бүткөндөн кийин өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын жана жердетүүчү бычактардын түзэле орнотулган жеринен текшерилет.
152. 1000 Втон жогору болгон электр орнотмолорунда өчүруп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдүн катаалыктан же өзүнөн-өзү күйүп кетүүсүнөн иш ордуна чыналуу берилип кетишине жол бербөө үчүн төмөнкү чараларды көрүү керек:
1) ажыраткычтарда, бөлгүчтөрдө, жүктөм өчүргүчтөрүндө кол иштеткилери механикалык кулпу менен өчкөн абалда бекитилүүсү;
2) кошоорсап менен башкарылган ажыраткычтарда туруктуу тосмолор механикалык кулпу менен бекитилүүсү;
3) АЖОсу бар аралыктан башкарылуучу өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдүн иштеткилеринде күчтүк жана башкаруу чынжырлары ажыратылган, башкаруу үкөгүндө иштөөнүн иш тартибин тандоо ачкычы “жергиликтүү башкаруу” абалына которулуп коюлушу керек, ажыраткычты башкаруу үкөгү механикалык кулпу менен бекитилиши кепрек- бул жумуштар ЭБАЧын жердеткенден кийин аткарылат, ал эми шыкалма абалык иштеткилер үчүн мындан тышкары, кысылган аба берүүчү түтүктөгү кысылган аба чыгарылып, сарпбашкаргыч (клапан) жабылып жана механикалык кулпу менен бекитилүусү, мындай учурда чыгаруучу сарпбашкааргычтар ачык абалда калтырылуусу;
4) жүктөөчү жана серпилгич иштеткилер үчүн күйгүзүүчү жүк же күйгүзүүчү серпилгичтер иштебеген абалга келтирилүусү.
Дөңгөлөтүп чыгарылуучу арабалары бар толукталган бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптарын жаңылыш күйгүзүүнү болтурбоо боюнча чаралар 275-, 276-орунбелгилерге ылайык көрүлүүгө тийиш.6-10 кВ электр орнотмолорунда бир уюлдуу ажыраткычтарды жаңылыш күйгүзүлүшүнө жол бербөө үчүн анын бычактарына атайын ток өткөзбөөчу капкактарды кийгизип коюуга жол берилет.
153. 1000 В чейинки электр орнотмолорунда иш жүргүзүлө турган агын өткөрүүчү бөлүктөрүнүн бардык тарабынан өчүрүп-күгүзүүчү аспаптарды кол иштеткилери менен чыңалууну алып салуу керек, ал эми түзмөктө сактагычтар бар болсо, акыркылары алынып салынышы керек. Ал эми түзмөктө сактагычтар жок болгон учурда өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптардын жаңылыш күйгүзүүсүн болтурбоо учүн үкөктүн туткаларын же эшиктерин бекитүү, баскычтарды жабуу, өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптын тийимдеринин ортосуна капталмалоочу кыстармаларды орнотуу жана башкалар сыяктуу чаралар менен камсыз кылынышы керек. Аралыктан башкарылуучу өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар менен чыналууну алууда күйгүзүүчү чөлмөктү өчүрүү керек.
Эгерде аспаптардын түзүлүшүнүн аткарылышы жана иштин мүнөзү менен шарт түзүлө турган болсо, жогоруда көрсөтүлгөн чаралар каптамазымды, зымдарды өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптан же иш жүргүзүлө турган жабдуулардан ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.
154. Жумуш ордун даярдоодо каптамазымдарды, зымдарды ажыратууну же өтмөктөрдөн бөлүү кезметчинин кароосунун астында III- топтогу оңдоочу ишкерсандан же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан болгон кызматкер аткарышы мүмкүн. Жумуш орунуна эң жакын, тийүүгө мүмкүн болгон, агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн чыңалууну алып салуу керек же аларды тосуу керек.
155. Текшерүү үчүн жеткиликсиз тийимдери бар 1000 В чейинки өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптардын ажыратылган абалы (дөңгөлөтүлүп чыгрылбаган автоматтык өчүргүчтөр, топтолмо өчүргүчтөр, жабык аткарылыштагы кошоорлор ж.б.) ушул өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар менен күйүүчү алардын кыпчыгычтарында же чыгуучу өтмөктөрүндө, зымдарда чыңалуунун жоктугун текшерүү жолу менен аныкталат. Заводдук аткарылыштагы жыйнактуу БТларда чыңалуунун жоктугун текшерүүнү жабдуунун өзүнө камтылып орнотулган турактуу чыңалуу көрсөткүчтү пайдалануу менен жүргүзүүгө жол берилет.
§ 19. Коопсуздук плакаттарын илүү, жумуш ордун тосмолоо
156. Ажыраткычтардын, бөлгүч жана жүктөмдүк өчүргүчтөрдүн иштеткилеринде, аралык башкаруунун ачкычтарында жана баскычтарында, 1000 В чейинки өчурүп-күйгүзүүчү аспаптарында (автоматтар, кошоорлор, өчүргүчтөр) аларды күйгүзгөндө жумуш ордунда (өчүрүлгөн жана жердетилген электрорнотмодо) чыңалуу берилиши мүмкүн болгондо “Күйгүзбө! Адамдар иштейт” деген плакаттар илиниши керек.
Автоматтык өчүргүчтөрү, кошоорлору жана өчүргүчтөрү жок 1000 В чейинки кошулмаларда плакаттар сактагычтары алынып салынган жерлерге илинет.
Кошоорсап менен башкарылуучу ажыраткычтарда плакаттар тосмолорунда илинет, ал эми бир уюлдуу ажыраткычтар үчүн - ар бир ажыраткычтын иштеткисине. Ички бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө плакаттар 275-, 276- орунбелгилерге ылайык илинет.
Плакаттар аралыктан жана жергиликтүү башкаруулардын ачкычтарында жана баскычтарында, ошондой эле азыктандыруучу башкаруу чынжырларынын жана күчтүк чынжырлардын өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттарынын иштеткилеринин автоматтарында же сактоочтордун чечилген жерлеринде илиниши керек.
Ажыраткычтардын шыкалма аба иштеткилерине абанын келүүсүн тоскон жапматээктерде «Ачпагыла! Адамдар иштейт» плакаттары илинет.
157. Аба чубалгыларын же каптамазымдуу чубалгыларын иштөө үчүн өчүрүүчү ажыраткычтардын иштеткилеринде иштеп жаткан ишкертоптордун санына карабастан бир эле «Күйгүзбө! Чубалгыда иштөөдө» плакаты илиниши керек. Бул плакат жумуш орундарын даярдоого буйрутма берген жана чубалгыда иштеген ишкертоптордун санын эсепке алып турган кызматкердин көрсөтмөсү боюнча илинет жана алынып салынат.
158. Өчурүп-күйгүзүүчү аспаптарды АЖОсу бар аралыктан башкарууда “Күйгүзбө! Чубалгыда иштөөдө!”, ал эми БТлардын жабдууларында иштегенде “Күйгүзбө! Адамдар иштейт!” плакаттарын илүүгө жол берилет ЭБАЧты жана жабдууну жердеткенден кийин. Аралыктан өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттарды башкаруучу ыкчам ишкерсан (ЭОнун тезгемерлик жана кезметчи ишкерсаны) АЖОнун түзмөгүндөгү тийиштүү өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттын (кимдин тийиштүү түрдө тезгемерлик жана технологиялык башкаруусунда АЧ, КАЧ, КЧ же жабдуу турат) жанына коопсуздук плакаттарынын орнотулушун графикалык түрдө чагылдырып коюлушу керек, ал ошондой эле энергетика курулмасынын ыкчам ишкерсанынын АЖОсунун түзмөгүндө көрсөтүлүшү керек электр берүү чубалгысына, жабдууга чыңалуу берүүчү ажыраткычтын белгисинин жанында чагылдырылып.
159. Чыналуу астында калган агын өткөрүүчү бөлүктөрдү убактылуу тосуу үчүн жыгачтан же башка капталмалоочу заттектерден жасалган калканчыктар, пардалар, экрандар, өсүмдүктүк же синтетикалык булалардан болгон боолор ж.б. колдонулат.
Убактылуу тосмолорду чыңалууну алып салбастан орнотуу учурларында, алардан ток өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки аралык эң аз дегенде 1-таблицада көрсөтүлгөндөн кем эмес болушу керек. 6-10 кВ электр орнотмолорунда бул аралык зарыл болгон учурда 0,35 м чейин азайтылышы мүмкүн.
Убактылуу тосмолорго “Токто! Чыңалуу” деген жазуулар жазылышы, же коопсуздуктун тиешелүү плакаттары илиниши керек.
160. 6-20 кВ электр орнотмолорунда, агын өткөрүүчү бөлүктөрдү калканчыктар менен тосууга мүмкүн болбогон учурларда, өчүрүлгөн жана чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн ортосуна (мисалы, өчүрүлгөн ажыраткычтын тиймелеринин ортосуна) калкамалоочу кыстармаларды колдонууга жол берилет. Бул калкамалоочу кыстармалар чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө тийе алат.
Кыстармаларды IV- жана III- топтогу эки адам (алардын бири кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан) ток өткөзбөөчү колкаптарды жана калкамасаптарды же кычкачтарды колдонуу менен орнотууга жана алып салууга тийиш.
161. Жумуш ордуна жанаша турган бөлмөчөлөрдүн, үкөктөрдүн жана тилкетакталардын тосмолоруна “Токто! Чыңалуу" плакаттары илиниши керек.
162. АБТларда (ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө) жерден, пайдубалдарга жана айрым түзүлүштөргө орнотулган жабдууларда жүргүзүлүүчү жумуштарда, жумуш орду, тосулган мейкиндиктин ичине караган “Токто! Чыңалуу” плакаттары илинген өсүмдүк же синтетикалык буладан жасалган аркан, жип же боолор менен тосулушу керек (өтмөктү калтыруу менен).
Аркандарды илүүгө жумуш ордунун аймагына кирбеген, тосулган мейкиндиктин тышында калган шарттагы түзүлүштөрдү колдонууга уруксат берилет.
Чыңалууну, чубалгылык ажыраткычтарды кошпогондо, бүтүндөй АБТдан алып салганда, ажыраткычтар мейкиндиктин сыртына караган “Токто! Чыңалуу” плакаттуу аркандар менен тосулушу керек. Буйрутма боюнча АБТынын экинчилик чынжырларында иштегенде жумуш ордун тосуу талап кылынбайт.
163. Аба чубалгылардан жана каптамазымдык чубалгылардан башка электр орнотмолорунда даярдалган жумуш орундарында «Бул жерде иштегиле» деген плакат илинет.
164. АБТынын түзүлүштүк бөлүктөрүндө , алар менен бирге иш ордуна жанаша турган чыңалуу астындагы бөлүктөргө өтүүгө мүмкүн болгон жерде ачык көрүнүп турган “Токто! Чыңалуу" плакаттары илинет. Бул плакаттарды ишке киргизүүчунүн жетекчилиги астында оңдоочу ишкерсандын III- топтогу кызматкери орното алат.
Чыгууга уруксат берилген түзүлүштөр менен чектешкен түзүлүштөрдүн ылдый жагында “Чыгууга болбойт!” Өлтүрөт” деген плакат илиниши керек.
Жумушту аткаруу үчүн чыгууга уруксат берилген туруктуу тепкичтерде жана түзүлүштөрдө “Бул жактан чык!” деген плакат илинет.
165. Чыңалуу астында жумуштарды аткарган учурда, өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын аралыктан башкаруу ачкычтарында жана кол иштеткилерде “Чыңалуу астында иштөө. Кайта күйгүзбө” тыюу салуучу плакаты илинет.
35 кВко чейинки агын өткөрүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында “аралыктан иштөө” ыкмасы менен (обочолотуучу саптарды колдонуу менен) же ТП жана ЖТПлардын 1000 Вко чейинки агын өткөрүүчү бөлүктөрүндө тийимдик ыкма менен иштеген учурларда өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын аралыктан башкарууларынын ачкычтарында жана кол иштеткилеринде “Чыңалуу астында иштөө. Кайта күйгүзбө” плакакттарын илүү талап кылынбайт.
АЖОсу менен болгон өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттарын аралыктан башкарган учурда тыюу салуучу “Чыңалуу астында иштөө. Кайта күйгүзбө” плакаты АЧ, КАЧ, КЧ кимге тийиштүү болгон тезгемердик жана технологиялык башкарууда турган АЖОдо, ошондой эле энергетика курулмасынын ыкчам ишкерсанынын АЖОсундагы түзмөктө электр берүү чубалгысына чыңалуу берүүчү өчүргүчтүн белгисинин жанында чагылдырылышы керек.
166. Буйрутма менен жумуштарды аткарган учурда плакаттарды илүү жана чечүү АЧ, КАЧ, КЧ же жабдуу кимдерге тийиштүү болгон тезгемердик же технологиялык башкаруусунда турган тезгемердин же ыкчам ишкерсандын буйругу менен жүргүзүлөт. Плакаттарды чечүүгө буйрук берээрдин алдында тезгемердик же кезметтик ишкерсан төмөндө турган ыкчам ишкерсандан жумуш ордун даярдоочу жана жумушка кирүүгө уруксат берүүчү же ишке киргизүүчү, жооптуу иш башкаруучу жана иш жүргүзүүчүлөрдөн жумуштардын бүткөндүгү жана жумуш ордуларынан баардык ишкертоптор чыгарылгандыгы жөнүндө далилдөөлөрдү алышы керек. Жумуш орундарын даярдоодо орнотулган плакаттарды жана тосмолорду жумуш аяктаганга чейин алып салууга же бир жерден башка жерге которууга тыюу салынат, иштаккагаздын “Өзүнчө көрсөтмөлөр” сабында айтылгандардан тышкары учурларда.
§ 20. Чыңалуу жок экенин текшерүү
167. Чыңалуунун жоктугун чыңалуу көрсөткүчү менен текшерүү керек, анын иштөө жөндөмдүүлүгүн колдонуудан мурда ушул максат үчүн арналган атайын түзүлүштөрдү колдонуу менен же алдын ала чыңалуу астында турган жана жакын жайгашкан ток өткөрүүчү бөлүктөргө жакындатуу менен текшерүү керек.
1000 В жогорку электр орнотмолорунда чыңалуу көрсөткүчүн агын өткөзбөөчү колкаптар менен колдонуу зарыл.
Заводдук аткарылыштагы жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө (анын ичинде элегаз менен толтурулгандар) чыңалуунун жоктугун текшеруу ичтерине камтылып орнотулган турактуу чыңалуу көрсөткүчтү колдонуу менен жүргүзүлөт.
35 кВ жана андан жогорку электр орнотмолордо чыңалуунун жоктугун текшерүү үчүн агын өткөрүүчү бөлүктөргө бир нече жолу тийүү менен калкамасап колдонсо болот. Чыңалуунун жоктугунун белгиси катары учкундоонун жана чытыроонун жоктугу болуп саналат. 500 кВ дон жогорку аба чубалгыларында чыңалуу жоктугунун жетиштүү белгиси катары таажылануунун жоктугу болуп саналат.
АЖОсу менен болгон өчүрүп-күйгүзүү аппараттарын жана жердетүүчү бычактарды аралыктан башкарууда жердетүүчү бычактарды кошуунун алдында жүргүзүүчү чыңалуунун жоктугун текшерүүнү АЖОнун мониторунда чагылдырылуучу түзмөктү салыштырып текшерүү менен жүргүзүүгө болот, электроэнергетиканын курулмасынын технологиялык иш жүрүштөрүнүн АЖОсу жана АБТлары тарабынан ишке ашырылуучу.
168. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунда чыңалуунун жоктугун, 1000 В жогорку электр орнотмолорунда IV- топтогу, 1000 В чейинки электр орнотмолорунда III- топтогу кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан бир жумушчуга текшерүүгө уруксат берилет.
Аба чубалгыларында эки жумушчу чыңалуунун жоктугун текшерүүгө тийиш: 1000 В жогору аба чубалгыларында – IV- жана III- топтордогу, 1000 В чейин - III топтору барлар.
169. Чыңалуунун жоктугун, түзмөктү турган ордунда тактап текшерүү менен ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө (АБТ), тышкы жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө (ТЖБТ), жана тышка орнотулуучу жыйнакталган трансформатордук көмөкчордондордо(ЖТК -КТП), ошондой эле аба чубалгыларында туманда, жамгыр, кар жааганда, атайын чыңалуу көрсөткүчтөрү жок болгон учурларда, 500 кВ чыналуусундагы АБТда жана 500 кВ чыңалуусундагы эки чынжырлуу АЧларда текшерүүгө жол берилет.
Түзмөктү турган ордунда тактап текшерүүдө аба жана кабель чубалгыларынын кириштеринде чыңалуунун жоктугун шууту башкаруусунда турган кезметчи тарабынан ырасталат.
Аба чубалгыларында түзмөктү турган ордунда тактап текшерүү чубалгылардын багытын жана тышкы белгилерин, ошондой эле чубалгылардын диспетчердик аталыштарына дал келүүгө тийиш болгон түркүктөрдөгү белгилерди текшерүүдөн турат.
170. 6-20 кВ аба чубалгыларында жыгачтан же темир-куйматаш түркүктөрдөн, ошондой эле телескоптук мунарадан аткарылган чыңалуунун жоктугун текшерүүдө сыйымдуулуктун агынынын агып отүшүнүн ынанымдарына негизделген көрсөткүчтүн керектүү сезгичтигин камсыз кылууга тийиш. Бул үчүн анын жумушчу бөлүгү жерге туташтырылышы керек.
171. Аба чубалгыларында ар кандай деңгээлдеги зымдарды илип жатканда көрсөткүч же кошоорсап менен чыңалуунун жоктугун текшерүү, жердеткичти орнотуу ылдыйкы зымдан баштап ылдыйдан өйдө карай жүргузүлөт. Зымдар туурасынан илингенде текшерүү эң жакынкы зымдан башталышы керек.
172. Ортому (нейтралы) жерге туташтырылган 1000 В чейинки электр орнотмолорунда эки уюлдук чыналуу көрсөткүчүн колдонгондо фазалардын ортосунда да, ар бир фаза менен жерге туташтырылган жабдуулардын тулкусунун же жерге туташтыруучу (нөлдөштүрүүчү) өткөргүчтүн ортосунда да чыңалуунун жоктугун текшерүү керек. Алдын ала текшерилген вольтметрди колдонууга жол берилет. "Контролдук" лампаларды колдонууга тыюу салынат.
173. Аспаптардын өчүрүлгөн абалы боюнча белги берүүчү түзүлүштөр, бөгөттөөчү түзүлүштөр, туруктуу кошулган вольтметрлер ж. б. чыңалуунун жоктугун ырастоочу кошумча каражат болуп саналат жана алардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде чыңалуунун жоктугу жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүн эмес.
§ 21. Жерге туташтыруу. Жалпы талаптар
174. Чыңалуунун жоктугун текшергенден кийин дароо агын өткөрүүчү бөлүктөрдү жерге туташтыруу керек.
175. Көчмө жердетмени адегенде жердетүүчү түзүлүшкө кошуу керек, андан кийин чыңалуунун жоктугун текшергенден кийин, агын өткөрүүчү бөлүктөргө орнотулат.
Жердетмелерди орнотуу түзмөктөрү 6-тиркемеде келтирилген.
Көчмө жердетмени тескери тартипте чечүү керек: адегенде аны агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн чечип, андан кийин жерге туташтыруучу түзүлүшүнөн ажыратуу керек.
176. 1000 В жогорку электр орнотмолорунда көчмө жердетмелерди орнотуу жана чечуу капталмасап колдонуу менен агын өткөзбөөчү колкап кийилип жүргүзүлүшү керек. Көчмө жердетмелердин кыскычтарын ошол эле кошмосап менен же түздөн-түз кол менен агын өткөзбөөчү колкап кийип бекитүү керек.
177. 257-орунбелгиде көрсөтүлгөндөн башка учурларда, жерге туташтыруу үчүн бул максатка арналбаган өткөргүчтөрдү колдонууга тыюу салынат.
§ 22. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жердетмелерди орнотуу
178. 1000 В жогорку электр орнотмолордо иштөө үчүн өчүрүлгөн бөлүктүн баардык фазаларынын (уюлдарынын) агын өткөргүч бөлүктөрү чыңалуу берилиши мүмкүн болгон баардык тараптан жердештирилиши керек, иш жүргүзүү үчүн бир эле жердетме орнотуу жетиштүү болгон өчүрүлгөн жыйнактоочу өтмөктөрдү кошпогондо (6-тиркеме).
Өчүрүлгөн чубалгылык ажыраткычта иштөө учурунда, жердеткич бычактарынын бар экендигине карабастан, ажыраткычты ар кандай кыймыл аракетке келтирип иштөөдө бузулбай турган, аба чубалгысынан түшүүчү зымдарда кошумча жердетме орнотулушу керек,.
179. Жерге туташтырылган агын өткөрүүчү бөлүктөрдү чыңалуу астында турган бөлүктөн көрүнөө ажырым менен бөлүп коюу керек, ажырымды түзүлүштүк аткарылышы боюнча карап көрүп аныктоо мүмкүнчүлүгү болбогон учурлардан башкасы (дөңгөлөтүп чыгарылма бөлүктөрү менен болгон жана ЭЖБТларда).
Орнотулган жердетмелер түздөн-түз иш жүргүзүлүп жаткан агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн өчүрүлгөн өчүргүчтөр, ажыраткычтар, бөлгүчтөр же жүктөм өчүргүчтөрү, чечилип алынган сактагычтар, өтмөктөр же зымдарды чечип ажыратуу менен агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн бөлүнүшү мүмкүн.
Түздөн-түз жумуш ордунда, агын өткөрүүчү бөлүктөргө, бул бөлүктөр илептик чыңалуу (потенциал) астында болуп калуусу мүмкүн болгон учурларда, кошумча жердетмелер орнотулушу керек.
180. Көчмө жердетмелер агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн сырлардан тазаланган жерлерине туташтырылууга тийиш.
181. 1000 В чейинки электр орнотмолордун бөлүштүргүч түзүлүштөрүнүн жыйнактоочу өтмөктөрүндө, калканчыктарында, жыйнактарында иштеген учурларда өтмөктөрдөгү чыңалуу алып салынышы керек жана өтмөктөр (капталмаланган зым менен жасалган өтмөктөрдү кошпогондо) жерге туташтырылышы керек. Бул бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн, калканчыктардын, жыйнактардын жана аларга кошулган жабдуулардын кошулмаларын жерге туташтыруунун зарылчылыгын жана мүмкүнчүлүгүн иштаккагаз, буйрутма берүүчү аныктайт.
182. Жумуш ордун даярдоодо орнотулган жердетмени убактылуу алып салууга жол берилет, эгерде мындайды аткарылуучу иштин мүнөзү талап кылса (капталманын каршылыгын өлчөө ж.б.) Жердетмени убактылуу алып салууну жана кайра орнотууну кезметчи, ыкчам-оңдоочу ишкерсандар, же болбосо иштаккагаз берүүчүнүн көрсөтмөсү менен иш жүргүзүүчү аткарышат.
Жерге туташтырууну убактылуу алып салууга, ошондой эле бул кыймыл-аракеттерди (иш жүрүштөрдү) ишке ашыруу үчүн уруксат берүү, иш жүргүзүүчү тарабынан, иштаккагаздын "Өзүнчө көрсөтмөлөр" сабына киргизилет, кайсы жерде жана кандай максатта жердетме алып салынышы керектиги жөнүндө жазуу менен.
183. Түзүлүштөрү боюнча жерге туташтыруу коркунучтуу же мүмкүн эмес болгон электр орнотмолорунда (мисалы, айрым бөлүштүрүүчү кутуларда, айрым түрдөгү жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө, фазалары вертикалдуу жайгашкан жыйнактарда) жумуш ордун даярдоодо жердетме койбой эле, ажыраткычтардын бычактарына ток өткөрбөс капкактарды кийгизүүгө же өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдүн тийимдеринин ортосуна капталмалоочу кыстармаларды орнотууга же зымдарды, каптамазымдарды жана өтмөктөрдү ажыратууга жол берилет. Мындай электрорнотмолорунун тизмеси энергоишкананын (же туунду ишканасынын) башчысы менен бекитилип жана аларды тейлөөчү ишкерсандар менен тааныштырылышы керек.
184. 1000 В чейинки электр орнотмолорунда жерге туташтыруу жана алып салуу боюнча иш аракеттерди кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан III- топтогу бир жумушчуга аткарууга уруксат берилет.
185. 1000 В жогорку электр орнотмолорунда:
1) көчмө жердетмени эки жумушчу орнотууга тийиш: бири IV- топтогу (кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан), экинчиси III- топтогу; III- топтогу кызматкер оңдоочу ишкерсандан, ал эми керектөөчүлөрдүн кошулмаларын жерге туташтырууда - керектөөчүлөрдүн ишкерсанынан болушу мүмкүн. Алыскы көмөкчордондордо административдик-техникалык ишкерсандын же тезгемердин уруксаты менен негизги түзмөктө жердетмени орнотууда керектөөчүлөрдүн ишкерсанынан III- топтогу экинчи адамга иштөогө уруксат берилет;
2) жерге туташтыруучу бычактарды кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан IV- тайпадагы бир жумушчу күйгүзө алат;
3) кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан III- топтогу бир адам жерге туташтыруучу бычактарды ажырата жана көчмө жердетмени чече алат.
§ 23. Аба чубалгыларында жердетмени орнотуу
186. Өчүрүлгөн чубалгыда, 1000 В жогорку аба чубалгылары баардык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жана экара өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдө жерге туташтырылууга тийиш.
Уруксат берилген:
- 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар тарамдары менен, ушул тарамдарга кошулган көмөкчордондордо, эгерде аба чубалгысы эки тараптан жердештирилсе, ал эми бул көмөкчордондордо өчүрүлгөн чубалгылык ажыраткычтардан кийин жердеткичтер орнотулган болсо, жерге туташтыруу жүргүзүлбөйт (6-тиркеме, 6-сүрөт).
- 6-20 кВ аба чубалгылары бир бөлүштүрүүчү түзүлүштө же бир экара түзүлүшүндө же болбосо бөлүштүрүүчү түзүлүшкө же экара түзүлүшкө эң жакын түркүктө гана жерге туташтырылышы керек. Ушул чыңалуудагы башка бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндө жана аба чубалгысы өчүрүлгөн экара түзүлүштөрдө, жумуш орду менен ушул бөлүштүрүүчү түзүлүштүн же экара түзүлүштөрдүн ортосунда аба чубалгысында жерге туташтыруу орнотулган шартта, аны жерге туташтырбоого жол берилет. Аба чубалгыларында көрсөтүлгөн жердетмелер жерге туташтыруучу түзүлүштөрү бар түркүктөргө орнотулушу керек (6-тиркеме, 7-сүрөт).
187. 1000 В чейинки аба чубалгыларында, жумуш ордунда гана жердетме орнотуу жетиштүү. 186-орунбелгиде көрсөтүлгөн жердетмелерден тышкары, ар бир ишкертоптун жумуш ордунда баардык фазалардын зымдары, зарыл болгон учурда чагылгандан коргоочу зымаркандары жерге туташтырылууга тийиш.
188. Жандыруучу темир чыгырыктарга түрүлүп турган же кармап туруучу кыскычтарда жаткан зымдар үчүн бул чыгырыктардын кутуларын же кычкачтарды жерге туташтыруу жетиштүү. Чыгырыктын капасчасы же кыскычы менен темир түркүктүн түзүлүшүнүн ортосундагы, ошондой эле темир-бетон түркүктүн жердештирилген арматурасынын ортолорундагы табигый темир тийинди болгон учурда чыгырыкты же кыскычты кошумча жерге туташтырүү талап кылынбайт.
189. Зымдарды омоктук кермарада орнотууда, ошондой эле аба чубалгысынын курулган бөлүгүнүн омок түркүгүндө илмектерди туташтыргандан кийин зымдарды (зымаркандарын) баштапкы омок түркүгүндө жана акыркы аралык түркүктөрдүн биринде жерге туташтыруу керек.
190. Чагылгандын дүрмөт кайтуусунан жана башка ашыкча чыңалуулардан аба чубалгысынын даяр бөлүгүнөн чыңалуунун кийинки, курулуп жаткан бөлүгүнө өтүшүн болтурбоо үчүн, орнотулган омоктук аралыктын акыркы омоктук түркүгүндөгү зымдарды (зымарканды) жерге туташтырууга тыюу салынат.
191. Ажыратылган зымдары бар аба чубалгыларында ар бир фазада бирден гана зымды жерге туташтырууга жол берилет; калкамаланган кергичтери бар учурда фазанын баардык зымдары жерге туташтырылышы керек.
192. Бир чынжырлуу аба чубалгыларында жумуш ордунда жерге туташтыруу иш жүргүзүлүп жаткан түркүктө же коңшусуна орнотулушу керек. Ишкертоп иштеген аба чубалгысынын бөлүгүнүн эки тарабында, жердетмелердин ортосундагы аралык 2 км ден ашпаган шартта, жерге туташтырууга жол берилет.
193. Түркүктөн калкамаланган чагылгандан коргоочу зымарканда же түркүктүн түзүлүштөрүндө иштегенде, бул зымарканга 1 м ден аз аралыкка жакындоо талап кылынганда, зымаркан жерге туташтырылышы керек. Жерге туташтыруу зымаркан калкамаланган аралыкка карай же ушул аралыкка орнотулушу керек.
Эгерде бул зым арканда муз эритүү каралган болсо, анда иш баштоонун алдында зым аркан ажыратылып жана ага чыңалуу бериле турган жактардан жерге туташтыруу керек.
194. Көчмө жердетмелерди: темир түркүктөрдө - алардын бөлүктөрүнө, жердетүүчү түшмөлөрү бар темир-куйматаш жана жыгач түркүктөрдө - алардын бүтүндүгүн текшергенден кийин бул түшмөлөргө, туташтыруу керек. Жерге туташтыруучу түшмөлөрү жок темир-куйматаш түркүктөрүндө жерге туташтыруу тууратартмаларга (траверстерге) жана түркүктүн жердетүүчү түзулүш менен тийимдери болгон башка темир бөлуктөрүнө туташтырылышы мүмкүн.
1000 В чейинки нейтралы (ортому) жердештирилген электр тармактарында нөлдүк зымдын кайталанган жерге туташтыруулары болсо, бул зымга көчмө жердетме орнотууга жол берилет.
Жерге туташтыруучу өткөргүчтөрдүн же түзүлүштөрдүн көчмө жердетмелер кошулуучу жерлери сылардан тазаланууга тийиш.
Жумуш ордунда көчмө жердетмелер тик жерге 0,5 м ден кем эмес тереңдикке кагып киргизилүүчү жердеткичке туташтырылышы мүмкүн. Туш келди үйүлгөн бош топурактарга жердеткичтерди орнотууга тыюу салынат.
195. 1000 В чейинки аба чубалгыларында, иш түркүктөн же калкамалоочу бөлүгү жок телескопиялык мунарадан аткарылганда, жердештирүү оңдоо жүргүзүлүп жаткан чубалгынын зымдарына да, ошондой эле бул түркүктөргө илинген баардык зымдарга да, анын ичинде радиоберүү жана телемеханика чубалгыларынын капталмаланган зымдарына да орнотулушу керек.
Башка АЧлар менен кайчылашып өткөн аралыктарда, көп чынжырлуу АЧынын өчүрүлгөн чынжырында, илептик чыңалуу астындагы АЧларда иштеген учурларда АЧларга жердетме орнотууга болгон талаптар бул Эрежелердин тийиштүү бөлүмдөрүндө каралган.
196. Оңдоого өткөзүп берүү үчүн өчүрүлгөн аба чубалгыларында көчмө жердетмелерди орнотуп, андан кийин алып салуу жана түркүктөрдөгү жерге туташтыруучу бычактарды күйгүзүү кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын жумушчулары тарабынан жүргүзүлүшү керек: бирөө IV- топтогу (1000 В жогорку аба чубалгыларында) же III- топтогу (1000 В чейин), экинчиси – III- топ менен. Экинчи адам катары – III- топтогу оңдоочу ишкерсандан, же керектөөчүнү камсыздоочу чубалгыда- керектөөчүнүн ишкерсанынан пайдаланууга уруксат берилет.
III- топтогу кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан бир жумушчуга жерге туташтыруучу бычактарды өчүрүүгө уруксат берилет.
Аба чубалгыларындагы жумуш ордуна көчмө жердетмени орнотууну иш жүргүзүүчү III- топтогу ишкертоп мүчөсү менен аткаруусу мүмкүн. Ал эми бул көчмө жердетмени алып салуу III- топтогу ишкертоптун эки мүчөсү иш жүргүзүүчүнүн буйрутмасы менен аткарылышы мүмкүн.
197. Аба чубалгысында чыңалуунун жоктугун текшерүүдө, жердетмени орнотуу жана чечүү учурларында жумушчылардын бири жерде болуп экинчисине көзөмөл жүргүзүүсү керек.
8-бөлүм. АБТ жана аба чубалгыларында электр талаасынын таасиринин алдындагы иштер
198. Ачык бөлүштүргүч түзүлүштөрүндө (АБТда) жана 500 кВ жана андан жогору аба чубалгыларында электр талаасынын таасири бар аймакта иштөөдө СН КР 12-01:2018 үлгүченинин жана Кыргыз Республикасынын “Өндүрүштөгү коркунучтуу курулмалардын өнөр жай коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамынын, СанПиН 2.2.4.3359-16 “Жумуш ордуларындагы физикалык тийиндилерине (факторлоруна) болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптары” үлгүчендеринин жана Кыргыз Республикасынын “Электр коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентинин (КРдин 2012ж. № 359- жана 2015- жылдагы № 15- токтомдорунун) талаптарына ылайык иштеп жаткандарды, адамдын организмине терс таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон жана жердетилген же жерден обочолонгон электр өткөрүүчү курулмаларга тийген кезде электрдик дүрмөтсүздөндүрүүлөрдүн пайда болууларына алып келүүчү биологиялык жактан жандандырылган электрдик жана магниттик талаалардан коргоого камсыз болуулары керек (чыңалуунун жол берилген маанисинен ашкан, б.а. 25 кВ/мден ашкан) бул аймактарда адамдын иштөө убактысын чектөө менен.
199. Электр талаасынын күчү 5 кВ/м чейин болгон жерде, анда болуу убактысы чектелбейт. 20дан 25 кВ/м жогору болгон чыңалууда ал жерде болуу убактысы 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. Чыңалуу деңгээли 25 кВ/м жогору болгон электромагниттик талааларында жеке коргоо каражаттарын колдонуусуз болууга уруксат берилбейт. Бул учурда жумуштун узактыгы бир жумуш күнү менен чектелет.
Электр талаасындагы чыңалуу 5тен 20 кВ/мге чейин (чыңалуунун белгилүү бир деңгээли үчүн) электр талаасында болуунун жол берилген убактысы T,ч, T=50/E-2 туюнтмасы менен эсептелет, мында E – көзөмөлгө алынуучу аймакка таасир этүүчү электр чыңалуулугу, кВ/м.
Чыналуусу 10 кВ/м болгон берилген туюнтма боюнча эсептелген электр талаасында болуу убактысы 180 мин, ал эми чыңалуу 15 кВ/м болсо – 80 мин.
Бул орунбелгинин талаптары ишкерсандарга электрдик дүрмөт кайтуунун (разряддын) таасиринен чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган шартта жарактуу.
200. Электр талаасында болууга жол берилген убактысы жумуш күнүнүн ичинде биротоло бир жолу, же иш убактысын бөлүп-бөлүп иштөө менен ишке ашырылышы мүмкүн. Калган жумуш убактысында коргоочу шаймандарды колдонуу керек, же 5 кВ/м ге чейинки чыңалуудагы электр талаасында болуу керек.
Магниттик талаанын жол берилген чыңалуусу (Н) же индукциясы (В) жалпы шарттар үчүн (баардык денеге) жана жергиликтүү (аяктарга) таасир көрсөтүүлөрү магниттик талаада болуунун узактыгына жараша 3-санирээткинин негизинде аныкталат:
3- санирээтки Электромагниттик талаалардын жол берилген чыңалуулары
Талаада болуу убактылары (саат) | Электромагниттик талаалардын таасир тийгизген учурлардагы жол берилген чыңалуу деңгээлдери Н (А/м)/В (мкТл) | |
Жалпы (адамдын толук денесине тийгизүүчү) | жергиликтүү (адамдын аяктарына тийгизүүчү) | |
≤ 1 | 1600/2000 | 6400/8000 |
2 | 800/1000 | 3200/4000 |
4 | 400/500 | 1600/2000 |
8 | 80/100 | 800/1000 |
Көрсөтүлгөн убакыттардын аралыктарынын ичинде магниттик талаанын жол берилген деңгээлдери интерполяция жолу менен аныкталат.
Магниттик талаанын булактарынан жумуш ордуларын жана жумушчулардын жүрө турган жолдорун жогорудагы санирээткинин талаптарынын аткарылышы камсыз боло турган аралыктарда жайгаштыруу керек.
Магниттик талаалардын деңгээлдери 80 А/м ден жогору болгон жана чыңалуусу 5 кВ/м ден жогору болгон электрдик талаалары менен болгон электр орнотмолорунун аймактары эскертүүчү жазуулар жана белгилер менен белгиленип коюулушу керек. Жумушчулардын кыска мөөнөттө болууга да жол берилбеген магниттик жана электрдик талааларынын деңгээлдери чектелип жол берилген маанилерден жогору болгон электр орнотмолордун (ЭО) аймактары корулуп коюулууга тийиш. Электрдик жана магниттик талаалардын чыңалууларынын карталары электр орнотмолорду тейлөөчү ыкчам ишкерсандардын жумуш орундарында болуш керек.
201. Электр талаасынын чыңалуусу, ошондой эле таасир этүүчү жана тосмолонуучу аймактарынын чек аралары өлчөөлөрдүн натыйжалары боюнча аныкталат. Бардык учурларда, бузулбаган электр талаасынын чыңалуусун адам жумуш аткаруу иш жүрүшундө (жаңыларды иштетип пайдаланууга кабыл алууда, иштөөдө тургандар кеңейтилип жана кайра жаңылап курууда, оңдоочулук- иштетип пайдалануучулук жумуштарды аткарууда, жумуш орундарына бара жаткан маршруттарда, ЭОго жакын жайгашкан ишкерсан туруктуу жана убактылуу тура турган бөлмөлөрдү жабдуу, жумуш орундарын эмгек шарттары боюнча баалоо) боло турган бүткүл аймак боюнча өлчөө (көзөмөлдөө) керек.
Жабдууларга жана түзүлүштөргө көтөрүлүүсүз иштөөдө төмөндөгүдөй өлчөөлөр жүргүзүлүшү керек:
1) коргоо каражаттары жок болгон учурда - жер бетинен, каптамазымдык арыкчалардын(лотоктордун) жалпак такталарынан, жабдууну тейлөө аянтчаларынан же бөлмөнүн жер таманынан- 1,8 м бийиктикте;
2) жамааттык коргонуу каражаттарын колдонуу учурунда - жер бетинен 0,5; 1,0 жана 1,8 м бийиктикте.
Түзүлүштөргө же жабдууларга көтөрүлүү менен жумуштарды аткарууда (коргоочу каражаттардын болушуна карабастан) өлчөөлөр жумуш орду жайгашкан аянтчада жерден 0,5; 1,0 жана 1,8 м бийиктикте жана жабдуулардын жердештирилген бөлүктөрүнөн 0,5 м аралыкта жүргүзүлүшү керек.
202. Көзөмөлгө алынган аймакта болуу убактысы чыңалуунун өлчөлгөн эң жогорку маанисине жараша белгиленет, б.а. бул аймактарда жумуштарды аткаруунун жалпы убактысы эң чоң чыңалуусу бар аймак үчүн жол берилген чектен ашпашы керек.
203. ЭМТлардан коргоо каражаттары катары санитардык ченемдердин, техникалык регламенттердин жана улуттук (мамлекет аралык) үлгүчендердин талаптарына туура келген калкандоо үчүн болгон технологияларды пайдалануу менен даярдалган төмөнкү жамааттык жана жеке коргоо каражаттары колдонулат: АБТларда- турактуу, көчмө жана жылдырылуучу тоскуч түзүлүштөрүн; машиналарга жана механизмдерге орнотулган чечилме тоскуч түзүлүштөрү; АЧларда – жеке тоскуч топтомдору. Электр талааларынын таасир берүүчү аймактарындагы коопсуздук чаралары жана ченемдери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 2 июнундагы № 359 токтому менен (жана 2015- жылдын 20- январындагы № 15- Токтомунун редакциясында) бекитилген “Электр коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентине туура келиши керек
Машиналардын, механизмдердин, көчмө устаканалардын жана лабараториялардын жердештирилген чанагында (кузовунда), кабиналарында, ошондой эле темир-куйматаш имараттарында, чатырлары темир-куйматаштан болгон темир керегелүү, же жердештирилген темир чатыры бар бышырылган кыш менен тургузулган имараттарда электр талаасы жок жана коргоо каражаттарын колдонуу талап кылынбайт.
204. Көтөрмө жана жылдырылма тоскуч түзүлүштөр, алар орнотулган жерде жерге туташтыруучу түзүлүшкө же жерге туташтыруучу түзүлүшкө кошулуусу бар темир түзүлүштөргө кесилиши 10 мм2 дан кем эмес ийкемдүү жез өткөргүч зымы менен туташтырылып жердештирилиши керек.
Чечилме тоскуч түзүлүштөр алар орнотулган машиналарга жана механизмдерге гальваникалык түрдө туташтырылууга тийиш. Машиналар жана механизмдер жердештирилген учурда чечилме тоскуч түзүлүштөрдү кошумча жерге туташтыруу талап кылынбайт.
Жеке колдонулуучу жыйнактуу тоскучтарды жердештирүү агын өткөрүүчү таманы бар атайын бут кийимдерди колдонуу менен ишке ашырылат. Капталмалоочу түпкүрлөрдө (сырдалган темир, зым чыны, жыгач төшөлмөлөру ж.б.) туруп иштөө учурунда, же корголбогон кол менен жердештирилген түзүлүштөргө тийүү менен байланышкан (мээлейди же кол капты чечип) иштерди аткаруу учурларында коргоочу тоскуч кийимди атайын ийкемдүү кесилиши 10 мм2 болгон өткөргүч зым менен жерге туташтырылган түзүлүшкө же жерге туташтыруучу түзүлүшкө туташтыруу менен кошумча жердештирилиши керек.
205. 1000 Вко чейинкки чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө тийүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган жумуштарда, ошондой эле жабдууларды сыноодо (жогорку чыңалуудагы сыноолорду түздөн-түз жүргүзгөн адамдар үчүн) жана электр менен ширетүү иштеринде коргоочу тоскуч толуктамаларды колдонууга тыюу салынат. Мындай учурларда жумушчуларды коргоо тоскуч түзүлүштөрүн колдонуу менен ишке ашырылууга тийиш.
206. Өчүрүлгөн агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн аймактарында иштегенде, илептик чыңалууну алып салуу үчүн, аларды жерге туташтыруу керек. Ажыратылган, бирок жерге туташтырылбаган ток өткөрүүчү бөлүктөргө коргоо каражаттары жок тийүүгө тыюу салынат. Жерден обочолонушу мүмкүн болгон оңдоочу жабдыктар жана ыкташтырмалар да жерге туташтырылышы керек.
207. Электр талаасынын таасиринин аймагында турган аба шыкалма дөңгөлөктүү машиналар жана механизмдер жерге туташтырылууга тийиш. Аларды бул аймакта жылдырууда илептик чыңалууну алып салуу үчүн шассиге же чанагына (кузовко) туташтырылган жана жерге тийип турган темир чынжыр колдонулушу керек.
208. Электр талаасынын таасир этүүчү аймагында күйүүчү жана майлоочу материалдар менен машиналар жана механизмдерге май куюуга тыюу салынат.
209. Электр талаасынын таасир этүүчү аймагында жайгашкан жабдууларга жана курулмаларга чыгуу учурунда электр талаасынын чыңалуусүна жана андагы иштөө убактысынын узактыгына карабастан коргоо каражаттары колдонулууга тийиш. Телескоптук мунара же гидравликалык көтөргүч менен көтөрүлүүдө алардын себеттери (бешиктери) тоскуч менен жабдылууга же тоскуч толуктамаларын колдонууга тийиш.
210. Адамдын корголуучу аймакта, ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн ичинде болгон учурларда, ошондой эле газ релесине жана күчтүк трансформаторго май деңгээлинин релесине тепкич менен чыкканда электр талаасынын таасиринен коргоо каражаттары колдонулбашы мүмкүн.
211. Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү кыдырып кароодо жана жумуш орундарына барууда ишкерсан ушул максатта иштелип чыккан жол каттамдары боюнча жүрүшү керек.
Электрдик жана магниттик талаалардын таасир берүучү аймактарында иштөөдөгү кошумча коопсуздук чаралары иштаккагаздын “Өзүнчө көрсөтмөлөр” сабында чагылдырылышы керек.
9-бөлүм. Мамычалык (түркүктүк) трансформатордук көмөкчордондор жана жыйнакталган трансформатордук көмөкчордондор
212. 1000В жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын ажыратпастан, мамычалуу жана түркүктүк трансформатордук көмөкчордондордун (мындан ары - МТК) жана жыйнакталган (комплектүү) трансформатордук көмөкчордондордун (мындан ары - ЖТК) жабдыктарында иштөөдө чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки 1-санирээткиде көрсөтүлгөн аралыктарды сактоо менен гана аянтчада туруп текшерүүлөрдү (кароолорду), оңдоолордү жана техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилет. Эгерде бул аралыктар жол берилгенден аз болсо, анда жумуш 1000 В жогорку чыңалуудагы агын өткөрүүчү бөлүктөрдү өчүрүп жана жерге туташтыруу менен жүргүзүлөт.
213. Мамычалуу трансформатордук көмөкчордондорунда жана киоск түрүндөгү ЖТКларда чубалгыда чыңалуунун бар же жок экендигине карабастан, адегенде 1000В чейинки чыңалуудагы өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү, андан кийин 1000 В жогорку чыңалуудагы чубалгылык ажыраткычты өчүргөндөн жана көмөкчордондун агын өткөрүүчү бөлүктөрүнө жердетме коюлгандан кийин гана ишке киргизүү жүргүзүлөт. Эгерде 380/220Втогу чубалгыга карама-каршы жактан чыңалуунун берилиши мүмкүн болсо, анда бул чыңалуудагы чубалгылар да карама-каршы жактан өчүрүлүшү керек, алардын катаалыктан же өзүнөн-өзү күйүп кетүүсүнө каршы чаралар көрүлүүгө тийиш, ал эми көмөкчордондо бул чубалгылар өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптарга чейин жерге туташтырылууга тийиш.
214. Мамычалык трансформатордук көмөкчордондорунда (МТК), которуштуруучу жерлерде жана тосмолору жок башка түзүлүштөрдө, ажыраткычтардын, жүктөмдүк өчүргүчтөрдүн иштеткилери (жетектери), 1000 В жогорку чыңалуудагы үкөктөр жана 1000 В чейинки чыңалуудагы калканчыктар кулпуланышы керек.
215. Тейлөө аянтчасындагы туруктуу тепкичтер ажыраткычтар менен кошо бөгөттөлүп, кулпуланышы керек.
10-бөлүм. Күчтүк трансформаторлор, май толтурулган бутактаган сагактуу жана жалын өчүрүүчү реакторлор
216. Күчтүк трансформаторлор (мындан ары - трансформаторлор), май толтурулган бутактаган сагактуу жана жалын өчүрүүчү реакторлорду (мындан ары - реакторлор) кароолор түздөн-түз жерден же агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки 1-санирээткиде көрсөтүлгөн аралыктарды сактоо менен, кармагычтары бар турактуу тепкичтерден жүргүзүлүүгө тийиш..
Реакторлорду күйгүзүү жана өчүрүү керектүү болгон жеке коргоо каражаттарын (агын өткөрбөгөн кол каптар, ботылар жана гөлөчтөр, резина килемчелери, каптамалоочу саптар жана кычкачтар) колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Реакторлор ишке киргизилгенде адегенде күчтүк трансформаторлор, андан кийин ажыраткыч аркылуу реактор иштетилет, ал эми реакторлор иштен чыгарылганда операциялар тескери тартипте аткарылат.
Электр тармагында жерге туташуу пайда болгон учурда реакторлорду иштетүүгө же өчүрүүгө тыюу салынат.
Ордун толуктоочу агынды тепкичтүү жөнгө салуусу менен болгон реактордогу бутактарды которуу ал өчүрүлүп, техникалык жана уюштуруу иш-чараларын аткаргандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Реактордун жерге туташуудагы сыйымдуулук агынын толуктоо тартибинде иштеген учурда, ага агын өткөрбөс өтүк колдонбостон 8 м ден жакын аралыкка жакындоого тыюу салынат.
217. Иштеп жаткан оодаргычтын (реактордун) газ релесинин белги берүүгө иштелип кеткенден кийин газ релесин текшерүү жана газды алуу, жүктөлүш алынып салынгандан жана трансформатор (реактор) өчүрүлгөндөн кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Иштеп жаткан күчтук трансформаторлорунун челегинин капкагына чыгууга, ошондой эле чыңалуу астындагы жана бузулуунун ачык белгилери бар күчтүк трансформаторго жакындоого тыюу салынат.
218. Трансформатордун (реактордун) иштиктүү бөлүгүнүн челегинен чыгарууга же коңгуроону көтөрүүгө байланыштуу иштер жергиликтүү шарттар үчүн атайын иштелип чыккан жумуштарды жүргүзүү долбоору (ЖЖД) боюнча жүргүзүлөт.
219. Трансформатордун (реактордун) челегинин ичиндеги жумуштарды аткарууга, иштиктүү бөлүгүндөгү иштерди аткарууда жана кароодо, жыгылууну жана жаракат алууну болтурбоочу кыймылдын жолдорун жакшы билген атайын даярдалган жумушчулар жана адистер гана укуктуу. Иштегендердин жумушчу кийимдери таза жана кыймылга ыңгайлуу, темир бекиткичтери жок болушу керек, денени ысып кетүүдөн жана майдын булгануусунан коргоого тийиш. Трансформатордун (реактордун) ичинде коргоочу каска жана кол капчан иштөө керек. Бут кийим катары резина өтүктөр колдонулушу керек.
220. Трансформатордун ичине кирүүдөн мурда азот же башка газдар челектен толук чыгарылгандыгы, ошондой эле челектеги абанын кычкылтектүүлүгү 20% кем эмес жетиштүү желдетилгендиги боюнча толук ишенич болушу керек.
Жумуштар иштаккагаз менен үч жумушчу тарабынан жүргүзүлөт, алардын экөө камсыздандыруучу болот. Алар текшерүүчү тешикте же ал жок болсо, алгач орнотулуучу тешиктин жанында трансформатордун ичинде иштеген жумушчунун коопсуздук курунун арканын кармап туруу менен жайгаштырылып жана аны менен туруктуу байланыш сактап туруулары керек. Трансформатордун ичинде жумуш аткарып жаткан жумушчу түтүктүү противогаз менен камсыз болушу керек.
Бул иштерди аткарууда иш жүргүзүүчү IV- топко ээ болууга тийиш.
221. Трансформатордун ичинде иштеген учурда жарыктандыруу чыңалуусу 12 В тон ашпаган көчмө чырактар менен гана заводдук аткарылыштагы коргоочу тор менен же энергия топтогучтуу (аккумуляторлук) чырактар менен камсыз кылынышы керек. Мында көчмө чырактын бөлүүчү трансформатору күчтүк трансформатордун челегинин сыртына орнотулушу керек.
222. Эгерде иш учурунда челекке кургатылган аба берилсе (шүүдүрүм температурасы -40оС жогору эмес болгон), анда иштегендердин ар биринин трансформатордун ичиндеги жалпы болуу убактысы суткасына 4 сааттан ашпоого тийиш.
223. Трансформатордун майын кайра иштетип, аны кургатуу, тазалоо, газсыздандыруу боюнча иштер коргоочу кийимдерди жана бут кийимдерди колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
224. 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы трансформатордун трансформатор майын төгүү жана куюу боюнча иш жүрушүндө трансформатордун алгачтары аларда электростатикалык дүрмөттүн пайда болушуна жол бербөө үчүн жерге туташтырылууга тийиш.
11-бөлүм. Генераторлор
225. Талааны автоматтык түрдө өчүрүү (ТАӨ) түзмөгү ажыратылган, толкундоосуз айланып турган генераторду чыңалуу астында деп эсептөө керек (окту айландыруучу түзүлүштөн айланган учурду кошпогондо).
226. Генераторду сыноодо анын түзмөгүнүн бөлүктөрүндө же сапсалгынын (блоктун) түзмөгүндө, аларды жерге туташтыргандан кийин, атайын кыска туташтыргычтарды орнотууга жана алып салууга генератордун айлануусунун иш жыштыгында, дүүлүктүрүү алынып салынган жана ТАӨ түзүлүшүнөн ажыратылган учурда жол берилет.
227. Ар бир электр станциясында генератордун дүүлүктүрүү тутумунун түрүн, генератордук чыңалуунун БТсынын түзмөгүн, сапсалгынын түзмөгүн жана генератордун ортомунун түзмөгүн эске алуучу генераторду жердетүү түзмөгү бекитилген болушу керек. Баштапкы дүүлүктурүү түзмөгүнөн ротордун оромуна чыңалуунун берилиши жокко чыгарылышы керек.
Токтотулган сапсалгы генератордун түзмөгүндөгү жумуштарды аткарууда, эгерде жогорулатуучу трансформатор жогорку тараптан, ал эми өздүк керектөөлөрдүн трансформатору - төмөнкү чыңалуу тараптагы бутактоодон жерге туташтырылса, анын чыгыштарын жерге туташтыруу талап кылынбайт.
228. ТАӨ түзүлүшү өчүрүлүп айланып турган дүүлүктүрулбөгөн генератордун статордук чынжырында, калдык чыңалуунун маанисин өлчөөгө, фазалардын ырааттуулук тартибин өлчөөгө ж.б. у.с. иштерди жүргүзүүгө болот.
Бул жумуштарды атайын кызматтардын, лабораториялардын, жөнгө салуу уюмдарынын ишкерсандары кезметчи ишкерсандын көзөмөлү астында электрдик коргонуу каражаттарын колдонуу менен аткарылууга тийиш.
229. Генератордун огундагы чыңалууну жана иштеп жаткан генератордун роторунун капталмасынын каршылыгын ченөө кезметчи ишкерсандан жалгыз кызматкерге же адистештирилген бөлүмдөрдүн ишкерсандарынан IV-жана III- топтогу эки кызматкерине буйрутма боюнча аткарууга уруксат берилет.
230. Оңдоого чыгарылган генератордун роторунун тийим шакекчелерин кайроо жана жылмалоо, дүүлүктүргүчтүн бутактоочун (коллекторун) жылмалоону электрдик эмес кызматкер буйрутма боюнча жангыз аткарышы мүмкүн. Иштеп жатканда механикалык таасирлерден бетти жана көздү коргоочу каражаттарды колдонуу керек.
231. Иштеп жаткан генератордогу сүрткү аспаптарын кезметчи ишкерсандан жангыз бир адам же бул үчүн дайындалган III- топтогу кызматкер тарабынан гана тейлөөгө жол берилет. Бул учурда, төмөнкү сактык чараларын колдонуу керек:
1) коргоочу каска менен бетти жана көздү коргоочу каражаттарын пайдалануу менен, кийимин топчуланып иштөө керек, машинанын (бул жерде генератордун) айлануучу бөлүктөрүнө илинип калуудан этият болуу менен;
2) агын өткөрбөс колкаптарды колдонбостон, агын өткөрбөгөн галошторду же резинадан жасалган агын өткөрбөс килемчелерди колдонуу;
3) бир эле учурда агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн эки уюлуна же агын өткөрүүчү жана жерге туташтырылган бөлүктөрүнө кол менен тийбөө.
12-бөлүм. Генераторлордун суутектуу муздатуусунун газмайлуу
тутуму, электролиздик орнотмолор
232. Генераторлордун газ-май тутумун иштетип пайдаланууда жарылуучу газ аралашмасынын пайда болушун алдын алыш керек, төмөндөгүлөрдү жол бербөө менен:
1) генератордун кутусундагы суутектеги кычкылтектин курамын 1,2%дан ашырууну, ал эми калкыма жапкычта, үйлөтүп тазалоочу челекте жана май тазалоочу орнотмонун суутек бөлүп чыгаруучу челегинде 2%дан ашырууну;
2) генератордун агын өткөргүчтөрүндө суутектин курамы 1%дан, ал эми подшипниктердин түпкүчтөрүндө (картеринде) 2%дан ашырууну.
Май челегинде суутек жок болушу керек.
233. Генератордон суутекти же абаны инерттүү газ менен чыгаруу зарыл, аны чыгарып бүткөндөн кийин машинанын чыгышында аныкталган эң аз топтому төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) көмүр кычкыл газы - аба чыгарылгандан кийин 85% жана суутек чыгарылганда 95%;
2) азот - 97% аба менен суутек чыгарылганда.
Абанын же суутектин генератордон инерттүү газ менен үйлөтүлүп чыгарылуусунун толуктугу газдын анализи менен ырасталышы керек.
234. Газ-май тутумунун аспаптарынын жана генераторлордун кутуларын ачуунун алдында суутек инерттүү газ менен, ал эми инерттүү газ аба менен үйлөтүлүп чыгарылышы керек. Маңдайкы калканчтарды, тешиктерди жана башкаларды ачууга көмүр кычкыл газынын жоктугун же (азотту чыгаруу учурунда) абада жетиштүү кычкылтектин (көлөмү боюнча 20% кем эмес) болушун анализ ырастагандан кийин гана жол берилет.
235. Токтотулган далмадал толуктагычтын (синхрондук компенсатордун) шакекчесинин боштугун (камерасын), анын кутусунан суутекти чыгарбастан ачуунун алдында, боштукка инерттүү газды бергенге чейин, аны толуктагычтын кутусунан бөлүп турган жапкычтын тыгыз жабылышын текшерүү керек.
Боштукта ишти инерттүү газ менен үйлөтүп тазалагандан кийин (аны андан кийин аба менен үйлөтүп чыгаруусуз) жана анализ алгандан кийин баштоого жол берилет.
236. Газ-май тутумунун жабдууларын жана түтүк өткөргүчтөрүн оңдоого чыгаруу учурунда жапматээктердин тыгызсыздыктары аркылуу оңдолуучу бөлүктөргө суутектин же инерттүү газдын кирип кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн түтүк өткөргүчтөрдү ажыратып же тыгындарды орнотуу керек.
237. Суутек камтыган газ-май тутумдарынын бөлүктөрүнөн 10 м ден аз аралыкта ачык от менен аба топтогучтарда, жеткизип туруучу жана чыгарып туруучу түтүкөткөргүчтөрдө иштөөлөр (электр ширетүү, газ менен ширетүү ж.б.у.с.) иштаккагаз менен жүргүзүлүүгө тийиш, анын үстүнө «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында иштин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн (тосмолорду орнотуу, бөлмөдө суутектин жоктугун текшерүү ж.б.) өрт коопсуздугунун кошумча чаралары жазылышы керек.
Генератордун кутусунда, түтүк өткөргүчтөрдө жана суутек менен толтурулган газ-май тутумдарынын аспаптарында түздөн-түз от менен иштөөгө тыюу салынат.
Генераторлордун, газ-май тутумдарынын түзүлүштөрүнүн жанында плакаттарды илип коюу керек: «Суутек. Өрт коркунучу бар!».
238. Токтотулган генератордун газ-май тутумдарындагы (суутектин газөткөргүчтөрүндө, электролиздик орнотмонун аба топтогучтарында жана аппараттарында оңдоо иштери иштаккагаз менен аткарылышы керек. Эгерде иштер жумуш ордун даярдоо боюнча техникалык чараларды жүргүзүүнү талап кылбаса, алар бул орнотмону тейлөөчү ыкчам ишкерсандын байкоосу астында буйрутма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
239. Электролиздик орнотмону иштетип пайдаланууда кычкылтек же аба менен суутектин жарылуучу аралашмасынын пайда болушуна жол берилбеши керек. Суутектин тазалыгы 98,5, кычкылтек 98% кем болбошу керек.
240. Эгерде басымды жөнгө салгычтардын кароо айнектериндеги суюктуктун деңгээли көрүнбөсө, электролизерлерди иштетпеш керек.
Суутек жана кычкылтек тутумдарынын ортосундагы эң чон жол берилген басымдын төмөндөшү 1961,4 Па (200 мм суу мамычасынын) ашпоого тийиш.
241. Электролиз орнотмосунун аспаптары жана түтүк өткөргүчтөрү (чогулткучтардан башкасы) иштетилээрдин алдында азот менен үйлөтүлүп бошотулууга тийиш (МҮЧ 9293-74, II сорт). Бул аспаптарды көмүр кычкыл газы менен тазалоого тыюу салынат.
Электролиздик орнотмолордун чогулткучтарын азот же көмүр кычкыл газы менен үйлөтүп тазалоого болот “Курулуштагы эмгек коопсуздугу” СН КР 12-01:2018, “Жумуш ордуларындагы физикалык кырдаалдарга болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптар” СанПиН 2.2.4.3359-16 жана Кыргыз Республикасынын “Курулуштагы эмгек коопсуздугу” Мыйзамы, ошондой эле “Электр коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламенти (тамак-аш же техникалык сорттогу көмүр кычкыл газы менен КР Өкмөтүнүн 201- жылдагы № 359- жана андан кийинки 2015- жылдагы № 15-токтомдору менен бекитилген). Эгерде ички текшерүү талап кылынса, бир чогулткучту же алардын тобун суутектен бошотуу үчүн көмүр экикычкыл газы же азот менен үйлөтүп тазалап, башка чогулткуч топторунан бекиткич түзүлүштөр жана кайырма кырлуу кошмонун тышына чыгып турган куйрукчалары бар темир тыгындар менен ажыратып, андан кийин таза аба менен үйлөтүп тазалоо керек.
Чогулткучтарды инерттүү газ, аба жана суутек менен тазалоо, алардын кошулмаларынын топтомдору 3-санирээткидеги көрсөткүчтөргө жеткенге чейин жүргүзүлүшү керек.
Чогулткучтарды үйлөтүп тазалоо үчүн 0,05% чейин көмүр кычкылын камтыган техникалык таптагы көмүр кычкыл газы колдонулса, аны тамак-аш көмүр кычкыл газынан өзүнчө сактоо керек.
4-санирээтки. Чогулткучту тазалоо тартиби
Үйлөтүп чыгаруу аракеттери | Үлгү алынуучу жери | Аныкталуучу курамдык бөлүк | Ченем боюнча курамдык бөлүктүн камтылышы |
Көмүр кычкыл газы менен абаны | Чогулткучтун үстү | Көмүр кычкыл газы | 85 |
Азот менен абаны | Ошондой эле | Кычкылтек | 3,0 |
Көмүр кычкыл газын суутек менен | Чогулткучтун түбү | Көмүр кычкыл газы, кычкылтек | 1,0 0,5 |
Азотту суутек менен | Ошондой эле | Азот, кычкылтек | 1,0 0,5 |
Суутекти көмүр кычкыл газы менен | Чогулткучтун үстү | Көмүр кычкыл газы | 95 |
Азот менен суутекти | Ошондой эле | Суутек | 3,0 |
Көмүр кычкыл газын аба менен | Чогулткучтун түбү | Көмүр кычкыл газы | Жок |
Азоттуу аба менен | Ошондой эле | Кычкылтек | 20 |
242. Электр орнотмосу 4 сааттан ашык өчүрүлгөндө анын аппараттарын жана түтүк өткөргүчтөрүн азот менен тазалоо милдеттүү түрдө жүргүзүлүшү керек. 1- ден 4 саатка чейин өчүрүлгөн учурда, тутум суутек же кычкылтектин 9,807-19,614)х103Па (0,1-0,2 кгс/см2 чектериндеги басымдын астында калтырууга болот. Орнотмо 1 сааттан аз убакытка өчүрүлгөндө аспапты газдын номиналдык басымында калтырууга жол берилет, мындайда суутек жана кычкылтектин басымдарынын жөнгө салгычтарындагы басымдардын айырмасынын көтөрүлүшүнүн белги бергичтерин өчүрүүгө болбойт.
Эгерде өчүрүү технологиялык тартиптин бузулушуна байланыштуу болсо же өчүрүлгөндөн кийин электролизерден электролиттерди сордуруу зарыл болсо, азот менен үйлөтүп тазалоо милдеттүү болуп саналат.
243. Электролиздик орнотмонун жабдуусун ачуу менен байланышкан ширетүү же оңдоо иштерин жүргүзүүдө үйлөтүп тазалоону суутек жабдуунун акыркы чегине чейин толук жок болгонго дейре жүргүзүлүүгө тийиш.
244. Электролиздик орнотмолор бөлмөсүндө ачык от менен иштөө, орнотмону өчүргөндөн, суутектин жоктугу боюнча абанын анализин алуудан жана үзгүлтүксүз желдетүүнү камсыз кылгандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Оңдолуп жаткан орнотмонун аспаптарында ачык от менен иштерди жүргүзүү үчүн, эгерде ошол эле бөлмөдө башка иштеп турган орнотмо бар болсо, анда иштеп турган орнотмонун түтүк өткөргүчтөрүн оңдолуп жаткандан ажыратып, куйрукчалары бар тыгындарды орнотуу зарыл. От менен иштеген жер калканчыктар менен тосулушу керек.
Суутек толтурулган аспаптарда оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
245. Тоңуп калган түтүк өткөргүчтөрдү жана жапматээктерди буу же ысык суу менен гана жылытып эритүүгө болот. Кошмолордон газдын чыгып кетишин атайын агып чыгууларды издегичтер же самын эритмеси менен аныктоого болот. Тоңду эритүү жана агып кетүүлөрдү аныктоо үчүн ачык отту колдонууга тыюу салынат.
237. Электролиздик орнотмолор бөлмөсүндө жана чогулткучтардын жанында тамеки чегүүгө, ачык от, электр жылытуу алеттерин жана көчмө чырактарды колдонууга тыюу салынат.
Аспаптарды кароодо жана оңдоодо ичтерин жарыктандыруу үчүн темир торлор менен тосулмаланган 12 В тон ашпаган чыңалуудагы жарылуудан корголгон түзүлүштөгү көчмө чырактарды колдонуу керек.
247. Электролиздик орнотмолор (ЭлО) бөлмөсүнүн ичинде жана эшигинде ачык отту колдонууга тыюу салган коопсуздук белгилери илиниши керек; суутектин чогулткучтарындарда «Суутек. Өрт коркунучу бар!» деген жазуусу болушу керек.
248. ЭлО бөлмөсүндө жеңил күйүүчү жардыргыч заттарды сактоого тыюу салынат.
249. Электролит менен иштөөдө өндүрүштүн коркунучтуу жана зыяндуу таасирлери бар жумуштарды аткарууда эмгекти коргоо боюнча тийиштүү ченемдик актыларда каралган коргоочу кийимдерди (кебезден жасалган костюм, резина өтүк, резиналашкан алжапкыч, резина колкап) жана көз айнекти колдонуу керек. Суюк же каткан түрдөгү шакардын (щелочтун) териге, чачка жана өзгөчө көзгө тийүүсү катуу күйүккө алып келиши мүмкүн.
250. Тыгыздыкты өлчөө үчүн электролит үлгүсүн басым алынгандан кийин гана алуу керек.
251. Электролизерлерге, өзгөчө акыркы жалпак такталарга коргоочу каражаттарсыз тийүүгө болбойт. Тартуучу бурамалардын капталмалоочу бойшакектерине жана жалгызуюлдук жалпак такталардын астындагы зымчыныларда шакардын болушуна жол берилбейт. Бул бөлүктөрдүн капталмасы бузулса, өрт чыгууга жана кырсыкка алып келе турган алоо пайда болушу мүмкүн.
Электролизерлердин жер таманында агын өткөрбөгөн килемчелери болушу керек.
252. Электролизер жабдуулары жана түтүк өткөргүчтөрү, чогулткучтар жана чогулткучтардан машина залына чейинки түтүк өкөргүчтөр бүткүл узундугу боюнча үзгүлтүксүз электр чынжырын түзүшү керек жана жерге туташтыруучу түзүлүштөр менен туташтырылууга тийиш. ЭлО ичинде аспаптар жана түтүк өткөргүчтөр экиден кем эмес жерге жердетилиши керек.
Электролизер орнотмолорунан (ЭлО) газ коюулуучу орундарына чейинки аба өткөргүчтөрдү, ошондой эле генерараторлордун муздатуу тутумунун газ-майлуу түтүкөткөргүчтөрүн иштетип пайдалануу пайдалануудагы ченемдик иш кагаздардын талаптарына ылайык аткарылышы керек.
253. Сактооч капкакчаларын текшерүү үчүн орнотмо өчүрүлүп, азот менен үйлөтүлүп тазаланышы керек. Орнотмо иштеп турганда капкакчаларды сыноого тыюу салынат.
254. Басым астында турган аспаптардын жана арматуралардын болттору менен гайкаларын тартууга тыюу салынат. Ийкемтүтүктөр жана кошмотүтүкчөлөр бекем бекитилиши керек.
255. ЭлОну жаңы орнотулгандан, капиталдык оңдоодон же узакка токтогондон кийин кайра ишке киргизүү жооптуу инженердик-техникалык кызматкердин көзөмөлү астында жүргүзүлүшү керек.
Орнотмодо оңдоо иштери иштаккагаз менен аткарылышы керек.
13-бөлүм. Электр кыймылдаткычтары
256. Электр кыймылдаткычында же аны кыймылга келтирүүчу механизмде агын өткөрүүчү же айлануучу бөлүктөрүнө тийүү менен байланышкан иш учурларында, электр кыймылдаткычынан чыңалууну алып салуу керек Эрежелердин негизинде техникалык чараларды аткаруу менен анын катаалыктан күйгүзүлүүсүн болтурбоо үчүн. Бул учурда эки ылдамдыктагы электр кыймылдаткычта статордун оромдорунун азыктандыруу чынжырларынын экөө тең өчүрүлгөн болуш керек.
Электр кыймылдаткычынын же аны кыймылга келтирүүчу механизмдин агын өткөрүүчү же айлануучу бөлүктөрүнө тийүү менен байланышпаган жумуштар иштеп жаткан электр кыймылдаткычында аткарылышы мүмкүн.
Иштеп жаткан электр кыймылдаткычтагы агын алгыч аппаратты тейлөө бул максатта окутулган, электр коопсуздугу боюнча III- тобу бар жумушчуга буйрутма боюнча аткарууга уруксат берилет, төмөндөгү коопсуздук чараларын сактоо менен:
- бетти жана көздү коргоо каражаттарын пайдалануу менен, топчуланган кийимде, аны электр кыймылдаткычтын айлануучу бөлүктөрү илип кетүүсүнөн абайлап;
- агын өткөзбөөчү көлөчтөр (ботылар), килемчелерди пайдаланып;
- бир эле учурда эки уюлдун агын өткөзүүчү бөлүктөрүн, же агын өткөзүүчү бөлүк менен жердетилген бөлүктөрдү кол менен тийбей.
Ротордун шакекчелерин айланып жаткан электр кыймылдаткычында жылмалоону бир гана каптамалоочу заттектен жасалган куймакалыпчалардын (колодкалар) жардамы менен кылууга уруксат берилет.
257. Электр кыймылдаткычында иштегенде электр кыймылдаткычын бөлүштүрүүчү түзүлүшкө (жыйнактагычка) туташтыруучу каптамазымдуу чубалгысынын каалаган бөлүгүнө жердетме орнотууга болот. Айлануучу бөлүктөргө тийүү менен байланышпаган механизмде иштеген учурда жана кошуучу кошмокап ажыратылган учурда кабелдик чубалгыны жерге туташтыруу зарыл эмес.
Эгерде өчүрүлгөн электр кыймылдаткычында иш жүргүзүлбөсө же бир нече күн бою үзгүлтүккө учураса, анда андан ажыратылган кабелдик чубалгы электр кыймылдаткыч тарабынан жерге туташтырылууга тийиш. Каптамазымдын тамырчатарамдарынын кесилиши көчмө жердетмени колдонууга мүмкүндүк бербеген учурларда, чыңалуулары 1000 Вко чейин болгон электр кыймылдаткычтарында каптамазымдык чубалгыны каптамазымдын өзөктөрүнүн кесилишинен кем болбогон жез өткөргүч зым менен жердештирүүгө же каптамазымдын тамырчатарамдарын өз ара бириктирип жана аларды капталмалап коюуга жол берилет. Мындай жерге туташтыруу жана каптамазымдык тамырчатарамдарды өз ара туташтыруу көчмө жердетме орнотуу менен бирдей ыкчам иш кагаздарда эске алынышы керек.
258. Соргучтардын, түтүн соргучтардын жана желдеткичтердин электр кыймылдаткычтарында жумушка киргизүү алдында, эгерде аларга кошулган механизмдерден электр кыймылдаткычтарын айландыруу мүмкүн болсо, алардын жапматээктери жана моржапкычтары (шиберлери) жабылып, кулпуланып, ошондой эле электр кыймылдаткычтардын роторлорунун кыймылына тоскоол берүүчү чаралар көрүлүүгө тийиш.
259. Иштаккагаз же буйрутма боюнча жумуштарды баштоо алдында жабуучу арматууралардын, багытточу аппараттардын электриштеткилеринин кол менен аралыктан жана автоматтык башкаруу түзмөктөрүнөн чыңалууну алып таштоо керек.Жапматээктердин, моржапкычтардын, сарпбашкаргычтардын айланма туткаларына «Ачпа! Адамдар иштөөдө!», ал эми жабуучу арматууралардын электриштеткилерин башкаруучу ачкычтарда, баскычтарда «Күйгүзбө! Адамдар иштөөдө!» плакаттары илиниши керек.Жабуучу арматуралардын, багытточу аппараттардын электриштеткилеринин кол менен аралыктан жана автоматтык башкаруу түзмөктөрүнөн чыңалуу алынган учурда технологиялык иш жүрүштөрдү жүргүзүү менен байланышкан, жабуучу арматуралардын жапматээктеринин, сарпбашкаргычтарынын айланма туткаларына жабуучу арматууралардын электриштеткилерин башкаруучу ачкычтарда, баскычтарда плакаттарды иш бөлмөнүн, бөлүмдүн ишке киргизүүчү ишкерсаны илиши керек, технологиялык иш жүрүштү алып барууну жүргүзүүчү, ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын ичинен дайындалган.260. Иш жүргүзүлүп жаткан электр кыймылдаткычтын жанына орнотулган бир түрдөгү же көлөмүнүн чоңдугу боюнча ага жакын электр кыймылдаткычтарында алар иштеп жатканына же камдыкта турганына карабастан «Токто! Чыңалуу» плакаттары илиниши керек.261. Электр кыймылдаткычтарынын алар иштеп жатканда айлануучу бөлүктөрүнүн тоскучтарын алып салууга тыюу салынат.
262. Электр кыймылдаткычтарын кол менен башкаруучу жетектери бар иштетүүчү аспаптар аркылуу өчүрүп күйгүзүүлөрдү агын өткөрбөс кол каптарды колдонуу менен жүргүзүү керек.
263. Жапматээктердин, аткаруучу механизмдердин электр жетектерин (иштеткилерин) иштетип көрүү, алардын электр жетектерин моржапкычтар (шиберлер), жапматээктер, жана башка түзүлүштөр менен кошкон учурда алар орнотулган технологиялык иш бөлмөнүн кезметтик башчысынын уруксаты менен ишкертоп тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Уруксат берилгендиги жөнүндө технологиялык иш бөлмөнүн шууту журналына, ал эми бул уруксатты алуу жөнүндө – иштетип көрүүнү жүргүзүүчү иш бөлмөнүн (бөлүмдүн) шууту журналына жазуу керек.
264. Жөнгө салуучу түзүлүштүн, жана жабуучу арматууралардын аткаруучу механизми менен кошулбаган электр жетектеринин электр түзмөктөрүн оңдоолорун жана жөнгө салууларын буйрутма менен аткарууга уруксат берилет. Аларды иштетип көрүүгө уруксатты буйрутма берген кызматкер берет. Бул тууралуу жазууну буйрутманы каттоо учурунда жасаш керек.
265. Иш толук аяктаганга чейин электр кыймылдаткычын сыноо тартибинде иштетип көрүү үчүн күйгүзүү тартиби төмөнкүдөй:
1) иштаккагаз менен иш аткарылган учурда иш жүргүзүүчү ишкертопту жумуш ордунан чыгарып, 5-санирээткисинде иштин бүтүшүн тариздейт жана иштаккагазды ыкчам ишкерсанга тапшырат; буйрутма (тескеме) боюнча иштерди аткарууда иш токтотулуп, ишкертоп чыгарылууга тийиш.
2) ыкчам ишкерсан орнотулган жердеткичтерди, плакаттарды чечип, түзмөктү чогултууну жүргүзөт.
Сыноо катары иштетип көргөндөн кийин электркыймылдаткычтагы жумуштарга ишкертопту 5-санирээткиде каттоо менен жумуш ордун даярдап кайра экинчи ирет ишке киргизүү жүргүзүлөт.
Буйрутма менен иш аткарган учурда буйрутма жаңыдан берилет.
266. Эмгекти коргоо нускамаларында электр кыймылдаткычтарда жумуштарды коопсуз жүргүзүүнү уюштуруу жана жумуш ордун даярдоого болгон талаптар майда-чүйдөсүнө чейин толук көрсөтүлүшү керек, пайдалануучу электр машиналарынын түрүн, жүргүзүп-жөндөөчү түзүлүштөрдүн өзгөчөлүктөрүн, механизмдердин, технологиялык түзмоктөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуучу.
14-бөлүм. Өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар жана жыйнактуу
бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
256. Өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттарды жумушка ишке киргизүүнүн алдында жумуштун коопсуздугун камсыз кылган өзүнө өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттардын катаа иштешине жол бербеген чараларды камтыган Эрежеде каралган техникалык чараларды аткаруу керек, ал эми алыстан башкарылуучу өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптарда төмөнкүлөр аткарылышы керек:
1) жетектин (иштеткинин) көмөкчү (башкаруу, белги берүү, жылытуу ж.б.) жана күчтүк чынжырларын ажыратуу;
2) өчүргүчтөрдүн челектерине же шыкалмаабалык жетектерге (иштеткилерге) аба берүүчү түтүк өткөргүчтөрүндөгү жапматээктери жабылып жана алардын ичиндеги аба атмосферага чыгарылат, мындай учурда чыгаруучу тыгындар (сарпбашкаргычтар) ачык абалда калтыруу;
3) күйгүзүүчү жүктү же күйгүзүүчү серпилгичтерди иштебей турган абалга келтирүү;
4) аралыктан башкаруу ачкычтарында “Кошпогула! Адамдар иштөөдө" жана жабык жапматээктерде "Ачпагыла! Адамдар иштөөдө” плакаттары илиниши керек.
268. Өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптарды жөндөө жана ирээтке салуу учурунда сыноо катары күйгүзүү жана өчүрүү үчүн жетектин (иштеткинин) көмөкчү жана күчтүк чынжырларын убактылуу иштетүүгө, ошондой эле жетекке (иштеткиге) жана өчүргүчкө убактылуу аба берүүгө жол берилет. Бул учурда “Кошпогула! Адамдар иштөөдө" жана "Ачпагыла! Адамдар иштөөдө” плакаттары алынып коюлушу керек.
Чечилген сактоочторду орнотууну, өчүрүлгөн автоматтарды күйгүзүүнү жана аба берүү үчүн жапматээктерди ачууну, ошондой эле иштетип көрүү убактысына коопсуздук плакаттарын чечүүнү ыкчам ишкерсан аткарышы керек.
Өчүрүп-күйгүзүүчү аспапты иштетип көрүү иш жүрүштөрүн иш жүргүзүүчү, эгерде буга иштаккагаз берүүчүнүн уруксаты алынса, иштаккагаздын “Өзүнчө көрсөтмөлөр” сабында жазуу менен тастыктоо менен, же болбосо иш жүргүзүүчүнүн талабы боюнча ыкчам ишкерсан аткарууга укуктуу.
Аралыктан башкаруу учурунда өчүрүп-күйгүзүүчү аппаратты иштетип көрүү үчүн кезметчинин уруксаты менен жөндөө жана ирээтке келтирүү иштерин аткаруучу жумушчу аралыктан өчүрүп күйгүзүүшү мүмкүн. Жергиликтүү кезметчи ишкерсандары жок электр орнотмолорунда мындай уруксат талап кылынбайт.
Сыноо катары иштетилип көрүлгөндөн кийин өчүрүп-күйгүзүүчү аспапта иштерди улантуу керек болгон учурда, кезметчи же иш жүргүзүүчү (аспапты алыстан күйгүзгөндөр жана өчүргөндөр) тарабынан, 267- орунбелгинин талаптары аткарылышы керек, мындай учурда жергиликтүү кезметчи ишкерсан жок электрорнотмолорунда өчүрүп-күйгүзүүчү аппаратты иштетип көргөндөн кийин жумуш ордун даярдоого жана жумушка ишке киргизүүгө иш жүргүзүүчүгө кайта уруксат алуу талап кылынбайт.
269. Жумушчу басым астындагы аба өчүргүчкө көтөрүлүүгө сыноо жана жөндөө (басаңдаткычтарды-демпферлерди тууралоодо, виброграммаларды алууда, өлчөөчү аспаптарга өткөргүчтөрдү кошуу же аларды ажыратууда, аба чыккан жерлерди аныктоодо ж.б. учурларда) иштерин жүргүзүү учурунда гана жол берилет.
Бөлгүч жумушчу басым астында турганда, аба толтурулган бөлгүчү бар ажыратылган аба өчүргүчкө чыгууга тыюу салынат.
270. Аба өчүргүчтөрүнүн ным өткөзбөстүктөрүн (тыгыздыгын) заводдук насааттамаларга ылайык төмөндөтүлгөн басымда текшерүү керек.
271. Сыноо жана жөндөө үчүн аба өчүргүчкө чыгуудан мурун, төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1) башкаруу чынжырларын ажыратуу;
2) жергиликтүү башкаруу баскычын жана жүргүзүүчү сарпбашкаргычты бөгөттөө (мисалы, аба өткөрүүчү түтүктөрдү ажыратуу, үкөктөрдү бекитүү ж.б.) же өчүргүчтүн жанына насааттама алган ишкертоп мүчөсүн коюу керек, ал иш жүргүзүүчүнүн көрсөтмөсү боюнча бир гана аныкталган кызматкерге (башкаруу чынжырларын күйгүзгөндөн кийин) өчүргүчтү өчүрүп-күйгүзүүгө уруксат берип тургандай болушу керек.
Басым астында турган аба өчүргүчтө адамдар болгон учурда башкаруучу жана бөлүштүрүүчү үкөктөрдө иштердин баары токтотулууга тийиш. Иштеп турган көмөкчордондордун 220 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөрүнүн чыгыштары чыңалууну алуу үчүн жердетилип коюлушу керек.
272. Аба өчүргүчтөрдү жөндөө жана сыноо үчүн өчүргүчтөрдү ачып жана жабуу учурунда анын жанында адамдардын болушуна тыюу салынат.
Сыноо жана жөндөө боюнча иш жүргүзүүчү (же ал тарабынан ыйгарым укук берилген ишкертоп мүчөсү) ишкертоп мүчөлөрү коопсуз аралыкка же баш калкалоочу жайга чыгарылгандан кийин гана өчүргүчтү иштетүүгө буйрук берүүгө тийиш.
273. Адамдардын аба чогулткуч ичинде болушуна байланыштуу ишке киргизүү учурларында төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) аба өткөргүчтөрдүн (алар менен аба берилиши мүмкүн болгон) жапматээктерин жабуу, аларды кулпу менен бекитүү, жапматээктерге “Ачпагыла! Адамдар иштейт ” плакаттарын илүү;
2) аба чогулткучундагы басым астындагы абаны атмосферага чыгаруу, аба чыгаруучу сарпбашкаргычты (клапанды), саркындоочу сарпжапкычты, тыгынды же жапматээкти ачык калтыруу менен;
3) аба берүүчү аба өткөргүчтү аба чогулткучунан ажыратып, ага тыгындарды орнотуу.
274. Өчүргүчтүн челектериндеги жана аба чогулткучтагы манометрлердин нөлдүк көрсөткүчү кысылган абанын жоктугунун ишенимдүү белгиси боло албайт. Кирип чыгуучу тешиктердин капкактарын чечүү учурунда бурамаларды жана буроолорду тикеден-тик буроо алдында, чыгаруучу сарпбашкаргычтарды же жапматээктерди ачуу аркылуу кысылган абанын жоктугуна көз жеткендей болушу керек.
Чыгаруучу сарпбашкаргычтарды же жапматээктерди кирип-чыгуучу тешиктин капкагын бекиткен баардык бурама жана буроолорду бурап бекиткенден кийин гана жабууга уруксат берилет.
275. ИБТ (ички бөлүштүрүүчү түзмөктөрдүн) бөлүкчөсүндө (отсекте) иштегенде жабдууну арабасы менен сыртка чыгаруу керек; бөлүкчөнүн ичиндеги чыңалуу астында калган ток өткөрүүчү бөлуктөрдүн пардолорун кулпулап бекитип, “Токто! Чыңалуу" плакатын илүү керек, иштей турган бөлүкчөдө “Бул жерде иште” деген плакат илинши керек.
276. ИБТнын тышында аларга кошулган жабдууларда же андан чыккан аба жана птамазымдык чубалгыларда иштеген учурда өчүргүч арабасы менен үкөктөн чыгарылууга тийиш; парданы же эшиктерди кулпулап бекитип, аларга “Күйгүзбө!” Адамдар иштеп жатат” же “Күйгүзбө! Чубалгыда иштер жүргүзүлүүдө" плакаттары илинет.
Бул учурда, төмөндөгүлөргө жол берилет:
1) эгерде жерге туташтыруучу бычактар менен арабадагы өчүргүчтүн ортосунда бөгөттөгүч бар болсо, бул бычактарды күйгүзгөндөн кийин арабаны байкалуучу (контролдук) абалга коюуга;
2) ИБТнын үкөктөрүндө мындай бөгөттөөчү же жерге туташтыруучу бычактар жок болгон учурда, арабаны көзөмөлдөөчү (контролдук) жана чыгарылган абалдардын ортолук аралыгында кулпулап бекитилген шартта коюу керек. Араба ортолук аралыкта, кошулманын жерге туташтырылганына карабастан, калтырылып коюлушу мүмкүн.
Чыгуучу аба чубалгыларында иш алып барган учурларда ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (ИБТынын) үкөгүндө жердетме орнотулганда 178-179- орунбелгилердин талаптарын эске алуу зарыл.
277. Качандыр, чыгуучу аба жана каптамазымдык чубалгыларда же аларга туташтырылган жабдууларда, анын ичинде электр кыймылдаткычтарына туташтырылган механизмдерде, ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөн тышкары жумуштар жүргүзүлбөсө же ИБТынын үкөгүндө жердештирүү аткарылса, арабаны өчүргүчү менен, башкаруучу жана коргоочу чынжырларында иштешин сынап көрүү жана иш алып баруу үчүн көзөмөлдө туруучу абалга коюуга уруксат берилет.
278. Абасыздандырылган өчүргүчтөр менен жабдылган ИБТларда жалын өчүрүүчү боштуктарды жогорку секирик (амплитудалык) мааниси 20 кВ жогору болгон чыңалуу менен сыноолордү жүргүзүү, ишкерсандарды пайда болгон рентген нурларынан коргоо үчүн атайын калканч (экран) колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
15-бөлүм. Агын трансформаторлору, электроддук казандар,
электр чыпкалары
§ 24. Агын трансформаторлору
279. Агын трансформаторунун экинчи оромуна кошулган (туташтырылган) чынжырларды ажыратууга тыюу салынат. Эгерде бул чынжырларды ажыратуу зарыл болсо, алар ажыратууга болжолдолгон орунга чейин (агын трансформаторунан эсептегенде) алдын ала сагак менен кошуп бириктирилиши керек. Сагакты орнотууда капталмаланган туткалары бар аспапты колдонуу керек.
280. Агын трансформаторунун же алардын экинчи оромуна туташтырылган чынжырларда иштөөдө төмөндөгү сактык чараларын колдонуу керек:
1) агын трансформаторунун, аларга кошулуучу экинчилик чынжырларды, электрөлчөөчү алеттердин, РКА түзүлүштөрүнүн курап-орнотуу (монтаждоо) аяктаганга чейин экинчилик оромдору кыска туташылып коюулушу керек. Куралып бүткөн чынжырларды агын трансформаторуна туташтыргандан кийин кыска туташуулар жакынкы кыскычтар жыйындысына которулуп жана куроо толук аяктагандан, жана жасалган чынжырлардын туура туташтырылгандыгы текшерилгенден кийин гана алынып салынышы керек;
2) агын трансформаторунун биринчилик оромуна агындын импульстарын берүүдөн мурда, экинчилик оромдордун карама-каршылыктарын (полярдуулугун) текшерүү учурунда, алеттер экинчилик оромдун кыскычтарына туташтырылууга тийиш.
Орнотуп-куроо (монтаждоо) жана ширетүү иштерин жүргүзүү учурунда биринчилик оромдордун өтмөктөрүн агын өткөрүүчү катары колдонууга тыюу салынат.
§ 25. Электроддук казандар
281. Капталмаланган кутусу бар 1000 Вко чейинки электроддук казандын кабы кулпу менен бекитилиши керек. Кабын ачууга казандагы чыңалууну алып салгандан кийин гана уруксат берилет.
282. Күйүп турган электрод казандарынын түтүк өткөргүчтөрүндө, түтүк өткөргүчтөрдүн коргоочу жердеткичин бузуучу иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
283. Түтүк өткөргүчтөрдү ажыратууда (жапматээктерди, түтүктөрдүн бөлүктөрүн алмаштыруу жумуштарын жүргүзгөндө) алдын ала электр ширетүү жолу менен түтүкөткөргүчтөрдүн ажыратылган бөлүктөрүнүн ортосунда ишенимдүү темир тийимин камсыз кылуу зарыл. Эгерде ажыратылуучу жерден айланып өтүүчү жол бар болсо, анда мындай тийим жасоо талап кылынбайт.
284. Жумушчу басымы 0,07 МПадан жогору болгон буу казандарды жана суунун жылытуу температурасы 115оСдан жогору болгон суу жылытуучу казандар коркунучтуу өндүрүштүк курулмалары катары ашыкча басым астында иштеген жабдууларды колдонуу менен өнөр-жайлык коопсуздук Эрежелеринин талаптарынын негизинде иштетип пайдалануу керек.
§ 26. Электр чыпкалары
285. Электр чыпкаларын иштетип пайдаланууда төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
1) адамдар электрчыпкаларында турганда силкүү механизмдерин иштетүү, иш жетектөөчүнүн атайын көрсөтмөсү боюнча иштаккагазда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо (эгерде «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында айтылган болсо);
2) бир эле учурда бункерлеринде жана бөлүкчөлөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
3) азыктандыруучу түзүлүштөрдүн бөгөттөгүчү бузук учурда, электр чыпкаларынын бөлүкчөлөрүнүн, обочолотуучу кутулардын ж.б. жабылма тешиктери жана оюктарынын бекиткичтери жок же бузук болгон учурларда электр чыпкаларга жана аларды азыктандыруучу каптамазымдан чыналуу берүүгө;
286. Электр чыпкалардын кандайдыр болбосун бир бөлүкчөсүндө (электр талаасында), камдыкта турган өтмөгүндө, бөлүкчөнүн (электр талаасынын) азыктандыруучу каптамазымдын каалаганында жумуштарды жүргүзүү учурларында баардык бөлүкчөлөрдүн (электр талааларынын) баардык азыктандыруучу түзүлүштөрү жана каптамазымдары ажыратылып, жерге туташтырылууга тийиш.
287. Электрчыпкаларынын бөлүкчөсүнө адамдарды ишке киргизүүдөн мурун алар желдетилип, бункерлеринин күлү тазаланып коюлушу керек. Температура 33 ° Cдан жогору эмес болушу керек.
288. Электр чыпканы өчүргөндөн кийин электр түзүлүштөрдү жерге туташтыруу менен андан жана азыктандыруучу каптамазымдардан туруктуу дүрмөттү алып салуу керек. Электр чыпканын жерге туташпаган бөлүктөрүнө тийүүгө тыюу салынат.
289. Электр чордондорунда электр чыпкаларын тейлөө боюнча, бул гүл тоскуч орнотмонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жергиликтүү насааттама түзүлүшү керек. Насаатама, иш бөлмөлөр аралык тейлөө аймактарынын бөлүштүрүлүшүнө жараша, электр чыпкаларында иштөөгө иштаккагаз берүүнүн жана ишке киргизүүнүн тартибин жөнгө салууга тийиш. Насааттаманы түзүүдө ушул Эрежелердин жана «Электр чордондорунун жана жылуулук тармактарынын жылуулук-механикалык жабдууларын иштетип пайдалануудагы коопсуздук эрежелеринин» талаптары эске алынууга тийиш.
16-бөлүм. Топтогуч батареялары, туруктуу тыгыздоочтор
290. Топтогучтар бөлмөсү дайыма кулпуланып жабык турушу керек. Бул бөлмөлөрдү карап текшерип туруучу жана аларда иштеген адамдарга ачкычтар жалпы негизде берилет.
Топтогуч батареяларын жана дүрмөттөп азыктандыруучу түзүлүштөрдү атайын окутуудан өткөн жумушчулар тейлеши керек, электр коопсуздугу боюнча III- топко ээ болгон.
291. Топтогучтар бөлмөсүндө тамеки тартууга, ага от менен кирүүгө, электр жылытуу шаймандарын пайдаланууга, учкун чыгара турган аспаптарды жана шаймандарды колдонууга тыюу салынат (300-орунбелгиде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).
Топтогучтар бөлмөсүнүн эшигинде: “Топтогучтар”, “Өрт коркунучу бар”, “Тамеки тартууга болбойт” деген жазуулар же ачык отту колдонууга жана тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндө тиешелүү коопсуздук белгилери илиниши керек.
292. Сордуруп-чыгаруучу желдеткичтери бар топтогучтар бөлмөлөрүндө желдеткичтер дүрмөттөө башталганга чейин күйгүзүлуп жана газ чыгарылгадан кийин өчүрүлүшү керек, бирок дүрмөттөө (кубаттоо) аяктагандан кийин 1,5 сааттан эрте эмес.
293. Ар бир топтогучтар бөлмөсүндө төмөнкүлөр болушу керек:
1) электролиттерди жасоо жана аны идиштерге толуктап куюуу үчүн сыйымдуулугу 1,5-2 литр болгон чорголуу (же кумура) айнек же фарфордон жасалган туткалуу идиш (кружка);2) кычкылдык батареялары үчүн 2,5 % аш содасынын жана шакарлуу батареялар үчүн бор кычкылдыгынын же уксус эссенциясынын бейтарапташтыруучу (нейтралдаштыруучу) эритмелери;3) кол жууганга суу жана сүлгү.294. Электролит, тазаланган (дистиляцияланган) суу жана бейтарапташтыруучу (нейтралдаштыруучу) эритмелери бар баардык идиштерде тиешелүү жазуулар болууга тийиш (аталыштары көрсөтүлөт).295. Кычкылдык, анын аталышы жазылган сырга менен жабдылган, тыгыздалган тыгыны бар, чоң айнек бөтөлкөлөрдө сакталышы керек. Батареяны иштетип пайдалануу үчүн керектүү өлчөмдөгү кычкылдыгы бар бөтөлкөлөр жана бош бөтөлкөлөр топтолгучтар бөлмөсүнүн жанындагы өзүнчө бөлмөдө сакталышы керек. Бөтөлкөлөрдү жертаманга себеттерге же жыгач жашиктерге салып коюу керек.296. Кычкылдыктар, шакарлар жана коргошун менен атайын окутуп даярдалган адамдар иштеши керек.297. Кычкылдыктар жана шакарлар бар айнек бөтөлкөлөрдү эки жумушчу көтөрүп жүрүүгө тийиш. Бөтөлкө себет менен бирге туткасы бар атайын жыгач жашикке же ортосунда тешикчеси жана жыгач тордомосу бар атайын зембилге салынышы, анын ичине бөтөлкө себет менен бирге бийиктикгинин 2/3 бөлүгүнө кирип турушу керек.298. Электролитти даярдоодо кычкылдыкты акырындык менен (эритмени тез ылдамдыкта ысытпоо үчүн) кружкадан ичке агым менен шорголотуп фарфор же башка ысыкка чыдамдуу идиштеги тазаланган сууга куюу керек. Бул учурда электролитти такай таякча же айнек түтүк, же кычкылдыкка туруктуу пластмассадан жасалган аралаштыргыч менен аралаштырып туруу керек.Электролитти, кычкылдыкка суу куюп даярдоого тыюу салынат. Даяр электролитке суу кошууга мумкун.299. Кычкылдык жана шакар (щелоч) менен иштөөдө костюм (кычкылдык үчүн кылчыкжүндүү кездемеден жана шакар (щелоч) үчүн кебезден жасалган), химиялык таасирлерден көздү, кол менен бутту, көздү коргоочу каражаттар (резина өтүк (шымдын астына) же гөлөч, резина алжапкыч, көз айнек жана резина колкап) кийүү керек.Жегич (күйдүрмө) шакарлардын бөлүктөрүн, аларды алдын ала таарга ороп, атайын бөлүнгөн жерде майдалоо керек.300. Топтогучтар бөлмөсүндө жалпак тикелерди ширетип иштөөгө төмөнкү шарттарда жол берилет:1) ширетүүнү дүрмөттөө аяктагандан кийин 2 сааттан эрте эмес убакытта жүргүзүүгө жол берилет.
Такай дүрмөттөө ыкмасы боюнча иштеген батареялар иш башталаарга чейин 2 саат калганда дүрмөт кайтуу тартибине которулууга тийиш;
2) жумушту баштоонун алдында бөлмөнү 2 саат желдетүү керек;
3) ширетүү учурунда бөлмө үзгүлтүксүз желдетилип турушу керек;
4) ширетүүчү жер батареянын калган бөлүгүнөн отко чыдамдуу калканчтар менен тосулган болушу керек;
5) коргошун жана анын кошулмалары менен ууланууну болтурбоо үчүн атайын сактык чараларын көрүү жана батареяларды иштетип пайдалануу жана оңдоо боюнча насаатамаларга ылайык иштөө тартиби аныкталууга тийиш;
6) жумуш иштаккагаз боюнча аткарылышы керек.
301. Жумуштарды жүргүзүүдө тыгыздоочтор аларга же алардын агын өткөзүүчү бөлүктөрүнө тийгенге чейин, орнотмо, азыктандыруучу электр булагынан ажыратылгандан кийин, өтмөктө же бирин-экин тыгыздоочтордун ичине орнотулган дүрмөткайтаруучу түзүлүштөрдүн бар экендигине карабастан, дүрмөттөрүн кайтаруу керек.
Тыгыздоочтордун, өз алдынча корголгон учурда (калдык чыңалууну нөлгө чейин төмөндөтүп), дүрмөттөрүн кайтаруу, чыгыгыштарын кыска жана тулкусуна (кутусуна) жерге туташтыруучу өткөргүч бекитилген темир өзөктүү (кесилиши 25мм2 кем эмес) капталмалоочу сап менен кыска туташтыруу жолу менен дүрмөт кайтаруусу ишке ашырылат.
Топтук жана бир гана жалпы корголгон учурларында ошол эле темир өзөктүн жардамы менен батареянын өтмөгүндө тийиштүү ток өткөрүүчү өтмөктөр кыска туташылат. Эгерде тыгыздооч кенотрондук аппарат менен жогорку чыналууда сынноодон өтсө, дүрмөт кайтаруу, дүрмөтү кайтарылып жаткан тыгыздоочтун чыңалуусунун негизинде тандалган кандайдыр бир каршылык аркылуу жүргүзүлөт. Чоң сыйымдуулуктагы тыгыздоочтордун дүрмөтүн кайтаруу вольтметр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку чыңалууда сыноолор жүргүзүлгөндөн кийин кандай гана болбосун номиналдуу чыңалууларда тыгыздоочтордун дүрмөт кайтарууларын кыска кошуу менен жүргүзүүгө болбойт.
302. Тыгыздоочтордун чыгыштары, эгерде алар электр түзмөктөрүнө туташтырылбай, бирок электр талаасынын (илептик чыңалуу) аймагында болсо, бири-бирине кыска кошулуп турушу керек.
303. Тармактан ажыратылган, жеке реактивдүү кубаттуулуктун ордун толуктоого ээ болгон асинхрондук электр кыймылдаткычынын оромдорунун кошуучу кыскычтарына тыгыздоочтордун дүрмөттөрү кайтарылганга чейин тийүүгө тыюу салынат.
304. Үчхлордифенил (ҮХД) сиңирилген жана агууга учураган тыгыздоочторду жылаңач кол менен тийүүгө болбойт. Эгерде ҮХД териге тийсе, терини самын менен жууп, көзгө кирсе, көздү бор кислотасынын алсыз эритмеси же экикөмүркычкылдуу натрий (гидрокарбонатынын) эритмеси (бир стакан сууга бир чай кашык аш содасы) менен чайкоо керек.
17-бөлүм. Каптамазымдык чубалгылар
§ 27. Жер жумуштары
305. Жер астындагы курулуштар жана байланыштар жайгашкан аймакта каптамазымдарды оңдоо же төшөө менен байланышкан жер жумуштары иш жетектөөчүнү дайындоо жана ишкананын же иш бөлмөнүн бул курулуштарды жана байланыштарды иштетип пайдалануусуна жооптуу жетекчилеринин (ээлеринин, жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн)) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жүргүзүлүүгө тийиш. Уруксат кагазга байланыштардын жайгашкан жерин жана тереңдигин көрсөтүүчү болжом тиркелүүгө тийиш, тийиштүү белгилер жана жазуулар менен белгилеп.
306. Эгерде болжомдордо белгиленбеген каптамазымдар, түтүк өткөргүчтөр, жер астындагы курулуштар, ошондой эле ок-дарылар табылса, табылган курулуштардын менчик укугу такталганга жана ишти улантууга тиешелүү уюмдардан уруксат алынганга чейин жер иштери токтотулушу керек.
307. Каптамазымдардын трассаларынан 5 мден жакыныраак сокку уруучу машиналарды жана механизмдерди, ал эми жер казуучу машиналарды каптамазымдык чубалгынын коргоочу аймагында колдонууга тыюу салынат.
308. Жер казуучу машиналарды КЧнын коргоо аймагында колдонууга бул чубалгыны иштетип пайдаланган ишкерсандар жүргүзүүчү жер казуу иштеринде гана жол берилет. Түзмө-түз эле каптамазымдын үстүнөн казуу жумуштарын жүргүзгөндө жер казуучу машиналарды жана шыкалма аба менен иштеген шаймандарды, ошондой эле ломду жана киркелерди каптамазымга же коргоочу каптоого чейин кеминде 0,3 м топурак катмары калган тереңдикке чейин колдонууга уруксат берилет. Мындан ары казууну кол күрөк менен жүргүзүү керек.
КЧыны казууну баштаардан мурда чубалгыда көзөмөлдөөчү ачуу жүргүзүлүшү керек КЧынын ээси болгон уюмдун ишкерсанынын көзөмөлү астында
309. Кышында күрөк менен казууну топурак жылытылгандан кийин гана баштоого болот. Мында жылуулук булагынын кабелдерге жакындашы 15 см ден жакын болбошу керек.
310. Чуңкурларды, узундукууш чуңкурларды казуудагы жумуш ордулары “Курулуштагы эмгекти коргоо” (СН КР 12-01:2018) курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык тосулган болушу керек. Тосмодо эскертүүчү белгилер жана жазуулар, түнкүсүн болсо жарыктандыруучу белгилер болушу керек.
311. Жумшак (борпоң) же нымдуу жерде узундукууш чуңкурларды казууда, урап калуу коркунучу болгон учурда, алардын капталдары ишенимдүү бекемделиши керек.
Бош эшилме кыртыштарда иш капталдарды бекитбестен, бирок кыртыштын табигый эңкейиш бурчуна туура келген жантайыңкы кылып казылышы мүмкүн.
Чуңкурдан же узундукууш чуңкурлардан чыгарылган топуракты казылманын четинен 0,5мден кем эмес аралыкка ташто керек. Тереңдиги 2мден ашык болгон казылмаларда казуулар жана топурактарын бекитүү ЖЖД боюнча жүргүзүлүшү керек.
312. Табигый нымдуу топурактарда, жер астындагы суулар жана ага жакын жер астындагы курулуштар жок болгон учурда тик капталдары бар чуңкурларды жана узундукууш чуңкурларды бекитпей казууга: 1 мден ашпаган тереңдикке -төгүлүп төшөлгөн, кумдуу жана ири калдыктуу кыртыштарда; 1,25 м ашпаган тереңдикке- кумдуу чоподо; 1,5 м ашпаган тереңдикке – чопо топурактарында уруксат берилет.
Тыгыз, байланышы бириккен топурактарда тик капталдары бар узундукууш чуңкурларды ротордук жана узундукууш чуңкурдук экскаваторлор менен 3 мден ашпаган тереңдикте бекиткичтерди орнотпостон казууга болот. Мындай учурларда узундукууш чуңкурларга адамдардын түшүшүнө жол берилбейт. Узундукууш чуңкурларда адамдардын жайгашуусу зарыл болгон жерлеринде бекиткичтер коюлуп же жантаймалар жасалышы керек.
Кыш мезгилинде кыртыштын (кургактан башкасы) тоңдун тереңдигине чейин бекиткичтери жок иштетүүгө жол берилет.
313. 312-орунбелгиде көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган шарттарда, чуңкурлар жана узундукууш чуңкурлар жантаймалуу бекиткичтери жок, же вертикалдуу капталдарын толук бийиктигине чейин бекитүү менен иштелип чыгышы керек.
314. Тереңдиги 3 мге чейинки чуңкурларды жана узундукууш чуңкүрларды бекитүү дайыма катталуу менен жана үлгүдөгү долбоорлор боюнча жүргүзүлүшү керек.
Курулуш машиналарын жана автоунааларын жылдыруу, орнотуу жана иштетүү, колтарткыларды, жабдууларды, заттектерди жантаймалары бекилбеген казылмаларга жакындатып (чуңкурлар, узундукууш чуңкурлар, казылма арыктар) ЖЖД менен каралган топурактын уроо призмасынын чектеринен ары жайгаштырууга уруксат берилет, же жогоруда көрсөтүлгөн машиналардын, жабдуулардын, колтарткылардын, заттектердин эң жакынкы таяныч бөлүктөрүнөн казылманын жантаймасынын негизинен түз алгандагы 5-санирээткиде көрсчөтүлгөн аралыктан кем эмес жерде жайгаштыруу керек:
5- санирээтки
Казылманын тереңдиги, м | Топурактын түрү | |||
кумдуу | кумдак | чопо аралаш | чополуу | |
1,0 | 1,5 | 1,25 | 1,00 | 1,00 |
2,0 | 3,0 | 2,40 | 2,00 | 1,5 |
3,0 | 4,0 | 3,60 | 3,25 | 1,75 |
4,0 | 5,0 | 4,40 | 4,00 | 3,00 |
5,0 | 6,0 | 5,30 | 4,75 | 3,50 |
§ 28. Каптамазымдарды жана кошмокаптарды илүү жана бекитүү
315. Ачык кошмокаптар узундукууш чуңкурлардын үстүнө туурасынан ташталган устундарга зым же зымаркан менен илинген тактайга бекитилип, кутулар менен жабылышы керек. Кутунун бир капталы алынма болушу керек жана мыктарды колдонбостон бекитилиши керек.
Казылган каптамазымдарды жаап турган кутуларга эскертүү плакаттары же коопсуздук белгилери илиниши керек.
316. Каптамазымдарды илүү үчүн жанындагы каптамазымдарды, түтүк өткөргүчтөрдү жана башкаларды колдонбоо керек. Каптамазымдарды, алар жылбай тургандай кылып илүү керек.
§ 29. Кошмокаптарды ачуу, каптамазымдарды кесүү
317. Кошмокаптарды ачуудан же каптамазымдарды кесүүдөн мурда, оңдоло турган каптамазымда иш жүргүзүлө тургандыгына, бул каптамазым ажыратылгандыгына жана анда жумуш алып баруу үчүн керек болгон техникалык иш-чаралар аткарылгандыгына ынануу керек.
318. Жумуш ордунда оңдолуучу каптамазым төмөнкүдөй аныкталат:
1) тоннелге, коллекторго, каналга жана башка каптамазымдык курулмаларга же имараттардын дубалдарын бойлото каптамазымды тартууда – узатасынан карап салынгандыгын чиймелер жана түзмөктөр жана илинген сыргалары менен салыштырып текшерүү;
2) каптамазымды жерге төшөөдө - төшөө чиймелери менен анын жайгашкан жерин текшерүү. Бул максатта, топ каптамазымдардын туурасынан, алдын ала баардык каптамазымдарды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү көзөмөлдөөчү узундукууш чуңкур (шурф) казылып коюлушу керек.
319. Каптамазымдагы көрүнүктүү бузулушу жок болгон баардык учурларда, салынма алкагы бар каптамазымиздөөч колдонулушу керек.
320. Каптамазым кесүүдөн же туташтыруучу кошмокапты ачуудан мурун, каптамалоочу кошорсабы жана болот ийнеси , же кесүүчү учтугу менен болгон атайын аспаптын жардамы менен чыңалуу жок экенин текшерүү керек. Туннелдерде, коллекторлордо, кудуктарда жана башка каптамазымдык түзүлүштөрдө эки тарабынан азыктандырылуучу КЧларда , эгерде ал алыстан башкарылса, аппаратты каптамазымдын жабыркаган жеринин же кошуучу кошмокаптын эки жагынан тешүү менен колдонууга жол берилет. Аппарат зооткаптаманы жана каптамазымдык кабыкчаны тамырчатарамдарга чейин тешилишин же кесилишин, алардын ортосундагы кыска туташууну жана жерге туташтырууну камсыз кылууга тийиш.
321. Тешүүчү шайманды жердештирүү үчүн, топуракка кеминде 0,5 м тереңдикке чөмүлгөн жердеткичти же каптамазымдык зооткаптаманы колдонсо болот. Жерге туташтыруучу өткөргүчтү зооткаптамга туташтыруу каамытчаларды колдонуу менен жүргүзүлөт; каамытчанын астындагы зооткаптама тазаланып коюлушу керек. Зооткаптама дат баскан учурларда, жердештирүүчү зымды каптамазымдын темир кабыкчасына кошууга жол берилет.
322. Эгерде каптамазымдын бузулушунун натыйжасында агын өткөрүүчү баардык тамырчатарамдары ачылган болсо, анда чыңалуу жок экендигин түздөн-түз чыңалуу көрсөткүчү менен каптамазымды тешпестен текшерүүгө болот.
323. Ийнеси жана кесүүчү учу бар каптамалоочу кошорсапты колдонгондо тешүүчү жерде атайын коргоочу калканчыкты колдонуу керек.
Каптамазымды тешип жатканда агын өткөзбөөчү колкаптарды жана коргоочу көз айнектерди кийүү керек, мындайда узундукууш чуңкурдун үстүндө капталмаланган тегиздикте тешилүүчү каптамазымдан мүмкүн болушунча алыс туруу керек.
Каптамазымды тешүүнү эки жумушчу аткарышы керек: ишке киргизүүчү же иш жүргүзүүчү, же болбосо иш жүргүзүүчү жана жооптуу иш башкаруучу; алардын бири түздөн түз каптамазымды тешет, экинчиси байкоо жүргүзөт.
324. Электр чородондорунун жана көмөкчордондордун ички каптамазымдык чубалгыларында, каптамазымдардын узундугу жана тартуусунун ыкмасы чиймелерди, сыргаларды, каптамазым издөөчү аспаптарды колдонуу менен оңдолуучу каптамазымды так аныктоого мүмкүнчүлүк болгон учурда, иштаккагаз берүүчүнүн ыктыяры боюнча каптамазымды кесүүдөн же кошмокапты ачуудан мурун, тешпөөгө жол берилет.
325. Бириктирүүчү кошмокаптарды ачуу жана каптамазымды кесүү, алдын ала тешүү жүргүзүлбөгөн учурларда, жерге туташтырылган шаймандар менен, агын өткөзбөөчү колкаптарды жана коргоочу көз айнектерди кийип жана капталмалоочу тегиздиктин үстүндө туруп, аткарылышы керек.
Алдын ала тешилген каптамазымдарда, ошол эле иш аракеттер саналып өткөн кошумча коопсуздук чараларды аткарбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.
§ 30. Кошмокаптарды толтуруу үчүн курамдар менен иштөө, газ күймөлөрүн колдонуу
326. Кошмокаптарды толтуруучу курамдар капкагы жана чоргосу бар атайын темир идиште жылытылат. Курамдары бар ачыла элек банкаларды жылытууга тыюу салынат. Каптамазымдык чайыр ачылган банкадан жылдын жылуу мезгилинде ысытылган бычактын жардамы менен алынып чыгарылат, суук кезде- омурулуп алынат.
327. Кошмокаптарды толтурууда ысытылган курамдар жана кандоочтор менен иштеген учурда (кандоочу бар, ошондой эле чайыры бар идишти идишти жылытып, алып жана ары-бери көтөрүп жылдырган учурда) таар кол каптар жана коргоочу көз айнектер колдонулушу керек.
Кийимдин жеңи кол каптын үстүнөн билегине жеткизип байлоо керек же болбосо чыканакка жеткен кол каптарды пайдалануу керек. Ысык курамдары жана кандоочтору бар идиштерди колдон колго берүүгө тыюу салынат. Берүү учурунда аларды жерге же бекем тегиздикке коюу керек.
328. Кошмокаптарды куюп толтуруу үчүн эриген курамды жана кандоочту алдын ала ысытылган темир таякча же кашык менен аралаштыруу керек. Ысытылган курамдарга жана кандоочко нымдын киришине жол берилбейт.
Каптамазымдык кудуктарда, туннелдерде, каптамазымдык курулмаларда каптамазымдык чайырларды ысытууга тыюу салынат.
Газ күймөлөрү же темир мештер (плиталар) менен ысытылып отургузулуучу кошмокаптарды жасоодо (куроодо) төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- газ челегин иштөө ордунан 5 м жакын жайгаштырууга;
- кыш мезгилинде басымды жогорулатуу үчүн газ челегин жылытууга;
- сарпжөндөгүчту үйлөтүп тазалоо учурунда газдын агымы тарапта турууга (жайгашууга);
- газдын агып чыгуусун текшерүүнү жана сарпжөндөгүчтүн тоңун эритүүнү от менен жүргүзүүгө;
- газ челегинин сарпжөндөгүчүнүн ачык абалында газ күймөнү жана мешти (плитаны) кошуп ажыратууга.
329. Суук мезгилде кошмокаптарды ысык курамдар менен толтуруудан мурун жылытуу керек.
§ 31. Каптамазымдарды төшөп жайгаштыруу жана кайра жайгаштыруу, кошмокаптарды которуу
330. Каптамазымдары менен болгон чыгырыкты тоголотуу учурунда иштеп жаткандардын кийимдерин анын чыгып турган бөлүктөрүнүн илип кетпөөсу үчүн чара көрүү зарыл. Чыгырыкты дөңгөлөтүү жумуштарын баштаардын алдында каптамазымдын учтарын бекитип коюу керек жана чыгырыктан оркоюут чыгып турган мыктарды сууруп татап.
Каптамазымдары менен болгон чыгырыкты түз түздүктө катуу жер же бышык төшөмдүн үстү менен токтотуучу жөндөгүчү бар болгон учурда гана жылдырууга болот.
Каптамазымдарды, бош чыгырыкты, механизмдерди, жөндөгүчтөрдү жана шаймандарды топурактын урап түшүүчү призмасынын сыртына жана узундукууш чуңкурдүн четинен 1 м жакыныраак жерге коюу керек.
331. Каптамазымды кол менен төшөөдө жумушчулардын саны, ар бири үчүн, эркектерге 35 кг, аялдарга 15 кг салмактан ашпаган каптамазымдын бөлүгү туура келгендей кылуу керек. Жумуш таар кол кап кийип жасалышы керек.
332. Каптамазымды төшөөдө бурулуунун ички бурчунда турууга, ошондой эле каптамазымдык трассанын бурулуштарында каптамазымды кол менен кармап турууга тыюу салынат. Мындайда бурчтук чыгырыктар орнотулушу керек.
Электр агыны менен каптамазымдарды жылытуу үчүн чыңалуусу 380 В жогору болгон трансформаторлорду колдонууга тыюу салынат.
333. Каптамазымдарды которууну жана кошмокаптарды көтөрүп жылдырууну каптамазымдык чубалгысын ажыраткандан кийин жасоо керек.
Зарыл болгон учурда төмөнкү шарттарды сактоо менен агын өткөрүүчү каптамазымдардын ордун алмаштырууга жол берилет:
1) жылдырыла турган каптамазымдын температурасы 5°Сдан төмөн эмес болушу керек;
2) каптамазымдын жылдырылуучу бөлүгүндөгү кошмокаптар тактайларга каамытча менен катуу бекитилиши керек;
3) жумушту аткаруу үчүн агын өткөзбөс кол каптар колдонулушу керек, анын үстүнөн механикалык бузулуулардан коргоо үчүн таар кол кап кийүү керек;
§ 32. Жер астындагы курулумалардагы иштер
335. Газ коркунучуна кирбеген жер астындагы курулмаларды кароо жана алардагы тазалоо, кабелдерди сырдоо, курулуштук оңдоо иштерин ж.б. экиден кем эмес жумушчулар аткаруулары керек. Электр чордондорунда жана көмөкчордондордо, газ коркунучуна туура келбеген коллекторлорду жана тоннелдерди буйрутма боюнча III- топтогу бир адам карап текшере алат, туруктуу (телефондук, радио) байланыш болгон учурда .
336. Зыяндуу газдардын пайда болушу мүмкүн болгон жер астындагы курулмалардагы иштерди үчтөн кем эмес кызматкер иштаккагаз менен жүргүзүүлөрү керек, алардын экөө коопсуздукту сактоочу болуп саналышат. Жумушту аткарып жаткан жумушчулардын жана коопсуздукту сактоочулардын ортолорунда көрүп туруучу жана/же үндүк байланыш орнотулушу керек. Иш жүргүзүүчү электр коопсуздугу боюнча IV- топко ээ болушу керек.
337. Ар бир иш бөлмөдө (райондо, бөлүмдө) газ коркунучу бар жер астындагы курулмалардын тизмеси болушу керек, ал боюнча тейлөөчү ишкерсан тааныштырылышы керек.
Баардык газ коркунучу бар жер астындагы курулмалар түзмөктө (болжомдо) белгилениши керек. Газ коркунучу бар бөлмөлөрдүн эщиктери жана капкактары ишеничтүү жабылышы керек жана пайдалануудагы үлгүчендердин негизиндеги белгилери болуш керек.
338. Жер астындагы курулушта иштөөгө чейин жана иштөө учурунда табигый же мажбурлоо түрүндө желдетүү камсыз кылынууга тийиш жана абада кычкылтектин курамы боюнча талдоого алуу керек, анын курамы 20%дан кем болбошу керек.
Табигый желдетүү, аба агымын багыттоочу, алардын жанына атайын калканчтар орнотулган экиден кем эмес жапма тешиктерди ачуу менен түзүлөт. Жумуш баштоо алдында табигый желдетүүнүн узактыгы 20 мүнөттөн кем болбошу керек.
Жер астындагы курулмада толук аба алмашууну мажбурлоо түрундө камсыз кылуу үчүн түбүнө 0,25 м жеткизбей ылдый түшүрүлгөн жеңдер аркылуу желдектичти же аба кыскычты 10-15 мүнөткө күйгүзүү менен камсыз кылынат.
Желдетүү үчүн кысылган газы бар баллондорун колдонууга тыюу салынат. Эгерде табигый жана мажбурлап желдетүүлөр зыяндуу заттарды толук тазалоону камсыз кыла албаса, жер астындагы курулмаларга бир гана дем алуу түзүлүштөрүн жеке коргоо каражаттарын колдонуп кана түшүүгө уруксат берилет, анын ичинде ийкемдүү түтүгү бар газкаршылыктарын пайдалануу менен.
339. Жер астындагы курулмаларда газдын бар жогун текшербестен аларда иш баштоого тыюу салынат. Текшерүүнү аспаптарды колдонууга үйрөтүлгөн адамдар жүргүзүшү керек. Бул адамдардын тизмеси ишкана боюнча көрсөтмө менен бекитилет.
Газдардын жоктугун ачык от менен текшерүүгө тыюу салынат.
340. Соруп- чыгаруучу желдетме менен жабдылган коллекторлордо жана тоннелдерде ишти баштоодон мурун, алар жергиликтүү шарттарга аныкталган мөөнөткө ишке киргизилиши керек. Бул учурда газдын жоктугун текшерүүнүн кереги жок.
341. Коллекторлордо жана тоннелдерде иштегенде эки жапматешик же эки эшик ачык болушу керек, ошол учурда жумушчулар алардын ортосунда болгондой болуп. Ачык жапматешикте эскертүүчү белги коюлуп же тосмолор жасалып коюлушу керек. Жумуш башталганга чейин ишкертоп мүчөлөрү күтүлбөгөн кырдаалдардын учурларында жер астындагы курулмалардан чыгарылып кетүү болжому менен тааныштырылышы керек.
342. Кудуктарды ачууда учкун чыгарбаган аспапты колдонуу керек, ошондой эле капкакты жапматешиктин оозуна уруп албаш керек.
Кудуктун ачык жапматешиктерине эскертүүчү белги же тосмо орнотулушу керек.
343. III- топтогу бир адамга кудукта калууга жана иштөөгө коопсуздук арканы бар коопсуздук курун колдонуу менен уруксат берилет. Коопсуздук кур арка жактан кайчылашкан ийинге илинүүчү курлар менен камсыз болушу керек, кесилишинде арканды бекемдөө үчүн шакекчеси болушу керек. Аркандын экинчи учун коопсуздукту сактоочу кызматкерлердин бири кармап турушу керек.
344. Кудуктарда иштөөдө аларда ширетүүчү шамдарды күйгүзүүгө, бутан- пропаны газ толтурулган жапмачелектерди орнотууга, кошмокаптарды толтуруу үчүн кошулмаларды жана кандоочту ысытууга тыюу салынат. Кошмокаптарды куюуп толтуруу үчүн кудукка эриген кандоочту жана ысытылган курамдарды атайын жабык идиште темир зым арканына карабин аркалуу илинип түшүрүлүшү керек.
От менен байланышкан жумуштарды жүргүзгөн учурларда жалындын таралышын чектөөчү отко чыдамдуу заттектерден жасалган калканчтар колдонулуп жана өрттүн чыгышына жол бербөө үчүн чаралар көрүлүшү керек.
345. Коллекторлордо, тоннелдерде, каптамазымдык жарым кабаттарда жана каптамазымдар тартылган башка бөлмөлөрдө бутан, пропанды пайдалануу менен иштөөдө, бөлмөдөгү челектердин жалпы сыйымдуулугу 5 литрден ашпоого тийиш.
Иш аяктагандан кийин газ челектери чыгарылып жана бөлмө желдетилиши керек.
346. Каптамазымдарды күйгүзүп тешүүдө кудукта болууга тыюу салынат, ал эми тоннелдерде жана коллекторлордо эки ачык кириштин ортосундагы бөлүктөрдө гана уруксат берилет. Каптамазымдарды күйгүзүп тешүүдө аларда иштөөгө тыюу салынат.
Күйгүзүп тешкенден кийин өрт чыкпоо үчүн каптамазымдарды текшерүү керек.
347. Туннелдерде жумушка жана текшерүүгө киргизүүнүн алдында алардагы өрттөн коргоочу түзүлүштөр автоматтык иш-аракеттен аралык башкарууга өткөрүлүп жана башкаруу ачкычында «Күйгүзбө! Адамдар иштеп жатат» деген плакат илиниши керек.
348. Кудуктарда, коллекторлордо жана тоннелдерде, ошондой эле ачык жапматешиктерде 5 мден жакын жерде тамеки тартууга тыюу салынат.
349. Кудуктарда, коллекторлордо жана тоннелдерде узак убакыт иштегенде аларда иштөө убактысы жумуштун шарттарына жараша иштаккагаз берүүчү тарабынан аныкталат.
350. Газ пайда болгон учурда кудуктардагы, коллекторлордогу жана туннелдердеги жумуштар токтотулуп, газ менен булгануу булагы аныкталып жана жок кылынганга чейин жумушчуларды кооптуу аймактан чыгаруу керек.
Газдарды сүрүп чыгаруу үчүн мажбурлап желдетүүнү колдонуу керек.
Кудуктардагы, туннелдердеги жумуш орундарын жарыктандыруу үчүн 12 В чыңалуусундагы көчмө же энергия чогулткучтуу (аккумулятордук) жарылуудан корголгон чырактар пайдалануулары зарыл. Чырактардын 12 Втук чыңалуудагы трансформаторлору кудуктун же туннелдин тышында жайгаштыруу керек
18-бөлүм. Аба электр чубалгылары
§ 33. Түркүктөрдөгү жумуштар
351. Аба чубалгыларынын түркүктөрүн жана зымдарын чечүүдө, ошондой эле түркүктүн бөлүктөрүн, тизмектелген зымчыныларын алмаштыруу боюнча иштер иш башкаруучунун катышуусунда технологиялык карта же ЖЖД (ППР) боюнча жүргүзүлүшү керек.
352. Түркүктүн жетишерлик туруктуулугуна жана бекемдигине ишеним болгондо гана түркүккө чыгууга жана анын үстүндө иштөөгө уруксат берилет. Бекемдиги күмөндүү болуп (жетишсиз тереңдетүү, топурактын чөгүп же көөп чыгышы жыгачтын чирип кетиши, түркүктүн (жалгаманын) куйматашындагы жаракалар, упурап түшүүлөрү, темир түркүктөрдө пайдубалдардын жабыркоолору, омоктук буроолордо жана бурамаларда ар кандай кыйшаюлары, чойгучтардын жана жердеткичтердин абалдары ж.б.) түркүктү бекемдөөнүн зарылчылыгы болгонун жана ыкмаларынын түрүн тандоону иш жүргүзүүчү жана иш жетектөөчү тарабынан жумуш ордун даярдоо, жумушка киргизүү жана жумушту аткаруу учурунда түздөн-түз эле түркүккө чыгаардын алдында жеринде аныкталат.
Чойдургучтарды колдонуу менен түркүктү бекемдөө иштерин түркүккө көтөрүлбөстөн, башкача айтканда, телескопиялык мунарадан же адамдарды көтөрүүчү башка механизмден, жанында орнотулган түркүктөн аткарылышы керек же бул үчүн атайын аларды илүү үчүн түркүккө чыкпай бекитүүчү түзүлүштөрдү колдонуу керек.
Түркүккө чыгууга аны бекемдегенден кийин гана уруксат берилет.
353. Зымдар жана кабелдер менен бир тараптуу тартылууга арналбаган жана мындай тартылууга убактылуу дуушар болгон түркүктөр, алардын кулап калбашы үчүн, алдын ала бекемделиши керек.
Алдын ала түркүктөрдү бекемдебестен ортоңку түркүктөрдөгү зымдардын бүтүндүгүн бузууга жана байлагычтарын чечүүгө тыюу салынат.
354. Түркүктөргө чыгууга төмөндөгү ишкертоп мүчөлөрүнө уруксат берилет:
1) III- топ менен – түркүктун чокусуна чейинки жумуштардын бардык түрлөрү үчүн;
2) II - топ менен - аба чубалгысын өчүрүп, түркүктүн башына чейин аткарылган жумуштарда жана өчүрүлбөгөн аба чубалгысынын ток өтпөгөн бөлүктөрүндө иштөөдө жумушчунун башынан ушул аба чубалгысынын төмөнкү зымдарына чейин - 2 м аралыкта турган деңгээлден жогору эмес шартта. Тирөөчтөрдү сырдоо иштерин алып салган учурлардан башкасы (353-о.б.);
3) I-топ менен - жерден 3 м бийик эмес (жумушчунун бутуна чейин) жумуштун бардык түрлөрү үчүн.
Бийиктиктеги иштердин айрым түрлөрүн ушул Эрежелерде белгиленген электр коопсуздук топтору бар жумушчулар аткарууга тийиш.
355. Жыгач жана темир-куйматаш түркүктөргө көтөрүлүүдө коопсуздук курунун бекиткич арканын жыгач түркүктөргө айланта, ал эми темир-куйматаш түркүгүнө чыкканда түркүккө айланта же лазга бекитип чыгуу керек.
Шишке орнотулчу зымчынылары бар бурчтук түркүктөрдө бурчтун ички капталынан көтөрүлүүгө жана иштөөгө тыюу салынат.
Түркүктө коопсуздук курун колдонуу менен жана эгер колдонулса эки тырмакка (лаз) тең таянып туруп иштөө керек.
Түркүктө туруп иштегенде жакынкы агын өткөрүүчү зымдарды көзөмөлдөн жоготуп албагыдай болуп жайгашыш керек.
356. Түркүктүн бөлүктөрүн алмаштырууда анын жылып же кулап кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу керек.
357. П- жана AП түрүндөгү түркүктөрдүн жалгыз жана кош жалгамаларын алмаштырууда эки түркүктүн тең түптөрүн казууга тыюу салынат. Алгач түркүктүн бир тирөөчүнүн жалгамасын алмаштырып, кырчоосун бекитип, жерин таптап, андан кийин гана түркүктүн башка тирөөчүнүн жалгамасын алмаштырууга өтүү керек. Кош жалгамаларды бирден алмаштыруу керек.
Жалгамаларды чыгарып же түшүрүүдө чуңкурда болууга тыюу салынат.
358. Четтөөлөрдү болтурбоо үчүн түркүктү жыгуу жана орнотуунун ыкмаларын, бекемдөөнүн зарылдыгын жана ыкмаларын иш жетектөөчү, ал эми ал дайындалбаса, иштаккагаз берген кызматкер аныктайт.
359. Илмектери бар чойдургучтарды колдонгон учурда, акыркылар коопсуздук кулпулары менен жабдылышы керек.
360. Капталмалоочу зымчынылар илмегинде иштөө учурунда бир чынжырлуу жана көп чынжырлуу (зымчынылардын эки же андан көп тизмектемелери менен) жана чойдурма көп чынжырлуу илмек менен жүрүүгө жол берилет.
Бир чынжырлуу капталмалоочу чойдурма илмекте, атайын ыкташтырмаларды колдонуу менен же анын үстүнө жатып, дененин абалын бекитүү үчүн кыяпкарыны буту менен карманып туруп иштөөгө жол берилет.
361. Капталмаланган кармоочу илмекте иштөө учурунда коопсуздук курунун арканы траверске бекитилиши керек. Эгерде аркандын узундугу жетишсиз болсо, курга бекитилген эки коопсуздук арканды колдонуу керек. Бир аркан кыяпкарыга байланат, ал эми экинчисин, алдын ала кыяпкарыга оролгонун, коопсуздукту сактоочу ишкертоп мүчөсү зарылчылыкка жараша кое берип турат.
362. Капталмалоочу чойдурма илмекте иштегенде коопсуздук курларынын арканын кыяпкарыга же ушул максат үчүн арналган ыкташтырмага бекитилиши керек.
363. Көп чынжырлуу капталмалоочу чойдурма жана кармоочу илмектерде коопсуздук курунун арканын иш алып барылбаган зымчынылардын бир тизмегине бекитүүгө жол берилет. Бул арканды иш жүрүп жаткан тизмекке бекитүүгө тыюу салынат.
364. Капталмалоочу илмектин ажырап кетүүсүнө алып келе турган бузулуулар аныкталган учурда, жумуш токтотулушу керек.
365. Зымдарды, зымаркандарды кыяпкарыларга көтөрүүдө (же түшүрүүдө), ошондой эле аларды чоюу учурунда бул кыяпкарыларда же
алардын астындагы түркүктө болууга тыюу салынат.
Жүктү көтөрүү түзмөгүн тандоодо жана көтөрүүчү сапсалгыларды жайгаштырууда түркүккө зыян келтире турган күчтөр пайда болбостугун эсепке алуу керек.
366. Түркүктү, анын үстүнө көтөрүлүү менен, сырдоону II- топтогу ишкертоп мүчөлөрү аткара алышат. Түркүктү сырдоодо, сырдын зымчыныларга жана зымдарга түшпөшү үчүн чараларды көрүү керек (мисалы, түпкүчтөр колдонулат).
§ 34. Чыналуу астында иштөө
367. Чыңалуу астындагы аба чубалгыларында жумуштар үч түзмөк менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) “электр орнотмонун агын өткөрүүчү бөлүгү – капталма – адам – жер”;
2) 1000 Втон жогорку жана 35 кВ жана аны камтыган чыңалууну кошкондогу электрорнотмолордогу жумуштарды “обочолонгон” ыкмадагы түзмөк боюнча - «зым (электр орнотмонун агын өткөрүүчү бөлүгү) -адам-капталма-жер»;
3) «зым (электр орнотмонун чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүгү)-адам- капталма - жер», иштеп жаткан адам зымдын чыңалуусу астында жана жерден обочолонулган абалда.
368. Биринчи түзмөк боюнча 35 кВко чейинки жана аны кошкондогу электроорнотмолордогу жумуштар эки ыкма менен аткарылат:
- тийимдеги ыкма боюнча, бул жерде электр коопсуздугун камсыз кылуучу негизги электркоргоо каражаты катары чыңалуунун тиешелүү табындагы агын өткөзбөөчү колкаптар, каптамалоочу жабуулар (коймолор) жана каптамалоочу шаймандар эсептелинет. Бул ыкма менен 1000 Вко чейинки АЧларда (КАЧтарда) жана ТКлардын жана ЖКТлардын 1000Вко жабдууларында жумуш жүргүзүлгөн жердин агын өткөзүүчү бөлүктөрүндө капталмалоочу жабууларды (коймолорду) орнотуу менен аткарылат.
1000 Вко чейинки АЧларда (КАЧтарда) капталмалоочу тогоосу жок көтөрүүчү курулмаларды бешикчесин капталмалоочу жабуулар менен жаап (капталмалоочу жабууну бешикченин жертамандын баардык периметри (айланасы) боюнча, бешикченин таянычтарын, анын ичинде тосмолоочу тактайчаларын, чечилме тосмолорун же бешикчеге кире турган тешикти жабуучу эшикти кошуп ага капталмалоочу жабууларды (коймолорду) үстүнө салып пайдаланууга жол берилет.
- аралыктагы ыкмада жумуштар негизги (каптамалоочу сап, кычкачтарды) жана кошумча (сыноочу чыңалуусу тийиштүү таптагы агын өткөзбөөчү колкап, ботылар, гөлөчтөр, коймолор, агын өткөзбөөчү килемчелер) электркоргоочу каражаттарды колдонуу менен аткарылат. Бул ыкма БТларда, ТЖларда (ТТЖ, СТТЖ, ЖТЖ, МТЖ) жана АЧларда (КАЧтарда) жана 1-35 кВ чыңалуусундагы жабдууларда.
Жумуштарды аралыктагы ыкма менен аткарган учурда электрорнотмонун агын өткөрүүчү бөлүктөрүнө каптамалоочу жабууларды орнотуу талап кылынбайт. Кошорсап менен иштеген учрда сынноочу чыңалуусу тийиштүү таптагы агын өткөзбөөчү колкапты пайдалануу керек, агын өткөзүүчү бөлүктөрдөн жумушчуга чейинки жол берилген аралыкты (0,6м) сактоо менен, № 1- санирээткиге ылайык.
Каптамалоочу кошорсапты колдонуу менен агын өткөрүүчү бөлүктөрдө, же мунаралык жана түркүктүк трансформатордук жайлардын (мындан ары МТЖ жана ТТЖ) 1000 Вко чейинки агын өткөзүүчү бөлүктөрүндө чыңалуу астында түздөн-түз алар менен тийүү менен аралыктан жумуштарды аткарган учурда 1000 Втон жогорку жана аны алгандагы азыктандыруучу АЧларда жана жабдууларда АКК, КАККлардын аракеттерин чыгарып коюу талап кылынбайт.
369. Электрорнотмолордо “обочолонуу” ыкмасы менен чыңалуу астында жумуштарды аткарган учурда, 6-35 кВ АЧыларынын агын өткөзүчү бөлүктөрүндө каптамаланган тогоосу бар автогидрокөтөргүчтөр, тийиштүү таптагы чыңалуудагы агын өткөзбөөчү колкаптар жана агын өткозбөөчү жеңдер (киймежеңдер) колдонулат. Жумуш жүргүзүлө турган чыңалуудан башка чыңалуу астындагы 6-35 кВтук электрорнотмолордун бөлүктөрүн (түркүктүн тулкусу, жердетилген темир түзүлүштөр, зымдар, зымчынылар, дүрмөтсүздөндүргүчтөр, АЧЧлар) ЭОнун ар кандай чыңалуудагы бөлүктөрүнө жумушчунун бир эле учурда тийүүсүнө жол бербеген атайын каптамалоочу коймолор, килемчелер (резиналык жүкжапмалар, зымчынынын коргоочу кабыкчасы, каптамалоочу үлбүрөккабыкчалар ж.б.) менен жаап коюу керек.
Жумуш аткарылуучу жердеги чыңалуу астында турган 35 кВ ко чейинки агын өткөзүүчү бөлүктөргө, ошондой эле жумуш ордуна жакын жайгашып жумушчунун жете турган аймагында турган, аларга кокусунан тийип ала турган жерлерде жана аларды өчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, аларга да ошондой эле каптамалоочу жабууларды орнотуу керек (коймолорду, килемчелер – резиналык жүкжабуулар, зымчынын коргоочу кабыкчасы, каптамалоочу үлбүрөккабыкча ж.б.) же кокустан тийп албоо үчүн корук орнотуп коюу керек.
370. Ишкана боюнча же өзүнчө четтетилген бөлүмүндө (туундусунда – филиалында) агын өткөзүүчү бөлүгүндө чыңалуу астында иштөөгө уруксат берилген, техникалык башчы же электр чарбасына жооптуу тарабынан кол коюлуп уюмдун же өзүнчө четтетилген бөлүмүнүн (туундусунун – филиалынын) башчысы менен бекитилген 1000 Вко чейинки жана андан жогорку электрорнотмолорундагы жумуштардын тизмеси түзүлүп коюулушу керек.
371. Ар кандай чыңалуу табындагы башка АЧлар менен кайчылашуулары бар АЧылар же КАЧтын абалык бөлүгүндө чыңалуу астында иштеген учурда жумуштар жүргүзүлүп жаткан АЧылардын чыңалуу табына туура келген коргоо каражаттарын колдонуу керек.
АЧлар кайчылашкан жерлерде агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астындагы жумуштарга тыюу салынат, 6(10) кВтук КРАЧтардын (КАЧтардын) 0,4 кВтук КАЧтары менен кайчылашкандарды албаганда. Кайчылашуу аралыгын чектеген, кайчылашуу жерине коншулаш түркүк аралыгында, кайчылашуу аралыгынан тышкары болгон түркүктөр аралыгында (коңшулаш түркүктөр аралыктарын алып таштаганда) жана башка инженердик курулмалар менен кайчылашкандагы түркүктөрдө чыңалуу астында жумуштарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн инженердик курулманын ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү аныктайт.
372. Чыңалуу астындагы жумуштарды - “чыңалуу астындагы электрорнотмонун агын өткөзүүчү бөлүгү – каптама – адам- каптама – жер” түзмөгү боюнча иштөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет:
- адамды жерден тиешелүү чыңалуудагы атайын түзүлүштөр менен обочолотуу учурунда;
- техникалык эрежелерге жана башка милдеттүү түрдөгү талпатарга туура келген калкандоочу кийимдин топтомун колдонуу;
- калканчтын, жумуш аянтчасынын жана зымдын чыңалуулары (потенциалдарын) теңделгенде.
Чыңалууну теңдөө чыңалууну которууга ылайыкталган атайын сап менен жүргүзүлөт.
Жумушчу, зымга көтөрүлүүнүн алдында, тоскуч комплектисин чыңалуу которуучу сап менен монтер кабинасына туташтырууга тийиш,эгерде ал колдонулса.
Бул жумуштарды жүргүзүүдө адамдан жерге туташтырылган тетиктерге жана жабдуулардын бөлүктөрүнө чейинки аралык 1-ирээткиде көрсөтүлгөндөн кем болбошу керек.
Чыңалуу астындагы зымдардагы иштердин даректүү түрлөрү иш жүргүзүүчү (технологиялык) карта боюнча атайын нускамаларга ылайык жүргүзүлүшү керек.
373. Чыңалуу астында турган агын өткөзүүчү бөлүктөрдөн адамды капталмалоо менен чыңалуу астында жүргүзүлүүчү иштер иштеп жаткан адамды жердин потенциалынан тийиштү чыңалуу табындагы атайын каптамалоочу түзүлүштөр менен обочолотуу жана электрдик коргоо каражаттарын (тийиштүү чыңалуу табындагы агын өткөзбөөчү колкаптарды, агын өткөзбөөчү жеңдер, пахта кездемелик колкаптар, коргоочу булгаары колкаптар, каптамалоочу жабуулар (коймолор)) колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Агын өткозбөөчү колкаптын жең учтарыжумуштун иш жүрүшундө агын өткозбөөчү жеңдерди жаап турушу керек, колдун корголбогон бөлүгүн пайда болушун болтурбоочу аралыкта. Агын өткөзбөөчү колкаптарды механикалык жабыркоолордон коргоо үчүн коргоочу булгаары колкаптарды пайдалануу милдеттүү түрдө болушу керек.
Чыңалуу астында турган агын өткөзүүчү бөлүктөргө электр агынынан жабыркоодон корголбогон дененин бөлүктөрү менен 150 ммден кем аралыкка жакындоого жол берилбейт.
Каптамалоочу тогоосу менен болгон көтөргүчтү (мунараны) колдонгондо чыңалуу астында турган агын өткөзүүчү бөлүктөн жакынкы көтөргүчтүн агын өткөзүүчү бөлүгүнө чейинки аралык № 1- санирээткиде көрсөтүлгөн аралыктан кем болбошу керек.
1000 Вко чейин жана андан жогорку чыңалуудагы электрорнотмолорунда жумуштарды чыңалуу астында “тийүү менен” жана “обочолонуу” ыкмалары боюнча аткарган учурда каптамалоочу жабууларды (коймолорду) колдонуу керек чыңалуу астында иштөөгө ылайыкташтырылган электрорнотмонун бөлүгүн каптамалоо үчүн, жумуштар жүргүзүлүп жаткан электрорнотмонун чыңалуу табына жараша, бул учурда электрорнотмонун чыңалуу астында болбогон агын өткөзүүчү бөлүгүнө каптамалоочу жабууларды (коймолорду) орнотууну эң жакынкыларынан баштап жүргүзүү керек, ал эми чечкенде тескери ирээтте.
Зымдын чыңалуусу астындагы так аныкталган жумуштарынын түрлөрү атайын нускамалар же технологиялык карталар, ЖУД, ЖЖДлар менен аткаруулары керек.
374. Чыңалуу астындагы зымдардагы иштерди IV- топогу ишкертоп мүчөлөрү (ток өткөрүүчү бөлүктөргө түздөн-түз тийүү менен) аткарууга укуктуу, ал эми бригаданын калган мүчөлөрү III- топко ээ болууга тийиш.
1000 Вко чейинки электрорнотмолорунда агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында жумуштарды аткарууга укуктары бар ишкертоптун мүчөлөрү III- дөн кем эмес электркоргоотобу менен болуулары керек, жооптуу башкаруучу жана иш жүргүзүүчу - IV- электркоопсуздук тобунан төмөн эмес, 1000 Вко чейинки КАЧтардагы жумуштарды аткарган учурларды албаганда.
375. Зымдагы чыңалуудан башка чыңалуусу бар зымчыныларга жана капталмаланган илмектердин арматураларына тийүүгө, ошондой эле ошол эле жумуш аянтчасында турбаган, зымдын чыңалуусу астында турган капталмалоочу түзүлүштүн аянтчасындагы жумуштарды аткарууда, жумушчуларга шаймандарды же ыкташтырмаларды берип же алууга тыюу салынат.
376. Каптамалоочу илгичтер боюнча иштерди баштоонун алдында ченегич таякча менен асма зымчынылардын агын өткөзбөөчүлүк бекемдигин жана арматурадагы баардык төөнөгүчтөрдүн жана кулпулардын бар экендигин текшерүү керек. Бошотуучу кыскычтар болгондо, алар иш жүргүзүлүп жаткан тирөөчкө, ал эми трассанын өйдө-төмөндүгү боюнча талап кылынса, чектеш тирөөчтөрүнө кынап салынышы керек.
377. Капталмалоочу илмектеги кайра туташтыруу, жеке зымчыныларды, арматураларды, капталмалоочу түзүлүштөрдө же кыяпкарыларда жайгашкан эпкерлер тарабынан, эгерде илмектеги жарактуу зымчынылардын саны 70% кем эмес болсо, ал эми 500 кВ аба чубалгыларынын бир илмегинде бештен ашык эмес бузулган зымчынылар болсо, алмаштыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө жол берилет
378. 220 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларындагы капталмалоочу илмектерди которуп илүүнү кыяпкарыдан аткарган учурда, керектүү ыкташтырмаларды кыяпкарыдан чыгарып жана орнотууну агын өткөзбөөчү колкаптар жана тоскуч жыйнагында жүргүзүү керек.
35 кВ аба чубалгыларынын капталмаланган илмегинде эки жарактуу зымчынынын биринчи зымчынысынын калпагына, ал эми 110 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларында - биринчи жана экинчи зымчынылардын калпактарына тийүүгө жол берилет. Зымчынылар кыяпкарыдан баштап эсептелинет.
379. 35-110 кВ аба чубалгыларында түтүкчөлүү дүрмөтсүздөндүргүчтөрдү чыңалуу астында орнотууга капталмалоочу илмектик аралык белгилегичтер колдонулган шартта жол берилет, дүрмөтсүздөндүргүчтүн тышкы электродунун зымга белгиленгенден азыраак аралыкка жакындоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу менен.
Дүрмөтсүздөндүргүчтүн сырткы электродун зымга жакындаткан учурда, же электродду, дүрмөтсүздөдүргүчтү чечип жатканда, алыстатуу учурларында газдардын атырылып чыгуусу мүмкүн болгон аймакта болууга тыюу салынат. Дүрмөтсүздөндүргүчтүн сырткы электродун жакындатуу же алыстатуу капталмалоочу саптын жардамы менен жүргүзүлөт.
380. Түркүктөн капталмаланган чагылгандан коргоочу зымарканга 1 м ден аз аралыкка жакындап келүүгө тыюу салынат.
Зымарканды муз эритүү түзмөгүндө колдонгон учурда зымарканга жакындоонун жол берилген аралыктары эрүү чыңалуусуна жараша аныкталышы керек.
381. Чыналуу астындагы аба чубалгыларында жана аба байланыш чубалгыларында туманда, жаан-чачында, кар жааганда, караңгыда, ошондой эле түркүктөрдө иштөөнү кыйындаткан шамалда иштөөгө тыюу салынат. § 35. Иштеп жаткан аба чубалгысы менен кесилишкен аралыктарда, илептик чыңалуу астындагы аба чубалгыларында, көп чынжырлуу аба чубалгысынын өчүрүлгөн бир чынжырындагы жумуштар, фазалар боюнча оңдоолор382. Зымдарды жана зымаркандарды орноткондо жана алмаштырууда*
_____________________
* Ушул жана кийинки орунбелгилеринин талаптары каптамазымдарга да тиешелүү.
аларды бир калыпта, жулкпай жай, тартуучу аркандар агын өткөрүүчү
зымдарга чабышпагандай жана жакындап калбагандай жандырып тартуу керек. Чойдургу жана каршы чойдургу үчүн өсүмдүк же синтетикалык булалардан жасалган аркандар колдонулушу керек, алардын узундугун жетиштүү кыскалыкта гана жана боштуксуз кылып чоюп тартуу керек.
Иштөө учурунда колдонуучу көтөргүлөр жана болот зым аркандары жерге туташтырылышы керек.
383. Илептик чыңалуу астындагы АЧылардагы жумуштар жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) БТда эки тарабынан тең АЧларды жердетүү менен жана жумуш ордунда да чыңалууну теңдөө технологиясын пайдаланып жана төмөндөгу чараларды аткаруу менен:
- оңдоого чыгарылып жаткан АЧ эки тарабынан тең БТда жердетилиши керек;
- темир түркүктө иштеген учурда ишкертоптун жумуш ордунда АЧынын фазалык зымдары (зымаркандар) түркүктүн тирөөчүнө, ал эми темир-куйматаш түркүгүндө – оң абалдагы, орнотулган талаптарга туура келген турактуу жердеткичке жердетилиши керек;
- телемунарадан (көтөргүчтөн) жумуш аткарган учурда, мунаранын жумушчу аянтчасы чыңалууну теңдөө үчүн жылдырууга атайын саптын
жардамы менен кесилиши 25 мм2ден кем эмес ийкемдүү жез зымөткөргүч менен зымга кошулушу керек, ал эми мунаранын өзү жердетилиши керек. Зым бул учурда жакынкы түркүктө же аралыктагы жумуш ордунда жердетилиши керек.
Телескопиялык мунаранын жумушчу аянтчасын зым менен туташтыргандан кийин мунаранын кабинасына кирүүгө жана чыгууга, ошондой эле мунаранын тулкусуна жерде туруп тийүүгө тыюу салынат.
Агын өткөзүүчү заттектерди (темир арканды) чексиз аркан катары колдонууга тыюу салынат.
Көтөргүчтү жерден башкаруучу машинист (айдоочу) агын өткөзбөөчү батинке же агын өткөзбөөчү колкапта болушу керек.
2) эгерде илептик чыңалуу астында турган өчүрүлгөн АЧда (чынжырда) бул чыңалууну 25 Вко чейин ылдыйлатуу мүмкүн болбой жатса, АЧынын БТда жердетпестен АЧыны жумуш ордунда эле жердештирип иштөө керек төмөндөгү шарттарды аткаруу менен:
- жумуш ордунда зымдар бир эле түркүктө жердетилет же эки жанаша жайгашканда. Жанаша турган түркүктөрдүн аралыгында иштеген учурда кошумча жердеткич түз эле жумуш ордунда коюлат. Көтөрүп жүрмө жердеткичти жумуш бүткөндөн кийин чечкен учурда биринчи ирээт АЧынын зымынан (чагылган зымаркандан) эки жердеткичтин тең кыскычтары чечилет, ал эми андан кийин жердетүучүдон;
- оңдоого чыгарылуучу АЧы БТ жагынан жердетилбейт;
- Бир АЧыдагы (бир электрдик байланышы бар бөлүктөгү) жумушка бирден көп эмес ишкертоп гана ишке киргизилет. Ишкертопко жердеткич орнотулган эле түркүктөрдө же алардын ортолорундагы аралыкта гана иштөөгө жол берилет. Эки же андан көп аралыктарда (бөлүктөрдө) иштөө керек болгон учурларда АЧы (чынжыр) электрдик байланыштары жок бөлүктөргө бөлүнүшү керек, омоктук түркүктөрдө илмектерди ажыратуу жолу менен. Ар бир мындай бөлүктө жердетме орнотулган жерде бир гана ишкертоп иштей алат;
- жердетмени орнотуу же чечүү алдында зым (зымаркан) алдын ала жалын өчүрүүчү түзүлүшү бар саптын жардамы менен жердетилип коюулушу керек (илептик чыңалуунун туруктуу бөлүгун алып салуу үчүн жана жалындык дүрмөтсүздөнүүнү чектөө үчүн). САптын жердетүүчү зымы алдын ала жердеткичке кошулуп коюлушу керек. Жалын өчүрүүчү түзүлүшү бар сап жок болгон учурда көтөрмө жердеткичти орнотуу (чечүү) жумуш ордунда бир гана АЧыны АБТлардын бирөөндө убактылуу жердеткенден кийин жүргүзүлөт. Ачынын аягындагы БТда жердетүүчү бычактар жумуш ордунда жердетмени орнноткондон (чечкенден) кийин гана өчүрүлөт.
384. Илептик чыңалуу астындагы АЧыда (бир электрдик байланышы бар бөлүктө) бир эле учурда АЧыда жумуш аткаруу үчүн жердеткич коюу менен ар кандай жумуш ордун даярдоону колдонгон ишкертоптордун бир эле учурда иштөөлөрүнө жол берилбейт, бул Эреженин 383 орунбелгисинин 2- жана 3- орунбелгичелеринде көрсөтүлгөндөй.
385. Зымдарды (зымаркандарды) орнотууда жана алмаштырууда ар бир чыгырыктын зымы (зымарканы) жандырылып тартуу алдында жерге туташтырылышы керек. Зымды түздөн-түз барабандан туташтыруунун кереги жок.
386. Омоктук (анкердик) түркүктөгү илмектерди бул түркүккө жанаша жайгашкан омоктук кермарада орнотуу иштери аяктагандан кийин гана туташтыруу керек. 110 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларынын омоктук түркүктөрүндө туташтыруунун алдында илмектер зымдарга же капталмалоочу чойгуч илмектерге, бирок траверстен эсептегенде төртүнчү изолятордон жакын эмес бекитилиши керек, ал эми 35 кВ жана андан төмөн аба чубалгыларында - бир гана зымдарга.
387. Аба чубалгысынын зымдарында, чыңалуу астындагы башка аба чубалгысы менен кесилишкен аралыктарда жумуштарды аткарган учурда, иш жүргүзүлүп жаткан түркүктө жердетме орнотулушу керек. Эгерде зымдар бул аралыкта илинип же алмаштырылса, анда илинип да жана алмаштырылып да жаткан зымдар кесилиштин эки тарабында жерге туташтырылууга тийиш.
388. Иштетип пайдалануучу уюмдар илептик чыңалуу астында турган чубалгыларды (чубалгынын бөлүгүн) аныкташы керек илептик чыңалуунун чоңдугун өлчөө жүргүзүү менен, андан кийинки эң чоң эсептелген агындын маанисине кайра эсептөө менен, өлчөөлөрдүн тартиби жана түзмөгү иштетип пайдалануучу уюм тарабынан аныкталат.
АЧыны тейлөөчү ишкерсан, алар өчүрүлгөндөн кийин илептик чыңалуу астында болуучу көрсөтүлгөн чубалгылардын тизмеси менен тааныштырылышы керек жана илептик чыңалуунун эсептелинген мааниси менен жана Эрежеде көрсөтүлгөндөй аларда жумушту коопсуз уюштуруунун жана аткаруунун талаптарын билүүлөрү керек.
Жумуш ордунда илептик чыңалуу бардыгы боюнча маалыматтар иштаккагаздын “Өзүнчө көрсөтмөлөр” сабында көрсөтүлүшү керек.
389. Илептик чыңалуудагы аба чубалгыларында түркүктөн ылдый жерге жеткизе түшүрүлгөн зымга тийүү менен байланышкан жумуштарды электр коргоо каражаттарын (мээлейлерди, саптарды) колдонуу менен же чыңалууну теңдөө үчүн бул зымды (зымарканды) өткөргүч менен туташтырылган темир аянтчадан жүргүзүү керек. Темир аянтчаны зым (зымаркан) менен кошуу электркоргоо каражаттарын колдонуу менен жана иштеп жаткан адам анда жайгашкан учурда гана жүргүзулөт. Аянтчага кадамдык чыңалуудан коргоо каражаттарысыз жакындоого жол берилбейт.
Жерден электр коргоо каражаттарын жана темир аянтчаны колдонбостон иштөөгө зым (зымаркан) ар бир тие турган жерге жакын жердетилген шартта жол берилет.
390. Илептик чыңалуудагы аба чубалгыларынын зымдарын орнотууда колдонулуучу тартуучу болот аркандары адегенде тартуу механизмине бекитилип жана чыңалууларын теңдөө үчүн зым кошулган эле жердеткичке жердештирилиши керек. Ошондон кийин гана арканды зымга бекитүүгө уруксат берилет. Ошондой эле зымды жана тартуучу арканды алардын потенциалы теңдештирилгенден кийин гана ажыратууга болот.
391. Илептик чыңалуу астындагы аба чубалгыларында же иштөөдөгү АЧылардын нугунда курулуп жаткан АЧларда орнотуу иштерин жүргүзгөндө (көтөрүү, атып көрүү, чоюу, зымдарды чоюу чыгырыктарынан кыскычтарга которуп илүү) зым чоюу жүргүзүлүп жаткан омоктук түркүктө, чоюу жүргүзүлүп жаткан акыркы түркүктө жана ар бир зым көтөрүлө турган аралык түркүктө жердештирилиши керек.
Аралык түркүктө иш аяктагандан кийин, бул түркүктөгү зымдан жердетмени алып салууга болот. Зымга тийүү менен байланышкан аралык түркүктө иштөө кайра башталган учурда зымды ошол эле түркүктө кайрадан жерге туташтыруу керек.
392. Илептик чыңалуу астындагы аба чубалгыларында зымдарды чоюу чыгырыктарынан кармап туруучу кыскычтарга которуу зымдын жандыруусуна карама-каршы багытта жүргүзүлүүгө тийиш. Которууну баштоодон мурун, которулуу боло турган тараптагы омоктук түркүктөгү зымдарды жердештирилген абалда калтырып, которулуу башталган омоктук түркүктүн зымдарынан жердетмени алып салуу керек.
393. Илептик чыңалуу астындагы аба чубалгысында зымдарды орнотууда алардагы жердетмелерди, зымдарды кармап туруучу кыскычтарга которгондон кийин жана бул түркүктөгү иштер аяктагандан кийин гана алып салууга болот.
Зымдарды кыскычтарга которуу учурунда, которуу аяктаган жанындагы омоктук кермараны илептик чыңалуу астында деп эсептелиши керек. Андагы, зымдарга тийүү менен байланышкан иштерди, зымдарды жумуш ордунда жердештиргенден кийин гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
394. Илептик чыңалуу астында калчу аба чубалгыларынын арасынан ишканалардагы иштеп турган аба чубалгылардын эң жогорку жумушчу агынында, ажыратылып жана аяктарында (бөлүштүргүчтөрдө) жерге туташтырылган чубалгынын зымдарында өлчөө жолу менен 25 Втон жогорку илептик чыңалуу астында калчуларын аныктоо керек.
Негизги электрдик коргоо каражаттарын колдонбостон зымга (чагылгандык зымарканга) тийүү менен байланышкан бул аба чубалгыларындагы иштердин баардык түрлөрү технологиялык карта же ИӨД боюнча жүргүзүлүшү керек, аларда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) жумуш аткарылып жатканда илептик чыңалуу астында турган баардыгына бир эле учурда тийүүгө жеткиликтүү ачык өткөрүүчү бөлүктөрдү жана башка өткөрүүчү бөлүктөрдү (тийүүгө жеткиликтүү түзүлүштөрдүн, машиналардын, механизмдердин, ыкташтырмалардын темир бөлүктөрүн кошкондо) электрдик кошууларынын чыңалууну теңдөөлөрүнүн тартиптери орнотулган, аны ичинде:
- жумуш ордуларында илептик чыңалууну 25 Втон жогору эмес кылып теңдөөнү камсыздоочу талаптарга жараша жердетмелердин ордулары көрсөтүлүшү керек;
- АЧылардын (БАЧтардын) бөлүктөрүн (зымдарын, зымаркандарын) ажыратуунун жана кошуунун алдында алардагы чыңалууларды теңдөөнү камсыз кылуу талаптарына жараша кошумча жердетмелерди орнотуунун ырааттуулугун жана жайгаштыруусунун жана/же бул бөлүктөрдүн электрдик кошулууларынын ордуларын;
- Темир аянтчаларды же атайын жерди жабуучу өткөзгүчтөрдү колдонуу менен жердин үстүндө иштеген учурдагы чыңалууну теңдөө тартиби.
2) Каптамалоочу электркоргоочу каражаттардын (агын өткөзбөөчү колкаптар, ботылар, каптамалоочу саптар), чыңалууну которуштуруу үчүн түзүлүштөрдүн (саптар), ошондой эле сагактоочу (электр өткөзүүчү) атайын кийимдердин жыйнактарын пайдалануу тартиптери орнотулган.
395. Чыңалуу астында турган зымдардын төмөн жагында жайгашкан зымдарды (зымаркандарды) жана ага тиешелүү зымчыныларды жана арматуураларды алмаштыруу учурунда алмаштырылып жаткан зымдын (зымаркандын) үстүнөн, чабышууларды болтурбоо үчүн, өсүмдүктөн же синтетикалык булалардан жасалган аркандар ыргытылып коюлат. Аркандарды эки жерден – кесилишүүнүн эки тарабынан ыргытылат, алардын учтарын казыктарга же түзүлүштөргө бекитүү менен. Зымды (зымарканды) жай жана жылма көтөрүү керек.
396. Чыңалуу астында турган зымдардын үстү жагында жайгашкан зымдарда (зымаркандарда) жана ага тиешелүү зымчыныларда жана арматууралардагы жумуштарды ишкананын башчысы менен бекитилген ЖЖД боюнча аткаруу керек, анда илептик чыңалуудан коргоо боюнча жана зымдын (зымаркандын) төмөн түшүп кетүүсүн болтурбоочу чаралар каралышы керек. Бул жумуштарды аткарган учурда зымдарды (зымаркандарды) алмаштыруу кесилишкен зымдардардан сөзсүзтүрдө чыңалууну алып салуу менен жүргүзүлүшү керек, 220 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы ЭОлордогу кесилишип жаткан чыңалуу астындагы АЧылардын зымдарына алмаштырылып жаткан зымдардын (зымаркандардын) жол берилгенден аз аралыкка жакындоолорун болтурбоочу оңдоо технологияларын колдонуп ушундай иштерге киргизүүгө уруксат берилген атайын окутулган жумушчулар аткарган учурлардан башкасында.
397. Бири-биринин үстүнө жайгаштырылган көп чынжырлуу аба чубалгысынын ажыратылган чынжырында иштөө, бул чынжыр чыңалуу астындагы чынжырлардын астында жайгашкан учурда гана мүмкүн. Өчүрүлгөн чынжырдын зымдарын алмаштырууга жана жөнгө салууга тыюу салынат.
398. Түз жайгаштырылган көп чынжырлуу аба чубалгысынын бир ажыратылган чынжырында иштөөдө, түркүктүн чыналууда калган чынжыры тарабындагы капталына кызыл желекчелер илиниши керек. Желекчелерди жерден 2-3 м бийиктикте иш жүргүзүүчү, ишкертоптун III-топко ээ болгон мүчөсү менен илишет.
Түркүккө чыналуу астындагы чынжыр тарабынан чыгууга жана кыяпкарынын бул чынжырды кармап турган бөлүгүнө өтүүгө тыюу салынат. Эгерде тирөөчтүн тепкич буроолору болсо, алар кайсы чынжырдын астында турганына карабастан, алар менен чыгууга уруксат берилет. Тепкич буроолору агын астында болуп калган чынжырдын капталында жайгашкан учурда, түркүккө, жердеги иш жүргүзүүчү же III- топтогу ишкертоп мүчөсүнүн көзөмөлү астында чыгуу керек.
399. Калган чынжырлары агын астында болгон көп чынжырлуу аба чубалгысынын өчүрүлгөн чынжырынын зымдарында түркүктөрдөн иштөөдө, иш жүргүзүлүп жаткан ар бир түркүккө жердетме орнотулушу керек.
400. Аба чубалгыларын фазалык оңдоолорунда бөлүштүрүүчү түзүлүштөгү ажыратылган фазалык зымды жерге туташтырууга тыюу салынат. Зым жумуш ордунда гана жерге туташтырылышы керек. 35 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларында бир фазанын зымында же кезеги менен ар бир фазадагы зымдарда иштегенде жумуш ордунда иш аткарылып жаткан фазанын зымдарын гана жерге туташтырууга жол берилет. Бул учурда, калган, жердештирилбеген фазалардын зымдарына 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн жакын аралыкка жакындоого тыюу салынат.
401. Фазалык оңдоолордо, жерге туташтыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ал коштолгон, эки өзүнчө бирдей жарыша кош жердетме орнотуу менен жеткирилет. Зымда, орнотулган жердетмеден 20 мден алыс эмес жерде иштөөгө уруксат берилет.
Бир эле учурда бир нече ишкертоп иштеп жаткан учурда, ажыратылган зымды электрдик байланыштары жок бөлүктөргө ажыратып иштөө керек. Ар бир ишкертопко өзүнчө бөлүк берилет, анда бирден кош жердетме орнотулат.
402. 110 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларындагы фазалык оңдоодо жалындаган дүрмөт кайтаруунун таркашын чектөө үчүн, жердетмени орнотуудан же алып салуудан мурда, зымды, жалын өчүрүүчү түзүлүшү бар сап менен алдын ала жерге туташтыруу керек. Саптын жердетүүчү зымы жердеткичке алдын ала туташтырылышы керек. Бул сап көчмө жердетме орнотулгандан (же алып салынгандан) кийин гана алынып салынышы мүмкүн.
403. Фазалары горизонталдуу жайгаштырылган аба чубалгыларында фазалык оңдоо иштерин жүргүзүүдө чыңалуу астындагы фазалык зымдарды кармап турган кыяпкарынын бөлүгүнө өтүүгө тыюу салынат.
35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы АЧылардын фазалык оңдоолорундагы жумуштарды жүргүзүү шарттары иштаккагаздын “Өзүнчө көрсөтмөлөр” сабында көрсөтүлүшү керек.
§ 36. Трассаны бактардан тазалоо
404. Бак-дарактарды кыюунун алдында иш орду тазаланышы керек. Кышкы мезгилде кулаган дарактан тез качуу үчүн, карга, анын түшүү сызыгына кыйгачтатып, кулаганга карама-каршы келген 5-6 м узундуктагы эки жол салып коюш керек. Чала кыйылган же арааланган бактарга чыгууга тыюу салынат.
405. Ишти жүргүзүүчү жумушту баштоонун алдында ишкертоптун баардык мүчөлөрүнө кыйылып жаткан дарактардын, аркандардын ж.б. аба чубалгынын зымдарына жакындатуу коркунучу тууралуу эскертүүсү керек.
406. Бак-дарактар зымдарга кулап калбашы үчүн кыюунун алдында тартып туруучу аркан колдонуу керек.
407. Эгерде зымдарга бак кулап калса, аба чубалгысынан чыңалуу алынып салынганга чейин ага 8 мден кем эмес аралыкка жакындап келүүгө тыюу салынат.
408. Кыйылып жаткан дарактын кулай тургандыгы тууралуу бак кескичтерден башка жумушчуларга эскертиши керек. Дарактын жыгылуучу жана карама-каршы жагында турууга тыюу салынат.
409. Бак-дарактарды бир жагынан жарым-жартылай таарып же балта менен чаап алуусуз, ошондой эле даракты толук кесип өткөзүп таарууга тыюу салынат. Жантайыңкы бактар эңкейиш жагына жыгылуусу керек.
410. Чала кыйылган жана чала таарылган бак-дарактарды жумуштагы тыныгуу учурунда же башка бактарга көчкөндө жыкпай калтырууга тыюу салынат.
411. Чириген жана куурап калган дарактарды кыюунун алдында алардын бекемдигин сынап, андан соң кесүү керек. Бул дарактарды балта менен кыюуга тыюу салынат.
412. Алдын ала араалоо менен дарактарды тобу менен жыгууга жана бир дарактын экинчи даракка кулашын пайдалануу менен жыгууга тыюу салынат. Биринчи кезекте чириген жана күйгөн бак-дарактарды жыгуу керек.
АЧылардын трассаларын тазалоо боюнча жумуштар иштаккагаз же буйрутма боюнча жүргүзүлөт.
§ 37. Кыдыруу жана кароолор
413. Аба чубалгысын же аба менен өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштү карап текшерүүдө ар кандай оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле түркүккө жана анын түзүлуштүк бөлүктөрүнө чыгууга тыюу салынат. Аба чубалгысын үстүдөн кароо жүргүзгөндө түркүккө чыгууга уруксат берилет. АЧылардын кыдыруулары жана кароолорунда иш жүргүзүүчүнү дайындоо милдеттүү түрдө эмес, ал эми максаттуу насааттама жүргүзүү – милдеттүү түрдө.
414. Өтүүгө татаал жерде (саз, суу тоскоолдуктары, тоолор, жыгылган токой үйүлмөлөрү ж.б.) жана аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында (жамгыр, кар жааганда, катуу суукта ж.б.), ошондой эле караңгыда, аба чубалгысын карап текшерүүнү II- топко ээ болгон эки жумушчу аткарышы керек. Башка учурларда АЧнын кароолорун II- топтогу бир кызматкер жүргүзө алат.
Түнкүсүн аба чубалгысында кароолорду жүргүзгөндө зымдардын астында жүрүүгө тыюу салынат.
Бузулууну издөөдө аба чубалгыны кароочулардын жанында эскертүү белгилери же плакаттар болушу керек жана тезгемер менен байланыш камсыз болушу керек.
415. 1000 В жогорку аба чубалгыларында жерде жаткан зымга 8 м ден жакын аралыкка жакындап келүүгө тыюу салынат. Мындай зымдын жанында адамдарды жана жаныбарларды ага жакындатпаш үчүн кайтаруу уюштурулуп, мүмкүн болсо эскертүүчү белгилерди же плакаттарды орнотуу керек, окуя тууралуу электр тармактар ишканасына билдирүү керек.
416. Темир-куйматаш түркүктөрү бар 6-35 кВ аба чубалгыларында зымчынын бузулушунун, зымдын түркүккө тийип тургандыгынын натыйжаларынан ж.б. пайда болгон агындын агымынын белгилери болгон учурда чыңалүү астындагы түркүккө 8 мден аз аралыкка жакындоого тыюу салынат (жердин кыртышынын нымдуулугунун бууланышы, түркүктө жана түркүктүн жерге кирген жеринде электр жалынынын алоолонусунун пайда болушу ж.б.).
§ 38. Аба чубалгыларынын жолдор менен кесилишкен жана жакындаган жерлериндеги жумуштар
417. Аба чубалгыларынын унаалар жүрүүчү чоң жолдору (темир жолдор, кеме жүрүүчү дарыялар жана каналдар) менен кесилишкен жерлеринде иштөөдө унаалардын кыймылын убактылуу токтотуу же андагы кыймылдардын мөөнөтүндө аба чубалгысында иштөөнү токтотуу талап кылынса, иштаккагаз берген кызматкер унаа жолундагы кыймыл кызматынын өкүлүн жумуш ордуна чакыруусу керек. Бул өкүл унаалардын кыймылынын талап кылынган мөөнөткө токтоп турушун камсыз кылууга же чубалгылык ишкертопко келе жаткан унаа жөнүндө эскертүү берип турууга милдеттүү. Унааларды өткөзүү үчүн жол кыймылына тоскоол болгон зымдар коопсуз бийиктикке көтөрүлүшү керек.
418. Аба чубалгыларынын автомобиль жолдору жана айыл чарба жолдору менен кесилишкен же жакындаган бөлүктөрүндө иштеген учурларда унаа айдоочуларга эскертүү берүү же токтоп туруулары үчүн иш жүргүзүүчү Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖЖККБББ) аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу менен аталган жолдорго белги берип туруучуларды коюуга милдеттүү. Керек болгон учурда ЖЖККБББнын өкүлүн чакыруу керек.
Белги берүүчүлөр АЧынын жолдор менен кесилишкен же жакындаган жеринен эки тарапка тең 100 м аралыкта туруулары зарыл жана алар жанына күндүз кызыл желектерди, түнкүсүн кызыл чырактарды алуулары керек.
§ 39. 1000 В ко чейин жана андан жогорку чыңалуудагы ӨӨККЗ (СИП) зымдары бар аба чубалгыларында иштөө
419. 6 - 110 кВ ӨӨККЗ (өзүн-өзү көтөрүүчү капталмаланган зым) зымдарындагы иштер аба чубалгысын өчүрүү менен жүргүзүлүшү керек, бул Эрежелердин 34- §тын негизинде агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында аткарылуучу жумуштардан башкасында.
420. Жумушчулардан чыңалуу астындагы аба чубалгыларынын зымдарына жана зымдарга кошулган башка бөлүктөрүнө чейинки аралык, аба чубалгыларынын зымдарынан механизмдерге жана жүк көтөрүүчү машиналарга чейинки аралык 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн кем эмес болушу керек.
Каптамалоочу кыртыштуу зымдардан (ӨӨККЗдан) дарактарга чейинки аралык 0,55 мден кем эмес болушу керек.
421. Жыгылган бак-дарактарды зымдардан алып салуу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн, өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдуу (ӨӨККЗ) аба чубалгысы (АЧ) ажыратылып, жерге туташтырылууга тийиш.
422 . Өчүрүлбөгөн ӨӨККЗ менен болгон АЧда капталмасапты колдонуу менен асылмаларды жана бак-дарактардын бутактарын алып салуу боюнча иштерди жүргүзүүгө жол берилет. Коргоочу каражаттарды колдонбостон бул иштерди аткарган учурда чубалгы өчүрүлүп, жерге туташтырылышы керек.
423. Чыңалуу астындагы АЧыларда, КАЧтарда жумуштарды аткарууга (кайра баштоого) төмөнкү учурларда тыюу салынат:
- агын өткөзүүчү бөлүктөрдө жумуштарды жүргүзүү учурунда АЧтар. КАЧтар коргоолордун аракеттери менен бүлүнүүдөн өчкөн учурда;
- агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астындагы жумуштардын технологияларын бузбастан жоюуга мүмкүн болбогон АЧыдагы, КАЧтагы бузулуулар аныкталганда;
- техникалык каражаттардын жана коргоо каражаттарынын бузук болгон же жок болгонунда;
- башка жумуштарды жүргүзүү коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү шарттарда (чагылганда, катуу жаанда, кар жааганда, көрүнүү начарлаганда, күндүн караңгы мезгилинде, түркүктөрдү жана зымдарды муз басканда, жана башка жумушту жүргүзүүнүн жергиликтүү шарттарынын таасирлери менен негизделип агын өткөзүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астындагы жумуштарга болгон технологиялык карталарда белгиленген).
§ 40. ӨӨККЗ менен болгон 0,38 кВ чыңалуусундагы аба чубалгыларында иштөө
424. Капталмаланган 0,38 кВ АЧларындагы иштер аба чубалгысын өчүрүү менен же өчүрүүсүз жүргүзүлүшү мүмкүн.
425. Жарылуу жана өрт коркунучу бар аймактарда (май куюучу колонкалардын (майчорго) , газ бөлүштүрүүчү чордондордун жанында) өткөн чубалгыларда, зым өрүлмөсүн толугу менен алмаштыруу, чубалгыда (бир же бир нече) зымды ажыратуу же туташтыруу, керек болгон учурларда капталмаланган 0,38 кВ АЧдагы иштер өчүрүү менен жүргүзүлөт.
426. Баардык чубалгыны өчүрбөстөн, бир гана иш жүргүзүлө турган зымды өчүрүү менен иштөөгө уруксат берилет. Зым, аны белгилери боюнча аныктагандан, жана андагы чыңалуу жок экендигин текшергенден кийин, аны агын берүү мүмкүн болгон баардык тараптан ажыратып жана жумуш ордунда жердештирилиши керек.
427. Чыңалууну алып салбастан капталмаланган 0,38 кВ АЧда (КАЧ), төмөнкү жумуштарды аткарууга жол берилет:
- түркүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн, чубалгылык арматураларды алмаштыруу;
- зымдарды тартуу;
- бириктирүүчү, бутактоочу жана тартуучу (чоюучу) кыскычтарды алмаштыруу;
- электр кабылдагычтарга бутактоочторду кошуу же ажыратуу;
- өзүнчө фазалык зымдын бөлүгүн алмаштыруу же каптамасын калыбына келтирүү.
428. Капталмаланбаган нөлдүк зымы бар ӨӨККЗда чыңалууну албастан иштерди аткарган учурларда капталмалоочу кыстармаларды жана капкактарды колдонуу менен нөлдүк зымды жана темир арматураларды капталмалоо зарыл.
429. Капталмаланган 0,38 кВ аба чубалгысында төмөнкү учурларда чыңалууну алып салбастан иштөөгө тыюу салынат:
- ишкерсандын катасынан улам аба чубалгысынын өчүшү;
- иш технологиясын бузбай туруп жоюу мүмкүн болбогон аба чубалгыларындагы бузулууларды табуу;
- техникалык каражаттардын жана коргоо каражаттарынын жоктугу же бузулушу;
- №2- санирээткиде келтирилген атмосфералык шарттарда;
- жумушту жүргүзүү коопсуздугуна коркунуч келтирген башка жагдайлар.
430. Капталмаланган 0,38 кВ АЧлардагы чыңалууну алып салбастан иштей турган жумуштар Эрежеге ылайык иштаккагаз менен тийиштүү коргоо каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
431. Чыңалууну алып салбастан аткара турган жумуштарды экиден кем эмес адамдан турган ишкертоп аткарышы керек - IV-топтогу иш жүргүзүүчү- жана III- топтогу ишкертоп мүчөсү.
Иш жургүзүүчү жана ишкертоп мүчөсү даярдоодон өтүүлөрү керек жана капталмаланган 0,38 кВ АЧсында чыңалууну алып салбастан иштөө укугуна ээ болушу керек, ошондой эле бийиктикке чыгып иштөөгө уруксаты болуш керек, бул тууралуу электр орнотмолорундагы иштердин ченемдерин жана эрежелерин билүүсүн текшерүү күбөлүгүндө «Атайын иштерди аткаруу укугуна күбөлүк» деген сапта белгилениши керек.
§ 41. Көчөлөрдөгү жарыктандыруу тармактарын тейлөө
432. Буйрутма боюнча жарыктандыруу тармагын өчүрбөстөн төмөнкү учурларда иштөөгө уруксат берилет:
1) жердетүүчү тушмөлөрү жок жыгач түркүктөрүндө чырактары зымдардын ылдый жагында 0,6м ден кем эмес аралыкта жайгашкан учурда, же жыгач тепкич коюп иштегенде;
2) капталмалоочу бөлүгү (тогоосу) бар телескоптук мунараны пайдаланганда.
Калган учурларда, түркүккө илинген баардык зымдарды ажыратып, жерге туташтырып жана жумушту иштаккагаз менен жүргүзүү зарыл.
433. Газдык дүрмөткайтуу чырактарынын күйүүсүн жөндөп башкаруу аспаптарында иштөөдө аны чырактын жалпы түзмөгүнөн ажыратуудан мурун, адегенде тармактан зымдын азыктануусун ажыратуу керек жана туруктуу тыгыздоочторду (дүрмөткайтаргыч каршылыктар бар экендигине карабастан) дүрмөткайтаруу зарыл.
§ 42. Түрдүү жумуштар
434. Жерден обочолонгон чагылгандан коргоочу зымарканга жердештирилүүчү ылдый түшмөнү кошуп же ажыратуу, зымарканды алдын ала жерге туташтыргандан кийин жүргүзүлөт.
435. Аба чубалгысында адамдарга кесилиши 240мм2 ден кем эмес зымдар боюнча жана кесилиши 70 мм2 ден кем болбогон зым аркандарда жүрүүгө жол берилет.
Ажыратылган зымдар жана зымаркандар менен жылган учурларда коопсуздук курунун арканын аларга, ал эми атайын арабаны колдонгондо арабага бекитүү керек.
19-бөлүм. Сыноолор жана өлчөөлөр
§ 43. Тышкы булактан жогорулатылган чыңалуу берүү менен сыноо
436. Сыноолорду жүргүзүү үчүн атайын даярдыктан өткөн жана ушул бөлүмдүн талаптарын билүү боюнча курамына электр коопсуздугу боюнча 1000 Втон жогорку чыңалуудагы жабдууларда V-тобу бар жана 1000 Вко чейинки жабдууларда IV- тобундагы жабдууларды сыноо боюнча адистер кошулган комиссия тарабынан текшерүүдөн өткөн ишкерсан тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Сыноолорду жүргүзүү укугу ЭОлордо иштөө эрежелерин билүүлөрүн текшерүү боюнча күбөлүгүндөгү “атайын жумуштарды жүргүзүү укугун Күбөлөндүрүү” бөлүгүндө тастыкталат. Иш жүгүзүүчү, ошондой эле туруктуу орнотулган сыноо орнотмолорун пайдалануу менен сыноолорду жалгыз жүргүзүүчү жумушчулар тажрыйбалуу, сыноочулук иштөө мөөнөтү 1 жылдан кем болбогон жумушчунун көзөмөлү астында бир айлык иштакшалуудан өтүшү керек.
Сыноо лабораториясы (орнотмосу) аккредитация (ишенимдик тастыктоо) боюнча Мамлекеттик түзүмдө аттестациядан (текшерүүдөн) өтүшү керек.
437. Иштеп турган электр орнотмолорунун жабдууларын сыноого ишке киргизүүнү бул Эрежелердин негизинде ыкчам ишкерсан жүргүзөт, ал эми электрорнотмолорунун тышындагы сыноолор (иштебеген электр орнотмолорунда, кампаларда, ишкананын аймагында, талаада ж.б.), көчмө сыноочу орнотмону колдонуу менен жүргүзүлүүчү сыноолорго иш жетектөөчү, ал эми ал дайындалбаса, анда иш жүргүзүүчү жүргүзөт, сыноолор иштаккагаз менен жүргүзүлүүгө тийиш. Мындай учурда сыноо жүргүзүүгө иштаккагазды, сыноонун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алган жана иштаккагаз берүүгө укуктуу кызматкер тарабынан берилет.
Орнотуу же оңдоо иш жүрүшүндөгү сыноолорду өткөрүү иштаккагазындагы "Тапшырылат" сабында көрсөтүлөт.
1000 В чейинки электр орнотмолорунда сыноолор буйрутма боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
438. Сыноолор ишкертоп тарабынан жүргүзүлөт, анда иш жүргүзүүчү IV- топ, бригаданын мүчөсү - III -топ, кайтарууга коюлган кызматкер – II- топтон болушу керек.
439. Сыноону жүргүзүүчү ишкертоптун курамына даярдоо иштерине жана жабдууларды көзөмөлдөөгө тартылган оңдоочу ишкерсандын жумушчулары кириши мүмкүн (атайын жумуштарды -сыноолорду аткарууга укугу жок).
Жабдууларды оңдоо же орнотуу жумуштарын аткаруучу ишкертоптун курамына сыноолорду жүргүзүү үчүн жөндөөчү уюмдардын же электр лабораториясынын ишкерсанынан жумушчулар киргизилиши мүмкүн. Мында сыноолорго жетекчиликти иш жүргүзүүчү же анын көрсөтмөсү боюнча лабораториянын же жөндөөчү уюмдун ишкерсанынын ичинен IV- топтогу кызматкер жүргүзөт.
440. Агын өткөрүүчү бөлүктөрү туюк же тор тосмолор менен жабылган, эшиктери бөгөттөгүч менен жабдылган туруктуу сыноо орнотмолорун пайдалануу менен 1000 Втон жогорку чыңалуудагы электр орнотмолорунун тышында, капталмалоочу заттектердин жана буюмдардын (коргоочу каражаттар, ар кандай каптамалык тетиктер ж.б.) көп көлөмдөгү сыноолорун жүргүзүүнү насааттамага ылайык III- топтогу кызматкер жалгыз аткарышы мүмкүн, сыноолордун үлгүлүк усулдарын пайдалануу менен.
441. Сыноо үчүн жана аларга даярдык көрүү үчүн жүргүзүлүүчү иштерге берилген иштаккагаз боюнча ишке киргизүү, сыноодон өткөрүлүүчү жабдууларда иштеген башка ишкертоптор жумуш орундарынан чыгарылгандан жана алар иштаккагаздарын ишке киргизүүчүгө өткөргөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Жергиликтүү кезметчи ишкерсандары жок электр орнотмолорунда, иш жүргүзүүчүгө ишкертоп чыгарылгандан кийин иштаккагазды, жумуштагы тыныгууну тариздөө менен, өзүндө калтырууга уруксат берилет.
442. Сыналып жаткан жабдуу, сыноочу орнотмо жана аларды бири-бирине кошуучу өз ара зымдар, калканчтар, аркандар жана башкалар менен тосулуп, алардын сыртына каралган “Сыноо. Өмүргө коркунучтуу” деген плакаттар илиниши керек. Тосмолор сыноо жүргүзгөн ишкерсан тарабынан орнотулат.
443. Зарыл болгон учурда сыноо орнотмосуна, туташтыргыч зымдарга жана сыналуучу жабдууларга башка адамдардын жакындашына жол бербөө үчүн II- топтогу ишкертоп мүчөлөрүнөн күзөтчү коюу керек. Кайтаруу жүргүзгөн ишкертоп мүчөлөрү тосмонун сыртында болушу керек жана сыналып жаткан жабдууларды чыңалуу астында деп санашы керек. Бул кызматкерлер иш жүргүзүүчүнүн уруксаты менен гана күзөттөн кете алышат.
444. Каптамазымдык чубалгыны сыноодо анын карама-каршы учу кулпуланган боштукта (камерада), ИБТ бөлүмчөсүндө же бөлмөдө жайгашкан болсо, алардын эшиктерине, тосмолоруна “Сыноо. Өмүргө коркунучтуу" плакаты илинет. Эгерде эшиктер жана тосмолор бекитилбесе, же сыналуучу оңдолуп жаткан чубалгынын трассасы боюнча оңдоо үчүн кесилип ажыратылган каптамазымдык өзөктөрү бар болсо, эшиктердин алдына, тосмолорго жана кесилип ажыратылган каптамазымга плакаттарды илип коюудан тышкары ишкертоптун курамына кирген II- топтогу жумушчудан, же кезметчи ишкерсандан күзөтчү коюлат.
445. Сыноодон өтүүчү жабдуулардын жана сыноочу түзүлүштөрдүн ар кайсы бөлмөлөрдө же бөлүштүрүүчү түзүлүштүн ар кайсы бөлүктөрүндө жайгаштырганда каптаманын абалын көзөмөлдөгөн III- топтогу ишкертоптун мүчөлөрүнүн иш жүргүзүүчүдөн өзүнчө болушуна жол берилет. Бул ишкертоп мүчөлөрү тосмонун сыртында жайгашып, сыноолор жүргүзүлөөрдүн алдында иш жүргүзүүчүдөн керектүү насаатамаларды алышы керек.
446. Сыноого тоскоол болгон жердетмени алып салуу жана кайра орнотуу, сыноонун жетектөөчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча, сыноо орнотмосунун жогорку чыңалуудагы чыгышын жерге туташтыргандан кийин гана мүмкүн болот.
Жердетмелерди убактылуу чечүүгө уруксат берүү иштаккагаздын “Өзүнчө көрсөтмөлөр” сабында көрсөтүлүшү керек.
447. Сыноо түзмөгүн чогултууда биринчи кезекте сыноо орнотмосунун коргоочу жана жумушчу жерге туташтыруулары аткарылышы керек жана зарыл болгон учурда сыналып жаткан жабдуунун кутусуна коргоочу жердетме орнотулушу керек. Кутусу жерге туташтырылган көчмө орнотмонун бир гана жумушчу түзмөгүнүн жардамы менен сыноолорду жүргүзүүгө тыюу салынат. Көчмө сыноо орнотмосунун кутусу кесилиши кеминде 10 мм2 болгон ийкемдүү жез зымдан жасалган өзүнчө жерге туташтыруучу өткөргүч менен жерге туташтырылууга тийиш. Сыноодон мурун кутунун жерге ишенимдүү бекемдикте туташтырылганын текшерүү керек.
Сыноо орнотмосун 380/220 В тармагына туташтыруудан мурун, анын жогорку чыңалуудагы чыгышы жерге туташтырылышы керек.
Жерге туташтыруу үчүн сыноо түзмөктөрүндө колдонулган жез зымдын кесилиши 4 мм2 кем эмес болушу керек.
448. Сыноочу орнотмону 380/220 В электр тармагына туташтыруу чынжырдын ажырымы ачык көрүнгөн өчүрүп-күйгүзүүчү аспап аркылуу же орнотмону башкаруучу жерде жайгашкан ачакошкуч (штепсель вилкасы) аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Өчүрүп-күйгүзүүчү аспап өзүнөн-өзү кошулуп кетүүсүнө жол бербей кармап туруучу түзүлүш менен жабдылышы керек же түзүлүштүн кыймылдуу жана туруктуу тийимдеринин ортосунда капталмалоочу кыстарма коюлушу керек.
Сыноочу электр орнотмонун 380/220 В тармагынан азыктандырылуу үчүн колдонулган зым же каптамазым бул тармакка коюлган сактагычтар же өчүргүчтөр менен корголушу керек. Көчмө сыноочу орнотмону тармакка бул тармактарды иштетип пайдаланган мекеменин өкүлдөрү туташтырууга тийиш.
449. Сыноочу орнотмолордо оператордун жумуш орду, орнотмонун 1000 Втон жогорку бөлүгүнөн бөлүнүп турушу керек. Орнотмонун 1000 В жогорку бөлүгүнүн эшиги ал эшик ачылган учурда сыналуучу түзмөктөн чыңалууну алып салууну жана эшик ачык болгон учурда чыңалуунун берилбөөсүн камсыз кылуучу бөгөттөгүч менен жабдылышы керек. Оператордун жумуш ордунда чыңалуунун 1000 В чейин жана андан жогору болушу боюнча өз-өзүнчө ажырым жарык белги уюштурулууга тийиш. Чыңалуу бар экенин эскертип туруу үчүн көчмө сыноочу орнотмолор, мындан тышкары, сыноочу орнотмонун чыгышында автоматтык түрдө күйүүчү тышкы жарыктандыруу белгиси менен жабдылышы керек.
450. Түзөтүлгөн ашыкча чыңалуудагы агынды алуу үчүн, эреже катары, катуу жарым өткөргүчтөрү бар түзмөктөрдү колдонуу керек.
Кенотрондук сыноо орнотмолорун тейлөөчү ишкерсандын рентген нурларынын зыяндуу таасиринен коргоо чараларын караган “Кенотрондук орнотмолорду тейлөөчү ишкерсан үчүн коопсуздук техникасынын үлгүдөгү насааттамасы”на ылайык иштетип пайдалануу керек.
451. Сыноодон өтүп жаткан жабдуу менен сыноочу орнотмонун ортосундагы туташтыргыч зым адегенде анын жердештирилген жогорку чыңалуу чыгышына туташтырылышы керек. Бул зым, чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө 1-санирээткинин үчүнчү тиктилкесинде көрсөтүлгөндөн кем эмес аралыкка жакындап (же чабышып) калбагандай бекитилиши керек.
Туташтыруучу зымды сыналуучу жабдуунун фазасына, уюлуна же каптамазымдык өзөккө туташтырууга жана ажыратууга сыноонун жетектөөчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча аларды жерге туташтыргандан кийин гана уруксат берилет, ал жерге туташтыруучу бычактарды күйгүзүү же көчмө, анын ичинде капталмаланган кармоочу саптары бар атайын лабораториялык жердетмелерди орнотуу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
452. Ар бир сыноо чыңалуусун берээрдин алдында иш жүргүзүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) түзмөктүн туура чогултулушун жана жумушчу жана коргоочу жерге туташтыруунун ишенимдүүлүгүн текшерүүгө;
2) ишкертоптун баардык мүчөлөрү жана күзөткө дайындалган жумушчулар аларга көрсөткөн жерлерде тургандыгын, бөтөн адамдардын чыгарылгандыгын жана жабдууларга сыноо чыңалуусун берүүгө мүмкүн болоорун текшерүүгө;
3) чыңалуунун берилишин ишкертопко «Чыңалуу берип жатам» деген сөздөр менен эскертип, жана эскертүүнү ишкертоптун бардык мүчөлөрү уккандыгына ынангандан кийин, сыноочу орнотмонун чыгышынан жердетмени алып салып ага 380/220 В чыңалуусун берет.
453. Орнотмонун чыгышынан жердетме алынып салынган учурдан тартып, сыноодон өтүп жаткан жабдууну жана туташтыргыч зымдарды кошкондо, бүтүндөй сыноо орнотмосу чыңалуу астында деп эсептелинип, сыноо түзмөгүндө жана сыноодон өтүп жаткан жабдууда кандайдыр бир кайра туташтырууларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
454. Сыноочу орнотмонун чыгышына чыңалуу берилген учурдан тартып ага кирүүгө жана чыгууга, сыноодон өтүп жаткан жабдууларда болууга, ошондой эле жерде туруп сыноочу орнотмонун кутусуна тийүүгө, көчмө лабораторияга кирип жана чыгып, көчмө лабораториянын чанагына тийүүгө тыюу салынат.
455. Каптамазымдарды сыноону же өткөзө күйгүзүүнү жерге туташтыруучу түзүлүштөрү бар тараптан жүргүзүү керек. Жерге туташтыруучу түзүлүштөр жок болгон учурда бул иштерди жүргүзүүгө ишкананын жетекчисинин уруксаты менен өзгөчө учурларда гана жол берилет.
456. Сыноолор аяктагандан кийин иш жүргүзүүчү сыноочу орнотмонун чыңалуусун нөлгө чейин түшүрүп, аны 380/220 В тармагынан ажыратып, чыгышын жерге туташтырып жана бул тууралуу ишкертопко “Чыңалуу алынып салынды” деп айтылат. Ошондон кийин гана зымдарды кайра туташтырууга болот, же эгерде сыноо аяктаган болсо, аларды сыноочу орнотмодон ажыратып, тосмолорду алып салууга болот.
457. Жогорку сыйымдуулуктары бар жабдууларды (каптамазымдарды, генераторлорду) сыноодон өткөргөндөн кийин, анда калган калдык дүрмөттү атайын дүрмөтсүздөндүрүүчү сап менен алып салуу керек.
§ 44. Электр өлчөөчү кычкачтар жана өлчөөчү саптар менен иштөө
458. 1000 Втон жогору болгон электрорнотмолорунда электр өлчөөчү кычкач менен иштөөнү эки адам буйрутма менен аткарууга тийиш: бири IV-
топтогу, экинчиси III- топтогу. Алетке көрсөткүчтөрүн саноо үчүн эңкейбөө керек. Агын өткөзбөөчү мээлейлер менен иштөө зарыл.
459. 1000 Вко чейинки электр орнотмолорунда III-топтогу бир адам агын өткөзбөгөн колкаптарды колдонбостон электрөлчөөчү кычкач менен иштей алат.
Аба чубалгысынын түркүгүндө туруп электрөлчөөчү кычкач менен иштөөгө тыюу салынат.
460. Өлчөөчү саптар менен иштөө экиден кем эмес адам тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш: бири IV- топтогу, калгандары III- топтогуларлар.
Түзүлүшкө же телескопиялык мунарага чыгуу, ошондой эле андан түшүү сапты албастан жасалышы керек.
Сап менен иштөөдө агын өткөзбөгөн колкап кийүү зарыл эмес.
§ 45. Чубалгылардын импульстук өлчөгүчтөру менен иштөө
461. Импульстук өлчөгүчтү ажыратылган жана жерге туташтырылган аба чубалгысына гана туташтырууга жол берилет. Туташуу төмөнкү тартипте аткарылышы керек:
1) адегенде туташтыруучу зымды импульстук өлчөгүчтүн жерге туташтырылган зымдарына (коргоочу түзүлүштөн келген), андан кийин каптамалоочу сапты колдонуп, аба чубалгысынын зымына туташтырылат. Аба чубалгысына туташтыргыч зымды туташтырган сап өлчөөлөр жүргүзулгөн убактысында чубалгынын зымында калуусу керек. Саптар менен иштөөдө агын өткөзбөгөн кол каптарды колдонуу керек;
2) аба чубалгынын импульстук өлчөгүч кошулуп турган учундагы жердетмени алып салуу керек. Зарыл болгон учурда текшерилип жаткан аба чубалгысынын башка учтарындагы жердетмелерди да алып салууга жол берилет. Аба чубалгысынан жердетме алынып салынгандан кийин туташтыргыч зым, коргоочу түзүлүш жана анын зымдары чыңлуу астында деп эсептелет жана аларга тийүүгө тыюу салынат;
3) импульстук өлчөгүчтүн зымдарынан жердетмени алып салуу керек.
462. Импульстук өлчөгүчтүн зымдарын аба чубалгысына капталмалоочу саптардын жардамы менен туташтыруу IV- топтогу кезметчи тарабынан же кезметчинин көзөмөлү астында лабораториянын ишкерсандары тарабынан аткарылууга тийиш.
Импульстук өлчөгүчтү, туруктуу орнотулган өчүрүп-күйгүзүучү аспап аркылуу, электр чубалгысына туташтырылган туруктуу зымдарга кошуу жана өлчөө кезметчи тарабынан жангыз же буйрутма менен IV- топтогу лабораториянын ишкерсаны жүргүзүшү мүмкүн.
463. Өлчөөлөр аяктагандан кийин аба чубалгысы кайрадан жерге туташтырылат, андан кийин гана каптамаланган саптар бириктирүүчү зымы менен адегенде аба чубалгысынан, андан кийин импульстук өлчөгүчтүн зымдарынан чечилет.
464. Жогорку чыңалуудагы импульстардын генератору жок импульстук өлчөгүч менен өлчөөлөрдү, аба чубалгысында иштеп жатышкан ишкертопторун аба чубалгысынан чыгарбастан жүргүзүүгө жол берилет.
§ 46. Мегаомметрлер жана электр өлчөөчү аспаптар менен иштөө
465. Мегаомметр менен каптамалоонун каршылыгын өлчөө өчүрүлгөн агын өткөрүүчү бөлүктөрдө жүргүзүлөт, алардын дүрмөттөрү, аларды алдын ала жерге туташтырылып, алынгандан кийин. Мегаомметрди кошкондон кийин гана агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн жердетмелерди алуу керек.
466. Мегаомметр менен агын өткөргүч бөлүктөрдүн капталмалоосунун каршылыгын өлчөөдө, туташтыргыч зымдарды аларга капталмаланган кармагычтардын (саптардын) жардамы менен туташтыруу керек. 1000 Втон жогорку электр орнотмолорунда мындан тышкары, агын өткөзбөгөн колкаптарды колдонуу зарыл.
467. Мегаомметр менен иштөөдө ал туташтырылган агын берүүчү бөлүктөргө тийүүгө тыюу салынат. Иш аяктагандан кийин кыска мөөнөттүү жерге туташтыруу жолу менен агын өткөрүүчү бөлүктөрдөгү калдык дүрмөттү алып салуу керек.
468. Иштетип пайдалануу иш жүрүшүндө мегаомметр менен өлчөөлөргө окутулган электротехникалык ишкерсандардын эсебиндеги жумушчуларга аткарууга уруксат берилет. 1000 Втон жогорку чыңалуудагы электрорнотмолордо өлчөөлөр иштаккагаз менен аткарылат бул Эрежелердеги 76-, 125-, 126- орунбелгилерде көрсөтүлгөн жумуштардан башкасы, 1000 Вко чейинки чыңалуудагы ЭОдо жана экинчилик чынжырларда – буйрутма менен же утурумдук иштетип пайдалануу тартибинде аткарылуучу жумуштардын тизмеси боюнча. 1000 Втон жогорку электржабдууларынын каптамасынын каршылыгын мегаомметр менен өлчөөнү буйрутма боюнча ыкчам ишкерсандардын ичинен электркоопсуздугу боюнча IV- жана III- топтогу эки жумушчу аткарышы мүмкүн чыңалууну алып салуу менен коопсуздукту камсыз кылуучу техникалык чараларды аткаруу менен.
Бул өлчөө иштин топтомуна кирген учурларда, аны иштаккагазда же буйрутмада көрсөтүү талап кылынбайт.
469. Чыңалуу астында турган 1000 Вко чейинки электр чынжырларын үзүүнү талап кылган алеттерди кошуу жана ажыратуу, бул чынжырлардан чыңалууну алып салгандан кийин аткарылууга тийиш. Электр чынжырларын үзүүнү талап кылбаган алеттерди туташтыруу жана өчүрүү электрдик коргоо каражаттарын колдонуу менен чыңалуу астында жүргүзүлүшү мүмкүн.
470. 1000 Вко чейинки чыңалуудагы түзүлүштөрдүн электрдик көрсөткүчтөрүн (мүнөздөгүчтөрүн) өлчөө талап кылынган учурда, көчмө алеттин темир кутусун жерге туташтыруу, жана капта маланган туткасы бар атайын кармагычтарды же бириктирүүчү өткөргүчтөрдү колдонуу зарыл.
20-бөлүм. Чыңалуу алдындагы зымчыныларды жууп жана тазалоо
471. Электр орнотмолорунда зымчынылардын чынжырын, таяныч зымчыныларын жана жабдуунун фарфор капталмаларын жууш үчүн салыштырма өткөргүчтүгү АБТлар үчүн 667 мкСм/см, АЧлар үчүн 1430 мкСм/смтөн ашпаган суунун үзгүлтүксүз агымы менен электр өткөргүчтөрдөн чыңалууну алып салбастан жууса болот. Агымдын узундугу жок дегенде 4-таблицада көрсөтүлгөндөн кем болбошу керек.
472. Жууп жаткан учурда түтүк, телескоптук мунара жана суу челеги жерге туташтырылуусу керек.
Телескопиялык мунарадан жууганда саптамалары бар түтүк, мунаранын себетине жана авточелектин алкагына кеминде 25 мм2 кесилиши бар ийкемдүү жез өткөргүч менен туташтырылууга тийиш.
Жерден жууганда, телескоптук мунарадан же авточелекте орнотулган атайын темир аянтчадан жууганда агын өткөзбөгөн колкаптарды колдонуу зарыл.
473. Жерде туруп жууп жаткан учурда жууш үчүн колдонуп жаткан машинага же механизмге тийүүгө, кабинадан же кузовдон чыгып, аларга кирүүгө тыюу салынат. Жууп жаткан учурда колдонулуучу машиналарга жана
4-санирээтки. Саптамалар менен жуула турган зымчынылардын ортосундагы суунун агымы боюнча эң аз жол берилген аралык
Саптаманын чыгуучу тешигинин диаметри, мм | Суу агымы боюнча эң аз жол берилген аралык, м, аба чубалгысынын чыңалуусунда, кВ | ||||
10 чейин | 35 | 110 | 220 | 500 | |
10 12 14 16 | 3,0 3,5 4,0 4,0 | 4,0 4,5 5,0 5,0 | 5,0 6,0 6,5 7,0 | 6,0 8,0 8,5 9,0 | 8,0 10,0 11,0 12,0 |
механизмдерге чоочун адамдардын жакындашына жол бербөө үчүн чаралар көрүлүүгө тийиш.
Суу толтурулган түтүктөрдү жууганды токтоткондон кийин гана көтөрүп которууга болот.
474. ЖБТлардагы, анын ичинде ТЖлардагы зымчыныларды, агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн чыңалууну албастан, капталмалоочу саптардагы атайын кылсүрткүлөр менен же кошмолору бар көңдөй капталмаланган саптуу чаң соргуч менен тазалоого болот. Чаң соргучтун көңдөй капталмаланган сабына отургузулуп кийгизилүүчү баштары да ошондой эле каптамалоочу заттектен аткарылышы керек, зымчыныларды тазалап жаткан учурда ЭОнун коңшу фазаларынын чабышууларын болтурбоо үчүн.
ЖБТда тазалоо жертамандан же туруктуу тактадан жүргүзүлүшү керек, ТЖда жерге туруп же тейлөө аянтчасынан. Тазалоо учурунда ток өткөзбөгөн кол каптарды колдонуу керек.
475. Ишти баштоонун алдында саптардын капталмалоочу беттери чаңдан тазаланган болушу керек. Тазалоо учурунда таякчалардын ички көңдөйү чаңдан улам-улам тазаланып турушу керек.
476. Чыңалуу астында электроорнотмолордун агын өткөзүүчү бөлүктөрүн жана каптамаларды баардык ыкмалар менен тазалоо учурунда, иштаккагаз менен, атайын окутулган жана көрсөтүлгөн жумуштарды аткарууга, чыңалуу астында жумуштарды жүргүзүү укугун тастыктап билимин текшерүү күбөлүгүнө жазуу менен уруксат берилген эки жумушчу тарабынан аткарылат – электркоопсуздугу боюнча IV- тобу бар иш жүргүзүүчү жана электркоопсуздугу боюнча III- топтогу ишкертоп мүчөсү.
ЖБТда чыңалууну албастан каптаманы тазалоону аларда жеткиликтүү кенендиктеги өтмөктөр бар болгон учурда уруксат берилет, чаң кетирүүчү каражаттар менен кенен кыймылдоого мүмкүнчүлүк түзүүчү, жана ал иштер жертамандан же туруктуу тактачалардан жүргүзүлөт.
21-бөлүм. Тезгемерлик жана технологиялык башкаруу каражаттары (ТТБК)
§ 47. Жалпы талаптар
477. Каптамазымдык жана аба байланыш чубалгыларында; энергетикалык ишкананын бөлмөлөрүндөгү, байланыш радиотүйүнүндөгү, бөлүштүрүүчү бөлүштүргүч-ыкташтырмаларындагы (кросс-модульдарда) жана аппараттык бөлмөлөрүндөгү жайгашкан ДТБК жабдууларында жана түзүлүштөрүндө; электр энергиясын ташып жеткизүучү аба чубалгыларындагы байланыш түзүлүштөрүндө, жогорку жыштыктагы байланыш, релелик коргоо жана телемеханика орнотмолорунда; өнөр-жайлык телекөрсөтүү орнотмолорунда жана эсептөө түзүлүштөрүндө жумуштарды жүргүзүү учурунда ушул бөлүмдүн эрежелери сакталууга тийиш
478. Иш жетектөөчү Эреженин 66-орунбелгисине ылайык аткарылуучу иштерде дайындалышы керек, жана төмөнкү учурларда:
1) аба чубалгысынын коргоо аймагында механизмдерди жана жүк көтөрүүчү машиналарды колдонуу учурунда;
2) чыңалуу астындагы АЧдын коргоо аймагындагы, ошондой эле башка аба чубалгыларынын, 1- таптагы радиоберүү чубалгыларынын тарамдары менен, темир жана автомобиль жолдору, кеме жүрүүчү дарыялар менен болгон кесилиштериндеги баардык түрдөгү түркүктөрдү чечүү, орнотуу жана зымдарды (зымаркандарды) алмаштырууда;
3) илептик чыңалуу аймагында жана калктуу конуштарда байланыш аба чубалгыларынын зымдарын алмаштыруу жана орнотуу;
4) мунаралык өтмөктөрдү орнотуу, омоктук жана бурчтук түркүктөрдү алмаштырууда;
5) KБЧны (каптамазымдык байланыш чубалгысын) сыноодо;
6) ТКЖ (тейлөөсүз күчөтүүчү жай) жабдууларында иштөөдө;
7) чыпкаларды ачпастан текшерип караган учурларды эсепке албагандагы, жерге туташтыргыч бычакты күйгүзбөй туташтыруу чыпкаларында иштөөдө.
Иштаккагаз берген кызматкерге жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары башка жумуштар үчүн да иш жетектөөчүнү дайындоого уруксат берилет.
479. ДТБК түзүлүштөрүндө, оңдоочу ишкерсандан дайындалган иш жетектөөчүгө же иш жүргүзүүчүгө, ишке киргизүүчүнун милдеттерин айкалыштырууга жол берилет, эгерде жумуш ордун даярдоо үчүн өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү иштетүү талап кылынбаса, сактагычтардан тышкары. Ошол эле учурда, ишке киргизүүчү сактагычтарды алып салууга жана ишкертоп мүчөсү менен бирге көчмө жердетме орното алат.
480. БТлардын аймагында жайгашкан ДТБК түзүлүштөрүндөгү жумуштар ушул Эрежелердин 128- орунбелгисинин негизинде аткарылшы керек.
ДТБК түзүлүштөрүндө буйрутма боюнча ушул Эрежелердин 133-134, 136- орунбелгилерде көрсөтүлгөн иштер жана төмөнкүлөр аткарылышы мүмкүн:
1) 1-таптагы тарамдык радиоберүү чубалгылары жана электр берүү чубалгылары таасир этпеген өчүрүлгөн БАЧ (байланыш аба чубалгысы) жана КБЧ (каптамазымдык байланыш чубалгысы) боюнча иштер;
2) бөлүштүрүүчү түзүлүштө жайгашкан, тейлөөсүз күчөтүүчү жайдан (ТКЖ) жана өтө жогорку жыштыктагы (ӨЖЖ) аппаратарынан тышкары түзүлүштөрдү оңдоо, орнотуу жана жөндөө,
жогорку жыштыктагы байланыш каналдарынын иштетүү бөлүктөрүн жана кошмолорун кошо алганда.
БТлардын аймагынан тышкары АЧларда орнотулган ЖЖ тоскучтардагы жумуштар АЧыны тейлөөчү ишкерсан тарабынан берилген иштаккагаз менен жүргүзүлөт.
481. 500кВ аба чубалгылары менен каптамазымдык же аба байланыш чубалгыларынын кесилишинде жана жакындоолорунда иштегенде "500кВ электр чубалгылары менен кесилишкен жана жакындаган бөлүктөрүндө ишкерсандарды жана байланыш жана радио орнотмолорун коргоо боюнча убактылуу көрсөтмөлөрүнүн" талаптары аткарылууга тийиш.
§ 48. Каптамазымдуу байланыш чубалгылары
482. КБЧыны жогорулатылган чыңалуу менен сыноодо, сыноодон өтүп жаткан бөлүк чектелиши керек. Сыноодон өтпөгөн КБЧ бөлүктөрүндө сыноо чыңалуусунун пайда болушун болтурбоо үчүн алардын ортосундагы баардык кошууларды ажыратып салуу керек.
483. Каптаманын электрдик туруктуулугун сыноодо КБЧынын ар башка учтарында турган жумушчулардын бири-бири менен байланышы бар болушу керек.
484. КБЧнын эң алыскы учунда жайгашкан телефон аппараты, сыноолор жүргүзүүлөрдөн мурда, телефондук байланыш түзүү үчүн бөлүнгөн жуп зымдын ар бир өзөгүнө кошулган бөлүүчү тыгыздоочтор (сыйымдуулугу 0,1 мкФ жана жумушчу чыңалуусу 5-6 кВ болгон) аркылуу кошулушу керек. Телефон аппараты жана тыгыздоочтор чуңкурдун же кудуктун сыртында агын өткөзбөс резина килемчеси менен жабылган жыгач тактага жайгаштырылышы керек. Телефондук сүйлөшүүлөр каптамазымда сыноо чыңалуусу жок болгон учурда жана иш жетектөөчүнүн чакырыгы келгенде гана жүргүзүлүшү керек. Сыноо учурунда телефон аппаратына жана туташтыруучу зымдарга тийүүгө тыюу салынат.
485. Сыноолордун жүрүшүндө иш жетектөөчүнун телефон аппараты өчүрүлгөн болушу керек, аны сыноолор аяктагандан кийин жана каптамазымдан дүрмөт алынгандан кийин күйгүзүү керек.
486. Каптамазымга сыноо чыңалуусун берээрден мурун иш жетектөөчү ишкертоп мүчөлөрүнө телефон аркылуу сыноонун башталышы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
487. Сыноолордун жүрүшүндө кесилген каптамазыдын учтарында жана тосулган бөлүктөрүндө кандайдыр бир которуштуруп өчүрүп-күйгүзүүлөргө, ошондой эле каптамазымга тийүүгө тыюу салынат.
Өлчөөчү алеттер жана түзүлүштөрдүн темир тулкулары жумуштар башталганга чейин жердетилиши керек, ал эми жердетмелерди чечүү алеттер жана түзүлүштөр менен жумуштар бүткөндөн кийин жүргүзүлөт жыйынтыктоочу иш жүрүш катары.
488. КБЧда көчмө алеттер менен өлчөөлөр экиден кем эмес адам тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш, алардын бирөө IV-, экинчиси III- топко ээ болушу керек.
489. Электр өткөргүч чубалгыларынын жана электрлештирилген темир жолдорунун өзгөрмө агынынын коркунучтуу таасилерине* дуушар боло турган КБЧыдагы электрдик өлчөөлөр электрдик коргоо каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
490. Каптамазымдарды дат басуудан коргоочу түзүлүшкө жана коргоочу түзүлүштөрдү адашма агындын булагына туташтыруу, ошондой эле орнотмодон чыңалууну алып салбастан жүргүзүлүүчү катоддук орнотмодогу иштер агын өткөзбөгөн кол каптар менен аткарылууга тийиш.
Саркындоочу (дренаждык) орнотмонун оңдоолорун, аны тийме тармагынан жана каптамазым тараптан ажыраткандан жана саркындоочу каптамазымды электрлештирилген темир жолдун же трамвайдын тийме тармагы тараптан жерге туташтыргандан кийин, жүргүзүүгө уруксат берилет.
491. Жер астындагы КБЧлардын курулмаларындагы жумуштар бул Эрежелердин 17-бөлүмүнүн 32- § нын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
492. Каптамазымды туруктуу аба басымында кармоо үчүн, абаны кысып- белги берүүчү орнотмону (КББОну) иштетип пайдалануу «Басым астында иштеген идиштерди орнотуу жана коопсуз иштетип пайдалануу Эрежелерине» ылайык жүргүзүлөт.
493. КББОну тейлөөгө III- топтогу кызматкерлерге уруксат берилет.
494. КББОдо баардык иштер, орнотмо өчүрүлгөндөн жана чыңалуу алынып салынгандан кийин буйрутма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
495. Кургатуу жана автоматика сапсалгыларынын алдыңкы, арткы жана капталындагы тилкетакталарды чечүүгө жана ишке киришүүгө КББОдон чыңалуу алынгандан кийин 15 мүнөттөн эрте эмес убакыттан кийин баштоого жол берилет.
Кургатуу жана автоматика сапсалгыларынын жанында иштегенде агын өткөзбөгөн резина килемчелерин колдонуу зарыл.
496. ТКЖнын (тейлөөсүз күчөтүүчү жайдын) аралыктан түруктуу жана өзгөрмө агын менен камсыздаруусу КБЧларында төмөнкүдөй иштерди жүргүзүүдө өчүрүлөт:
______________________
*«Коркунучтуу таасир» түшүнүгү «Электр чубалгыларынын коркунучтуу жана тоскоолдук кылуучу таасиринен зымдуу байланыш түзүлүштөрүн, темир жол белги берүүчү түзүлуштөрүнун жана телемеханикасын коргоо эрежелери» менен аныкталат.
1) каптамазымды орнотууда, чыгарып чечүүдө, жана кайра төшөөдө;
2) бузулган телефон байланыштарын оңдоодо;
3) каптамазымдагы өлчөөлөрдө.
497. ТКЖнын аралык электр менен жабдуусу кезметчинин өтүнмөсү боюнча алынып салынат, аны ал кезметчиге же тейленме күчөтүүчү жайдын башчысына берет. Өтүнмөдө каптамазымдын аталышы, иш жүрүүчү бөлүк жана иштин мүнөзү, иштин башталышы жана аяктоо убактысы, аралыктан
электр менен жабдуунун түрү, иш жетектөөчүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.
498. ТКЖнын аралыктан азыктануусу, азыктандыруучу күчөтүүчү жайынан ыйгарым укуктуу адамдан уруксат алгандан кийин, кезметчи же тейленме күчөтүүчү жайдын башчысы тарабынан алынат.
Аралыктан азыктандыруунун чыңалуусу алынып салынган ачкычтарда жана баскычтарда «Күйгүзбө! чубалгыда иштер» деген плакаттары илинет.
Аралыктан азыктандырууну берүү чынжырында аппаратууралардын түзүлүштөрүнө жараша тиешелүү жааларды, сактагычтарды же башка бөлүктөрдү алып салуу менен ажыратуулар жасалууга тийиш. Муну жасоодо агын өткөзбөгөн кол каптарды колдонуу керек.
499. Аралыктан азыктандыруу менен бир эле мезгилде каптамазымдан телебашкаруу жана белги берүүчү түзүлүштөрдүн азыктандыруулары алынып салынышы керек жана алардын платаларына (электрондук түзмөктөрдүн агын өткөзүүчү чынжырынын агын өткөзбөгүчтө чогултулган тактасы) «Күйгүзбө! Чубалгыда иштөөдө» плакаттары илинет.
500. ТКЖда (ТБЖда) иштерди жүргүзүүгө уруксат алгандан кийин, иш жетектөөчү оңдолуучу каптамазымды аныктап, андагы чыңалуу жок экендигин текшерип, анын дүрмөтүн кайтаруусу керек. Бул иштерди коргоочу көз айнек жана агын өткөзбөгөн кол каптар менен аткарууга тийиш.
501. ТКЖынын (ТБЖынын) каптамазымындагы иштердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аралык азыктандырууну кабыл алуу чынжырларында кошумча ажыратуулар жасалышы керек. Шайкештик (симметриялуу) каптамазымынын аралыктан азыктандыруу чынжырындагы көрүнөө ажырымды камсыздоо, эки жуп ачакошкучтарды (вилкаларды) кутулардан (бокстардан) алып салуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Коаксиалдык (негизги өзөгүнөн капталмаланган агын өткөрүүчү калканчы бар) жуптардын аралыктан азыктандыруучу чынжырындагы көрүнөө ажырымды чыпкалоочу электрондук такта менен автотрансформатордук сапсалгынын (блоктун) ортосунда жайгашкан тиешелүү жаачаларды алып салуу менен, ал эми шайкеш жуптарда – көмөкчү тиктактада (стойкада) жайгашкан кутудагы (бокстогу) жаачаларды алып салуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Алына турган жаачалар жана ачакошкучтар ажыратылуучу түстө болушу керек.
502. ТКЖнын (ТБЖнын) каптамазымындагы жумуштарга ишкертопту ишке киргизүү 501-орунбелгиде көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыргандан кийин иш жетектөөчү жүргүзөт.
Ишканада аралыктан азыктандыруусу бар түзүлүштөрдүн тизмеси болушу керек. Аларды тейлеген ишкерсандар бул тизме менен тааныштырылуусу керек.
§ 49. Тейлөөсүз күчөтүүчү жайлардын жабдуулары
503. ТКЖда (ТБЖда) баардык жумуштарды иштаккагаз же буйрутма боюнча, иш жүргүзүүчүсү IV- топко, ал эми ишкертоп мүчөсү III-топко ээ болгон ишкертоп аткаруулары керек.
504. Туруктуу желдетүүсү болбогон ТКЖынын (ТБЖнын) боштуктары жумуш баштоого чейин жана ишти алып баруу учурунда желдетилип турушу керек. Жумушту аткаруу учурунда боштук ачык болушу керек.
Желдетүүчү түзүлүш менен жабдылган ТКЖда иштегенде желдетүүчү каналдар ачык болушу керек.
505. Аралыктан азыктандыруучу жабдууларды сыноодон мурун, баардык ТКЖлардын (ТБЖлардын) жана аларды азыктандыруучу тейленүүчү күчөтүү жайларынын ортолорунда телефон байланышы камсыз кылынышы керек.
506. Аппаратурадан айрым электрондук такталарды, иш жетектөөчүнүн уруксаты менен, аралыктан азыктандыруунун чыңалуусун алып салгандан кийин гана чечүүгө жол берилет. Чыңалуу астындагы аппаратуураларды оңдоого тыюу салынат.
§ 50. Байланыш аба чубалгылары
507. Электрлештирилген темир жолдордун, трамвайлардын жана троллейбустардын тийинди тармагынын зымдарын кесип өтүүчү байланыш аба чубалгыларынын зымдарынын кесилиштерин орнотуу жана оңдоо, тийинди тармагынын аралыгынын (районунун) өкүлүнүн катышуусунда тийинди тармагын ажыратуу жана иш ордунда жерге туташтыруу менен, иштелип чыккан ЖЖДга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
508. Калктуу конуштардын көчөлөрүндө электр чубалгыларынын зымдарынын үстүнөн зымдарды тартып өткөн учурда, жолдон өтүп бара жаткандарга жана унааларга эскертүү үчүн желекчелер менен белги берүүчүлөрдү коюу зарыл.
509. Электр чубалгыларынын астынан өткөн байланыш зымдарын тартууда жана жөнгө салууда ушул Эрежелердин 42-, 44-, 395-орунбелгилеринин талаптары аткарылышы керек.
510. Ишти баштоонун алдында байланыш аба чубалгысынын зымдарында (зымдар менен жердин ортосунда) 25 Втон жогору чыңалуу жок экендигин текшерүү керек.
Аба чубалгысынын зымдарында 25 Втон жогору чыңалуу аныкталса, чыңалуунун келип чыгуу себеби такталмайынча жана аны 25 Вко чейин азайтмайынча ишти баштоого тыюу салынат.
511. Илептик чыңалуу астындагы байланыш аба чубалгыларында иштеген учурда, илептик чыңалуу астындагы аба чубалгыларында иштөөгө тиешелүү ушул Эрежелердин §35 талаптары аткарылууга тийиш.
512. Илептик чыңалуу астындагы байланыш аба чубалгыларынын зымдарын жерге туташтыруу көчмө жердетмелерди орнотуу үчүн пайдалануучу саптарды колдонуу менен чубап бошотулуучу чыгырыктар аркылуу жүргүзүлөт.
513. Илептик чыңалуудагы байланыш аба чубалгысында иштегенде жандырылуучу жана илинүүчү зымдар экаранын башталышында жана түздөн-түз жумуш ордунда жерге туташтырылууга тийиш. Жерде жаткан зым чубалгылык зымдарга жана кийинки бөлүктөрдө жайылып жаткан зымдарга тийбеши керек.
Саландоону тууралап жөндөө жана бөлүктөгу зымды мурунку бөлүктүн зымына туташтырардан мурун иштеп жаткан бөлүктө бекитүү керек. Айрым бөлүктөрдү туташтыруунун алдында, жумуш ордунда зымдарды туташтыручуу кошулманын эки тарабында жердетилиши керек.
§ 51. Радио жана радиорелелик чубалгылар
514. Транзисторлор жана микросхемаларды колдонуу менен жасалган радиоаппаратураларда буйрутма менен иштөөгө уруксат берилет. Жумуш ордунда агын өткөзбөгөн резина килемчелери же каптамаланган түпкүчтөр орнотулушу керек.
515. III- топтогу бир кызматкерге, 25 Вко чейинки чыңалуу менен иштей турган транзисторлор жана микросхемалар менен жасалган жабдуулардагы жумуштарды кошпогондо, кандайдыр бир оңдоо иштерин жүргүзүүгө укук берилбестен, радиоаппаратураларды тейлөөгө уруксат берилет.
516. 60 КГц - 300 ГГц аралыгындагы жыштыктагы ЭМТда (электромагниттик талаада) иштегенде СН КР 12-01:2018 үлгүченинин жана Кыргыз Республикасынын “Өндүрүштөгу коркунучтуу курулмалардын өнөр жай коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамынын, СанПиН 2.2.4.3359-16 “Жумуш ордуларындагы физикалык таасирлерине (факторлоруна) болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптары” үлгүчендеринин жана Кыргыз Республикасынын “Электр коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентинин (КРдин 2012ж. № 359- жана 2015- жылдагы № 15- токтомдорунун) талаптары аткарылууга тийиш.
517. Жогорку жыштыктагы жабдууларды орнотууда жана жөндөөдө электр агынынан жана күчөгөн электромагниттик нурлануудан коргоочу каражаттарды колдонуу зарыл.
Колдонулуучу коргоочу көз айнек металлдашкан айнек менен капталган болушу керек (мисалы, ОРЗ-5 түрүндөгү).
518. Антена-тарамдык түзүлүштөрдү чечип жана чогултуу, бузулууларын жоюу, түзмөктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү алардан чыңалуу алып салгандан кийин жүргүзүлүшү керек.
Тыюу салынат:
1) электромагниттик нурлануунун бар экендигин колго же денин башка бөлүгүнө тийгизген жылуулук таасири боюнча аныктоо;
2) коргоо каражаттары жок, жол берилгенден жогору энергия агымынын тыгыздыгы бар нурлануу аймагында болууга;
3) электромагниттик нурлануу булагынын тосмолонуусун бузууга;
4) ачык иштеп турган антенна-тарамдык түзүлүштүн алдында болууга.
519. Мунараларда жана мамылардагы тышкы антенна-тарамдык түзүлүштөрдү орнотууга жана тейлөө иштерине IV- жана III- топтогу жумушчулардан турган ишкертоп тарабынан аткарылышы керек. Жумушка киришерден мурун жогорку жыштыктагы жабдууларды өчүрүү керек.
520. Антенналык мамы курулмаларында иштеген учурда төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
1) аларга чыгуучу жумушчулардын бийиктикке чыгуу менен байланышкан иштерге уруксаттары болуш керек;
2) жумуштун алдында мамынын белги берүүчү жарыгы жана антенналардын жылытуусу өчүрүлүшү керек жана “Күйгүзбө! Адамдар иштейт” плакаттары илинет;
3) мамылардагы электрдик жарык менен белги берүүчү чырактарын алмаштырууда ушул Эрежелердин 432-433-орунбелгилеринин талаптары сакталышы керек.
§ 52. АЧылар жана чагылгандан коргоочу зым аркандары боюнча жогорку жыштыктагы байланыш
521. Бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө же 1000 В жогорку аба чубалгыларында жайгашкан жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн жабдууларын техникалык тейлөө, жөндөө жана оңдоо иштери экиден кем эмес адам тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш, алардын бирөө IV- топтогу болушу керек, агындан ажыратылган ЖЖ тоскучтарынын чылбырактары илептик чыңалуу астында болуп калуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен.
522. Иштеп турган аппаратураларда, тилкетакталарды (сапсалгыларды) ачуу менен агын өткөзбөөчү резина килемчесин колдонуп, III- топтогу бир жумушчуга иштөөгө жол берилет.
Ишти баштоонун алдында туташтырылуучу жогорку жыштыктагы чубалгыда чыңалуу жок экендигин текшерүү керек. 25 Втон жогорку чыңалуу болгон учурда иштөөгө тыюу салынат.
523. Иштетүүчү бөлүктөрдөн чыңалууну алып салгандан жана аба чубалгысын туташтыргандан кийин гана түзмөктөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, жогорку жыштык тарамын чечип ажыратууга жана чогултууга жана алардагы бузулууларды жоюуга мүмкүн. Каптамазым жана туташтыргыч чыпкасында иштеген учурда тыгыздоочтун (конденсатордун) төмөнкү табагындагы жерге туташуучу бычакты күйгүзүү жетиштүү.
524. Байланыш тыгыздоочторунун төмөнкү табагын жерге туташтырбастан, аба чубалгысына кошулган жогорку жыштыктагы орнотмонун коргоочу түзүлүштөрүнөн, аппаратураларынан жана башка бөлүктөрүнөн жерге туташтыруучу өткөргүчтөрдү ажыратууга тыюу салынат.
525. Байланыш тыгыздоочтору менен туташтыргыч чыпканын ортосундагы чынжырдагы алеттерди кошууга жана ажыратууга, байланыш тыгыздоочунун төмөнкү табагын жерге туташтыруучу бычак менен жердештиргенде гана жол берилет. Өлчөөлөрдү жүргүзүү учурунда аспаптарды көп ирет туташтырганда, байланыш тыгыздоочунун төмөнкү табагын ар бир ирет жерге туташтырып туруу керек.
Узактыгы 1 сааттан ашпаган ченөөлөрдү IV- топтогу бир адам буйрутма боюнча кезметчинин же IV- топтогу ыкчам-оңдоо ишкерсанынын кызматкеринин көзөмөлү астында жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул өлчөөлөр дүрмөтсүздөндүргүчтү ажыратпастан, байланыш тыгыздоочунун астыңкы табагынын жерге туташтыруучу бычагы ажыратылган абалда, туташтыргыч чыпканын ичинде гана жүргүзүлөт. Бул учурда, алеттер жерге туташтырылышы керек; өлчөөлөр электрдик коргоочу каражаттарды (агын өткөрбөгөн өтүктөр жана кол каптар, каптамаланган туткасы бар шаймандар) колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Узактыгы 1 саатан ашкан өлчөөлөр иштаккагаз менен жүргүзүлүшү керек.
§ 53. Ишкертоптор менен убактылуу жогорку жыштыктагы байланыш
526. Ташылма (көчмө) жогорку жыштыктагы байланыш туруктарын орнотуу жана чечүү экиден кем эмес адамдан турган ишкертоп тарабынан ишке ашырылууга тийиш, алардын бири IV-, экинчиси III- топко ээ болушу керек.
527. Антенна, 110 кВко чейинки чыңалуудагы аба чубалгыларынын туркүктөрүндө, төмөнкү зымдардын деңгээлинен 3 мден кем эмес, 220 кВ аба чубалгыларынын зымдарынан 4 мден кем эмес ылдыйкы аралыкта орнотулушу керек. Антеннанын салаңдоосу аба чубалгысынын зымынын салаңдоосунан чоңураак болушу керек.
528. Антеннаны илүүнүн алдында антеннанын чыгырыгын камтыган турукту (посту) түркүккө 1-1,5 м бийиктикте бекитип жана жердештирүү керек.
Турукка (постко) кирип турган антеннанын учу орнотмонун ичинде индуктивдик чыгырык (дроссель) аркылуу жана дроссель менен шайкеш туташтырылган жердештирилүүчү бычак аркылуу жерге туташтырылат. Дроссель менен шайкеш катары 1 кВ чыңалуусундагы дүрмөтүрсүздөндүргүч туташтырылышы керек. Антеннаны кылдаттык менен жулкпай тартуу керек.
529. Антеннаны көтөргөндө жана түшүргөндө трассадан алыс, экаранын ортосунда турган бир адам, антенна чыңалуу астындагы аба чубалгысынын зымдарына 527-орунбелгиде көрсөтүлгөндөн азыраак аралыкка жакындабастыгын көзөмөлдөп турат. Антенна зымынын астында турууга тыюу салынат.
530. Түшүрөөр алдында антеннаны жерге туташтыргыч бычак же көчмө жердетме менен жерге туташтыруу керек.
§ 54. ДТБКанын жабдуулары туруучу жай
531. Электр чордондорунун, көмөкчордондордун электрорнотмолорундагы аппараттык бөлмөлөрдө жайгашкан түзүлүштөрдө иштөө, күйгүзүү жана өчүрүү, ошондой эле телефон байланышынын, радиоберүүлөрүнүн ж.б. жабдууларын оңдоо электркоопсуздугу боюнча III- топтогу бир кызматкер жүргүзүшү мүмкүн.
532. Каптамазымдык жана аба байланыш чубалгыларынын алгачтык жана алгачтык-сыноочу мамыларынын, аралык азыктандыруу мамыларынын, чыңалууну автоматтык түрдө тууралап жөндөө столдорунун, агын бөлүштүрүүчү мамынын алдындагы жертаманда агын өткөзбөөчү резина килемчелери же капталмалоочу түпкүчтөр болушу керек.
533. Аралыктан азыктандыруу чыңалуусу берилип жаткан жабдуулардын кабында, чыңалуу бар экендигин эскертүүчү белгилер жазылып коюлушу керек.
534. Издегичтердин жана релелердин тийимдерин (тийим талааларын) жууп салуу, алардан чыңалууну алып салгандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
535. Жабдууларды тазалаганда ачык темир алкактуу сүрткүлөрдү же темир учтуктуу түтүгү бар чаң соргучту колдонууга тыюу салынат.
536. Жабдуулардагы чырактарды алмаштыруу алардан чыңалууну алып салгандан кийин жүргүзүлүшү керек. 250 Вко чейинки чыңалуудагы чырактарды коргоо каражаттарын колдонуу менен алмаштырууга жол берилет.
537. Алгач-сыноо мамысына кошулган байланыш чубалгысына же бөтөн (электр линиясынан, аралыктан азыктандыруучу жабдуулардан) 25 Втон жогорку чыңалуудагы бөлүштүргүчтүн (кросстун) коргоо тилкесине тийгенде, кезметчи ишкерсан коргоочу каражаттарды колдонуу менен бул чубалгыны өчүрүп жана каптамалоосу (обочолотуусу) керек. 25 Втон жогорку бөтөн чыңалуу бар экендиги боюнча курулманын ыкчам ишкерсанына, ал эми ал жок болгон учурда, жогору турган ыкчам ишкерсанга билдирүү керек. Дүрмөтсүздөндүргүчтөрдү же сактагычтарды бөтөн чыңалуу жок болгондо гана алмаштырууга уруксат берилет.
538. Электр чубалгыларынын жана электрлештирилген темир жолдорунуну өзгөрмө агындарынын таасирине дуушар болгон байланыш чубалгыларынын жабдууларында иштөөдө чубалгылык коргоочу түзүлүштөрдү алмаштыруу агын өткөзбөгөн резина килемчесин колдонуп агын өткөзбөгөн колкаптарды (же капталмаланган кармагычтары бар кычкачтарды) жана коргоочу көз айнекти кийүү менен жүргүзүлүшү керек.
539. ШАТЧтын (шаар аралык телефон чордону) кошкучтарынын телефон операторлорунун жумуш орундары жана АТЧтын (автоматташтырылган телефон чордону) кабарлоочу столдору үндүк (акустикалык) соккуну чектөөчү каражаттар менен корголушу керек. Күн күркүрөгөн учурда телефонисттер микротелефон жыйнагынын (наушник, микрофон зымдары менен) ордуна микротелефон трубкаларын колдонуулары керек.
22-бөлүм. Жылуулук автоматика, жылуулук техникалык өлчөө жана коргоо түзүлүштөрүнүн электрдик бөлүгү
540. ЖАӨ* (жылуулук автоматика өлчөгүчтөрү) түзүлүштөрүнүн жана автоматташтырылган башкаруу тутумунун техникалык каражаттарынын электрдик бөлүгүндөгү жумуштарды аткарууда бул Эрежелер боюнча электр
коопсуздук чараларынын талаптары сакталуу менен аткарылышы керек.
541. Башкаруу тактасындагы (пульттагы), бөлуштүрүүчү калканчыктардагы жана ЖАӨ түзүлүштөрүнүн жыйнактарындагы өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар менен иш аракеттерди III- топтогу кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсан, ошондой эле оңдоочу ишкертоптун IV- топтогу иш жүргүзүүчүсү аткарышы мүмкүн, эгерде иштаккагаз же буйрутма берген адам иштаккагаздын «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабына жазуу менен, ага, өчүрүп-күйгүзүүчү жабдууларды күйгүзүү жана өчүрүүгө көрсөтмө берсе, ал эми буйрутма боюнча иштерди аткарган учурда - буйрутманы каттоо журналына жазуу менен аткарылат.
542. Жылуулук жана электрдик жүктөмгө таасир этүүчү ЖАӨ түзүлүштөрүнүн электр жабдууларын чордондун кезмет башчысынын же
технологиялык бөлүмдүн башчысынын уруксатын (буйрутмасы) алынгандан кийин өчүрүлүшү керек.
543. Технологиялык жабдуулардын бөлүгүндөгү ЖАӨ түзүлүштөрүнө ишке киргизүү алдындагы даярдоону, ыкчам башкаруусунда турган технологиялык жабдуулар жайгашкан бөлүмдүн ыкчам ишкерсаны жүргүзүшү керек.
544. Иш жүргүзүүчүнүн талабы боюнча, жөндөө же оңдоо иш жүрүштөрүндө жөнгө салгычтарды иштетип көрүү үчүн күйгүзүүнү, жабдуулар ыкчам башкаруусунда болгон, иш бөлмөнүн кезметчи ишкерсаны жүргүзүшү керек.
545. Буйрутма боюнча, жабдуулардын түзмөгүн же иштөө тартибин өзгөртүүнү талап кылбаган ЖАӨ түзүлүштөрүн оңдоо, сыноо жана жөндөө боюнча иштерди жүргүзүүгө болот.
546. Толук оңдоолор учурунда, түзмөктүн айрым тетиктерин жана бөлүктөрүн же ЖАӨ түзүлүштөрүнүн түйүндөрүн сыноо жана иштетип көрүү,
технологиялык бөлүмдүн кезмет башчысынын (кезметчисинин) уруксатынын
_________________
* ЖАӨ аппараттарынын жылуулук механикалык бөлүгүн тейлөөдө коопсуздук чаралары «Электр станцияларынын жана жылуулук тармактарынын жылуулук-механикалык жабдууларын иштетип пайдалануунун коопсуздук эрежелеринде» белгиленген
негизинде төмөнкү шарттарды сактоо менен жүргүзүлөт: оңдоо иштери милдеттүү түрдө токтотулат, адамдар иштетилип көрүлүүчү жабдуулардан чыгарылып, коргоочу жердетмелер, тосмолор жана плакаттар алынат.
Коңшу бөлүктөрдөгү ишкертоптор, эгерде бул бөлүктөр ажыратылып, иштетип көрүлүүчү жабдуулардан корголсо жана жумушчулардын коопсуздугу камсыз кылынса, ишин уланта алышат.
547. Иштетип көрүү учурунда электр жабдууларын кайра-кайра күйгүзүү жана өчүрүү менен байланышкан жумуштарды, иштаккагазда тыныгууларды каттабастан, бирок ар бир жолу зарыл болгон техникалык чараларды аткаруу менен жүргүзүүгө уруксат берилет.
Электр жабдууларын күйгүзүү жана өчүрүү технологиялык бөлүмдүн кезмет башчысынын (кезметчинин) уруксаты менен жүргүзүлүүгө тийиш.
548. ЖАӨ түзүлүштөрүндө, III- топтогу жалгыз кызматкер буйрутма менен төмөнкү жумуштарды аткарышы мүмкүн:
1) алеттердин каттоо бөлүгүн жөндөө;
2) манометрлерди (электр тийимдүүлөрүнөн тышкаркысы), дифференциалдык манометрлерди, термопарларды, каршылык термометрлерин алмаштыруу;
3) сапсалгылык башкаруу калканчыктарындагы жылуулук техникасынын көзөмөлдөөчү түзүлүштөрүнүн бузулууларын жоюу;
4) башкаруунун автоматташтырылган тутумунун эсептөө техникасынын техникалык каражаттарынын жыйнактарын оңдоо;
5) автожөндөөчүлөрдүн электрондук сапсалгыларынын көрсөткүчтөрүн тууралоо жана текшерүү;
6) кыскыч кутуларды тыгыздоо;
7) жазууларын жазуу, илметакталарды, билдиргичтерди, кыймылдаткычтарды, тактачаларды ж.б. белгилөө;
8) калканчыктарды, тилкетакталарды кысылган аба менен үйлөө.
9) температуралык деңгээлдеринин өлчөөлөрүнүн которгучтарында алдын ала тейлөө иш чараларын жүргүзүү.
ЖАӨ түзүлүштөрүндө технологиялык түзмөктөрдү же жабдуунун иштешинин иш тартибин өзгөртүүнү талап кылбаган жумуштарды буйрутма менен аткарууга болот.
549. Ар кандай иш бөлмөлөрдө (бөлүмдөрдө) турган ЖАӨ түзүлүштөрүндөгү, иштеп жаткан жабдууларда жана жыйнактарда жайгашкан, баардык иштер, иштей турган бөлүмдүн (иш бөлмөнүн) кезмет башчысынын (кезметчинин) уруксаты менен аткарылууга тийиш.
Жапматээктердин чогултмаларында, жапматээктердин иштеткилеринде жана жөндөгүчтөрүндө жумуштарды жүргүзгөн учурда бул Эрежелердин 13- бөлүмүнүн 2- параграфынын талаптары аткарылышы керек.
550. ЖАӨ түзүлүштөрүндөгү иштаккагаз боюнча аткарылуучу жумуштарда ишке киргизүүчү катары ЖАӨ бөлүмүнүн (иш бөлмөнүн) кезмет башчысы (кезметчиси) болот. Кезметте кезметчи ишкерсан жок болгон учурда, ошондой эле аймактык алыскы курулмаларда иштеген учурларда иштаккагаз боюнча ишке киргизүүчу катары ыкчам-оңдоочу ишкерсандын кызматкери болушу мүмкүн.
Буйрутма боюнча ишке киргизүү ЖАӨ бөлүмүнүн (иш бөлмөнүн) (бөлүмдүн) кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсаны, же, буйрутмада көрсөтүлгөн жумуш орундары жайгашкан технологиялык курулмалардын башка (бөлүмдөрдүн) иш бөлмөлөрүнүн (бөлүмдөрдүн) III-тобу бар кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Электротехникалык ишкерсандардын ичинен IV- топко ээ болгон иш жүргүзүүчүгө жумуш ордун даярдоо учурунда ЖАӨ түзүлүштөрүнүн электрдик бөлүгүндө коопсуздук чараларын аныктоо менен ишке киргизүүчүнүн милдетин айкалыштырганга уруксат берилет иштаккагаздын «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында жазуу менен.
551. Көчмө жердетмелерди орнотуу жана алып салуу ЖАӨ бөлүмүнүн (иш бөлмөсүнүн) (бөлүмүнүн) кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсаны тарабынан аткарылышы керек. Электр иш бөлмөсүнүн ишкерсаны тейлеген өчүрүп-күйгүзүүчү жабдуулар менен ЖАӨ түзүлүштөрүн өчүргөндө, өчүрүлгөн өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдө жердетмени электр иш бөлмөсүнүн ишкерсаны орнотууга тийиш.
23-бөлүм. Релелик коргоо жана электр автоматикасынын түзүлүштөрү, өлчөө каржаттары жана электр эсептегичтери, экинчилик түзмөктөр 552. Өлчөө каржаттарынын, релелик коргоо түзүлүштөрүнүн жана электр автоматикасынын чынжырларында аткарылуучу иштердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлчөөчү агын жана чыңалуу трансформаторлорунун экинчилик чынжырлары (оромдорунда) туруктуу жерге туташтыруулары болуш керек. Өлчөөчү трансформаторлордун электрдик кошулуусу болгон экинчилик оромдорунун тобу үчүн, релелик коргоонун татаал түзмөктөрүндө бир гана жерден жерге туташтырууга жол берилет. Татаал коргоолор түзүлүштөрүнүн түзмөктөрүндөгү баардык жумуштар коопсуздук чаралары каралган мазмуурет менен аткарылат.553. Өлчөөчү алеттердин, релелик коргоо түзүлүштөрүнүн, электр автоматикасынын агын чынжырын үзүү зарыл болгон учурда, агын трансформаторунун экинчи оромунун чынжырын алдын ала бул үчүн атайын арналган кыскычтарда же сыноо сапсалгыларын (блокторун) колдонуу менен кыска туташтыруу жүргүзүлөт.Агын трансформатору менен орнотулган кыска туташуунун ортосундагы экинчилик чынжырда, чынжырдын ажырашына алып келүүчү иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.554. Тышкы булактан чыңалуу берүү менен чыңалуу трансформаторунун экинчилик түзүлүштөрүндө жана чынжырларында иштөө учурунда, кайтарымдык оодарылуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо чаралары көрүлүшү керек.555. Релелик коргоо, электр автоматика түзүлүштөрүнүн, анын ичинде өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү өчүрүп күйгүзүү менен текшерүү, иштетип көрүү менен сыноо ушул Эрежелердин 268-278- орунбелгилерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.556. Релелик коргоо, электр автоматика түзүлүштөрүн жана башкаларды тейлөөчү ишкерсандын ичинен IV- топтогу иш жүргүзүүчүгө ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштырууга уруксат берилет. Бул учурда ал жумуш ордун даярдоо үчүн зарыл болгон коопсуздук чараларын аныктайт. Мындай айкалыштырууга, эгерде жумуш ордун даярдоо 1000 Втон жогору чыңалуудагы электр орнотмосунун бөлүгүндө өчүрүүлөрдү, жерге туташтырууну, убактылуу тосмолорду орнотууну талап кылбаса жол берилет.557. IV- топтогу иш жүргүзүүчүгө, ошондой эле III- топтогу ишкертоп мүчөлөрүнө (ушул Эрежелердин 123-орунбелгисинде каралган шарттарда), ишкертоптун башка мүчөлөрүнөн ажырым, релелик коргоо, электр автоматикасынын ж.б. түзүлүштөрүндө жана экинчилик чынжырларында, эгерде бул чынжырлар жана түзүлүштөр 1000 В жогору чыңалуудагы агын өткөрүүчү бөлүктөрү жок БТларда жана бөлмөлөрдө толугу менен тосулган же тосмону талап кылбаган бийиктикте жайгашкан болсо, иштөөгө уруксат берилет.558. Энергия менен жабдуучу жана энергия сатуучу мекемелердин ишкерсандары керектөөчүлөрдүн эсептегич алеттери менен жумуштарды иш сапарга жөнөтүлгөн ишкерсандын укугунда иш алып барышат. Бул жумуштарды экиден кем эмес жумушчу курамындагы ишкертоп аткарат. Жумуштар керектөөчүлөрдүн ишкерсандары тарабынан берилген буйрутма менен аткарылат. Эсептегич алеттери менен жумуштарга жумуш ордун даярдоону жана энергия менен жабдуучу жана энергия сатуу уюмдарынын жумушчуларын ишке киргизүүнү бул учурда керектөөчүлөрдун ишкерсандары аткарат. Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн бөлмөлөрүндө электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн керектөөчүнүн өкүлүнүн катышуусу менен III- топтогу электрэнергия жабдуучу мекеменин кызматкери тарабынан жазууга жол берилет.559. Керектөөчүлөрдүн, чыңалуусу 1000 Вко чейин болгон электр орнотмолорунда, айкалыштыруу же келишим менен иштеген кызматкерлери бар болсо( балдар бакчалары, дүкөндөр, поликлиникалар, китепканалар ж.б.), жумуш ордун даярдоо жана ишке киргизүү электрэнергия менен жабдуучу тиешелүү мекемелердин ыкчам ишкерсаны тарабынан, учурдагы иштетип пайдалануу тартибинде аткарылуучу иштердин бекитилген тизмеси боюнча, керектөөчүнүн өкүлүнүн катышуусунда III- жана IV- топтогу эки жумушчудан турган ишкертоп тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.560. Электр энергиясын эсептөөчү каражаттары менен иштөө чыңалууну алып салуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Өлчөө трансформаторуна туташтырылган электр эсептегичтердин чынжырларында сыноо кутучалары бар болсо, бул кутучалардагы электр эсептегичтин түзмөгүнөн чыңалууну алып салуу керек.561. Бир фазалуу электр эсептегичтер менен иштөө электр энергия менен жабдуучу мекемелердин III- топтогу ыкчам ишкерсаны тарабынан, чыңалууну алып салуу менен, учурдагы иштетип пайдалануу тартибинде аткарылуучу иштердин бекитилген тизмеси боюнча жалгыз жүргүзүшү мүмкүн. Жыгач үйлөрдө, кооптуулугу жогору болбогон бөлмөлөрдө, электр эсептегичке чейин өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүш жок болгон учурда, бул иш жүктөлүштү алып салуу менен чыңалууну алып салбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.562. Ушул Эрежелердин 558-, 559-, 561- орунбелгилеринде көрсөтүлгөн иштерди аткарууда, электрэнергия менен жабдуучу мекеменин жетекчилигинин буйругу же тескемеси менен кызматкерлерге аймактык бөлүк (район, квартал, аймак ж.б.) бекитилүүгө тийиш. Тапшырма кагаздарында (бланктарында) ыкчам ишкерсан электр орнотмолорунда иштин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча техникалык иш-чаралардын аткарылышын белгилеши керек.563. Энергия менен жабдуучу мекемелерде эсептөөчү каражаттары менен иштөө үчүн, ар бир иштин түрү боюнча насааттамалар же иш жүргүзүү (технологиялык) карталары түзүлүүгө тийиш. 24-бөлүм. Көчмө электр шаймандары жана чырактар, кол электр машиналары, бөлүүчү трансформаторлор 564. Көчмө электр шаймандары жана чырактар, кол электр машиналары, бөлүүчү трансформаторлор жана башка көмөкчү жабдуулар коопсуздук техникасы боюнча талаптарга жооп бериши керек жана ушул Эрежелерге ылайык колдонулушу керек.565. Кооптуулугу жогору бөлмөлөрдө (ЭООЭнин негизиндеги), I- таптагы көчмө электр шаймандары жана кол электр машиналары (12.2.013.0-91 МҮЧтүн жана IEC 62841-3-6-2015 негизиндеги) менен иштөөгө II- топтогу ишкерсанга уруксат берилиши керек.Көмөкчү жабдууларды (трансформаторду, жыштык өзгөрткүчтөрдү, коргоочу өчүрүү түзүлүштөрүн ж.у.с.) электр тармагына кошуу жана аны тармактан ажыратуу ушул электр тармагын иштетип пайдалануучу III- топтогу электротехникалык ишкерсан тарабынан ишке ашырылууга тийиш.566. Көчмө электр шаймандарынын жана кол электр машиналарынын табы 6-санирээткиде келтирилген талаптарга ылайык бөлмөлөрдүн топтук даражасына жана электрдик коргоо каражаттарын кээ бир учурларда колдонуу менен иштөө шарттарына ылайык келүүгө тийиш.567. Кооптуу жана өзгөчө коркунучтуу жайларда көчмө электр чырактарынын чыңалуусу 50 Втон ашпаган болушу керек.Өзгөчө жагымсыз шарттарда иштеген учурларда (өчүргүч кудуктарында, ЖБТнын бөлүктөрүндө, казандардын доолунда (барабанында), темир идиштеринде ж.б.) көчмө электр чырактарынын чыңалуусу 12 Втон ашпаган болушу керек.6-санирээтки. Электр аспаптарын жана ар кандай топтогу кол электр машиналарын колдонуу шарттары
| Жумуш жүргүзүлүүчү орду
| Электр агынына чалдыгуудан коргоонун түрү боюнча электр аспаптарынын жана кол электр машиналарынын табы | Электр коргоо каражаттарын колдонуу шарттары
| |
| Жогорку кооптуулугу жок жайлар
| 0 | Жок дегенде бир электрдик коргоо каражаттарын колдонуу менен | |
I | TN-S тутумунда - электр коргоо каражаттарын колдонбостон коргоочу өчүрүш түзүлүштөрү аркылуу туташтырылганда же жок дегенде бир электрдик коргоо каражатын колдонууда. TN-C тутуму менен - жок дегенде бир электрдик коргоо каражаттарын колдонуу менен | ||
II | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
III | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
| Кооптуулугу жогору жайлар
| 0 | TN-S тутуму менен - жок дегенде бир электрдик коргоочу жабдууну колдонуу менен жана коргоочу өчүрүш түзүлүштөрү аркылуу туташтырылганда же коргоочу өчүрүш түзүлүштөрүнөн туташтырылганда же өзүнчө булактан (бөлүүчү трансформатор, генератор, өзгөрткүч) бир гана электр кабылдагыч (машина, аспап) азыктандырылганда.TN-C тутуму менен - жок дегенде бир электрдик коргоо каражатын колдонуу жана бир гана электр кабылдагыч өзүнчө булактан азыктандырылганда | |
I | TN-S тутуму менен – электр коргоочу каражаттарын колдонбостон коргоочу өчүрүш түзүлүшү аркылуу туташтырылганда же өзүнчө булактан (бөлүучү трансформатор, генератор, өзгөрткүч) бир гана электр кабылдагыч (машина, аспап) азыктандырылганда.TN-C тутумунда болгондо - жок дегенде бир электрдик коргоо каражатын колдонуу | ||
II | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
III | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
| Өзгөчө коркунучтуу жайлар
| 0 | Колдонууга уруксат жок | |
I | Коргоочу өчүрүш түзүлүшү менен корголгон же жок дегенде бир электр коргоочу жабдууларды колдонуу менен | ||
II | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
III | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
| Өзгөчө жагымсыз шарттар болгондо (кыймыл жана чыгуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген идиштерде, аппараттарда жана башка темир идиштерде)
| 0 | Колдонууга уруксат жок | |
I | Колдонууга уруксат жок | ||
II | Жок дегенде бир электрдик коргоо каражаттарын колдонуу менен.Коргоочу өчүрүш түзүлүшү аркылуу туташтырылганда же өзүнчө булактан бир гана электр кабылдагычы азыктандырылганда электрдик коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
III | электр коргоо каражаттарын колдонбостон | ||
572. Электр шаймандарын жана кол электр машиналарын колдонгон кызматкерлерге төмөнкүлөр тыюу салынат:
1) кол электр машиналарын жана электр шаймандарын кыска мөөнөткө болсо да башка кызматкерлерге берүүгө;
2) кол электр машиналарын жана электр шаймандарын чечип чачыратуу, ар кандай оңдоолорду жүргүзүү;
3) шаймандын жана машинанын толук токтогонуна чейин электр машинасынын, электр шайманынын зымынан кармап турууга, айлануучу тетиктерине тийүүгө же таарындыларды жана сүрүндүлөрдү алып салууга;
4) шайманды тармактан ажыратпастан шаймандын жумушчу бөлүгүн октомого орнотууга жана андан чыгарууга, ошондой эле шайманды тууралоого;
5) жөлөнмө тепкичтерден иштөөгө;
6) казандардын доолдорунун, темир идиштердин ж.б. ичтерине көчмө трансформаторлорду жана жыштык өзгөрткүчтөрдү алып кирүүгө.
573. Бөлүүчү трансформаторлорду колдонууда төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
1) бөлүүчү трансформатордон бир гана электр кабылдагычты азыктандырууга уруксат берилет;
2) бөлүүчү трансформатордон экинчилик оромун жерге туташтырууга жол берилбейт;
3) трансформатордун тулкусу (кутусу) азыктандыруучу электр тармагынын ортомун иш тартибине жараша жерге туташтырылган же нөлдөштүрүлгөн болуш керек. Мында бөлүүчү трансформаторго кошулган электр кабылдагычтын тулкусун жерге туташтыруу талап кылынбайт.
25-бөлүм. Жүк көтөрүүчү автомашиналарды, механизмдерди жана тепкичтерди колдонуп иштеген жумуштар
574. Колдонууда турган электр орнотмолорунда көтөрүүчү курулмаларды жана механизмдерди колдонуу менен иштөөдө, крандар* менен жүктөрдү жылыштыруучу жумуштардын коопсуз аткарылышы үчүн жооптуу, ошол жумуштарга үзгүлтүксүз башкаруу жана көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруучу, коркунчтуу өндүрүштүк курулмаларда көтөрүүчү курулмаларды пайдалануу коопсуздугунун эрежелеринин талаптарын билүү боюнча тийиштүү түрдө текшерилген адам, IV- топтон кем эмес инженердик-техникалык кызматкер болууга тийиш. Бул адамдын милдеттери иштаккагаз берүүчү же иш жетектөөчүгө жүктөлүшү мүмкүн.
Кээ бир учурларда Өнөр жай коопсуздугу боюнча техникалык көзөмөл кылган мамлекеттик түзүмдун өкүлүнүн макулдашуусу менен жүктөрдү кран менен коопсуз жылыштырууларды көзөмөлдөө иштаккагаздагы иш жүргүзүүчүгө жүктөлүшү мүмкүн. Мындай адамды дайындоо иштаккагаздын "Өзүнчө көрсөтмө" сабында жазылууга тийиш, анын кызматын, бүлөөатын, атасынын атын, өз атын көрсөтүү менен, ошондой эле анын түздөн-түз башкаруусу менен аткарылуучу жумуштар.
575. Энергетика ишканаларынын түзүмүндө (штатында) турган, жана иштеп жаткан электр орнотмолорунда же АЧынын коргоо аймагында иштеген айдоочу жана машинисттер II- топко ээ болууга тийиш.
Бөтөн мекемелердин кран айдоочулары жумушта колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштөөгө уруксат берилет.
576. Автоунаалардын, жүк көтөрүүчү машиналардын жана механизмдердин АБТлардын (ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр) ичинде жана аба чубалгысынын коргоо аймагында жүрүүлөрүнө ыкчам ишкерсандардын
ичинен бир жумушчунун көзөмөлүнүн астында, иштаккагаз берген жумушчунун же жооптуу иш жетектөөчүнүн, же административдик-техникалык ишкерсандан V- топтогу кызматкердин, ал эми 1000 Вко чейинки чыңалуудагы ЭОлордо -электр коопсуздугу боюнча IV-тобу бар иш жүргүзүүчүнүн, АЧынын коргоо аймагындагы курулуш-куроо жумуштарын аткаруу учурунда - жооптуу иш жетектөөчүнүн же электр коопсуздугу боюнча III-тобу менен болгон иш жүргүзүүчүнүн көзөмөлү астында жол берилет. АБТда автоунаалардын, жүк көтөрүүчү машиналардын жана механизмдердин кыймылыдарын, ошондой эле кезметчинин же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан IV- топтогу ишке киргизүүчүнүн көзөмөлүнүн астында, жүрүүлөрүнө уруксат берилет.
_________________________
* Крандар менен жүктөрдү жылыштыруу боюнча иштердин коопсуз аткарылышы үчүн жооптуу адамдарды дайындоонун тартиби жана алардын милдеттери Бажы биркмесинин «Машиналар жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” ТР ТС 010/210 Техникалык регламентинин жана Кыргыз Республикасынын “Көтөрүүчү курулмалар пайдалануучу коркунучтуу өндүрүштүк курулмаларды коопсуз иштетип пайдалануу Эрежелеринин” негизинде белгиленет.
577. АБТларда жана аба чубалгысынын астынан айдап өткөн учурда жүк көтөрүүчү машиналар менен механизмдердин көтөрүүчү жана узарып чыгуучу бөлүктөрү транспорттук абалда болууга тийиш. Жумуш ордунун чегинде жүк көтөрүүчү машиналарга түз жер менен жүксүз жана көтөрүүчү жана чыгуучу бөлүгүндө адамдардын жайгашуусусуз, жумушчу органы көтөрүлгөн боюнча жүрүүгө жол берилет, эгерде мындай кыймылга заводдук
нускамалар боюнча жол берилсе жана өчүрүлбөгөн өтмөктөрдүн жана аба чубалгысынын зымдарынын алдында айдоо талап кылынбаса.
АБТда кыймылдын ылдамдыгы жергиликтүү шарттарга жараша аныкталат, бирок 10 км/сааттан ашпоого тийиш. Аба чубалгысынын астынан автоунаалар, жүк көтөрүүчү машиналар жана механизмдер зымдардын эң аз салаңдаган жерлеринен (түркүктөрдүн жанынан) өтүшү керек.
500-220-110-35 кВ аба чубалгыларынын астында күйүүчү-майлоочу май ташыган автоунааларды (бензинташыгычтарды) токтотууга жана турууга тыюу салынат.
578. Чыңалуу астындагы аба чубалгыларынын түздөн-түз зымдарынын астында октуу көтөрүүчү механизмдерди орнотууга жана иштетүүгө тыюу салынат.
Жүк көтөрүүчү машинаны (механизмди) таянычтарга орнотуу жана анын жумушчу бөлүгүн транспорттук абалдан жумушчу абалына келтирүү айдоочунун өзү тарабынан башкарылууга тийиш. Бул максаттар үчүн башка кызматкерлерди тартууга тыюу салынат.
579. Автоунаа каражаттарын, жүк көтөрүүчү машиналарды жана механизмдерди айдап өткөндө, орноткондо жана иштеткен учурда көтөрүүчү жана чыгуучу бөлүктөрдөн, салмоорлордон, жүк кармоочу ыкташтырмалардан, жүктөрдөн чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки аралык 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн кем болбоого тийиш, 21-орунбелгиде көрсөтүлгөндөрдөн башка.
580. Телескопиялык мунараларда жана гидравликалык көтөргүчтөрдө жумушка киришердин алдында жылып чыгуучу жана көтөрүүчү бөлүктөрү иштетилип текшерилиши керек, ал эми телескопиялык мунаралар үчүн мындан тышкары көтөрүүчү бөлүгү вертикалдуу орнотулуп, ушул абалда бекитилиши керек.
581. Зымчыныларды, зымдарды алмаштыруу же арматураларды оңдоо менен байланышкан бурчтук түркүктөрдө иштөө учурунда зымдардан түзүлгөн бурчтун ичине телескоптук мунараны (гидравликалык көтөргүчтү) орнотууга тыюу салынат.
582. АБТлардагы жана аба чубалгыларынын коргоо аймагында чыңалууну алып салуусуз баардык жумуштардын жүрүшүндө автоунаалар, жүк көтөрүүчү машиналар жана шыкалмаабалык дөңгөлөктүү механизмдер жерге туташтырылууга тийиш. Автоунаанын тулкусуна (жүк көтөрүүчү машинага, механизмге) тийүүгө жана алардын жумушчу бөлүктөрүн, жүк кармоочу ыкташтырмаларын жана таяныч бөлүктөрүн, жерге туташтырууга чейин, кандайдыр бир кыймылга келтирүүгө тыюу салынат.
Каз тамандуу жүк көтөрүүчү машиналарды жана механизмдерди түздөн-түз жерге орноткон учурда, жерге туташтыруу талап кылынбайт.
583. Жүк көтөрүүчү машиналар жана механизмдер иштеп жаткан учурда, адамдардын көтөрүлүп жаткан жүктүн, телескопиялык мунаранын себетинин астында, ошондой эле тартылып жаткан зымдардан (зымаркандардан), таянычтардан, бекиткичтерден жана иштетүү механизмдерине түздөн-түз жакын жерде (5 мден жакын) болууга тыюу салынат.
584. Телескоптук мунарадан (гидравликалык көтөргүчтөн) иштөөдө себеттеги (бешикчедеги) ишкертоп мүчөсү менен айдоочунун ортосунда көз-көрүнөө байланыш болушу керек. Мындай байланыш жок болгон учурда ишкертоптун мүчөсү мунаранын жанында болуп, айдоочуга себетти (бешикчени) көтөрүү же түшүрүү боюнча буйруктарды берип турушу керек.
Телескопиялык мунарадан (гидравликалык көтөргүчтөн) иштөө учурунда себеттин (бешикченин) таманында туруп, коопсуздук курунун арканы менен бекинип туруу керек.
Себеттен (бешикчеден) түркүккө же жабдууга жана кайра артка өтүүгө иш жүргүзүүчүнүн уруксаты менен гана жол берилет.
585. Кранды жумуш ордунда орнотуу учурунда жооптуу иш жетектөөчү ишке киргизүүчү менен биргеликте мүмкүн болгон октун жылдыруу бөлүкчөсү аныкталышы керек. Бул бөлүкчө жумуш башталганча крандын координаталык коргоосу менен же алты желекче менен, ал эми түнкү мезгилде белги берүүчү оттор менен чектелиши керек.
Крандын огу же жүк көтөрүүчү механизмдин себети (бешикчеси) чыңалуу астында турган агын өткөрүүчү бөлүктөрүнө тийген учурда айдоочу мүмкүн болушунча тезирээк тийимди үзүүгө жана механизмдин кыймылдуу бөлүгүн 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн кем эмес аралыкка агын өткөргүчтөн алыстатууга чараларды көрүүгө милдеттүү, айланадагы жумушчуларды механизмдин чыңалуу астында экендиги жөнүндө эскертүү менен.
Механизм чыналуу астында турганда, механизмден (машинадан) жерге түшүүгө же анын үстүнө чыгууга, ошондой эле жерде туруп ага тийүүгө тыюу салынат.
Айдоочу айланасындагы жумушчуларга механизм чыңалуу астында экендигин эскертүүгө милдеттүү.
Чыңалуу астындагы автоунаада, жүк көтөрүүчү машинада же механизмде өрт чыккан учурда, айдоочу (машинист) буттарын бириктирип, унаага колу менен тийбей жерге секирип түшүшү керек. Андан кийин машинадан 8 мден кем эмес аралыкка, бутун жерден көтөрбөй, бири-биринен айрыбай жылдырып, алыстоо керек.
586. 220 кВ жана андан төмөнкү бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө көтөрмө темир тепкичтерди колдонууга тыюу салынат.
587. 220 кВ жана андан жогорку АБТларда көтөрмө темир тепкичтерди колдонууга төмөнкү шарттарды аткарган учурда жол берилет:
1) тепкичти жаткырылган түз абалда иш жүргүзүүчүнүн, кезметчинин же ыкчам-оңдоочү ишкерсандан IV- топтогу кызматкердин үзгүлтүксүз көзөмөлү астында көтөрүп жылдыруу керек;
2) көтөрмө тепкичтен илептик чыңалууну алып салуу үчүн ага жерге тийип турган темир чынжырды туташтыруу керек.
Көтөрүүчү курулмаларда жана механизмдерде иштеген учурда төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- көтөргүчтү (мунаранын) анын бешикчесиндеги адамдары же жүктөру менен жылдырууга;
- көтөргүч менен бешикчени көтөрү жана түшүрүү, эгерде анын кириши бекитүүчү түзүлүшкө жабылбаса;
- бийиктикте турган бешикчеден шаймандарды, жүктү жана башка буюмдарды ыргытууга.
Көтөрүүчү курулмалардын, шамаал учурунда жүктөрдүн же алардан бошогон, алардын жардамы менен жүк көтөрүлүүчү зымаркандардын жана аркандардын, чыңалуу астындагы агын өткөзүүчү бөлүктөрдөн жол берилбеген аралыкка жакындоолоруна алып келе турган иштөөлөргө жол берилбейт.
26-бөлүм. Чогултматакталарга, көпүрөтакталарга, түзүлүштөргө жана жабдууларга чыгуу менен байланышкан жумуштар
588. Жумуш учурунда коопсуздук курунун арканын түзүлүшкө, түркүккө ж.б. бекитүү мүмкүн болбогондо, алдын ала түзүлүшкө, түркүктүн бөлүгүнө ж.б. чалып ороп алынган коопсуздук арканды (жипти) колдонуу керек. Бул ишти эки адам аткарышы керек, алардын ичинен бирөө коопсуздук аркандын бир учун кармап, керек болгон учурда акырындан бошотуп же тартып турушу керек.
589. Чогултматакталар "Аспаптар жана ыкташтырмалар менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелерине" ылайык аткарылууга тийиш.
590. Эгерде чогултматакталардын, көпүрөтакталардын, бешикчелердин төшөмдөрү жер бетинен 1,3 м ашкан бийиктикте болсо, алар тосмолор менен тосулуулары керек.
Төшөмдөрду жана тосмолорду орнотуу мүмкүн болбосо же максатка ылайыксыз болсо, ошондой эле жабдууларда иштөөдө ар бир жеке учурда коопсуздук чаралары технологиялык карта, ЖЖД (жумуш жүргүзүү долбоору) же башка иш кагаздар менен аныкталат.
591. Асты жагында чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөр жайгашкан түзүлүштөрдө иштеген учурда оңдоо ыкташтырмалары жана шаймандары кулап кетпес үчүн байланышы керек.
592. Электр жана газ менен ширетүүчүлөр темир чынжыры бар коопсуздук курун колдонуулары керек.
Эгерде жумуш орду жана ага жакындоочу жерлер чыңалуу астындагы тосмолонбогон агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн үстүндө жайгашса, ал эми темир чынжырга чейинки аралык, эгерде ал ылдыйлаган абалда 1-санирээткиде көрсөтүлгөндөн азыраак болсо, жумуш бул агын өткөзүүчү бөлүктөрдү өчүрүү менен жүргүзүлүшү керек.
593. Тетиктерди түзүлүштөргө же жабдууларга чексиз аркан, жип же боолор аркылуу берилиши керек. Төмөн жакта турган жумушчу арканды, термелип анын агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындап калбашын камсыздап кармап турушу керек.
594. Капкалдарда (порталдарда), түзүлүштөрдө, түркүктөрдө ж.б.у.с. иштеген ишкерсан кыймылды чектебеген кийим кийүүгө тийиш. Жеке куралдар баштыкта сакталуусу керек.
595. Машина бөлмөлөрүнүн жана отканалардын шыптарындагы көпүрөкрандын арабасынан жарык берүүчү арматуралардагы жумуштарды кезметчи ишкерсандан экиден кем эмес жумушчу же оңдоочу ишкерсан иштаккагаз менен жүргүзүүлөрү керек. Жумушчулардын бири иштеп жаткан адамга жакын болуп, анын зарыл болгон коопсуздук чараларын сакташын көзөмөлдөшү керек.
Арабага убактылуу көпүрөтакталарды, тепкичтерди ж.б. орнотууга тыюу салынат. Жумуш түздөн-түз арабанын жертаманынан же ага орнотулган туруктуу көпүрөтакталардан аткарылышы керек.
Арабага көтөрүлүүдөн мурун анын асма зымдарынан чыңалууну алып салуу керек. Иштеп жатканда коопсуздук курун колдонуу зарыл.
Кран башкаруучу иш жүргүзүүчүнүн буйругу боюнча гана көпүрөкранды же арабасын жылдыра алат. Көпүрөкранды жылдырган учурда жумушчулар кабинада же көпүрөнүн төшөмүндө болушу керек. Адамдар арабада турганда көпүрөнү жана арабаны жылдырууга тыюу салынат.
27-бөлүм. Ишсапардагы ишкерсандардын иштөөлөрү
596. Ишсапарга жөнөтүлгөн кызматкерлерге райондук энергетика башкармалыктарынын (бирикмелеринин), энергетика тутумунун иштетип пайдалануучу, оңдоочу, жөндөөчү ишканаларынын (электр чордондору, электр жана жылуулук тармактары, оңдоочу заводдор, энергетикалык жөнгө салуу ишканалары), жабдуучу заводдордун, илимий-изилдөө институттарынын, оңдоо жана жөндөө ишканаларынын, башка тармактардын кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн жана кардарлардын*, электр станцияларынын, электр же жылуулук тармактарынын ишканаларынын иштеп жаткан электр орнотмолорундагы жумуштарды аткарууга жиберилген жана алардын штаттарында болбогон ишкерсандары кирет.
Ишсапардагы ишкерсандарга учурда иштеп турган электр орнотмолорундагы иштерди аткаруу үчүн жиберилген КММлардын (курулуш-монтаждоо мекемелеринин) куруучу ишкерсандары кириши мүмкүн. Бул ишкерсандарды ишсапарлыкка алып баруу жөнүндөгү чечимди,
КММнын жетекчилигин макулдугу менен электрорнотмону иштетип пайдалануучу ишкананын** башкы кыбаачысы (инженери) кабыл алат.
597. Жумуш орундарын даярдап ишсапарлык ишкерсандарды электр орнотмолорундагы жумуштарга ишке киргизүү ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Иш сапарга келген жумушчулар, ушул Эрежелерди билүүсүн
_________________________
*Кийинки мазмунда ишсапарга жөнөтүүчү ишкана деп аталат.
____________________
**Кийинки мазмунда иштетип пайдалануучу ишкана деп аталат.
текшерүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү жана электр коопсуздугу боюнча топ ыйгарылган, иш сапарга жөнөтүүчү ишкана (мекеме) тарабынан берилген күбөнаамасы болушу керек.
598. Ишсапарга жөнөтүүчү ишкана, иш жетектөөчү, иш жүргүзүүчү, байкоочу жана ишкертоп мүчөлөрү болуп дайындалышы мүмкүн болгон жумушчуларды, атайын жумуштарды аткарууга укугу бар, ошондой эле узак мөөнөттө иштөөгө иштаккагаз берүү укугу бериле турган жумушчулардын тизмесин, иш сапардын максатын, электр коопсуздугу боюнча топторун тастыктаган табыштамаларды жазуу жүзүндө көрсөтүүгө тийиш.
599. Ишсапардагы ишкерсандардын жумушчуларына, учурда иштеп турган электр орномолорунда, иш жетектөөчү, иш жүргүзүүчү жана ишкертоп мүчөлөрү болуп иштөө укугун берүү, иштетип пайдалануучу ишкананын
жетекчилиги тарабынан иш сапарга жиберген ишкананын катына жазылган бүтүмү же жазуу түрундөгү көрсөтмөсү менен таризделет. Иштаккагаздарды жана буйрутмаларады берүү укугу иштетип пайдалануучу ишкананын жетекчилиги тарабынан жазуу жүзүндө берилген көрсөтмө менен таризделет.
600. Иш сапарга жөнөтүлгөн ишкерсан ишсапар ордуна келгенден кийин, алар иштей турган электр орнотмолорунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу, электр түзмөгүн тааныштыруу менен электр коопсуздугу боюнча кириш жана биринчи насааттамалардан өтүшү керек. Бул электр орнотмолорунун электр камсыздоо түзмөктөрү боюнча иштаккагаз берүүчү, иш жетектөөчү жана иш жүргүзүүчүнүн милдеттери жүктөлгөн кызматкерлерге да насааттама берилет.
Насаатама, насаат берүүчүнүн жана насаат алып жаткан кызматкерлердин колтамгаларын коюу менен насааттамаларды каттоо журналына жазылып таризделет.
601. Иш сапарга жөнөтүлгөн ишкерсандарга биринчи насаат берүүнү, 1000 Втон жогорку чыңалуудагы ЭОлорунда жумуш аткарганда иштетип
пайдалануучу (ЭОмонун ээси) ишкананын башкаруучулук-техникалык ишкерсандарынан V- топтогу ишкерсаны, же кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсанынан IV- топтогу кызматкер – 1000 Вко чейинки ЭОлорунда жумуш аткарганда жүргүзүшү керек.
Насааттардын мазмуну иштин мүнөзүнө жана татаалдыгына, электр түзмөгүнө жана өзгөчөлүктөрүнө жараша насаат берүүчү тарабынан аныкталат.
602. Иш сапарга жөнөтүлгөн жумушчулардын аларга берилген электр коопсуздук топторуна жана берилген укуктарга ылайык келиши, ошондой эле
ишкерсан тарабынан ушул Эрежелердин аткарылышы үчүн иш сапарга жөнөтүүчү ишкана жооп берет.
603. Иш сапарга келген ишкерсандарды электр орнотмолорунда иштетип жаткан ишкана, иштеп жаткан жумушчуларды электр агынынан, жумушчу жана илептик чыңалуулардан жабыркашынан коргоону камсыз кылуу боюнча коопсуздук чараларын аткарууга жооптуу.
604. Электр орнотмолору, атайын адистештирилген оңдоо мекемелеринин бөлүмдөрү тарабынан үзгүлтүксүз тейленүүчү ишкана, бул мекемелердин макулдашуусу боюнча, бөлүмдөрдүн кызматкерлерине ыкчам-оңдоочу ишкерсандардын укуктарын, аларды “Энергетика ишканаларында жана мекемелеринде ишкерсандар менен иштөөлөрдү уюштурууда колдонуучу көрсөтмөлөрүнө” ылайык даярдоодон өткөндөн кийин, бере алат.
28-бөлүм. Метрологиялык кызматтын жана электроэнергияны сатуу болүмдөрүнүн ишкерсандары тарабынан электр эсептегичтер менен аткарылуучу жумуштар
605. Иштеп турган электр орнотмолорундагы электр эсептегичтери менен жүргүзүлүүчү иштерди, электр энергияны сатуу жана метрология кызматтарынын ишкерсандары, ушул Эрежелерге ылайык, иш сапардагылар катары иштөөгө милдеттүү.
606. Агын трансформаторлоруна кошулган электр эсептегичтердин чынжырларындагы жумуштарды IV- жана III- топтогу жумушчулардан турган ишкертоп аткарышы керек. Ишкертоптун мүчөлөрүнүн бири катары электр энергиясын керектөөчү ишкананын ишкерсанынан III- топтогу кызматкер тартылышы мүмкүн.
Электр эсептегичтердин чынжырларында, агын трансформаторунун экинчилик оромуна туташтырылган чынжырларды ажыратпастан иштөөгө мүмкүндүк берүүчү тийимдер (сапсалгылар) бар болсо, бул иштерди электр эсептегичтин түзмөгүнөн чыңалууну алып салбастан, буйрутма боюнча аткарууга болот. Көрсөтүлгөн тийимдер жок болгон учурда электр эсептегичтердин чынжырларындагы чыңалууну жана агынды өчүрүү керек.
Буйрутма боюнча, электр орнотмонун ажыратылган кошулмаларынын электр эсептегичтеринин жана түз кошулган бир фазалуу электр эсептегичтердин түзмөктөрүндөгү иштерди жүргүзүүгө болот.
607. Бир бөлмөдө жайгашкан ар кандай туташуулардагы электр эсептегичтер менен иштөө бир иштаккагаз (буйрутма) боюнча аткарылышы мүмкүн. Бир жумуш ордунан экинчисине өтүүнү иштаккагазда каттоо талап кылынбайт.
608. Бир фазалуу түз кошулган электрэсептегичтер менен, адамдарга электр агынынан жабыркоо коркунучу жогору болбогон жайларда иштегенде, электр эсептегичтер менен жүргүзүлүүчү жумуштар чыңалууну алып салбастан, бирок жүктөмдү алып салуу менен жалгыз жүргүзүлүшү мүмкүн.
609. 1000 Вко чейинки тейлөөчү ишкерсандары жок керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорунда иштаккагаз (буйрутма) боюнча электр эсептегичтери менен болгон жумуштарды каттоо (тариздөө), жумуш орундарын даярдоо жана ишке киргизүү энергоишканаларынын ишкерсаны тарабынан аткарылышы мүмкүн.
29-бөлүм. ККУ ишкерсандарын колдонуудагы электр орнотмолорунда жана электр берүү чубалгыларынын коргоо аймагында ишке киргизүү
§ 55. Жалпы талаптар
610. Колдонуудагы электр орнотмолорунда жана электр берүү чубалгыларынын коопсуздук аймактарында курулуш-куроо жана жөндөө иштерин жүргүзүү үчүн ККУ келишимдин же башка жазуу түрүндөгү макулдашуулардын негизинде, иштетип пайдаланучу ишкананын жазуу жүзүндөгү уруксатын алышы керек.
611. Ишке уруксатта (келишимде же макулдашууда) төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: колдонуудагы электр орнотмосунда иш жүргүзүлө турган бөлүгү (бөлүштүрүүчү түзүлүш, чубалгы, чынжыр, түркүктөр); иш жүргүзүү мөөнөтү (баштоо жана аяктоо); иштетип пайдалануучу ишкананын жооптуу кызматкери, ал иш аяктагандыгы жөнүндө маалымдай турган; коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун бар экендиги (иштеп жаткан электр чубалгыларынын жанында жайгашкан, электр талаасы, илептик чыңалуу), эгерде алар бар болсо.
ККУга атайын тосулган жумуш аймагы бөлүнгөн учурда жумуш баштоонун алдында иш жетектөочү же иштетип пайдалануучу ишкананын (туунду мекемесинин) ыйгарым өкүлү ККУнун өкүлү менен бирдикте, уруксаттын ордуна “Курулуштагы эмгек коопсуздугу” СН КР 12-01:2018 үлгүченине ылайык “Ишке киргизүү актысын” түзүүлөрү керек.
612. Ишке киргизүү актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: - жумушчу аймактагы тосмосунун түрү жана орду жумуш аймагынын чегинен тышкары ККУнун жумушчуларынын адашып кирип кетүүлөрүн жокко чыгаруучу;
- бул аймакка жөө кирип (чыгуу) жана унаа менен кирип (чыгуу) жерлери;
- коркунучтуу жана зыяндуу таасирлердин бар экендиги (жакын жерде иштеп жаткан электр орнотмолору, электр талаасы, илептик чыңалуу), эгерде бар болсо.
Электрорнотмонун ээси болгон уюмдун (анын туунду мекемесинин) ишке киргизүү актысында же өзүнчө тескемесинде ККУнун жумушчуларын жумушка киргизүүгө жана иштаккагаз берүүгө укуктары бар жумушчулар көрсөтүлот. Тескеменин бир нускасы ККУнун өкүлүнө берилет.
Ишке киргизүү актысы менен каралган жумуштарды аткаруудагы коопсуздукту камсыз кылуучу чаралардын сакталышына жооптуулар катары ККУнун жана электрорнотмонун ээси болгон уюмдун жетекчилери саналат.
613. Жумушка киришердин алдында ККУ иштетип пайдалануучу ишканага, иштаккагаз берүүгө укугу бар жумушчулардын, жооптуу жетекчилердин жана ишке жооптуу аткаруучулардын тизмесин, иштетип пайдалануучу ишкананын өкүлү (ишке киргизүүчүсү) жеке өзү ишке киргизе тургандардын, тизмесин берүүгө тийиш. Тизмеде кызмат орду, фамилиясы, аты-жөнү жана электр коопсуздук тобу көрсөтүлүшү керек.
Иштетип пайдалануучу ишканага келгенден кийин ККУнун ишкерсандары иштетип пайдалануучу ишкананын жана ККУнун насаатама журналдарына каттоо жана кол коюу менен, электр орнотмонун иштей турган бөлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, коопсуздук техникасы боюнча насааттама өтүшөт, ал эми иштаккагаз берүүчү кызматкерлер, жооптуу жетекчилер жана ишке жооптуу аткаруучулар- алардын түзмөктөрү боюнча дагы.
Насааттаманы электр орнотмонун ээси болгон уюмдун бөлүмүнүн жетекчиси (же анын ыйгарым укуктуу кызматкери) жүргүзөт.
Иштеп турган электр орнотмолорундагы жана электр энергия берүүчү чубалгыларынын коргоо аймагындагы курулуш-монтаждоо жумуштарын ККУынын ишкерсандары “Курулуштагы эмгек коопсуздугу” СН КР 12-01:2018 үлгүчендеринин талаптарына ылайык ККУнун жооптуу кызматкерлери тарабынан берилген иштаккагаз менен аткаруулары керек ККИлерди (курулуш куроо иштерин) аткаруу учурунда коопсуздук талартарын орнотуучу.
Жумуш ордуна жакын жайгашкан электр орнотмолордо жана электр чубалгыларынын коргоо аймактарындагы иштерди аткаруу үчүн өчүрүүлөрду жүргүзүү талап кылынса жумуш ордун даярдоону, биринчи ирет ишке киргизүүнү, иштетип пайдалануучу ишкананын ишкерсаны бул Эрежелердин 8§- жана 616- орунбелгилерине ылайык жүргүзөт. Ишке киргизүүчү ККУнун иштаккагаз берүүгө жооптуу кызматкери берген иштаккагазда колун коет. Ушундан кийин гана ККУнун иш жетектөөчүсү жумушту баштоого уруксат берет.
614. Жумуш аймагы корулбаган же бөлүнгөн аймакка ККУнун жумушчуларынын өтүүчү жолу иштеп турган БТлардын бөлмөлөрүнөн же аймактарынан өтсө, ККУнун ишкерсанын жумушка күндөгү киргизүүлөрүн ишке киргизүүчү аткарышы керек, ал эми андагы жумуштар электр орнотмонун ээси болгон уюмдун ишкерсандарынын ичинен дайындалган байкоочунун көзөмөлү астында жүргүзүлүшү керек.
Курулуш-куроо иштери аяктагандан жана ККУдан жумуштардын толук бүткөндүгү, жумуш ордунан ишкертоп чыгарылгандыгы, алар тарабынан коюлган көчмө жердетмелер, тосмолор, коопсуздук плакат жана белгилери алынгандыгы жана жумуш орду тазалангандыгы жөнүндө жазуу түрундө кабар алгандан кийин, иштетип пайдалануучу ишкана ишке киргизүүчүнүн койгон жердетмелерин, тосмолорун, плакат жана белгилерин алып орнотмону ишке киргизет. Орнотмону, ал аймакта иштеген баардык ишкертоптордон иштер толук бүткөндугү жөнүндө кабар алгандан жана ал аймакта адамдар жоктугуна толук ынангандан кийин гана, ишке киргизүүгө урксат берилет.
ККУ өздөрүнүн ишкерсандарынын аларга берилген электркоопсуздугу боюнча тобунун ылайык келишине, ишти аткаруу шарттарын жана мөөнөтөрүнүн аткарылышына, ишкерсандарынын ишти аткаруу учурунда коопсуздук чараларын аткаруусуна жана ишке киргизүүчүнүн насаатама берүүдөгү көрсөтмөлөрүнүн аткарылышына жооп берет.
§ 56. Электр берүү чубалгыларынын коргоо аймагында ишке киргизүү
615. Каптамазымдуу чубалгысынын кооргоо аймагында иштерди жүргүзүүгө уруксат кагазында (ишке киргизүү актысында) каптамазымдык чубалгынын жайгашкан жери жана тереңдиги көрсөтүлүүгө тийиш.
616. Иштетип пайдалануучу ишкананын ишкерсандарынан ишке киргизүүчү жана ККУ (курулуш-куроо уюму) ишкертобунун ишке жооптуу аткаруучусу чыңалуу астындагы электр берүү чубалгысынын коргоо аймагында, ошондой эле иштеп турган аба чубалгысы менен кесилишкен аралыкта аткарылчу жумуштарга, ишке киргизет. Бул учурда ишке киргизүүчү ККУнун ар бир ишкертобунун жооптуу жетекчисин жана аткаруучусун киргизүүнү ишке ашырат.
Өчүрүлгөн электр чубалгысынын коргоо аймагындагы жумуштардын башка түрлөрүнө ишке киргизүүчү ККУнун жооптуу жетекчисин ишке киргизүүгө уруксат берилет, ал болсо калган ишкерсанды ишке киргизет.
617. Аба чубалгысында жооптуу иш аткаруучуларды ишке киргизүү учурунда ишке киргизүүчү ар бир ишкертоптун иш бөлүгүнө бирден жердетме, ал эми жооптуу иш жетекчини ишке киргизгенде - бир жердетмени эле иш ордуна мүмкүн болушунча жакын, орнотушу керек.
618. Аба чубалгысында ККУнун иштеген бөлүгүндө жердетмени орнотуу жана алып салууну иштетип пайдалануучу ишкананын ишкерсанынан ишке киргизүүчү иштаккагаз менен аткарышы керек. Жердетмелерди алып салууга өзүнчө иштаккагаз берилиши мүмкүн, анда аларды орнотуу боюнча көрсөтмөлөр камтылбайт. Мында ишкертоптун курамына ККУнун ишкерсанынан III- топтогу кызматкер тартылышы мүмкүн.
619. Чыңалуу астында турган электр берүү чубалгысынын коргоо аймагында жумуштарды аткаруу ККУнун жооптуу иш жетектөөчүсүнүн уруксаты менен жана электр берүү чубалгысын иштетип пайдалануучу уюмдун ишкерсандарынан байкоочунун көзөмөлүнүн астында жүргүзүлөт.
Өчүрүлгөн чубалгынын коргоо аймагындагы жумуштарды аткаруу электр берүү чубалгысын иштетип пайдалануучу уюмдун ишке киргизүүчүсүнүн уруксаты менен жүргүзүлөт бул Эрежелердин талаптарынын негизинде жердетмелерди орноткондон кийин.
АЧылардын коргоо аймактарында ККУнун жумуштарды чыгарылма бөлүктөрү менен болгон көтөрүүчү машина жана механизмдерди пайдалануу менен аткаруулары бул Эрежелердин 25- бөлүгүндөгү талаптарды эске алуу менен жол берилет жана бир гана шарттарда, эгерде аба менен алгандагы машинеден (механизмден) же анын чыгарылма бөлүгүнөн, анын жумушчу түзүмүнөн же көтөрүлүп жаткан жүктөн кандай гана абалда болбосун чыңалуу астында турган эң жакынкы зымга чейин 7- санирээткиде көрсөтүлгөн аралыктан кем болбосо.
620. Көп чынжырлуу аба чубалгысында жумуш ордун даярдоодо иштетип пайдалануучу ишкананын ишкерсанынан ишке киргизүүчү ушул
7-санирээтки
Чыңалуу, кВ | Аралык, м | |
Эн аз | Техникалык каражаттар менен өлчөөчү эң аз | |
1-ге чейин | 1,5 | 1,5 |
1ден 20га чейин | 2,0 | 2,0 |
20дан 35ке чейин | 2,0 | 2,0 |
35-тен 110го чейин | 3,0 | 4,0 |
110дон 220га чейин | 4,0 | 5,0 |
220дан 500га чейин | 5,0 | 7,0 |
500 жана андан жогору | 9,0 | 10,0 |
Эрежелердин 398-орунбелгисине ылайык, жердетме орнотуп жаткан ошол эле түркүккө, желекчелерди орнотууга тийиш. Желекчелерди, жердетмени чечип жатканда эле чогуу алып салуу керек.
621. КЧлардын коргоо аймагында жер жумуштарын жүргүзүү уруксатында жана ишке киргизүү актысында КЧынын жайгаштырылуусу жана жаткыруу тереңдиги көрсөтүлүшү керек.
622. Каптамазымдык чубалгылардын коргоо аймагындагы жер жумуштарын баштоонун алдында, каптамазымдык чубалгыны иштетип пайдалануучу ишкерсандын көзөмөлү астында, каптамазымдардын жайгашкан жерин жана тереңдигин тактоо үчүн топурактын текшерүүчүлүк ачылышы (тик казма) жүргүзүлүшү керек, ошондой эле жер казуучу машиналардын иштөө аймагын аныктоочу убактылуу тосмо орнотулушу керек.
623. Каптамазымдык жолбагыттан (трассадан) 5 мден аз аралыкта машиналарды жана сокку механизмдерин, ал эми жер казуучу машиналарды – каптамазымдык чубалгысынын коргоо аймагында колдонууга жол берилбейт. Каптамазымдык жолбагыттын үстүндө 0,3 мден ашпаган тереңдикте уруучу балкаларды колдонуу менен топуракты жумшартууга жол берилет.
624. Каптамазымды тешүү зарыл болсо, анда ал иштетип пайдалануучу ишкананын ишкерсандарынан, ишке киргизүүчү тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Ишкертоптун мүчөсү катары IV- топтогу ККУнун жумушчусу тартылышы мүмкүн. Каптамазымды тешүү бул Эрежелердин 320-323- орунбелгилеринин негизинде аткарылышы керек.
625. Эгерде жер казуу иштеринин жүрүшүндө иш жүргүзүү үчүн иш кагаздарда көрсөтүлбөгөн каптамазым табылса, ишти токтотуу жана анын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү менен, бул тууралуу ишти аткарууга уруксат (ишке киргизүү актысын) берген ишканага билдирүү керек.
626. Авариялык учурларда каптамазымдык чубалгынын коргоо аймагында жер иштерин жүргүзүүгө, иштетип пайдалануучу ишкананын, иш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүүгө укугу бар кезметчи ишкерсаны уруксат бере алат. Бул учурда, жер иштетүү, иштетип пайдалануучу ишкананын өкүлүнүн көзөмөлү астында жүргүзүлөт.
627. Иштетип пайдалануучу ишкана, ККУнун ишкерсаны иштөө үчүн киргизилген аймакка, жумушчу чыңалуунун берилишине жол бербөө үчүн жооптуу.
§ 57. Электр чордондорунун жана көмөкчордондорунун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөгү жумуштарга ишке киргизүү 628. ККУ үчүн бөлүнгөн жумуш аймагы, ККУ жумушчуларынын электр орнотмонун иштеп турган бөлүгүнө жаңылыш киришине жол бербөө үчүнтолук жабык же тор тосмо менен тосмолонушу керек.629. Жумуштарды аткаруу үчүн бөлүнүп тосулган аймакка кызматкерлердин өтүү жолдору, ККУнун машиналары менен механизмдеринин кирүү жолдору, эреже катары, электр орнотмолордун иштеп турган бөлүгүнүн аймагын же бөлмөлөрүн кесип өтпөшү керек.630. Тосулган аймактагы жумуштарга, жумуштар аткарылуучу мекеменин ишкерсандары тарабынан, анын электр орнотмолорундагы жумуштарды аткаруу, ККУдын жумушчуларына берилген ишке киргизүү актысы боюнча жүргүзүлүшү керек. ККУ ишкерсандарын ишке киргизүү, алардын өтүүсүн, машина жана механизмдеринин өтүшүн жумуш аймагынын киришине чейин жеткизүү менен, жеке кароолорду жүргүзүүгө укугу бар, иштетип пайдалануучу мекеменин ишкерсаны тарабынан жүргүзүлөт.631. Жумушчу аянты курчалбаган же ККУ ишкерсаны тосулган аймакка баруу жолу иштеп жаткан бөлүштүргүч түзүлүштүн аймагы же бөлмөлөрү аркылуу өткөн учурларда, бул аймактагы ишке киргизүүгө, анын ичинде күнүмдүк ишке киргизүүлөрү, иштаккагазга жазуу менен иш аткарылып жаткан электр орнотмолору тиешелүү болгон мекеменин өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.632. Эгерде ККУ үчүн бөлүнгөн иш аянты тосулбаган болсо, андагы иштер электр орнотмолорунда иш жүргүзүлүп жаткан мекеменин өкүлүнүн (байкоочунун) туруктуу көзөмөлү астында аткарылууга тийиш, ал ага ушул мекеме тарабынан берилген иштаккагазга ылайык өз милдеттерин аткарат.633. Байкоочу, ККУнун жооптуу иш аткаруучусу менен бирге даярдалган жумуш ордунун иштаккагазда каралган көрсөтмөлөрүнө туура келишине, ишке киргизүүдөгү жумуш ордундагы орнотулган жердетмелер, тосмолор жана эскертүү плакаттарынын, коопсуздук белгилеринин, иштеткилерди жабуучу түзүлүштөрдүн сакталып турушуна жана ККУнун жумушчуларынын электр агыны менен жабыркоолоруна карата коопсуздугу боюнча, жумушчулардын чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейин жол берилген аралыктарды сактоосу үчүн жооп берет. 30- бөлүм. Элегаз жабдууларын иштетип пайдалануудагы коопсуздук техникасы
§ 58. Жалпы талаптар
634. Электр коопсуздугу жагынан элегаз жабдуулары Кыргыз Республикасынын “Электр коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентинин, ошондой эле “Ашыкча басым астында иштеген жабдуулар колдонулган коркунучтуу өндүрүш курулуштарындагы өнөр жай коопсуздугунун эрежелеринин”, Кыргыз Республикасынын “Коркунучтуу өндүрүшук курулмалардын өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жооп бериши керек. Элегаз жандык мүчөсүнө тийгизген таасиринин коркунучу боюнча 4- таптагы аз коркунучтуу нерселерге кирет. Жумуш жүрүүчү аймактын абасындагы уруксат берилген элегаздын чектелген топтолушу коопсуздуктун талаптарына ылайык 5000 мг/м3 же көлөмдүн 0,08% нан ашпаш керек. Абадагы чаңдашуу 15мг/м3 ден ашпашы керек. Элегаз бөлүнгөндө пайда болгон азыктар жана алардын ар биринин топтолушу 8- санирээткиде көрсөтүлөт.
8- санирээтки Алты фторлуу SF6 кукүрттүн (элегаздын) бөлүнүшүнүн газ өңдүү кыйыр өнүмдөрү жана алардын мүнөздүү түрдө топтолушу:
Химиялык туюнтмасы | Кошулманын аталышы | Тажырийбалык топтолуш (көлөмдөн пайыз менен) |
HF | Суутектүү фтор | 1,0 |
SOF2(SF4) | Күкүрттүн төртфториди | 0,5 |
SOF4 | Күкүрттүн төртфторидинин кычкылдыгы | 0,085 |
SiF4 | Кремний төртфториди | 0,085 |
S2F10(SF5) | Бешфториддин экисульфити | 0,025 |
SO2F2 | Күкүртүү фторид | 0,006 |
SO2 | Күкүрттүн экикычкылдыгы | 0,002 |
635. Элегаз жабдуусун иштетип пайдаланууда элегаз жабдуунун ичиндеги бузулуулардын, ички кыска туташуулардын жана бөлүнүүнүн кыйыр өнүмдөрүнун абага чыгып кетишинин, кесепетинен пайда болуучу адамдын жандык мүчөсүнө химиялык кошулмалардын терс таасир берүүсүнө –көздөрдүн, теринин, мурундун, тамактын дүүлүгүп кычышуусуна, өпкөнүн, кызыл өнгөчтүн жана башка адамдын дем алуу түтүмдарынын сезгенип жана суу толуп кабылдануусуна каршы коопсуздук чараларын кабыл алуу зарыл. Суутектүү фтордун жетиштүү топтолгон эритмеси былжырлуу кыртыштардын күйүккө чалдыгуусуна алып келиши мүмкүн. Суутектүү фтор жандык мүчөнун ичине кирген учурда жүрөктүн бир калыпта сокпой калышына жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Бөлмөдө таза элегаздын көлөмдүк топтолушу 1% болгон учурда ишкерсандын кыска мөөнөттө болуусуна жол берилет. Эгерде элегаз жабдуулары бар бөлмөдө кычкылтектин топтому төмөн (13% дан ылдый) болсо бул жумушчунун деминин кысылып тумчугушуна алып келиши мүмкүн. Эсин жоготуп, андан ары өлүмгө эч бир кандай тынчсыздануучу белгилери жок эле алынып келиниши мүмкүн.
636. 8- санирээткиге ылайык бөлүнүүнүн эң эле көп кездешүүчү кыйыр өнүмдөрү болуп SOF2, SO2, HF, SF4, H2S, SO2F2 болуп саналат, алардын абадагы топтолушунун деңгээли төмөндөгүлөрдөн ашпаш керек:
- төртфтордуу күкүрт SF4 – уулуу, өңү жок, жыттануучу газ, эң жогорку (максималдуу) уруксат берилген топтому 0,5 мг/м3 дан ашпаганда жөтөлду пайда кылат;
- 1% дан ашпаган топтом төмөндөгүлөр үчүн:
а) экикүкүрттүү экифтор -S2F2- өңү жок, жагымсыз жыттуу газ, суунун буусу менен кошулганда күкүрт бөлүнүп чыгып, туман (түтүн) пайда болот, электрдик дүрмөт кайтууда (учкундар чачырап) суутектин кошулмасында H2S жана H2F2 (суутектүү фтор) пайда болот, ал O2 менен байланышка түшүп SO2 (күкүртүү суутек) пайда болот;
б) SO3 (күкүрт ангидриди) жана SF2 – булардын анча-мынча эле, билинээр-билинбес жыты бар топтому менен бир топ дем алып калганда баш ооруну, ооруксунууга алып келет, ал эми көп көлөмдө дем алып калганда дем алуу жолдорунун дүулүгүсүн күчөтөт;
в) SOF2 (тионилфторид) – өңү жок думуктуруучу жыттуу газ, бөлүнүунүн негизги туруктуу өнүмү. Бул ден соолукка чоң зыян алып келиши мүмкун;
г) S2F10 (экикүкүрттүн онфториди) – өтө уулуу, өңү жок газ, адамга тийгизген таасири фосгенден 20 эсе күчтүүрөөк. S2F10 толугу менен 200оС бөлүнүп жок болгондугуна байланычтуу күчтүү дүрмөт кайтаруудан кийин анын молекулалары сакталбайт. Төмөн энергетикалык дүрмөт кайтарууда газдын температуурасы S2F10 анын бөлүнбөй сакталып турушуна ыңгайлуу. Төмөн энергетикалык дүрмөт кайтаруу катары аз-аздадап дүрмөт кайтаруу, таажылануу же учкундоолор эсептелинет. S2F10 газы аз-аздап дүрмөт кайтарууда, таажыланууда же учкундоолордо болот, ал эми жалындап алоолонгондо аныкталбайт. Бөлүнүүнүн эн уулуу азыктары, башкача айтканда SOF2, SOF4 жана SF6 аз ууландыруучу заттарга айланышат: HF, SO2 жана
SO2F2га. Булардын баардыгы жыты менен эле эң аз топтолушта билиниши мумкүн (SOF4ден башкасы, бул болсо өзгөчө жыты бар SO2F2 менен дайым коштолуп жүрөт).
Элегаздын бөлүнүү азыктарынын топтолушунун деңгээлдери жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн ашык болгондо адамдын ден соолугуна коркунучтуу.
637. Элегаздын жана андан бөлүнүүчү заттарынын жумуш аткарылчу аймактагы чегерилип уруксат берилген топтомдору салмактык өлчөм менен алганда 9- санирээткиде көрсөтүлгөн ченемде болуш керек:
9- санирээтки
Көрсөткүчтүн аталышы | Коркунуч табына болгон ченем |
4- тапка | |
Жумуш аткарылчу аймактагы абадагы зыяндуу заттардын чектелип уруксат берилген топтому (ЧУБТ) мг/м3 | 10,0дон көп |
Ашказанга киргизгендеги өлүмгө дуушар кылуучу орточо өлчөму, мг/кг | 5000ден ашык |
Териге шыбалгандагы өлүмгө алып келүүчу орточо өлчөм, мг/кг | 2500дөн ашык |
Абадагы топтомдун өлүмгө алып келүүчү орточо өлчөму, мг/м3 | 50 000 ден ашык |
Ингаляциялык уулануунун мүмкүнчүлүк көмөкчоңдугу (ИУМК) | 3төн аз |
638. Ондүрүүчү толукталган элегаздуу бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (ТЭБТ) бөлүктөрүндө жана башкаруу аспаптарында пайдаланылуучу газдын (газдын кошулмаларынын) түрүн, талап болгон сапатын, көлөмүн, тыгыздыгын көрсөтүүгө, жана газды жаңыртып турууга, ошондой эле мамлекет аралык үлгүчендерге туура келген сапаттагы керектүү көлөмүн сактап турууга тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө милдетүү.
639. Элегаз менен толушу мүмкүн болгон бөлмөлөрдүн эшиктеринде сөзсүз түрдө “Этият бол, элегаз” плакаты жана ачык отту пайдаланууга жана тамеки тартууга тыюу салган коопсуздук белгилери илиниши керек. Мындай бөлмөлөргө башка адамдардын кирүүсү, жабдууларда жангыз кароолорду жүргүзүүгө укугу бар IY- топтогу жооптуу кызматкердин коштоосу менен жүргүзүлөт.
640. ТЭБТ лар менен жабдылган жабык көмөкчордондордун бөлмөлөру, бөлмөнүн төмөнкү деңгээлинен жана каптамазымдык каналдардан абаны соруп кете турган - көмөкчордондун нолдук белгисинен төмөн жакта жайгаштырылган табигый аба алмашууну камсыз кыла турган соруп–чыгаруучу желдетмелер жана элегазды аныктоочу билдиргичтер (датчиктер) менен жабдылышы керек. Бул бөлмөлөрдө “Электр орнотмолорун орнотуу эрежелерине” туура келген кенендиктеги (тууралыкта) өтмөктөр жана атайын жогорку чыңалуудагы сыноолорду жүргүзүүчү аянтчалары бар болушу керек. Тамдын беттери, жер таманы жана төбөсу чаң токтобогондой болуп корголушу керек. Зал элегаздын бөлүнүүсүнөн чыккан оор заттардын топтолушуна жол бербөө үчүн имараттын “нөл” белгисинен төмөн жайгашпоосу керек. Нымдуулуктан сууланууга жол бербөө үчүн ТЭБТ бөлмөсүнүн температурасын +5о С дан +40о С чейин кармап туруу зарыл.
641. Элегаз жабдууларына ишке киргизүү алдында бөлмөлөр желдетилүүсү керек.
БТны желдетүү, бөлүштүрүүчү түзүлүштүн жумуш алып баруучу аймагында абанын чандашы, элегаздын топтолушу, уруксат берилгенден ашыкча болбогондугун камсыз кылуусу керек. ТЭБТнын бөлмөсүндөгу (ЖТЖ, ЖТСЖлардан тышкары) аба алмашуу үч ирээт толук алмашуучу желдетүү менен камсыз болушу керек. Авариялык желдетүү сегиз ирээттүү болушу керек. Тыштан аба соруучу желдетмелер, абадан бөлмөгө чан киргизбөөну камсыз кылгандай чыпкалар менен жабдылышы керек.
642. Элегаз толтурулган челектерди (балондорду) сактоо тармактагы улуттук үлгүчендердин талаптарына жооп бергидей болушу керек. Челектерди ТЭБТ бөлмөлөрүнөн өзүнчө салкын, кургак, жакшы желдетиле турган, өрттөнө же жарыла турган материалдардан алыс бөлмөлөрдө сактоо керек жана күн нурунун түз тийүүсүнөн жана температуранын таасиринен корголушу керек. Челектер түз жана таза тегиздикте, сарпжапкычтары өйдө каратылып тигинен туругузулуп жыгылуудан корголгон абалда жайгаштырылышы керек. Челектин сарпжапкычы капкак менен жабылышы керек.
Челектер элегаздын курамы көрсөтүлгөн так белгилери болушу керек. Товардык (чекене сатууларга арналган) элегаз толтурулган челектер пайдаланууда болгон элегазы бар челектерден өзунчө бөлүнүп коюулушу керек.
643. Элегаз жабдууларын кароо учурунда ишкерсан бөтөн табыштардын, жыттардын жоктугун, ТЭБТ бөлмөсүнүн жана тышкы капталдарындагы температурасынын иштетип пайдалануудагы талаптарга туура келээрин текшерүүгө милдеттүү. ТЭБТнын капталдарынын бөлүктөрүнө тийүүгө жеткиликтүү болгон температуранын көтөрүлүшү жабдууну тейлөөнүн демейдеги шарттарында +50о С, тийүүгө жеткиликсиз бөлүктөрүндө +80о С, ал эми бир топ материалдык чыгымдарга дуушар болуу менен байланышкан кээ бир учурларда, капталдын бөлүктөрүнүн ысыгандыгын +70о С дейре жеткизүүгө жол берилет.
644. Элегаз жабдуусунун элегаздын агып чыгуусу менен коштолгон кадимкидей иш тартибинде иштешинин бузулуусу пайда болгон учурда, кароо жүргүзүп жаткан кезметчи ишкерсан ошол замат кезмет журналга жана бузулуулар журналына каттоо менен өзүнүн түздөн-түз башчысына же анын орун басарына кабар берүүсү керек, бөлмөнүн эшигине “Абайла! Элегаз” деген плакат илип. Кароолорду жүргүзүү учурунда элегаз жабдууларынын бузулууларын жоюу үчүн кандайдыр-бир иштерди аткарууга тыюу салынат.
Элегаздын агып чыгуусун токтотууга мумкун болбогон учурда жабдууну өчүрүп коюу керек.
645. ТЭБТнын бөлмөсүндөгү элегаздын топтолушун өлчөө, каптамазымдык арыкчалардын жертаманынын, бөлмөнүн нолдук белгисинин деңгээлинен 10-15 см бийиктикте, белги берүүнү кезметчи ишкерсандын иш ордуна чыгаруу менен, газталдоочу өлчөгүчтөрдүн жардамы аркылуу жүргүзүлөт.
§ 59. Элегаз жабдуусун коопсуз иштетип пайдаланууну камсыз кылуу
646. Элегаз жабдуусунун коопсуз иштетип пайдалануу төмөндөгүлөр менен камсыз болот:
- аны орнотууда тийиштүү Курулуш ченемдерин жана эрежелерин (КЧжЭ), бул Эрежелерди, Өрт коопсуздугунун эрежелерин жана башка ТЭБТларды орнотуу боюнча жасап чыгаруучу заводдордун ченемдик-техникалык иш кагаздарынын жана көрсөтмөлөрүнүн талаптарын аткаруу менен;
- жабдуунун кээ бир түйүндөрүндө, элегаз жабдууларынын сыноо ченемдеринин талаптары боюнча, ишке киргизип-жөндөөчү сыноолорду жүргүзүү, баардык текшерүү жана башкаруу тутумдарын, коргоочу, бөгөттөөчү, белги берүүчү түзүлүштөрүн жабдууда жыйнакталган алдын-ала иштетип көрүүлөр менен ырастоо;
- ишкерсандардын коопсуздук ыкмалары (техникасы) боюнча билимдери текшерилген, ыкчам жана башка ишкерсандарга иш алып баруудагы коркунуч бардыгы жана аны аткаруудагы коопсуздуктун талаптары боюнча насааттама берилген ишкерсандардын толукталышын жана билимин камсыз кылуу, иштетип пайдалануу үчүн насааттамалар, эмгекти коргоо боюнча насааттамалар, ыкчам түзмөктөрү, техникалык иш кагаздары менен камсыз кылуу;
- сыналган коргоо каражаттары, аспаптар, заттектер менен толукталып камсыздалышы, байланыш, белги берүү, өрт өчүрүүчү, желдетүүчү каражаттар менен камсыздоо;
- энергетикалык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынан уруксат алуу.
647. Элегаз жабдууларынын ашыкча басым астындагы аба чыгаруучу жана сактоочу түзүлүштөрүнүн таасири тийүүчү аймакта тейлөөчү ишкерсандардын жайгашуусуна тыюу салынат. Коргоо чел кабыкчасы (мембрана) бар аба чыгаргыч, жумушчулардын жайгашуусу аз ыктымал болгон тарапка (аймакка) каратылышы керек.
648. Электр тармактар ишканасында элегаз жабдууларын коопсуз иштетип пайдалануусун камсыз кылуу үчүн төмөндөгү талаптар аткарылышы керек:
- элегаз жабдууларына ишкерсандардын кирүүлөрүн чектөө;
- жабдууну иштетип пайдаланууда аралыктан башкарууну колдонуу жана тийиштүү бөгөттөөчү түтүмдардын иштешин камсыз кылуу;
- жабдууну ишкерсандардын колдонуусунун учурундагы ылайыксыз өчүрүп-күйгүзүүнүн коркунучтарын төмөндөтүүчүлөрдү (мисалы тез аракетке келүүчү жердеткичтер, аралыктан башкарыла турган аткаруучу түзүлүштөр (механизмдер)) ар бир жасап чыгаруучунун ТЭБТыны толукташына жана жасалышынын өзгөчөлүгүнө карата тандоо керек;
- жабдууну көрүнүктүү так белгилөө керек озүнчө түзүлүштөрдү жана газ бөлүктөрүн көз-көрүнөө аныктоого. Белгилөө абдан жөнөкөй аткарылышы керек.
649. Элегаз жабдуулары менен иштөөгө кесиптик билими бар адамдарга уруксат берилет, ал эми мындай электр онотмолорду башкарууга – кесиби боюнча тажрыйбасы бар жана электр коопсуздугу боюнча тийиштүү топко ээ болуусу керек.
650. Ишке жаңы кабыл алынган же ишинде 6 айдан ашык тыныгуу болгон жумушчулар өз алдынча иштөөгө киргизүүнүн алдында окутуудан (такшалуудан-стажировкадан) жана билимин текшерүүдөн, ишкоштоодон (ыкчам жана ыкчам-оңдоочу ишкерсандар үчүн) тармактагы күчүндө болгон талаптардын көлөмүндө өтүшү керек. Элегаз жабдууларын иштетип пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө уруксаты бар адамдардын бул жумуштарды аткарууга медициналык чектөөлөрү болбош керек.
§ 60. Элегаз менен иштөөдөгү коопсуздук техникасы
651. Элегаз менен иштегендеги коркунуч, элегаз абадан оор болгондуктан, жабдуулардан агып чыккан учурда абаны түртүп чыгаруу менен кандай гана болбосун терендөөлөргө (чуңкурчалар, каптамазымдык арыкчалар, желдетилбөөчү бөлмөлөр ж.б.) толуп калат да дем алууга жараксыз аба мейкиндигин түзөт.
Элегаз жабдуусу бүлүнүүнүн же ишкерсандын иш аткаруу учурундагы катаа кыймыл аракеттеринин натыйжасында жылчыктангандан кийин, элегаздын газ түрүндөгү бөлүнүп чыккан заттарынын бар экендигин далилдеген абада жагымсыз жыт пайда болушун аныктаганда (суутектүү күкүрт сымал), ошол замат бөлмөдөн чыгып кетүү керек.
652. Элегаздын мүмкүн болгон коркунучтуу топтолуусу күтүлгөн бөлмөлөргө коргоо каражаттарысыз кирүүгө тыюу салынат:
- бөлүштүрүүчү элегаз түзүлүштөрү;
- залдын (бөлмөнүн) деңгээлинен төмөн жайгашкан элегаз жабдуулары орнотулган бөлмөлөрдө жана аны менен байланышкан коридорлордо, түзүлүштөрдө;
- каптамазымдык арыкчаларда жана түтук өткөргүчтөрдүн бутактоочторунда (коллекторлордо).
653. Өчүрүп-күйгүзүүчү элегаз аппаратарынын кадимкидей абалда иштеши газ түрүндөгү күкүрттүн төмөнкү фториддеринин жана чаң катары бөлүнүп чыккан катуу заттардын пайда болушуна алып келет.
ТЭБТынын бөлүктөрүндө аткарылуучу өчүрүп-күйгүзүүлөрдө жабдуунун ичинде адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү газ түрүндөгү жана катуу заттар пайда болот.
Энергокурулманын ишкерсандары элегаз жана анын бөлүнүүсүнүн заттары менен катышуусу жабдууну толтурууда, техникалык тейлөөдө, оңдоодо, аны чечип жараксыздандырууда, ошондой эле бүлүнүүнүн кеспетинен жылчыксызданган учурларда болот.
654. Элегаздын жана анын бөлүнүү заттарынын жабдуудан атылып чыккан учурунда соруп чыгаруучу желдетүү автоматтык түрдө күйгүзүлүшү керек. Желдетүү, аба чөйрөсүндөгү өлчөөлөрдүн натыйжаларында, кычкылтектин көлөмдүк мааниси 17% төмөн болбогон учурга чейин жүргүзүлүшү керек, ал эми зыяндуу нерселердин бөлмөдөгү топтолушу 10- санирээткиде көрсөтүлүп уруксат берилген ченемдерден ашпашы керек:
10-санирээтки. Иш аймагында заттардын эң жогорку жол берилген топтолушу
Заттардын аталышы, кыскача мүнөздөмө | Туюнт-масы | Ууландыруучу мүнөздөмөлөрү | ЧЖБТж.а Россияда, мг/м | ЧЖБТж.а. башка өлкөлөрдө |
Алтыфторлуу күкүрт, газ, жытсыз түсү жок |
| зыянсыз
| 5000
| 1000 ppm-об. (6000 мг/м)*
|
Төртфторлуу күкүрт, кескин мүнөздүү жыт |
| окшош
| -
| 0,1 ppm-об. 0,4 мг/м
|
Экифторлуу күкүрт |
| - | 5 ppm-об. 18 мг/м | |
бирфторлуу күкүрт |
| - | 0,5 ppm-об. 2,5 мг/м | |
Бешфториддин экисульфити (Бешфторлуу күкүрттүн димери), түсү, жыты жок газ |
| Өпкөнүн шишигине алып келет
| -
| 0,025 ppm-об. (0,28 мг/м) 0,25 мг/м
|
Бешфторлуу күкүрттүн димер кычкылы
|
|
| -
| 0,01 ppm-об.** (0,11 мг/м) 0,5 ppm-об. (6 мг/м) |
Фторлуу тионил, мүнөздүү жыт
|
| Баш оору, ооруксунуу, дем алуу жолдорунун кыйналуусу
| -
| 3 ppm-об. 0,6 ppm-об. (2,1 мг/м) 2,5 мг/м (0,7 ppm-об.) 1,6 ppm-об.** (5,66 мг/м) |
Фторлуу сульфурил, түсү, жыты жок газ | Көңүл чөгүү, өпкө шишиги, муунуу, карышып калтырак басуу | - | 20 мг/м 5 ppm-об. | |
Төрт фторлуу тионил |
| окшош
| -
| 2,5 мг/м
|
Күкүрттүү ангидрид |
| 1
| -
| |
Күкүрттүү газ
| дем алуу жолдорунун кыйналуусу, бронхилердин кысылуусу | 10
| 2 ppm-об.** 12 мг/м
5 ppm-об. 13 мг/м | |
Төртфторлуу көмүртек |
| -
| 2,5 мг/м 10 ppm-об. 39 мг/м
| |
Күкүрттүү көмүртек, жыпар жыттуу суюктук, бирок жагымсыз жыт менен ажырайт |
| Наркотикалык таасир
| 1
| 10 ppm-об. 30 мг/м
|
Көмүртек кычкыл күкүртү, түссүз, жытсыз | COS
| Борбордук нерв тутумунун жабыркашы | -
| -
|
Фторлуу суутек | HF
| дем алуу жолдорунун кыйналуусу | 0,05
| 3 ppm-об.** 2 мг/м
|
Алты фторлуу вольфрам |
| окшош | -
| -
|
Торт фторлуу кремний |
|
| -
| 2,5 мг/м 0,6 ppm-об. |
Диметил-дифторсилан |
| - | 1 мг/м | |
Фторлуу алюминий |
|
| 0,5
| 2,5 мг/м
|
Фторлуу жез |
| 2,5 | 2,5 мг/м | |
Фторлуу темир |
|
| 2,5
| 2,5 мг/м
|
Темир сульфиди | FeS
|
| - | 1 мг/м
|
* кашаада кайра эсептелген маанилер. ** МЭК 1634 [6.4] тин негизинде кабыл алынган маанилер. | ||||
655. Өндүрүштүк бөлмөнү желдеткенден кийин электр орнотмонун тегерек жайын элегаздын бөлүнүү заттарынан тазалоо жеке коргоо каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт (коргоочу костюм, колкап, көз айнек жана респиратор).
656. Элегаздын бөлүнүү заттары менен абасы булганган элегаз жабдуусу жайгашкан бөлмөдөгү бүлүнүүчүлүк- калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу учурунда каптамалоочу газкаршылыгын колдонуу керек.
§ 61. Элегаз жана анын бөлүнүсүнөн чыккан заттар менен булганган бөлмөлөрдө иштөөдөгү коопсуздук чаралары
657. Жабык бөлмөдө, аппаратта же каптамазымдык арыкчаларда (коллекторлордо) иштээрдин алдында соруп-чыгаруучу желдеткичтерди иштетип жана жумуш аймагын алеттер менен текшерүү керек аба чөйрөсүнүн адамдын дем алуусуна жарактуу экендигине ишенгендей болуп. Аба чөрөсүнүн дем алууга жарактуулугун аныктоо ыкмалары коопсуздук техникасынын жергиликтүү насааттамалары менен аныкталат. Элегаз менен толтурулган бөлмөлөрдөгү жумуштар ишкерсандардын сактоочу газкаршылыктарды колдонуусу менен жүргүзүлөт.
658. Элегаз жабдууларын тейлеген ишкерсандар тыгыздалган элегаздын тез атырылып чыккан учурунда анын күтүүсүз кеңейүүсү айланадагы абанын температурасын төмөндөтөт. Мындайда газдын температуурасы 0о С төмөн түшүшү мүмкүн. Күтүүсүздөн газдын агымына туш келген ишкерсан, мисалы жабдууну газ менен толтуруу учурунда, коргоочу кийимдери жана көздү коргоочу каражаттары жок болгон учурда денесинин бөлүктөрүндө олуттуу үшүккө чалдыктыруу коркунучун туудурушу мүмкүн.
659. Элегаз менен толтурулган жабдууда алдын-алуучу болжомдук жумуштарды (көлөмдү толтуруу, талдоого үлгү алуу ж.б.) аткаруу учурунда желдетүү такай кошулуп иштеп туруусу керек.
660. Элегаз жыйналып топтолуусу мүмкүн болгон бөлмөгө жангыз кирүүгө тыюу салынат. Булганган аймакта жайгашкан жабдууда кечиктирилбес ыкчам тейлөө же оңдоо иштерин жүргүзүү керек болгон учурда ишкерсан коргоо каражаттарын – каптамалоочу газкаршылык, коргоочу костюм, коргоочу бут кийим жана колкап колдонууга милдеттүү.
661. Элегаз жабдуусу бар бөлмөдө тамеки тартууга, жылыткыч шаймандарын, ачык отту (газ күйгүчүн, ширетүү чырактарын ж.б.), пайдаланууга тыюу салынат.
662. Элегаздын бөлүнүүсүнүн катуу заттарынын атырылып чыгууларынын кесепеттерин жоюуда абага чаңдап көтөрүлүүлөрдөн качуу керек.
Элегаздын бөлүнүүсүнүн катуу заттарынын атырылып чыгууларынын кесепеттерин жоюу иштерин аткаруу катары бөлмөнүн баардык ачык жерлерин чаңдан кургак (чаң соргуч менен) же нымдуулап сүртүп тазалап чыгуу керек. Жабдуулардын тышкы беттерин, тамдын беттерин, жер тамандарды сүртүүнү Na2CO3 (натрий карбонаты- кальцийлен соданын)нын эритмесине (5-7 кг соданын 50-60 литр сууга эриткен) нымдалган чүпүрөк менен жүргүзүү керек. Бул жумуштар энергокурулманын кезметтеги курамы аткарат. Ишкертоптун курамы бул иштерди аткаруу учурунда чаң өткөзбөөчү комбинезон (коргоочу костюм) кийип, дем алуу органдары чаңга каршы чыпкасы бар респиратор же коргочу газкаршылыгы менен, а көздөрү коргоочу көз айнектер менен корголушу керек. Нымдуу тазалап-жыйноодо кошумча резина колкап жана өтүктөр колдонулат. Элегаз жабдуулары жайгашкан бөлмөлөрдө тазалап-жыйноо иштери буйрутма менен бул Эреженин 16-§на ылайык аткарууга жол берилет.
663. Иштер бүтүп жана жеке коргонуу каражаттарын чечкенден кийин жумушчу колдорун, моюнун, бетин, манжаларын жана дененин башка жерлерин самын менен суунун көп көлөмү менен жуушу керек.
Бөлмөнү тазалоодо пайдаланылган жеке коргоо каражаттары жумуш аяктагандан кийин кир жуучу машиналарда жуулат же тармакта кабыл алынган шартта жок кылынат.
664 Атайын кийимдер, бут кийим жана башка кездемеден тигилген элегаздын бөлүнүүдөн пайда болгон заттардын таасирине кабылдануучу буюмдар касиетсиздештирүүчү эритме менен тазаланууга тийиш. Эритменин курамы: ар бир 50 литр сууга 5 кг Na2CO3 натрий карбонаты же 2,5 кг натрий гидроксиди (NaOH) же калий гидроксиди КОН болуш керек. Касиетсиздештирүү бир сааттан кем убакытта жүргүзүлүүсү керек, бул учурда эритмени маал-маалы менен аралаштырып туруу керек, эритме буюмдардын булганган жерлерине жеткендей кылып. Касиетсиздештирүүдөн кийин кийимдин буюмдарын таза агым сууга чайкап жана кадимки кир жууй турган эритмелерде жууш керек.
665. Касиетсиздештирүүчү эритмени кир сууларды куюучу түтүктөргө куюп идишти катуу агымдагы суу менен жууп салуу керек. Коргоочу кийимдерди сактоочу бөлмөлөр желдетмелер менен жабдылышы керек, муздак суу келип кетүүчү чорголуу түтүк өткөргүчтөрү жана пайдаланылган жеке коргоочу (костюм, колкап, өтүк ж.б.) каржаттарды сактоочу контейнерлер менен жабдылышы керек. Коргоочу кийимдерди сактоочу бөлмөлөрдө тамактанууга, суу ичүүгө жана тамеки тартууга, ошондой эле демейдеги күнүмдүк кийүүчү жөн кийимдерди сактоого тыюу салынат. Бул бөлмөдө фториддер менен булганган заттектерди сактоого тыюу салынат.
666. Касиетсиздештирүүгө мындан башка дагы төмөндөгүлөр дуушар болууга тийиш:
- элегаздын бөлүнүү заттары менен байланышта болгон жок кылынуучу заттар. Бул заттектер 5-7 кг натрий карбонатынын (кир жуучу суу) болжол менен 50л, же КОНтын жана NaOH тын (10-12л сууга 0,5 кг КОН же NaOH) сууга кошулган эритмелеринде касиетсиздештирилет. Касиетсиздештирүү убактысы 24 саат.
Андан кийин заттектер эки кат болгон пластик каптарга салынып жана жергиликтуу насааттамалар менен белгиленген шарттарда жок кылынат.
Пайдаланылган касиетсиздештирүүчү эритмени кир сууларды агызуучу түтүк менен агызып салуу керек. Элегаздын бөлүнүүсүнөн пайда болгон катуу заттарды чогулткан чаң соргучтун кагаз чыпакаларын касиетсиздештирүү үчүн 24 саатка касиетсиздештирүүчү эритмеге чөмүлдүрүлүп салынат. Чыпка андан ары пайдаланууга жарабайт жана калдыктар чогулткучуна ыргытылат.
- Элегаз жабдуусунун тетиктери жана түйүндөрү , элегазды анын бөлүнүүчү заттары менен сордуруп ташуучу ийкемдүү кошмо түтүктөр жана арматууралар: чаң соргучтун саптары жана кездемелүү чаң чогулткучу; механикалык чыпкалар, кылсүрткүлөр, чүпүрөктөр. Касиетсиздештирүү убактысы 24 саат. Суртүлүп-тазаланган түйүндөр жана тетиктер, саптар жана бекитүүчү арматууралар, механикалык чыпкалар, шаймандар ж.б. суу менен жуулуп, кургатылат жана иште кайта андан ары пайдаланылышы мүмкүн. Шаймандар, аспаптар, ыкташтырмалар, куроочу үстөлдөр, жеке коргонуучу каражаттар (көз айнектер, колкаптар, алжапкычтар) суу менен жуулуп жана ошондой эле андан ары иштегенде пайдалануулары мүмкүн. Элегаздын бөлүнүү заттарынын эркин атып чыгуусу мүмкүн эмес, анткени бөлүнүү заттары уулуу, ошондуктан желдетүү тутумунун чыгышында атайын бөлүнүүнүн газ түрүндөгү жана катуу заттарын сиңирүүчү чыпкалар орнотулушу зарыл.
667. Бөлүнүү заттары менен кыска мөөнөттөгү убакытка байланышкан учурларда жумушчу теринин ачык жерлерин ошол замат кечиктирилбестен чоң көлөмдөгү суу менен самындап жуушу керек.
668. Элегаз топтолгон бөлмөдөгү жумушчу тумчугуунун айынан эсин жоготкон учурда, жабырлануучуга кислород жаздыкчасын берип, андан кийин аны кечиктирилбестен таза абага алып чыгуу керек, кечиктирилбестен тез жардам машинасын чакырып жана жабырлануучунун ахвалын көзөмөлдөөнү улантуу керек. Жашоо функцияларын калыбына келтирүү үчүн жасалма дем алдыруу жүргүзүүгө кескин түрдө тыюу салынат.
669. Элегаздын бөлүнүүсүнүн катуу заттарынын териге тийген учурларында теринин катуу дүүлүгүшүнө же күйүп калышына алып келет. Мындай учурда аларды жабыркаган жерден тез алып салуу керек. Бул үчүн жабыркаган жерди агым суу менен көпкө жууш керек (20 минутадан кем эмес), аммиактын аз кошулмасын же аш содасынын эритмесин колдонуу менен. Теринин ачык күйгөн жерлерин тазалоодо өсүмдүк жана жандыктардын майларын колдонууга тыюу салынат. Күйгөн жерди таза салфетка менен жаап анын үстүнө кургак муздактык коюу керек (20-30 мүнөткө).
670. Элегаздын катуу заттары көзгө кирген мезгилде аларды көпкө суу менен чейин жууп, андан кийин бор кычкылдыгынын 3%дык эритмеси менен жууш керек. Муздак суунун агымы мурундан сыртты көздөй багытталып аккандай болушу керек.
Элегаздын бөлүнүү заттары менен ууланган учурда (ашказанга кирип калган учурда) ашказанды көп көлөмдөгу суу менен жууп тазалоо керек.
671. Элегаз жабдуусу бар ар бир бөлмөдө биринчи жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сакто министирлиги менен макулдашылган “Жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү боюнча тармактар аралык насааттаманын” талаптары боюнча толукталган даары-дармек кутучасы (аптечка) болушу керек.
Кандай гана кырсык кокустугу болбосун жабырлануучуга медициналык жардамды чакырылган тез жардамдын медицина кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүшүн эске алуу керек.
§ 62. Элегаз жабдууларын таштанды катары жок кылуудагы коопсуздук техникасы
672. ТЭБТ жабдууларынын бөлүктөрүн таштанды катары жок кылуу, жасап чыгаруучу заводдун көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт. Электр бөлмөлөрүндөгү элегаз жабдууларын чечип чыгаруу иштерин жүргүзүп баштоо алдында желдетүүнү кошуп иштетип жана дем алууга туура келген чөйрө бар экендиги ишенимдүү болуу керек. Элегаз толуп турган электр бөлмөсүндө иш алып баруучу ишкерсан капталмалоочу газкаршылыгын пайдаланууга милдеттүү.
673. Ачуу алдында элегаз жабдуусу элегаздын жана/же элегаздын бөлүнүүдөгү газ сымал заттарынын калдыктарынан газды сордуруп алуу жана андан кийинки абасыздаштыруу (элегаздын бөлүнүү заттары менен булганган учурда жегич натр же натрий карбонатынын шакарлуу -0,1кг 10-12л сууга кошулган эритмеси менен барботаждоо менен) аркылуу бошотулушу керек. Абасыздаштыруудан кийин элегаз жабдуусу азот же аба менен толтурулат.
674. Жабдуудан элегазды чыгаруу боюнча иштерди аткарууда анын бөлмөнүн иш аймагына же аба мейкиндигине атып чыгуусун болтурбоо үчүн чараларды көрүү керек. Элегазды чыгаруу, атайын элегаз менен иштөө үчүн жасалган газды чыгарып алуучу жана бөлүнүүнүн газ өңдүү жана катуу заттарын чыгаруу учурундагы тазалоочу каражаттар менен жабдылган, жабдуунун жардамы менен жүргүзүлөт. Анын элегазды басым астында сактоого мумкүнчүлүгү болуш керек.
675. Элегазды чыгаруу иштерин аткаруучу ишкерсан, элегаз жабдуусун тейлөөчү энергокурамдын ишкерсанындай эле жеке коргоо каражаттары менен камсыз болуулары зарыл. Элегаз жабдуусун жасап чыгаруучу жана аны иштетип пайдалануучу мекемелердин коопсуздук техникасы боюнча насааттамалары төмөндөгү ар бир көрсөтүлгөн учурларда газды чыгарып алууну эсепке алган талаптарды өзүнө камтуусу керек:
а) жылчыксыз жабылган түзүмдөрдө газдын басымы чоңоет;
б) тейлөө, оңдоо же кеңейтүү үчүн газды кабынан (жабык ийдиштен) которуштуруу керек;
в) жабдуудан газды, анын жашоо (иштөө) мезгилинин бүтүшүнүн негизинде, чыгаруу керек;
г) өлчөөчү аспаптын убактылуу байланыштары менен газдын үлгүсүн алуу же анын басымын өлчөөлөрдү аткаруу керек.
676. Элегазды жабдуудан чыгарууну жүргүзүп жаткан ишкерсан элегаздын бөлүнүүсүнөн пайда болгон заттардын зыяндуу жана коркунучтуу таасирлери менен тааныштырылуусу жана коопсуздуктун талаптарын бузуунун натыйжасында өзүнүн ден соолугуна коркунуч келтирээрин сезиши керек.
677. Элегаз жабдуусунун газдык бөлүкчөсүндө орнотулган манометрлердин жана/же элегаздын (элегаз аралашмасынын) тыгыздыгын көрсөтүп белги берүүчү аспаптардын нөлдүк көрсөткүчтөрү ийдиштеги басымдын жоктугу боюнча толук анык белги катары боло албайт.
31- бөлүм. Оптикабулалык каптамазымдар менен иштөө учурундагы коопсуздук ыкмалары
§62. Жалпы жоболор
678. КЧ жана Ачылардын коргоо аймактарында жана алардын кеислиштеринде, ошондой эле ЭС жана көмөкчордондордун АБТларынын аймактарында оптикабулалык каптамазымдарды машина жана механизмдерди (чыгырыгы менен болгон каптамазымсалгыч, ЖКМ ж.б.) пайдалануу менен куроо учурунда бул Эрежелердин 1- санирээткиси боюнча аралыктарды сактоо керек.
679. ОБКларды (оптикабулалык каптамазымдарды) КЧдордун, ЭСлардын АБТларынын аймактары боюнча төшөө учурларында ЖЖДыда газ- суу өткөргүчтөр, күчтүк каптамазымдар менен болгон баардык коркунучтуу кесилиштер жана жакындоолор көрсөтүлүшү керек. Жумуштар бул учурларда иш жетектөөчүнү дайындоо менен жүргүзүлөт. Эгерде жумуштар башка тармактардын ККУлары тарабынан жүргүзүлсө, ишке киргизүү жана жумуштарды аткаруу бул Эрежелердин 29- бөлүмүнүн талаптарын сактоо менен ишке ашырылат.
680. ОБКны траншеяларга жаткырып төшөгөндө, баардык жумушчулар ОБКанын бир тарабында жайгашуулары керек. Жандыруу күч менен тартпастан жана жулкубастан жүргүзүлөт болушунча траншеянын четине жакын. Транспортер барабандын чыгырыгынын токтотуучу механизми менен болушу керек, ал эми каптамазымдын учу жанып кетпөө үчун барабандын жаак жагына чыгарылып коюлат. Куроону, жасап чыгаруучу заводдун нускамалары боюнча жүргүзүү керек геометрикалык жана механикалык көрсөткүчтөрү боюнча ченемдерди сактоо менен, какамкөлөмдөгү шакекчелерди калтыруу менен, ийилүүлөрдү жана буралган түйүлмөлөргө («барашкаларга») жол бербей. Кошмокаптарды чуңкурларга ыргытып таштоого тыюу салынат.
681. Иштеп жаткан учурда жеке коргоо каражаттарын– колкаптар, мээлейлер, коргоо көз айнектери, ал эми титирөө шаймандарын колдонгон учурларда – ызы-чууга каршы кулаккакиймелер жана титирөөлөрдү басуучу колкаптарды пайдалануу керек.
682. Азыктандыруу тармагына кошулган өлчөөчү жана куроочу жабдуулар сөзсүз түрдө кесилиши 10 мм2 дан кем эмес ийкемдүү көп тамырчатарамдуу жез зым менен жердетилиши керек.
683. Иштеп жаткан учурда каптамазымтөшөгүчтөр жумушчуларды коопсуз жайгаштыруу үчүн аянтчалар жана отургучтар менен камсыздалышы керек. Төшөөчү жана жандыруучу механизмдин оң абалда экендигин текшерүү бир гана толук токтоткондон, токтотуучу механизмдин абалын бекиткенден кийин текшерүүгө болот, иш жетектөөчү же иш жүргүзүүчү менен макулдашуу менен жана көзөмөлүндө.
684. Булалык жарыктыкдиоддун учтарындагы кесилиштерин же оптикалык бергичтиин тешигин кароого тыюу салынат, анткени жарыктыкдиоду боюнча көрүү диапазонунан тышкары болгон толкун узундугундагы берилүүчү лазердик нурлануу көздүн торчосунун кайтарылгыс жабыркоолоруна алып келиши мүмкүн.
685. Куроо же оңдоо учурларында оптобуланын кесиндилеринин кийимге же териге түшүсүнөн качуу керек. Бул кесиндилерди тыгыз жабылуучу кутучага же жабышка тасмага чогултуу керек. Жумуштарды бул учурда коргоочу көз айнекчен, колкап же мээлей жана клеёнкалуу алжапкыч кийүү менен жүргүзүү керек.
686. ОБК лар менен иштөө учурунда тамак кабыл алууга кескин түрдө тыюу салынат, ал эми жумуштан кийин сөзсүз түрдо колду самын менен жууш керек, жумуш ордун болсо чаң соргуч менен тазалап тыгыз резина мээлей кийүү менен ным чүпүрөк менен сүртүп, аны катуу сыгып таштоо керек.
687. ОБКанын коргоочу тышкы кабыгын спирт эритмесин же эриткичтерди колдонуу менен сыйрып таштоо учурунда өрт коопсуздугун сактоо керек, ошондой эле ал эритмелердин териге жана дем алуу органдарына кирүүлөрүнөн коргонуу керек аллергиялык реакцияларды болтурбоо үчүн.
688. Жумуш учурунда пайдалануучу ширетүү аппараттары адамдын өмүрүнө коркунучтуу жогорку чыңалуудагы электр жалындоосун пайда кылышат, ал эми электроддордун ортосундагы дүрмөттүк жалындоо күйүүчү газдардын жана жеңил күйүп кетүүчү суюктуктардын күйүп кетүүлөрүнө алып келиши мүмкүн.
689. ОБКалар менен иштөө учурунда тамеки тартууга тыюу салынат, ал болсо ширетүүнүн жана кошкучтардын (коннектордун) даярдалышынын сапатын ылдыйлатууга алып келиши мүмкүн.
1-Тиркеме
«Эмгектеги зыяндуу жана жагымсыз шарттарга кабыл болуучу жумушчуларга милдеттүү түрдө ишке кирүү алдында жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жүргүзүү жөнүндө»
Кооптуу, зыяндуу заттардын жана жагымсыз өндүрүштүк таасирлердин тизмеси, алар менен иштей турган учурда милдеттүү түрдө жумушка киргенде алдын ала медициналык текшерүүлөр жана кесиптик оорулардын* алдын алуу үчүн мезгил-мезгили менен талап кылынган медициналык текшерүүлөр:
Коркунучтуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк таасирлер | Аткарылуучу иштин мүнөзү | Кароолордун мезгилдери |
1. Химиялык |
|
|
1.1 Азот кычкылдыгы, аммиак, азот оксиддери | Өндүрүү жана пайдалануу**, аларды чыгаруу менен байланышкан иш жүрүштөр | 24 айда 1 жолу |
1.20. Марганец жана анын кошулмалары | 1. Жабык жерлерде ширетүү, эритип кошуу жана кесүү 2. Ачык жерлерде ширетүү, эритип кошуу жана кесүү | 6 айда бир жолу*** 24 айда 1 жолу |
1.28 Каныккан жана каныкпаган көмүрсуутектери | 2. Авто жана авиациялык майларды тазалоо; каныккан, каныкпаган көмүрсуутектерди бөлүү жана пайдалануу менен байланышкан иш жүруштөр (полиэтиленди, дивенилди, изопренди ж. б. чыгаруу); эритүүчү-бензинди колдонуу; битум, май, парафин өндүрүү жана аларды пайдалануу; автоматташтырылбаган иштерде- кол менен иш алып барган учурда майлардын негизиндеги МИКтерди (майларды иштетүү каражаттары) колдонуу | 24 айда 1 жолу. |
*Экинчи тиктилкеде көрсөтүлбөгөн жумуштарда иштеген, бирок кооптуу жана зыяндуу заттардын жана жагымсыз өндүрүштүк таасирлердин, ошондой эле өндүрүштө биринчи жолу колдонулган заттардын таасири астында иштеген кызматкерлерди кароодон өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө маселени мамлекеттик орган чечет- санитардык көзөмөл. Уулуу заттарды өндүрүү жана пайдалануу менен байланышкан, иштеп жаткан ишканалардагы туруктуу оңдоо-курулуш иштерин жүргүзгөн баардык жумушчулар, бул заттар менен иштөө үчүн каралган мөөнөттө кароолордон өтүүгө тийиш.
**Колдонуу катары- заттарды өнөр жайлык колдонууну жана жүктөп-түшүрүү жумуштары катары билдирилет.
*** 24 айдан кийин рентгендик текшерүү алдын ала медициналык кароодон өткөндөн кийин.
Коркунучтуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк таасирлер | Аткарылуучу иштин мүнөзү | Кароолордун мезгилдери |
|
|
|
1.30. Сымап жана анын бирикмелери | 1. Ачык сымап менен байланышта болгон алеттер менен иштөө; сымап түзөткүчтөрү, электр агынын өзгөрткүчтөр, соркыскычтар менен иштөө; органикалык-сымап кошулмаларын колдонуу 2. Жабык сымап менен байланышта болгон алеттер менен иштөө жана сымап амальгамасы бар стоматологиялык кабинеттерде иштөө. | 12 айда 1 жолу
24 айда 1 жолу. |
1.31. Коргошун жана анын органикалык эмес бирикмелери | 1. Кендерден жана байытылмалардан коргошун эритүү; коргошун камтыган эритмелерди өндүрүү, чоюп-жаюу, тыгыздоо, буюмдарды даярдоо; коргошунду механикалык жана кол менен иштетүү, коргошун-кычкыл аккумуляторлорун чыгаруу; коргошун чөмүлмөлөрүндө өчүрүү; сүрүндү коргошун камтыган боёкторду, жалтыркаптоочу сырларды (глазурларды), сугарылмаларды өндүрүү; коргошун камтыган кошулмалар менен түздөө; коргошун камтыган айнек жана айнек буласын өндүрүү жана кайра иштетүү; коргошундуу топурак менен капталган тегиздиктерди ширетүү жана кесүү; коргошундуу боёкторду такай колдонуучу сырдоо иштери; коргошундан жасалган буюмдарды чыгаруу. 2. Аз өлчөмдөгү коргошунду борборлоштурулбаган эритүү менен байланышкан иштер, ширетүү, басмакана (арипти сап-сап кылып терүүчү) -линотип иштери. | 12 айда 1 жолу.
24 айда 1 жолу. |
1.33 Күкүрт жана анын бирикмелери | Күкүрт органикалык бирикмелерди, сульфаттык кошумчаларды, метил күкүрт бирикмелерин, күкүрт жана күкүрттөлгөн кычкылдыктарын өндүрүү жана пайдалануу; күкүрт жана күкүрттүү ангидриддерди, күкүрт суутегин бөлүү менен байланышкан иштер | 12 айда 1 жолу. |
Коркунучтуу жана зыяндуу заттар, жана өндүрүштүк таасирлер | Аткарылуучу иштин мүнөзү | Кароолордун мезгилдери |
1.38. Төмөндөгүлөр менен негизделген синтетикалык чайырлар жана пластмассалар: |
|
|
- стирол | Полиэфирдик чайырлардын жана лактардын, пластикайнектин жана башкалардын полимерлерин жана кошмополимерлерин өндүрүү; лактарды, желимдерди иштетип чыгаруу жана колдонуу | 24 айда 1 жолу. |
- фенол жана формальдегид | Желимдерди, лактарды, сиңирүүчү кошулмаларды, байланыштыргычтарды ж.б. иштетүү жана колдонуу. | 24 айда 1 жолу*. |
- кремний органикалык бирикмелер
| Полимерлерди, тыгыздооч материалдарын, лактарды, суюк силикондорду чыгаруу; лактарды, майлоочу заттектерди иштетүү жана колдонуу ж.б. | 24 айда 1 жолу.
|
- изоцианит | Полиуретанды, пенополиуретанды, полимочевиналарды ж.б. өндүрүү, иштетүү жана колдонуу. | 12 айда 1 жолу. |
- винилхлорид жана винилиден хлориди | Перхлоровинилдин полимерлерин жана кошполимерлерин, желимдерди, лактарды ж.б. өндүрүү; желимдерди, лактарды жана башкаларды иштетүү жана колдонуу. | 12 айда 1 жолу. |
акрил жана метакрил кычкылдыктары | Полимерлерди жана кошмополимерлерди өндүрүү жана кайра иштетүү; эмульсияларды, лактарды, боёкторду ж.б. колдонуу. | 24 айда 1 жолу. |
- аминокычкылдыктар, эки негиздүү кычкылдыктар, диаминдер | Полиамиддерди өндүрүү жана кайра иштетүү; желимдерди колдонуу ж.б. | 24 айда 1 жолу. |
-эпихлоргидрин | Эпоксиддүү чайырларды жана алардын негизинде пластмассаларды, бирикмелерди өндүрүү жана колдонуу | 24 айда 1 жолу.** |
-алифаттык жана каныкпаган көмүрсуутектер | Полимерлерди жана кошмополимерлерди өндүрүү жана кайра иштетүү | 24 айда 1 жолу. |
______________________________
*Дерматовенерологдун кароосу 12 айда 1 жолу.
**Биринчи рентгендик текшерүү жумушка кабыл алынгандан кийин алдын ала медициналык кароодон өткөндөн кийин 3 жылдан кийин жүргүзүлөт.
Коркунучтуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк таасирлер | Аткарылуучу иштин мүнөзү | Кароолордун мезгилдери |
1.42. Тетраэтилкоргошун | Авиация жана этилделген бензинин өндүрүү жана пайдалануу | 12 айда 1 жолу. |
3. Өнөр жай аэрозолдору
|
|
|
3.1. Абразивдүү жана абразивкамтыгандар | Абразивдерди (электрокорунд - ченемделген, ак, хромдуу монокорунду), карбид, бор, элбор өндүрүү, иштетүү жана колдонуу; кремний карбидин кайра иштетүү жана колдонуу ж.б. | 24 айда 1 жолу.* |
3.2. Темирлер жана алардын эритмелери | Чоюнду, болотту, цирконийди, танталды, кадмийди жана сурьманы кайра иштетүү; электр менен ширетүү, темирди чаңдатып чачуу; кара жана түстүү темирлерди жана алардын эритмелерин кесүү | 24 айда 1 жолу. |
4. Физикалык
|
|
|
4.1. Иондоштурулган нурлануу, радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун булактары | Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөөнүн бардык түрлөрү | 12 айда 1 жолу.** |
4.2. Иондоштурулбаган нурлануу: - туруктуу жана өзгөрүлмө магниттик жана туруктуу электр талаалары - өтө жогорку жыштыктагы (ӨЖЖ) радио диапазонунун электромагниттик нурлануусу - ӨЖЖ (миллиметр, сантиметр, дециметр толкундары) - ультра жогорку жыштыктар - УЖЖ, жогорку жыштыктар - ЖЖ, төмөнкү жыштыктар - ТЖ, ультра төмөнкү жыштыктар - УТЖ | Туруктуу магниттик жана электрдик талаалардын булактары менен иштөөнүн бардык түрлөрү
Саналган диапазондордогу электромагниттик нурлануулардын булактары менен иштөөнүн баардык түрлөрү
| 24 айда 1 жолу
12 айда 1 жолу
24 айда 1 жолу |
*Биринчи рентгендик текшерүү жумушка кабыл алынгандан кийин алдын ала медициналык кароодон өткөндөн кийин 3 жылдан кийин жүргүзүлөт.
**Мүмкүн болгон таасирге байланыштуу авариялык-калыбына келтирүү иштерине тартылган ишкерсан №141-76 Радиациялык коопсуздук үлгучендеринин 4.14-орунбелгисине ылайык алдын ала медициналык текшерүүдөн жана кийинки мезгилдүү текшерүүдөн өтүшөт.
Коркунучтуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк таасирлер | Аткарылуучу иштин мүнөзү | Кароолордун мезгилдери |
4.3. Өндүрүштүк титирөөлөр (жергиликтүү жана жалпы) | Титирөөнү пайда кылган кол машиналары менен иштөө жана титирөөнү пайда кылган машиналардын тегерегиндеги жумуш ордулары | 12 айда 1 жолу |
4.4. Өндүрүштүк ызы-чуулары: - 80 - 99 дБ А - 100 дБ А жана андан жогору | Күчөгөн өндүрүштүк ызы-чуунун таасири менен байланышкан эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрү
| 24 айда 1 жолу* 24 айда 1 жолу |
4.7. Температуранын жогорулашы** жана күчтөнгөн жылуулук нурлануусу *** | Жогорку температурадагы жана күчтөнгөн жылуулук нурлануусундагы өндүрүштүк иштердин бардык түрлөрү | 24 айда 1 жолу. |
4.8. Төмөндөтүлгөн температура **** | Жумуш аймагындагы абанын дайыма төмөн температурасындагы өндүрүштүн бардык түрлөрү | 24 айда 1 жолу. |
*Отоларингологдун биринчи текшерүүсү 6 айдан кийин жүргүзүлөт. Алдын ала медициналык кароодон өткөндөн кийин.
** Жогорулатылган температура катары уруксат берилген жогорку мааниден ашкан температураны билдирет
***Күчөтүлгөн нурланууга 1257 Дж/(м2 саат) [300 ккал/(м2 саат)] болгон нурлануулар кирет.
****Төмөндөтүлгөн температура- уруксат берилген маанилерден төмөнкү температураларды билдирет.
Коркунучтуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк таасирлер | Аткарылуучу иштин мүнөзү | Кароолордун мезгилдери |
5. Физикалык ашыкча жүктөлүү |
Жүктөрдү кол менен жылдыруу же күч колдонуу менен байланышкан иштер: а) көтөрүлүп жаткан жүктүн салмагы же колдонулган күч: эркектер үчүн - 300 Н* ашык
аялдар үчүн - 100 Н ашык б) жумушчу тегиздикти көтөрүүдө сменада кол менен жылдырылган же көтөрүлгөн жүктүн салмагы (сменалык жүк жүгүртүү): эркек үчүн - 12 тоннадан ашык аялдар үчүн - 7,0 тоннадан ашык в) салмагы бар жүктү, жертамандан же жумушчу тегиздиктин деңгээлинен кыйла төмөнкү жерден көтөрүү: эркектер үчүн - 5,0 тоннадан ашык аялдар үчүн - 3,5 тоннадан ашык (темир чапкычтар, темир усталар, карагай кыюучу, эт комбинатынын жумушчулары, шахтерлор, куруучулар, балыкчылар, порттогу үк түшурүүчулөр, жүк түшүргүчтөр, порт жумушчулары ж.б.) | 12 айда 1 жолу |
| 2. Негизинен колдун жана билектин булчуңдарынын жергиликтүү булчуңдарынын чыңалуусу менен байланышкан иштер (саанчылар, клавиатуралары бар эсептөөчү-перфоратордук машиналардын операторлору, телеграфчылар, машинисттер, басмаканалардын терүүчүлөрү ж.б.). 3. Дененин мезгил-мезгили менен болжолдуу көрүнөө баалоолор боюнча бир сменада 300дан ашык тик жайгашуудан 30°дан ашык белгилүү кыйшаюулары менен байланышкан жумуш,; кезметтик убакыттын 50%дан ашыгын мажбурлап иштөө абалында - тизелеген, чөк түшкөн, жаткан, алдыга эңкейген, асылган абалдарда болуу (куруучулар, шахтерлор, бийиктикте иштөөчүлөр, кен казуучулар, тоокендериндеги тазалоочу шахтасынын жумушчулары, карагай кыюучулар, чалгындоо партияларынын геологдору, мунай жана газ скважиналарын бургулоочулар, шахтерлор ж.б.) | 12 айда 1 жолу
12 айда 1 жолу. |
________________
* Н=0,1 кгс
Оорулардын, кырсыктардын алдын алуу жана эмгек коопсуздугун камсыз кылуу максатында жумушка кабыл алууда алдын ала аткарылышы жана жумушчуларды мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүү талап кылынган иштердин тизмеси *
Иштердин жана кесиптердин аталышы | Жумушчуларды мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүүнүн мөөнөттөрү |
1. Бийиктиктеги жана бийиктикке көтөрүү менен байланышкан жумуштар (бийиктикке чыгуучулар), ошондой эле көтөрүүчү түзүлүштөрдү тейлөө | 12 айда 1 жолу |
2. Иштеп жаткан электр орнотмолорун (токтун генераторлорун, жогорку чыңалуудагы оодаргычтарын, көмөкчордондордун ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүн, жогорку жана ашыкча жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын) тейлөөгө катышкан адамдар, анын ичинде: каптамазымдык жана аба электр чубалгыларын, көмөкчордондордун ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүн тейлөө боюнча электрэпкерлер жана электрустаттар; электр жабдуулары боюнча кезметчилер; өндүрүш багытындагы жабдууларды жана электр аспаптарын тейлөө оңдоо, сыноо менен алектенген адамдар. | 24 айда 1 жолу. |
3. Басым астындагы идиштерди тейлөөчү аспапчылар (кызматкерлер) | Алдын ала медициналык текшерүүдөн эле өтүшү керек |
4. Атайын байланыш кызматынын жумушчулары | 12 айда 1 жолу |
___________________________
*Жумушчуларды жана кызматчыларды алдын-ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүү, темир жол кыймылдуу курамдарын жана аба менен ташуу каражаттарынын кыймылын тейлөөнүн өзу менен байланышкан жумуштагы адамдар, өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмелери боюнча жүргүзүлөт.
2-тиркеме
Электр (электротехнологиялык) ишкерсандын электр коопсуздугу боюнча топтор жана аларды ыйгаруу шарттары
Электр коопсуздугу боюнча 5 топ бекитилген. Ар бир топко иш тажрыйбасын эске алуу менен квалификациялык (жумушка жарактуулук даражасы боюнча) талаптар коюлат.
I-топ. Электрдик эмес кызматкерлерге тиешелүү. Өндүрүштүк ишкерсанды I- топко кошууну талап кылган кесиптердин, жумуштардын тизмеси мекеменин жетекчиси тарабынан аныкталат. I- топту ыйгаруу насааттама өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт, ал эреже катары, оозеки сурамжылоо түрүндө билимин текшерүү жана (зарыл болгон учурда) коопсуз иштөө ыкмаларын же электр тогуна урунган учурда биринчи жардам көрсөтүү боюнча алган көндүмдөрүн текшерүү менен аякташы керек. Өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу электр коопсуздугунун талаптарын өздөштүргөн ишкерсанга электр коопсуздугу боюнча I- топ ыйгарылып Электрдик эмес ишкерсанга электр коопсуздугу боюнча I – топту ыйгаруу журналында катталат, ага төмөнкүлөр киргизилет: кызматкердин фамилиясы, аты жана атасынын аты; бөлүмдүн аталышы; кызмат орду (кесип); мурунку ыйгаруу убактысы; ыйгаруу убактысы; текшерилген адамдын колу; текшерүүчүнүн колу.I -топту ыйгаруу мекеменин жетекчисинин буйругу менен дайындалган эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын суроо-талаптарын билген IV- дөн жогорку топко ээ болгон административдик-техникалык ишкерсан тарабынан жүргүзүлөт.II-V- топтор электрдик- (электротехнологиялык) ишкерсандарга таркалат. Тиешелүү топтордогу электротехникалык ишкерсандарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
II-топ.
1. Жалпы электрорнотмо жана анын жабдуулары боюнча башталгыч билим.2. Электр агынынын коркунучу, агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоонун коркунучу жөнүндө так түшүнүк.3. Электр орнотмолорунда иштөөдөгү негизги коопсуздук чараларын билүү.4. Жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөр.
III- топ.
1. Жалпы электротехника боюнча башталгыч билимдер.2. Электр орнотмосун жана аны тейлөө тартибин билүү.3. Коопсуздуктун жалпы эрежелерин, анын ичинде ишке киргизүү эрежелерин жана аткарылуучу ишке байланыштуу атайын талаптарды билүү.4. Иштин коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу жана электр орнотмосунда иштегендерге көзөмөл жүргүзүү.5. Жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуунун эрежелерин билүү, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аны иш жүзүндө көрсөтө билүү.6. III- топ кызматкерлерге 18 жашка толгондо гана ыйгарылышы мүмкүн.
IV- топ.
1. Кесиптик-техникалык окуу жайынын деңгээлинде электротехника боюнча билим.2. Электр орнотмолорунда иштөөдөгү коркунучтарды толук түшүнүү.3. Кызматтык насааттамада каралган көлөмдө жумушту коопсуз жүргүзүү эрежелерин, электрорнотмолорунун орнотуу, электр орнотмолорун техникалык иштетип пайдалануу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин билүү.4. Тейлөөчү бөлүмдүн электр орнотмолорунун жана жабдууларынын түзмөктөрүн билүү, иштин коопсуздугун камсыз кылуучу техникалык чараларды билүү.5. Насааттама өткөрүүнү, иштин коопсуз аткарылуусун уюштурууну, ишкертоптун мүчөлөрүнө көзөмөл жүргүзүүнү билүү.6. Жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу эрежелерин билүү, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аны иш жүзүндө көрсөтө билүү.7. Кызматкерлерди коопсуздук эрежелерине, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларына үйрөтө билүү.
V - топ.
1. Электр орнотмосунун түзмөктөрүн, өндүрүштөгү технологиялык иш жүрүштүн жабдууларынын түзүлүштөрүн билүү.2. Коопсуздук техникасынын, коргоо каражаттарын колдонуу жана сыноо эрежелерин билүү, тигил же бул талапты коюуга эмне себеп болгонун так түшүнүү.3. Иштеп жаткан кызматтын талаптарынын чегинде, иштетип пайдалануунун ыкмаларын, электр орнотмолорун орно туу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин билүү (кызматтык насааттаманын талаптарына ылайык).4. Кандай гана чыңалуудагы электр орнотмолорунда болбосун иштин коопсуз аткарылышын уюштуруу жана ишке тикеден-тик жетекчилик кылуу.5. Жумушчуларга насааттама берүүдө коопсуздук чараларына талаптарды так аныктоо жана айта билүү.6. Ишкерсанды коопсуздук эрежелерине, биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмаларына иш жүзүндө үйрөтө билүү.
Топту ыйгаруу боюнча ишкерсандын даражасы
| Тармактык таандуулугуна карабастан тейлөөчү же ушул сыяктуу электр орнотмолорундагы эң аз иштеген эмгектик мөөнөтү | ||||||
I | II | III | IV | V | |||
1. Электр орнотмолорунда ишке тартылган электротехникалык эмес ишкерсан (курулуш жумушчулары, тазалоочулар, автомобиль айдоочулар, жүк көтөрүүчү машиналар менен механизмдердин айдоочулары жана башкалар). | Чектелбейт | 2 ай. | 12 ай. | -- | -- | ||
2.Административдик-техникалык, кезметчи, иштетип пайдалануучу, тейлөөчү жана оңдоочу ишкерсан: |
|
|
|
|
| ||
орто билими жок | Ошондой эле | 1 ай | 2 ай мурунку топто | 6 ай мурунку топто | 24 ай мурунку топто | ||
орто билими бар | Ошондой эле | 1 ай | Ошондой эле | 3 ай мурунку топто | 12 ай мурунку топто | ||
Кесиптик-техникалык окуу жайларын бүтүргөн, атайын орто жана жогорку билимдүү | Ошондой эле | Чектелбейт | Ошондой эле | Ошондой эле | 6 ай мурунку топто | ||
3. практиканттар: |
|
|
|
|
| ||
кесиптик-техникалык окуу жайлары | Чектелбейт | 1 ай. | 6 ай мурунку топто | -- | -- | ||
институттар жана техникумдар | Ошондой эле | 1 ай. | 3 ай мурунку топто | -- | -- | ||
3-тиркеме
18 жаштан төмөн курактагы адамдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынган, эмгек шарттары оор жана зыяндуу иштердин жана кесиптердин тизмеси*
18 жашка чыга элек адамдарга эмгек шарты оор жана зыяндуу төмөнкү жумуштарга тартылууга тыюу салынат:
- электр жабдууларын, ошондой эле ЖЭСтердин казан-турбиналык, чаң даярдоо иш бөлмөлөрүн жана отун менен камсыздоочу жана ЖАӨ түзүлүштөрүн, ошондой эле СЭСтердин машиналык иш бөлмөлөрүн оңдоого;
- кезметчи катары электрэпкер жана электрустаздар, релелик кызматынын электрэпкери, тийиндилик тармагынын электрэпкери, чубалгылык курулмалардын электрэпкери, чордондук радиоаппаратуралардын электрэпкери жана радиооператор;
- чыңалуу астындагы агын өткөрүүчү бөлүктөрдө;
- каптамазымдык иштерге (коргошундан кошмокаптарды жана буюмдарды даярдоо, каптамазымдан коргошун кабын алуу, коргошун кабы бар каптамазымдарды төшөө, тартуу жана кайра ороо, ысык кошулмалар менен иштөө, полиэтилен жана ПХВ каптуу каптамазымдарды оңдоо жана ширетүү);
- коргошун жана коргошун камтыган эритмелерди колдонуу менен ширетүү;
- коргошун батареяларын дүрмөттөө жана оңдоо; жогорулатылган чыңалуу менен электр жабдууларын сыноо;
- чыңалуусу 1000 В жогору болгон электр кыймылдаткычтарын жана аба кыскыч түзүлүштөрдү тейлөө; колдонулган майларды тазалап калыбына келтирүү;
- түркүктөрдү орнотуу жана жыгууда, бак дарактарды кыюуда, ошондой эле аба чубалгысынын трассасын тазалоодогу бутактарды кесүүдө;
- жогору чыгуу менен байланышкан иштер;
- транспорт каражаттарын айдоо; жүк көтөрүүчү машина жана механизмдердин тейлөөчүсү катары- айдоочусу, машинисти, трактористи, жук илип, байлап ажыраткычтар;
- газ-электр ширетүү жана жогорку ысыктыкта эритип ширетүүлөр;
-шыкалма аба аспабын жана курулуш-монтаждык тапанчаны колдонуу менен;
- нитро боёкторду, нитро эмальдарды колдонууда аба басымы менен чачып сырдоо, ошондой эле асфальттык лактар менен иштөө;
_________________
* “18 жашка чейинки курактагы адамдарды ишке тартууга тыюу салынган өндүрүштөрдүн, кесиптердин жана эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын тизмесин колдонууга киргизүү жөнүндө" Тизмеси
-жыгачты антисептиктер жана оттон сактагычтар менен сиңирүү үчүн чылоо иштери;
-жер казуу жана жер астындагы курулуштардагы иштер;
- жарылуучу заттарды ташуу, пайдалануу жана сактоо;
- өспүрүмдөр үчүн белгиленген ченемдерден ашыкча салмакты көтөрүү жана колдонуу менен байланышкан;
- тейлөөсүз күчөтүүчү байланыш түйүндөрүндөгү жабдууларды оңдоо жана алдын ала тейлөөлөр боюнча.
Кесиптик-техникалык окуу жайлардын, техникумдардын жана жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку сыныптарынын 18 жашка чейинки окуучуларына өндүрүштүк өндүрүштүк окуудан өтүп жаткан учурда, жогоруда аталган иштерди, күнүнө 4 сааттан ашпаган мөөнөттө, көрсөтүлгөн практикага (өндүрүштүк окууга) жетекчилик кылууга дайындалган өндүрүштүк окуу устаты жана ишканалардын (уюмдардын) кызматкерлеринин көзөмөлүндө аткарууга уруксат берилет.
Орто кесиптик окуу жайларын жана орто атайын окуу жайларын бүтүргөндөр, окуу мөөнөтү 3 жылдан кем эмес жана 18 жашка толбогондор жогоруда көрсөтүлгөн жумуштарга тажрыйбалуу жумушчу-насаатчылардын, жетекчилиги астында, эмгекти коргоо боюнча колдонулуп жаткан эрежелерди жана ченемдерди катуу сактоо шарты менен, алынышы мүмкүн.
4-тиркеме
Иштаккагаздын үлгүсү жана аны толтуруу боюнча көрсөтмө
Иштаккагаздын алдынкы бети
Иштаккагаздын арткы бети
Иштаккагаз толтуруу боюнча көрсөтмө
1. Иштаккагазда жазуулар түшүнүктүү болушу керек. Карандаш менен толтурууга жана мазмунун оңдоого тыюу салынат.
2. Иштаккагаздын катарсандоо түзүмү ишкананын жетекчилиги тарабынан белгиленет.
3. Убакыттарды көрсөтүүдө күн, ай жана жылды көрсөткөн акыркы эки сан жазылат, мисалы: 02.11.22, 24.04.23.
4. Иштаккагазда көрсөтүлгөн адамдардын бүлөөатынан тышкары, алардын инициалдары (адамдын атынын, атасынын атынын биринчи тамгалары) жана электр коопсуздугу боюнча тобу жазылат.
5. Иштаккагазда электр орнотмолордун, туташтыруулардын, жабдуулардын тезгемердик аталыштары (белгилери) көрсөтүлөт.
6. Санирээкилерде же иштаккагаздын жазууларына саптар жетишпеген учурда, жазууларды улантууга иштаккагаз берген адам кол коюп ошол эле катарсан менен ага кошумча иштаккагаздын бланкасын тиркегенге жол берилет. Бул учурда, санирээткилердин акыркы саптарында же негизги бланктын саптарынын аягында “кошумча бланкты кара» деп жазыш керек.
Иштаккагаздын башкы бети
7. "Бөлүм" деген сапта электр орнотмолорунда жумуштар аткарыла турган ишкананын түзүмдүк бөлүмү (иш бөлмө, кызмат, район, бөлүм) көрсөтүлөт.
8. Иш жетектөөчү дайындалбастан иш аткарыла турган учурда "Иш жетектөөчүгө" деген сапта "Дайындалган эмес" деп белгиленет.
9. "Ишке киргизүүчү" сабында ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчүнүн же ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштырган оңдоочу ишкерсандан дайындалган иш жүргүзүүчүнүн фамилиясы көрсөтүлөт.
Ишке киргизүүчү катары кезметчи дайындалган электр орнотмосу үчүн фамилиясын көрсөтпөстөн «кезметчиге» деп сапка жазылат.
10. «Бригаданын мүчөлөрү менен» деген саптарда бригаданын мүчөлөрү көрсөтүлөт.
Автоунааларды , механизмдерди жана өзү жүрүүчү крандарды колдонуу менен жумуштар аткарылган учурда ишкертоптун мүчөлөрүнүн кимиси айдоочу, крандын айдоочусу, жүк илип-ажыраткыч экени, ошондой эле ал иштеген механизмдин же көчмө крандын тиби көрсөтүлөт (мисалы, Бекназаров И.Б., II- топ, ТК-26 телемунарарынын айдоочусу; Капаров Б.Б., II- топ, КС-2561 кранынын айдоочусу; Саидов Н. П., II- топ, жүк илип-ажыраткыч). Фамилиялар атооч жөндөмөсүндө жазылышы мүмкүн.
11. "Тапшырылат" деген саптарда:
- электр чордондорунун, көмөкчордондордун электр орнотмолору жана каптамазымдык чубалгылар үчүн иштеш керек болгон электр орнотмонун жана анын кошулмаларынын аталыштары, иштин мазмуну көрсөтүлөт, мисалы: «Кировка» көмөкчордону, 110 кВ АБТсы, өтмөктуташтыруучу өчүргүч, алгачтарды алмаштыруу. 114-орунбелгиге ылайык аткарылган иштер үчүн электр орнотмонун аталышын жана иштин мазмунун гана көрсөтүүгө жол берилет;
- аба чубалгылары үчүн чубалгынын аталышы жана иш жүргүзүлө турган бөлүктүн чектери көрсөтүлөт (кайсы же кайсынысынын ортосунда иш жүргүзүлө турган түркүктөрдүн катарсаны аларды кошкондо, алардын ичинен айрым аралыктар, мисалы: аяккы түркүк менен АБТнын капкалынын ортосундагы аралык ж.б.), ошондой эле иштин мазмуну, мисалы: 500 кВ Ү ч-Коргон аба чубалгысы, № 120-150 түркүктөрдө, зым тартуу. Көп чынжырлуу аба чубалгысы үчүн чынжырдын аталышы да көрсөтүлөт, ал эми фазалык оңдоо үчүн -фазанын түркүктө жайгашуусу да көрсөтүлөт.
12. «Жумушту баштасын» жана «Жумушту бүтсүн» деген саптарда бул иштаккагаз боюнча иштин башталышынын жана аяктоосунун күнү жана убактысы көрсөтүлөт.
13. Электр чордондордун, көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жана каптамазымдык чубалгыларда иштегенде 1-санирээткиде көрсөтүлүшү керек:
- 1-тиктилкеде – өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар менен иш-аракеттерди жүргүзүү жана жердетме орнотуу зарыл болгон электр түзүлүштөрдүн аталыштары;
- 2-тиктилкеде – иш-аракеттер жүргүзүлчү өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптардын, кошмолордун, жабдуулардын аталыштары (белгилери) жана жердетме орнотулушу керек болгон жерлер.
Экинчилик чынжырларда, релелик коргоо, автоматика, телемеханика, байланыш түзүлүштөрүндөгү иштеши керек болгон өчүрүүлөр 1-санирээткиде көрсөтүү талап кылынбайт.
Бөлүштүрүүчү түзүлүштө бул чубалгыларды тейлебеген ишкерсан тарабынан өчүрүлүүчү жан жердештирилүүчү КЧ жана АЧлар үчүн (мисалы, электр чордондордун жана көмөкчордондордун кезметчи ишкерсаны) 1-санирээтки төмөнкүдөй толтурулат:
- 1-тиктилкеде - чубалгы өчүрүлө турган электр чордондун же көмөкчордондун аталышы көрсөтүлөт;
- 2-тиктилкеде электр чордондун же көмөкчордондун аталышына туура келген сапта чубалгынын аталышы (белгиси) көрсөтүлөт.
14. Аба чубалгыларында иштегенде 1-санирээткиде көрсөтүлөт:
- 1- тиктилкеде - иштаккагаздын "Тапшырылат" сабында жазылган чубалгылардын, чынжырлардын, зымдардын аталыштары, ошондой эле оңдолуп жаткан аба чубалгысындагы же чынжырлардагы (мисалы, оңдолуп жаткан чубалгы менен кесилишкен же жакын өткөн АЧ, көп чынжырлуу АЧ башка чынжырлары ж.у.с.) жумуштарды аткарууга байланыштуу өчүрүлүүчү жана жерге туташуучу башка АЧлардын же чынжырлардын аталыштары жазылат;
- 2- тиктилкеде ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчү тарабынан өчүрүлгөн жана жерге туташтырылган аба чубалгылары үчүн, - бөлүштүрүүчү түзүлүштөгү жана аба чубалгысынын өзүндөгү иш-аракеттер жүргүзүлүүчү өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдүн аталыштары, жана жердетме орнотулуучу түркүктөрдүн катарсандары; ушул эле тиктилкеде иш жүргүзүүчү, Эреженин 194-, 198 - 200 жана 202- орунбелгилерине ылайык зымдарга жана зым аркандарга жердетме орното турган түркүктөрдүн же кермаралардын катарсандары көрсөтүлүүгө тийиш.
Эгерде иштаккагаз берип жатканда жердетме коюучу жерлерди аныктоо мүмкүн болбосо, же иш жердетмелерди которуштуруу менен жүргүзүлө турган болсо, тиктилкеде "Жумуш орундарында жерге туташтырылсын" деп көрсөтүлөт.
2- тиктилкеде, ошондой эле, оңдолуучу чубалгы менен кесилишкен же анын жанынан жакын өтүүчү аба чубалгыларында иш жүргүзүүчү орнотууга тийииш болгон жердетмелердин ордулары көрсөтүлүшү керек. Эгерде бул аба чубалгылары башка ишкана (кызмат) тарабынан иштетилип пайдаланылса, иштаккагаздын "Өзүнчө көрсөтмөлөр" сабында ушул ишкананын (кызматтын) ишкерсандары тарабынан орнотулган жердетмелерди текшерүү зарылчылыгы көрсөтүлүшү керек.
15. 1-санирээткиге түздөн-түз жумуш ордун даярдоо үчүн зарыл болгон өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар менен жасалуучу иш-аракеттер жазылат. Жумуш ордун даярдоо жүрүшүндөгү түзмөктөрдү алмаштыруу менен байланышкан (мисалы, кошмолорду бир өтмөк тутумунан башкага которуу, тармактын бөлүгүнүн азыктандыруусун бир булактан экинчи азыктандыруу булагына которуу ж.б.у.с) өчүрүүлөр санирээткиде жазылбайт.
16. Ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчүгө иштаккагаз берилип жатканда мурдатан даярдалган жумуш ордуларына ишке киргизүү тапшырылган учурларда, 1-санирээткинин 2-тиктилкесинде иштаккагаз берүүчү жумуш орундарын даярдоо үчүн зарыл болгон өчүрүүлөр жана жерге туташтырууларды жазат жана бул иш аракеттердин кайсынысы аткарылганын көрсөтөт.
Жумуш ордун даярдоону талап кылбаган иштер үчүн, 1-таблицанын тиктилкелеринде "Талап кылынбайт" жазуусу киргизилет.
17. «Өзүнчө көрсөтмөлөр» саптарында:
- иштеп жаткандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар (тосмолорду орнотуу, бөлмөдөгү абада суутектин жоктугун текшерүү, өрт коопсуздугунун чаралары, башка инженердик курулмалар менен болгон жакындоолор жана кесилиштердеги коопсуздук чаралары, аланып кетүүлөрдү жокко чыгаруу чаралары ж.б.);
- иш жетектөөчүнүн үзгүлтүксүз көзөмөлү астында жүргүзүлүүгө тийиш болгон иштин жүрүш баскычтары же жеке иш-аракеттер, алар (56-орунбелги);
- иштаккагазда байкоочу дайындалган учурда – ишкертопту жетектеген жооптуу кызматкер (61- орунбелги);
- иш жетектөөчүгө же иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) башка жумуш ордуна которууга жана кайра ишке киргизүүгө уруксат (98, 104-орунбелгилер);
- кезметчинин уруксатысыз же көрсөтмөсү жок электр орнотмосун же анын бир бөлүгүн (өзүнчө өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптарды) күйгүзүүгө уруксат берүү (110-орунбелги);
- жердетмелерди убактылуу алып салууга уруксат (189-орунбелги); өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптарды иштетүү үчүн иш жүргүзүүчүгө уруксат (547-орунбелги);
- жүктөрдү крандар (көтөргүчтөр) менен жылдыруу боюнча иштердин коопсуз аткарылышы үчүн жооптуу адамды дайындоо (580-орунбелги);
- ондолуп жаткан чубалгы башка аба чубалгыларынын илептик чыңалуусу астында турушу боюнча көрсөтмө;
- бул Эрежелердин талаптарынын негизинде электрдик жана магниттик талаалардын таасирлери бар аймактарда иштеген учурларда коопсуздук чараларына коюлган кошумча талаптар;
- чыңалуу астындагы жумуштар жана чыңалууну албай иштеген учурлардагы коопсуздук чараларына коюулуучу талаптар;
- башка мекемелердин АЧыдагы жердетмелерин текшерүү керектиги боюнча көрсөтмөлөр (бул тиркеменин 14- орунбелгиси боюнча);
- орнотуп-даярдоодо жана жөндөөдө өчүрүп-күйгүзүүчү аппараттарды иштетип көрүүлөрдү ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүүчүгө уруксат берүү;
- ишке киргизүүчугө (ишке киргизүүчүнүн милдетин айкалыштыруучу иш жүргүзүүчүгө), жумуш ордун даярдагандан жана насааттама бергенден кийин, жеткиликтүү болбогон жерлерде байланыш жок болгон учурда өз алдынча эле ишке киргизүүнү жүргүзүүгө уруксат берүү, ал эми иш сапар менен иштей турган ишкерсандарды даярдалган жумуш ордуларында- байкоочуга да.
Иштаккагаз берүүчүгө өз коз карашы боюнча бул саптарга аткарылуучу ишке тиешелүү башка жазууларды да киргизүүгө жол берилет.
18. "Иштаккагаз берилди" жана "Иштаккагаз узартылды" деген саптарда иштаккагаз берүүчү ага кол коюлган күнүн жана убактысын көрсөтөт.
Иштаккагаз берген жана узарткан адамдар кол тамгасынан тышкары фамилиясын көрсөтүүгө тийиш.
19. Ишкертопту иштаккагаз менен иштөөгө ишке киргизүүнү тариздөөгө чейин иштаккагаз берүүчү жана ишке киргизүүчү тарабынан максаттуу насааттама жүргүзүлүшү керек, ал эми жумуш башталганга чейин - жооптуу иш жетектөөчү(иш жүргүзүүчү, байкоочу) тарабынан, аларды максатту насааттама жүргүзүү санирээткисинде тариздөө менен. 2- санирээткинин 1- тиктилкесинде иштаккагаз берүүчүнүн иш жетектөөчүгө, иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) өзүнүн кол коюусу менен тастыктап жана өзүнүн бүлөөатын, кызматын жана КТ боюнча тобун жазуу менен. Санирээткинин 2- тиктилкесинде максаттуу насааттаманы иштаккагаз берүүчүдөн алгандыгы жөнүндө өзүнүн колун коюусу менен иш жетектөөчү, иш жүргүзүүчү (байкоочу) тастыкташат, бүлөөатын, кызматын жана КТ боюнча тобун жазуу менен.
2-таблицанын 1- тиктилкесинде иштаккагаз берген кызматкер максаттуу насаат бергенден кийин өзүнүн бүлөатын, кызматын, техникалык коопсуздук тобун жазып кол тамгасын коет. Санирээткинин 2- тиктилкесинде иштаккагаз берүүчүдөн максаттуу насаат алган иш жетектөөчүнүн, иш жүргүзүүчүнүн (байкоочунун) бүлөаттары, кызматтары, техникалык коопсуздук боюнча топтору жазылып кол тамгалары коюлушу керек. Эгерде иштаккагаз берүүчү иш жетектөөчүнүн милдетин айкалыштырып иштесе, анда 2-тиктилкеде иш жүргүзүүчүнүн (байкоочунун) эле кол тамгасы коюлганы жетиштүү. Иштаккагаз берүүчүгө максаттуу насааттаманы телефон аркылуу беришине уруксат берилет, мындайда санирээткинин 1- тиктилкесинде анын бүлөатын, кызматын жазуу менен иш жетектөөчү (иш жүргүзүүчү- иш жетектөөчү дайындалбаган учурда) өзүнүн кол тамгасын коет. Максаттуу насааттама жүргузүү иштаккагаз боюнча жумушка катышуучу баардык жумушчуларды камтышы керек – иштаккагаз бергенден баштап ишкертоптун мүчөлөрүнө чейин.
20. 3- санирээтки жумуш ордун даярдоого жана алгачкы ишке киргизүүгө уруксат алганда толтурулат.
1-тиктилкеде жумуш орундарын даярдаган жана ишке киргизүүчү адамдар жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адамдардын кызматын жана бүлөатын көрсөтүшөт. Уруксатар жекеме-жеке берилгенде 1-тиктилкеге уруксат берүүчү адамдар кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюшу керек. 2-тиктилкеде уруксат берилген күнү жана убактысы көрсөтүлөт. 3-тиктилкеде жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат алган адамдар кол коюшат. Жумуш ордун бир нече адам же ар кандай иш бөлмөлөрдүн кызматкерлери даярдашса 3-тиктилкеде жумуш ордун даярдагандардын бардыгынын колу коюлат.
Эгерде жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө бир эле учурда уруксат суралбаса, анда 3-санирээткиде эки сапты толтуруу керек: бири- жумуш ордун даярдоого уруксат үчүн, экинчиси – ишке киргизүү үчүн уруксат.
Иштаккагаздын арткы бети
21. Электр чордондордун, көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жана каптамазымдык чубалгыларда иштеген учурларда «Жумуш орундары даяр. Чыңалуу астында калды» сабында, ишке киргизүүчү оңдоодон өтүп жаткан жана кошуна кошулмалардын (же кошуна кошулмалардын жабдууларынын) чыңалуу астында калган жумуш ордуна эң жакынкы агын өткөзүүчү бөлүктөрүн көрсөтөт.
Аба чубалгыларында иштеген учурда бул саптарга, “Өзүнчө көрсөтмөлөр” саптарында иштаккагаз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн агын өткөрүүчү бөлүктөр, ал эми зарыл болгон учурда башка да агын өткөрүүчү бөлүктөр да жазылат.
Ишке киргизүүчү жана иш жетектөөчү (иш жүргүзүүчү, эгер иш жетектөөчү дайындалбаса же байкоочу) “Жумуш орундары даяр. Чыналуу алдында калды” саптарында алгачкы уруксат берүүдө гана кол коюшат.
22. 4- санирээткиде ишке киргизүүчүнүн биринчи ишке киргизүүдөгү иш жетектөөчүгө, иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) берген максаттуу насааттары жүргүзүлгөндүгүн тариздөөдө бүлөөаттарын, кызматтарын жана КТ боюнча тобун жазып кол тамгасын коюу менен тастыкташат. Эгерде иш жетектөөчү дайындалбаса насаат иш жүргүзүүчүгө (байкоочуга) эле жүргүзүлөт жана таризделет.
23. 5-санирээткиде жумушка күн сайын ишке киргизүү жана аны бүтүрүү, анын ичинде башка жумуш ордуна которуудагы ишке киргизүү таризделип жазылат.
Эгерде иш жүргүзүүчү ишке киргизүүчүнүн милдеттерин айкалыштырса, ошондой эле эгерде иш жүргүзүүчүгө ишкертопту кайта экинчи жолу ишке киргизүүгө уруксат берилсе, ал ишке киргизип жатканда 3- жана 4-тиктилкелерге кол коет.
Иш жетектөөчүгө ишкертопту кайра ишке киргизүүгө уруксат берилсе, ал 3-тиктилкеге кол коет.
Жумуш күнүнүн бүтүшү менен байланышкан иштердин бүтүшүн иш жүргүзүүчү (байкоочу) 5- жана 6-тиктилкелерде тариздейт.
24. 6- санирээткиде иш жетектөөчүнүн иш жүргүзүүчү менен ишкертоптун мүчөлөрүнө берген жана иш жүргүзүүчүнүн (байкоочунун) ишкертоптун мүчөлөрүнө коопсуздук техникасын, иштин технологиясын сактоо боюнча беришкен максаттуу насааттарын тариздеп бүлөөаттарын, кызматтарын жана КТ боюнча топторун көрсөтүп колтамгалары менен бекитишет. Ишкертоптун курамына жаны ишкертоп мүчөсү киргизилсе, ага максаттуу насааты иш жүргүзүүчү (байкоочу) бериши керек. Насаат албаган адамды ишке киргизүүгө тыюу салынат.
25. 7- “Ишкертоптун курамындагы өзгөртүүлөр” санирээткисинде анын курамына киргизилип жана чыгарылып жаткан ишкертоп мүчөлөрүнүн бүлөөаттары, атынын. Атасынын атынын баш тамгалары, электр коопсуздугу боюнча топторун; кол тамгасы менен бекитилген ишкертоптун курамын өзгөртүүгө уруксат берген кызматкердин бүлөөата, аты, атасынын атынын баш тамгаларын көрсөтүү керек.
7-санирээткиде автомашинанын же механизмдин айдоочусун жана крандын машинистин ишкертоптун курамына киргизүүдө же андан чыгарууда ага бекитилген машинанын, механизмдин же өзүжүрмө крандын түрү да көрсөтүлөт. 4-тиктилкеде ишкертоптун курамын өзгөртүүгө уруксат берген кызматкер кол коет.
Телефон, радио аркылуу уруксат берилгенде, иш жүргүзүүчү 4-тиктилкеде ошол жумушчунун бүлөөатын көрсөтөт.
26. Иш толук аяктагандан кийин иш жүргүзүүчү (байкоочу) жана иш жетектөөчү бул үчүн арналган иштаккагаздын саптарына аткарылган күнүн жана убактысын көрсөтүү менен кол коюшат. Эгерде иш жетектөөчү дайындалбаса, анда "Иш жетектөөчү" деген сапка кол коюлбайт.
Эгерде иштаккагазда жумуштун толук бүтүүсү таризделип жаткан учурда кезметчи же ыкчам-оңдоо ишкерсанынан дайындалган ишке киргизүүчү жок болсо же иш жүргүзүүчү ишке киргизүүчүнүн милдетин айкалыштырган болсо, иш жүргүзүүчү же байкоочу бул тариздөөнү иштаккагаздын өзүндөгү эле нускасында, ал иштин толук аяктагандыгы жөнүндө кабарланган жумушчунун кызматын жана фамилиясын, ошондой эле билдирүүнүн күнүн жана убактысын көрсөтүү менен жүргүзөт .
Эгерде иштаккагазда жумушту толук бүтүргөндүгүн каттаган учурда кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчү бар болсо, иш жүргүзүүчү же байкоочу бул каттоону иштаккагаздын эки нускасында тең жүргүзөт.
Эгерде ишкертоп жердетмелерди орнотпосо, анда билдирүүнүн мазмунунан “ишкертоп тарабынан орнотулган жердетмелер алынып салынды” деген сөздөр өчүрүлөт.
5-тиркеме
Буйрутмалар жана иштаккагаздар боюнча жумуштарды каттоонун тартиби
Жергиликтүү кезметчи ишкерсаны бар электр орнотмолорунда (үйдөн туруп кезмет өтөөдөн тышкары) буйрутма жана иштаккагаздар боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын эсебин жүргүзүүгө арналган төмөндө сунушталган үлгүдөгү буйрутмалар жана иштаккагаздарды каттоо журналына жазылууга тийиш.
Журналдын тиешелүү тиктилкелеринде, иштаккагаз менен иштелчү жумуштарга биринчи жолу ишке киргизүү жана анын толук бүтүшү, буйрутмалар боюнча ишке киргизүү жана анын бүтүшү, ыкчам ишкерсандын өзү тарабынан берилген же анын көзөмөлдөөсү астындагы буйрутма боюнча иштерди кошпогондо, мындайларды каттоо шууту журналында гана жүргүзүлөт. Мындан тышкары, иштаккагаз боюнча иштөөгө биринчи жана күнүмдүк ишке киргизүүлөр шууту журналына жазуу менен таризделет, мында иштаккагаздын катарсаны жана жумуш орду гана көрсөтүлөт.
Иштаккагаздар жана буйрутмалар боюнча жумуштарды каттоо журналын электр чордондордун, электр тармактар ишканаларынын, райондук тармактардын тезгемердик кызматтарынын кезметчи ишкерсандары жүргүзөт. Райондук электр тармактарынын бөлүмдөрүндө, жогорку чыңалуудагы көмокчордондор, АЧлар жана алардын жардамчы кызматтарында журналды ошол бөлүмдүн устаты же башчылары жүргүзүшөт. Журналдын барактарына катарсандар коюлуп, боолонуп байланып жана мөөр басылган болушу керек. Акыркы жазуудан кийин анын сактоо мөөнөтү 6 ай.
Жергиликтүү кезметчиси жок жана үйдөн туруп кезмет өтөгөн электр орнотмолордо иштаккагаз жана буйрутмалар боюнча иштерди каттоо журналы жүргүзүлбөйт, иштаккагаз жана буйрутма боюнча жумуштарга ишке киргизүү шууту журналында каттоого алынууга тийиш.
Иштаккагаз жана буйрутма боюнча иштерди каттоо журналы | Жумуш бүттү (күнү, убактысы) |
|
|
|
|
|
|
| Эскертүүлөр: 1. Буйрутма боюнча жумуштар көп болгондо алардын катарсандарын ай сайын жаңыдан баштоого уруксат берилет. 2. Иштаккагаз менен иштөөдө 2, 3, 7, 8-графалар гана толтурулат. 3. Жергиликтүү шартка жараша журналдын сунушталган үлгүсүн толуктоого же өзгөртүүгө жол берилет.
|
Иш башталды (күнү, убактысы) |
|
|
|
|
|
|
| ||
Буйрутма берген адам (фамилиясы, аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
|
| ||
Буйрутма боюнча иштеген ишкертоптун мүчөлөрү (фамилиясы, аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
|
| ||
Иш жүргүзүүчү, байкочуу (фамилиясы, аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
|
| ||
Коопсуздук чаралары |
|
|
|
|
|
|
| ||
Иштин мазмуну жана орду |
|
|
|
|
|
|
| ||
Буйрутманын катарсаны |
|
|
|
|
|
|
| ||
Иштаккагаздын катарсаны |
|
|
|
|
|
|
|
5.1-тиркеме
НАСААТТАМАНЫ КАТТОО ЖУРНАЛЫ
___________________________________________________________ _____________________________________________________________ (түзүмдүк бөлүмдүн, кызматтын аталышы ж.б.)
Башталды «___» __________20 -ж.
Аяктады «___»________20 -ж.
|
Журналдын кийинки баракчаларын толтуруу
Насаат берүү күнү | Насаат алуучунун бүлөөаты, атынын, атасынын атынын баш тамгалары | Насаат алган адамдын кесиби, кызматы
| Насааттаманын түрү (иш ордунда биринчи жолу, учурдагы кайталануучу, кезексиз, максаттуу. ж.б.)
| Насаат жүргүзүүнүн мазмуну | Насаат жүргүзүучүнүн бүлөаты, атынын, атасынын атынын баш тамгалары кызматы | Кол тамгасы | |
Насаат алуучу | Насаат берүүчү | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5.2. тиркеме
МАШЫКТЫРГЫЧТАГЫ ЖАНДАНДЫРУУ АМАЛДАРЫН ҮЙРӨӨТҮҮНҮ КАТТОО ЖУРНАЛЫ
____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ (түзүмдүк бөлүмдүн, кызматтын аталышы ж.б.)
Башталды «___» __________20__-ж. Аяктады «___» ________20_-ж.
|
Эскертүү. Журналдын баракчаларына катарсандары коюлуп, бооланып, мөөр басылып, чыгарып алуулардан жана кошуп тиркелүүлөрдөн корголушу керек.
Кийинки барактар
№ к/с | Бүлөаты, аты атасынын аты, кызматы, бул кызматта иштеген убактысы | Жандандыруу абалдарынын ыкмаларын окутуу боюнча мурунку текшерген күнү | Текшерүү күнү жана себеби | Комиссиянын чечими жана баасы | Текшерилген кишинин колу
| Кийинки текшерүү күнү |
л1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5.3. тиркеме
КОРГОО КАРАЖАТТАРЫНЫН КАТТОО ЖАНА КАРМАП САКТОО ЖУРНАЛЫ
___________________________________________________________ _____________________________________________________________ (түзүмдүк бөлүмдүн, кызматтын аталышы ж.б.)
Башталды «___» __________20__-ж. Аяктады «___» ________20__ -ж.
|
Кийинки барактар
Мүлктүк (буюмдук) катарсан | Сыноо күнү | Кийинки сыноо күнү | Мезгилдүү текшерүү күнү жана натыйжасы
| Кийинки текшерүү күнү
| Сакталуучу (кармап туруучу) орду
| Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5.4. тиркеме
ӨНДҮРҮШТӨ БОЛГОН КЫРСЫКТЫ КАТТОО ЖУРНАЛЫ
___________________________________________________________ _____________________________________________________________ (түзүмдүк бөлүмдүн, кызматтын аталышы ж.б.)
Башталды «___» __________20__-ж. Аяктады «___» ________20__-ж.
|
Кийинки барактар
№ к/к | Кырсык болгон күн
| Кырсыктаган адамдын бүлөаты, аты, атасынын аты, туулган жылы, иштеген убактысы | Кесиби | Кырсык болгон жер | Кырсыкка алып келген окуянын түрү | Кыска жагдайлар жана кырсыктын себептери
| Н-1 үлгүсүндөгү акт түзүлгөн күнү жана катарсаны | Кырсык-тан келип чыккан натыйжа-лар | Көрүлгөн чаралар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6-тиркеме
Электр орнотмосунун түзмөктөрүндө жердетмелерди
орнотуу мисалдары
1-сүрөт. Электр кыймылдаткычында иштөөдөгү жердетмени орнотуунун мисалы
2-сүрөт. Эки оромдуу күчтүк трансформатордо иштөөдөгү жердетмени орнотуунун мисалы
3-сүрөт. Экара реакторунда жана анын өчүргүчүндө иштөөдөгү жердетме орнотуунун мисалы
4-сүрөт. Көпүрө түзмөгүндөгү көмөкчордон. № 2- трансформатордун чубалгылык ажыраткычында жана сагактык өчүргүчтө иштөөдөгү жердетме орнотуунун мисалы
5-сүрөт. Генератор-трансформатор сапсалгысы. Генератордо, сапсалгы-трансформаторунда жана өздүк муктаждыктар трансформаторунда иштегендеге жердетме орнотуунун мисалы
6-сүрөт. Бутактамалары бар 35-110 кВ аба чубалгысынын түзмөгү. 177-орунбелгиге ылайык жердетме орнотуунун мисалы (жумуш ордундагы жердетмелер көрсөтүлгөн эмес):
1 - жумуш орду (жумуш аймагы); 2 – көмөкчордон
7-сүрөт. Бутактамалары бар 10 кВ аба чубалгысынын түзмөгү. 177-орунбелгиге ылайык, көчмө жердетме жерге туташтыруучу түзүлүш менен жабдылган түркүккө орнотулат (жумуш ордундагы жердетме көрсөтүлгөн эмес):
1 – электрэнергиясынын азыктандыруу булагы; 2 — түркүк; 3 — бутактоолор; 4-жумуш орду (жумуш аймагы)
Мазмуну
Шарттуу кыскартуулар жана чечмелөөлөрү 2
Аталыштар жана алардын аныктамалары 4
1-Бөлүм. Жалпы талаптар 18
2-Бөлүм. Ишкерсандарга болгон талаптар 19
3-Бөлүм. Ыкчам тейлөө жана жумуштарды аткаруу 21
§1. Ыкчам тейлөө 21
§ 2. Иштердин аткарылышы 25
4-Бөлүм. Уюштуруу иш-чаралары 29
§3. Жалпы талаптар. Иштин коопсуз аткарылышы үчүн жооптуулар, алардын укуктары жана милдеттери 29
§4. Иштаккагаз же буйрутма берүү 34
§ 5. Кыска мөөнөттүү жана кечиктирилгис жумуштар 36
§ 6. Ишкертоптун курамы 37
§ 7. Жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат
берүү 38
§ 8. Жумуш ордун даярдоо жана ишке киргизүү 38
§ 9. Иш учурундагы көзөмөл 40
§ 10. Башка жумуш ордуна которуу 41
§ 11. Жумуштагы тыныгууларды жана анын аяктоосун каттоо 41
§ 12. Иш толук бүткөндөн кийин электр орнотмосун күйгүзүү 43
5-Бөлүм. Электр чордондордун, көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жана каптамазымдык чубалгыларда жумуштарды аткаруудагы уюштуруу иш-чаралары 44
§ 13. Жумуш жетектөөчүнү дайындоо 44
§ 14. Бир нече жумуш орундарында, кошулмаларда, көмөкчордондордо бир иштаккагаз менен иштөө 44
§ 15. Бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн аба жана каптамазымдык чубалгы бөлүктөрүндөгү иштер 46
§ 16. Буйрутма (тескеме) боюнча иш аткаруу 47
§ 17. Аба чубалгыларында иштөөдөгү уюштуруу иш-чаралары. 50
Иш жетектөөчүнү дайындоо 50
Буйрутма боюнча иш жүргүзүү 50
6-Бөлүм. Көп чынжырлуу аба чубалгыларда, аба чубалгыларынын кесилиштеринде, аба чубалгыларынын ар кандай бөлүктөрундө иштаккагаз боюнча иштөө 51
7-Бөлүм. Техникалык иш-чаралар 52
§ 18. Техникалык иш-чаралар. Өчүрүү 52
§ 19. Коопсуздук плакаттарын илип, жумуш ордун тосмолоо 55
§ 20. Чыңалуу жок экенин текшерүү 57
§ 21. Жерге туташтыруу. Жалпы талаптар 59
§ 22. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунда жердетмелерди орнотуу 60
§ 23. Аба чубалгыларында жердетме орнотуу 61
8-Бөлүм. АБТ жана аба чубалгыларында электр талаасынын таасиринин алдындагы иштер 64
9-Бөлүм. Мамычалык (түркуктүк) трансформатордук көмөкчордондор жана жыйнакталган трансформатордук көмөкчордондор 68
10-Бөлүм. Күчтүк трансформаторлор, май толтурулган бутактаган сагактуу жана жалын өчүрүүчү реакторлор 68
11-Бөлүм. Генераторлор 70
12-Бөлүм. Генераторлордун суутектүү муздатуусунун газмайлуу тутуму, электролиздик орнотмолор 71
13-Бөлүм. Электр кыймылдаткычтары 76
14-Бөлүм. Өчүрүп-күйгүзүүчү аспаптар жана жыйнакталган
бөлүштүрүүчү түзүлүштөр 78
15-Бөлүм. агын трансформаторлору, электроддук казандар, электр
чыпкалар 81
§ 24. Агын трансформаторлору 81
§ 25. Электроддук казандар 82
§ 26. Электр чыпкалары 82
16-Бөлүм. Топтогуч батареялары, туруктуу тыгыздоочтор 83
17-Бөлүм. Каптамазымдык чубалгылар 86
§ 27. Жер жумуштары 86
§ 28. Каптамазымдарды жана кошмокаптарды илүү жана
бекитүү 88
§ 29. Кошмокапты ачуу, каптамазымды кесүү 88
§ 30. Кошмокаптарды толтуруу үчүн курамдар менен иштөө, газ
күймөлөрү 89
§ 31. Каптамазымдарды төшөп жайгаштыруу жана кайра жайгаштыруу, кошмокаптарды которуу 90
§ 32. Жер астындагы курулуштардагы иштер 91
18-Бөлүм. Аба электр чубалгылары 93
§ 33. Түркүктөрдөгү жумуштар 93
§ 34. Чыңалуу астында иштөө 96
§ 35. Иштеп жаткан аба чубалгысы менен кесилишкен аралыктарда, илептип чыңалуу астындагы аба чубалгыларында, көп чынжырлуу аба чубалгысынын өчүрулгөн бир чынжырындагы жумуштар, фазалар боюнча
оңдоолор 100
§ 36. Трассаны бактардан тазалоо 106
§ 37. Кыдыруу жана кароолор 107
§38. Аба чубалгыларынын жолдор менен кесилишкен жана жакындаган жерлериндеги жумуштар 108
§ 39. 1000 Вко чейин жана андан жогорку чыңалуудагы ӨӨККЗ (СИП) зымдары бар аба чубалгыларында иштөө 108
§ 40. ӨӨККЗ менен болгон 0,38 кВ чыңалуусундагы аба
чубалгыларында иштөө 109
§ 41. Көчөлөрдөгү жарыктандыруу тармактарын тейлөө 110
§ 42. Түрдүү жумуштар 111
19-Бөлүм. Сыноо жана өлчөөлөр 111
§ 43.Тышкы булактан жогорулатылган чыңалуу берүү менен
сыноо 111
§ 44. Электр өлчөөчү кычкачтар жана өлчөөчү саптар менен иштөө 115
§ 45. Чубалгылардын импульстук өлчөгүчтөрү менен иштөө 115
§ 46. Мегаомметр жана электр өлчөөчү алеттер менен иштөө 116
20-Бөлүм. Чыналуу астындагы зымчыныларды жууп тазалоо 117
21-Бөлүм. Тезгемердик жана технологиялык башкаруу каражаттары
(ДТБК) 119
§ 47. Жалпы талаптар 119
§ 48. Каптамазымдык байланыш чубалгылары 120
§ 49. Тейлөөсүз күчөтүүчү жайлардын жабдуулары 123
§ 50. Байланыш аба чубалгылары 123
§ 51. Радио жана радиорелелик чубалгылар 124
§ 52. Аба чубалгысы жана чагылгандан коргоочу зымаркандары боюнча жогорку жыштыктагы байланыш 125
§ 53. Ишкертоп менен убактылуу жогорку жыштыктагы байланыш 126
§ 54. ДТБК жабдуулары туруучу жай 127
22-Бөлүм. Жылуулук автоматика, жылуулук техникалык өлчөө жана коргоо түзүлүштөрүнүн электрдик бөлүгү 128
23-Бөлүм. Релелик коргоо жана электр автоматикасынын түзүлүштөрү,
өлчөө каражаттары жана электр эсептегичтери экинчилик түзмөктөр 130
24-Бөлүм. Көчмө электр шаймандары жана чырактар, кол электр машиналары, бөлүүчү трансформаторлор 132
25-Бөлүм. Автомашиналарды, жүк көтөргүч машиналарды, механизмдерди жана тепкичтерди колдонуп иштеген жумуштар 136
26-Бөлүм. Чогулматакталарга, көпүрөтакталарга, түзүлүштөргө жана жабдууларга чыгуу менен байланышкан жумуштар 139
27-Бөлүм. Ишсапардагы ишкерсандардын иштөөлөрү 140
28-Бөлүм. Метрология жана электр энергияны сатуу
кызматтарынын ишкерсандары тарабынан электр эсептегичтер
менен аткарылуучу иштер 142
29-Бөлүм. ККУ ишкерсандарын колдонуудагы электр орнотмолорунда жана электр берүү чубалгыларынын коргоо аймагында ишке
киргизүү 143
§ 55. Жалпы талаптар 143
§ 56. Электр берүү чубалгыларынын коргоо аймагындагы жумуштарга уруксат берүү 145
§ 57. Электр чордондорунун жана көмөкчордондорунун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндөгү жумуштарга ишке киргизүү 147
30- бөлүм. Элегаз жабдууларын иштетип пайдалануудагы коопсуздук техникасы 148
§ 58. Жалпы талаптар 148
§ 59. Элегаз жабдуусун коопсуз иштетип пайдаланууну камсыз кылуу 152
§ 60. Элегаз менен иштөөдөгү коопсуздук техникасы 153
§ 61. Элегаз жана анын бөлүнүүсүнөн чыккан заттар менен булганган бөлмөлөрдө иштөөдөгү коопсуздук чаралары 156
§ 62. Элегаз жабдууларын таштанды катары жок кылуудагы коопсуздук техникасы 159
31- бөлүм. Оптобулалык каптамазымдар менен иштеген учурдагы коопсуздук техникасы 160
§63. Жалпы жоболор 160
1-Тиркеме 163
2-Тиркеме 170
3-Тиркеме 173
4-Тиркеме 175
5-Тиркеме 184
5.1-Тиркеме 186
5.2-Тиркеме 187
5.3-Тиркеме 188
5.4-Тиркеме 189
6- Тиркеме 190