Редакцияот 21.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын X сессиясы

 

2025-жылдын 21-ноябрындагы №55

 

Сары-Сөгөт айылындагы муниципалдык жерден клуб курууга 0,20га жерге макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-34-беренелерин, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48,51,78-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Сары-Сөгөт айылындагы муниципалдык жерден клуб курууга 0,20га жерге макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Сөгөт айылындагы муниципалдык жерден клуб курууга 0,20га жерге макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

 

Төрага

 

                  Ш.Мукушов