Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июлу № 261
Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого
мораторий киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү максатында балык уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга 2026-жылдын 21-июлунан тартып 2029-жылдын 21-июлуна чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:
1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону;
2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдык пландуу иштерди;
3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнү;
4) балыктардын керексиз түрлөрүнөн тазалоо боюнча ар жылдык мелиоративдик иштерди.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кошкондо, ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү иштерди кеңири чагылдырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 21-июлунан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |