Редакцияот 17.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 17-июлундагы № 492

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 7-мартындагы № 98 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу үчүн аткаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жободо:

– 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги менен макулдашуу боюнча ошол ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат. Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана жетекчисинин орун басарлары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин сунушунун негизинде да кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жободо:

– 18-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– Кызматтын борбордук аппаратынын кызматчыларын жана мекемелердин жетекчилерин Кызматтын директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот. Мында Кызматтын райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги менен макулдашуу боюнча Кызматтын директору тарабынан жүзөгө ашырылат;»;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жөнүндө жободо:

– 13-пункттун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй мазмундагы  сүйлөм менен толукталсын: «Мында Кызматтын райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги менен макулдашуу боюнча Кызматтын директору тарабынан жүзөгө ашырылат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды. 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы 

 

 

 

А.А. Касымалиев