Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-июлу № 107
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 1-июлу, № 48) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүүнүн, техникалык тейлөөнүн, оңдоонун, реабилитациялоонун, долбоорлоонун жана куруунун тартибин бекитүү;";
2) 17-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, ондоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |