Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №25
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбаев Аскербек Карыпбековичтин 2024-жылдын 12 (Он эки) айында аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбаев Аскербек Карыпбековичтин 2024-жылдын 12 (Он эки) айында аткарган иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбаев Аскербек Карыпбековичтин 2024-жылдын 12 (Он эки) айында аткарган иштеринин отчету канааттандырылсын.
2. «Атай» муниципалдык ишканасынын 12 (Он эки) айлык маалыматы толук эместиги эске алынсын жана маалыматын толук бербегендиги үчүн “Атай” муниципалдык ишканасынын директору Шабданбеков Мамат Шабданбековичке тартиптик чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбаев Аскербек Карыпбековичке тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|