Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултууну, даярдоону жана көчүрүүнү жөнгө салуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоону жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аларды пайдалануу, акклиматташтыруу, гибриддештирүү, коргоо жана мониторинг жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Бул Эрежелер төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) айыл чарба өсүмдүктөрүнө;
2) короо-жай тилкесинде, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, багбанчылык, дача куруу жана чарбакчылык үчүн тилкелерде өскөн өсүмдүктөргө.
3. Ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
өстүрүү (культивациялоо) – андан ары пайдалануу максатында адам тарабынан аныкталган шарттарда жана кырдаалда өсүмдүк дүйнөсүнүн объекттерин багуу жана көбөйтүү (уруктук же вегетативдик);
долбоордун демилгечиси – өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин көчүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сунуш менен чыккан, анын максаттуу багытын аныктаган жана аны ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген юридикалык же жеке жак;
өсүмдүктөрдүн өсүүчү жери – өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн өсүшү жана өнүгүшү үчүн табигый шарттары бар жер тилкеси же суу объекти;
особь (индивид) – өзүнө таандык түрүнө тиешелүү бардык белгилерге ээ болгон жана бир эле учурда ошол эле түрдөгү башка организмдерден айырмалаган морфологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү бар өзүнчө тирүү организм;
көчүрүү (отургузуу) – өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектин андан ары культивациялоо (өстүрүү) менен же агротехникалык коштоосуз өскөн аймактын чегинде же анын чегинен сырткары которуу;
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу – өсүмдүк ресурстарын пайдалануу боюнча юридикалык жактан регламенттелген иш;
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга укук берилген жеке же юридикалык жак;
популяция – узак убакыт бою өзүнүн ареалынын бир бөлүгүндө жашаган жана ошол эле түрдөгү особдордун башка окшош топторунан обочолонгон бир түрдөгү особдордун жыйындысы;
өзгөчө чектөөсүз – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске албаганда, көлөмү, мөөнөтү, ыкмалары жана пайдалануу аймактары боюнча атайын чектөөлөрдү белгилебестен жапайы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу;
чектөөсүз – жапайы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин атайын сандык, аймактык, мезгилдик же башка кошумча чектөөлөрсүз, чогултуунун белгиленген эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен пайдалануу.
2-глава. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу тартиби
4. Өсүмдүк дүйнөсүнүн объектттерин чогултуу жана даярдоо ушул Эрежелердин ченемдерине, талаптарына жана ыкмаларына ылайык жүргүзүлүшү керек.
5. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу жана даярдоо алардын популяцияларынын жана өсүмдүк жамаатын, ошондой эле алардын өсүүчү жерлеринин сакталышын камсыз кылууну эске алуу менен жүргүзүлөт.
6. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, алардын бөлүктөрүн жана продукцияларын (мөмө-жемиштерди) жаратылыш чөйрөсүнөн (жеке менчикте турган жерлерден тышкары) чарбалык, коммерциялык жана илимий максаттарда алып коюу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
7. Чогултуу өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери жыш өскөн жерлерде жүргүзүлөт.
8. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултууда жана даярдоодо алардын табигый уруктук жана вегетативдик жол менен кайра жаралышы камсыздалат, бул үчүн тилкенин аянты боюнча бирдей бөлүштүрүлгөн, өнүккөн, ылаңдан таза өсүмдүктөрдүн 30 пайыздан кем эмеси тилкеде калтырылат. Жер астындагы бөлүктөрүн (тамырларын, тамыр сабактарын, түймөктөрүн жана пияз тамырларын) даярдоого түр өскөн аянттын 70 пайызынан ашпаган бөлүгүндө жол берилет. Сейрек кездешүүчү, алсыз жана репродуктивдик стадияга жете элек өсүмдүктөрдү алууга жол берилбейт.
9. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жер үстүндөгү бөлүктөрүн чогултууда жана даярдоодо өсүмдүктөрдү тамыры менен жулуп алууга тыюу салынат.
10. Бир эле тилкеде жапайы өсүмдүктөрдү кайрадан чогултууга жана даярдоого алардын популяциясы толугу менен калыбына келгенден кийин гана жол берилет.
11. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жер астындагы бөлүктөрүн (тамырларын, тамыр сабактарын, түймөктөрүн жана пияз тамырларын) тик беттерде (35 градус жана андан жогору) даярдоого тыюу салынат.
12. Курулуш курууга, суу менен толтурууга же транспорттук магистралдарды курууга бөлүнгөн аймактарда өскөн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери курулуш иштери башталганга чейин даярдалууга жана ташып чыгарылууга тийиш.
13. Курулуш курууга, суу менен толтурууга же транспорттук магистралдарды курууга бөлүнгөн аймактарда убактылуу тыюу салынган (мораторий) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик илимий уюмдун корутундусунун жана ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын негизинде мүмкүн болгон эң жогорку көлөмдө жүзөгө ашырылат.
14. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоого жана пайдаланууга мамлекеттик контролду ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
3-глава. Жеке менчикте же ижара укугунда турган жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесине киргизилген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу
15. Жеке же юридикалык жактардын жеке менчигинде же ижара укугунда турган жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесине киргизилген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугу жер тилкелеринин менчик ээлеринин (пайдалануучуларынын) жана көрсөтүлгөн жер тилкелеринде жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алууга талапкер болгон жактардын ортосунда түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде алынат.
16. Жеке же юридикалык жактардын жеке менчигиндеги же ижара укугунда турган жер тилкелеринде жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда белгиленген тарифтер боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы алынбайт.
17. Жеке же юридикалык жактардын жеке менчигиндеги же ижара укугунда турган жер тилкелеринде жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда, чогултуу жана даярдоо фактысын тастыктаган документтер чогултуу жана даярдоо орду боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан маалымкат түрүндө берилет.
18. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана калыбына келтирүү, алардын өсүү чөйрөсүн сактоо, ошондой эле белгиленген эрежелердин, мөөнөттөрдүн, лимиттердин жана ченемдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жер тилкесинин менчик ээсинин же пайдалануучусунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
19. Жеке менчикте же ижара укугунда турган пайдаланылуучу өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана формасы жер тилкесинин менчик ээсинин (пайдалануучусунун) жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучунун ортосундагы жарандык-укуктук келишим менен аныкталат.
Эгерде өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу мамлекеттик илимий уюм тарабынан илимий максаттарда жүзөгө ашырылса, анда төлөм алынбайт.
4-глава. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин көчүрүү эрежелери
20. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери, ошондой эле корголуучу, жоголуп бара жаткан, эндемикалык жана чарбалык баалуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү, анын ичинде Жаратылышты коргоо эл аралык бирлигинин Кызыл тизмесине жана Жок болуу коркунучу алдында турган жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрү боюнча эл аралык соода жөнүндө конвенциясынын I жана II тиркемелерине киргизилген түрлөрү курулуш курууга, суу менен толтурууга же транспорттук магистралдарды курууга бөлүнгөн аймактарда өскөн жерлерден көчүрүлүүгө тийиш.
21. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алардын жаңы өсүүчү жерлерине көчүрүү жер пайдалануучу тарабынан илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун, өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусунун жана ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Көчүрүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо долбоордун демилгечисинин эсебинен жүргүзүлөт.
22. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин көчүрүү максатында алууда жыш өскөн, жаш жана жашоого жөндөмдүү түрлөрүнө артыкчылык берилет. Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген особдор, анын ичинде өтө чоңдору, эскилери же жашоого жөндөмсүз өсүмдүктөр көчүрүлбөйт.
23. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин акклиматташтыруу, гибриддештирүү жана мониторинг жүргүзүү эрежелери жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өсүмдүктөрдүн тиешелүү түрлөрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, аймактын табигый-климаттык шарттарын жана тиешелүү иштерди жүргүзүүнүн максаттарын эске алуу менен иштелип чыгат.