Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №26
“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо,Тогуз-Торо районунун аймактык территориядагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Шаар куруу жана Архитектура департаментинин Тогуз-Торо райондук Шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 11-мартындагы №18/03-22-1 сандуу чыгыш катынын негизинде Атай айылдык кеңешинин “Архитектура, курулуш, жол жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясынын чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Тогуз-Торо районунун аймактык территориядагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптары жөнүндө” Жобо бекитилсин
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жобонун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Архитектура , курулуш жана жол боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Эрмек уулу Абайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|