Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтому менен бекитилген |
Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмеси
№ | Өсүмдүктөрдүн аталышы | Даярдалуучу бөлүгү | Чогултуу убактысы | Чогултуунун (даярдоонун) жол берилген ченемдери | Чогултуу (даярдоо) эрежеси | ||
Орусча | Латынча | Кыргызча | |||||
1 | Ясенец узколистный | Dictamnus angustifolius G.Don ex Sweet | Ичке жалбырактуу диктамнус | Тамыры | Июль – октябрь, гүлдөгөндөн кийин, уруктар пайда болгондо | Күчтүү тамыр системасы бар өсүмдүктөрдү казып алуу керек. Чогултуудан кийин участокту 3–4 жылдан кем эмес эс алдыруу | Колдо болгон каражат менен казылат. Уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат |
2 | Аконит белоустый | Aconitum leucostomum Worosch. | Агала уу коргошун | Чөбү | Июнь – июлдун ортосу | 1 кв. метрге 1–2 өркүн калтыруу керек. Эс алдыруу – 2 жыл | Жер үстүндөгү бөлүгү 20 см бийиктикте орок же секатор менен кесилет |
Тамыры | Июль – сентябрь, гүлдөгөндөн кийин, уруктары пайда болгондо | Кеминде 4 өркүнү бар өсүмдүктөрдү казып алуу. Эс алдыруу – 3–4 жыл | Күрөк же чукулдук менен казылат. Өркүндөрдүн уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат | ||||
3 | Аконит джунгарский | Aconitum soongaricum Stapf | Жунгар уу коргошуну | Тамыры | Июль ‒ сентябрь | Өскөн жеринен 2/3 бөлүгү казылат (70 %). Эс алдыруу – 3–4 жыл | Күрөк же чукулдук менен казылат. Өркүндөрдүн уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат |
4 | Аконит каракольский | Aconitum karakolicum Rapaics | Каракол уу коргошуну | Тамыры | Июль ‒ сентябрь | Өскөн жеринен 2/3 бөлүгү казылат (70 %). Эс алдыруу – 3–4 жыл | Күрөк же чукулдук менен казылат. Өркүндөрдүн уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат |
5
| Аконит таласский | Aconitum talassicum M. Pop. | Талас уу коргошуну | Тамыры | Июль ‒ сентябрь | Өскөн жеринен 2/3 бөлүгү казылат (70 %). Эс алдыруу – 3–4 жыл | Күрөк же чукулдук менен казылат. Өркүндөрдүн уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат |
6 | Алтей лекарственный | Althaea officinalis L. | Дарылык гүлкайыры | Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | 10 кв. метрге 4–5 өсүмдүк калтырылат | Сабактары кургагандан кийин күрөк менен казылат |
7 | Аронник Королькова | Arum korolkowii Regel
| Күчала | Тамыры | Июль ‒ октябрь | 10 кв. метрге 4–5 өсүмдүк калтырылат | Мөмө бергенден кийин колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
8 | Барбарис продолговатый | Berberis oblonga (Regel) Schneid | Созуңку бөрү карагат | Мөмөсү | Август ‒ февраль | Бадалда түшүмдүн 1/3төн кем эмес бөлүгүн (30 %) калтыруу керек | Кол менен терилет |
Жалбырагы | Май | Жыл сайын терүүгө болот. Бадалда 2/3төн кем эмес бөлүгүн (70 %) калтыруу керек | Кол менен терилет | ||||
Тамыры | Март же сентябрь ‒ октябрь | Бадалдын тамыр системасынын 1/3төн ашык эмес бөлүгүн (30 %) казуу керек. Эс алдыруу – 5–10 жыл | Күрөк менен казылат | ||||
9 | Барбарис круглоплодный | Berberis sphaerocarpa Kar.et Kir. | Тоголок мөмөлүү бөрү карагат | Мөмөсү | Август ‒ февраль | Бадалда түшүмдүн 1/3төн кем эмес бөлүгүн (30 %) калтыруу керек | Кол менен терилет |
Жалбырагы | Май | Жыл сайын терүүгө болот. Бадалчада 2/3төн кем эмес бөлүгүн (70 %) калтыруу керек | Кол менен терилет | ||||
Тамыры | Март же сентябрь ‒ октябрь | Бадалдын тамыр системасынын 1/3төн ашык эмес бөлүгүн (30 %) казуу керек. Эс алдыруу – 5–10 жыл | Күрөк менен казылат | ||||
10 | Барбарис цельнокрайний | Berberis integerrima Bunge | Тегиз жээктүү бөрү карагат | Мөмөсү | Август ‒ февраль | Бадалда түшүмдүн 1/3төн кем эмес бөлүгүн (30 %) калтыруу керек | Кол менен терилет |
Жалбырагы | Май | Жыл сайын терүүгө болот. Бадалчада 2/3төн кем эмес бөлүгүн (70 %) калтыруу керек | Кол менен терилет | ||||
Тамыры | Март же сентябрь ‒ октябрь | Бадалдын тамыр системасынын 1/3төн ашык эмес бөлүгүн (30 %) казуу керек. Эс алдыруу – 5–10 жыл | Күрөк менен казылат | ||||
11 | Белена черная | Hyoscyamus niger L. | Кара мендубана | Чөбү | Июнь ‒ июль | Чектөөлөрсүз | Жер үстүндөгү бөлүгү кесип алынат |
12 | Береза тяньшанская | Betula tianschanica Rupr. | Тянь-Шань кайыңы | Бүчүрлөрү | Февраль | Токой кыюу учурунда гана даярдоо керек. Өсүп турган бактардан бүчүрлөрүн үзүүгө болбойт | Кол менен терилет |
Жалбырагы | Май | Бир бактан жалбырактын 1/3төн ашык эмес бөлүгү терилет | Жаш чайырлуу жалбырактар кол менен терилет. Бутактарды кесүүгө болбойт | ||||
Ширеси | Апрель | Бир бактан 1,0 литрден ашык шире алынбайт | Дарактын сөңгөгүнө Т-түрүндөгү тилмени мүмкүн болушунча кичине өлчөмдө жасап, ага ширени чогултуу үчүн идиш илинет | ||||
13 | Бессмертник самаркандский | Helichrysum maracandicum Popov ex Kirp. | Самарканд өчпөс гүлү | Топ гүлдөрү | Июнь | Ар бир 10 кв. метрге 5–6 гүлдөгөн өсүмдүктү калтыруу керек. Уруктун жаңыланышын камсыздоо үчүн топ гүлдөрдү жыйноону 2 жылдан кийин жүргүзүү керек | Даярдоо гүлдөй баштаганда каптал себетчелери ачылганга чейин жүргүзүлөт. Топ гүлдөрү гүл сабагы менен бирге 1 см узундукта кайчы менен кесилет. Өсүмдүктү кол менен үзүүгө, бычак менен кесүүгө жана тамыры менен жулууга болбойт |
14 | Болиголов пятнистый | Conium maculatum L. | Темгилдүү сасык балтыркан | Чөбү | Июнь ‒ июль | Чектөөлөрсүз | Жалбырактары жана сабактары гүлдөө мезгилинде чогултулат, жетиле элек уруктары чатырчалары менен кошо жулуп алынат |
15 | Боярышник джунгарский
| Crataegus songarica C. Koch | Жунгар долоносу | Гүлдөрү | Апрель ‒ май | Бадалдан гүлдөрдүн 2/3төн ашык эмес бөлүгү (70 %) терилет | Кол менен терилет |
Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Бадалдан мөмөлөрдүн 2/3төн ашык эмес бөлүгү (70 %) терилет | Кол менен терилет | ||||
16 | Боярышник Королькова | Crataegus korolkowii L. Henry | Корольков долоносу | Гүлдөрү | Апрель ‒ май | Бадалдан гүлдөрдүн 2/3төн ашык эмес бөлүгү (70 %) терилет | Кол менен терилет |
Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Бадалдан мөмөлөрдүн 2/3төн ашык эмес бөлүгү (70 %) терилет | Кол менен терилет | ||||
17 | Боярышник туркестанский | Crataegus turkestanica Pojark. | Түркстан долоносу, кызыл долоно | Гүлдөрү | Апрель ‒ май | Бадалдан гүлдөрдүн 2/3төн ашык эмес бөлүгү (70 %) терилет | Кол менен терилет |
Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Бадалдан мөмөлөрдүн 2/3төн ашык эмес бөлүгү (70 %) терилет | Кол менен терилет | ||||
18 | Валериана туркестанская | Valeriana turkestanica Sumn. | Түркстан мышык тамыры | Тамыры менен тамыр сабактары | Сентябрь | Уругун жаңылоо үчүн 1 кв. метрге 2–3 өсүмдүктү калтыруу керек. Кезектеги даярдоо эки жылдык эс алдыруудан кийин жүргүзүлөт | Күрөк же айры менен казылат. Казылып алынган өсүмдүктөрдүн уруктарын ошол чуңкурга күбүү керек |
19 | Василек синий | Centaurea cyanus L. | Көк козу уйгак | Топ гүлдөрү | Май ‒ июль | Уругун жаңылоо үчүн 1 кв. метрге 1 өсүмдүктү калтыруу керек | Гүл сабактары менен топ гүлдөрү 1 см чейин кайчы менен кесилет |
20 | Василистник малый | Thalictrum minus L. | Жапыз тармал чөп | Чөбү | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге 3төн кем эмес гүлдөгөн өсүмдүктү калтыруу керек. Эс алдыруу – 1 жыл | Өсүмдүктүн учун 20 см чейинки узундукта бычак, орок же секатор менен кесүү керек |
21 | Василистник вонючий | Thalictrum foetidum L. | Сасык тармал чөп | Чөбү | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге 3төн кем эмес гүлдөгөн өсүмдүктү калтыруу керек. Эс алдыруу – 1 жыл | Өсүмдүктүн узундугу 20 см чейинки учтары бычак, орок же секатор менен кесүү керек |
22 | Верблюжья колючка ложная | Alhagi pseudalhagi (Bieb.) Fisch. | Жалган жантак | Чөбү | Июнь ‒ сентябрь | 10 кв. метрге 3төн кем эмес гүлдөгөн өсүмдүктү калтыруу керек. Эс алдыруу – 1 жыл | Өсүмдүктүн узундугу 20 см чейинки учтары бычак, орок же секатор менен кесүү керек |
23 | Гармала обыкновенная | Peganum harmala L. | Кадимки адырашман | Чөбү | Июнь ‒ сентябрь | 10 кв. метрге 3төн кем эмес гүлдөгөн өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 1 жыл | Өсүмдүктүн узундугу 20 см чейинки учтары бычак, орок же секатор менен кесип алынат |
Уругу | Август – октябрь | 10 кв. метрге 3төн кем эмес мөмө байлаган өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 1жыл | Кутучалар кесилет жана уруктар алынат | ||||
24 | Горец джунгарский | Polygonum songaricum Schrenk | Жуңгар кымыздыгы | Чөбү | Июнь ‒ август | 1 кв. метрге 1–2 өсүмдүк калтыруу керек | Өсүмдүктүн кыртыштан 4–5 см бийиктиктеги жалбырактуу гүлдөгөн бөлүгү кесип алынат |
25 | Горец перечный | Polygonum hydropiper L. | Суу кымыздыгы | Чөбү | Июнь ‒ август | 1 кв. метрге 1–2 өсүмдүк калтыруу керек | Өсүмдүктүн кыртыштан 4–5 см бийиктиктеги жалбырактуу, гүлдөгөн бөлүгү кесип алынат |
26 | Горец птичий | Polygonum aviculare L. | Төшөлмө кымыздык | Чөбү | Июнь ‒ август | 10 кв. метрге 3төн кем эмес мөмө байлаган өсүмдүк калтыруу керек | Өсүмдүктүн жалбырактуу гүлдөгөн бөлүктөрү кесип алынат |
27 | Горицвет тяньшанский | Adonis tianschanicа (Adolf) Lipsch. | Тянь-Шань адониси | Чөбү | Июнь ‒ август | Өскөн жерине 1–3 өркүн калтыруу керек | Өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүктөрү секатор менен кесип алынат |
28 | Горечавка Оливье | Gentiana olivieri Griseb. | Оливье көк базини | Тамыры жана тамыр сабактары | Август ‒ октябрь | 10 кв. метрге 3төн кем эмес мөмө байлаган өсүмдүк калтыруу керек | Тамырлары колдо болгон каражаттар менен казып алынат, пайда болгон чуңкурлар көмүлөт |
29 | Гравилат городской | Geum urbanum L. | Шаардык геум | Тамыры | Март, июнь ‒ сентябрь | 10 кв. метрге 3төн кем эмес өсүмдүк калтыруу керек | Тамырлары колдо болгон каражаттар менен казып алынат, пайда болгон чуңкурлар көмүлөт |
Чөбү | Май ‒ июнь | Гүлдөгөн убакта даярдоо керек. Көчөттө 1–2 өркүн калтыруу керек | Кайчы менен кесилет | ||||
30 | Девясил высокий | Inula helenium L. | Бийик карындыз
| Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | 10 кв. метрге 1–2 жакшы өрчүгөн өсүмдүк калтыруу керек. Даярдоону бир эле участокто 3–4 жылдан кийин жүргүзүү керек | Тамыры колдо болгон каражаттар менен казып алынат. Уруктарын пайда болгон чуңкурга күбүү сунушталат |
31 | Девясил крупнолистный | Inula macrophylla Kar.et Kir. | Ири жалбырактуу карындыз | Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | 10 кв. метрге 1–2 жакшы өрчүгөн өсүмдүк калтыруу керек. Даярдоону бир эле участокто 3–4 жылдан кийин жүргүзүү керек | Тамыры колдо болгон каражаттар менен казып алынат. Уруктардын пайда болгон чуңкурга күбүү сунушталат |
32 | Донник лекарственный | Melilotus officinalis (L.) Pall. | Дарылык кашка беде | Чөбү | Май ‒ сентябрь | Гүлдөгөн убакта даярдоо керек. 10 кв. метрге 3–4 жакшы өрчүгөн өсүмдүк калтыруу керек | Чөп колдо болгон каражаттар менен кесилет |
33 | Дурман обыкновенный | Datura stramonium L. | Кадимки миң дубана | Жалбырагы | Май ‒ сентябрь | Гүлдөп жаткан убакта даярдоо керек. 10 кв. метрге 1–2 жакшы өрчүгөн өсүмдүк калтыруу керек | Жалбырактары кол кап жана бет кап кийип кол менен чогултулат |
34 | Душица мелкоцветковая | Origanum tyttanthum Gontsch | Майда гүлдүү көк чай чөп | Топ гүлдөр | Май ‒ июль | Гүлдөгөн убакта даярдоо керек. Өскөн жерине 1–2 өркүн калтыруу керек | Өсүмдүктүн үстүнкү бөлүгү 20 см чейин секатор же кайчы менен кесилет |
35 | Душица обыкновенная | Origanum vulgare L. | Кадимки көк чай чөп | Чөбү | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге 1–2 өсүмдүк калтыруу керек. 2–3 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу 1–2 жыл | Гүлдөгөн мезгилде жалбырактуу гүлдөгөн учун 20 см чейинки узундукта бычак, орок же секатор менен кесип даярдалат |
36 | Жостер слабительный (крушина слабительная, жостер) | Rhamnus cathartica L. | Ич алдырма кара моюл (ич алдырма крушина, кара моюл) | Мөмөсү | Август ‒ сентябрь | Бадалда уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн мөмөлөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Кол менен терилет. Терүүдө бутактарын кесүүгө жана сындырууга болбойт |
37 | Живокость спутанная | Delphinium confusum Popov | Аралаш бүтөө | Чөбү | Июнь ‒ август | 10 кв. метрге уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 1–2 өсүмдүк калтыруу керек | Гүлдөгөн убакта сабагынын жалбырактуу учун 25–30 см узундукта орок же секатор менен кесип даярдалат |
38 | Ежевика сизая | Rubus caesius L. | Көгүлтүр кара бүлдүркөн | Мөмөсү | Август ‒ сентябрь | Бадалда уруктук калыбына келүүсү үчүн мөмөлөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Бышкан мөмөлөрү кол менен терилет |
39 | Зверобой продырявлен-ный | Hypericum perforatum L. | Тешикчелүү сары чай чөп | Чөбү | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 1–2 өсүмдүк калтыруу керек. Бир эле участокто 2–3 жыл чогултууга болот, андан кийин эс алдыруу – 1–2 жыл | Гүлдөгөн убакта сабагынын жалбырактуу учун 25–30 см узундукта бычак же орок менен кесип даярдалат. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт, себеби ал өсүмдүктүн жок болуусуна алып келет |
40 | Зизифора пахучковидная | Ziziphora clinopodioides Lam. | Жыттуу көкөмерен | Чөбү | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 1–2 өсүмдүк калтыруу керек. Бир эле участокто 2–3 жыл чогултууга болот, андан кийин эс алдыруу – 1–2 жыл | Гүлдөгөн убакта топ гүлдөрү менен сабагынын жалбырактуу учун 5–10 см узундукта бычак же орок менен кесип даярдалат |
41 | Иван-чай узколистный | Chamaenerion angustifolium (L.) Scop. | Ичке жалбырактуу хамаенерион | Жалбырагы | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 1–2 өсүмдүк калтыруу керек. Бир эле участокто 2–3 жыл чогултууга болот, андан кийин эс алдыруу – 1–2 жыл | Гүлдөгөн убакта кол менен үзүп же кайчы менен кесип даярдалат |
42 | Каперсы травянистые (Каперсы колючие) | Capparis herbacea Wild. (Capparis spinosa L.) | Чөп сымал каперстер (Тикендүү коңуз баш) | Богок | Июнь ‒ сентябрь | Даярдоону жай бою 8–10 күндөн кийин жүргүзүү керек. Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бадалда богоктордун 1/3төн бөлүгүн (30 %) калтыруу керек. Жыл сайын чогултулат | Жай бою пайда болгон богоктор кол менен чогултулат. Диаметри 1 см ашпашы керек |
43 | Кодонопсис ломоносовид-ный | Codonosis clematidea (Schrenk) Clarke | Жебелгедей сасык коңгуроо гүл | Чөбү | Июнь ‒ август | Ар бир 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Гүлдөгөн мезгилде жер үстүндөгү бөлүгү кесип алынат |
44 | Коровяк обыкновенный | Verbascum thapsus L. | Кадимки аюу кулак | Чөбү | Июнь ‒ июль | Ар бир 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Гүлдөгөн мезгилинде топ гүлдөрү менен өркүндөрүнүн үстүнкү бөлүгүн 20 см узундукта кесип даярдалат |
45 | Котовник венгерский | Nepeta pannonica L. | Венгер непетасы | Чөбү | Июнь ‒ август | Ар бир чымда 1‒2 өркүн калтыруу керек | Гүлдөгөн мезгилинде топ гүлдөрү менен өркүндөрүнүн үстүнкү бөлүгүн 20 см узундукта кесип даярдалат |
46 | Колючелистник метельчатый | Acanthophyllum paniculatum Regel & Herder | Шыпыргыдай кой тикен | Тамыры | Марттын аягы ‒ апрель, август ‒ сентябрь | Ар бир 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 6–8 жыл | Тамырлары күрөк же кирки менен казып алынат. Жаш өсүмдүктөрдү даярдоого болбойт. Тамырлары топурактан тазаланат, агын сууга жуулат жана жаңы же кургатылган түрдө колдонулат |
47 | Корольковия Северцова | Korolkowia sewerzowii Regel | Северцов алгасы | Тамыры | Июнь ‒ сентябрь | Ар бир 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 5–7 жыл | Тамырлары колдо болгон каражаттар менен казып алынат, чуңкурлар көмүлөт |
48 | Крапива двудомная | Urtica dioica L. | Эки үйлүү чалкан | Жалбырагы | Май ‒ июль | Кайра өсүп чыгуусу үчүн популяциянын 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек. Жыл сайын даярдоого болот | Гүлдөгөн мезгилде даярдалат. Ылдыйкы жана ортонку жалбырактары кол менен үзүлөт. Ири жыш өскөн өсүмдүктөрдө жер үстүндөгү бүткүл массасы орок же чалгы менен кесип алынат, коңур кургатылат жана андан кийин жалбырактары алынат |
49 | Кровохлебка аптечная | Sanguisorba officinalis L. | Дарылык сангуисорба | Тамыры жана тамыр сабактары | Сентябрь ‒ октябрь | Кайра өсүп чыгуусу үчүн популяциянын 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
50 | Линделофия длинностолби-ковая | LindeIofia mасrostyla | Узун мамычалуу жөө желим | Чөбү | Июнь –сентябрь | 10 кв. метрге 3–4 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек. 1–2 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу ‒ 3–4 жыл | Төмөнкү сөңгөк бөлүктөрү жок өркүндөрү бычак, секатор же орок менен кесип алынат. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт |
Тамыры | Сентябрь – октябрь | 10 кв. метрге 3–4 кем эмес өсүмдүк калтыруу керек | Колдо болгон каражаттар менен казып алынат, пайда болгон чуңкурлар көмүлөт | ||||
51 | Лопух войлочный | Arctium tomentosum Mill. | Тытыш түктүү уйгак | Чөбү | Июнь ‒ август | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Гүлдөгөн убакта сөңгөк сабактарына тийбестен жалбырактары бар жогорку бутактары даярдалат |
Тамыры | Август ‒ октябрь | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Тамырлары колдо болгон каражаттар менен казып алынат | ||||
52 | Лопух гладкосемянный | Arctium leiospermum Juz.et C.Serg. | Жылмакай уруктуу уйгак | Чөбү | Июнь ‒ август | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Гүлдөгөн убакта сөңгөк сабактарына тийбестен жалбырактары бар жогорку бутактары даярдалат |
Тамыры | Август ‒ октябрь | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Тамырлары колдо болгон каражаттар менен казып алынат | ||||
53 | Лук афлатунский | Allium aflatunense B.Fedtsch. | Афлатун пиязы | Пияз түбү | Июль ‒ сентябрь | 1 кв. метрге андан ары калыбына келүүсү үчүн 2‒3 гүлдөгөн өсүмдүктү калтыруу керек. Бир эле участокто 5‒8 жылдан кийин даярдоого болот | Пияз түптөрү күрөк же кирки менен казып алынат. Жаш, кондицияга жете элек пияз түптөрүн казып алууга болбойт. Уруктары пайда болгон чуңкурга күбүлөт жана чуңкур тыгыздалат |
54 | Макротомия красящая (арнебия красящая) | Macrotomia euchroma (Royle) Paulsen (Arnebia euchroma (Royle ex Benth.) I.M. Johnst. | Боёочу эндик | Тамыры | Гүлдөгөндөн кийин июль –октябрь, урук пайда болгондо | Күчтүү тамыр системасы бар экземплярларды казып алуу керек. Эс алдыруу – 3–4 жылдан кем эмес | Күрөк же кирки менен казып алынат. Өркүндөрдүн уруктары казып алынган жерге күбүлөт жана андан кийин кыртыш тыгыздалат |
55 | Малина обыкновенная | Rubus idaeus L. | Кадимки дан куурай | Мөмөсү | Июль ‒ август | Уруктук калыбына келүүсү үчүн бадалда мөмөлөрүнүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Бышкан мөмөлөрү кол менен терилет |
56 | Марена красильная | Rubia tinctorum L. | Боёочу марена | Тамыры | Июль ‒ сентябрь | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
57 | Мать-и-мачеха обыкновенная | Tussilago farfara L. | Кадимки өгөй эне | Гүлдөрү | Апрель | 1 кв. метрге уруктук калыбына келүүсү үчүн 5–6 гүлдөгөн өркүндү калтыруу керек | 2 см узун эмес гүл сабагы кол менен чогултулат |
Жалбырагы | Май ‒ июль | Чогултуу аянтында жалбырак-тарынын 1/5тен кем эмес бөлүгүн калтыруу керек. Жыл сайын даярдоого болот | Жаш чоң жалбырактары гүлдөгөндөн кийин даярдалат. Жалбырактары кол менен үзүлөт же калемчесин калтыруу менен 5 см чейинки узундукта бычак менен кесип алынат. Эки жагынан ачылган жаш жалбырактарын, ошондой эле чириген же саргайып баштаган жалбырактарын чогултууга болбойт | ||||
58 | Мелисса лекарственная | Melissa officinalis L. | Дарылык мелисса | Чөбү | Июнь ‒ август | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. Жыл сайын даярдоого болот | Гүлдөгөн мезгилде жер үстүндөгү бөлүгү сөңгөк бөлүктөрү жок өркүндөрүн бычак же орок менен кесип даярдалат |
59 | Можжевельник казацкий | Juniperus sabina L. | Бүкүр арча | Мөмөсү | Август ‒ октябрь | Бакта мөмөлөрүнүн 1/3төн (30 %) бөлүгүн калтыруу керек | Мөмөлөрү кол менен кол кап кийип бадалдардын астына алдын ала жайылган кездемелерге күбүлөт. Даярдоодо дарактарды кыюуга жана бутактарды сындырууга катуу тыюу салынат |
60 | Можжевельник ложноказацкий | Juniperus pseudosabina Fisch. & C.A. Mey. | Бийик арча | Мөмөсү | Август ‒ октябрь | Бакта мөмөлөрүнүн 1/3төн (30 %) бөлүгүн калтыруу керек | Мөмөлөрү кол менен кол кап кийип бадалдардын астына алдын ала жайылган кездемелерге күбүлөт. Даярдоодо дарактарды кыюуга жана бутактарды сындырууга катуу тыюу салынат |
61 | Можжевельник полушаровид-ный | Juniperus semiglobosa Regel | Карагай арча | Мөмөсү | Август ‒ октябрь | Бакта мөмөлөрүнүн 1/3төн (30 %) бөлүгүн калтыруу керек | Мөмөлөрү кол менен кол кап кийип бадалдардын астына алдын ала жайылган кездемелерге күбүлөт. Даярдоодо дарактарды кыюуга жана бутактарды сындырууга катуу тыюу салынат |
62 | Морковь обыкновенная | Daucus carota L. | Кадимки зардек | Уругу | Июнь ‒ август | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Бышкан уруктар кол менен чогултуп алынат |
63 | Мята азиатская | Menthа asiatica Boriss. | Азия жалбызы | Чөбү | Июнь ‒ июль | 1 кв. метрге 2–3 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек. 2–3 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу – 1–2 жыл | Төмөнкү сөңгөк бөлүктөрү жок өркүндөрү бычак, секатор же орок менен кесип алынат. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт |
64 | Мята полевая | Mentha arvensis L. | Талаа жалбызы | Чөбү | Июнь ‒ июль | 1 кв. метрге 2–3 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек. 2–3 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу – 1–2 жыл | Төмөнкү сөңгөк бөлүктөрү жок өркүндөрү бычак, секатор же орок менен кесип алынат. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт |
65 | Облепиха туркестанская (облепиха крушиновидная) | Hippophae turkestanica (Rousi)Tzvelev (H. rhamnoides auct.) | Түркстан чычырканагы (жалтырак чычырканак) | Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Бадалдан мөмө байлаган бутактарынын жок дегенде 1–3төн бөлүгүн (30 %) калтыруу керек. Эс алдыруу – 2–3 жыл Жеринде бадалдан тоңгон мөмөлөрдү күбүүнү кышында жүргүзүү керек. Мөмөлөрдүн кеминде 1/3төн бөлүгүн калтыруу керек | Бадалдын чокусунан мөмө байлаган бутактары жер бетинен 1 метрден төмөн эмес секатор менен кесип алынат. Жеринде мөмөлөрдү күбүүдө бутактарын сындырууга болбойт. Илгичтин жардамы менен ийип үзүп алууга тыюу салынат |
66 | Одуванчик лекарственный | Taraxacum officinale Wigg. | Дары каакым | Чөбү | Апрель – июнь | Чектөөлөрсүз | Гүлдөгөн убакта өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүгү кесип алынат |
Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | Чектөөлөрсүз | Тамырлары колдо болгон каражаттар менен казып алынат | ||||
67 | Орех грецкий | Juglans regia L. | Грек жаңгагы | Мөмөсү | Сентябрь ‒октябрь | Бакта мөмөлөрүнүн 1/2ден (20 %) бөлүгүн калтыруу керек | Кол менен терилет. Терүүдө бутактарын кесүүгө жана сындырууга болбойт |
68 | Пальцекоренник теневой | Dactylorhiza umbrosa (Kar.et Kir.) Nevski | Көлөкөчүл арала | Тамыр түймөк | Июнь ‒ июль | 10 кв. метрге уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 2–3 жакшы өрчүгөн өсүмдүктү калтыруу керек | Тамыр түймөктөрү гүлдөгөн убакта колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
69 | Паслен черный | Solanum nigrum L. | Кара кызалык | Чөбү | Май ‒ сентябрь | Чектөөлөрсүз | Жер үстүндөгү бүткүл массасы бычак, орок же секатор менен кесип алынат |
70 | Пастушья сумка | Capsella bursa–pastoris (L.) Medik. | Койчу баштык | Чөбү | Май ‒ июнь | 1 кв. метрге уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 2–3 жакшы өрчүгөн өсүмдүктү калтыруу керек | Гүлдөгөн убакта жер үстүндөгү бүткүл массасы тамыр жалбырактары менен бирге бычак, орок же секатор менен кесип алынат. Көбүнчө бүтүндөй өсүмдүк кыртыштан тамыры менен кошо жулуп алынат жана андан кийин жер үстүндөгү бөлүгү кесип салынат (бир жылдык өсүмдүк) |
71 | Патриния средняя | Patrinia intermedia (Hornem.) Roem. et Schult. | Орто патриния | Тамыры | Август ‒ сентябрь | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 6–8 жыл | Тамыр сабактары күрөк же кирки менен казып алынат. Жаш өсүмдүктөрдү даярдоого болбойт |
72 | Переступень белый | Bryonia alba L. | Ак бадал чырмоочу | Тамыры | Август ‒ сентябрь | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Тамыры колдо болгон каражаттар менен казып алынат, чуңкурлар топурак менен көмүлөт |
Чөбү | Июнь ‒ август | Ар бир өскөн жерде 1–2 өркүн калтыруу керек | Кол менен чогултулат же секатор менен кесип алынат | ||||
73 | Перовския норичниковолистная | Perovskia scrophulariifolia Bunge
| Чакалайчан сыяктуу коён томук | Чөбү | Май ‒ июнь | Бир өскөн жерде уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 2–3 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек | Гүлдөгөн гүл сабагы 20 см ашпаган узундукта секатор менен кесип даярдалат |
74 | Перовския полынная | Perovskia abrotanoides Kar. | Шыбактай коён томук | Чөбү | Май ‒ июнь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бир өскөн жерине 2–3 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек | Гүлдөгөн гүл сабагы секатор менен 20 см ашпаган узундукта кесип даярдалат |
75 | Пижма обыкновенная | Tanacetum vulgare L. | Кадимки пижма | Топ гүлдөрү | Июнь ‒ июль | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бир өскөн жерине 2–3 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек. Даярдоону бир эле участокто 1–2 жылдан кийин жүргүзүүгө болот | Гүлдөп баштаганда гүлдөгөн гүл сабагы 4 см ашпаган узундукта кол менен үзүп же болбосо секатор же бычак менен кесип даярдалат. Өсүмдүктөрдү тамыры менен жулууга болбойт |
76 | Пион средний (пион гибридный) | Paeonia intermedia С.A.Mey.(Paeonia hybrida auct.) | Орточо чымылдык (аргын чымылдыгы) | Чөбү | Май ‒ июнь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бир өскөн жерине 1–2 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек | Кайра өсүп чыгуучу бүчүрлөрдү жабыркатпаш үчүн жер үстүндөгү бөлүгү орок же секатор менен кесилет |
Тамыры | Июнь ‒ сентябрь | 100 кв. метрге кеминде 5 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 6–8 жыл | Казылган жерде пайда болгон чуңкурлар толтурулат | ||||
77 | Подмаренник настоящий | Galium verum L. | Кадимки галиум | Чөбү | Май ‒ август | Чектөөлөрсүз | Гүлдөгөн убакта топ гүлдөрү менен өсүмдүктөрдүн үстүнкү бөлүгү 20–40 см узундукта даярдалат |
78 | Подмаренник цепкий | Galium aparine L. | Жабышкак галиум | Чөбү | Май ‒ август | Чектөөлөрсүз | Өсүмдүк бүтүндөй даярдалат |
79 | Подорожник большой | Plantago major L. | Чоң бака жалбырак | Жалбырагы | Май ‒ август | 1 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. 3–4 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу – 1 жыл | Ири жалбырактар бычак, секатор же орок менен кесилет. Жалбырактардын бутакташкан жерлерин кесүүгө болбойт – бул өсүмдүктүн тез жок болуусуна алып келет |
80 | Подорожник ланцетовидный | Plantago lanceolata L. | Устарадай бака жалбырак | Жалбырагы | Май ‒ август | 1 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. 3–4 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу – 1 жыл | Ири жалбырактар бычак, секатор же орок менен кесилет |
81 | Полынь горькая | Artemisia absinthium L. | Ачуу эрмен | Чөбү | Июнь ‒ август
| Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 1 кв. метрге 1–2 өсүмдүк калтыруу керек. Даярдоону 1–2 жыл жүргүзүү керек. Эс алдыруу – 1–2 жыл | Гүлдөгөн мезгилде жалбырактуу учун орок же бычак менен 20–25 см узундукта кесип даярдалат, сабактын сөңгөк бөлүгү алынбайт |
Жалбырагы | Июнь ‒ июль | Жалбырактын жарымынан кем эмесин калтыруу керек. Чогултуу жыл сайын жүргүзүлөт | Өрчүгөн тамырга жакын жана сабактуу жалбырактар кол менен үзүлөт | ||||
82 | Полынь обыкновенная (чернобыльник) | Artemisia vulgaris L. | Кадимки шыбак (Чернобыль чөбү) | Чөбү | Июнь ‒ август | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Гүлдөгөн мезгилде сабактарынын учун орок же бычак менен 20–30 см узундукта кесип салуу керек |
83 | Просвирник пренебреженный | Malva neglecta Wallr. | Катарда жок топчу баш | Бүтүндөй өсүмдүк | Июнь ‒ сентябрь | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Өсүмдүктөр колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
84 | Пустырник туркестанский | Leonurus turkestanicus V.Krecz.et Kuprian. | Түркстан кан басымы (Дүлөй чалкан) | Чөбү | Июнь ‒ июль | 1 кв. метрге 4–5 жакшы өнүккөн өркүн калтыруу керек. 2–3 жыл даярдоо керек. Эс алдыруу – 1–2 жыл | Гүлдөгөн мезгилде сабактарынын учун жана алардын бутакталганын бычак, секатор же орок менен 30–40 см узундукта кесип салуу керек, жоондугу 5 мм ашкан сабагын кесүүгө болбойт |
85 | Ревень Виттрока | Rheum wittrocki Lundstr. | Виттрок ышкыны | Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | Кайра өсүп чыгуусу үчүн 10 кв. метрге 4–5 жакшы өнүккөн өсүмдүк калтыруу керек. Даярдоону 3–4 жылдан кийин жүргүзүү керек | Күрөк менен казып алынат. Уруктарын пайда болгон чуңкурга күбүү керек |
Топ гүлдөрү | Апрель ‒ июнь | Кайра өсүп чыгуусу үчүн 10 кв. метрге 4–5 өсүмдүк калтыруу керек | Кол менен сындырылат | ||||
86 | Родиола линейнолистная | Rhodiola linearifolia Boriss. | Теспедей жалбырактуу алтын тамыр | Тамыр сабактары менен тамырлары | Август ‒ сентябрь | 100 кв. метрге кеминде 10 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу ‒ 10–15 жыл | Тамыр сабактары керки, күрөк же атайын казгычтар менен казып алынат. 1–2 сабактуу жаш өсүмдүктөрдү даярдоого болбойт |
87 | Ромашка аптечная | Matricaria recutita L. | Дары ромашка | Гүлү | Май ‒ июль | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн ар бир өсүмдүктө ири гүлдөрүнүн 1/3төн бөлүгүн (30 %) калтыруу керек | Четки ак гүлдөрү горизонталдуу жайгашып гүлдөгөн мезгилде гүлдөрү даярдалат. Гүл сабагынын калдыктары менен себетчелери 3 см ашпаган узундукта кол менен же атайын тарак менен үзүлөт |
88 | Рябина тяньшанская | Sorbus tianschanica Rupr. | Тянь-Шань четини | Мөмөсү | Август ‒ сентябрь | Уруктук калыбына келүүсү үчүн бадалда мөмөлөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Бутакчалары кесилет же кол менен сындырылат. Мөмөсүн чогултууда бутакты сындырууга болбойт |
89 | Сафлор остроколючий | Carthamus oxyacanthus Bieb. | Учтуу тикендүү сафлор | Желекчелери | Июнь ‒ июль | Калыбына келүүсү үчүн өсүмдүктөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Желекчелер кол менен үзүлөт же себетчеси менен кошо кесип алынат |
Уругу | Июль ‒ сентябрь | Калыбына келүүсү үчүн өсүмдүктөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Уруктары колдо болгон каражаттар менен себетчеси менен кошо кесип алынат | ||||
90 | Свинорой пальчатый | Cynodon dactylon (L.) Pers. | Манчадай ажырык | Тамырлары жана тамыр сабактары | Август ‒ сентябрь | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
91 | Скабиоза джунгарская
| Scabiosa songarica Schrenk | Жунгар скабиозасы | Чөбү | Май ‒ август | Чогултуу аймагында мөмө байлаган өсүмдүктөрдүн 1/5тен бөлүгүнөн (20 %) кем эмесин калтыруу керек | Жерден 5 см бийиктикте колдо болгон каражаттар менен чабылат |
92 | Скабиоза розовоцветная | Scabiosa rhodantha Kar. et Kir. | Мала кызыл скабиоза | Чөбү | Май ‒ июнь | Чогултуу аймагында мөмө байлаган өсүмдүктөрдүн 1/5тен бөлүгүнөн (20 %) кем эмесин калтыруу керек | Жерден 5 см бийиктикте колдо болгон каражаттар менен чабылат |
93 | Смородина Мейера | Ribes meyeri Maxim. | Мейер карагаты | Мөмөсү | Август | Уруктук калыбына келүүсү үчүн бадалда мөмөлөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Бышкан мөмөлөр кол менен терилет |
94 | Смородина Янчевского | Ribes janczewskii Pojark. | Янчевский карагаты | Мөмөсү | Август | Уруктук калыбына келүүсү үчүн бадалда мөмөлөрдүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Бышкан мөмөлөр кол менен терилет |
95 | Солодка голая | Glycyrrhiza glabra L. | Түксүз кызыл мыя | Тамыры | Март ‒ октябрь | Чийки затты жыйноодо тамырынын 2/3төн бөлүгүн (70 %) чогултуу керек, калгандарын өсүмдүктөрдүн калыбына келүүсү үчүн кыртышта калтыруу керек. Чийки затты кайталап даярдоону 3–4 жылдан кийин жүргүзүүгө болот | Тамырын даярдоонун алдында жер үстүндөгү бөлүгү чабылат. Даярдоо үчүн атайын арналган ири өсүмдүктөрдө тамыр системасы соко менен, майдалары күрөк менен 30–35 см тереңдикте казып алынат. Казылгандан кийин аянтча түздөлүп, тыгыздалат жана мүмкүн болсо сугарылат |
96 | Солодка уральская | Glycyrrhiza uralensis Fisch. | Урал кызыл мыясы | Тамыры | Март ‒ октябрь | Чийки затты жыйноодо тамырынын 2/3төн бөлүгүн (70 %) чогултуу керек, калгандарын өсүмдүктөрдүн калыбына келүүсү үчүн кыртышта калтыруу керек. Чийки затты кайталап даярдоону 3–4 жылдан кийин жүргүзүүгө болот | Тамырын даярдоонун алдында жер үстүндөгү бөлүгү чабылат. Даярдоо үчүн атайын арналган ири өсүмдүктөр өскөн жеринде тамыр системасы соко менен, майдалары күрөк менен 30–35 см тереңдикте казып алынат. Казылгандан кийин аянтча түздөлүп, тыгыздалат жана мүмкүн болсо сугарылат |
97 | Стальник древних | Ononis antiquorum L. | Байыркы ононис | Тамыры | Июль ‒ сентябрь | Чогултуу аймагында мөмө байлаган өсүмдүктөрдүн 1/5тен бөлүгүнөн (20 %) кем эмесин калтыруу керек | Тамырлар колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
98 | Термопсис туркестанский (термопсис ланцетный) | Thermopsis turkestanica Gand. (Thermopsis lanceolata auct.) | Туркестан сары мыясы (устарадай сары мыя) | Чөбү, уругу | Май ‒ июнь | Өзгөчө чектөөлөрсүз | Гүлдөгөн жана гүлдөбөгөн өркүндөрдү бир убакта чогултууга болот, алар адатта орок же бакча бычагы менен 3–5 см бийиктикте кесип алынат |
99 | Тимьян Маршалла | Thymus marschallianus Willd. | Маршал кийик оту | Чөбү | Июнь ‒ июль | Чогултуу аймагында мөмө байлаган өсүмдүктөрдүн 1/5тен бөлүгүнөн (20 %) кем эмесин калтыруу керек | Жалбырактуу өркүндөрдүн жогорку бөлүгү кайчы же секатор менен кесилет. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга тыюу салынат |
100 | Тмин обыкновенный | Carum carvi L. | Кадимки зире | Мөмөсү | Июль ‒ сентябрь | Жаш өркүндөрдүн уч жагын бычак же орок менен кесүү керек. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга тыюу салынат | Уруктар кол менен чогултулат же өркүндөрдүн учу кесилет |
101 | Тысячелистник обыкновенный
| Achillea millefolium L. | Кадимки каз таңдай | Чөбү | Июнь ‒ август | 1 кв. метрге 2–3 гүлдөгөн өркүн калтыруу керек. Даярдоону бир жылдан кийин жүргүзүүгө болот | Кайчы же секатор менен өркүндөрдүн жалбырактуу учу 15 см чейинки узундукта кесилет. Топ гүлдөрүн чогултууда гүл сабагын калканчасы менен 2 см ашпаган узундукта кесилет. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт |
102 | Ферула вонючая | Ferula foetida (Bunge) Regel | Сасык чайыр | Камедь-чайыр | Апрель ‒ сентябрь | 10 кв. метрге жабыркабаган 4–5 өсүмдүк калтыруу керек. Бир эле жерде даярдоону 6–7 жылдан кийин жүргүзүү керек | Гүлдөбөгөн ири өсүмдүктөрдөн камедь-чайыр чогултулат. Казып алынбаган тирүү тамырларынын учу кесилет, топтолуп жана кургап калган ак ширеси күрөкчө менен алынып, кийинки ичке тилик жасалат. Бул күнүгө кайталанып, ак шире чыкпай калганга чейин улантылат |
Уругу | Июль – август, уругу толук бышкандан кийин | 2/3төн бөлүгүн (70 %) чогултуу керек. Чогултууну жыл сайын жүргүзүүгө болот | Өсүмдүктү тамыры менен жулууга тыюу салынат | ||||
103 | Фисташка настоящая | Pistacia vera L. | Кадимки мисте | Мөмөсү | Август ‒ сентябрь | Бакта мөмөлөрүнүн 1/3төн бөлүгүн (30 %) калтыруу керек | Кол менен терилет. Чогултууда бутактарды кесүүгө жана сындырууга болбойт |
104 | Хвойник средний | Ephedra intermedia Schrenk et C.A. Mey. | Орточо чекенде | Чөбү | Жыл бою, май ‒ июнь айларынан башка | 10 кв. метрге 3–5 жаш өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 3–5 жыл | Жашыл бутактар орок же бакча кайчысы менен кесилет |
105 | Хвойник хвощевой (эфедра хвощевая) | Ephedra equisetina Bunge | Кырк муун сыяктуу чекенде
| Чөбү | Жыл бою, май ‒ июнь айларынан башка | 10 кв. метрге 3–5 жаш өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 3–5 жыл | Жашыл бутактар орок же бакча кайчысы менен кесилет |
106 | Хвощ полевой | Equisetum arvense L. | Талаа кырк мууну | Чөбү | Июнь ‒ август | Эс алдыруу – 2–3 жыл | Жашыл вегетативдүү өркүндөр орок менен кыртыштын үстүнөн 5 см бийиктикте кесип чогултулат |
107 | Цикорий обыкновенный | Cichorium intybus L. | Кадимки дарчын | Чөбү | Май ‒ июль | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Топ гүлдөрү бар өркүндөр орок менен кыртыштын үстүнөн 5 см бийиктикте кесип чогултулат |
|
|
|
| Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Тамырлар колдо болгон каражаттар менен казып алынат |
108 | Циноморий джунгарский | Cynomirium songaricum Rupr. | Жунгар кум казыгы | Топ гүлдөрү | Май ‒ июль | 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек | Гүлдөгөн өсүмдүктөр кыртыштын үстүнөн кесип чогултулат |
109 | Чемерица Лобеля | Veratrum lobelianum Bernh. | Лобель марал кулагы | Тамыры | Сентябрь ‒ октябрь | Күчтүү тамыр системасы бар өсүмдүктөрдү казып алуу керек. 10 кв. метрге 2–3 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу – 4–6 жыл | Колдо болгон инструменттер менен казып алынат. Уруктар казып алган жерге күбүлөт, андан кийин кыртыш тыгыздалат |
110 | Череда трехраздельная | Bidens tripartita L. | Үч бөлүктүү ит уйгак | Чөбү | Июль ‒ октябрь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн 1 кв. метрге 2–3 жакшы өрчүгөн өсүмдүк калтыруу керек | Богок байлаган мезгилде жалбырактуу учу жана каптал бутактары бычак, орок же секатордун жардамы менен 15 см чейинки узундукта кесилет |
111 | Чистец буквицецветный | Stachys betoniciflora Rupr. | Бетоника гүлдүү стахис | Чөбү | Июнь ‒ август | Гүлдөгөн убакта чогултуу керек. Бир өскөн жерине 1–2 өркүн калтыруу керек | Топ гүлдөрү бар өркүндөрдүн учу кайчынын же секатордун жардамы менен чогултулат |
112 | Шалфей мускатный | Salvia sclarea L. | Мускаттуу шалфей | Чөбү | Июнь ‒ август | Гүлдөгөн убакта чогултуу керек. Бир өскөн жерине 1–2 өркүн калтыруу керек | Топ гүлдөрү бар өркүндөрдүн учу кайчынын же секатордун жардамы менен чогултулат |
113 | Шалфей пустынный | Salvia deserta Schangin | Чөл шалфейи | Чөбү | Июнь ‒ август | Гүлдөгөн убакта чогултуу керек. Бир өскөн жерине 1–2 өркүн калтыруу керек | Топ гүлдөрү бар өркүндөрдүн учу кайчынын же секатордун жардамы менен чогултулат |
114 | Шандра неравнозубая | Marrubium anisodon C.Koch | Арсак тиштүү ачуулук | Чөбү | Июнь ‒ август | Гүлдөгөн убакта чогултуу керек. Бир өскөн жерине 1–2 өркүн калтыруу керек | Топ гүлдөрү бар өркүндөрдүн учу кайчынын же секатордун жардамы менен чогултулат |
115 | Шиповник Альберта | Rosa alberti Regel | Альберт ит муруну | Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бадалда мөмөлөрүнүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Кол менен терилет. Чогултууда бутактарды кесүүгө жана сындырууга болбойт |
116 | Шиповник рыхлый | Rosa laxa Retz. | Тарбагай ит мурун | Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бадалда мөмөлөрүнүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Кол менен терилет. Чогултууда бутактарды кесүүгө жана сындырууга болбойт |
117 | Шиповник собачий | Rosa canina L. | Жыш тикендүү ит мурун | Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бадалда мөмөлөрүнүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Кол менен терилет. Чогултууда бутактарды кесүүгө жана сындырууга болбойт |
118 | Шиповник Федченко | Rosa fedtschenkoana Regel | Федченко ит муруну | Мөмөсү | Август ‒ декабрь | Уруктук кайра өсүп чыгуусу үчүн бадалда мөмөлөрүнүн 1/5тен бөлүгүн (20 %) калтыруу керек | Кол менен терилет. Чогултууда бутактарды кесүүгө жана сындырууга болбойт |
119 | Грибы разные (рыжик, синявка, сморчок, шампиньон и другие съедобные грибы) | Fungi: Lastarius, russula, morchella, agarius | Козу карындардын ар кандай түрлөрү (рыжик, синявка, бабур сморчок, шампиньон жана башка желүүчү козу карындар) | Мөмө байлаган телосу | Апрель ‒ октябрь | Өтө бышып кеткендерин эмес, жаш козу карындарды гана чогултуу керек | Мицелий менен мөмө байлаган телосун сындырууга болбойт. Сабагы кыртыштын үстүнкү бетинен бычак менен кесилет же мөмө байлаган телосу кылдаттык менен бурап алынат. Козу карын алынгандан кийин пайда болгон чуңкурчаны чириндилер менен жаап коюу керек. Токой чириндисин айрып салууга болбойт. Жакшы билген козу карындар гана терилет |
Эскертүү. Бул тизмеде жок өсүмдүктөрдү чогултуу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жогорку мамлекеттик илимий мекеме менен макулдашуу боюнча жөнгө салынат.