Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №27
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрʏʏ боюнча шайлоо комиссиялары жѳнʏндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бѳлʏгʏнѳ ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын тʏзʏʏ жѳнʏндѳ»
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 12-март 2025-жылдагы №10/2 сандуу чыгыш каты боюнча Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Каттообеков Сыргак Молдокеримовичтин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрʏʏ боюнча шайлоо комиссиялары жѳнʏндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бѳлʏгʏнѳ ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы №1, 2, 3, 4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |