Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №28
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) 25 12. 2024-жылдагы кезексиз IV сессиясынын № 11 токтомунун 1-пункттун өзгөртүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 17.02.2025-жылдагы №01-12/439 сандуу катын карап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) 25 12. 2024-жылдагы кезексиз IV сессиясынын № 11 токтомунун 1-пункттундагы “Эски стадион” деген сөз “Эски мечит” деп оңдолуп, 0,84 га жер тилкеси 0,81 га жер тилкеси деп жазылсын.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |