Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №29
Атай айыл аймагында “Аксакалдар сотунун” түзүмүн жана Регламентин бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 17.03.2025-жылдагы № 01-12/769 сандуу чыгыш катын карап, Атай айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы чыгарган корутундууну угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында “Аксакалдар сотунун” түзүмү 1-тиркемеге жана Регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтунүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Н.Туркмановага милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |