Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №30
Атай айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, бадачынын акысы, корук, сугат суу тарифи жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жөнүндө
Атай айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, бадачынын акысы, корук, сугат суу тарифи жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери боюнча Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
- касилка, жатканын баалары төмөндөгү баада бекитилсин:
- 1 га пресстөөгө: - 20 ( Жыйырма ) сом май, жиби ичинде
- 1 га жаткага: - 2 300 ( Эки миң үч жүз ) сом майы ичинде
- 1 га касилка тырмоосу менен: - 2 200 ( Эки миң эки жүз) сом майы ичинде;
- Айдоого (80 МТЗ), - 1га 1500 (Бир миң беш жүз) сом акча 25 (Жыйырма беш) литр май;
- Айдоого (899 МТЗ), - 1га: - 1500 (Бир миң беш жүз) сом акча 30 (Отуз) литр май;
- малалоо 1 га: - 600 (Алты жүз) сом акча 10 (Он) литр май;
- себүүгө 1 га: - 600 (алты жүз) сом 10 (Он) литр май;
- Борона( мурун айдалган жерди айдоого), 1га : - 600 (Алты жүз) сом, 10 (Он) литр май;
- Борона (жаӊы жерди айдоого), 1га : - 800 (Сегиз жүз) сом, 10 (Он) литр май;
- Чөп тырмоо, 1 га: - 500 (Беш жүз) сом, 5 (беш) литр май;
- жер айдоо, 10 сотых: - 300 (Үч жүз) сом акча, 5 (Беш) литр май;
- жер малалоо, 10 сотых: - 150 (Жүз элүү) сом акча, 5 (Беш) литр май;
2 .Ички жайыттарга көчүү 15-апрелден 25-апрелге чейин, алыскы жайыттарга көчүү 1-июнга чейин, ал эми кайтып келүү 20-сентябрга белгиленсин. Ички жана алыскы жайыттарга көчкөнгө чейин бада уюштурууну мал ээлерине түшүндүрүү жана белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе мыйзам чегинде административдик чара көрүлөрү бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
3 Атай айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баа бекитилет жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга: - 500 (беш жүз) сом;
- Бир баш кой-эчкиге: - 120 (Жүз жыйырма ) сом;
4. Корук иштери боюнча:
- Ак-Талаа участкасында: - 200 (Эки жүз) сом;
- Кара-Булак участкасында: - 900 (Тогуз жүз) сом;
- Ала-Жыгач участкасында: - 500 (Беш жүз) сом;
- Уй-Булак участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
- Көкжар участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
- Казык участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
5. .Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо чыгыш болсо корукчу эмес мал ээси жооптуу экендиги эскертилсин.
6. Атай айыл аймагындагы Карл Маркс айылына таза суунун тарифи: -200 (Эки жүз) сом;
7. Атай айыл аймагындагы сугат суулардын бир суугатынын тарифи:- 250 (Эки жүз элүү) сом;
8 . Атай айыл аймагында жашылдандыруу - көрктөндүрүү иштери колго алынсын, ар бир тургундун үйүнө кирип айлана чөйрөсүн тазалоо, арыктарды чабуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
9 . Эгер жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн.
10. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
11. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |