Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №32
“Атай айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга карата жакырчылыкты кыскартуу боюнча Программасынын иш-чаралар планы» жөнүндө
“Атай айыл аймагынын “2025-2027-жылдарга карата жакырчылыкты кыскартуу боюнча Программасынын иш-чаралар планы” боюнча Атай айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундуусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Атай айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга карата жакырчылыкты кыскартуу боюнча Программасынын иш-чаралар планы» алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Н.Туркмановага жана Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |