Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №33
Атай айыл аймагында турак-жай куруу үчүн бир жанга берилүүчү норманы бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 20.03.2025-жылдагы № 01-12/809 сандуу чыгыш катын карап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен белгиленген жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун берүүнүн өлчөмүн Атай айыл аймагында бир жанга берилүүчү норма 10 сотыхтан деп бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн жер адиси П.Наймановага жана Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |