Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 2026-П-09/17-1-(БС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 2025-П-09/34-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 2025-П-09/34-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "2026-жылдын 1-апрелине" деген сөздөр жана сандар "2026-жылдын 1-октябрына" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "2026-жылдын 1-апрелине" деген сөздөр жана сандар "2026-жылдын 1-октябрына" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмесин, "Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Альянс" алмашуу бюролорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктык көзөмөл башкармалыгын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Тургунбаев |