Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №36
Союз МСУга төлөнүүчү мүчөлүк акыны көтөрүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевдин Союз МСУга төлөнүүчү мүчөлүк акыны көтөрүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Союз МСУга төлөнүүчү мүчөлүк акы 5 (беш) сом өлчөмүндө көтөрүлүп төлөнсүн.
2. Мүчөлүк акыны 5 (беш) сомго көтөрүп төлөө боюнча келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке милдеттедирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |