Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №37
Атай айыл аймагына “Беккари чуңкурчасын” жана “Раскол” куруу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевдин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрында бекитилген “Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” №517 токтомду аткарууга алуу үчүн Атай айыл аймагына “Беккари чуңкурчасын” жана “Раскол” куруу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Арал айылындагы “Чайка” участогунун №1353 контурундагы таштанды таштоочу жайга бөлүнгөн 0,50 га жер аянтынан “Беккари чуңкурчасын” курууга 0,30 га жер аянты бөлүнүп берилип, мамлекеттик АКТсы алынсын.
2. Арал айылындагы эски кампанын жанына “Раскол” курулсун. Раскол курууга тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы жер адис П.Наймановага милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |