Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №38
Ак-Талаа участогундагы айыл өкмөтүнүн карамагында (ведение айыл өкмөтү) деп калып калган жерди үлүш жерлерин ээлерине кайтарып берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын Арал айылынын тургундарынын 26. 03. 2025-жылдагы чогулушунун №4 протоколунун негизинде Ак-Талаа участогундагы айыл өкмөтүнүн карамагында (ведение айыл өкмөтү) деп калып калган жерди үлүш жерлерин ээлерине кайтарып берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа участогундагы айыл өкмөтүнүн карамагында (ведение айыл өкмөтү) деп калып калган жерди үлүш жерлерин ээлерине кайтарылып берилсин.
2. Ак-Талаа участогундагы үлүш жерлерди тактоо, үлүш ээлерине кайтарып берүү жагы жер адис П.Наймановага жана айыл өкмөтунүн башчысы А. К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” туруктуу комиссиясына жана “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |