Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VIII сессиясынын
2025-жылдын 28-мартындагы №39
“Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө”
Атай айыл өкмөтүнүн 28.03.2025-жылдагы № 01-12/1131 сандуу чыгыш катындагы Арал, Бирдик айылдарына таза-суу чыгаруу үчүн 1700,0 (бир миллион жети жүз миң) сомду долбоор жасатуу үчүн беренеден беренеге жылдыруу зарыл экендиги боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал, Бирдик айылдарына таза суу чыгаруу боюнча долбоорун жасатуу үчүн Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1-январь 2025-жылга калган каражаттан аппараттын 3111 беренесинен 1700,0 (бир миллион жети жүз миң) сомду, аппараттын 2215 беренесине жылдырылып берилсин.
2. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге которуу жагы ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |