Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 464
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде:
- 13-пункттагы "Аи-95," деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 "Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун 2-пунктчасындагы "максималдуу чекене бааларды белгилөө менен" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |