Редакцияот 17.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 17-июлундагы № 259

 

Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары Күжүрмөн туу жана Күжүрмөн тууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматына тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды. 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти  

 

 

С.Н. Жапаров