Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 9-июлу № 01-01/211
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 349-П “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун Реестрин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары – Министрлик) 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 349 “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун Реестрин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун Реестринде:
- I бөлүмдө “Рудалык кендердин жер казыналарынын участоктору жана бурчтук чекиттеринин координаттары”:
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Үчкошкон жана Сарыбулак калай кени (Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу), иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында.
Үчкошкон калай кенинин бурчтук чекиттеринин координаттары | |||||
№ | X | У | № | X | У |
1 | 14303790 | 4634755 | 3 | 14307320 | 4637610 |
2 | 14304090 | 4637580 | 4 | 14307350 | 4634780 |
Аянты 9,572 кв.м км2 же 957,2 га түзөт.
Сарыбулак калай кенинин бурчтук чекиттеринин координаттары | |||||
№ | X | У | № | X | У |
1 | 14290880 | 4616020 | 5 | 14301400 | 4615570 |
2 | 14292000 | 4616300 | 6 | 14296180 | 4613880 |
3 | 14296190 | 4616240 | 7 | 14291000 | 4614100 |
4 | 14301400 | 4617780 |
|
|
|
“Аянты 23,75 км2 же 2375 га түзөт.”
2. Министрликтин басма сɵз катчысы жана Министрликтин Кыргыз геологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Жер казынасын пайдалануу саясаты бөлүмү расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы тууралуу маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн жана ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Министрдин орун басары – Кыргыз геологиялык кызматынын директору А.Т. Турсуниязовго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
сайта https://mnr.gov.kg/storage/npa/files/627/%D0%9F%D0%A0%D0%98%D0%9A%D0%90%D0%97-6a4f9614ddac4.pdf2026-жылдын 9-июлундагы жарыяланды
Министри |
| А.Т. Токтобаев |