Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 21-июлу № 115
«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2023-жылдын 6-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) тышкы мамлекеттик аудит – республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышын, бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, баалоо жана текшерүү боюнча чаралардын комплекси;»;
б) 3, 4, 5 жана 18-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 22 жана 23-пункттар менен толукталсын:
«22) санариптик (онлайн) аудит – аудит субъектине түздөн-түз баруусуз мамлекеттик санариптик технологиялык системалардын жана башка санариптик маалыматтык ресурстардын маалыматтарын талдоого негизделген тышкы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруунун формасы;
23) көчмө аудит – жасалган финансылык жана чарбалык операцияларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын, алардын бухгалтердик (финансылык) жана бюджеттик отчеттуулукта анык жана туура чагылдырылышын документтик жана иш жүзүндө текшерүүдө туюнтулган аудит субъектинин жайгашкан жери боюнча аудит жүргүзүүнү караган тышкы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруунун формасы.»;
2) 7-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
– 1-пунктта «маалыматтык системаларга» деген сөздөр «санариптик технологиялык системаларга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү максатында мамлекеттик санариптик технологиялык системаларга жеткиликтүүлүктү алууга. Эсептөө палатасынын мамлекеттик санариптик технологиялык системаларга жетүүсү жеке маалыматтарды коргоо, маалыматтык коопсуздук жана маалыматтын купуялуулугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо, ошондой эле жетүү укуктарын чектөөнү жана маалыматты санкциясыз пайдаланууга жол бербөөнү камсыз кылуу менен жүзөгө ашырылат.»;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эсептөө палатасы тышкы мамлекеттик аудитти – республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудитти жүзөгө ашырат.
Эсептөө палатасынын тышкы мамлекеттик аудитинин максаты аудит субъектисинин финансылык отчеттуулугун жана эсепке алуу системасын мыйзамдардын жана бухгалтердик стандарттардын талаптарына ылайыктуулугун изилдөө, талдоо жана баалоо, ошондой эле бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин изилдөө жана талдоо болуп саналат.
Эсептөө палатасынын тышкы мамлекеттик аудити финансылык аудит, шайкештик аудити, натыйжалуулук аудити түрүндө жүзөгө ашырылат.
Тышкы мамлекеттик аудит төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) санариптик (онлайн) аудит;
2) көчмө аудит.
Санариптик (онлайн) аудитти жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана Эсептөө палатасынын тышкы мамлекеттик аудитинин негизги формасы болуп саналат.
Көчмө аудитти жүргүзүү үчүн критерийлер Эсептөө палатасы тарабынан аныкталат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41 -бөлүк менен толукталсын:
«41. Финансылык аудит финансылык операциялардын аныктыгын, бюджеттик эсепке алууну, бюджеттик отчеттуулукту, бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын максаттуу пайдаланылышын документтик текшерүү, аудит субъектисинин финансылык ишин текшерүү максатында колдонулат.
Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде финансылык аудитти жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, ошондой эле бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын сакталышын текшерүү жүзөгө ашырылат.
Шайкештик аудити Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин, ошондой эле аудит субъекти тарабынан аларды ишке ашыруу үчүн кабыл алынган республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы каражаттарды аткаруу, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануу маселелерине тиешелүү актылардын аудит субъекти тарабынан сакталышын баалоо, текшерүү максаттарында колдонулат.
Натыйжалуулук аудити Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, бюджеттен тышкаркы каражаттарды, аудит субъекти тарабынан алынган мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун аныктоо максатында колдонулат.»;
3) 18-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызмат өтөө, кызматчылардын ишин баалоо»;
б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эсептөө палатасынын кызматчыларынын ишин баалоо мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Эсептөө палатасынын кызматчыларынын ишин баалоонун натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызмат өтөө маселелерин чечүүдө эске алынат.»;
в) 4 жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 26-берененин 1-бөлүгү «Эсептөө палатасынын ишин уюштуруунун стандарттарын» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле Тышкы мамлекеттик аудиттин стандарттарын» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 29-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда «маалымат системаларына» деген сөздөр «санариптик технологиялык системаларына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 30-беренеде:
а) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эсептөө палатасы талаш-тартыш маселелерди аудит жөнүндө отчетто белгилейт.
3. Аудит субъекти тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжаларына макул болбогон учурда кол коюлган аудитордук отчет жана/же корутунду тапшырылган (алынган) күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Эсептөө палатасына аларга карата каршы пикирин жиберүүгө укуктуу.
Аудит субъектинин каршы пикири каршы пикир тапшырылган (алынган) күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан каралат.
Каршы пикирлерди кароодо Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу аудит субъектинин өкүлдөрүнүн жана Президенттин Администрациясынын үч өкүлүнүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү – эки депутаттын катышуусу менен өткөрүлөт.
Эсептөө палатасынын Кеңеши аудит субъектинин каршы пикирлерин кароонун натыйжалары боюнча аудитордук отчетко жана/же корутундуга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
«8. Контролдук иш-чаралардын кайталанышын жокко чыгаруу жана мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында аудит субъекттеринин ишин текшерүү тышкы мамлекеттик аудиттин алкагында Эсептөө палатасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эсептөө палатасынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү алардын суроо-талаптары боюнча аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын натыйжаларын, корутундуларды, актыларды, ошондой эле башка маалыматтарды жана документтерди берүү жолу менен контролдук иш-чаралардын кайталанышына жол бербөө принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.
Эсептөө палатасынын аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларынын натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук коргоо органдары тарабынан алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда эсепке алынууга тийиш.»;
7) 32-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын каражаттарын пайдалануучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар Эсептөө палатасына тышкы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтарды жана башка материалдарды, анын ичинде аларды санариптик иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу санариптик (электрондук) форматта берүүгө милдеттүү.».
2-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |