Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 259 Жарлыгы менен бекитилди ) |
Мамлекеттик күзөт органынын
Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусунун жана символдук белгисинин сыпаттамасы жана эскиздери, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби каралган.
2. Күжүрмөн туу жана символдук белги аскердик намыстын, каармандыктын, даңктын символдору болуп эсептелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар бир аскер кызматчысына Ата Мекенди коргоонун салттары жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2-глава. Күжүрмөн туунун сыпаттамасы
3. Мамлекеттик күзөт органдын Күжүрмөн туусу (мындан ары – Күжүрмөн туу) төрт элементтен турат: кездеме, каскак, каскак учу, боо.
4. Күжүрмөн туу тик бурчтуу формадагы эки тараптуу кездемеден турат. Ал эки бүктөлгөн кызыл түстөгү жибек кездемеден даярдалат, чети үч тарабынан алтын түстөгү жибек чачылар менен жээктелет. Кездеменин узундугу – 1500 мм, туурасы – 1100 мм.
Кездеменин алдынкы бетинин (1-сүрөт) борборунда мамлекеттик күзөт органынын символдук белгинин сүрөтү жайгашкан. Күжүрмөн туудагы символдук белгинин өлчөмү – 600 мм диаметрде. Символдук белгинин сүрөтүнүн ылдый жагында борборду карай туурасынан алтын түстө мамлекеттик тилдеги жазуу жайгашкан: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ».
Кездеменин арткы бетинин (2-сүрөт) борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан. Күжүрмөн туудагы гербдин өлчөмү 650 мм диаметрди түзөт.
5. Күжүрмөн туунун каскагы жыгачтан, кочкул күрөң түстө, диаметри – 40 мм, узундугу – 2500 мм.
6. Күжүрмөн туунун каскак учу дат баспаган болоттон жасалган, анын борборунда беш бурчтуу жылдызы бар жарым ай тартылган. Каскак учунун узундугу – 250 мм.
7. Күжүрмөн туунун боосу алтын түстөгү жибек жиптерден эшилип даярдалат, учтарында эки чачысы болот. Чачылары менен кошо боонун узундугу – 2800 мм.
3-глава. Күжүрмөн туунун эскизи
1-сүрөт 2-сүрөт
4-глава. Символдук белгинин сыпаттамасы
8. Символдук белги мамлекеттик күзөт органдын расмий геральдикалык символу болуп саналат.
9. Символдук белгинин мүнөздөмөсү:
1) символдук белгинин ортосунда салттуу кыргыз калканы жайгашкан. Кылычтарды жаап турган калкан мамлекеттик күзөт органдын башкы, биринчи кезектеги милдетин – коргоону жана коркунучтардын алдын алууну билдирет;
2) калкандын борборунда мамлекеттин биримдигинин негизги символу болгон боз үйдүн чокусун түзгөн конструкция – күмүш түстүү түндүк тартылган;
3) калкан металл шакекче менен курчалган. Шакекчеге калканды бекитүү үчүн кадалган чакан умбондор менен кезектешип турган ачык көк түстүү улуттук оюулар (эр оюм) түшүрүлгөн. Оюулардын, ошондой эле чакан умбондордун саны Кыргызстандын жети облусун чагылдырып, жетиге барабар;
4) борбордук калкандын жогору тарабынын так ортосунда кырлары бар көлөмдүү кызыл түстөгү беш учтуу жылдыз – аскердик эрдиктин жана мамлекеттик коргоонун символу жайгашкан;
5) калкандын артына жайгаштырылган күмүш кылычтар ар-намысты, тартипти жана кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды аткарууга туруктуу күжүрмөн даярдыкты туюндурат;
6) калкан жана кылычтар даңкты, сый-урматты, эрдикти жана милдетке болгон берилгендикти туюндурган лавр жалбырактуу күмүш бутактар менен курчалган;
7) символдук белгинин жогору жагында мамлекеттик тилде «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ», төмөн жагында «МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ» деген антрацит түстөгү жазуусу бар борбордоштурулган шакекче менен алкакталган. Үстүнкү жана астынкы жазуулар визуалдуу түрдө тик бурчтуу алкактар менен бөлүнөт;
8) символдук белги өзүнө төмөнкү ураанды камтыйт: «Мамлекет кызматындагы ар-намыс, Мекенди коргоодогу калкан». Идеологиялык билдирүүсү мамлекеттик күзөт органы ата-бабалардын салттарына берилгендикти жана темирдей тартипти айкалыштырган болот калкан экендигин билдирип турат;
9) түстөрдүн семантикасы:
– күмүш түс (түстүн коду #e7e4e8) – бекемдик (соот) менен ассоциацияланат;
– ачык көк түс (түстүн коду #182b79) – мамлекеттик күзөт жана улуттук коопсуздук органдарынын прибордук түсү. Ал каптал тигиштерде, фуражкалардын жээктеринде, бүчүлүгүндө жана шеврондордо колдонулат;
– кызыл түс (түстүн коду #7a0000) – эрдикти жана коргоого даярдыкты туюндуруп, мамлекеттик желектин түсү менен үндөшөт;
– антрацит түсү (түстүн коду #3b3b3e) – курал-жаракка арналган чыңалтылган болотту, жабдыктардын бышыктыгын жана бекем тартипти чагылдырат.
Түстөрдүн палитрасы бардык материалдарда туура колдонулушу керек.
10) Символдук белгинин пропорциялары:
– тышкы калкандын диаметри – 214 мм 214 мм;
– ички тегеректин диаметри – 160 мм 160 мм;
– ички калкандын диаметри – 90 мм 90 мм.
5-глава. Символдке белгинин эскизи
3-сүрөт
6-глава. Корутунду жоболор
10. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу мамлекеттик күзөт органынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн бөлмөсүндө гербдүү мөөр басылган айнек капкактын астында сакталат жана салтанаттуу иш-чараларга чыгарылат.
11. Символдук белгинин сүрөтү мамлекеттик күзөт органынын аймагын жана имаратын жасалгалоодо, мамлекеттик күзөт органынын документтеринин бланктарында жана расмий басылмаларында, мамлекеттик күзөт органынын атынан берилүүчү сыйлыктарда жана сувенирлерде, башка учурларда мамлекеттик күзөт органынын ишине байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик күзөт органынын жетекчисинин каалоосу боюнча пайдаланылышы мүмкүн.
Символдук белгинин сүрөтүн кара-ак жана көлөмдүү варианттарда кайра чыгарууга жол берилет, символдук белгини чет өлкөлүк жактар катышкан иш-чараларда пайдалануу максатында символдук белги англис тилиндеги текст менен даярдалышы мүмкүн.
12. Күжүрмөн туу башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Күжүрмөн тууну мазактоого же ага маанисин бурмалаган жазууларды, белгилерди, сүрөттөрдү түшүрүүгө жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар кылмыш-жаза же жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.